Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба ыймансыздарды жазалайт

Жахаба ыймансыздарды жазалайт

Жахаба ыймансыздарды жазалайт

«Өз Кудайың менен жолугушууга даярдан» (АМОС 4:12).

1, 2. Кудайдын жамандыкты жоёруна эмне үчүн бекем ишенсек болот?

КАЧАНДЫР бир кезде Жахаба жер бетинен жамандыкты, азап-тозокту биротоло жок кылабы? Бул суроо азыр XXI кылымдын башында болуп көрбөгөндөй курч коюлууда. Кай тарапты карабайлы, адамдардын бири-бирине ырайымсыз мамиле кылып жатканын көрүүдөбүз. Ырайымсыздык, террорчулук жана паракорлук болбой турган дүйнөнү кандай гана чыдамсыздык менен күтүүдөбүз!

2 Жахабанын жамандыкты жоёруна толук ишенүүгө болорун билүү бизди жубатат. Кудайдын ыймансыз адамдарды жазасыз калтырбасына анын сапаттары ынандырып турат. Жахаба адил жана адилеттүү. Анын Сөзүндө, Забур 32:5те мындай деп айтылат: «Ал акыйкат менен адилеттикти сүйөт». Дагы бир забурда: «Ыймансызды жана зордук-зомбулукту жакшы көргөндү [Жахабанын] жаны жек көрөт»,— деп жазылган (Забур 10:5). Жахабанын, адилдикти жана адилеттикти сүйгөн кудуреттүү Кудайдын, өзү жек көргөн нерселерге чыдай бербеши шексиз.

3. Амостун пайгамбарлыгын андан ары карап чыгуу менен эмнени байкайбыз?

3 Жахабанын жамандыкты жок кыларына эмне үчүн ишенүүгө болоруна дагы бир себепти карап көрөлү. Буга анын мурун кылган иштери тууралуу билдирүүлөр ынандырат. Амос китебинен Жахабанын ыймансыздарга кандай мамиле кыларын көрсөткөн айкын мисалдарды таба алабыз. Амостун пайгамбарлыгын андан ары карап чыгуу менен биз Кудайдын жазасынын үч өзгөчөлүгү бар экенин байкайбыз. Биринчиден, Кудай эч качан жөндөн-жөн жазалабайт. Экинчиден, анын жазасынан эч ким качып кутула албайт. Үчүнчүдөн, ал иргеп жазалайт, анткени Жахаба күнөөкөрлөрдү соттойт, ал эми туура маанайдагы өкүнгөн адамдарга ырайым кылат (Римдиктерге 9:17—26).

Кудай эч качан жөндөн-жөн жазалабайт

4. Жахаба Амосту каякка жиберген жана кандай максат менен?

4 Амостун күндөрүнө чейин эле ысрайылдыктар өз ара эки падышалыкка бөлүнүп кетишкен болчу. Биринчиси — эки уруудан турган Жүйүт түштүк падышалыгы, экинчиси он уруудан турган Ысрайыл түндүк падышалыгы болгон. Жахаба Амосту Жүйүттөгү өсүп-чоңойгон шаарынан Ысрайылга барып пайгамбарлык кылууга жиберген. Кудай ал жерде Амосту Өзүнүн өкүмүн жарыялоого колдонмок.

5. Амос адегенде кайсы мамлекеттерге каршы пайгамбарчылык кылган жана алардын Кудайдын жазасына татыктуу болушканынын бир себеби кайсы?

5 Амос өзүнө берилген тапшырманы Жахабанын өкүмүн ишенимсиз Ысрайыл түндүк падышалыгына эмес, аны курчап турган алты мамлекетке жарыялоо менен баштаган. Алар — Сирия, Пелишти, Тир, Эдом, Амон жана Маап. Ал мамлекеттер Кудайдын жазасына чындап эле татыктуу беле? Ооба. Мунун бир себеби алар Кудайдын элинин барып турган душмандары эле.

6. Эмне үчүн Жахаба Сирия, Пелишти жана Тир мамлекеттерин кыйратканы жаткан?

