Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кымбат баалуу берметти» бүгүнкү күндө издөө

«Кымбат баалуу берметти» бүгүнкү күндө издөө

«Кымбат баалуу берметти» бүгүнкү күндө издөө

«Асман падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлүк катары таратылат» (Матай 24:14).

1, 2. а) Ыйсанын күндөрүндөгү жүйүттөр Кудайдын Падышалыгы тууралуу кандай түшүнүккө ээ болушкан? б) Ыйса аларга Падышалык жөнүндө туура түшүнүккө ээ болууга кантип жардам берген жана бул кандай натыйжаларга алып келген?

ЫЙСА жерге келгенде, Кудайдын Падышалыгы тууралуу тема жүйүттөрдүн арасында зор кызыгууну туудурган (Матай 3:1, 2; 4:23—25; Жакан 1:49). Бирок башында алардын көбү Падышалыктын канчалык чоң масштабда бийлик жүргүзөрүн, ошондой эле анын асмандан башкара турган өкмөт болорун толук аңдашкан эмес (Жакан 3:1—5). Ал тургай, Ыйсанын жолун жолдой баштагандардын да кээ бирлери Кудайдын Падышалыгы деген эмне экенин же Машайактын кошо башкаруучулары болуу үчүн эмне кылыш керектигин жакшы түшүнүшкөн эмес (Матай 20:20—22; Лука 19:11; Элчилер 1:6).

2 Убакыттын өтүшү менен Ыйса чыдамкайлык менен шакирттерин көп нерселерге үйрөткөн. Анын ичинде аларга мындан мурунку макалада талкууланган кымбат баалуу бермет жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалды айтып берип, асман Падышалыгын издөөдө бүт күч-аракетти жумшоонун маанилүүлүгүн көрсөткөн (Матай 6:33; 13:45, 46; Лука 13:23, 24). Бул алардын жүрөгүнө терең таасир эткен көрүнөт, себеби алар, Элчилер китеби тастыктап тургандай, көп өтпөй Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды талыкпай, тайманбай алыскы жерлерге чейин тарата башташкан (Элчилер 1:8; Колостуктарга 1:23).

3. Ыйса биздин убакка байланыштуу Падышалык тууралуу эмне деген?

3 Азыркы мезгил тууралуу эмне айтууга болот? Миллиондогон адамдарга Кудайдын Падышалыгы жерге кандай баталарды алып келери тууралуу айтылууда. «Дүйнөнүн акыры» жөнүндөгү улуу пайгамбарлыгында Ыйса: «Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлүк катары таратылат, ошондон кийин дүйнөнүн акыры келет»,— деп ачык айткан (Матай 24:3, 14; Марк 13:10). Бул ошол эбегейсиз зор тапшырманын тоодой тоскоолдуктар менен кыйынчылыктарга, атүгүл куугунтукка карабай аткарыларын түшүндүргөн. Мындан сырткары, Ыйса шакирттерин: «Акырына чейин чыдаган адам куткарылат»,— деп ынандырган (Матай 24:9—13). Мунун баары анын көрсөтмөлүү мисалындагы соодагердикиндей жанаябастык рухту жана берилгендик сапатын чагылдырууну талап кылат. Бүгүн Падышалыкты издөөдө ушундай ишеним жана ынта көрсөткөн адамдар барбы?

Чындыкты табуудан келген кубаныч

4. Падышалык тууралуу чындык бүгүн адамдарга кандай таасир этүүдө?

4 Ыйсанын аңгемесиндеги соодагер «кымбат баалуу берметти» тапканда абдан кубанган. Ошол кубаныч ага, берметти сатып алуу үчүн, колунан келгендин баарын кылууга түрткү берген (Эврейлерге 12:1). Бүгүн да Кудай жана анын Падышалыгы тууралуу чындык адамдарды өзүнө тартып, жүрөктөрүн козгойт. Бул А. Х. Макмиллан биртуугандын сөздөрүн эске түшүрөт. Ал Кудайды жана Анын адамзатка карата болгон ой-ниеттерин издегени жөнүндө бир китепте мындай деп айткан: «Мен тапкан нерсени жыл сайын миңдеген адамдар таап жатат. Алар силерге, мага окшогон эле адамдар, анткени курактары ар башка болгон ал адамдар бардык улуттан, расадан, коомдун ар кыл катмарларынан чыгууда. Чындык беткарамалык кылбайт. Ал өзүнө ар кандай адамдарды тартат» («Faith on the March»).

