Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ичкилик ичүүгө теңсалмактуу көзкарашта бол

Ичкилик ичүүгө теңсалмактуу көзкарашта бол

Ичкилик ичүүгө теңсалмактуу көзкарашта бол

«Шарап адамды шылдың кылат, күчтүү ичкилик адамды оолуктурат, буларга берилгендердин баары — акылсыз» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 20:1).

1. Забурчу Жахабанын айрым жакшы белектери үчүн ыраазычылыгын кантип билдирген?

«АР КАНДАЙ жакшы нерсе, ар кандай жеткилең белек жогорудан, жарыктын Атасынан келет»,— деп жазган шакирт Жакып (Жакып 1:17). Кудайдын көп сандаган жакшы белектери үчүн ыраазычылыгы арткан забурчу: «Сен мал үчүн чөп өстүрөсүң, адамдын пайдасы үчүн чөп чыгарасың, жерден тамак өндүрөсүң. Адамдын жүрөгүн кубандырган шарапты, адамдын жүзүн жылтыраткан зайтун майын, адамдын жүрөгүнө кубат берген нанды өндүрөсүң»,— деп ырдаган (Забур 103:14, 15). Чөп, нан, май сыяктуу эле шарап жана башка спирт ичимдиктери Кудайдын сонун белектеринен болуп саналат. Аларды кантип пайдаланышыбыз керек?

2. Ичкилик ичүүгө байланыштуу кайсы суроолорду талкуулайбыз?

2 Жакшы белек тийиштүү түрдө пайдаланылганда гана ырахат алып келет. Мисалы, бал «жагымдуу», бирок «балды көп жеген жакшы эмес» (Накыл сөздөр 24:13; 25:27). «Аз-аздан шарап» ичүү пайдалуу болушу мүмкүн, бирок ичкиликти кыянат пайдалануу олуттуу көйгөй болуп саналат (1 Тиметейге 5:23). «Шарап адамды шылдың кылат,— деп эскертилет Ыйык Китепте,— күчтүү ичкилик адамды оолуктурат, буларга берилгендердин баары — акылсыз» (Накыл сөздөр 20:1). Ичкиликке берилүү деген эмне? * Канча ичүү өтө көп ичкендикке жатат? Бул маселеде кандай көзкараш теңсалмактуу болуп саналат?

Ичкиликке адам кантип берилет?

3, 4. а) Мас болгончо ичүү Ыйык Жазмада айыпталарын эмне көрсөтүп турат? б) Мас болуунун кээ бир белгилери кайсылар?

3 Байыркы Ысрайылда соргоктугун, аракечтигин таштабаган уулду ташбараңга алып өлтүрүшчү (Мыйзам 21:18—21). Элчи Пабыл Ыйсанын жолдоочуларын: «„Бир тууганыңармын“,— деп коюп, ойноштук кылганын, дүнүйөкорлугун, бутка табынганын, ушак сүйлөгөнүн, ичкилик ичкенин, уурулук кылганын таштабаган адам менен мамилелешпегиле. Атүгүл, аны менен бирге отуруп тамак да ичпегиле»,— деп үндөгөн. Ооба, мас болгончо ичкилик ичүү Ыйык Жазмада айыпталат (1 Корунттуктарга 5:11; 6:9, 10).

4 Мас болуунун белгилери Ыйык Китепте мындайча сүрөттөлөт: «Шараптын кызарып турганына, чөйчөктө көбүк чачып турганына, мелтиреп турганына караба. Акырында ал сени жыландай чагат, уулуу жыландай ууландырат. Башка бирөөнүн аялын карасаң [«көзүңө кызыктай нерселер көрүнөт», «ЖД»], жүрөгүң бузуктукту сүйлөй баштайт» (Накыл сөздөр 23:31—33). Ашыкча ичүү уулуу жыландай чагып, ооруга чалдыктырат, акылды караңгылатат, атүгүл эс-учун билбей калгыдай абалга жеткирет. Мас адам «кызыктай нерселерди» көрүшү мүмкүн — жок нерсени элестетиши же аны оюнан чыгарышы ыктымал. Ошондой эле ал адатта ооздукташы керек болгон бузуку ойлорду жана каалоолорду айтуудан уялбай калышы мүмкүн.

5. Ичкиликке берилүү эмнеси менен зыяндуу?

