Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай Сөзүн тайманбастык менен айткыла

Кудай Сөзүн тайманбастык менен айткыла

Кудай Сөзүн тайманбастык менен айткыла

«Бар, Менин элиме... пайгамбарлык кыл» (АМОС 7:15).

1, 2. Амос деген ким болгон жана Ыйык Китепте ал тууралуу эмнелер айтылат?

ЖАХАБАНЫН бир кызматчысы кабар айтып жүрүп ыйык кызмат кылуучуга жолугуп калат. Ыйык кызмат кылуучу: «Токтот кабарыңды! Жогол бул жерден!» — деп кыйкырат. Жахабанын кызматчысы эмне кылган? Кабар айтуусун токтотуп койгонбу же Кудай сөзүн тайманбай айта бергенби? Бул суроолорго жооп ала алабыз, анткени ал кызматчы өзүнүн атынан аталган китепке өз башынан өткөргөндөрүн жазып калтырган. Ал китеп — Ыйык Жазманын Амос деген китеби. Бирок ыйык кызмат кылуучу менен болгон жолугушуу тууралуу көбүрөөк билерден мурун Амос менен жакыныраак таанышалы.

2 Амос деген ким болгон? Ал качан жана каерде жашаган? Бул суроолордун жообун Амос 1:1ден табабыз. Анда: «Текоялык койчулардын бири Амостун сөздөрү... Жүйүт падышасы Узиянын тушунда, Ысрайыл падышасы Жааштын уулу Жаробамдын тушунда»,— деп жазылган. Амос Жүйүт жеринин тургуну болгон. Ал Иерусалимден он алты чакырым алыстыкта жайгашкан Текоя деген шаарда туулган. Амос б.з.ч. IX кылымдын аягында жашаган. А кезде Жүйүттө — Узия, ал эми он уруудан турган Ысрайыл падышалыгында Жаробам II падышалык кылып турган. Амос койчу болгон. Андан сырткары, Амос 7:14тө анын кой эле кайтарбастан, «сикомор жыйнаганы» да көрсөтүлөт. Демек, ал жылдын бир мезгилинде убактылуу жумуш менен алектенген. Ал тыт түркүмүнө кирүүчү сикомор жыгачынын мөмөлөрүн — анжыр — тилчү. Аны мөмөсү эртерээк бышышы үчүн тилишчү. Бул аябай оор жумуш болгон.

«Бар... пайгамбарлык кыл»

3. Эгерде кабар айтууга өзүбүздү жараксыз сезсек, Амос жөнүндө билүү бизге кандай жардам берет?

3 Амос: «Мен пайгамбар эмесмин, пайгамбардын уулу да эмесмин»,— деп ачык эле айткан (Амос 7:14). Анын атасы пайгамбар болгон эмес, ал өзү да пайгамбарлык кылууга үйрөтүлгөн эмес эле. Бирок Жахаба өзүнүн эркин аткарууга Жүйүттө жашагандардын арасынан күчтүү падышаны, билимдүү ыйык кызмат кылуучуну же бай башкаруучуну эмес, Амосту тандап алган. Бул бизди абдан бекемдейт. Биз жогорку абалга жана жакшы билимге ээ болбошубуз мүмкүн. Бирок бул биздин кабар айтууга жараксыз экенибизди билдиреби? Жок, билдирбейт! Жахаба бизди бардык жерде, атүгүл кабар айтуу кыйынга турган жерде да кызмат кыла алышыбыз үчүн, зарыл нерсенин бардыгы менен камсыз кыла алат. Жахаба Амоско ошондойчо жардам көрсөткөн, андыктан Кудай сөзүн тайманбастык менен айтууну каалагандардын баары үчүн ошол тайманбас пайгамбардын үлгүсүн карап чыгуу пайдалуу.

4. Ысрайылда пайгамбарчылык кылуу Амос үчүн эмнеге оңойго турган эмес?

4 Жахаба Амоско: «Бар, Менин элим Ысрайылга пайгамбарлык кыл»,— деп буйрук берген (Амос 7:15). Бул оор тапшырма эле. Ал кезде он уруудан турган Ысрайыл падышалыгы тынчтыкта, коопсуздукта жана байкерчиликте жашап жаткан. Көптөрүнүн жөнөкөй кыш менен эмес, «жылмаланган таштардан» курулган «кышкы» жана «жайкы үйлөрү» болгон. Айрымдардын пил сөөгү менен кооздолгон эмеректери бар эле жана алар «эң сонун жүзүмзарлардын» шарабын ичишчү (Амос 3:15; 5:11). Ошондуктан көптөрү өздөрүнө өздөрү корстон болушкан. Демек, Амоско дайындалган аймак, сыягы, бүгүн кээ бирөөлөрүбүз кызмат кылып жаткан аймактарга окшош болгон.

