Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бүгүнкү күндө да жубайлар бактылуу боло алышат

Бүгүнкү күндө да жубайлар бактылуу боло алышат

Бүгүнкү күндө да жубайлар бактылуу боло алышат

«Сүйүүнү курчангыла, ал — жеткилеңдиктин куру» (Колостуктарга 3:14).

1, 2. а) Кудайдын элинин арасынан эмнени көрүү жагымдуу? б) Бактылуу нике кандай болот?

КУДАЙДЫН элинин арасынан 10, 20, 30 же андан да көп жылдардан бери бири-бирине берилгендигин сактап келаткан көп сандаган жубайларды көрүү кандай жагымдуу! Алар турмуштун ысык-суугуна чыдап, өмүрлүк жарларына ишенимдүү бойдон калышууда (Башталыш 2:24).

2 Алардын көбү никеде кыйынчылыктар болбой койбосун моюнга алышат. Бир иликтөөчү: «Бактылуу никеде көйгөйлөр болбой койбойт. Турмушта өйдө-төмөн боло берет... Бирок андай нике бүгүнкү күндөгү жашоонун башаламандыктарына карабастан бекем калат»,— деп жазган. Бактылуу түгөйлөр турмуш түйшүктөрүнө, айрыкча, бала тарбиялоодогу кыйынчылыктарга туруштук берүүгө үйрөнүп калышат. Мындай жубайлар чыныгы сүйүүнүн «эч качан токтобой» турганын өз тажрыйбаларынан билишет (1 Корунттуктарга 13:8, «Инжил»).

3. Никеге жана ажырашууга байланыштуу статистикалык билдирүүлөр эмнени көрсөтүп турат жана бул кандай суроолорду туудурат?

3 Анткен менен, миллиондогон никелер кыйроого учуруп жатат. «Бүгүнкү күндө АКШдагы никелердин тең жарымы ажырашуу менен аяктайт деп күтүлөт. Ошол ажырашуулардын жарымы үй-бүлөлүк жашоонун алгачкы 7, 8 жылынын ичинде болот... Кайрадан турмуш кургандардын 75 пайызынын ичинен 60 пайызы кайра ажырашат»,— деп билдирилет бир отчётто. Ал тургай, мурда ажырашуунун саны салыштырмалуу аз болгон өлкөлөрдө да абал өзгөрдү. Мисалы, Жапонияда акыркы жылдарда ажырашуулардын саны дээрлик эки эсеге өстү. Кээде Ыйсанын жолдоочуларына да таасир эткен кандай кыйынчылыктар жубайлардын ажырашуусун шарттайт? Шайтандын никени бузууга жасаган аракеттерине карабастан, бактылуу болуу үчүн өмүрлүк жарлар эмне кылышы зарыл?

Тоскоолдуктар

4. Үй-бүлөнүн ынтымагын эмнелер бузушу мүмкүн?

4 Кудай Сөзү бизге үй-бүлөнүн ынтымагына эмнелер бузарын түшүнүүгө жардам берет. Маселен, элчи Пабыл ушул акыркы күндөрдө кандай шарттар өкүм сүрөрү тууралуу эмне айтканына көңүл буралы: «Акыркы убакта оор күндөрдүн келерин бил. Анткени адамдар өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү, бой көтөргөн, менменсинген, заар тилдүү, ата-энесине баш ийбес, жакшылыкты билбеген, ыймансыз, таш боор [«табигый ынактыгы жок», «ЖД»], элдешпес, ушакчы, өзүн өзү кармай албаган, кара мүртөз, жакшы нерсени жек көргөн, чыккынчы, кара өзгөй, көөдөнүн көтөргөн, Кудайга караганда, ыракатты сүйгөн, такыбаа болуп көрүнгөн, бирок такыбаалыктын күчүнөн баш тарткан адамдар болушат. Ошондойлордон алыс бол» (2 Тиметейге 3:1—5).

5. Өзүн өзү сүйгөндөр эмне себептен никесине коркунуч туудурат жана Ыйык Китепте буга байланыштуу кандай кеңеш берилет?