6 Мисалы, Жахаба сириялыктарга «Гилатты темир моло таштар менен бастырышканы» үчүн өкүм чыгарган (Амос 1:3). Сириялыктар Гилаттын — Иордандын күн чыгыш жагындагы Ысрайыл аймагынын — айрым жерлерин басып алышып, Кудайдын ал жактагы элине катуу кысым көрсөтүшкөн. Ал эми Пелишти менен Тирчи? Пелиштиликтер ысрайылдыктарды туткунга алып, аларды эдомдуктарга сатып күнөөгө батышкан. Ошондой эле кээ бир ысрайылдыктар Тирдин кул саткан соодагерлеринин колунда болушкан (Амос 1:6, 9). Элестетсеңер, алар Кудайдын элин кулчулукка сатышкан! Андыктан Жахабанын Сирия, Пелишти жана Тир мамлекеттерин кыйратканы жатканы таң калыштуу эмес!

7. Эдом, Амон жана Мааптын Ысрайыл менен кандай жалпылыгы болгон, бирок алар ысрайылдыктарга кандай мамиле кылышкан?

7 Эдом, Амон, Маап мамлекеттеринин Ысрайыл менен жана бири-бири менен бир жалпылыгы болгон. Үчөөнүн тең Ысрайыл менен тууганчылыгы бар болчу. Эдомдуктар Ыбрайымдын тукумдарынан болгон, алар Жакыптын эгизи Эйсаптан тараган эле. Ошондуктан алар кандайдыр бир деңгээлде ысрайылдыктарга тууган болгон. Амондуктар менен мааптыктар болсо Ыбрайымдын тууганы Лоттон тарашкан. Бирок Эдом, Амон жана Маап Ысрайылга биртууганча мамиле кылышканбы? Түк да! Эдом ырайымсыздык менен «бир тууганын кылыч менен кууган», ал эми амондуктар ысрайылдык туткундарга өзгөчө мыкаачылык менен мамиле кылышкан (Амос 1:11, 13). Амос Мааптын Кудай элине жаман мамиле кылганын түз айтпаса да, мааптыктар да узак убакыт бою Ысрайылга каршы чыгып келген болчу. Ушул тууганчылыгы бар үч мамлекетти катуу жаза күтүп турат. Жахаба аларды от менен жазаламак.

Кудайдын жазасынан качып кутулуу мүмкүн эмес

8. Эмне үчүн Ысрайылдын жанындагы алты мамлекет Кудайдын жазасынан качып кутула алган эмес?

8 Амостун пайгамбарлыгында айтылып өткөн бул алты мамлекеттин Кудайдын жазасына татыктуу болушканы эч талашсыз. Андан тышкары, алар жазадан эч бир жол менен кутула алышмак эмес. Амос китебинде 1-баптын 3-аятынан баштап 2-баптын 1-аятына чейин Жахаба алты жолу: «Аябайм»,— деп кайталайт. Сөзүнө туруп, ал чынында эле ошол мамлекеттерди аяган эмес. Алардын ар биринин кийинчерээк каргашага кабылганын тарых тастыктап турат. Акыр-аягы алардын төртөө: Пелишти, Маап, Амон жана Эдом жер бетинен түп-тамыры менен жок болгон!

9. Жүйүттүн тургундары эмнеге татыктуу болушкан жана эмне үчүн?

9 Андан кийин Амос көңүлдү жетинчи мамлекетке — өзүнүн мекени Жүйүткө — бурган. Мүмкүн, Ысрайыл түндүк падышалыгынын тургундары үчүн Амостун Жүйүт падышалыгына өкүм жарыялап жатканы таң калыштуу болгондур. Эмне үчүн Жүйүт тургундары катуу жазага татыктуу болушкан? «Анткени алар Теңирдин мыйзамдарын четке кагышты»,— деп айтылат Амос 2:4тө. Жахаба алардын Мыйзамды барк албай жатышканына кошкөңүл караган эмес. Ал, Амос 2:5ке ылайык: «Жүйүткө от жиберем, ал от Иерусалимдин үйлөрүн жалмайт»,— деп алдын ала айткан.

10. Эмне себептен Жүйүт кырсыктан кутула алган эмес?

10 Ишенимсиз Жүйүт падышалыгы жакындап келаткан кырсыктан кутула алмак эмес. Жахаба жетинчи жолу: «Аябайм»,— деген (Амос 2:4). Алдын ала айтылгандай эле, Жүйүт жазаланган: аны б.з.ч. 607-жылы бабылдыктар кыйроого учураткан. Бул болсо күнөөкөрлөрдүн Кудайдын жазасынан качып кутула алышпаарын дагы бир жолу тастыктап турат.

