Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба ар дайым туура иш кылат

Жахаба ар дайым туура иш кылат

Жахаба ар дайым туура иш кылат

«Теңир Өзүнүн бардык жолунда адилет» (Забур 144:17).

1. Кимдир бирөө сен тууралуу туура эмес жыйынтыкка келсе, кандай сезимде болосуң жана андай жагдайдан кандай маанилүү сабак алсак болот?

КИМДИР бирөө фактылардын баарын эске албай туруп эле, балким, максат жана ниеттериңе шек санап, сен тууралуу туура эмес жыйынтыкка келген учур болду беле? Болсо, албетте, абдан эле капалансаң керек. Мындан маанилүү бир сабак ала алабыз: иштин чоо-жайын толук билбей туруп шашылыш жыйынтык чыгаруудан качуу акылмандыкка жатат.

2, 3. Ар бир суроого жооп ала алгыдай жетиштүү маалымат камтылбаган ыйык китептик билдирүүлөрдү окуганда айрымдар эмне кылышат, бирок Ыйык Китепте Жахаба тууралуу эмне деп айтылат?

2 Жахаба Кудай тууралуу жыйынтык чыгарууда ушул сабакты эстен чыгарбаганыбыз абзел. Эмне себептен? Анткени Ыйык Китептеги айрым билдирүүлөрдү адеп окуганда кээ бирөөлөрдө терс ой пайда болуп, таң калышы мүмкүн. Ал билдирүүлөрдө — мейли, алар Кудайдын кызматчылары кылган иш-аракеттер же Анын байыркы убактарда жүргүзгөн соттору тууралуу болобу — пайда болгон суроолорубузга жооп алууга жардам берерлик майда-чүйдө маалыматтар жетишсиз болушу ыктымал. Тилекке каршы, айрымдар Жазмадагы андай үзүндүлөрдү сынга алып, ал турсун, Кудайдын адил жана акыйкат экенине шек санай башташат. Бирок Ыйык Китепте «Теңир Өзүнүн бардык жолунда адилет» экени айтылат (Забур 144:17). Мындан сырткары, Ыйык Жазма бизди Кудайдын «адилетсиз иш кылышы мүмкүн эмес» экенине ынандырат (Аюб 34:12, МАК; Забур 36:28). Анда Кудайдын башкалар ал жөнүндө туура эмес жыйынтыкка келгенде кандай сезимде болорун элестетсеңер.

3 Анда эмесе, келгиле, Жахаба чыгарган өкүмдөрдүн тууралыгына эмне үчүн шектенбешибиз керектигинин беш себебин карап чыгалы. Андан соң аларды эске алып, Ыйык Китептен айрымдарга таң калыштуудай көрүнгөн эки билдирүүнү карап көрөлү.

Эмне үчүн Жахаба чыгарган өкүмдөрдүн тууралыгына шектенбөө керек?

4. Эмне себептен Кудайдын көргөн чаралары тууралуу сөз жүргөндө момундук көрсөткөнүбүз абзел? Мисал менен түшүндүргүлө.

4 Биринчиден, Жахаба бизге караганда фактылардын баарын билет. Ошондуктан ал көргөн чаралар тууралуу сөз жүргөндө момундук көрсөткөнүбүз абзел. Мисалы, дайым адилет чечим чыгарганы менен таанымал болгон сот өкүм чыгарды дейли. Анан эле фактылардын баары менен тааныш болбогон же каралып жаткан ишке байланышы бар мыйзамдарды билбеген бирөө ошол соттун чечимин сынга алса, кандай ойдо болот элеңер? Каралып жаткан иш тууралуу кабардар болбогон бирөөнүн сот чыгарган өкүмдү сынга алышы акылсыздык болуп калмак (Накыл сөздөр 18:13). Анда жөнөкөй эле пенделердин «бүткүл жер жүзүнүн Сотун» сынга алганы андан да өткөн акылсыздык! (Башталыш 18:25).

5. Ыйык Китептен Кудайдын кайсы бир адамдарга чыгарган өкүмдөрү тууралуу окуганыбызда эмнени унутпашыбыз керек?

