Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса көрсөткөн үлгүгө кармангыла

Ыйса көрсөткөн үлгүгө кармангыла

Ыйса көрсөткөн үлгүгө кармангыла

«Мен силерге үлгү көрсөттүм, Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылгыла» (Жакан 13:15).

1. Эмне үчүн Ыйса өзүнүн жолдоочулары үчүн үлгү болуп саналат?

АДАМЗАТ тарыхында бир эле адам өмүрүнүн аягына чейин күнөө кетирбей жашаган. Ал — Ыйса. Андан башка «күнөө кылбаган адам» болгон эмес (1 Падышалар 8:46; Римдиктерге 3:23). Ошол себептен Ыйсанын чыныгы жолдоочулары аны жеткилең үлгү катары көрүшөт. Б.з. 33-жылы 14-нисанда өлөрүнө аз калганда Ыйса жолдоочуларын аны тууроого чакырган. «Мен силерге үлгү көрсөттүм, Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылгыла»,— деген ал (Жакан 13:15). Ошол акыркы түнү Ыйса өзүнүн жолдоочуларына аны тууроонун бир нече жолун айтып өткөн. Алардын айрымдарын ушул макалада талкуулайбыз.

Момун болуунун зарылдыгы

2, 3. Момундуктун жеткилең үлгүсүн Ыйса кандайча көрсөткөн?

2 Ыйса шакирттерин өзүнөн үлгү алууга үндөгөндө көбүнчөсү момундук жөнүндө сөз кылган. Ал жолдоочуларына момун болуу тууралуу бир нече жолу кеңеш айткан, ал эми 14-нисан күнү кечинде элчилеринин бутун жуу менен өзүнүн момун экенин көрсөткөн. Анан Ыйса: «Мен Теңир [«Эге», «ЖД»] жана Устат болуп туруп, бутуңарды жуудум. Демек, силер да бири-бириңердин бутуңарды жуушуңар керек»,— деген (Жакан 13:14). Ошондон кийин ал элчилерин өзүнөн үлгү алууга чакырган. Ыйса момундугу менен кандай сонун үлгү көрсөткөн!

3 Элчи Пабыл Ыйсанын жерге келгенге чейин «Кудайдын бейнеси» болгонун айтат. Ошого карабастан Ыйса өзүн басынтып, жерге карапайым адам болуп келген. Андан сырткары, ал кыйноо мамысында «өлгөнгө чейин тил алчаак болгон» (Филипиликтерге 2:6—8). Ушул тууралуу ойлонуп көрсөңөр. Ээлеген абалы боюнча ааламда экинчи орунда турган Ыйса периштелерден төмөн абалда болууга, алсыз ымыркай болуп төрөлүүгө, жеткилеңсиз ата-энеге баш ийип чоңоюуга жана акырында жек көрүндү болгон кылмышкер сыяктуу өлүүгө макул болгон (Колостуктарга 1:15, 16; Эврейлерге 2:6, 7). Кандай момундук! Ошондой «ой жүгүртүүгө» үйрөнүү жана ошондой момундук өрчүтүү мүмкүнбү? (Филипиликтерге 2:3—5). Ооба, бирок бул жеңил эмес.

4. Адамдар эмнеден улам текеберденип кетиши мүмкүн жана андай сапат эмнеси менен коркунучтуу?

4 Момундукка карама-каршы сапат — текебердик (Накыл сөздөр 6:16—19). Шайтандын жогорку абалдан айрылышына текебердик себеп болгон (1 Тиметейге 3:6). Ал сапат адамдардын жүрөгүнөн бат эле орун алат, ал эми тамыр жайгандан кийин аны жок кылуу оңой эмес. Адамдар өздөрүнүн өлкөсү, расасы, мал-мүлкү, билими, жетишкендиктери, социалдык абалы, сырткы көрүнүшү, спорттук шык-жөндөмү жана башка көп нерселери менен сыймыктанышат. Бирок Жахаба үчүн булардын бири да маанилүү эмес (1 Корунттуктарга 4:7). Ошондуктан ушундай нерселерден улам бой көтөрө турган болсок, биз Кудай менен болгон мамилебизди бузуп алабыз. «Теңир эң бийик, Ал момунду да көрөт, текеберди да алыстан тааныйт» (Забур 137:6; Накыл сөздөр 8:13).

