Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Машайак — пайгамбарлыктардын маңызы

Машайак — пайгамбарлыктардын маңызы

Машайак — пайгамбарлыктардын маңызы

«Ыйса жөнүндөгү күбөлөндүрүү — пайгамбарлыктардын маңызы» (Аян 19:10, «ЖД»).

1, 2. а) Б.з. 29-жылынын башында ысрайыл эли эмнени чечиши керек эле? б) Бул макалада эмнени талкуулайбыз?

БИЗДИН замандын 29-жылы. Ысрайылда убадаланган Мессия тууралуу кызуу кеп жүрүп жатат. Чөмүлдүрүүчү Жакандын кызматы кызыгууну ого бетер арттырууда (Лука 3:15). Ал өзүнүн Машайак эмес экенин айтып, көңүлдү назареттик Ыйсага буруп: «Мен... „Бул — Кудайдын Уулу“,— деп күбөлөндүрдүм»,— деп жүрөт (Жакан 1:20, 34). Ошондон көп өтпөй эле Ыйсаны калың эл ээрчий баштайт. Алар анын окутууларын угууну жана керемет жолу менен айыгууну каалашат.

2 Андан кийинки айларда Жахаба Ыйсанын өз Уулу экенин көп жолдор менен далилдейт. Жазманы изилдеген жана Ыйсанын кылган иштерин көргөн адамдарда ага ишенүүгө толук негиз бар болчу. Бирок Кудай менен келишимде турган ысрайыл эли жалпысынан ишеним көрсөткөн эмес. Аз эле адам Ыйса Машайакты Кудайдын Уулу деп тааныган (Жакан 6:60—69). Эгер сен ошол мезгилде жашасаң, эмне кылат элең? Ыйсаны Мессия катары кабыл алып, анын ишенимдүү жолдоочусу болот белең? Ыйсаны ишемби күн тууралуу мыйзамды буздуң деп айыпташканда, ал өзүнүн ким экендигине байланыштуу кандай далилдерди келтиргенин жана андан кийин берилген шакирттеринин ишенимин бекемдеш үчүн кандай далилдерди айтканын карап көрөлү.

Ыйса өзү далилдерди келтирет

3. Ыйсанын өзүнүн ким экенине байланыштуу жүйөлүү далилдерди келтиришине эмне себеп болгон?

3 Б.з. 31-жылы. Пасах майрамы белгиленчү убак. Ыйса Иерусалимде жүрөт. Ал жаңы эле 38 жылдан бери ооруп жүргөн адамды айыктырды. Бирок жүйүттөр аны ишемби күнү айыктыргандыгы үчүн куугунтукка алышууда. Алар ага Кудайга акарат келтирди деп жалаа жаап, Кудайды Атам деп атаганы үчүн өлтүрөбүз дешүүдө (Жакан 5:1—9, 16—18). Ыйсанын өзүн коргоо үчүн айткан сөздөрүндө жүрөгү таза ысрайылдыктарга анын ким экенин көрсөткөн үч жүйөлүү далил бар эле.

4, 5. Жаканга кандай тапшырма берилген жана ал аны канчалык жакшы аткарган?

4 Адегенде Ыйса өзүнүн алдында келген Чөмүлдүрүүчү Жакандын күбөлөндүрүүсүнө көңүл буруп: «Жаканга киши жибердиңер эле, ал чындык жөнүндө күбөлөндүрдү. Жакан жарык чачып, жанып турган чырак эле, силер болсо анын жарыгы менен бир аз убакыт кубангыңар келди»,— деп айтат (Жакан 5:33, 35).

5 Чөмүлдүрүүчү Жакан «жарык чачып, жанып турган чырак эле», себеби Ирод тарабынан адилетсиз түрдө камалганга чейин ал Кудай берген тапшырманы аткарып, Мессияга жол даярдаган. Жакан: «Ысрайыл эли Аны [Мессияны] билип калсын деп, сууга чөмүлдүрүү үчүн келгем... Рухтун асмандан көгүчкөн сыяктуу түшүп, Анын үстүндө турганын көрдүм. Мен Аны таанычу эмесмин. Бирок адамдарды сууга чөмүлдүртүү үчүн мени жиберген Кудай мага: „Рухтун кимдин үстүнө түшкөнүн көрсөң, Ыйык Рухка чөмүлдүрүүчү Ошол“,— деген. Мен көрдүм да: „Бул — Кудайдын Уулу“,— деп күбөлөндүрдүм»,— деп айткан * (Жакан 1:26—37). Жакан Ыйсанын Кудайдын Уулу, убадаланган Мессия, экенин ачык айткан. Жакандын күбөлөндүрүүсү ушунчалык айкын болгондуктан, анын өлгөнүнөн сегиз айдай өткөндөн кийин, жүрөгү таза көптөгөн жүйүттөр: «Анын бул Адам жөнүндө айткандарынын баары чындык экен»,— дешкен (Жакан 10:41, 42).