5. 2004-кызмат жылынын отчётунан кандай сонун натыйжаларды көрүүгө болот?

5 Жогорудагы сөздөрдүн чындыгын жыл сайын жүз миңдеген жүрөгү таза адамдардын Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабардын таасири менен өздөрүн Жахабага жана анын эркин аткарууга арнап жатканынан көрүүгө болот. Муну 2003-жылдын сентябрынан башталып, 2004-жылдын августунда аяктаган 2004-кызмат жылынын отчёту да тастыктап турат. Ошол 12 айдын ичинде 262 416 адам өздөрүн Жахабага арнаганын сууга чөмүлтүлүү менен эл алдында көрсөтүштү. Шакирт даярдоо иши 235 өлкөдө жана аймактарда жүргүзүлүп, ал жерлерде Жахабанын Күбөлөрү коомдун бардык катмарынан, ар уруудан жана тилден чыккан адамдарга Кудай Сөзүндөгү өмүр алып келерлик чындыкты таанууга жардам берүү үчүн жума сайын 6 085 387 ыйык китептик изилдөө өткөрүп келишти (Аян 7:9).

6. Эмненин аркасында бир канча жылдан бери өсүш болуп келатат?

6 Мунун баары эмненин аркасында болду? Туура маанайдагы адамдарды чындыкка Жахаба өзү тартып жатканы шексиз (Жакан 6:65; Элчилер 13:48). Бирок Падышалыкты издөөдө өздөрүнүн күчүн, убактысын короткондордун жанаябастык рухун жана талыкпас аракеттерин унутта калтырууга болбойт. Макмиллан биртууган 79 жашында мындай деп жазган: «Оорулуу жана өлүм алдында турган дүйнөгө берилген убадалар тууралуу биринчи жолу уккандан бери Ыйык Китептеги ошол кабар аркылуу ачылып берилген нерселерге болгон үмүтүм күчүн жоготкон жок. Мен ошондо эле Ыйык Китептин окутуулары жөнүндө көбүрөөк билип, мага окшоп, Кудуреттүү Кудай Жахаба менен анын адамзатка байланыштуу эң сонун ой-ниеттери тууралуу билим алууга умтулуп жаткан адамдарга жардам берүүнү чечкем».

7. Ыйык Китептеги чындыкты тапкандардын кубанычын жана ынтасын кайсы мисал чагылдырып турат?

7 Ошондой ынталуулукту Жахабанын бүгүнкү кызматчылары да көрсөтүшүүдө. Мисалга Австриянын Вена шаарында жашаган Даниеланы алалы. Ал мындай деген: «Кудай балачагыман эле эң жакшы досум болуп келген. Мен дайыма анын атын билүүнү каалачумун, анткени „Кудай“ деген аталыш мен үчүн такыр эле сапат-сезимдерге ээ болбогон нерседей сезилчү. Бирок күтүүгө туура келди: Жахабанын Күбөлөрү мага 17 жашка чыкканымда келишти. Алар мага Кудай жөнүндө билгим келген нерселердин баарын түшүндүрүп беришти. Акыр-аягы мен чындыкты таптым. Бул кандай сонун! Мен ушунчалык дем-шыкка толгондуктан, баарына кабар айта баштадым». Көп өтпөй анын шыктануусу классташтарынын шылдыңдоосун туудурган. «Бирок мен мындан ыйык китептик пайгамбарлыктын аткарылып жатканын көрдүм,— деп сөзүн улайт Даниела,— анткени Ыйса өзүнүн жолдоочуларына анын ысмы үчүн жек көрүндү болушарын жана куугунтукталышарын айтканын окугам. Бул мени абдан кубандырып, таң калтырды». Көп узабай Даниела өзүн Жахабага арнап чөмүлтүлгөн да, миссионер болуп кызмат кылууну максат кылып койгон. Турмушка чыккандан кийин күйөөсү Хелмут экөө Венадагы африкалыктарга, кытайлыктарга, филипиндиктерге жана индиялыктарга кабар айта башташкан. Азыр Даниела менен Хелмут Африканын түштүк-батышында миссионер болуп кызмат кылышууда.

Туруктуулук менен кызмат кылгандар

8. Көптөр өздөрүнүн Кудайга болгон сүйүүсүн жана Анын Падышалыгына болгон берилгендигин кантип көрсөтүшөт?

