Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын Падышалыгынын пайгамбарлык образдары аткарылууда

Кудайдын Падышалыгынын пайгамбарлык образдары аткарылууда

Кудайдын Падышалыгынын пайгамбарлык образдары аткарылууда

«Караңгыда жарык чачкан чырактай болгон ушул пайгамбарчылыктарга кайрылып, туура кылып жатасыңар» (2 Петир 1:19).

1. Азыркы дүйнөдө кандай карама-каршылык бар?

КРИЗИСТЕН кризиске. Азыркы дүйнөдөгү абалды ушинтип сүрөттөсө болот. Табигый кырсыктардан тартып, дүйнө жүзүнө кулач жайган террорчулукка чейин адамзат көйгөйлөрү ээ-жаа бербей күчөп бараткандай сезилет. Жардам көрсөтүүгө дүйнөлүк диндер да алсыздык кылууда. Алар жардам бермек турсун, кайра адамдарды бөлүп-жарган фанатизмдин, жек көрүүчүлүк менен улутчулдуктун отун тутандырып, жагдайды ого бетер оордотуп келет. Ооба, алдын ала айтылгандай, «элдерди чылк караңгылык каптап жатат» (Ышайа 60:2). Бирок миллиондогон адамдар келечекке ишеним менен карашат. Эмне себептен? Себеби алар Кудайдын «караңгыда жарык чачкан чырактай болгон» пайгамбарлык сөзүнө кайрылышууда. Алар жашоолорун Кудайдын «пайгамбарлыгына», башкача айтканда, Ыйык Китепте жазылган кабарга ылайык өткөрүүгө умтулушууда (2 Петир 1:19).

2. Даниелдин сөзүнө ылайык, «акыркы мезгилде» рухий түшүнүккө кимдер гана ээ болот?

2 «Акыркы мезгил» тууралуу сөз кылып Даниел пайгамбар: «Көптөр ары-бери басып чыныгы билимди издешет жана чыныгы билим көбөйөт. Көптөр тазаланышат — өзүлөрүн тазартышат. Бирок ыймансыздар ошол бойдон калып, эч нерсе түшүнүшпөйт. Акылдуулар болсо баарын түшүнүшөт»,— деп жазган (Даниел 12:4, 10, «БМК»). Чыныгы билимди «ары-бери басып» издегендер гана, башкача айтканда, Кудай Сөзүн тырышчаактык менен окуган жана Кудайдын нормаларына баш ийип, анын эркин аткарууга аракеттенгендер гана рухий түшүнүккө ээ болушат (Матай 13:11—15; 1 Жакан 5:20).

3. Ыйык Китепти изилдөөчүлөрдүн тобу 1870-жылдары кандай маанилүү чындыкты түшүнүшкөн?

3 «Акыркы күндөр» башталганга чейин, 1870-жылдары, Жахаба Кудай «асман Падышачылыгынын сырларына» зор жарык чача баштаган (2 Тиметейге 3:1—5; Матай 13:11). Ошол мезгилде кеңири таралган көзкарашка карабастан, Ыйык Китепти изилдөөчүлөрдүн тобу Машайак көзгө көрүнбөй келерин түшүнгөн. Алар Ыйса асманда такка отургандан кийин жерге көңүлүн бурарын, ал ошондой мааниде келерин аңдашкан. Шакирттер анын көзгө көрүнбөй катыша баштаганын ачык-айкын белгилерден улам биле алышмак (Матай 24:3—14).

Пайгамбарлык образдардын аткарылышы

4. Биздин күндөрдө Жахаба өзүнүн кызматчыларынын ишенимин кантип бекемдөөдө?

4 Кубулуу көрүнүшүндө Машайактын Падышалык даңкы айкын көрсөтүлгөн (Матай 17:1—9). Күткөн нерселери Ыйык Китепке негизделбегендиктен көптөрдүн Ыйсадан көңүлдөрү калып, аны ээрчибей калышканда, ал кубулуу Петирдин, Жакып менен Жакандын ишенимин бекемдеген. Анын сыңарындай, ушул акыркы мезгилде Жахаба ошол укмуштуудай көрүнүштүн жана ага байланышкан көптөгөн пайгамбарлыктардын аткарылганын түшүнүүгө шарт түзгөн жарыкты чачуу менен өзүнүн кызматчыларынын ишенимин бекемдөөдө. Келгиле, азыр ишенимди бекемдеген ошол пайгамбарлык образдардын айрымдарын карап көрөлү.

