Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга болгон сүйүү биримдикке өбөлгө түзөт

Кудайга болгон сүйүү биримдикке өбөлгө түзөт

Кудайга болгон сүйүү биримдикке өбөлгө түзөт

БИЗДИН замандын биринчи кылымында Ыйсанын жолдоочулары ар кандай адамдардан болушса да, алардын жыйналышында биримдик өкүм сүргөн. Чыныгы Кудайга сыйынгандардын арасында Азия, Европа жана Африка өлкөлөрүнүн элдери болгон. Андан сырткары, алар коомдун ар кайсы катмарынын өкүлдөрү, мисалы, ыйык кызмат кылуучулар, жоокерлер, кулдар, качкындар, кол өнөрчүлөр, ар кандай адистеги адамдар жана сатуучулар эле. Арасында жүйүттөр да, башка элдердин өкүлдөрү да болгон. Көпчүлүгү мурун бузуктук кылып жүрүшкөн же гомосексуалист, аракеч, ууру же опузалап алуучулардан болушкан. Бирок Кудайдын жолуна түшкөндөн кийин алар туура эмес жашоо мүнөзүнөн баш тартып, ишенимде биригишкен.

Кандайча Ыйсанын окутуулары ал адамдардын баарын биримдикке алып келген? Аларга бири-бири жана башка адамдар менен ынтымакта жашоого эмне жардам берген? Эмне себептен алар козголоңдор менен куралдуу кагылышууларга катышкан эмес? Эмне үчүн Ыйсанын алгачкы жолдоочулары учурдагы көпчүлүк диндердин мүчөлөрүнөн айырмаланышкан?

Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын биримдигине эмне өбөлгө түзгөн?

Кудайга болгон сүйүү Ыйсанын I кылымдагы жолдоочуларын бирдиктүү кылган негизги күч болгон. Алар өздөрүнүн эң негизги милдети чыныгы Кудай Жахабаны бүт жүрөгү, жан-дили жана акылы менен сүйүү экенин түшүнүшкөн. Мисалы, жүйүт элинен болгон элчи Петир башка улуттагы адамдын үйүнө барууга буйрук алган, Петир бөлөк жагдайда аны менен пикирлешпейт болчу. Ал бул буйрукка Жахабаны сүйгөндүктөн баш ийген. Петир жана Ыйсанын алгачкы жолдоочулары Кудай менен жакын мамиледе болушкан; андай мамиле Кудайдын сапаттары, ага эмне жагары жана жакпаары тууралуу так билимге негизделген. Убакыттын өтүшү менен Жахабанын кызматчыларынын баары Кудайдын эркине ылайык алар «бир ой, бир пикирге келиши» керек экенин түшүнүшкөн (1 Корунттуктарга 1:10; Матай 22:37; Элчилер 10:1—35).

Ыйса Машайакка болгон ишеним Кудайдын кызматчыларынын биримдигин ого бетер чыңдаган. Алар Ыйсанын изи менен так жүрүүнү каалашкан. Ыйса: «Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө! Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген (Жакан 13:34, 35). Ал жасалма сезим тууралуу эмес, жанаябастык сүйүү жөнүндө айткан. Мындай сүйүү кандай жемиш бермек? Ыйса өзүнө ишенгендер тууралуу: «Суранам. Сен, Ата, мени менен, ал эми мен сени менен биримдикте болгондой, алардын баары бир болушсун»,— деп тиленген (Жакан 17:20, 21, «ЖД»; 1 Петир 2:21).

