Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жүрөктөрдү сыноочу Жахабаны издегиле

Жүрөктөрдү сыноочу Жахабаны издегиле

Жүрөктөрдү сыноочу Жахабаны издегиле

«Мени издегиле, ошондо тирүү болосуңар» (АМОС 5:4).

1, 2. Ыйык Жазмадагы «Теңир жүрөгүнө карайт» деген сөздөр эмнени билдирет?

ЖАХАБА КУДАЙ Шемуел пайгамбарга: «Адам өңүнө карайт, ал эми Теңир жүрөгүнө карайт»,— деп айткан (1 Шемуел 16:7). Кандай мааниде Жахаба «жүрөккө карайт»?

2 Ыйык Жазмада «жүрөк» деген сөз көп учурда каймана мааниде колдонулуп, адамдын ички дүйнөсүн: каалоолорун, ой-санаалары менен сезимдерин билдирет. Ошондуктан, Ыйык Китепте «Теңир жүрөккө карайт» деп айтылганда, бул анын адамдын сырткы кебетесин эле эмес, ички дүйнөсүн да көрөрүн билдирет.

Кудай Ысрайылды сынайт

3, 4. Амос 6:4—6-аяттарга ылайык, он уруудан турган Ысрайыл падышалыгында кандай шарттар болгон?

3 Жүрөктөрдү сыноочу Кудай Амостун күндөрүндө он уруудан турган Ысрайыл падышалыгына көз чаптырып, эмнелерди көргөн? Амос 6:4—6-аяттарда «пил сөөгүнөн жасалган жатакта жаткандар, төшөктө мемиреп жаткандар» жөнүндө айтылат. Алар «койлордун эң жакшысын жегендер, оттуу жайыттагы букачарларды жегендер» болгон. Андай кишилер «арфанын коштоосунда ырдап», «шарапты чөйчөк менен ичишкен».

4 Бир караганда, бул жагымдуудай эле көрүнүшү мүмкүн. Байлар абдан кооз үйлөрүндө тамактын жана ичимдиктин эң жакшысын жеп-ичип, көпчүлүккө жаккан музыкалык аспаптарда ойноп, ырахаттанышкан. Ошондой эле алар «пилдин сөөгүнөн жасалган жатакта» жатышкан. Самариядан, Ысрайыл падышалыгынын борборунан, археологдор пилдин сөөгүнөн жасалган кооз буюмдарды табышкан (1 Падышалар 10:22). Алардын көбү, сыягы, эмеректерди, дубалдарды кооздоого колдонулган.

5. Кудай Амостун күндөрүндөгү ысрайылдыктарга эмне үчүн нааразы болгон?

5 Жахаба Кудай ысрайылдыктардын даамдуу тамак жеп, жакшы шарап ичип жана жагымдуу музыка угуп, жашоонун ыракатына батып жатышканына нааразы болгонбу? Албетте, жок! Адамдарга кубаныч тартуулаган мындай нерселерди ал өзү мол берип жатпайбы (1 Тиметейге 6:17). Жахаба ысрайылдыктардын туура эмес каалоолоруна, жүрөктөрүнүн бузулганына, Кудайга жасаган бейсый мамилесине жана жакындарын сүйбөгөнүнө нааразы болгон.

6. Амостун учурунда Ысрайылдын рухий абалы кандай болгон?

6 Төшөктө мемиреп жаткандар, койлордун эң жакшысын жегендер, шарап ичкендер жана аспаптарда ойногондор үчүн күтүлбөгөн нерсе болгон. Аларга: «Алаамат күндү эсиңерден чыгарып жатасыңарбы?» — деген суроо берилген («ЖД»). Ошол адамдар Ысрайылда өкүм сүрүп жаткан шарттар үчүн катуу кайгырууга тийиш эле, бирок «Жусуптун башына түшкөн мүшкүлгө» алардын жүрөгү ооруган эмес (Амос 6:3—6). Өлкө экономикалык жактан гүлдөп жатканы менен, Жусуптун — Ысрайылдын — рухий жактан өтө оор абалда экенин Кудай көргөн. Бирок мындай абал адамдарды кенедей да тынчсыздандырган эмес. Азыркы учурда да көптөрдүн маанайы ушундай. Мүмкүн, алар оор күндөрдө жашап жатабыз дегенге кошулушаттыр, бирок кыйынчылыктар менен өздөрү кагылышып көрмөйүн, башкалардын оор абалы жана рухий нерселер аларды кызыктырбайт.