5 Пабылдын сөздөрүн талдоо менен биз ал атап өткөн нерселердин көбү никедеги мамилени буза аларын көрөбүз. Мисалы, «өзүн өзү сүйүүчүлөр» өзүмчүл болгондуктан, башкаларга тийиштүү түрдө көңүл бурушпайт. Өздөрүн гана сүйгөн күйөөлөр же аялдар өз дегенин бербөөгө чечкиндүү. Аларда ийилчээктик деген жок. Мындай маанай никенин бактылуу болушуна өбөлгө түзөбү? Албетте, жок. Элчи Пабыл Ыйсанын жолдоочуларына, алардын ичинде жубайларга мындай даанышман кеңеш берген: «Эч бир нерсени атаандаштык жана көйрөңдүк менен кылбагыла, тескерисинче, момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору санагыла. Ар кимиң өзүңдү гана эмес, өзгөнү да ойло» (Филипиликтерге 2:3, 4).

6. Кандайча акчаны сүйүүчүлүк никедеги мамилени бузат?

6 Акчаны сүйүүчүлүк да күйөө менен аялдын ортосуна жик салат. Пабыл мындай эскертүү берген: «Баюуну каалагандар азгырылып, торго түшүшөт; кырсыкка жана өлүмгө дуушар кыла турган, көптөгөн акылсыз, зыяндуу кумарларга батышат. Анткени бүт жамандыктын тамыры — акча жандуулук. Акчага кызыгып, кээ бирөөлөр ишенимден четтеп, өздөрүн өздөрү көптөгөн азап-кайгыга салышты» (1 Тиметейге 6:9, 10). Тилекке каршы, Пабыл айтып өткөн кесепеттерди бүгүн көп сандаган үй-бүлөлөрдөн көрүүгө болот. Байлыкка умтулуунун айынан түгөйүнүн муктаждыктарын баркка албай, эмоциялык колдоо көрсөтпөй жана үзгүлтүксүз пикирлешүүгө тийиштүү баа бербей жүргөн жубайлар көп.

7. Айрым учурларда никенин бузулушуна кандай жүрүм-турум алып барат?

7 Пабыл кээ бирөөлөрдүн акыркы күндөрдө ыймансыз, «табигый ынактыгы жок», элдешпес болорун да айткан. Үйлөнүп жатканда берилген убада жубайларга бири-бирине болгон берилгендигин бузууга эмес, түбөлүк бирге болууга түрткү бериши керек (Малахия 2:14—16). Бирок айрымдар өз жарынан башкага көз артышат. Жашы 30дан ашкан бир келин күйөөсү аны таштап кеткенге чейин эле башка аялдарга ыгы жок ынактык, назиктик менен мамиле кылып жүргөнүн айтат. Анын жолдошу аялы бар эркек үчүн кандай жүрүм-турум жосунсуз экенин түшүнгүсү келген эмес. Анын кылык-жоругуна ыза болгон аялы ага коркунучтуу жолдо турганын сылыктык менен эскертүүгө аракеттенген. Ошого карабастан күйөөсү ойноштук кылып кеткен. Камкордук менен берилген эскертүүлөргө көңүл бургусу келбегендиктен ал тузакка түшкөн (Накыл сөздөр 6:27—29).

8. Ойноштукка эмне алып барат?

8 Ыйык Китепте ойноштукка карата кандай гана айкын эскертүү берилет! «Бирөөнүн аялы менен ойноштук кылган адамдын акылы жок, мындай кылган адам өз жанын ойрон кылат» (Накыл сөздөр 6:32). Адатта, ойноштук күтүлбөгөн жерден жасалбайт. Шакирт Жакып жазгандай, андай күнөө көп учурда адамдын оюнда өсүп жетилет (Жакып 1:14, 15). Адам жубайына өмүр бою ишенимдүү болорун убада кылса да, ишенимсиздикке акырындык менен барат. Ыйса мындай деген: «Байыркы мезгилде жашагандарга: „Ойноштук кылба“,— деп айтылганын силер уккансыңар. Мен болсо силерге мындай деп айтамын: аял кишиге кумарлануу менен караган адам өз жүрөгүндө ойноштук кылган болот» (Матай 5:27, 28).

9. Накыл сөздөр 5:18—20-аяттарда кандай мыкты кеңеш берилет?