Биртуугандарыбыздын арасында момундук көрсөтүү

5. Аксакалдардын момун болушу эмне үчүн маанилүү?

5 Жахабага кызмат кылууда кошкон салымыбыз, жетишкендиктерибиз, ошондой эле жыйналыштагы жоопкерчиликтерибиз да бой көтөрүп кетишибизге себеп болбошу керек (1 Жылнаама 29:14; 1 Тиметейге 6:17, 18). Чынында, жоопкерчиликтерибиз канчалык жогору болсо, ошончолук момун болушубуз зарыл. Элчи Петир аксакалдарды «энчинин үстүнөн үстөмдүк кылбай», «үйүргө үлгү болууга» үндөгөн (1 Петир 5:3). Аксакалдар мырза же бий болууга эмес, кызматчы жана үлгү болууга дайындалат (Лука 22:24—26; 2 Корунттуктарга 1:24).

6. Кайсы учурларда момундук көрсөтүү зарыл?

6 Момундук сапатын аксакалдар эле өрчүтүшү керек эмес. Айрым жаштар улгайгандарга караганда зээндүүрөөк, күчтүүрөөк болгонуна сыймыктанышы мүмкүн. Бирок Петир аларга: «Бардыгыңар бири-бириңерге баш ийип, момун болгула. Анткени Кудай текеберлерге каршы, ал эми момундарга ырайымдуу»,— деп жазган (1 Петир 5:5). Ооба, Ыйсаныкындай момундукту баарыбыз өрчүтүшүбүз керек. Жакшы кабарды таратуу үчүн (айрыкча, кошкөңүлдүккө же кастыкка дуушар болгондо) момун болуу маанилүү. Кеңешти кабыл алуу үчүн же кызматка көбүрөөк катышуу максатында жашообузду жөнөкөйлөтүү үчүн да момундук талап кылынат. Ошондой эле жалган маалыматтардын курмандыгы болгондо, юридикалык кол салууларга же ырайымсыз куугунтукка кабылганда момундук, тайманбастык жана ишеним көрсөтүү зарыл (1 Петир 5:6).

7, 8. Момундук өрчүтүүнүн айрым жолдору кайсылар?

7 Канткенде адам текебердикти жеңип, «момундук менен башкаларды өзүнөн» жогору санай алат? (Филипиликтерге 2:3). Ал өзүнө Жахабанын көзү менен карашы керек. Канткенде ошондой туура маанай сактоого болорун түшүндүрүп, Ыйса: «Өзүңөргө тапшырылган ишти аткаргандан кийин: „Биз эч нерсеге татыбаган кулдарбыз, анткени аткарышыбыз керек болгон ишти гана аткардык“,— дегиле»,— деп айткан (Лука 17:10). Ыйса биздин колубуздан келе турган нерселерден алда канча көптү кылган. Ошого карабастан момун болгон.

8 Андан тышкары, биз Жахабадан өзүбүзгө карата туура көзкараш өрчүтүүгө жардам сурай алабыз. Забурчуга окшоп: «Мени туура ой жүгүртүүгө жана билимге үйрөт, анткени мен Сенин осуяттарыңа ишенем»,— деп тиленсек болот (Забур 118:66). Жахаба бизге өзүбүзгө карата туура, теңсалмактуу көзкарашта болууга жардам берет жана момундук көрсөткөнүбүз үчүн батасын берет (Накыл сөздөр 18:12). Ыйса: «Ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат. Ким өзүн басынтса, ал көтөрүлөт»,— деп айткан (Матай 23:12).