Ысрайыл эли өкүнүчтүү абалда

7. Ысрайыл эли Кудайдын эскертүүлөрүнө кулак какпаса, эмне болмок?

7 Амос китебинде бир караганда гүлдөп жаткандай көрүнгөн өлкөнүн өкүнүчтүү абалы сүрөттөлөт. Эл эскертүүлөргө кулак какпай, көзкараштарын оңдобой койгону үчүн, Жахаба аларды душмандардын колуна салып бермек. Ашурлуктар аларды пил сөөгүнөн жасалган эң сонун жатактарынан сүйрөп түшүрүп, кулчулукка алып кетишмек. Ошентип, алар жыргал турмуштан кол жуушат!

8. Ысрайылдыктар рухий жактан жаман абалга кандайча дуушар болушкан?

8 Ысрайылдыктар мындай абалга кандайча дуушар болушкан? Бул жагдай б.з.ч. 997-жылы Сулайман падышанын ордуна такка уулу Рехабам келгенде жана Ысрайылдын он уруусу Жүйүт менен Бенжемин урууларынан бөлүнгөндөн тартып өрчүй баштаган. Он уруудан турган Ысрайыл падышалыгынын биринчи падышасы «Небат уулу» Жаробам болгон (1 Падышалар 11:26). Ал өзүнүн карамагындагы элди Жахабага сыйынуу үчүн Иерусалимге баруу өтө эле түйшүктүү деп ынандырган. Бирок ал чынында элдин эмес, өзүнүн кызыкчылыгын ойлогон (1 Падышалар 12:26). Жаробам ысрайылдыктар мындан ары да Иерусалимдеги ийбадатканага Жахабанын урматына өткөрүлүүчү жылдык майрамдарга бара беришсе, акыры жүрүп кайра эле Жүйүт падышалыгына өтүп кетишет деп корккон. Ошондуктан буга жол бербөө үчүн, Жаробам эки алтын букачар жасатып, бирин — Данга, экинчисин Бейтелге койдурган. Ошентип, музоого сыйынуу Ысрайыл падышалыгында мамлекеттик динге айланган (2 Жылнаама 11:13—15).

9, 10. а) Жаробам кандай диний майрамдардын өткөрүлүшүнө чара көргөн? б) Жахаба Жаробам IIнин тушунда өткөрүлгөн майрамдарга кандай караган?

9 Жаробам сыйынуунун бул жаңы түрүн чыныгы сыйынуу катары көрсөтүүгө аракеттенген. Ал Иерусалимде өткөрүлүүчү диний майрамдарга окшош майрамдардын өткөрүлүшүнө чара көргөн. 1 Падышалар 12:32ден: «Жаробам Жүйүттөрдүн майрамына окшотуп, сегизинчи айдын он бешинчи күнүн майрам кылып белгиледи. Өзү жасаган букачарларга курмандык чалды. Бейтелде да ошондой кылды»,— дегенди окуйбуз.

10 Жахаба жалган сыйынууга байланышы бар андай майрамдарды эч качан жактырган эмес. Ал муну бир кылымдан ашыгыраак мезгилден кийин, болжол менен б.з.ч. 844-жылы он уруудан турган Ысрайыл падышалыгына падыша болгон Жаробам IIнин тушунда Амос аркылуу айкын билдирген (Амос 1:1). Амос 5:21—24-аяттарга ылайык, Кудай мындай деген: «Жек көрөм, силердин майрамдарыңарды четке кагам, салтанаттуу жыйындарыңарда чалган курмандыктарды жыттабайм. Эгерде Мага бүтүндөй өрттөлчү курмандык жана нан курмандыгын чалсаңар да, Мен аларды кабыл албайм жана семиз букачарлардан чалган тынчтык курмандыгыңарды карабайм. Ырларыңдын үнүн Менден алыс кыл, анткени Мен сенин арфаларыңдын үнүн укпайм. Акыйкаттык суудай аксын, чындык шар аккан дарыядай аксын!»

Бүгүнкү күндөгү окшоштуктар

11, 12. Байыркы ысрайылдыктардын сыйынуусу менен христиан дүйнөсүнүн сыйынуусунун ортосунда кандай окшоштуктар бар?