6. Эмне үчүн Ыйсанын иштери адамдарды анын Кудайдын колдоосуна ээ экенине ишендириши керек эле?

6 Андан соң Ыйса өзүнүн Мессия экенин дагы башка жол менен тастыктайт. Ал Кудайдын колдоосуна ээ экенин далилдеш үчүн, өзү жасап жаткан жакшы иштерге көңүл бурат. Ыйса: «Менде Жакандын күбөлөндүрүүсүнөн чоң күбөлөндүрүү бар. Себеби Атамдын Мага тапшырган иштери — Менин кылып жаткан бул иштерим Мени Атам жибергендигин күбөлөндүрөт»,— дейт (Жакан 5:36). Атүгүл Ыйсанын душмандары да муну жокко чыгара алышкан эмес, анткени анын көп кереметтери тууралуу кабардар болушкан. Кийинчерээк алардын айрымдары: «Эмне кылсак? Бул адам көптөгөн кереметтерди көрсөтүп жатат»,— дешкен (Жакан 11:47). Бирок: «Машайак келгенде, эмне, Бул көрсөткөн кереметтерден да көп керемет көрсөтөбү?» — деп, Ыйсага ишенгендер да болгон (Жакан 7:31). Ыйсаны уккандар Уулу аркылуу Атасынын сапаттарын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан (Жакан 14:9).

7. Эврей Жазмалары Ыйса тууралуу кандайча күбөлөндүрөт?

7 Акырында Ыйса дагы бир төгүндөлгүс далил келтирет. «Ыйык Жазуу... Мен жөнүндө күбөлөндүрөт,— деп айтат ал.— Эгерде Мусага ишенсеңер, Мага да ишенмексиңер, анткени ал Мен жөнүндө жазып кеткен» (Жакан 5:39, 46). Албетте, Машайак тууралуу ага чейин жашаган көптөгөн күбөлөр жазышкан, Муса ошолордун бири эле болгон. Алардын жазууларында Мессияны аныктоого жардам бере турган жүздөгөн пайгамбарлыктар жана так санжыралар камтылган (Лука 3:23—38; 24:44—46; Элчилер 10:43). Мусанын мыйзамычы? «Мыйзам биз үчүн Машайакка жетелеп келүүчү болду»,— деп жазган элчи Пабыл (Галаттыктарга 3:24). Ооба, «Ыйса жөнүндөгү күбөлөндүрүү— пайгамбарлыктардын маңызы [мааниси, мазмуну жана максаты]» (Аян 19:10, «ЖД»).

8. Эмне себептен көптөгөн жүйүттөр Мессияга ишенбей коюшкан?

8 Ушу далилдердин баары: Жакандын айкын күбөлөндүрүүсү, Ыйсанын кылган иштери жана Кудайга жаккан сапаттары, ошондой эле Жазмадагы көптөгөн билдирүүлөр сени Ыйсанын Мессия экенине ынандырат беле? Кудайды чындап сүйгөн ар бир адам Ыйсанын убадаланган Мессия экенин оңой эле түшүнүп, ага ишеним көрсөтмөк. Ысрайыл элине ушундай сүйүү жетишпеген. Өзүнүн душмандарына Ыйса: «Мен силерди билем: жүрөгүңөрдө Кудайга болгон сүйүү жок»,— деп айткан (Жакан 5:42). Алар «Кудайдын даңктоосун күтпөстөн, бири-биринен даңктоо кабыл алышкан». Ошондуктан алардын Ыйсага, Атасына окшоп мындай жүрүм-турумду жек көргөн адамга, эмне үчүн каршы болушканы түшүнүктүү (Жакан 5:43, 44; Элчилер 12:21—23).

Пайгамбарлык көрүнүш аркылуу бекемделишкен

9, 10. а) Эмне үчүн кубулуу Ыйсанын жолдоочулары үчүн өз убагында көрсөтүлгөн жардам болгон? б) Ыйса шакирттерине толкундантарлык кандай убада берет?