Жакшы менен жаманга карата туура көзкараш

9. Ыйса жакшы менен жаманга кандай караган?

9 Ыйса жеткилеңсиз адамдардын арасында 33 жыл жашаса да, «күнөө кылган эмес» (Эврейлерге 4:15). Машайак жөнүндө пайгамбарлык кылып, забурчу: «Сен чындыкты сүйүп, мыйзамсыздыкты жек көрдүң»,— деп айткан (Забур 44:8; Эврейлерге 1:9). Ыйсанын жолдоочулары аны бул жагынан да тууроого умтулушат. Алар эмне жакшы, эмне жаман экенин билип эле койбостон, жамандыкты жек көрүп, жакшылыкты сүйүшөт (Амос 5:15). Бул аларга күнөөгө азгырган тубаса кумарлары менен күрөшүүгө жардам берет (Башталыш 8:21; Римдиктерге 7:21—25).

10. Өкүнбөй «жаман иштерди» жасай берсек, кандай маанай көрсөтөбүз?

10 Ыйса Никедим аттуу фарисейге мындай деген: «Жаман иштерди жасаган адам жарыкты жек көрүп, кылган жаман иштери ашкереленбес үчүн, жарыкка келбейт. Ал эми акыйкаттык жолунда жүргөн адам кылган иштеринин Кудайдын жардамы менен кылынгандыгы көрүнүп туруш үчүн, жарыкка келет» (Жакан 3:20, 21). Жакан Ыйсаны «ар бир адамды жарык кылуучу чыныгы Жарык» деп атаган (Жакан 1:9, 10). Бирок Ыйса Жахабага жакпаган «жаман иштерди» жасасак, жарыкты жек көрөрүбүздү айткан. Ыйсаны жана анын нормаларын ким жек көрмөк эле? Тилекке каршы, өкүнбөй күнөө кылып жаткандар так ошентишүүдө. Алар өздөрү андай деп эсептебеши мүмкүн, бирок Ыйса ошондой деп эсептейт.

Кантип жакшы менен жаманга Ыйсаныкындай көзкараш өрчүтө алабыз?

11. Жакшы менен жаманга карата Ыйсаныкындай көзкараш өрчүтүү үчүн эмне кылуу керек?

11 Биз Жахабанын көз алдында эмне жакшы, эмне жаман экенин айкын түшүнүшүбүз керек. Андай түшүнүккө Кудайдын Сөзүн, Ыйык Китепти, изилдөө менен гана ээ боло алабыз. Изилдөө жүргүзүүдө забурчуга окшоп: «Теңир, мага Өз жолуңду көрсөт, Өз жолуңда жүргөндү үйрөт»,— деп тиленишибиз зарыл (Забур 24:4). Бирок Шайтандын куу экенин унутпайлы (2 Корунттуктарга 11:14). Этият болбосок, ал бизге жаман нерсени жакшы кылып көрсөтүп коюшу мүмкүн. Ошондуктан үйрөнгөндөрүбүздүн үстүнөн терең ой жүгүртүп, «ишенимдүү жана акылдуу кулдун» кеңештерин кунт коюп угушубуз керек (Матай 24:45—47). Изилдөө, тиленүү жана ой жүгүртүү бизге рухий жактан өсүп жетилүүгө жана «ой-сезими жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө көнүккөн» биртуугандарыбыздын арасында болууга жардам берет (Эврейлерге 5:14). Ошондо биз жамандыкты жек көрүүгө жана жакшылыкты сүйүүгө дилгир болобуз.

12. Ыйык китептик кайсы кеңеш мыйзамсыздык кылбоого жардам берет?