8 Бүгүн Жахабанын эли Кудайга болгон сүйүүсүн жана Анын Падышалыгына болгон берилгендигин миссионердик кызмат менен да көрсөтөт. Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалындагы соодагерге окшоп, бул кызматты аркалагандар Падышалык үчүн алыс жерлерге барууга даяр. Албетте, миссионерлер ал жерлерге Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды издеп барышпайт, алар аны жердин алыскы булуң-бурчтарында жашаган адамдарга жеткирип, аларды окутушат жана Ыйса Машайактын шакирттеринен болууга жардам беришет (Матай 28:19, 20). Көптөгөн өлкөлөрдө алар өтө чоң сыноолорго дуушар болушат. Бирок алардын туруктуулугу мол баталарды алып келет.

9, 10. Борбордук Африка Республикасы сыяктуу алыскы өлкөлөрдөгү миссионерлердин кызматында кандай кызыктуу окуялар болот?

9 Мисалга Борбордук Африка Республикасын алалы. Ал өлкөдө былтыр Ыйсанын өлүмүн Эскерүү кечесине 16 184 адам катышты; бул ал жердеги жарчылардын санынан жети эседей көп. Өлкөнүн көп бөлүгүндө электр энергиясы жок болгондуктан, адамдар күндөлүк үй иштерин көбүнчө сыртта, дарактын көлөкөсүндө жасашат. Ошондуктан миссионерлер да өздөрүнүн ишин — ыйык китептик изилдөөлөрдү — көлөкөлүү дарактын түбүндө өткөрүшөт. Жарыгыраак жана салкыныраак келгенден тышкары, эшиктин дагы бир жакшы жери бар. Африкалыктар Ыйык Китепти абдан баалашат жана башка маданияттарда спорт же аба ырайы жөнүндө көп сүйлөшүшсө, булар диний темада көп сүйлөшүшөт. Ошондуктан көп учурда изилдөө жүрүп жатканда өтүп бараткандар эмне болуп жатканына көңүл буруп, изилдөөгө кошула калышат.

10 Мисалы, бир миссионер сыртта ыйык китептик изилдөө өткөрүп жатканда, көчөнүн аркы бетинде жашаган бир жигит келип, миссионердин ага келип, аны менен да изилдөө өткөрүшү керектигин айткан. Албетте, миссионер кубаныч менен макул болгон. Азыр ал жигит рухий жактан тез өсүп жатат. Борбордук Африкада полиция Күбөлөрдү жолдон көп токтотот, бирок айып төлөтүү үчүн эмес, «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарынын акыркы сандарын сураш үчүн же өздөрүнө айрыкча жаккан макала үчүн ыраазычылык билдирүү максатында токтотот.

11. Көптөн бери миссионер болуп кызмат кылып келаткандар сыноолорго кабылышса да, өздөрүнүн кызматы жөнүндө эмне деп ойлошот?

11 Миссионердик кызматты 40 же 50 жыл мурда баштагандардын көбү дагы деле ишенимдүү кызмат кылышууда. Бул баарыбыз үчүн ишенимдин жана туруктуулуктун кандай сонун үлгүсү! Бир жубайлар 42 жылдын ичинде үч өлкөдө миссионер болуп кызмат кылып келишти. Күйөөсү: «Кыйынчылыктар көп эле болду. Мисалы, 35 жыл бою безгек оорусу менен күрөшүп келдик. Бирок миссионер болууну чечкенибизге эч качан өкүнгөн жокпуз»,— дейт. Аялы мындай деп кошумчалайт: «Ыраазы болууга себептер дайыма арбын. Кабар айтуу ушунчалык кубанычтуу жана ыйык китептик изилдөө баштоо оңой. Кызыгуучулардын жыйналышка келип, бири-бири менен таанышканын көргөнүңдө, бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн дайыма чогулуп турганын эске салат».

Алар «башка нерсенин баарын пайдасыз деп эсептешет»

12. Адам Падышалыкты жогору баалаарын кантип көрсөтө алат?

12 Соодагер кымбат баалуу берметти тапканда, «барып, колунда болгондун баарын саткан да, ал берметти сатып алган» (Матай 13:46). Баалуу нерселеринен кечүүгө даяр болгондук — Падышалыкты жогору баалагандарга мүнөздүү өзгөчөлүк. Ыйса менен Падышалык даңкка ээ болууга мүмкүнчүлүк алгандардын бири болгон элчи Пабыл мындай деп айткан: «Машайак Ыйсаны таанып билүү артыкчылыгы үчүн башка нерсенин баарын пайдасыз деп эсептейм. Ал үчүн баарынан баш тарттым, Машайакка ээ болуу үчүн... баарын таштанды деп эсептейм» (Филипиликтерге 3:8, 11).