5. Кээ бир ысрайылдыктар кандай адилетсиз иштерди кылышкан?

5 Ысрайылдыктардын материалдык жактан жакшы жашашканынын жаман эч нерсеси деле болгон эмес. Бирок алардын айрымдары алдамчылык менен байышкан. Байлар «кедей-кембагалдарды кысымга алышкан» жана «жакырларды эзишкен» (Амос 4:1). Бай соодагерлер, соттор жана ыйык кызмат кылуучулар биргелешип алып, жакырларды талап-тоношкон. Келгиле, оюбуз менен ошол убакка барып, ал адамдардын эмне кылышканын карап көрөлү.

Кудайдын Мыйзамы бузулган

6. Ысрайылдык соодагерлер башкаларды кантип өз кызыкчылыктарына пайдаланышкан?

6 Адегенде базар аянтына барабыз. Аерде митаам соодагерлер «эйпанын көлөмүн азайтышкан», «шекелдин баасын көтөрүшкөн», кала берсе, «дандын эленгенден калганын» дан катары сатышкан (Амос 8:5, 6). Соодагерлер таразага кем тартып, бааны көтөрүп жана сапатсыз товар сатып, кардарларды алдашкан. Алар жакырларды сокур тыйыны калбай калганчалык абалга жеткиришкендиктен, ал байкуштардын кулчулукка сатылуудан башка аргасы калган эмес. Анан соодагерлер аларды «бир жуп бут кийимге» сатып алышкан (Амос 8:6). Элестетсеңер, ошол ачкөз соодагерлер өздөрүнүн эле мекендештерин, ысрайылдыктарды, бут кийимдин баасынан кымбатка турбайт деп эсептешкен! Бул — жакырларды кандай гана кемсинткендик жана Кудайдын Мыйзамын кандай гана одоно бузгандык! Ошол эле учурда ал соодагерлер ишемби күндү сакташкан (Амос 8:5). Ооба, алар динчил болушкан, бирок жүрөктөрүндө чыныгы ишеним болгон эмес.

7. Ысрайылдагы соодагерлердин Кудайдын Мыйзамын бузуп келишкенине эмне себеп болгон?

7 Ал соодагерлер Кудайдын: «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй»,— деген мыйзамын бузуп жатышканына карабастан кандайча жазаланбай жүрө беришкен? (Лебилер 19:18). Мунун себеби Мыйзамдын аткарылышына кам көрүүчүлөрдүн — соттордун — аларга ортоктош болушканында эле. Шаардын дарбазасынын алдында, сот жүргүзүлгөн жерде, соттор «пара алып, сотто кедей-кембагалдардын иштерин бурмалашкан». Жакырларды коргогондун ордуна, соттор аларды пара берүүгө мажбурлашкан (Амос 5:10, 12). Ошентип, алар да Кудайдын Мыйзамын бузушкан.

8. Ыймансыз ыйык кызмат кылуучулар кандай жүрүм-турумга көз жумушкан?

8 Ал эми ыйык кызмат кылуучулар эмне иш кылышкан? Муну билүү үчүн, көңүлүбүздү дагы бир жерге бурушубуз керек. Ыйык кызмат кылуучулар ысрайылдыктарга «өз кудайларынын үйүндө» кандай күнөөлөрдү кылууга жол беришкенин карасаңар. Амос аркылуу Кудай: «Менин ыйык ысымымды булгаш үчүн, атасы менен уулу бир аялга барат»,— деп айткан (Амос 2:7, 8). Элестетип көрсөңөр, ысрайылдык ата да, бала да ийбадатканадагы сойкуларга, болгондо да, бир эле сойкуга экөө тең барып бузукулук кылышкан. Ал эми ыйык кызмат кылуучулар андай адеп-ахлаксыздыкка көз жумушкан! (Лебилер 19:29; Мыйзам 5:18; 23:17).

9, 10. Ысрайылдыктар Кудайдын Мыйзамын кантип бузушкан жана бүгүнкү күндө кандай окшош жагдай өкүм сүрүүдө?