5 А эгер адам башкаларга мас экенин байкатпагыдай ичип жүрсөчү? Кээ бир адамдар көп ичсе деле мас болгонун билдирбейт. Бирок мындай адаттын зыяны жок деп ойлоо өзүн өзү алдоого жатат (Жеремия 17:9). Бара-бара адам ичкиликке башы байланып, «шараптын кулу» болуп калышы ыктымал (Титке 2:3). Кимдир бирөөнүн кантип аракеч болуп калары жөнүндө жазуучу Кэролайн Нап: «Бул — жай, акырындык менен өрчүгөн, билинбеген процесс»,— дейт. Ичкиликке берилүү — абдан коркунучтуу тузак!

6. Тамакка жана ичкиликке берилүүдөн эмне себептен качуу керек?

6 Ошондой эле Ыйсанын: «Өзүңөргө сак болгула, оюңарды ашыра тоюу, мас болуу, турмуштук түйшүктөр ээлеп албасын. Ал күн силер күтпөгөн убакта келип калбасын, анткени ал күн жер үстүндө жашоочулардын баарын басып калган тор сыяктуу келет»,— деген эскертүүсүнө көңүл бурсаңар (Лука 21:34, 35). Адам ашкере ичип кеткенге чейин эле түзмө-түз да, рухий мааниде да араңжан жана жалкоо болуп калышы мүмкүн. Ал ушундай абалда жүргөндө Жахабанын күнү келип калса эмне болот?

Ичкиликти кыянат пайдалануунун кесепеттери

7. Ичкиликти кыянат пайдалануу эмне үчүн 2 Корунттуктарга 7:1деги көрсөтмөгө карама-каршы келет?

7 Ичкиликти ченемсиз ичүү адамды денелик жана рухий жактан көптөгөн коркунучтарга дуушар кылат. Аракечтиктин натыйжасында пайда болуучу ооруларга боордун циррозу, алкоголдук гепатит, ичкилик буулукмасы сыяктуу нервдик бузулуулар кирет. Ошондой эле ичкиликти узак убакыт бою кыянат пайдалануу ракка, диабетке жана жүрөк менен ашказан ооруларына чалдыктырышы ыктымал. Көп ичүү Ыйык Жазмадагы: «Денебизди жана рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан арылалы, Кудайдан болгон коркунуч менен ыйыкталалы»,— деген көрсөтмөгө шексиз түрдө карама-каршы келет (2 Корунттуктарга 7:1).

8. Накыл сөздөр 23:20, 21-аяттарга ылайык, ичкиликти кыянат пайдалануу эмнеге алып келиши мүмкүн?

8 Ичкиликти кыянат пайдаланган адам акчасын ыксыз сарпташы, атүгүл жумушунан айрылышы мүмкүн. Байыркы Ысрайылдын падышасы Сулайман: «Шарап ичип мас болгондордун, этке ашыра тоюп алгандардын арасында болбо»,— деп эскерткен. Эмне үчүн? Ал: «Ичкичтер менен ашыра тоюп алгандар жакырданып кетишет, уйкучулук жыртык кийим кийгизет»,— деп түшүндүргөн (Накыл сөздөр 23:20, 21).

9. Ичип алып машине айдоо эмне үчүн акылмандыкка жатпайт?

9 Ичкиликке берилүүнүн дагы бир коркунучу тууралуу бир энциклопедияда: «Иликтөөлөр көрсөткөндөй, ичкилик адамдын машине айдоо жөндөмүн, анын ичинде реакциясынын ылдамдыгын, кыймыл-аракетинин теңсалмактуулугун, сактык сезимин, көрүү жөндөмүн жана эстүүлүгүн төмөндөтөт»,— деп айтылат («The Encyclopedia of Alcoholism»). Ичип алып машине айдоо кайгылуу натыйжаларга алып барат. Бир эле Америка Кошмо Штаттарында ичкиликтин айынан болгон жол кырсыктарынан жыл сайын он миңдегендер каза болуп, жүз миңдегендер жараат алат. Бул коркунучка, айрыкча, машине айдоо жагынан тажрыйбасы азыраак жана ченеми менен ичкенди билбеген жаштар көп кабылышат. Ичип алып машине айдаган адам Жахаба Кудайдын белеги болгон өмүрдү баалайм деп ырастай алабы? (Забур 35:10). Өмүрдүн ыйыктыгын эске алып, адамдын машине айдаганда спирт ичимдиктерин такыр оозуна албаганы туура.

10. Спирт ичимдиктери акыл-эске кандай таасир этет жана бул эмнеси менен коркунучтуу?