5 Кудайдын чечимдеринин тууралыгына шектенбөөнүн экинчи себеби анын, адамдардан айырмаланып, жүрөктөгү сырды биле алышында (1 Шемуел 16:7). Анын Сөзүндө: «Мен, Теңир, ар бир адамга өзүнүн жолуна жараша жана өзүнүн кылган ишинин жемиштерине жараша тиешесин берүү үчүн, жүрөккө кирип турам, ички дүйнөнү сынап турам»,— деп айтылат (Жеремия 17:10). Ошондуктан Ыйык Китептен Кудайдын кайсы бир адамдарга карата чыгарган өкүмдөрү тууралуу окуганыбызда, Ал баарын көрүп-билип тургандыктан, ошол адамдардын Ыйык Китепте айтылбай кеткен жашыруун ойлорун, ниеттери менен максаттарын эске алганын унутпашыбыз керек (1 Жылнаама 28:9).

6, 7. а) Жахаба акыйкат жана адил нормаларына өзү үчүн кымбатка турган күндө да карманарын кандайча көрсөткөн? б) Ыйык Китептен кайсы бир билдирүүнү окуганда Кудайдын туура же адилет иш кылганына карата күмөн саноо пайда болсо, эмнени эстешибиз керек?

6 Жахабанын чыгарган өкүмдөрүнүн тууралыгына шектенүү туура эмес экенин көрсөткөн үчүнчү себепке көңүл бурсаңар. Кудай өзүнүн адил нормаларын эч качан, атүгүл өзү үчүн кымбатка турган күндө да бузбайт. Буга байланыштуу бир мисал карап көрөлү. Тил алчаак адамзатты күнөө жана өлүмдөн арылтуу үчүн Жахаба Уулун курмандыкка берүү менен өзүнүн акыйкат жана адил нормаларына ылайык иш кылган (Римдиктерге 5:18, 19). Сүйүктүү Уулунун мамыда канчалык азап тартып өлгөнүн көргөндө Жахабанын абдан кыйналганы шексиз. Бул Кудай тууралуу эмнени айтып турат? Ыйык Китепте «Машайак Ыйсанын кун төлөгөнү» аркылуу «Кудай Өзүнүн адилеттүүлүгүн көрсөттү» делет (Римдиктерге 3:24—26). Башка бир котормодо Римдиктерге 3:25-аят: «Бул Кудайдын дайым туура жана адилет иш кыларын көрсөтөт»,— деп берилген («New Century Version»). Ооба, кун төлөнүшү үчүн, Жахабанын эмнеге барууга даяр болгону анын «туура жана адилет» нерсени баарынан жогору коёрун көрсөтүп турат.

7 Ошондуктан Ыйык Китептен кайсы бир билдирүүнү окуганда Кудайдын ошол учурда туура же адилет иш кылганына күмөн саноо пайда болсо, төмөнкүнү эстегенибиз абзел: адил жана акыйкат нормаларына бекем кармангандыктан Жахаба өз Уулун да азаптуу өлүмдөн сактап калган эмес. Анда башка учурларда ал өзүнүн нормаларын бузмак беле? Чындык мына ушунда: Жахаба өзүнүн адил жана акыйкат нормаларын эч качан бузбайт. Ошол себептүү Кудайдын ар дайым туура жана адилет иш кыларына шектенбөөгө бизде жетиштүү негиздер бар (Аюб 37:23).

8. Эмне себептен адамдардын Жахабада акыйкаттык жана адилдик сезими кандайдыр бир деңгээлде кем деп ойлогону таптакыр туура эмес?

8 Жахаба чыгарган өкүмдөрдүн тууралыгына шектенүү туура эмес экенин көрсөткөн төртүнчү себепке кайрылып көрөлү. Жахаба адамды өз бейнеси боюнча жараткан (Башталыш 1:27). Андыктан адамдар Кудайда бар касиет-сапаттарга, алардын ичинде акыйкаттык жана адилдик сыяктуу сапаттарга ээ. Ушул сапаттар пайда кылган сезимдерибизден улам Жахабада бул сапаттар кандайдыр бир деңгээлде кем деп ойлогонубуз таптакыр туура эмес болуп калар эле. Жазмадагы кайсы бир билдирүүнү окуганда таң калып бушайман болсок, тукум кууп өткөн күнөөнүн таасиринен улам биздин акыйкат жана адилдик жөнүндөгү түшүнүгүбүз жеткилең эмес экенин эстешибиз керек. Жахаба, бизди өз бейнеси боюнча жараткан Кудай, акыйкаттык менен адилдикти жеткилең түрдө чагылдырат (Мыйзам 32:4). Адамдар Кудайдан да акыйкат жана адилет боло алат деп ойлоо чоң жаңылыштык болуп калат (Римдиктерге 3:4, 5; 9:14).