11—13. Амос кайсы элге каршы пайгамбарлык кылган жана алардын арасында эзүүчүлүктүн кандай түрлөрү өкүм сүргөн?

11 Амос пайгамбар эми эле Кудайдын жети мамлекетке чыгарган өкүмүн жарыялады. Эгер кимдир бирөө Амос пайгамбарлык кылып бүттү деп ойлогон болсо, ал жаңылышкан. Амос сөзүн али аяктай элек болчу. Ал биринчи кезекте Ысрайыл түндүк падышалыгына Кудайдын катуу өкүмүн билдирүү үчүн жиберилген. Ысрайыл Кудайдын жазасына татыктуу эле, анткени эл адеп-ахлактык жана рухий жактан бузулуп кеткен болчу.

12 Амос Ысрайыл падышалыгында кадимки нерсеге айланып калган эзүүчүлүктү ашкерелеген. Буга байланыштуу Амос 2:6, 7-аяттарда мындай деп айтылат: «Теңир мындай дейт: „Ысрайылды үч кылмышы үчүн да, төрт кылмышы үчүн да аябайм, анткени алар адилет адамды күмүшкө, жакырды жуп сандалга сатышат. Алар жакырлардын башын топуракка матырышат, момундарды жолдон чыгарышат“».

13 Адил адамдардын «күмүшкө» сатылганы, сыягы, соттордун пара алуу менен күнөөсү жок адамдарга жалган айып тагышканын билдирет. Насыя берүүчүлөр болсо, кыязы, болор-болбос аласаларын кайтарып алуу максатында жакырларды «жуп сандалдын» баасына сатышкан. Таш боор адамдар ушунчалык басынткандыктан, жакырлар кайгы-капанын же кемсинүүнүн белгиси катары баштарына топурак чачышкан. Паракорлук ушунчалык күч алгандыктан, момун адамдардын адилеттикти табууга кенедей да үмүтү калган эмес болчу.

14. Он уруудан турган Ысрайыл падышалыгында кимдерге жаман мамиле жасалчу?

14 Кимдер эзилгенине көңүл бурсаңар. Алар адилет, жакыр, момун адамдар болчу. Жахаба менен Ысрайылдын ортосунда түзүлгөн Мыйзам келишими алсыздарга жана муктаждыгы барларга боорукердик көрсөтүүнү талап кылган. Ал эми он уруудан турган Ысрайыл падышалыгында андай адамдардын абалы киши чыдагыс эле.

«Өз Кудайың менен жолугушууга даярдан»

15, 16. а) Эмне үчүн ысрайылдыктарга: «Өз Кудайың менен жолугушууга даярдан»,— деген эскертүү берилген? б) Амос 9:1, 2де ыймансыздардын Кудайдын жазасынан качып кутула албаары кандайча көрсөтүлгөн? в) Он уруудан турган Ысрайыл падышалыгы б.з.ч. 740-жылы эмне болгон?

15 Адеп-ахлаксыздык жана башка күнөөлөр Ысрайылда кеңири жайылгандыктан, Амос пайгамбар козголоңчул калкка орчундуу негиз менен: «Өз Кудайың менен жолугушууга даярдан»,— деп эскертүү берген (Амос 4:12). Ишенимсиз Ысрайыл Кудайдын жакындап келаткан өкүмүнөн качып кутула алмак эмес, анткени Жахаба сегизинчи жолу: «Аябайм»,— деп билдирген (Амос 2:6). Жахаба андан качып кутулууга аракеттенген ыймансыздар тууралуу мындай деген: «Алардын эч кимиси качып кутулбайт, аман калам дегендеринин бири да аман калбайт. Алар өлгөндөр жаткан жайга кирип кетишсе да, Менин колум аларды ал жактан алып чыгат. Асманга чыгып кетишсе да, аларды ал жерден кулатам» (Амос 9:1, 2).