5. «Чолпон жылдызы» кимди билдирет жана ал качан «чыккан»?

5 Кубулуу тууралуу сөз кылып, элчи Петир: «Бизде эң туура айтылган пайгамбарчылык бар. Таң агарып, Чолпон жылдызы жүрөгүңөрдө чыкканга чейин, караңгыда жарык чачкан чырактай болгон ушул пайгамбарчылыктарга кайрылып, туура кылып жатасыңар»,— деп жазган (2 Петир 1:19). Таң сүрүп келатканда чыккан жылдыз же «Чолпон жылдызы» — бул даңкталган Ыйса Машайак (Аян 22:16). Ал жылдыз, жаңы доордун таңы атканын билдирип, Кудайдын Падышалыгы 1914-жылы асманда орнотулганда «чыккан» (Аян 11:15). Көрүнүштө Ыйса менен Муса жана Илияс сүйлөшүп турган. Алар кимдерди билдирет?

6, 7. Көрүнүштөгү Муса менен Илияс кимдерди билдирет жана Жазмада алар тууралуу маанилүү кандай кошумча маалыматтар камтылат?

6 Муса менен Илияс Машайактын даңкталуусуна катышкандыктан, ал экөө Ыйса менен бирге падышалык кыла тургандарды билдириши керек. Ыйсанын кошо башкаруучулары болору Даниелдин пайгамбарлыгындагы Мессиянын тактыга отурганы жөнүндөгү көрүнүшкө ылайык келет. Даниел «Күндөрү Байыркыдан» — Жахаба Кудайдан — «өтүп кетпей турган түбөлүк падышалык» алган «адам Уулуна окшогонду» көргөн. Бирок Даниелдин бир аздан кийин дагы эмнени көргөнүн байкасаңар. Ал: «Падышалык да, бийлик да, бүт жер жүзүндөгү падышалык даңк да падышалыгы түбөлүк болгон Баарынан Жогоркунун ыйык элине берилет»,— деп жазат (Даниел 7:13, 14, 27). Демек, кубулууга чейин беш кылымдан ашуун убакыт мурун эле Кудай Машайактын падышалык улуулугуна «ыйыктар» ортоктош болорун ачкан.

7 Даниелдин пайгамбарлыгындагы «ыйыктар» кимдер? Жооп табууга: «Ошол Рухтун Өзү биздин рухубузга Кудайдын балдары экенибизди күбөлөндүрүп жатат. Эгерде балдары болсок, анда мурасчылары да болобуз. Машайак менен бирге даңкталыш үчүн, Аны менен бирге азап тартып жатсак, анда Кудайдын мурасчыларыбыз, Машайак менен мурасташпыз»,— деп жазган элчи Пабыл жардам берет (Римдиктерге 8:16, 17). «Ыйыктар» — Ыйсанын рух менен майланган шакирттери. Аян китебинде Ыйса мындай дейт: «Мен жеңип чыгып, Атамдын жанына, Анын тактысына отурганымдай эле, жеңип чыккан адамды Өзүмдүн жаныма, тактыма отургузам». 144 000ди түзгөн ошол тирилтилген «жеңүүчүлөр» Ыйса менен бирге бүт жер жүзүнө бийлик кылышат (Аян 3:21; 5:9, 10; 14:1, 3, 4; 1 Корунттуктарга 15:53).

8. Майлангандардын кызматы Муса менен Илиястын кызматына эмнеси менен окшош жана алар кандай жемиш алып келүүдө?