12 Жамандыкты жек көрсөк, жаман нерселерге болгон каалоонун жүрөгүбүздө тамырлашына жол бербейбиз. Ыйсанын өлүмүнөн көп жыл өткөндөн кийин, элчи Жакан мындай деп жазган: «Бул дүйнөнү жана бул дүйнөдөгүнү сүйбөгүлө. Ким дүйнөнү сүйсө, ал адамда Атага болгон сүйүү жок. Анткени бул дүйнөдө болгон нерсенин баары: дене кумары, көз кумары жана турмуш-тиричиликтеги текебердик. Булар Атадан эмес, бул дүйнөнүкү» (1 Жакан 2:15, 16).

13, 14. а) Дүйнөдөгү нерселерди сүйүү Ыйсанын жолдоочулары үчүн эмнеси менен коркунучтуу? б) Дүйнөдөгү нерселерге сүйүү өрчүтүүдөн кантип кача алабыз?

13 Кээ бирөөлөр дүйнөдөгүнүн баары эле жаман эмес деп ойлошу мүмкүн. Андай болгон күндө да дүйнө жана анын азгырыктары бизди Жахабага кызмат кылуудан оңой эле алаксытып коюшу мүмкүн. Ошондой эле дүйнө сунуш кылган нерселердин эч бири бизди Кудайга жакындата албайт. Андыктан дүйнөдөгү нерселерди, атүгүл жаман деп эсептелбеген нерселерди сүйө баштасак, биз коркунучтуу жолго түшкөн болобуз (1 Тиметейге 6:9, 10). Андан тышкары, дүйнөдө бузуку нерселер арбын, алар бизди бузушу ыктымал. Зордук-зомбулукту, дүнүйөкордукту же адеп-ахлаксыздыкты чагылдырган фильмдерди же телепрограммаларды көрсөк, андай нерселер биз үчүн кадимки эле нерсеге айланып, кийин азгырылышыбызга себеп болушу мүмкүн. Эгерде биринчи кезекте өздөрүнүн жашоо деңгээлин жакшыртууну же бизнесин өркүндөтүүнү көздөгөн адамдар менен мамилелешсек, ал нерселер биз үчүн да маанилүү болуп калышы ыктымал (Матай 6:24; 1 Корунттуктарга 15:33).

14 Ал эми Жахабанын Сөзүнөн ырахат таба турган болсок, анда «дене кумары, көз кумары жана турмуш-тиричиликтеги текебердик» бизди өзүнө тартпай калат. Андан тышкары, эгер Кудайдын Падышалыгынын кызыкчылыктарын биринчи орунга койгондор менен пикирлешсек, биз алар сүйгөн нерселерди сүйүп, алар качкан нерселерден качабыз (Забур 14:4; Накыл сөздөр 13:20).

15. Ыйсага окшоп, адилдикти сүйүп, мыйзамсыздыкты жек көргөнүбүз бизди кандайча бекемдейт?

15 Мыйзамсыздыкты жек көрүү жана адилдикти сүйүү Ыйсага «алдыда күтүп турган кубанычты» эсинде бек тутууга жардам берген (Эврейлерге 12:2). Биз да ошенте алабыз. «Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болору» бизге белгилүү. Дүйнө сунуш кылган ырахаттануулардын баары убактылуу. «Ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт» (1 Жакан 2:17). Ыйса Кудайдын эркин аткарууда акырына чейин ишенимдүү болгондуктан адамдардын түбөлүк өмүр алышына мүмкүнчүлүк ачкан (1 Жакан 5:13). Келгиле, баарыбыз тең ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланалы жана Ыйсаны тууроого умтулалы.

Куугунтукка чыдоо

16. Эмне үчүн Ыйса жолдоочуларын бири-бирин сүйүүгө үндөгөн?