11 Жахабанын Ысрайылда өткөрүлгөн майрамдарга катышкандардын жүрөктөрүн сынаганы жана алардын каада-салттары менен курмандыктарын четке какканы шексиз. Бүгүнкү күндө да Кудай христиан дүйнөсүнүн Рождество, Пасха сыяктуу бутпарастык майрамдарын четке кагат. Жахабанын кызматчылары үчүн адилдик менен мыйзамсыздыктын жана жарык менен караңгылыктын ортосунда эч кандай жалпылык жок (2 Корунттуктарга 6:14—16).

12 Букачарга табынган ысрайылдыктардын сыйынуусу менен христиан дүйнөсүндөгү сыйынуунун ортосунда башка дагы окшоштуктар бар. Өздөрүн христиан деп атагандардын кээ бирлери Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты кабыл алып жатышса да, христиан дүйнөсүндөгүлөрдө Кудайга карата чыныгы сүйүү жок. Эгер алар Жахабаны сүйүшсө, ага «рухта жана чындыкта сыйынышмак», анткени ал так ошондой сыйынууну жактырат (Жакан 4:24, «ЖД») Мындан сырткары, христиан дүйнөсүндө «акыйкаттык суудай, чындык шар аккан дарыядай акпайт». Тескерисинче, ал Кудайдын адеп-ахлак нормаларын барган сайын төмөндөтүп жатат. Христиан дүйнөсү бузукулукка жана башка олуттуу күнөөлөргө жол берип, атүгүл гомосексуалисттик никени да жактоодо!

«Жакшылыкты сүйгүлө»

13. Эмне үчүн Амос 5:15теги сөздөргө ылайык иш кылышыбыз керек?

13 Жахаба ага жаккыдай сыйынууга умтулгандардын баарына: «Жамандыкты жек көргүлө, жакшылыкты сүйгүлө»,— деп айтууда (Амос 5:15). Сүйүү жана жек көрүү — булар каймана жүрөктөн чыккан күчтүү сезимдер. Жүрөгүбүз анткор болгондуктан, аны сактоо үчүн колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керек (Накыл сөздөр 4:23; Жеремия 17:9). Эгерде жүрөгүбүзгө туура эмес каалоолордун сиңишине жол бере берсек, жамандыкты сүйүп, жакшылыкты жек көрүп кетишибиз ыктымал. Анан ошол каалоолорго алдырып күнөөгө бата берсек, анда кызмат кылууда канчалык ынталуулук көрсөтпөйлү, баары бир Кудайдын жактыруусуна ээ боло албайбыз. Ошондуктан, келгиле, Кудайдан «жамандыкты жек көрүүгө, жакшылыкты сүйүүгө» жардам сурап тиленели.

14, 15. а) Ысрайылда жакшылык кылгандардын арасында кимдер болгон жана алардын айрымдарына кандай мамиле жасалган? б) Толук убакыттуу кызматчыларды эмне кылууга чакырсак болот?

14 Ысрайылдыктардын баары эле Жахабанын көз алдында жамандык кыла берген эмес. Мисалы, Ошуя жана Амос «жакшылыкты сүйүп», өздөрүнүн пайгамбарлык кызматын берилгендик менен аткарышкан. Башкалары назир болууга ант беришкен. Назирлер жүзүмдөн жасалган эч бир нерсени оозуна алчу эмес, өзгөчө, шараптан баш тартышкан (Сандар 6:1—4). Башка ысрайылдыктар ушундай жанаябастык рухун көрсөткөн жакшылык кылуучуларга кандай мамиле жасашкан? Бул суроонун жообу төбө чачты тик тургузат жана андан элдин канчалык бузулганын биле алабыз. Амос 2:12де мындай деп айтылат: «Силер болсо назирлерге шарап ичирдиңер, пайгамбарларга: „Пайгамбарлык кылбагыла!“ — деп буйрук бердиңер».

15 Ишенимдүү назирлер менен пайгамбарларды көрүп, ошол ысрайылдыктар уялууга жана өзгөрүлүүгө түрткү алышы керек болчу. Бирок алар, анткендин ордуна, караниеттик менен ишенимдүү кызматчылардын Кудайды даңктоого болгон каалоосун суутууга аракеттенишкен. Келгиле, пионер, кыдыруучу көзөмөлчү, миссионер же бейтелдик үй-бүлөнүн мүчөсү болуп кызмат кылып жаткан ишенимдештерибизди «нормалдуу» деп аталган жашоо өткөрүү үчүн эле өздөрүнүн толук убакыттуу кызматын токтотууга эч качан үндөбөйлү. Тескерисинче, аларды аткарып жаткан эң сонун кызматтарын уланта берүүгө чакыралы!