9 Ыйса өзүнүн Мессия экенин жогорудагыдай жолдор менен далилдегенден бери бир жылдай өттү. Б.з. 32-жылынын Пасах майрамы да өтүп кетти. Ыйсага ишенгендердин көптөрү, кыязы, куугунтуктан, байлыкка умтулгандыктан же турмуш түйшүктөрүнөн улам аны ээрчибей калышты. Башкалары болсо, эл Ыйсаны падыша кылгысы келгенде анын эмне себептен баш тартканын түшүнбөгөндүктөн көңүлдөрү кайт болгон көрүнөт. Жүйүт дин жетекчилери Ыйсанын ким экенине карата шек туудурушканда, ал өзүнүн даңкын чыгара турган жышаан көрсөтүүгө макул болбой койгон (Матай 12:38, 39). Кимдир бирөөлөрдү бул абдан таң калтырышы мүмкүн эле. Мындан сырткары, Ыйса шакирттерине алар үчүн түшүнүүгө оор болгон нерселер жөнүндө — «Өзүнүн Иерусалимге баруусу, аксакалдар, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана мыйзам окутуучулардын колунан азап чегүүсү, өлтүрүлүүсү» тууралуу — айта баштайт (Матай 16:21—23).

10 Дагы тогуз-он айдан кийин ал «бул дүйнөдөн кетип, Атасына бармак» (Жакан 13:1). Берилген шакирттерине тынчсыздангандыктан Ыйса аларга ишенимсиз жүйүттөргө көргөзбөй койгон нерсени, асмандан жышаан көрсөтүүнү, убада кылат. Ал: «Силерге чындыкты айтып коёюн, бул жерде тургандардын кээ бирөөлөрү Өз Падышачылыгы менен келген Адам Уулун көрмөйүнчө, өлүшпөйт»,— деп айтат (Матай 16:28). Муну менен Ыйса айрым шакирттеринин Мессиялык Падышалык орнотулганга чейин, башкача айтканда, 1914-жылга чейин жашай турганын айткан эмес. Ал үч жакын шакиртине Падышалык бийлигинде ээ боло турган даңкын таасир калтырарлык түрдө көрсөтөйүн деген. Ыйсанын даңкынын бул алдын ала көрсөтүлүшү кубулуу деп аталат.

11. Ыйсанын кубулуусун сүрөттөп бергиле.

11 Алты күндөн кийин Ыйса Петирди, Жакыпты жана Жаканды ээрчитип бийик тоого, кыязы, Хермон тоо кыркаларынын бирине чыгат. Ошол жерде «алардын көз алдында Ыйсанын көрүнүшү өзгөрүлдү: Анын жүзү күндөй жаркырап, кийими жарыктай агарды». Анан Муса менен Илияс пайгамбар пайда болуп, Ыйса менен сүйлөшүшөт. Бул таң калтырарлык окуя, сыягы, түн ичинде болгондуктан өзгөчө айкын көрүнгөн. Көрүнүш ушунчалык реалдуу болгондуктан, Петир Ыйсага, Мусага жана Илияска үч алачык тургузууну сунуш кылат. Ал сөзүн аяктай электе, элчилерди жаркыраган булут каптайт да, булут ичинен: «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын. Аны уккула»,— деген үн чыгат (Матай 17:1—6).

12, 13. Ыйсанын кубулуусу шакирттерине кандай таасир эткен жана эмне үчүн?

12 Жакында эле Петир Ыйсанын «тирүү Кудайдын Уулу — Машайак» экенин айткан эле (Матай 16:16). Бирок Кудайдын өзү Ыйса жөнүндө күбөлөндүрүп, майланган Уулунун кандай роль ойноорун айтып жатканын угуу деген эмне экенин элестетсеңер! Кубулуу Петир, Жакып жана Жакандардын ишенимин кандай гана бекемдесе керек! Ишеними ушундай жол менен бекемделген соң, алар келечектеги окуяларга жана жыйналышта өздөрүнө бериле турган маанилүү ролдорду аткарууга жакшыраак даяр болушту.

13 Кубулуу шакирттерге эстен кеткис таасир калтырат. Ошондон 30 жылдан ашуун убакыт өткөн соң Петир: «Машайак даңктуу улуу Кудайдан: „Бул Менин сүйүктүү уулум, Мен Ага ыраазымын“,— деген үндү укту. Ошондо Кудай Ата Аны урмат-сыйга жана даңкка бөлөдү. Асмандан келген ошол үндү биз да укканбыз, анткени ыйык тоодо Аны менен бирге болгонбуз»,— деп жазган (2 Петир 1:17, 18). Көрүнүштөн Жакан да чоң таасир алган. Ал окуядан 60тан ашуун жыл өткөндөн кийин, ошондо көргөндөрү тууралуу Жакан мындай деп жазат: «Биз Анын даңкын, Атанын жалгыз Уулунун даңкын көрдүк» (Жакан 1:14). Бирок ал кубулуу Ыйсанын жолдоочуларына көрсөтүлгөн акыркы көрүнүш болгон эмес.