9, 10. Эмне себептен Жахаба эмне үчүн тигиндей же мындай иш кыларын адамдарга түшүндүрүүгө же алардын алдында актанууга милдеттүү эмес?

9 Бешинчиден, Жахаба «жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай» болгондуктан, анын чыгарган өкүмдөрүнүн тууралыгына шектенүү натуура (Забур 82:19). Ааламдын Эгедери болгондуктан Ал эмне себептен тигиндей же мындай иш кыларын адамдарга түшүндүрүүгө же алардын алдында актанууга милдеттүү эмес. Кудай — улуу Карапачы, биз болсо идишке айландырылган чопо сыяктуубуз, ал бизге каалагандай мамиле кылууга акылуу (Римдиктерге 9:19—21). Анын чыгарган чечимдерине жана көргөн чараларына шек туудургудай биз — анын колунан чыккан идиштер — кимбиз? Аюб пайгамбар Кудайдын адамдарга жасаган мамилесин түшүнбөй жатканын билдиргенде, Жахаба ага: «Өзүңдү акташ үчүн, Менин сотумду жокко чыгарып, Мени айыптагың келеби?» — деп суроо берип, анын оюн оңдогон. Кийин Аюб түшүнүгүнүн жетишсиздигинен улам туура эмес сүйлөп алганына өкүнгөн (Аюб 40:8; 42:6). Ошондуктан эч качан Кудайдан жазык табууга аракеттенбейли!

10 Жахабанын ар дайым туура иш кыларына бекем ишенүүгө толук негиз бар экени айкын болду. Эми Жахабанын кандайча иш жүргүзөрүн түшүнгөн соң, келгиле, Ыйык Китептен айрымдар таң калыштуу деп эсептеген эки билдирүүнү талдап чыгалы. Биринчиси — Кудайга сыйынган адамдын иш-аракетине, экинчиси болсо Жахаба өзү чыгарган сот өкүмүнө байланыштуу.

Эмне себептен Лот жаалдуу адамдардын тобуна кыздарын сунуш кылган?

11, 12. а) Кудай адам кейпин кийген эки периштени Содомго жөнөткөндө эмне болгонун айтып бергиле. б) Бул билдирүүгө байланыштуу айрымдар кандай суроолорду беришет?

11 Башталыш китебинин он тогузунчу бабында Кудай адам кейпин кийген эки периштени Содом шаарына жөнөткөндө эмне болгону тууралуу айтылат. Лот ал экөөнү үйүндө калууга көндүрөт. Бирок ошол түнү шаардын калың топ эркектери келишет да, үйдү курчап алып, адеп-ахлаксыз иш кылуу максатында аларды чыгарып берүүнү талап кылышат. Лот аларды сөзгө-эпке келтирүүгө аракеттенет, бирок майнап чыкпайт. Айласы кеткенде конокторун коргоо максатында ал: «Агайын-туугандар, жамандык кылбагыла. Менин эркек көрө элек эки кызым бар, мен аларды чыгарып берейин, аларга каалаганыңарды кылгыла, бирок бул кишилерге тийбегиле, анткени булар менин үйүмө келишти»,— деп айтат. Бирок беркилер аны укпастан, үйүнүн эшигин талкаламакчы болушат. Акыры периштелер акылынан айныган ал адамдарды сокур кылып салышат (Башталыш 19:1—11).

12 Бул билдирүү айрымдарда суроолорду туудурары шексиз. Кээ бирөөлөр: «Конокторун коргоо үчүн өзүнүн кыздарын дене кумарына жетеленген эркектерге сунуш кылганы кандай? Анын кылганы кантип туура болсун? Бул анын коркок экенин көрсөтүп турган жокпу?» — деши мүмкүн. Ушул билдирүүнү эске алганда, Кудай эмне себептен Петирди Лотту «адил» адам деп атоого шыктандырган деген суроо туулат. Лоттун кылганын Кудай туура көргөнбү? (2 Петир 2:7, 8). Келгиле, анда туура эмес жыйынтыкка келбеш үчүн, ушулар тууралуу ой жүгүртүп көрөлү.