9 Накыл сөздөр китебинде берилгендигибизди кантип сактай аларыбызга карата төмөнкүдөй даанышман кеңеш берилет: «Булагың баталуу болсун. Жаш кезде алган, сүйкүмдүү маралдай, сулуу жейрендей болгон аялыңа кубан. Анын төшү сени ар дайым канааттандырсын, анын махабаты менен дайыма ыракаттан. Уулум, башка бирөөнүн аялына азгырылып, башка бирөөнүн аялынын төшүн кучактап эмне кыласың?» (Накыл сөздөр 5:18—20).

Үйлөнүүгө шашпагыла

10. Болочок жарың менен жакшылап таанышууга жетиштүү убакыт бөлүү эмне үчүн акылдуулукка жатат?

10 Никедеги кыйынчылыктар шашылып үйлөнүп алгандан пайда болушу мүмкүн. Үйлөнгөндөр өтө эле жаш жана тажрыйбасыз болушу ыктымал. Же, сыягы, алар бири-бири менен жакшылап таанышууга жетиштүү убакыт бөлүшкөн эмес. Чыдамдуулук көрсөтүп, болочок жарыңдын эмнелерди жактырып, эмнелерди жактырбаарын, алдында кандай максаттары бар экенин жана кандай үй-бүлөдөн экенин билип алуу акылдуулукка жатат. Ыскактын уулу Жакыпты эстесең. Рахелге үйлөнүш үчүн, ага болочок кайнатасына жети жыл иштеп берүүгө туура келген. Жакып буга даяр болгон, анткени Рахелдин сулуулугуна эле кызыкпастан, аны чындап сүйгөн (Башталыш 29:20—30).

11. а) Никелешкендердин ортосунда кандай айырмачылыктар болушу мүмкүн? б) Жубайлардын этияттап сүйлөгөнү эмне үчүн маанилүү?

11 Нике махабат сезимдери артып турган эки жардын шериктигин эле билдирбейт. Ал тарбиясы, кулк-мүнөзү, жандүйнөсү жана билим деңгээли ар кандай болгон адамдардын башын бириктирет. Кээде нике эки маданияттын, атүгүл эки тилдин өкүлдөрүн баш коштурат. Мындай айырмачылыктар болбогон күндө да, нике — ар кайсы маселелерге ар башка караган эки инсандын шериктиги. Никеде кайчы пикирлер болбой койбойт. Жубайлар аларды же дайыма жеме, нааразычылык түрүндө билдириши мүмкүн, же оң маанайда, жылуу-жумшак айтышы мүмкүн. Чын эле, сөздөрүбүз өмүрлүк жарыбызды же жаралайт, же сакайтат. Ойлонбой сүйлөнгөн сөздөр никедеги мамилелерге доо кетириши ыктымал (Накыл сөздөр 12:18; 15:1, 2; 16:24; 21:9; 31:26).

12, 13. Никеге карата кандай теңсалмактуу көзкарашка ээ болуу зарыл?

12 Демек, болочок жарыңды жакшылап таанып-билүүгө жетиштүү убакыт бөлгөнүң абзел. Турмуштук тажрыйбасы чоң бир ишенимдеш эже мындай кеңеш берген: «Кимдир бирөө менен баш кошконго чейин өмүрлүк жарыңдын кайсы он талапка жооп беришин каалаарың тууралуу ойлонуп көр. Эгерде жетөөнө эле жооп берсе, өзүңдөн: „Калган үчөөнө жооп бербегенине көз жумуп коё аламбы? Анын ошол кемчиликтерин күндөн күнгө көтөрө аламбы?“ — деп сурап көр. Шегиң бар болсо, токто да, кайрадан ойлон». Албетте, теңсалмактуу болушуң керек. Турмуш курууну кааласаң, жеткилең жар табуу мүмкүн эмес экенин унутпа. Ошол эле учурда өзүң да жеткилең жубай боло албасыңды эсиңден чыгарба! (Лука 6:41).

13 Никеге тургандардан курмандыктарга баруу талап кылынат. Муну баса белгилеп, Пабыл мындай деп айткан: «Мен силердин түйшүк тартышыңарды каалабайм. Үйлөнбөгөн адам Теңирге жагуу үчүн, Теңирдикин ойлойт. Ал эми үйлөнгөн адам аялына жагуу үчүн, бул дүйнөнүкүн ойлойт. Турмушка чыккан кыз менен турмушка чыкпаган кыздын да айырмасы бар. Турмушка чыкпаган кыз денеси, руху ыйык болуп, Теңирге жагуу үчүн, Теңирдикин ойлойт. Ал эми турмушка чыккан кыз күйөөсүнө жагуу үчүн, бул дүйнөнүкүн ойлойт» (1 Корунттуктарга 7:32—34).