Кудайдын кызматчыларынын түшүнүгү тереңдейт

14, 15. Кандай мааниде Жакан Ыйса келгенче калган?

14 Тирилтилгенден кийин Ыйса Галилея деңизинин жанынан шакирттерине көрүнөт. Ал жерден Петирге: «Кааласам Мен келгенге чейин ал [Жакан] ушул жерде болот, аны менен сенин ишиң эмне?» — дейт (Жакан 21:1, 20—22, 24). Бул сөздөр Жакандын башка элчилерге караганда көбүрөөк жашай турганын билдиргенби? Кыязы, ошондой, анткени ошондон кийин ал дагы 70 жылдай Жахабага берилгендик менен кызмат кылган. Бирок Ыйсанын сөздөрү мындан да терең мааниге ээ эле.

15 Ыйсанын «Мен келгенге чейин» деген сөздөрү анын «Өз Падышачылыгы менен келген Адам Уулу» тууралуу айткандарын эсибизге түшүрөт (Матай 16:28). Кийинчерээк Жакан пайгамбарлык көрүнүштө Ыйсанын Падышалык даңкында келгенин көрөт. Мына ушундай мааниде ал Ыйса келгенге чейин калган. Өмүрүнүн акырында, Патмос аралында сүргүндө жүргөндө, Жакан «Эгенин күнүндө» («ЖД») кандай окуялар болуп өтөрүн көрсөткөн таң калтырарлык пайгамбарлык аян көрөт. Ошол укмуш көрүнүштөрдөн ушунчалык таасир алгандыктан, Ыйсанын: «Ооба, Мен жакында келем!» — деген сөзүн укканда, Жакан: «Оомийин. Ооба, кел, Ыйса Теңир [«Эге», «ЖД»]!» — деп жооп кайтарат (Аян 1:1, 10; 22:20).

16. Эмне себептен ишенимибизди бекемдей бергенибиз маанилүү?

16 Биринчи кылымда жүрөгү таза адамдар Ыйсаны Мессия катары кабыл алып, ага ишенишкен. Анткен менен тегеректеги элдин ишеним көрсөтпөгөнүн, шакирттер аткарыш керек болгон ишти жана келечектеги сыноолорду эске алганда, ишенимди кабыл алган ал адамдар бекемдөөгө муктаж эле. Ишенимдүү шакирттерин бекемдеш үчүн Ыйса өзүнүн Мессия экенин жетишерлик түрдө далилдеп, алардын түшүнүктөрүн кеңейткен пайгамбарлык кубулуштарды көрсөткөн. Бүгүн биз «Эгенин күнү» («ЖД») аяктап бараткан мезгилде жашап жатабыз. Жакында Машайак Шайтандын каардуу түзүлүшүн түп-тамыры менен жок кылып, Кудайдын элин куткарат. Ошондуктан биз да Жахабанын рухий жыргалчылыгыбыз үчүн берип жаткан бардык нерселерин толугу менен пайдаланып, ишенимибизди бекемдешибиз керек.

Караңгылык менен кайгыдан коргойт

17, 18. Ыйсанын I кылымдагы жолдоочулары Кудайдын ой-ниетине каршы чыккандардан эмнеси менен айырмаланган жана бул эки топтун ар бири эмне болгон?

17 Ыйса өлгөндөн кийин, шакирттери анын буйругун — ал жөнүндө «Иерусалимде, бүт Жүйүт аймагында, Самарияда, атүгүл, бүт дүйнө жүзүндө» күбөлөндүрүү тууралуу буйрукту — эржүрөктүк менен аткара башташат (Элчилер 1:8). Биринен сала бири келген куугунтукка карабай, Жахаба Ыйсанын жолдоочуларынын жаңы эле пайда болгон жыйналышына батасын берген. Мунун аркасында алардын рухий жактан түшүнүгү тереңдеп, сан жагынан да өсө беришкен (Элчилер 2:47; 4:1—31; 8:1—8).

18 Ал эми жакшы кабарды кабыл албагандар, тескерисинче, караңгылыкка ого бетер сүңгүй беришет. «Мыйзамсыздардын жолу болсо туңгуюк [«караңгылык», СК],— деп айтылат Накыл сөздөр 4:19да,— алар эмнеге мүдүрүлөрүн билишпейт». Б.з. 66-жылы Римдин аскерлери Иерусалимди курчаганда, бул «караңгылык» мурдагыдан да коюуланган. Римдиктер адегенде анча көрүнө бербеген себептер менен убактылуу артка чегинишип, кайра 70-жылы кайтып келип, шаардын таш-талканын чыгарышкан. Жүйүт тарыхчысы Иосиф Флавий билдиргендей, ошондо миллиондон ашуун жүйүт кырылган. Бирок Ыйсанын ишенимдүү жолдоочулары аман калышкан. Эмне үчүн? Анткени алар, римдиктер артка чегингенде, Ыйсанын буйругуна баш ийип качып кетишет (Лука 21:20—22).