16 Ыймансыздар «өлгөндөр жаткан жайга кирип», башкача айтканда, эң терең үңкүрлөргө жашынууга аракет кылып, Жахабанын жазасынан кутула алышпайт. Ошондой эле алар «асманга чыгып» же бийик зоокалардан баш калкалай турган жай табууга аракеттенип да жазадан кача алышпайт. Жахаба адамдардын андан эч жакка жашырына албаарын ачык эскерткен. Кудайдын адилеттүүлүгү түндүк падышалыктан жаман иштери үчүн жооп беришин талап кылган. Жооп берүүчү убак келип жеткен. Б.з.ч. 740-жылы, Амостун пайгамбарлыгы жазылгандан дээрлик 60 жылдан кийин, Ысрайыл падышалыгын ашурлуктар басып алган.

Кудай иргеп жазалайт

17, 18. Амос китебинин 9-бабында Кудайдын ырайымы жөнүндө эмне айтылат?

17 Амостун пайгамбарлыгы бизге Кудайдын эч качан жөндөн-жөн жазалабаарын жана анын жазасынан качып кутулуу мүмкүн эмес экенин түшүнүүгө жардам берди. Ошону менен бирге, Амос китебинде Кудайдын иргеп жазалай турганы да көрсөтүлөт. Жахаба ыймансыздарды, кайсы жерге жашынышпасын, таап жазалай алат. Ошондой эле ал өкүнгөн адил адамдарды да таап, аларга ырайым кыла алат. Бул Амос китебинин акыркы бабында эң сонун баса белгиленген.

18 Амос 9:8де көрсөтүлгөндөй, Жахаба: «Жакыпты [«Жакыптын үйүн», «Мукаддас»] биротоло кырып салбайм»,— деген. 13—15-аяттарда айтылгандай, Жахаба өз элин «туткундан кайра алып келерин» убада кылган. Кудай ырайым көрсөткөндүктөн, алар коопсуздукта жана жыргалчылыкта жашашмак. Жахаба: «Жер айдаган дыйкан оруп-жыюучуну кууп жетет»,— деп убада берген. Элестетсеңер, түшүм ушунчалык мол болгондуктан, аны жер айдоо жана үрөн себүү убагы келгенге чейин жыйнап жетише албай калышмак!

19. Ысрайыл менен Жүйүттүн калдыгы эмне болгон?

19 Жахабанын Жүйүт менен Ысрайылдын тургундарын иргеп жазалаганынын натыйжасында өкүнгөн жана туура маанайдагы адамдарга ырайым көрсөтүлгөн деп айтууга болот. Амос китебинин 9-бабында жазылган калыбына келтирүү жөнүндөгү убада б.з.ч. 537-жылы Ысрайыл менен Жүйүттүн өкүнгөн калдыгы туткундан кайтып келгенде аткарылган. Алар сүйүктүү мекенинде кайрадан таза сыйынууну калыбына келтиришкен. Андан сырткары, өздөрүн коопсуз сезгендиктен, кайрадан үй курушуп, жүзүмзарлар менен бак-дарактарды отургузушкан.

Жахабанын сот күнү келет!

20. Амос жарыялаган өкүмдөр тууралуу ой жүгүртүү бизди эмнеге ынандырат?

20 Амос жарыялаган өкүмдөр тууралуу ой жүгүртүү бизди Жахабанын азыркы күндөгү жамандыктарды жоёруна ынандырат. Буга эмне үчүн ишенсек болот? Биринчиден, Жахабанын өткөн мезгилдерде ыймансыздарга кандай мамиле жасаганын көрсөткөн бул мисалдар анын азыркы убакта кандайча иш жүргүзөрүн көрсөтүп турат. Экинчиден, Кудайдын ишенимден чегинген Ысрайыл падышалыгын жазалаганы Анын жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон Улуу Бабылдын эң күнөөлүү бөлүгүн, христиан дүйнөсүн, кыйратарын далилдеп турат (Аян 18:2).

21. Эмне үчүн христиан дүйнөсү Кудайдын жазасына татыктуу?

21 Христиан дүйнөсүнүн Кудайдын жазасына татыктуу экени күмөнсүз. Муну анын адеп-ахлактык жана рухий абалы көрсөтүп турат. Жахабанын христиан дүйнөсүнө жана Шайтандын дүйнөсүнүн калган бөлүгүнө чыгарган өкүмү адилеттүү. Андан качып кутулуу да мүмкүн эмес, анткени сот күнү келгенде Амос 9:1деги: «Алардын эч кимиси качып кутулбайт, аман калам дегендеринин бири да аман калбайт»,— деген сөздөр аткарылат. Ооба, кайсы жерге жашынышпасын, Жахаба аларды баары бир табат.