16 Ыйса: «Менин осуятым бул: бири-бириңерди Мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө» — деп айтып, шакирттерине аны тууроонун дагы бир жолун көрсөткөн (Жакан 15:12, 13, 17). Ыйсанын жолдоочулары ишенимдештерин көп себептерден улам сүйөт. Жогорудагы сөздөрдөн кийин Ыйса, негизинен, дүйнөнүн жек көрүүсү жөнүндө айткан. Ал мындай деген: «Эгерде бул дүйнө силерди жек көрсө, силерден мурун Мени жек көргөнүн билгиле. „Кул өз кожоюнунан өйдө эмес“... Эгерде Мени кубалашкан болсо, силерди да кубалашат» (Жакан 15:18, 20). Ооба, Ыйсанын жолдоочулары ага куугунтукталышканы менен да окшош. Дүйнөнүн жек көрүүсүнө туруштук берүү үчүн, алар күчтүү жана назик сүйүүнү өрчүтүшү керек.

17. Дүйнө Ыйсанын чыныгы жолдоочуларын эмне үчүн жек көрөт?

17 Дүйнө Ыйсанын жолдоочуларын эмне үчүн жек көрөт? Анткени алар, Ыйсага окшоп, «бул дүйнөдөн эмес» (Жакан 17:14, 16). Алар аскердик, саясый маселелерде бейтараптуулук сакташат жана өмүрдүн ыйыктыгын баалап, адеп-ахлактык бийик нормаларга карманып, ыйык китептик принциптер боюнча жашашат (Элчилер 15:28, 29; 1 Корунттуктарга 6:9—11). Алардын негизги максаттары дүнүйөкорлукка эмес, рухийликке байланышкан. Алар дүйнөдө жашашат, бирок Пабыл жазгандай, дүйнөнү «толугу менен пайдаланышпайт» (1 Корунттуктарга 7:31, «ЖД»). Кээ бирөөлөрдүн Жахабанын Күбөлөрү карманган бийик нормаларга суктанары чын. Бирок Жахабанын Күбөлөрү башкаларды суктандыруу же аларга жагуу аракетинде өздөрүнүн принциптеринен тайбайт. Натыйжада дүйнөдөгү адамдардын көбү аларды түшүнүшпөйт жана көптөр аларды жек көрөт.

18, 19. Ыйсанын жолдоочулары, андан үлгү алып, каршылыкка жана куугунтукка кантип туруштук беришет?

18 Ыйсанын элчилери дүйнөнүн жек көрүүсүн Ыйса камакка алынганда жана өлтүрүлгөндө көрүшкөн, ошондой эле алар Ыйсанын ошол жек көрүүгө кандай туруштук бергенине күбө болушкан. Ыйсанын диний каршылаштары аны колго түшүргөнү Гетсемани багына келишкенде, Петир аны кылыч менен коргоого аракеттенген. Ошондо Ыйса ага: «Кылычыңды кынына сал. Кылыч көтөргөндүн баары кылычтан өлөт»,— деп айткан (Матай 26:52; Лука 22:50, 51). Байыркы убакта ысрайылдыктар душманга каршы кылыч менен чыгышчу. Бирок кийин абал өзгөргөн. Кудайдын Падышалыгы «бул дүйнөдөн эмес» эле жана анын коргой турган мамлекеттик чегаралары болгон эмес (Жакан 18:36). Петир кийинчерээк асманда боло турган рухий элге мүчө болмок (Галаттыктарга 6:16; Филипиликтерге 3:20, 21). Ошондуктан андан ары Ыйсанын жолдоочулары жек көрүүгө жана куугунтукка Ыйсадай болуп, тайманбай, бирок тынчтык жолу менен туруштук беришмек. Алар ишти Жахабага тапшырып, анын чыдоого күч берерине таянышмак (Лука 22:42).

