Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кымбат баалуу берметти табуу»

«Кымбат баалуу берметти табуу»

«Кымбат баалуу берметти табуу»

«асман падышалыгы — ...адамдар бүт күчү менен умтулуп келаткан максат жана умтулгандар ага жетишет» (Матай 11:12, «ЖД»).

1, 2. а) Падышалык жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалдарынын биринде Ыйса сейрек кездешүүчү кайсы сапат тууралуу кеп кылган? б) Баа жеткис бермет жөнүндөгү үлгү-насаат аңгемесинде Ыйса эмне деп айткан?

СЕН абдан жогору баалаган жана ага ээ болуу үчүн колуңдагынын баарынан кечүүгө даяр болгон нерсе барбы? Адамдар акчага, атак-даңкка, бийликке, кызмат абалына же дагы башка максаттарга умтулууда берилгендик жөнүндө сөз кылышканы менен, алардын көңүлүнө бир нерсе ушунчалык жагып, ал үчүн баарынан баш тартууга даяр болгон учурлары сейрек болот. Ыйса Машайак Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү ойлондурарлык үлгү-насаат аңгемелеринин биринде ошол сейрек кездешүүчү, бирок эң сонун сапат тууралуу кеп кылган.

2 Баа жеткис бермет жөнүндөгү ошол үлгү-насаат аңгемени, башкача айтканда, көрсөтмөлүү мисалды Ыйса өзүнүн шакирттерине гана айтып берген. Ал: «Асман Падышачылыгы асыл бермет издеген соодагерге да окшош: күндөрдүн биринде ал кымбат баалуу берметти тапты. Анан барып, колунда болгондун баарын сатты да, ал берметти сатып алды»,— деп айткан (Матай 13:36, 45, 46). Ыйса бул көрсөтмөлүү мисалдан угуучуларынын эмнеге үйрөнүшүн каалаган? Анын сөздөрүнөн өзүбүзгө кандай пайда алсак болот?

Берметтин баалуулугу

3. Байыркы убакта берметтер эмне үчүн абдан бааланчу?

3 Бермет байыркы убактан бери эле жасалга катары абдан бааланып келет. Бир булакта билдирилгендей, Рим жазуучусу Улуу Плинийдин айтымында, бермет «баалуу нерселердин ичинен эң биринчи орунда» турган. Алтын, күмүш же башка көптөгөн асыл таштардан айырмаланып, бермет тирүү жандыктардын жардамы менен пайда болот. Устрицалардын айрым түрлөрү өйкөп дүүлүктүрүүчү бөлүкчөлөрдү, мисалы, кумчаларды седеп деп аталган секрециясы менен ороп, аларды кооз берметтерге айландыра алары маалым. Байыркы убакта абдан бааланган берметтер, негизинен, Кызыл деңизден, Перс булуңунан жана Инди океанынан — Ысрайыл жергесинен алыс жерлерден — чогултулчу. Анда Ыйсанын «асыл бермет издеген соодагер» жөнүндө эмне үчүн сөз кылганы түшүнүктүү. Кымбат баалуу берметтерди табуу үчүн, адам кыйла күч-аракет жумшашы керек.

4. Ыйсанын соодагер жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалынын негизги мааниси эмнеде?

4 Бермет эзелтен эле кымбатка бааланып келсе да, Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалынын негизги мааниси берметтин баасында эмес. Ыйса Кудайдын Падышалыгын кымбат баалуу берметке байланыштырып эле койбостон, көңүлдү «асыл бермет издеген соодагерге» жана аны тапканда кылган иш-аракетине бурдурган. Кадимки дүкөнчүдөн айырмаланып, андай соодагер берметтин кооздук касиеттерин, майда-барат өзгөчөлүктөрүн көрө билген баамчыл, сооданын «атасы» деп атаса болорлук кыраакы адам болгон. Андай соодагер накта берметти жасалмадан оңой ажырата билгендиктен, аны сапатсыз буюм менен алдоо мүмкүн эмес болчу.

5, 6. а) Ыйсанын мисалындагы соодагердин дагы кайсы өзгөчөлүгү көңүл бурууга татыйт? б) Жашырылган казына жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалдан соодагер тууралуу эмне биле алабыз?