16. Эмне үчүн ысрайылдыктар Амостун убагындагыга караганда Мусанын күндөрүндө жакшы абалда болушкан?

16 Амостун күндөрүндө көптөгөн ысрайылдыктар материалдык жактан жакшы жашашса да, «Кудайдын байлыгы менен байышкан» эмес (Лука 12:13—21). Алардын ата-бабалары чөлдө 40 жыл бою манна гана жеп келишкен. Алар майрамдарда семиз букачарлардын этин жешкен эмес, пил сөөгүнөн жасалган жатактарга жатып, курулай убакыт өткөрүшкөн да эмес. Ошентсе да Муса аларга: «Кудай-Теңириң сенин бардык ишиңе батасын берип... Кудай-Теңириң сени менен кырк жыл бирге болду. Сен эч нерседен кем болгон жоксуң»,— деп туптуура айткан (Мыйзам 2:7). Ооба, чөлдөгү ысрайылдыктарда эң зарыл нерселердин баары дайыма болгон. Баарынан маанилүүсү, алар Жахабанын сүйүүсүнө, коргоосуна жана батасына ээ болушкан!

17. Жахаба ысрайылдыктарды Убадаланган жерге эмне үчүн алып келген эле?

17 Жахаба Амостун замандаштарына алардын ата-бабаларын Убадаланган жерге алып келгенин жана ал жерди бардык душмандардан тазалоого жардам бергенин эске салган (Амос 2:9, 10). Жахаба ысрайылдыктарды Мисирден Убадаланган жерге эмне үчүн алып келген эле? Жаратканын эсинен чыгарып, той-топурдун жыргалына батышсын деппи? Жок! Тескерисинче, эркин жана рухий жактан таза эл катары Ага сыйына алышы үчүн алып келген. Бирок он уруудан турган Ысрайыл падышалыгынын тургундары жамандыкты жек көрүүгө жана жакшылыкты сүйүүгө үйрөнүшкөн эмес. Алар Жахаба Кудайды эмес, буркандарды даңкташкан. Кандай гана уятсыздык!

Жахаба жазалайт

18. Жахаба бизди рухий жактан эмне үчүн бошотту?

18 Кудай ысрайылдыктардын уятсыз иштерине көз жумуп койгон эмес. Ал: «Бардык мыйзамсыздыгыңар үчүн Мен силерди жазалайм» — деп, өз ой-ниетин айкын билдирген (Амос 3:2). Бул сөздөр биздин да азыркы Мисирдин — ыймансыз бул дүйнөнүн — кулчулугунан бошонгонубузду эстөөгө түрткү бериши керек. Жахаба бизди өзүбүздүн жеке кызыкчылыктарыбызды көздөп жашашыбыз үчүн бошоткон жок. Тескерисинче, эркин эл катары таза сыйынууга катышып, чын жүрөгүбүз менен аны даңктай алышыбыз үчүн бошотту. Ошондуктан Кудай берген эркиндигибизди кандай колдонуп жатканыбыз үчүн баарыбыз жооп беребиз (Римдиктерге 14:12).

19. Амос 4:4, 5-аяттарга ылайык, ысрайылдыктардын көбү эмнени жакшы көрүп калышкан?

19 Тилекке каршы, Амос айткан маанилүү кабарды ысрайылдыктардын көбү четке каккан. Пайгамбар алардын жүрөктөрү рухий ооруга чалдыкканын Амос 4:4, 5те жазылган төмөнкү сөздөр менен ашкерелеген: «Бейтелге баргыла да күнөөгө баткыла, Гилгалга жөнөгүлө да кылмышыңарды көбөйткүлө... анткени силер ошенткенди жакшы көрөсүңөр, Ысрайыл уулдары». Ысрайылдыктар туура каалоо өрчүтүшкөн эмес, жүрөктөрүн сакташкан эмес. Натыйжада, көбү жамандыкты жакшы көрүп, жакшылыкты жек көрүп калышкан. Музоого табынган ошол кежирлер өзгөрүлүшкөн эмес. Жахаба аларды жазалаганы турган жана алар өздөрүнүн мыйзамсыздыгы менен өлүшмөк!

20. Канткенде адам Амос 5:4кө ылайык иш кыла алат?