13. Чех Республикасындагы бир киши Падышалыкка болгон сүйүүсүн кантип көрсөткөн?

13 Бүгүн да көптөр Падышалыктын баталарын алуу үчүн өздөрүнүн жашоосунда чоң өзгөрүүлөрдү жасоого даярдуулук көрсөтүшүүдө. Маселен, 2003-жылдын октябрында Чех Республикасындагы бир мектептин 60 жаштагы деректиринин колуна Ыйык Китепти изилдөөгө арналган «Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим» деген китеп тийип калган. Аны окуп чыгары менен өзү жашаган жердеги Жахабанын Күбөлөрү менен байланышып, Ыйык Китепти изилдегиси келерин билдирген. Ал рухий жактан жакшы ийгилик кылып, көп өтпөй жолугушуулардын баарына катыша баштаган. Ал эми мэр болууга талапкерлигин коюуга жана кийинчерээк сенатор болуп шайланууга байланышкан пландары эмне болгон? Ал Падышалыктын жарчысы болуп, башка максаттарга умтулууну чечкен. «Мен окуучуларыма көптөгөн ыйык китептик адабияттарды тараттым»,— дейт ал. Өзүн Жахабага арнаганын ал 2004-жылдын июлундагы жыйында сууда чөмүлтүлүү менен көрсөттү.

14. а) Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар миллиондогон адамдарга эмне кылууга түрткү берип жатат? б) Ар бирибиз өзүбүзгө кандай маанилүү суроолорду берип көрсөк болот?

14 Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды ушундай кабыл алышты. Алар каардуу дүйнөдөн чыгып, эски адамдын жүрүм-турумун ташташты, жаман жоро-жолдоштору менен болгон байланыштарын үзүштү жана дүйнөгө байланышы бар максаттарынан баш тартышты (Жакан 15:19; Эфестиктерге 4:22—24; Жакып 4:4; 1 Жакан 2:15—17). Эмне себептен? Анткени алар дүйнө сунуш кылган нерселерге караганда Кудайдын Падышалыгынын баталарын алда канча жогору баалашат. Падышалыктын жакшы кабары тууралуу силер да ошондой ойдосуңарбы? Өзүңөрдүн жашоо мүнөзүңөрдү, баалуулуктарыңарды жана максаттарыңарды Жахабанын талаптарына дал келтирүү үчүн, зарыл өзгөрүүлөрдү жасап жатасыңарбы? Ошентип жатсаңар, бул силерге азыр да, келечекте да мол баталарды алып келет.

Оруп-жыюу иши соңуна чыгып баратат

15. Акыркы күндөрдө Кудай элинин эмне кылары алдын ала айтылган?

15 Забурчу: «Сен жеңген күнү элиң ыйык кийим кийип, даяр турушат»,— деп жазган. Даяр тургандардын ичине «шүүдүрүмдөй болгон» уулдар менен көп сандаган аялдардан турган «жакшы кабар таратуучулар» кирет (Забур 67:12; 109:3). Жахабанын элинин арасындагы эркектердин жана аялдардын, жаштардын жана карылардын тырышчаактыгы, жанаябастыгы ушул акыркы күндөрдө кандай натыйжаларды берип жатат?

16. Кудайдын кызматчыларынын башкаларга Падышалык жөнүндө билүүгө кантип жардам берип жатышканын мисал менен көрсөткүлө.

16 Индиядагы бир пионер, Падышалыктын толук убакыттуу жарчысы, өлкөдөгү эки миллиондон ашык дүлөй адамга Падышалык жөнүндө билүүгө кантип жардам берсе болорун ойлоп тынчсызданып жүргөн (Ышайа 35:5). Ал жаңдоо тилин үйрөнүү үчүн Бангалор шаарында өткөрүлчү курска жазылып, ал жерден Падышалыкка болгон үмүтүн көптөгөн дүлөйлөр менен бөлүшкөндүктөн, Ыйык Китепти изилдөө топтору уюшулган. Бир нече жуманын ичинде ондон ашык адам Падышалык залындагы жолугушууларга келе баштаган. Кийинчерээк ал пионер бир үйлөнүү тоюнда Калькутта шаарынан келген дүлөй адам менен таанышкан. Ал адам көп суроолорду берип, Жахаба жөнүндө билүүгө абдан кызыккан. Бирок бир кыйынчылык пайда болгон. Коллежде окуш үчүн ал 1600 чакырымдай алыс турган Калькуттага кайтып барууга тийиш эле, ал жакта болсо жаңдоо тилин билген Күбөлөр жок болчу. Ыйык Китепти изилдөөсүн уланта алыш үчүн, ал чоң күч-аракет жумшоонун натыйжасында атасынан Бангалордо окууга уруксат алган. Ал сонун рухий ийгиликтерди жасап, бир жылдай өткөндөн кийин өмүрүн Жахабага арнаган. Өзү да бир канча дүлөй адамга, алардын ичинде бала кезиндеги досуна Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген. Азыр Индиядагы филиал, дүлөй адамдарга жардам бериш үчүн, пионерлердин жаңдоо тилин үйрөнүшүнө кам көрүп жатат.