8 Ыйсанын майланган жолдоочулары эмне үчүн Муса жана Илияс менен символдоштурулган? Анткени Муса менен Илияс кандай иш кылышкан болсо, алар да жерде ошондой эле ишти аткарып жатышат. Маселен, алар куугунтуктарга карабай Жахабанын күбөсү болуп кызмат кылышууда (Ышайа 43:10; Элчилер 8:1—8; Аян 11:2—12). Муса менен Илиястай болуп, алар жалган динди тайманбастык менен ашкерелеп, ниети таза адамдарды Жахаба Кудайга гана кызмат кылууга үндөшүүдө (Чыгуу 32:19, 20; Мыйзам 4:22—24; 1 Падышалар 18:18—40). Алардын иши жемиш алып келип жатабы? Албетте! Майлангандардын санын толуктай тургандарды чогулткандан сырткары, алар миллиондогон «башка койлорго» Ыйса Машайакка даярдуулук менен баш ийүүгө жардам беришти (Жакан 10:16; Аян 7:4).

Машайак жеңүү үчүн чыгат

9. Аян 6:2де Ыйса ким катары сүрөттөлөт?

9 Ыйса азыр такыйда отурган адам эмес, күчтүү Падыша. Аян китебинде ал чабендес катары сүрөттөлөт, бул болсо Ыйык Китепте согушту символдоштурат (Накыл сөздөр 21:31). Аян 6:2де: «Ак ат чыкканын көрдүм. Аны минип тургандын жаасы бар экен. Ага таажы берилди. Ал жеңүүчү катары жеңүү үчүн чыкты»,— деп айтылат. Ыйса тууралуу забурчу Дөөт да мындай деп жазган: «Теңир Сенин күчүңдүн таягын Сиондон жиберет: Өз душмандарыңдын арасында бийлик жүргүз» (Забур 109:2).

10. а) Ыйса алгач кайсы душмандарын жеңген? б) Машайактын биринчи жеңиши дүйнөгө жалпысынан кандай таасир тийгизген?

10 Ыйса алгач өзүнүн эң эле күчтүү душмандарын — Шайтанды жана анын жин-перилерин — жеңген. Ыйса аларды асмандан жерге кууп түшүргөн. Ошол каардуу рухтар өздөрүнүн саналуу эле күндөрү калганын билгендиктен адамзатка бүт каарын төгүп, ар кандай кыйынчылыктарды жиберип жатышат. Ал азап-кайгылар Аян китебинде үч атчан аркылуу сүрөттөлөт (Аян 6:3—8; 12:7—12). Ыйсанын «катышуусу менен түзүлүштүн аякташы» жөнүндөгү пайгамбарлыкка ылайык, ал атчандардын чыгышы согуштарга, ачарчылык менен жугуштуу ооруларга алып келди (Матай 24:3, 7; Лука 21:7—11). Машайак Шайтандын уюмун жер үстүнөн жексен кылмайынча, «кыйынчылыктар» төрөт учурундагы толгоо сыяктуу күчөгөндөн күчөй берет * (Матай 24:8).

11. Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышы Машайактын Падышалык бийлигин жүргүзүп жатканын кандайча далилдеп турат?

11 Ыйсанын бийлик жүргүзүп жатканы, бүткүл дүйнө жүзүнө Падышалык тууралуу кабар таратуу тапшырмасы аткарылышы үчүн, өзүнүн жолдоочуларынан турган жыйналышты сактап келгенинен да көрүнүп турат. Улуу Бабылдын — жалган диндин дүйнөлүк империясынын — жана кас башкаруучулардын каршылыгына карабастан, кабар айтуу иши токтомок турсун, болуп көрбөгөндөй кулач жайды (Аян 17:5, 6). Бул — Машайактын Падышалык бийлигин жүргүзүп жатканына кандай гана төгүндөлгүс далил! (Забур 109:3).

12. Эмне үчүн адамдардын көпчүлүгү Машайактын көзгө көрүнбөгөн катышуусун аңдай алышкан эмес?