5 Бул соодагердин дагы бир өзгөчөлүгүнө көңүл бурсак болот. Кадимки соодагер адегенде берметтин базардагы баасын, пайда көрүү үчүн канчага сатып алышы керектигин эсептеп кирмек. Ошондой эле дароо сата алышы үчүн андай берметке сурам барбы, жокпу, ошону тактамак. Башкача айтканда, ал берметке ээ болууга эмес, аны өткөрүп канча киреше аларына кызыкдар болмок. Бирок Ыйсанын мисалындагы соодагер андай эмес болгон. Аны акча же пайда көрүү жагы кызыктырган эмес. Тескерисинче, ал издеп жүргөн нерсесине ээ болуу үчүн, «колунда болгондун баарынан», болжолу, бардык буюмдарынан жана мал-мүлкүнөн кечүүгө даяр болгон.

6 Соодагерлердин көбү Ыйсанын аңгемесиндеги соодагердин кылганын акылсыз иш деп эсептеши мүмкүн эле. Тажрыйбалуу алып-сатарлар мындай тобокел ишке барууну ойлоп да коюшмак эмес. Бирок Ыйсанын аңгемесиндеги соодагер баалуулукка карата башкача көзкарашта болгон. Ал кандайдыр бир киреше көрүүнү эмес, баа жеткис нерсеге ээ болуудан кубаныч жана канагат алууну көздөгөн. Бул ой Ыйсанын ушу сыяктуу дагы бир аңгемесинде айкын көрсөтүлгөн. Анда мындай делет: «Асман Падышачылыгы талаада жашырылган казынага да окшош: бир адам аны таап алып, кайра жашырып койду. Барып, кубанганынан колунда болгондун баарын сатты да, ал талааны сатып алды» (Матай 13:44). Ооба, таап алган казынага ээ болуудан келген кубанычтын өзү эле ал адамга колундагысынын баарынан кечүүгө түрткү берген. Бүгүн ошондой адамдар барбы? Мындай курмандыкка арзырлык казына барбы?

Падышалыкты жогору баалагандар

7. Падышалыкты жогору баалаганын Ыйса кантип көрсөткөн?

7 Ыйса көрсөтмөлүү мисалында «асман Падышачылыгы» тууралуу сөз кылган. Албетте, ал өзү Падышалыкты жогору баалаган. Инжилдеги билдирүүлөрдө буга ынандырарлык далилдер бар. Б.з. 29-жылы чөмүлтүлгөндөн кийин Ыйса кабар айтып: «Тобо кылгыла! Анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды»,— деп жар сала баштаган. Үч жарым жыл бою ал көп адамдарды Падышалык жөнүндө окуткан. Ыйса бүт жерди кыдырып, «шаарларды, айыл-кыштактарды аралап, Кудайдын Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратып жүргөн» (Матай 4:17; Лука 8:1).

8. Падышалыктын эмнелерди ишке ашырарын көрсөтүү үчүн Ыйса эмне кылган?

8 Кыдырган жерлеринин баарында көп сандаган кереметтерди жасоо менен — ооруларды айыктыруу, ач болгондорду тоюндуруу, табият кубулуштарын башкаруу, атүгүл өлгөндөрдү тирилтүү менен — Ыйса Кудайдын Падышалыгы келечекте эмнелерди ишке ашырарын да көрсөткөн (Матай 14:14—21; Марк 4:37—39; Лука 7:11—17). Акырында Кудайга жана Падышалыкка болгон берилгендигин кыйноо мамысында азап чегип өлгөнү менен көрсөткөн. Бермет соодагери «кымбат баалуу бермет» үчүн колунда болгондун баарын бергендей эле, Ыйса Падышалык үчүн жашап, Падышалык үчүн өлгөн (Жакан 18:37).

9. Ыйсанын алгачкы шакирттери сейрек кездешүүчү кандай сапатка ээ болушкан?