17. 19—22-беттердеги 2004-кызмат жылынын отчётунан өзгөчө бекемдээрлик эмнелерди тапканыңарды айтып бергиле.

17 Бул журналдын 19—22-беттеринде Жахабанын Күбөлөрүнүн 2004-кызмат жылында жүргүзгөн иши тууралуу бүткүл дүйнөлүк отчёт берилген. Аны карап чыгууга бир аз убакыт бөлсөңөр, дүйнө жүзү боюнча Жахабанын эли «кымбат баалуу берметти» издөөгө бүт күчүн жумшап жатканына далилдерди көрө аласыңар.

Мындан ары да «баарынан мурда Кудайдын Падышалыгын» издегиле

18. Ыйса соодагер жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалында эмне тууралуу айткан эмес жана эмне үчүн?

18 Соодагер жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалга кайрыла турган болсок, Ыйсанын соодагер колунда болгондун баарын сатып жибергенден кийин кантип оокат кылмактыгы жөнүндө эч нерсе айтпаганын байкайбыз. Ошого байланыштуу кээ бирөөлөр: «Колунда эчтеке калбай калгандыктан, ал тамак-ашты, кийим-кечени жана баш калкалаар жайды кайдан тапмак? Ошол баалуу бермет ага эмне пайда алып келмек?» — деп сурашы мүмкүн. Адамдык көзкараш менен алып караганда, бул орундуу суроолор. Бирок Ыйса шакирттерин: «Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет»,— деп үндөбөдү беле? (Матай 6:31—33). Ошол мисалдагы негизги ой — Кудайга чын жүрөктөн берилгендик көрсөтүүнүн жана Падышалыктын ишинде ынталуу болуунун зарылдыгы. Мындан өзүбүзгө кандай сабак алсак болот?

19. Ыйсанын кымбат баалуу бермет жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалынан өзүбүзгө кандай сабак алсак болот?

19 Жакшы кабарды жаңы эле уктукпу же көп жылдан бери Падышалыкты издеп, анын баталары жөнүндө башкаларга айтып жүрөбүзбү, кандай болбосун, Падышалык мындан ары да көңүлүбүздүн борборунда болушу керек. Биз оор убакта жашап жатабыз, бирок биз издеп жаткан нерсе реалдуу экенине жана соодагер тапкан бермет сыяктуу эч нерсеге салыштырылгыс экенине ишенүүгө орчундуу негиздер бар. Дүйнөдө болуп жаткан окуялар жана аткарылып жаткан ыйык китептик пайгамбарлыктар «дүйнөнүн акырында» жашап жатканыбызды айкын далилдеп турат (Матай 24:3). Келгиле, Кудайдын Падышалыгына карата, бермет соодагерине окшоп, чын жүрөктөн ынталуулук көрсөтүп, жакшы кабарды жарыялоо сыймыгына ээ болгонубузга кубаналы (Забур 9:2, 3).

Эсиңердеби?

• Чыныгы кызматчылардын саны бир канча жылдан бери эмне себептен өсүүдө?

• Миссионерлер кандай рух көрсөтүшүүдө?

• Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды кабыл алгандар кандай өзгөрүүлөрдү жасашууда?

• Ыйсанын кымбат баалуу бермет жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалынан өзүбүзгө кандай маанилүү сабак алсак болот?

[Изилдөө суроолору]

[24-беттеги сүрөт]

«Чындык... өзүнө ар кандай адамдарды тартат» (А. Х. Макмиллан).

[25-беттеги сүрөт]

«Элиң... даяр турат».

[19-беттеги кутуча]

Жахабанын Күбөлөрүнүн 2004-кызмат жылынын бүткүл дүйнөлүк отчётун 19—22—беттерден карагыла