Жахаба өзүнүн чыныгы кызматчыларына ыйык рухун, башкача айтканда, иш-аракеттүү күчүн берген. Ошол рух алардын бирдиктүү болушуна өбөлгө түзгөн, ошондой эле аларга кийин бардык жыйналыштар кабыл алган ыйык китептик окууларды түшүнүүгө жардам берген. Жахабанын кызматчыларынын бардыгы бир кабарды, Мессиялык Падышалык же адамзатты башкара турган асмандагы өкмөт аркылуу Жахабанын ысмынын ыйыкталышы тууралуу кабарды, таратышкан. Ыйсанын алгачкы жолдоочулары өздөрүнүн «бул дүйнөдөн» болбошу керектигин түшүнүшкөн. Ошондуктан жарандык көтөрүлүштөрдө жана куралдуу кагылышууларда бейтараптуулук сакташкан. Алар бардык адамдар менен тынчтыкта болууга умтулушкан (Жакан 14:26; 18:36; Матай 6:9, 10; Элчилер 2:1—4; Римдиктерге 12:17—21).

Кудайдын кызматчыларынын бардыгы биримдикти чыңдоонун маанилүүлүгүн түшүнүшкөн. Алар биримдигин кантип чыңдай алышмак? Ыйык китептик кеңештерге так кармануу менен. Элчи Пабыл ишенимдештерине «алдамчы кумарлары менен чирип бара жаткан эски адамдын мурдагы жүрүм-турумун таштоо» жана «жаңы адамды кийүү» керектигин жазган (Эфестиктерге 4:22—32).

Биримдикти сактоо

Арийне, Ыйсанын I кылымдагы жолдоочулары жеткилең эмес болушкан, ошондуктан алардын биримдигине коркунуч туудурган жагдайлар да болбой койгон эмес. Маселен, Элчилер 6:1—6-аяттардан эврейче сүйлөгөн жүйүттөр менен грекче сүйлөгөн жүйүттөрдүн ортосунда келишпестик пайда болгонун билебиз. Грекче сүйлөгөн жүйүттөргө беркилер аларды теңине албагандай көрүнгөн. Бул тууралуу элчилерге билдирилгенде, маселе тез жана адилеттүү түрдө чечилген. Кийинчерээк диний окууга байланыштуу келишпестик пайда болгон. Суроо Ыйсанын жүйүт эмес жолдоочуларына байланыштуу эле. Ыйык Китепке негизделген чечим чыгарылганда, аны бардык жыйналыш бир добуштан кабыл алган (Элчилер 15:1—29).

Бул мисалдардан көрүнүп тургандай, Ыйсанын I кылымдагы жолдоочуларынын ортосунда пайда болгон келишпестиктер этникалык бөлүнүүлөргө жана диний окутууларга байланыштуу чечилгис талаштарга алып барган эмес. Эмне үчүн? Анткени Жахабаны сүйүү, Ыйса Машайакка ишенүү, бири-бирин жанаябастык менен сүйүү, ыйык рухтун жетегине ылайык иш кылууну каалоо, ыйык китептик окутууларды бирдей түшүнүү жана өзгөрүлүүгө болгон даярдуулук жыйналыштагы биримдик менен тынчтыкты сактоого өбөлгө түзгөн.

Биздин күндөрдөгү биримдик

Бүгүн биримдикке жетүү мүмкүнбү? Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын биримдигине өбөлгө түзгөн нерселер азыркы мезгилде Кудайга ишенгендерге дүйнөнүн булуң бурчундагы бардык расанын өкүлдөрү менен тынчтыкта жашоого жардам бере алабы? Ооба! Жахабанын Күбөлөрү 230дан ашуун өлкөдө жана аймакта бүткүл дүйнөлүк бирдиктүү биртуугандык катары Кудайга кызмат кылып жатышат. Аларды Ыйсанын I кылымдагы жолдоочуларын бирдиктүү кылган нерселер бирдиктүү кылып турат.