10 Ичкиликти ченемсиз ичүү денелик жактан эле эмес, рухий жактан да зыяндуу. Ыйык Китепте: «Шарап жана ичимдиктер алардын жүрөгүн ээлеп алган [«аларды акылынан ажыраткан», МАК]»,— деп айтылат (Ошуя 4:11). Спирт ичимдиктери акыл-эске терс таасир этет. АКШнын баңгизатты кыянат колдонууга каршы күрөшүү боюнча улуттук институтунун бир басылмасында мындай деп түшүндүрүлөт: «Ичкилик тамак сиңирүү системасы аркылуу канга аралашып, тез эле мээге жетет. Ал мээнин ой жүгүртүүгө жана эмоцияга жооп берген бөлүктөрүнүн жай иштей башташын шарттайт. Адам өзүн анча ооздуктабай, эркинирээк сезе баштайт». Мындай абалда өзүбүздү ыгы жок эркин кармоого жана көптөгөн азгырыктарга алдырууга көбүрөөк ийкемдүү болобуз (Накыл сөздөр 20:1).

11, 12. Ичкиликти ченемсиз ичүү рухий жактан кандай зыян алып келиши ыктымал?

11 Андан тышкары, Ыйык Китепте: «Ичсеңер да, жесеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла»,— деген буйрук берилет (1 Корунттуктарга 10:31). Ичкиликти көп өлчөмдө ичүү Кудайга даңк алып келеби? Ыйсанын жолдоочусу, албетте, аракеч деген атка конгусу келбейт. Андай ат Жахабанын ысмына даңк алып келбейт, тескерисинче, тил тийгизет.

12 Ыйсанын жолдоочусунун чегинен аша ичкени ишенимдешин, балким, жаңы шакиртти мүдүрүлтсөчү? (Римдиктерге 14:21). Ыйса: «Мага ишенген бул кичинелердин бирин күнөөгө түрткөн адамды мойнуна тегирмен ташын илип, деңиздин түбүнө чөктүрүп жиберсе, ал үчүн жакшы болмок»,— деп айткан (Матай 18:6). Көп ичкен адам жыйналыштагы жоопкерчиликтеринен да айрылышы мүмкүн (1 Тиметейге 3:1—3, 8). Ошондой эле ичкиликти кыянат пайдалануу үй-бүлөнү бактысыздыкка учуратарын унутпашыбыз керек.

Ичкиликке берилүүнүн коркунучтарынан кантип сак боло аласың?

13. Ичкиликти кыянат пайдалануудан качууга эмне жардам берет?

13 Ичкиликке берилүүнүн коркунучтарынан сак болуу үчүн, аракечтиктен эле эмес, ашыкча ичүүдөн да качышыбыз керек. Канча өлчөмдө ичүү ченеми менен ичкендик болорун, ал эми канча ичүү ашкере ичкендикке жатарын ким аныктайт? Бул жерде көп факторлор эске алынышы керек болгондуктан, канча ичүү өтө көп болорун аныктаган катуу эреже болушу мүмкүн эмес. Ар бир адам өзүнүн чегин билип, андан чыкпашы керек. Канча ичүү өтө көп ичкендикке жатарын чечүүгө сага эмне жардам берет? Жетекчилик болорлук кандайдыр бир принцип барбы?

14. Ченеми менен ичүүнү ашкере ичүүдөн ажырата билүүгө кайсы принцип жардам берет?

14 Ыйык Китепте: «Туура ой жүгүртүүнү, эстүүлүктү сакта, алар жаның үчүн өмүр, мойнуң үчүн мончок болот»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 3:21, 22). Анда жетектөөчү принцип мындай: спирт ичимдиктеринин эстүүлүгүңө жана ой жүгүртүүңө терс таасир эткен өлчөмү сен үчүн көптүк кылат. Бирок жеке өзүңдүн чегиңди аныктоодо өзүңө карата чынчыл болушуң зарыл.

15. Кайсы учурларда бир эле куюм ичүү көптүк кылышы мүмкүн?