9 Алардын дагы бир күнөөсү жөнүндө кеп кылып, Жахаба: «Ар кайсы курмандык чалынуучу жайдын жанында, күрөөгө алынган кийимдердин үстүндө жамбаштап жатышат, айыпкерлерден төлөтүлүп алынган шараптарды өз кудайларынын үйүндө ичишет»,— деп айткан (Амос 2:8). Ооба, ыйык кызмат кылуучулар да, жалпы эл да Чыгуу 22:26, 27-аяттарда жазылган мыйзамды, күрөөгө алынган кийимди күн батканга чейин кайрып берүү керектиги тууралуу мыйзамды, бузушкан. Алар кайрып бермек турсун, майрамдашканда жана жалган кудайларга арнап шарап ичишкенде андай кийимди төшөнчү катары колдонушкан. Ал эми жакырлардан өндүрүп алган акчага шарап сатып алышып, бутпарастардын майрамдарында ичишкен. Алар таза сыйынуудан кандай гана алыстап кетишкен!

10 Ысрайылдыктар Мыйзамдагы Жахабаны жана жакыныңды сүй деген эки эң маанилүү парызды уятсыздык менен бузуп жүрүшкөн. Ошондуктан Жахаба алардын жүзүкаралыгын ашкерелөө үчүн Амосту жиберген. Бүгүн дүйнө жүзүндөгү элдер, анын ичинде христиан дүйнөсүндөгү элдер байыркы Ысрайылга окшоп бузулган. Айрымдар бай жашап жатышса да, көптөр жакырчылыктын жеткен чегинде күн өткөрүп, калпычы саясый ишкерлердин, бизнесчилер менен жалган диний жетекчилердин адеп-ахлаксыз жүрүм-турумун көрүп көңүлдөрү чөгүүдө. Бирок Жахаба кыйналып жаткан жана аны издеген адамдарга кызыкдар. Ошондуктан азыркы кызматчыларын да Амостукундай ишти аткарууга — Өзүнүн сөзүн тайманбастык менен айтууга — дайындаган.

11. Амостун үлгүсүнөн эмнеге үйрөнсөк болот?

11 Биздин кызматыбыз Амостукуна окшош болгондуктан, анын үлгүсүн карап чыгуу менен өзүбүзгө чоң пайда алабыз. Амос бизге 1) эмне жөнүндө кабар айтышыбыз керектигин, 2) кантип айтышыбыз керектигин жана 3) кабар айтуу ишибизди каршылаштар эмне үчүн токтото албасын көрсөтөт. Келгиле, бул суроолордун ар бирин өз-өзүнчө карап чыгалы.

Амосту кантип туурай алабыз?

12, 13. Жахаба ысрайылдыктарга нааразы экенин кантип көрсөткөн жана алар эмне кылышкан?

12 Жахабанын Күбөлөрү катары биз көңүлдү биринчи кезекте Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине бурабыз (Матай 28:19, 20; Марк 13:10). Ошону менен бирге биз, Амос Жахабанын мыйзамсыздарды соттой турганын жарыялагандай, адамдардын көңүлүн Кудайдын эскертүүлөрүнө да бурабыз. Мисалы, Амос 4:6—11-аяттар көрсөтүп тургандай, Жахаба Ысрайылга нааразы экендигин көп ирет билдирген. Ал өз элине «нанды жетишсиз кылып... жамгыр жаадырбай... эгиндерин карартып жана саргартып... жугуштуу оору жиберген». Бул кырсыктар ысрайылдыктарга өкүнүүгө түрткү бергенби? Кудай: «Силер Мага кайрылган жоксуңар»,— деген. Ооба, ысрайылдыктар Жахабадан кайра-кайра баш тартышкан.

13 Жахаба өкүнбөгөн ысрайылдыктарды жазалаган. Бирок алгач аларга пайгамбарлык эскертүү берилген. Буга байланыштуу Кудай: «Кудай-Теңир Өз кулдары — пайгамбарларга Өзүнүн жашыруун сырын ачпай туруп, эч нерсе жасабайт»,— деп айткан (Амос 3:7). Жахаба Нухка Топон суу жүрөрүн айтып, ал тууралуу элге эскертүү берүүнү буйрук кылган. Ошо сыяктуу эле, Амоско акыркы эскертүүнү жарыялоону айткан. Тилекке каршы, Ысрайыл Кудайдын кабарына кулак какпай, туура иш-аракет жасабай койгон.

14. Азыркы учур Амос жашаган мезгилге кайсы жактардан окшош?