13, 14. а) Лоттун иш-аракеттери тууралуу билдирүүнүн эмнеси көңүл бурууга татырлык? б) Лоттун коркоктук кылбаганын эмне көрсөтүп турат?

13 Эң алды, төмөнкүгө көңүл буруу абзел: Ыйык Китепте Лоттун кылганы туура же туура эмес экени талкууланбайт, болгону, ошол учурда кандай окуялар болуп өткөнү эле баяндалат. Ошондой эле Жазмада Лоттун эмне деп ой жүгүрткөнү же андай иш-аракет жасоого ага эмне түрткү бергени айтылбайт. «Адилеттүүлөр... тирилгенде», ал да тирилтилет, балким, ошондо ал окуя тууралуу бизге көбүрөөк айтып береттир (Элчилер 24:15).

14 Лот коркок болгон эмес. Ал абдан оор жагдайга туш болгон. Келген периштелер тууралуу «менин үйүмө келишти» деп айтуу менен Лот өзүн аларды коргоого жана баш калкалоочу жай менен камсыз кылууга милдеттүү эсептээрин көрсөткөн. Бул оңойго турбаса керек. Жүйүт тарыхчысы Иосиф содомдуктардын «башкаларга адилетсиз мамиле кылган, Кудайды урматтабаган... Келгиндерди жек көргөн жана адаттан тыш жыныстык катнашууларга берилген» адамдардан болушканын айткан. Анткен менен Лот ал жаалдуу топту көргөндө калчылдап калган эмес. Тескерисинче, эшикке чыгып, ошол жинденип турган эркектер менен сүйлөшкөн. Ал тургай «өзүнүн аркасынан эшикти бекитип» койгон (Башталыш 19:6).

15. Эмне себептен Лот ишеним менен иш кылган деп айтууга болот?

15 Жогоруда айтылгандарга карабастан, айрымдар: «Эмне үчүн Лот тигил эркектерге өзүнүн кыздарын сунуш кылган?» — деп сурашы мүмкүн. Анын ниети бузук болчу деп айыптап киргендин ордуна, эмне себептен ошентиши мүмкүн экенин талдап көргөн жакшы эмеспи? Биринчиден, Лот, сыягы, ишеними күчтүүлүгүнөн ошенткен. Кандайча? Ага Ыбрайым байкесинин аялы Сараны Жахабанын кандайча коргоп калганы тууралуу маалым болгону шексиз. Эстесеңер, Ыбрайым Сарадан өзүн байкем деп айтуусун өтүнгөн, себеби башкалар аны аялы үчүн өлтүрүп коёт деп корккон *. Кийин Сара фараондун үйүнө алынган. Бирок Жахаба ал жагдайга кийлигишип, фараондун Сарага тийбешине кам көргөн (Башталыш 12:11—20). Балким, Лот өзүнүн кыздарын да Кудай ошондой жол менен сактап калат деп ишенгендир. Белгилей кетерлик жери, Жахаба периштелер аркылуу кийлигишкендиктен, кыздар эч зыян тарткан эмес.

16, 17. а) Лот, сыягы, содомдуктарды нес кылуу же эмне кылышты билбей калгыдай абалга келтирүү максатында кандай аракет кылган? б) Лот кандай ой жүгүртпөсүн, эмнеге шектенбесек болот?

16 Дагы бир мүмкүн болгон себепти карап көрөлү. Лот, балким, тигил эркектерди нес кылууга же эмне кылышты билбей калгыдай абалга келтирүүгө аракет кылган. Ал гомосексуализмге берилген содомдуктардын кыздарды каалабай коюшарына да ишенген көрүнөт (Жүйүт 7). Андан сырткары, ошол шаарда Лоттун болочок күйөө балдары бар болчу. Андыктан жаалдуу топтун арасында ал жигиттердин туугандары, достору жана алар менен кандайдыр бир байланышы бар адамдар да болушу мүмкүн эле (Башталыш 19:14). Кыязы, Лот алардын арасынан айрым эркектер кыздарын коргойт деп үмүттөнгөн. Демек, ал топ экиге бөлүнсө, анчалык коркунучтуу болбой калмак *.