22. Кудайдын жазасына байланыштуу 2 Тесалоникалыктарга 1:6—8-аяттарда кандай ойлор айтылат?

22 Кудай эч качан жөндөн-жөн жазалабайт, анын жазасынан качып кутулуу мүмкүн эмес жана ал иргеп жазалайт. Муну элчи Пабылдын төмөнкү сөздөрүнөн көрүүгө болот: «Кудай адилеттүү: силерди кордогондорго Ал кордук көрсөтөт, кордолуп жаткан силерге жана бизге кубаныч тартуулайт. Ыйса Теңир Өзүнүн күчтүү периштелери менен, жалындаган от менен асмандан келгенде ушундай болот. Ошондо Ал Кудайды тааныбагандарды жана биздин Теңирибиз Ыйса Машайактын Жакшы Кабарына баш ийбегендерди жазалайт» (2 Тесалоникалыктарга 1:6—8). «Кудай адилеттүү», ошондуктан жазаланууга татыктууларды анын майлангандарын кордошкону үчүн соттойт. Анын жазасынан качып кутулуу мүмкүн эмес, анткени Ыйса «күчтүү периштелери менен, жалындаган от менен» келип, ыймансыздарды жок кылат. Ошондой эле Кудай иргеп соттой тургандыктан, Ыйса «Кудайды тааныбагандарды жана... Жакшы Кабарга баш ийбегендерди жазалайт». Ошентип, Кудайдын ыймансыздарды жазалашы кордолгон адил адамдарга жубатуу алып келет.

Адил адамдар үчүн үмүт

23. Амос китебинен кандай үмүт жана сооронуч алууга болот?

23 Амостун пайгамбарлыгында туура маанайдагы адамдарга үмүт жана сооронуч берүүчү сонун кабар бар. Амос китебинде алдын ала айтылгандай, Жахаба өзүнүн байыркы элин толугу менен жок кылган эмес. Ал акыр-аягы Ысрайыл менен Жүйүттүн тургундарын туткундан бошотуп, өз мекенине кайтарып келип, алардын тынчтыкта, жыргалчылыкта өмүр сүрүшүнө өбөлгө түзүү менен батасын берген. Бул азыркы убакта эмнени билдирет? Бул бизди төмөнкүгө ынандырат: сот күнү келгенде Жахаба ыймансыздарды, каякка жашынышпасын, таап жазалайт, ал эми өзүнүн ырайымына татыктуу деп эсептегендерди, каерде жашашса да, сактап калат.

24. Жахабанын кызматчылары бүгүн кандай баталарга ээ?

24 Жахабанын ыймансыздарды жазалай турган убагын күтүүдө биз анын ишенимдүү кызматчылары катары эмнелерге ээ болуп жатабыз? Жахаба бизге батасын берип, рухий белектерди мол тартуулоодо! Биз христиан дүйнөсүнүн бурмаланган жалган окууларынан бошонуп, Кудайга кызмат кылып жатканыбызга кубанычтабыз. Ошондой эле бизде мол рухий тамак бар. Бирок ушул баталар менен бирге Жахаба бизге чоң жоопкерчилик да артарын эстен чыгарбагыла. Ал бизден жакында боло турган сот тууралуу башкаларга эскертишибизди күтөт. Биз «түбөлүк өмүргө карата туура маанайда болгондорду» табуу үчүн колубуздан келгендин баарын кылгыбыз келет (Элчилер 13:48, «ЖД»). Ооба, биз рухий байлыгыбыздан мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдардын пайда алышын каалайбыз. Ошондой эле алардын, жакында Кудай ыймансыздарга чыгарган өкүмүн ишке ашырганда, аман калышын каалайбыз. Албетте, мындай баталарды алыш үчүн, жүрөгүбүздү жакшы абалда сакташыбыз керек. Эмки макаладан айкын боло тургандай, Амостун пайгамбарлыгында бул ой да баса белгиленет.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жахабанын эч качан жөндөн-жөн жазалабай турганы Амостун пайгамбарлыгында кандайча көрсөтүлөт?

• Кудайдын жазасынын качып кутулуу мүмкүн эмес экенине Амос кандай далилдерди келтирген?

• Кудайдын дайым иргеп жазалаары Амостун китебинде кандайча көрсөтүлөт?

[Изилдөө суроолору]