Нике эмне үчүн бузулат?

14, 15. Никедеги мамилелер эмнелерден улам начарлайт?

14 Жакында эле Ыйсаны жолдогон бир аялдын жүрөгү катуу жараланган: 12 жыл чогуу жашагандан кийин күйөөсү аны таштап, башка аялга кетип калган. Күйөөсүнүн демейдегиден башкача болуп жүргөнүн аялы байкаганбы? Ал мындай дейт: «Ал Кудайга тиленбей калган. Жыйналыш жолугушууларына барууга же кабар айтууга келгенде болбогон шылтоолорду тапчу. Мени менен убакыт өткөрбөй калганын бошобой жатканы же абдан чарчаганы менен түшүндүрчү. Сүйлөшпөй да калган. Ортобуздагы рухий жалпылык жоюлуп, жагдай абдан кейиштүү болгон. Ал мен турмушка чыккан адамдан таптакыр айырмаланып калган эле».

15 Башкалар да өз жубайынан ушу сыяктуу нерселерди, мисалы, анын Ыйык Китепти жекече изилдөөгө, тиленүүгө же жыйналыш жолугушууларына салкын карап калганын байкашкан. Башкача айтканда, өмүрлүк жарларын таштап кеткендердин көбү өздөрүнүн Жахаба менен болгон мамилесин суутуп алышкан. Натыйжада алардын рухий көзкарашы мокоп, Жахаба алар үчүн тирүү Кудай болбой калган. Ал убадалаган адилеттүү жаңы дүйнө кыял болуп калган. Андай адамдардын айрымдары башка бирөөгө көз артканга чейин эле рухий жактан алсырап баштаган (Эврейлерге 10:38, 39; 11:6; 2 Петир 3:13, 14).

16. Никени эмне бекемдейт?

16 Бир бактылуу жубайлар өздөрүнүн бактысы рухий иштерди дайыма чогуу жасоодон көзкаранды экенин айтышат. Алар бирге тиленишет, Ыйык Китепти бирге изилдешет. Күйөөсү: «Биз Ыйык Китепти чогуу окуйбуз. Чогуу кызматка чыгабыз. Чогуу бир нерсе кылуудан дайыма кубаныч табабыз»,— дейт. Демек, Жахаба менен жакшы мамиледе болуу никени кыйла бекемдейт.

Реалдуу көзкарашта болуп, пикир алышууга умтулгула

17. а) Никенин бактылуу болушуна кайсы эки нерсе өбөлгө түзөт? б) Ыйсанын жолдоочуларына мүнөздүү сүйүүнү Пабыл кантип сыпаттайт?

17 Никенин бактылуу болушуна дагы эки нерсе: Ыйсанын жолдоочуларына мүнөздүү сүйүү жана пикир алышуу өбөлгө түзөт. Сүйлөшүп жүргөн эки адам бири-биринин кемчиликтерине көз жумууга жакын болушат. Алар, балким, китептен окугандарынын же сүйүү жөнүндөгү фильмдерден көргөндөрүнүн негизинде калыптанган орундалгыс кыялдар менен үйлөнүп алышы мүмкүн. Бирок кийин бири-биринин чынында кандай адам экенин көрө башташат. Ошондо кымындай каталардан же жагымсыз адаттардан чоң уруш-талаштар келип чыгышы ыктымал. Мындай учурларда Ыйсанын жолдоочулары рухтун жемишин, анын ичинде сүйүүнү чагылдырышы керек (Галаттыктарга 5:22, 23). Сүйүү абдан чоң күчкө ээ. Сөз махабат тууралуу эмес, Ыйсанын жолдоочуларына мүнөздүү сүйүү тууралуу жүрүп жатат. Ошондой сүйүүнү сыпаттап, Пабыл: «Сүйүү чыдамдуу, боорукер... өз пайдасын көздөбөйт, ачууланбайт, кек сактабайт... баарын жаап коёт, баарына ишенет, баарына үмүттөнөт, баарын көтөрөт»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 13:4—7). Чыныгы сүйүү пенделик алсыздыктарга көңүл бурбайт. Ошол эле учурда башкалардын жеткилең болушун талап кылбайт (Накыл сөздөр 10:12).