15 Айрым учурларда бир эле куюм ичүү көптүк кылышы мүмкүн. Боюнда бар аял ичкиликтин түйүлдүккө коркунуч туудурарын эске алып, такыр оозуна албоону чечиши ыктымал. Ошондой эле мурда аракечтик менен күрөшүп келген же ичкилик ичүүгө абийири жол бербеген адамдын көзүнчө ичпөө акылдуулукка жатпайбы? Жахаба жыйын чатырында ыйык кызмат аткаргандарга: «Өлүп калбайын десеңер, жыйын чатырына киргенде... шарап да, күчтүү ичимдик да ичпегиле»,— деп буйруган (Лебилер 10:8, 9). Андыктан жыйналыш жолугушууларына барарда, кызматка чыгарда жана башка рухий иштерди аткарарда спирт ичимдиктерин ичүүдөн кач. Андан тышкары, ичкилик ичүүгө тыюу салынган же кайсы бир куракка жеткенде гана ичүүгө уруксат берилген өлкөлөрдө Ыйсанын жолдоочулары өлкөнүн мыйзамдарына баш ийүүгө тийиш (Римдиктерге 13:1).

16. Алдыңа ичимдик коюлганда эмне кылышың керек?

16 Спирт ичимдиги сунуш кылынганда же алдыңа коюлганда, адегенде өзүңө: «Дегеле ичишим керекпи?» — деген суроону берип көр. Эгер ичүүнү чечсең, чегиңди көңүлүңдө бек сактап, андан ашыра ичпе. Ичкилик тартуулаган март адамдын таасирине алдырба. Спирт ичимдиктеринин өлчөмү чектелбеген үйлөнүү үлпөтү сыяктуу той-топурларда сак бол. Көп өлкөлөрдүн мыйзамында балдарга ичкилик сатып алууга уруксат берилген. Ата-энелер балдарына ичкилик ичүүгө карата насаат берүүгө жана буга байланышкан иш-аракеттерине көз салууга милдеттүү (Накыл сөздөр 22:6).

Көйгөйдү жеңүүгө болот

17. Ичкиликти кыянат колдонор-колдонбосуңду билүүгө эмне жардам берет?

17 Сенде шарапты жана башка күчтүү ичимдикти кыянат колдонуу көйгөйү барбы? Эгерде ичкиликке берилүү жашыруун күнөөгө айланып баратса, анын сени эртедир-кечтир бийлеп аларына шектенбесең болот. Ошондуктан өзүңдү чынчылдык менен текшерип чык. Ан үчүн өзүңө төмөнкүдөй суроолорду берип көр: мурдагыга караганда көбүрөөк иче баштадымбы? Барган сайын күчтүүрөөктөрүн ичип жатамбы? Тынчсызданууларымды, стрессти же кыйынчылыктарымды унутуп коюу үчүн ичемби? Ичкилик ичкениме жакын адамым же досум тынчсыздануусун билдирип жатабы? Менин ичкеним үй-бүлөмө кыйынчылыктарды туудуруп жатабы? Бир жума, бир ай же бир нече ай ичпей коюу мен үчүн кыйынга турабы? Канча ичкенимди башкалардан жашырамбы? Бул суроолордун кээ бирлерине «ооба» деп жооп берсең, анда эмне кылышың керек? «Күзгүгө каранып, ары басары менен өзүнүн кандай экенин унутуп койгон» адамдай болбо (Жакып 1:22—24). Көйгөйдү чечүүгө кадамдарды жаса. Эмне кылууга болот?

18, 19. Спирт ичимдиктерин ченемсиз ичүүдөн кантип кача аласың?

18 Элчи Пабыл Ыйсанын жолдоочуларын: «Шарап ичип мас болбогула, анткени бул бузулган жашоого алып барат, тескерисинче, Рухка толгула»,— деп үндөгөн (Эфестиктерге 5:18). Спирт ичимдиктеринин канча өлчөмү сен үчүн ашыкча болорун чечип, тийиштүү чекти аныктап ал. Андан ашырбоого чечкиндүү бол, өзүңдү өзүң токтото бил (Галаттыктарга 5:22, 23). Ичкиликке азгырган жоро-жолдошторуң болсочу? Алардан оолак бол. «Акылдуу адамдардын арасында дайыма болгон адам акылдуу болот,— деп айтылат Ыйык Китепте,— ал эми акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат» (Накыл сөздөр 13:20).

19 Эгер кайсы бир түйшүктү унутуу үчүн ичип жүрсөң, түйшүккө тике кароого үйрөн. Кыйынчылыктарды Кудайдын Сөзүндөгү кеңештерди колдонуу менен чечүүгө болот (Забур 118:105). Өзүң ишенген аксакалга жардам сурап кайрылуудан тартынба. Жахабанын рухийлигиңди бекемдөөгө багытталган иш-чараларынан пайда ал. Кудай менен болгон мамилеңди чыңда. Ага дайыма тилен, айрыкча, өзүңдүн алсыздыктарың тууралуу тилен. Кудайдан «ички дүйнөңдү, жүрөгүңдү» тазалашы жөнүндө суран (Забур 25:2). Мурунку макалада талкуулангандай, актыгыңды сактап жашоо үчүн колуңан келгендин баарын кыл.