17 Лот кандай ой жүгүртпөсүн жана анын ниеттери кандай болбосун, Жахаба аны «адил» деп эсептөөгө негиз тапканына шектенбесек болот, анткени Кудай ар дайым туура иш кылат. Андан сырткары, ошол акылынан айныган содомдуктардын иш-аракеттери тууралуу билгенибизден кийин, Жахабанын ал бузулган шаардын тургундарына каршы өкүм чыгаруу менен адилеттүүлүк кылганына шектенгенибиз туура болот беле? (Башталыш 19:23—25).

Эмне себептен Жахаба Узаны өлтүргөн?

18. а) Дөөт келишим сандыгын Иерусалимге алып келүүгө аракет кылганда эмне болгон? б) Бул билдирүү кандай суроолорду туудурат?

18 Айрымдарды таң калтырышы мүмкүн болгон дагы бир билдирүү — Дөттүн келишим сандыгын Иерусалимге көчүрүүгө жасаган аракети жөнүндөгү билдирүү. Келишим сандыгы арабага салынып, аны Уза менен анын биртууганы айдап келатышкан. Ыйык Китепте: «Нахондун кырманына жеткенде, Уза Кудайдын келишим сандыгын колун сунуп кармап калды, анткени аны өгүздөр кыйшайтып жиберген эле. Бирок Теңир Узага каарданып, коркпой батынгандыгы үчүн аны ошол жерде өлтүрдү, ал Кудайдын келишим сандыгынын жанында өлдү»,— деп айтылат. Бул окуядан бир нече ай өткөндөн кийин, келишим сандыгын алып келүүгө экинчи жолу аракет кылынат. Ошондо аны, Кудай буйрук кылгандай, Кааттын уулдарынан болгон лебилер ийиндерине көтөрүп келишкенде, бул иш оңунан чыккан (2 Шемуел 6:6, 7; Сандар 4:15; 7:9; 1 Жылнаама 15:1—14). Кээ бирөөлөр: «Эмне себептен Жахаба мынчалык катуу чара көргөн? Уза келишим сандыгы эч нерсе болуп кетпесин деп эле аракеттенген да»,— деши мүмкүн. Жаңылыш жыйынтыкка келбеш үчүн, бул окуяга байланыштуу айрым нерселерге көңүл бурганыбыз дурус.

19. Эмне себептен Жахабанын адилетсиз иш кылышы мүмкүн эмес?

19 Жахабанын адилетсиз иш кылышы мүмкүн эмес экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек (Аюб 34:10). Эгерде адилетсиздик кыла турган болсо, бул мээримсиздикке жатып калмак, ал эми биз Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында «Кудайдын сүйүү» экенин билебиз (1 Жакан 4:8). Андан сырткары, Ыйык Жазмада Кудайдын тактысы «адилеттик жана чындыкка» негизделгени айтылат (Забур 88:15). Анда кантип эле Жахаба адилетсиз иш кылсын? Андай кыла турган болсо, ал өзүнүн эгедерлигине доо кетирмек.

20. Эмне себептен Уза келишим сандыгына байланыштуу көрсөтмөлөрдү билиши керек болчу?

20 Узанын Мыйзамды билгендигин эстен чыгарбайлы. Келишим сандыгы Жахабанын катышуусун символдоштурчу. Уруксаты жок адамдардын ага тийбеши керектиги Мыйзамда айтылып, бул буйрукту бузгандар өлүм жазасына тартылары айкын эскертилген (Сандар 4:18—20; 7:89). Ошондуктан ыйык келишим сандыгын көчүрүү ишине жеңил карабаш керек болчу. Уза леби (бирок ыйык кызмат кылуучу эмес) болгон көрүнөт, ошондуктан ал Мыйзамды билиши эле керек болчу. Андан сырткары, бир канча жыл мурун келишим сандыгы анын атасыныкына көчүрүлгөн болчу (1 Шемуел 6:20—7:1). Ал жерде сандык Дөөт аны көчүрүүнү чечкенге чейин 70 жылдай сакталып турган. Андыктан келишим сандыгына байланыштуу мыйзамдарды Уза кенедейинен эле билсе керек.