12 Тилекке каршы, көптөр, алардын арасында өздөрүн Ыйсанын жолдоочуларыбыз деп атаган миллиондогон адамдар да жерде болуп жаткан зор окуялар аркылуу асманда, көзгө көрүнбөгөн чөйрөдө, эмнелер болуп жатканын аңдай алышкан эмес. Алар атүгүл Кудайдын Падышалыгы тууралуу кабар тараткандарды шылдыңга алышкан (2 Петир 3:3, 4). Эмне үчүн? Себеби Шайтан алардын акылын караңгылатып койгон (2 Корунттуктарга 4:3, 4). Ал Ыйсанын жолдоочуларыбыз деп атангандарды миңдеген кылымдар мурун эле рухий караңгылыкка батыра баштаган, акыры алар Падышалыкка болгон баалуу үмүттү такыр эле унутуп коюшкан.

Падышалыкка болгон үмүт унутулган

13. Рухий караңгылык эмнеге алып барган?

13 Ыйса өзүнүн жолдоочуларынын жыйналышына, эгин себилген талаадагы отоо чөптөргө окшоп, ишенимден чегингендер кирерин жана көптөрдү адаштырарын алдын ала айткан (Матай 13:24—30, 36—43; Элчилер 20:29—31; Жүйүт 4). Убакыттын өтүшү менен Ыйсанын жолдоочуларыбыз деп атангандар бутпарастык майрамдарды, үрп-адаттарды жана окутууларды христианчылыкка кошуп кабыл алып алышкан. Маселен, Рождество бутпарастардын Митра жана Сатурн кудайларын аздектөөгө арналган үрп-адаттардан келип чыккан. Бирок эмне себептен өздөрүн Ыйсанын жолдоочуларыбыз дегендер Ыйык Китепке негизделбеген бул майрамдарды кабыл алып алышкан? «Британ жаңы энциклопедиясында» мындай деп айтылат: «Рождество — Ыйса Машайактын туулган күнүн майрамдоо — Машайактын жакын арада келерин күтпөй калгандыктан киргизилген».

14. Ориген менен Августиндин окутуулары Падышалык тууралуу чындыкты кандайча бурмалаган?

14 «Падышалык» деген сөздүн мааниси убакыттын өтүшү менен кандайча бурмаланганын да карап көрөлү. Бир китепте: «Христиан дүйнөсүндө Оригенден [III кылымдагы динулама] тартып „падышалык“ деген сөз Кудай жүрөктүн ичинде башкарат деген маанини туюнтуп келет»,— деп айтылат («The Kingdom of God in 20th-Century Interpretation»). Ориген окутуусун эмнеге негиздеген? Ыйык Жазмага эмес, «философиялар менен дүйнөдөгү көзкараштарга негиздеген, алар болсо Ыйсанын жана анын алгачкы жолдоочуларынын убагындагы түшүнүктөрдөн абдан эле айырмаланган». Ыйык Августин (б.з. 354—430-жж.) «Кудайдын шаары жөнүндө» деп аталган эмгегинде чиркөөнүн өзү Кудайдын Падышалыгын билдирерин ырастаган («De Civitate Dei»). Ыйык Китепке негизделбеген мындай түшүнүктөр христиан дүйнөсүнүн чиркөөлөрүнө саясый бийликти колго алууга теологиялык негиз берген. Анан алар бул бийликти кылымдар бою көпчүлүк учурда ырайымсыздык менен колдонуп келишкен (Аян 17:5, 18).

15. Галаттыктарга 6:7деги принцип христиан дүйнөсүнүн көптөгөн чиркөөлөрүнө байланыштуу кандайча аткарылды?

15 Бүгүн чиркөөлөр эмне сепсе, ошону оруп жатышат (Галаттыктарга 6:7). Алардын көптөрү бийлигинен, ошондой эле адамдарынан айрылууда. Мындай жагдай Европада өзгөчө байкалууда. «Кристианити тудей» журналында: «Азыр Европадагы зор чиркөөлөр сыйынууга арналган имараттар катары эмес, а туристтерден бөлөк эч ким барбаган музейлердей эле [кызмат кылууда]»,— деп айтылат. Дүйнөнүн башка булуң-бурчтарында да абал ушу сыяктуу. Бул жалган дин үчүн эмнени билдирет? Ал колдоо көрсөтүлбөгөндүктөн эле жок болуп кетеби? Ал эми чыныгы Кудайга болгон сыйынуу эмне болот?