20. Ичкиликке берилүү адатыңан арыла албай жүрсөң, эмне кылсаң болот?

20 Жумшаган күч-аракеттериңе карабай ичкиликке берилүү адатыңан арыла албай жүрсөңчү? Анда Ыйсанын: «Эгерде колуң сени күнөөгө түртсө, аны кесе чап. Эки колуң менен тозокко [«гееннага», СК]... түшкөнүңдөн көрө, мунжу болуп өмүргө ээ болгонуң жакшы»,— деген кеңешине ылайык иш кылганың абзел (Марк 9:43). Башкача айтканда, такыр оозуңа алба. Бир аял (атын Айрин деп коёлу) так ошентүүнү чечкен. «Эки жарым жыл ичпей койгондон кийин, күчүмдү сынап көрүш үчүн бир аз ичип койсом эчтеке деле болбостур деп ойлой баштадым. Бирок андай ой келер замат Жахабага тиленүү менен кайрылам. Мен жаңы заманга чейин такыр оозума албайм деп чечтим, балким, жаңы заманда да ичпейм»,— дейт ал. Кудайдын адилеттүү жаңы дүйнөсүндөгү жашоону эске алганда, такыр ичпей коюу өтө деле чоң курмандык болбойт (2 Петир 3:13).

«Байге алгыдай болуп чуркагыла»

21, 22. Өмүр жарышында марага жетишибизге эмне тоскоол болушу мүмкүн жана аны кантип жеңе алабыз?

21 Ыйсанын жолдоочусунун өмүр жолун жарышка салыштырып, элчи Пабыл мындай деген: «Жарышта баары чуркаганы менен бирөө гана байге аларын билесиңер. Ошондуктан байге алгыдай болуп чуркагыла. Жарышка катышуучулардын баары өздөрүн бардык жагынан тыйышат: бирөөлөр жок боло турган таажы алуу үчүн ошентишет, ал эми биз соолубас таажы алуу үчүн ошентебиз. Ошондуктан мен максатсыз чуркап бара жаткан жокмун, муштумум менен абаны ургулап жаткан жокмун. Бирок башкаларга насаат айтып жүргөн мен жараксыз болуп калбашым үчүн, денемди зордоп кулга айландырып жатам» (1 Корунттуктарга 9:24—27).

22 Байге жарышты ийгиликтүү аяктагандарга гана берилет. Ичкиликти кыянат пайдалануу бизге өмүр жарышында марага жетүүгө тоскоол болушу мүмкүн. Биз өзүбүздү башкара билишибиз керек. Ишенимдүү чуркоо үчүн «аракечтикке» берилбөөгө тийишпиз (1 Петир 4:3). Тескерисинче, өзүбүздү бардык жагынан тыя билишибиз зарыл. Спирт ичимдиктерин ичүүгө келгенде, «кудайсыздыкты жана бул дүйнөнүн кумарларын четке какканыбыз... адеп-ахлактуулук менен, адилеттүү жана такыбаа жашаганыбыз» акылдуулукка жатат (Титке 2:12).

[Шилтеме]

^ 2-абз. Бул макаладагы «ичкилик» деген сөз пиво, шарап жана башка спирт ичимдиктерин билдирет.

Эсиңердеби?

• Ичкиликти кыянат пайдалануу деген эмне?

• Спирт ичимдиктерин кыянат пайдалануунун кандай залакалары бар?

• Ичкиликти кыянат пайдалануунун коркунучтарынан кантип качууга болот?

• Адам ичкиликти кыянат пайдалануу адатынан кантип арыла алат?

[Изилдөө суроолору]

[28-беттеги сүрөт]

Шарап «адамдын жүрөгүн кубандырат».

[29-беттеги сүрөт]

Өзүбүздүн чегибизди билип, андан ашыра ичпешибиз керек.

[30-беттеги сүрөт]

Канча ичсең ашыкча болбоорун алдын ала чечип ал.

[31-беттеги сүрөт]

Алсыздыктарың тууралуу Жахабага дайыма тилен.

[32-беттеги сүрөт]

Ата-энелер балдарына ичкилик ичүүгө карата насаат берүүгө милдеттүү.