9 Ыйса Падышалыкты жашоосунда биринчи орунга койгондон тышкары, жолдоочуларынын чакан тобун түзгөн. Алар да Падышалыкты жогору баалагандардан болушкан. Алардын бири — мурун Чөмүлдүрүүчү Жакандын шакирти болгон Андрей. Жакан Ыйсанын «Кудайдын курмандык Козусу» экенин айтканда, аны угар замат Андрей жана Жакандын дагы бир шакирти (сыягы, Зебедейдин уулдарынын бири, анын да аты Жакан) Ыйсаны ээрчишип, анын окуучуларынан болуп калышкан. Бирок ушуну менен эле токтоп калган жок. Андрей дароо өзүнүн биртууганы Шымонго барып, ага: «Биз Машайакты таптык»,— деп айткан. Андан көп өтпөй Шымон (кийинчерээк Кифа же Петир деп аталып калган), ошондой эле Филип жана анын досу Натанаел да Ыйсаны Машайак катары кабыл алышкан. Ошондо Натанаел Ыйсага: «Сен Кудайдын Уулусуң! Сен Ысрайыл элинин Падышасысың!» — деп айтууга түрткү алган (Жакан 1:35—49).

Иш-аракет кылууга түрткү алышкан

10. Ыйса шакирттерин биринчи жолу жолуктургандан бир канча убакыт өткөндөн кийин кайра чакырганда, алар кандай жооп кайтарышкан?

10 Андрейдин, Петирдин, Жакандын жана башкалардын Машайакты тапкандагы сезимдерин бермет соодагеринин кымбат баалуу бермет тапкандагы толкундануусуна салыштырууга болот. Ошондо алар эмне кылышкан? Инжилдерде алардын Ыйсаны биринчи жолу жолуктургандан кийин эмне кылышканы тууралуу көп айтылбайт. Сыягы, алардын көбү кайра эле көнүмүш жашоо-тиричилиги менен алпурушуп кетишкен. Бирок алты айдан бир жылга чейинки убакыт өткөндөн кийин, Ыйса Андрейди, Петирди, Жаканды жана анын биртууганы Жакыпты Галилея деңизинин жээгинде балык кармап жатышкан жеринен кайрадан жолуктурган *. Ыйса аларга: «Менин артымдан ээрчигиле, силерди Мен адам кармоочу кыламын»,— деген. Алар эмне кылышкан? Матайдын билдирүүсүндө Петир менен Андрей жөнүндө: «Алар ошол замат торлорун таштап, Аны ээрчип жөнөштү»,— деп айтылат. Жакып менен Жакан тууралуу болсо: «Алар ошол замат кайыкты да, атасын да таштап, Аны ээрчип жөнөштү»,— дегенди окуйбуз. Ал эми Луканын билдирүүсүндө алардын «бүт баарын таштап, Ыйсанын артынан ээрчип жөнөшкөнү» кошумчаланат (Матай 4:18—22; Лука 5:1—11).

11. Кыязы, эмнеден улам шакирттер Ыйсанын чакырыгын ошол замат кабыл алышкан?

11 Ыйсанын чакырыгын ошол замат кабыл алган шакирттер шашылыш чечим чыгарышканбы? Жок. Алар Ыйса менен алгач жолугушкандан кийин өздөрүнүн балык уулоо ишине кайрылып барышса да, алардын ошондо уккан-көргөндөрү жүрөктөрүнө жана акыл-эстерине терең таасир калтырганы күмөнсүз. Бир жылдай убакыттын ичинде алар ошол нерселер тууралуу кенен ой жүгүртө алышмак. Эми чечим чыгарууга мезгил келип жеткен. Алар, Ыйса сүрөттөгөндөй, кымбат баалуу бермет тапканына ушунчалык сүйүнүп, ошол берметти сатып алыш үчүн дароо иш-аракет жасаган соодагердей болушканбы? Ооба. Шакирттердин уккан-көргөндөрү жүрөктөрүнө таасир эткен. Алар иш-аракет кылууга убакыт келип жеткенин түшүнгөндүктөн, Инжилдерде айтылгандай, бүт баарын таштап, Ыйсанын жолдоочулары болуп калышкан.

12, 13. а) Ыйсаны уккандардын көбү анын чакырыгына кандай жооп кайтарышкан? б) Ыйса ишенимдүү шакирттери жөнүндө эмне деген жана анын сөздөрү эмнени билдирет?