21. Уза жөнүндөгү билдирүүнү окуганда эмне себептен Жахабанын жүрөктөгү ниеттерди көрө аларын эстен чыгарбоо маанилүү?

21 Жогоруда айтылып кеткендей, Жахаба жүрөктөгү сырды биле алат. Анын Сөзүндө Уза тууралуу «коркпой батынды» деп жазылгандыктан, Жахаба, сыягы, Узанын бул билдирүүдө айтылбаган жана өзүмчүлдүк рухту чагылдырган кандайдыр бир туура эмес ниеттерин көрсө керек. Балким, Уза менменсинген, коюлган чектөөлөрдү бузууга дааган адамдардан болгондур? (Накыл сөздөр 11:2). Же үй-бүлөсү эч кимге көрсөтпөй сактап келген келишим сандыгын эл алдында баштап бараткандыктан өзүн өтө эле маанилүү адам катары сезип кеткенби? (Накыл сөздөр 8:13). Же Жахабанын катышуусун символдоштурган ыйык сандыкты жөлөп коюу үчүн Кудайдын колу кыска деп ойлогончолук ишенимсиз болгонбу? Кандай болбосун, Жахабанын туура өкүм чыгарганына шектенбесек болот. Ал, сыягы, Узанын жүрөгүнөн аны дароо жазалоого негиз берген себепти көргөн (Накыл сөздөр 21:2).

Шектенбөөгө бекем негиз

22. Ыйык Китепте айрым майда-барат маалыматтардын жоктугу кандайча Жахабанын акылмандыгынан кабар берип турат?

22 Ыйык Китептеги айрым билдирүүлөрдө майда-барат маалыматтардын камтылбаганы Жахабанын теңдешсиз акылмандыгынан кабар берип турат. Жахаба муну менен бизге ага таянарыбызды, ишенерибизди көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Жогоруда талкууланган нерселерден Жахаба чыгарган өкүмдөрдүн тууралыгына эч шектенбөөгө бекем негиздер бар экени айкын болгон жокпу? Ооба, Кудайдын Сөзүн чын жүрөктөн жана алдын ала сын көзкарашта болбой изилдөө менен биз Жахабанын ар дайым адилет жана туура иш кыларына ишендирген көп нерселерди билебиз. Ошондуктан Ыйык Китептеги айрым билдирүүлөр жообун дароо табууга мүмкүн болбогон суроолорду туудурса, Жахабанын ар дайым туура иш кыларына эч шектенбейли.

23. Жахабанын келечекте жасай турган иштерине байланыштуу кандай ишенимде болсок болот?

23 Жахабанын келечекте жасай турган иштерине карата да ушундай ишенимде болсок болот. Бул жакындап келаткан улуу кайгыда өзүнүн сот өкүмүн ишке ашырууга киришкенде анын «адил адамды ыймансыз менен бирге» жок кылбасына кепилдик берет (Башталыш 18:23). Адилдик менен акыйкаттыкты жогору баалагандыктан ал эч качан антпейт. Ошондой эле жакында орной турган жаңы заманда Кудайдын бардык муктаждыктарыбызды эң сонун кылып канааттандырарына толук ишенсек болот (Забур 144:16).

[Шилтемелер]

^ 15-абз. Ыбрайымдын корккону жөндүү болгон, себеп дегенде байыркы бир папируста куралчан адамдары сулуу аялды кармап алып, күйөөсүн өлтүрүп салган фараон тууралуу айтылат.

^ 16-абз. Буга байланыштуу кошумча ойлорду «Күзөт мунарасынын» (англ.) 1979-жылдын 1-декабрындагы санынын 31-беттеги макаласынан карагыла.

Эсиңердеби?

• Кайсы себептерден улам Жахабанын чыгарган өкүмдөрүнүн тууралыгына шектенбешибиз керек?

• Өзүнүн кыздарын жаалдуу топко сунуш кылган Лот жөнүндө туура эмес жыйынтыкка келбөөгө эмне жардам берет?

• Жахабанын Узаны эмне себептен өлтүргөнүн түшүнүүгө эмнелерди билүү жардам берет?

• Жахабанын келечекте жасай турган иштерине байланыштуу кандай ишенимде болсок болот?

[Изилдөө суроолору]