20 Ал убакта Ысрайылда жашагандардын баары үчүн Жахабага берилгендикти сактоо жеңил болбосо керек. Бүгүн Ыйсаны жолдогон жаш-карылар жакшы билгендей, каймана мааниде айтканда, агымга каршы сүзүү кыйын. Бирок Кудайга болгон сүйүү жана ага жагууну каалоо айрым ысрайылдыктарга андан ары да Кудайга чындыкта сыйына берүүгө түрткү берген. Амос 5:4тө Жахаба ошондой адамдарды мээримдүүлүк менен: «Мени издегиле, ошондо тирүү болосуңар»,— деп чакырган. Бүгүн да Кудай өкүнгөндөргө жана Ыйык Китептен так билим алып, анын эркин аткаруу менен аны издегендерге ырайым кылууда. Кудайды издеп жашоо оңой эмес, бирок бул түбөлүк өмүргө алып барат (Жакан 17:3).

Рухий ачарчылыктын учурунда өркүндөп-өсүү

21. Чыныгы Кудайга сыйынбагандарды кандай ачарчылык күтүп турган?

21 Чыныгы Кудайга сыйынбагандарды эмне күтүп турган? Ачарчылыктын эң коркунучтуу түрү — рухий ачарчылык. «Мына, күндөр келе жатат,— деген Эгедер Теңир Жахаба,— ошол күндөрү Мен жер үстүнө ачарчылык жиберем, ал нанга болгон ачарчылык эмес, сууга болгон суусоо эмес, Теңирдин сөздөрүн угууга болгон суусоону жиберем» (Амос 8:11). Христиан дүйнөсү ошондой рухий ачарчылыктын кишенинде. Бирок андагы жүрөгү таза адамдар Кудайдын элинин өркүндөп-өсүп жатканын байкап, Жахабанын уюмуна келип жатышат. Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынын абалы христиан дүйнөсүндөгүлөрдүн абалынан таптакыр башка экени Жахабанын төмөнкү сөздөрүнөн айкын көрүнүп турат: «Мына, Менин кулдарым жешет, силер болсо ачка болосуңар. Менин кулдарым ичишет, силер болсо суусайсыңар. Менин кулдарым кубанышат, силер болсо уятка каласыңар» (Ышайа 65:13, 14а).

22. Кубанууга бизде кандай себеп бар?

22 Жахабанын кызматчылары катары ар бирибиз андан алып жаткан рухий тамакты жана баталарды баалайбызбы? Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды окуганыбызда, жыйналыш жолугушууларына, райондук жана облустук жыйындарга катышканыбызда жүрөктөрүбүз чындап кубангандыктан, ырдагыбыз келет. Биз Кудайдын Сөзүн, ошондой эле Амостун пайгамбарлыгын айкын түшүнгөнүбүзгө кубанып жатабыз.

23. Кудайды даңктап жаткандар эмнелерге ээ?

23 Кудайды сүйгөн жана аны даңктоого ынтызар адамдар үчүн Амостун пайгамбарлыгында кубанычтуу кабар камтылат. Экономикалык абалыбыз азыр кандай болбосун же тынчы жок бул дүйнөдө кандай гана сыноолорго туш болбойлу, Кудайды сүйгөн кызматчылар катары биз анын баталарына жана эң мыкты рухий тамакка ээбиз (Накыл сөздөр 10:22; Матай 24:45—47). Анда бардык атак-даңкка биздин жыргалчылыгыбыз үчүн бардыгын мол берип жаткан Кудай татыктуу! Ошондуктан, келгиле, аны бүт жүрөгүбүз менен түбөлүккө даңктоого чечкиндүү бололу! Жүрөктөрдү сыноочу Жахабаны издей берсек, ошондой кубанычтуу мүмкүнчүлүккө ээ болобуз.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Амостун күндөрүндө Ысрайылда кандай шарттар өкүм сүргөн?

• Он уруудан турган Ысрайыл падышалыгындагы жагдай бүгүнкү күндөгү жагдайга эмнеси менен окшош?

• Азыр кандай ачарчылык өкүм сүрүп жатат, бирок ал кимдерге таасир этпейт?

[Изилдөө суроолору]

[19-беттеги сүрөт]

Көптөгөн ысрайылдыктар жыргалга батып жашашкан, бирок рухий жактан өркүндөп-өсүшкөн эмес.

[21-беттеги сүрөт]

Толук убакыттуу кызматчыларды эң сонун кызматтарын уланта берүүгө үндөгүлө.