12 Бул ишенимдүү шакирттер кийинчерээк Инжилдерде айтылып өткөн айрым адамдардан кандай гана айырмаланышкан! Ыйса айыктырган же тоюндурган адамдардын көбү кайра эле өздөрүнүн күндөлүк турмушу менен алек болуп кетишкен (Лука 17:17, 18; Жакан 6:26). Атүгүл айрымдары, Ыйса анын жолун жолдоого чакырганда, болбогон шылтоолорду айтышкан (Лука 9:59—62). Алардан такыр айырмаланган ишенимдүү шакирттер жөнүндө Ыйса кийинчерээк: «Асман падышалыгы — Чөмүлдүрүүчү Жакандын күндөрүнөн азыркыга чейин адамдар бүт күчү менен умтулуп келаткан максат жана умтулгандар ага жетишет»,— деп айткан (Матай 11:12, «ЖД»).

13 Бул жердеги «умтулуу» жана «умтулгандар» деген сөздөр эмнени билдирет? Грек тилиндеги бул сөздөрдүн уңгусу жөнүндө Вайндын сөздүгүндө: «Бул этиш бүт күч-аракетти жумшоону туюнтат»,— деп айтылат («Vine’s Expository Dictionary of Old and New Testament Words»). Ошондой эле Ыйык Китепти изилдеген окумуштуу Хейнрик Мейер бул аятка карата мындай ой айтат: «Муну менен абдан күчтүү, жигердүү аракет жана жакындап келаткан Мессиялык падышалык үчүн болгон күрөш сүрөттөлөт... Падышалыкка болгон кызыгуу тынч жана күтүү абалындагыдай эмес, ушунчалык күчтүү жана жандуу келет». Бермет соодагерине окшоп, ушул ишенимдүү шакирттер гана эмне чындап баалуу экенин дароо баамдап, Падышалык үчүн колунда бар болгондун баарынан даярдуулук менен кечишкен (Матай 19:27, 28; Филипиликтерге 3:8).

Издөөгө башкалар да кошулган

14. Ыйса элчилерди Падышалык тууралуу кабар айтуу ишине кантип даярдаган жана натыйжасы кандай болгон?

14 Ыйса кызматын улантуу менен башкаларды окутуп, аларга Падышалыкка умтулууга жардам берген. Адегенде шакирттеринин арасынан он экини тандап алып, аларды элчилер («жиберилгендер») деп атаган. Ыйса аларга өздөрүнүн кызматын кантип аткаруу керектигин кеңири түшүндүргөн, ошондой эле кандай кыйынчылыктарга туш болушарын алдын ала эскертип айткан (Матай 10:1—42; Лука 6:12—16). Кийинки эки жылдай мезгилдин ичинде алар Ыйсаны кабар айтуу кызматында коштоп жүрүп, аны менен жакын мамиледе болушкан. Алар анын сөздөрүн угушкан, кереметтерине күбө болушкан жана жеке үлгүсүн көрүшкөн (Матай 13:16, 17). Албетте, мунун баары аларга чоң таасир калтырган, ошондуктан бермет соодагерине окшоп, алар Падышалыкты ынталуулук менен, чын жүрөктөн издешкен.

15. Ыйсанын айтымында, эмне кубанууга чыныгы себеп болушу керек?

15 Он эки элчисинен тышкары Ыйса «башка жетимиш шакиртти тандап, аларды ар бир шаарга, Өзү бармакчы болгон ар бир жерге эки-экиден кылып, Өзүнөн мурун жөнөткөн». Ошондой эле аларга алдыдагы сыноолор менен кыйынчылыктар жөнүндө айтып, адамдарга: «Кудайдын Падышачылыгы силерге жакындап калды»,— деп жарыялоону буйруган (Лука 10:1—12). Жетимиш шакирт кабар айтуудан кубаныч менен кайтып келишип, Ыйсага: «Сенин атыңды атаганда, бизге жиндер да баш ийишти»,— дешкен. Бирок Ыйса Падышалыкка карата ынталуулук көрсөтүшкөнү үчүн аларды андан да чоң кубаныч күтүп турганын айткан. Анын: «Жиндердин силерге баш ийгенине эмес, асманда ысымыңардын жазылганына кубангыла»,— деген сөздөрү аларды, сыягы, таң калтырбай койгон эмес (Лука 10:17, 20).