Жахабанын Күбөлөрүнүн биримдиги биринчи кезекте Жахаба Кудайга болгон берилгендикке негизделет. Алар, кандай жагдай болбосун, Кудайга болгон берилгендигин сактоого умтулушат. Мындан сырткары, алар Ыйса Машайакка жана анын окутууларына ишенишет. Алар бири-бирине жанаябастык сүйүү менен мамиле кылышат. Ошондой эле Жахабанын Күбөлөрү бардык жерде бир эле кабарды — Кудайдын Падышалыгы тууралуу кабарды — жарыялашат. Алар ошол Падышалык тууралуу билгендерин бүт адамдарга алардын динине, расасына, улутуна же социалдык абалына карабай кубаныч менен айтышат. Жахабанын Күбөлөрү дүйнөнүн иштерине карата бейтараптуулук сакташат. Бул аларга адамдардын ортосундагы биримдикти бузуучу саясый, маданий, социалдык жана экономикалык талаш-тартыштардан качууга жардам берет. Күбөлөрдүн бардыгы ыйык китептик нормаларга ылайык иш кылуу менен биримдигин чыңдашат.

Байкабай коюуга мүмкүн болбогон биримдик

Кудайдын элинин биримдиги көпчүлүк учурда Күбө эмес адамдардын кызыгуусун туудурат. Маселен, Ильзе * мурун Германиядагы католиктердин кечилдер үйүндө кызмат кылган. Жахабанын Күбөлөрү ага эмнеси менен жаккан? Ильзе: «Алар — мен кезиктирген адамдардын эң жакшылары. Алар согушпайт, жакындарына жамандык кылбайт. Алар Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу алдында орной турган бейиште бүт адамдардын бактылуу жашашын каалашат»,— дейт.

Дагы бир мисалды карап көрөлү. Немис аскеринин катарындагы Гюнтер Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Францияда кызмат өтөгөн. Бир жолу протестант диний кызматчысы Гюнтер кызмат кылган бөлүктө аскерлер үчүн диний расми аткарат. Ал Кудайдан жардам, коргоо жана жеңиш сурап тиленет. Расми аяктаган соң, Гюнтер байкоо жүргүзүү пунктундагы орунга барып отурат. Ал дүрбү менен душмандарынын аскерлери үчүн башка диний кызматчы диний расмисин аткарып жатканын көрөт. Кийинчерээк Гюнтер: «Тигил дин кызматчы да Кудайдан жардам, коргоо жана жеңиш сурап тиленсе керек. Өздөрүн Ыйсанын жолдоочуларыбыз деп эсептегендер кандайча бири-бирине душман болуп калышканын түшүнбөй бушайман болдум»,— деп эскерген. Ошондо көргөндөрү Гюнтердин эсинде калып калган. Кийин ал дегеле согуш аттууга катышпаган Жахабанын Күбөлөрү менен таанышып, алардын бүткүл дүйнөлүк биртуугандыгына кошулган.

Ашок менен Фима чыгыш диндеринин бирин тутушчу. Атүгүл алардын үйүндө Кудайга сыйынууга арналган ыйык жай бар болчу. Бирок катуу ооруга чалдыгышканда алар динге байланыштуу көзкараштарын кайра карап чыгууну чечишкен. Ашок менен Фима Жахабанын Күбөлөрү менен пикирлешип, ыйык китептик окуулардан жана Күбөлөрдүн ортосундагы сүйүүдөн күчтүү таасир алышкан. Азыр экөө тең Жахабанын Падышалыгы тууралуу жакшы кабарды ынталуулук менен айтышууда.

Ильзе, Гюнтер, Ашок жана Фималар миллиондоп саналган Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк биртуугандыгынын мүчөсү болуп калышты. Алар Кудайга биримдикте кызмат кылууга шарт түзүп жаткан нерселер жакында тил алчаак адамдардын баарын биримдикке алып келери тууралуу Ыйык Китептеги убадага ишенишет. Ошондо диндин атынан ырайымсыздыктар кылынбайт жана бөлүнүп-жарылуу болбойт. Бүткүл адамзат жалгыз чыныгы Кудай Жахабага биримдикте кызмат кылат (Аян 21:4, 5).

[Шилтемелер]

^ 16-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[5-беттеги сүрөт]

Тек-тамыры ар башка болсо да, Ыйсанын алгачкы жолдоочулары Кудайга биримдикте кызмат кылышкан.