Кудайдын улуу күнүнө даяр болгула

16. Улуу Бабылга болгон каршылыктын өсүп баратканы эмне себептен көңүл бурууга арзырлык?

16 Жанар тоодон түтүндүн чыгышы жана күлдүн сапырылышы анын сөзсүз атыларын көрсөтүп тургандай эле, көп өлкөлөрдө диндерге болгон каршылыктын күчөп баратышы жалган диндин жок кылынышына аз калганын көрсөтүп турат. Жахаба жакында саясый күчтөрдүн жүрөктөрүнө рухий мааниде бузулган аял менен сүрөттөлгөн Улуу Бабылды ашкерелөө жана кыйратуу үчүн биригүү жөнүндөгү ойду салат (Аян 17:15—17; 18:21). Ыйсанын чыныгы жолдоочулары ушундан жана «улуу кайгынын» андан кийин боло турган башка окуяларынан коркушу керекпи? (Матай 24:21, «ЖД»). Түк да! Тескерисинче, алар Кудайдын ыймансыздарга каршы чыкканына кубанышы керек (Аян 18:20; 19:1, 2). Биринчи кылымда Иерусалимдин жана анда жашаган Ыйсанын жолдоочуларынын эмне болгонун карап көрөлү.

17. Жахабанын ишенимдүү кызматчылары бул түзүлүштүн акырынан эмнеге коркушпайт?

17 Биздин замандын 66-жылы Рим аскерлери Иерусалимди курчап алышканда, рухий жактан сак турган Ыйсанын жолдоочулары коркушкан да, үрөйлөрүн учурушкан да эмес. Кудай Сөзүн кунт коюп окушкандыктан алар шаардын «кыйрай турган убагы жакын калганын» аңдашкан (Лука 21:20). Ошондой эле алар Кудай куткарылып калууга мүмкүнчүлүк берерин билишкен жана андай мүмкүнчүлүк пайда болгондо, шаардан качып кетишкен (Даниел 9:26; Матай 24:15—19; Лука 21:21). Анын сыңарындай эле, Кудайды таанып-билген жана анын Уулуна баш ийген адамдар бул түзүлүштүн акырынан коркушпайт (2 Тесалоникалыктарга 1:6—9). Кайра, улуу кайгы башталганда, алар куткарылуу жакын калганын аңдап, «боюн түзөп, башын көтөрүшөт» (Лука 21:28).

18. Гоктун Жахабанын кызматчыларына кол салуусу эмне менен аяктайт?

18 Улуу Бабыл кыйратылган соң, Магог жериндеги Гок — Шайтан — Кудайдын бейкут Күбөлөрүнө акыркы жолу кол салат. Ал өз тарабындагылар менен жеңишке оңой жетүүгө үмүттөнүп, «жерди каптаган булутка окшоп... чыгат». Бирок алар күтүлбөгөн нерсеге кабылышат! (Жезекиел 38:14—16, 18—23). Элчи Жакан: «Мен ачылган асманды жана ак аттын үстүндө Отурганды көрдүм. Анын ысымы — Ишенимдүү жана Чындык... Анын оозунан элдерди кыра турган курч кылыч чыгып туруптур»,— деп жазат. Ал жеңилбес «Падышанын Падышасы» Жахабанын берилген кызматчыларын сактайт, ал эми алардын бардык душмандарын жок кылат (Аян 19:11—21). Кубулуу көрүнүшүнүн ушундайча аткарылганын көрүү кандай гана толкундатарлык болот!

19. Машайактын толук жеңиши өзүнүн берилген жолдоочуларына кандай таасир этет жана алар азыр эмне кылышы керек?

19 Ал күнү ишеним көрсөткөндөр боло тургандыктан, Ыйса суктанууга татыктуу болот (2 Тесалоникалыктарга 1:10, «ЖД»). Кудайдын жеңүүчү Уулун ардактоо сезими менен карагандардын арасында болууну каалайсыңбы? Анда ишенимиңди бекемдеп, дайыма даяр бол, анткени адам Уулу сен күтпөгөн убакта келет (Матай 24:43, 44).

