Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн көптөр диндин биримдикке өбөлгө түзө аларына шектенишет?

Эмне үчүн көптөр диндин биримдикке өбөлгө түзө аларына шектенишет?

Эмне үчүн көптөр диндин биримдикке өбөлгө түзө аларына шектенишет?

«ЖАКЫНЫҢДЫ... сүй» (Матай 22:39). Бул көптөгөн диндердин негизги окутуусу болуп эсептелет. Эгер диний агымдар жакынды сүйүүгө үйрөтүүдө ийгиликке жетишкен болсо, анда алардын мүчөлөрү бирдиктүү болушмак. Бирок дүйнөдө биримдик бар деп айтууга болобу? Дин биримдикке өбөлгө түзүүдөбү? Жакында Германияда: «Дин адамдардын бирдиктүү болушуна өбөлгө түзөбү же аларды бөлүп-жарабы?» — деген суроонун негизинде сурамжылоо жүргүзүлгөн. Ага катышкандардын 22 пайызы дин биримдикке өбөлгө түзөт деп жооп берсе, 52 пайызы бөлүп-жарат дешкен. Балким, силердин жергеңердеги адамдар да ушу сыяктуу ойдодур?

Эмне үчүн көптөр диндин биримдикке өбөлгө түзө аларына шектенишет? Мүмкүн, буга тарых себеп болууда. Анткени дин адамдарды ынтымакта жашоого үйрөткөндүн ордуна, көп учурда бөлүп-жарып келет. Кээде диний эки жүздүүлүктөн аза бойду титиреткен мыкаачылыктар жасалат. Буга мисал кылып акыркы жүз жылдыкта болуп өткөн айрым окуяларды карап көрөлү.

Диндин таасиринен улам

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Балкандагы хорват-католиктер менен православие динин туткан сербдер бири-бирин кырууга даяр болушкан. Эки топ тең өздөрүн жакыныңарды сүйгүлө деп окуткан Ыйсанын жолдоочуларыбыз деп эсептешкен. Тилекке каршы, бир изилдөөчүнүн айтымына ылайык, алардын касташуусу «тарыхтагы эң кандуу кагылышуулардын бирине» айланган. Анын айынан 500 миңден ашык адам: эркек-аялдар жана балдар каза тапканы маалым болгондо, дүйнө жүзүндөгү адамдардын төбө чачы тик турган.

1947-жылы Индияда 400 миллиондой адам жашаган. Бул дүйнөдөгү калктын бештен бир бөлүгүн түзгөн. Алар, негизинен, индус, мусулман жана сикхилер эле. Индия экиге бөлүнгөндө, калкынын көбүн мусулмандар түзгөн Пакистан өлкөсү пайда болгон. Ошондо бир нече диний кагылышуулардын айынан эки өлкөдө тең жүз миңдеген качкындар өрттөлүп, сабалып, мыкаачылык менен кыйноого алынган же окко учуп өлүшкөн.

Мурун болуп өткөн бул окуялар аздык кылгансып, азыркы кылымдын башында террорчулук коркунучу айкын көрүнүп турат. Бүгүн террорчулук бүткүл дүйнөнү титиретүүдө жана террористтик топтордун көпчүлүгү өздөрүн кайсы бир диндин өкүлдөрүбүз деп ырасташат. Дин биримдикке өбөлгө түзөрлүк күч катары эсептелбейт. Тескерисинче, ал көпчүлүк учурда зордук-зомбулук жана бөлүп-жаруу менен байланыштырылат. Андыктан Германияда чыккан «Фокус» аттуу журналда дүйнөдөгү негизги диндердин: буддизм, христианчылык, конфуцийчилик, индуизм, ислам, иудаизм жана даосизмдин жардыруучу затка салыштырылганы таң калыштуу деле эмес.

Ич ара талаш-тартыштар

Кайсы бир диндин өкүлдөрү башкалары менен согушуп жатышса, айрым диндердин өкүлдөрү ич ара талашып-тартышууда. Маселен, бир нече жылдан бери христиан дүйнөсүнүн чиркөөлөрү окууларга байланыштуу бир ойго келе албай жатышат. Диний жетекчилер да, чиркөөгө келгендер да: «Бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу туурабы? Абортко кандай кароо керек? Аялдарды ыйык кызмат кылуучулукка дайындаса болобу? Чиркөө кызматчылары гомосексуализмге кандай карашы керек? Дин согушту жакташы керекпи?» — деген суроолорго жооп алгылары келет. Диний чөйрөдө ушундай суроолорго байланыштуу биримдик жок болгондуктан, көптөрдө: «Бир динди туткан адамдардын ортосунда биримдик жок болуп жатса, дин кантип биримдикке өбөлгө түзө алмак эле?» — деген суроо туулат.

Диндин жалпысынан адамдардын биримдигине өбөлгө түзбөй келгени айкын. Бирок диндердин бардыгы эле бөлүп-жарабы? Башка диндерден айырмаланып, биримдикке өбөлгө түзгөн дин барбы?

[3-беттеги сүрөт]

1947-жылы Индиядагы диний топтордун кагылышуусунда жарадар болгон полиция кызматкерлери.

Photo by Keystone/Getty Images