14 Азыркы учур айрым жактардан Амос жашаган мезгилге аябай эле окшош экенине кошуларыңар шексиз. Ыйса Машайак акыркы күндөрдө көптөгөн кырсыктар болорун алдын ала айткан. Ал кабар айтуу иши дүйнөлүк масштабда жүргүзүлөрүн да айткан (Матай 24:3—14). Бирок, Амостун учурундагыдай эле, бүгүн адамдардын көпчүлүгү убакытка байланыштуу белгилерге да, Падышалык жөнүндөгү кабарга да көңүл бурбай жатышат. Мындай адамдар өкүнбөгөн ысрайылдыктар кабылган кесепеттерге дуушар болушат. Жахаба ысрайыл элине: «Өз Кудайың менен жолугушууга даярдан»,— деп эскерткен (Амос 4:12). Ысрайылдыктар Кудай менен ал аларга чыгарган өкүмүн ашурлуктар аркылуу ишке ашырганда «жолугушкан». Азыркы каардуу дүйнө болсо Кудай менен Армагедондо «жолугушат» (Аян 16:14, 16). Ал эми биз азыр Жахабанын чыдамдуулук көрсөтүп жатканынан пайдаланып, мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарга: «Теңирди издегиле, ошондо тирүү болосуңар»,— деп эскертүү бергенге аракеттенебиз (Амос 5:6).

Амоско окшоп, каршылыкка дуушар болобуз

15—17. а) Аматсия деген ким болгон жана Амостун айткан кабары ага кандай таасир эткен? б) Аматсия Амоско каршы негизи жок кандай айыптоолорду койгон?

15 Биз Амостун үлгүсүнөн башкаларга эмнени айтышыбыз керектигин эле эмес, аны кантип айтышыбыз керектигин да көрө алабыз. Бул 7-баптан көрүнүп турат, ал жерде макаланын башында кеп кылынган ыйык кызмат кылуучу жөнүндө айтылат. Ал «Бейтелдин ыйык кызмат кылуучусу Аматсия» эле (Амос 7:10). Бейтел шаары ысрайылдыктардын ишенимден чегинүүчүлүгүнүн, анын ичинде музоого сыйынуунун борбору болгон. Демек, Аматсия мамлекеттик диндин ыйык кызмат кылуучусу болгон. Амостун тайманбастык менен айткан кабары ага кандай таасир эткен?

16 Аматсия Амоско: «Көрөгөч! Тезинен кет, Жүйүт аймагына кач. Ошол жерден нан жеп, ошол жерде пайгамбарлык кыл. Ал эми Бейтелде мындан ары пайгамбарлык кылба, анткени бул жер падышанын ыйык жайы, падышанын үйү»,— деп айткан (Амос 7:12, 13). Башкача айтканда, ал: «Жогол үйүңө! Биздин динибиз башка»,— дегендей сөздөрдү айткан. Аматсия Амостун ишине бийликтегилер аркылуу тыюу салууга аракеттенип, Жаробам II падышага: «Амос Ысрайылдын арасында сага каршы козголоң чыгарып жатат»,— деп айткан (Амос 7:10). Ооба, Аматсия Амосту чыккынчы катары айыптаган! Ал падышага: «Амос мындай деп жатат: „Жаробам кылычтан өлөт, Ысрайыл болсо өз жеринен сөзсүз туткундалып кетет“»,— деген (Амос 7:11).

17 Ушул сөздөрү менен Аматсия үч калп ырастоо келтирген. Ал: «Амос мындай дейт»,— деп айткан. Бирок Амос эч качан өзүнүн атынан пайгамбарлык кылган эмес. Ал, тескерисинче, ар дайым: «Теңир мындай дейт»,— деп сүйлөгөн (Амос 1:3). Ошондой эле Амоско: «Жаробам кылычтан өлөт»,— деп айтты деген айып коюлган. Бирок Амос 7:9да жазылгандай, Амос: «[Жахаба] Жаробамдын тукумуна кылыч менен каршы чыгат»,— деп пайгамбарлык кылган. Кудай мындай алааматты Жаробамдын тукумуна алып келерин айткан. Андан тышкары, Аматсия Амосту: «Ысрайыл болсо өз жеринен сөзсүз туткундалып кетет»,— деди деп күнөөлөгөн. Бирок Амос Кудайга кайрылган ар бир ысрайылдык бата аларын да пайгамбарлык кылган. Аматсиянын калп менен чынды аралаштырып, Амостун кабар айтуу ишине расмий түрдө тыюу салдырууга аракеттенгени айдан ачык.

18. Аматсия менен азыркы диний кызматчылар колдонгон ыкмалардын ортосунда кандай окшоштуктар бар?