Сергек болгула

20. а) Кудайга «ишенимдүү жана акылдуу кул» үчүн кантип ыраазылык көрсөтө алабыз? б) Өзүбүзгө кандай суроолорду берип көрүшүбүз керек?

20 «Ишенимдүү жана акылдуу кул» Кудайдын элин рухий жактан сак жана сергек болууга дайым чакырып келет (Матай 24:45, 46; 1 Тесалоникалыктарга 5:6). Өз учурунда берилип жаткан ушундай эскертүүлөргө ыраазысыңбы? Алар жашооңдо эмне биринчи орунда турушу керектигин аныктоодо таасир этүүдөбү? Өзүңдөн: «Рухий көзүм асманда падышалык кылып жаткан Кудайдын Уулун көрө алгыдай курчпу? Анын Улуу Бабылдын жана Шайтандын түзүлүшүнүн үстүнөн сот жүргүзүүгө даярданып жатканын көрүп жатамбы?» — деп сурап көр.

21. Айрымдардын рухий көзү эмне себептен начарлап калган жана андай адамдар токтоосуз түрдө эмне кылышы керек?

21 Азыркы учурда да Жахабанын элинин арасынан айрымдар рухий көзүнүн начарлашына жол берип коюшту. Аларга, мүмкүн, Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын айрымдарына окшоп, чыдамкайлык же туруктуулук жетишпей жаткандыр? Балким, турмуштук түйшүктөр, дүнүйөкорлук же куугунтук таасирин тийгизгендир? (Матай 13:3—8, 18—23; Лука 21:34—36). Дагы бирөөлөрү «ишенимдүү жана акылдуу кулдун» адабияттарындагы айрым ойлорду түшүнүүнү оор көрүштү. Эгер сенде да ушул сыяктуу кыйынчылыктар бар болсо, анда сени Кудай Сөзүн окууга жана Жахабага жалындуу тиленип, аны менен кайрадан тыгыз мамиледе болуу үчүн күч суроого чакырабыз (2 Петир 3:11—15).

22. Ыйсанын кубулуусун жана ага байланышкан пайгамбарлыктарды карап чыгуу сага кандай таасир этти?

22 Ыйсанын кубулуусу анын шакирттери бекемдөөгө муктаж болуп турганда көрсөтүлгөн. Бүгүн биздин ишенимибизди андан күчтүү нерсе бекемдей алат: биз анын аткарылышын жана пайгамбарлык образдарга байланышкан көп нерселерди көрүп турабыз. Ушул эң сонун чындыктар тууралуу, ошондой эле алардын келечекке байланышкан мааниси жөнүндө ойлонгонубузда, жүрөктөрүбүз: «Оомийин. Ооба, кел, Ыйса Теңир [«Эге», «ЖД»]»,— деп катуу үн менен айткан Жакандыкындай сезимге толот (Аян 22:20).

[Шилтемелер]

^ 10-абз. Ыйык Китептин түпнускасында «кыйынчылыктар» деген сөздүн ордуна түзмө-түз «төрөт учурундагы оору» деген маанини билдирген грек сөзү колдонулган (Матай 24:8; «Падышалыктын сөзмө-сөз котормосу»). Бул дүйнөдөгү көйгөйлөр улуу кайгыда өзүнүн туу чокусуна жеткиче, толгоо учурундагыдай эле, барган сайын тездеп, күчөй берерин билдирет.

Эсиңердеби?

• Ыйык Китепти изилдеген топ 1870-жылдары Машайактын келерине байланыштуу эмнени түшүнгөн?

• Кубулуу көрүнүшү кандайча аткарылган?

• Ыйсанын жеңүүчү катары чыгышы анын жолдоочуларынын жыйналышына жана дүйнөгө кандай таасир тийгизген?

• Ыйса толук жеңишке ээ болгондо, куткарылгандардын арасында болуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Пайгамбарлык образдар аткарылууда.

[10-беттеги сүрөт]

Машайак жеңүү үчүн чыкканда эмне болгонун билесиңби?