16, 17. а) Ыйса ишенимдүү элчилери менен болгон акыркы кечте аларга эмне деген? б) Ыйсанын сөздөрү элчилерге кандай кубаныч жана ишенич алып келген?

16 Ыйса б.з. 33-жылы 14-нисанда, элчилери менен болгон акыркы кечте, Эскерүү кечеси деп аталып калган аземди негиздеп, аны белгилөөнү буйруган. Ошол кечте ал өзү менен калган 11 элчисине мындай деген: «Силер... башыма кыйынчылык келген учурларда Мени менен бирге болдуңар. Атам Мага бийлик бергендей эле, Мен да силерге бийлик берем. Менин Падышачылыгымда Менин дасторконумдан ичип-жейсиңер, тактыларга отуруп, Ысрайылдын он эки уруусун соттойсуңар» (Лука 22:19, 20, 28—30).

17 Жогорудагы сөздөрдү укканда элчилер кандай гана кубанычка бөлөнүп, кандай гана канааттануу сезишкен! Аларга эң жогорку сый көрсөтүлүп, эң сонун мүмкүнчүлүк берилген (Матай 7:13, 14; 1 Петир 2:9). Падышалыкты издөөдө Ыйсанын жолун жолдоо үчүн алар, бермет соодагерине окшоп, көп нерседен кечишкен. Эми алар ошо кезге чейин жасаган курмандыктары курулай болбогонуна ынандырылган.

18. Падышалыктын баталарын он бир элчиден тышкары дагы кимдер алышат?

18 Ошол кечте Ыйса менен болгон элчилерден тышкары, башка шакирттер да Падышалыктын баталарын алышкан. Жахабанын эрки боюнча, даңктуу асман Падышалыгында Ыйса Машайак менен бийлик жүргүзүү үчүн Падышалык келишимине 144 000 адам кирген. Андан сырткары, элчи Жакан аян аркылуу «тактынын жана Козунун алдында... „Тактыда отурган биздин Кудайдан жана Козудан куткарылуу келет!“ — деп айтып жатышкан» «эч ким санай алгыс, эбегейсиз көп адамдарды» көргөн. Алар — Падышалыктын жердеги букара эли * (Аян 7:9, 10; 14:1, 4).

19, 20. а) Бардык элдерге кандай мүмкүнчүлүк берилип жатат? б) Эмки макалада кайсы суроо каралат?

19 Ыйса асманга кетерине аз калганда ишенимдүү жолдоочуларына мындай буйрук берген: «Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө. Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө. Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом» (Матай 28:19, 20). Демек, Ыйса Машайактын шакирттери бардык элдерден чыкмак. Асыл бермет издөөгө ынтызар болгон соодагерге окшоп, алар да Падышалыкка умтулуп, асманда же жерде өмүр сүрүү сыйлыгын алууга дилгир болушмак.

20 Ыйсанын сөздөрү шакирт даярдоо иши «дүйнөнүн акырына чейин» уланарын көрсөткөн. Анда биздин убакта да бермет соодагерине окшогон, Кудайдын Падышалыгы үчүн эч нерсесин аябаган адамдар барбы? Бул суроо эмки макалада каралат.

[Шилтемелер]

^ 10-абз. Зебедейдин уулу Жакан Ыйсаны ээрчип, аны биринчи жолу жолуктургандан кийин ал кылган нерселердин айрымдарын өз көзү менен көргөн шекилдүү. Ошондуктан ал окуяларды өзүнүн Инжилине жандуу сүрөттөп жаза алган (Жакан 2—5-баптар). Анткен менен, ал кайсы бир убакытка, Ыйса чакырганга чейин, кайра эле үй-бүлөсү менен балык уулоо ишин уланта берген.

^ 18-абз. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим» китебинин 10-бөлүмүнө кайрылгыла.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Соодагер жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалдын негизги мааниси эмнеде?

• Ыйса Падышалыкты жогору баалаганын кантип көрсөткөн?

• Эмне себептен Андрей, Петир, Жакан жана башкалар Ыйсанын чакырыгын ошо замат кабыл алышкан?

• Бардык элдерге кандай сонун мүмкүнчүлүк берилип жатат?

[Изилдөө суроолору]

[16-беттеги сүрөт]

Алар «бүт баарын таштап», Ыйсанын жолун жолдошкон.