19 Бир канча жылдан кийин Петир: «Машайак... биз үчүн азап тарткан. Анын изи менен басышыбыз үчүн, Ал бизге үлгү калтырып кеткен... Кордошкондо, Ал кордоо менен жооп берген эмес. Азап тартканда, эч кимди коркуткан эмес, бирок адилет Сотко тапшырган»,— деп жазган (1 Петир 2:21—23). Ыйса эскерткендей, убакыттын өтүшү менен анын жолдоочулары катуу куугунтукка алынышкан. I кылымдагы шакирттердей эле, Ыйсанын азыркы жолдоочулары да анын үлгүсү боюнча жашашат жана өздөрүнүн актыгын сактоодо тынчтыкка умтулушарын айгинелеп, ишенимдүүлүк менен туруктуулуктун сонун үлгүсүн көрсөтүшүүдө (Аян 2:9, 10). Келгиле, кыйын жагдайларга туш болгондо ар бирибиз ишенимдүү бойдон калууга чечкиндүү бололу (2 Тиметейге 3:12).

«Эгебиз Ыйса Машайакты кийгиле»

20—22. Кандай мааниде «Эгебиз Ыйса Машайакты кие» алабыз?

20 Пабыл Римдеги жыйналышка: «Теңирибиз Ыйса Машайак менен тыгыз байланышта болгула [«Эгебиз Ыйса Машайакты кийгиле», «ЖД»]. Денеге кам көрүүнү кумарга айландырбагыла»,— деп жазган (Римдиктерге 13:14). Ыйсанын жолдоочулары каймана мааниде аны кийим сыяктуу кийишет. Алар анын сапаттары менен иш-аракеттерин тууроого умтулушат жана жеткилеңсиз болушса да, өздөрүнүн Устатын бардык жактан чагылдырууга аракеттенишет (1 Тесалоникалыктарга 1:6).

21 Эгер Ыйсанын жашоосун жакшы билсек жана ал кандай жашаса, ошондой жашоого аракеттенсек, «Эгебиз Ыйса Машайакты кийүүдө» ийгиликтүү боло алабыз. Биз анын момундугун, адилдикке болгон сүйүүсүн, мыйзамсыздыкка болгон жек көрүүсүн, биртуугандарына болгон сүйүүсүн, дүйнөдөн болбой, азап чегүүдө көрсөткөн туруктуулугун туурайбыз. Биз «денеге кам көрүүнү кумарга айландырбайбыз», башкача айтканда, рухийликке байланышы жок максаттарыбызды ишке ашырууну же денелик кумарларыбызды канааттандырууну жашообузда алдыңкы орунга койбойбуз. Тескерисинче, чечим чыгарууда же кандайдыр бир кыйынчылыкты чечүүдө өзүбүздөн: «Бул жагдайда Ыйса эмне кылмак? Менин эмне кылышымды туура көрмөк?» — деп сурайбыз.

22 Ошондой эле биз Ыйсаны «Жакшы Кабар таратууга» жигердүү катышып туурайбыз (Матай 4:23; 1 Корунттуктарга 15:58). Ыйсанын жолдоочулары бул жагынан да ал көрсөткөн үлгүгө карманышат. Кантип? Бул суроо эмки макалада талкууланат.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Ыйсанын жолдоочусунун момун болушу эмне үчүн маанилүү?

• Жакшы менен жаманга карата кантип туура көзкараш өрчүтө алабыз?

• Ыйсанын жолдоочулары каршылыкка жана куугунтукка туруштук берүүдө аны кантип туурай алышат?

• Кандай мааниде «Эгебиз Ыйса Машайакты кие» алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[18-беттеги сүрөт]

Ыйса момундуктун жеткилең үлгүсүн көрсөткөн.

[20-беттеги сүрөт]

Жашообуздун ар бир тармагында, анын ичинде кабар айтууда момундук көрсөтүшүбүз керек.

[21-беттеги сүрөт]

Шайтан бизге ыпылас көңүл ачууну жакшы кылып көрсөтө алат.

[22-беттеги сүрөт]

Биртуугандарыбыздын сүйүүсү бизди каршылыкка туруштук берүүгө бекемдейт.