18 Аматсия колдонгон ыкмалар менен Жахабанын кызматчыларынын азыркы душмандары колдонгон ыкмалардын ортосундагы окшоштукту байкадыңарбы? Аматсия Амосту тыйгысы келгендей эле, учурдагы ыйык кызмат кылуучулар, прелаттар жана патриархтар да Жахабанын кызматчыларынын кабар айтуу ишин токтотууга аракет кылып жатышат. Аматсия Амосту жалган жалаа менен чыккынчы катары айыптаган. Ошол сыяктуу эле, учурдагы диний жетекчилер да Жахабанын Күбөлөрүн улуттук коопсуздукка коркунуч туудуруп жатышат деп негизсиз айыпташат. Аматсия Амостун ишине тыюу салдыруу максатында падышага кайрылгандай эле, диний жетекчилер да бүгүн Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктоо үчүн саясый уюмдарга кайрылышат.

Каршылаштар кабар айтуу ишибизди токтото алышпайт

19, 20. Амос Аматсиянын каршылыгына кандай жооп кайтарган?

19 Амос Аматсиянын каршылыгына кандай жооп кайтарган? Адегенде ал ыйык кызмат кылуучуга: «„Ысрайылга пайгамбарлык кылба“,— деп жатасың»,— деп кайрылган. Анан Кудайдын эржүрөк пайгамбары эч тайманбастан Аматсия уккусу келбеген сөздөрдү айткан (Амос 7:16, 17). Амос опузадан коркуп калган эмес. Биз үчүн кандай сонун үлгү! Азыркы мезгилдеги «Аматсиялардын» айынан ырайымсыз куугунтуктоолор болуп жаткан жерлерде да биз Кудай сөзүн кабарлоону эч качан токтотпойбуз. Биз да Амостой болуп: «Теңир мындай дейт»,— деп жарыялоону уланта беребиз. Ал эми каршылаштар биздин кабар айтуу ишибизди эч качан токтото алышпайт, анткени бизди «Теңир Өзү колдоп» жатат (Элчилер 11:19—21).

20 Аматсия өзүнүн коркутуп-үркүтүүлөрү куру-бекер болорун билиши керек эле. Анткени Амос кабар айтуусун эч ким токтото албаарын ага мурда эле түшүндүргөн; бул — биз талкуулай турган суроолордун үчүнчүсү. Амос 3:3—8-аяттарга ылайык, Амос себепсиз эч нерсе болбоорун бир нече суроонун жана мисалдын жардамы менен көрсөткөн. Анан: «Арстан айкыра баштаганда, ким солк этпейт? Кудай-Теңир сүйлөгөндө, ким пайгамбарлык кылбайт?» — деп кошумчалаган. Башкача айтканда, Амос мындай деген: «Арылдаган арстандан коркпой койбой турганыңардай эле, Жахабанын мага тапшырган сөзүн мен кабарлабай коё албайм». Амос Жахабадан корккондуктан, аны терең урматтагандыктан, тайманбастык менен кабар айткан.

21. Кудайдын жакшы кабарды жарыялоого байланыштуу буйругуна кандай жооп кайтарабыз?

21 Жахаба бизге да кабар айтуу ишин тапшырган. Буга биз кандай жооп кайтарып жатабыз? Биз да, Амоско жана Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына окшоп, Жахабанын колдоосу менен анын сөзүн тайманбастык менен айтуудабыз (Элчилер 4:23—31). Бул ишибизди душмандардын куугунтугу да, кабарда жолуккан адамдардын кошкөңүлдүгү да токтото албайт. Дүйнө жүзү боюнча Жахабанын Амоско окшогон ынталуу Күбөлөрү жакшы кабарды мындан ары да тайманбастык менен айта берүүгө түрткү алышууда. Биз Жахабанын жакындап келаткан соту тууралуу адамдарга эскертүүгө милдеттүүбүз. Ал эмне болгон сот? Бул суроого эмки макалада жооп берилет.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Амос Кудайдын тапшырмасын кандай жагдайларда аткарган?

• Амоско окшоп, эмне жөнүндө кабар айтышыбыз керек?

• Кабар айтуу ишин кандай рух менен аткарышыбыз керек?

• Эмне үчүн каршылаштарыбыз кабар айтуу ишибизди токтото алышпайт?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги сүрөт]

Кудай өзүнүн ишин аткарууга анжыр тилгич Амосту тандаган.

[11-беттеги сүрөт]

Амоско окшоп, Жахабанын кабарын тайманбастык менен жарыялап жатасыңбы?