19, 20. а) Азыркы каардуу дүйнөнүн акыры жакындап келатса да, Кудайдын эли эмне үчүн коркпошу керек? б) Майлангандар Кудайдын жардамы менен 1914-жылга чейин эле кандай маанилүү чындыкты аңдашкан?

19 Азыр да жагдай ушундай. Жакындап келаткан улуу кайгыда Шайтандын каардуу түзүлүшү түп-тамыры менен жок кылынат. Бирок Кудайдын элине коркуунун кереги жок, анткени Ыйса: «Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом»,— деген убада берген (Матай 28:20). Алгачкы жолдоочуларынын ишенимин бекемдеп, алдыдагы окуяларга даярдоо үчүн, Ыйса аларга өзүнүн асманда Мессиялык Падыша болгондо бөлөнө турган даңкын көрсөткөн. Биздин мезгил тууралуу эмне дешке болот? 1914-жылы ошол пайгамбарлык көрүнүш аткарылган. Анын аткарылганы Кудайдын элинин ишенимин кандай гана бекемдейт! Бул кереметтүү келечекке жол ачып, Жахабанын кызматчыларынын Мессиялык Падышалык тууралуу түшүнүгүнүн уламдан улам тереңдешине өбөлгө түзүүдө. Караңгылыкка сүңгүп бараткан бул дүйнөдө «адил адамдардын жолу — жаркыраган чырак, ал толук жарык болгонго чейин уламдан улам жаркырай берет» (Накыл сөздөр 4:18).

20 Ыйсанын майланган жолдоочуларынын чакан тобу 1914-жылга чейин эле Эгенин келишине байланыштуу маанилүү чындыктарды түшүнө баштаган. Маселен, алар б.з. 33-жылы Ыйсанын, ал асманга кетип баратканда шакирттерге көрүнгөн эки периште айткандай, көзгө көрүнбөгөн жол менен кайрылып келерин аңдашкан. Ыйсаны булут жаап, шакирттерине көрүнбөй калгандан кийин, периштелер аларга: «Силердин жаныңардан асманга көтөрүлүп кеткен бул Ыйса, өзүңөр көргөндөй, асманга кандай көтөрүлүп кетсе, ошондой эле кайра келет»,— дешкен (Элчилер 1:9—11).

21. Эмки макалада эмне талкууланат?

21 Ыйсанын кеткенин ишенимдүү жолдоочулары гана көрүшкөн. Кубулуудай эле, бул элдин баарына көрсөтүлгөн эмес, жалпы дүйнө эмне болгонун билген да эмес. Машайак Падышалык даңкында келгенде да так ушундай болмок (Жакан 14:19). Анын катышуусун өзүнүн майланган ишенимдүү жолдоочулары гана аңдашмак. Бул аларга кандай чоң таасир тийгизмектигин жана анын жыйынтыгы Ыйсанын жердеги букара элин түзө турган миллиондогон адамдардын чогултулушу болорун эмки макалада талкуулайбыз (Аян 7:9, 14).

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Ыйса чөмүлтүлгөндө, Кудайдын үнүн Жакан эле уккан көрүнөт. Ал эми Ыйса кайрылган жүйүттөр «Анын [Кудайдын] үнүн уккан эмес, жүзүн да көргөн эмес» (Жакан 5:37).

Эсиңердеби?

• Ишемби күн тууралуу мыйзамды бузду жана Кудайга акарат келтирди деген айып коюлганда, Ыйса Мессия экенин көрсөтүү үчүн эмне кылган?

• Ыйсанын кубулуусу анын алгачкы жолдоочуларына кандай жардам берген?

• Ыйса Жакандын өзү келгенче каларын айтуу менен эмне дегиси келген?

• 1914-жылы кайсы пайгамбарлык аткарылган?

[Изилдөө суроолору]

[3-беттеги сүрөт]

Ыйса өзүнүн Машайак экенин көрсөтүү үчүн далилдерди келтирген.

[4-беттеги сүрөт]

Кубулуу шакирттердин ишенимин бекемдеген.

[5-беттеги сүрөт]

Жакан Ыйса «келгенче» калган.