18. Кандайча пикир алышуу ортодогу мамилени чыңдайт?

18 Пикир алышуу да өтө зарыл. Канча жыл чогуу жашашпасын, жубайлар бири-бири менен пикирлешип, бири-бирин чындап уга билиши керек. «Биз ой-сезимдерибизди ачык, ошол эле учурда жылуу-жумшак билдиребиз»,— дейт бир күйөө. Турмуштук тажрыйбасы байыган сайын жубайлар угууга кулагын эле эмес, жүрөгүн да катыштырууга үйрөнүп калышат. Башкача айтканда, убакыттын өтүшү менен алар айтылбаган ойлорду, ичте калган сезимдерди туя билүүгө үйрөнүшөт. Кээ бир аялдар күйөөлөрүнүн аларды чындап укпай турганын айтышат. Ал эми күйөөлөр аялдарынын пикирлешүүгө атайын эң ыңгайсыз учурларды тандагандай сезилерин ырасташат. Пикир алышууда боор ооруй билүү жана түшүнүү менен мамиле кылуу зарыл. Мындай пикирлешүү күйөөгө да, аялга да пайда алып келет (Жакып 1:19).

19. а) Кечирим суроо эмне үчүн оңойго турбайт? б) Кечирим суроого бизге эмне жардам берет?

19 Пикир алышууга кечирим сурай билүү да кирет. Бул кээде оңой эмес, анткени өз каталарыңды моюнга алуу үчүн момундук керек. Бирок үй-бүлөлүк жашоого бул кандай гана жакшы таасир тийгизет! Чын жүрөктөн кечирим суроо уруш-талаштарга алып келе турган келишпестиктерди жоёт, ошондой эле чындап кечирүүгө жана көйгөйдү чечүүгө шарт түзөт. Пабыл мындай деген: «Көтөрүмдүү болгула, бири-бириңерди кечиргиле, эгерде бири-бириңерге нааразычылыгыңар бар болсо, Машайак силерди кечиргендей, силер да кечиргиле. Булардын бардыгынын үстүнөн сүйүүнү курчангыла, ал — жеткилеңдиктин куру» (Колостуктарга 3:13, 14).

20. Ыйсаны жолдогон өмүрлүк жарлар эч ким жокто да, башкалардын көзүнчө да бири-бирине кандай мамиле жасашы керек?

20 Никеде жубайлардын бири-бирине колдоо көрсөтүшү да маанилүү. Алар бири-бирине ишениши, жөлөк-таяк болушу зарыл. Өмүрлүк жарыбыздын шагын сындырууну же дагы башка жол менен кадыр-баркын түшүрүүнү каалабайбыз. Жубайыбызды мактайбыз жана жемелегенден качабыз (Накыл сөздөр 31:28б). Албетте, биз аны обу жок маанисиз азил-тамашалар менен башкалардын алдында кемсинтпейбиз (Колостуктарга 4:6). Тескерисинче, сүйөрүбүздү дайыма билдирип, бири-бирибизге колдоо көрсөтөбүз. Кучактоо же акырын айтылган жылуу сөз өмүрлүк жарыбызга: «Мен сени сүйөм. Жаныңда болгонума бактылуумун»,— дегенди билдириши мүмкүн. Бул макалада никедеги мамилелерге терс таасир тийгизүүчү жана үй-бүлөнүн бактылуу болушуна өбөлгө түзүүчү нерселердин айрымдары каралды. Эмки макалада дагы кайсы ыйык китептик кеңештер жубайларга бактылуу болууга жардам берерин карап чыгабыз *.

[Шилтемелер]

^ 20-абз. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, Жахабанын Күбөлөрү чыгарган «Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» аттуу китепке кайрылсаңар болот.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Үй-бүлөнүн ынтымагын эмнелер бузушу мүмкүн?

• Үйлөнүүгө шашылуу эмне үчүн акылдуулукка жатпайт?

• Рухийлик никеге кандай таасир тийгизет?

• Никени бекемдөөгө эмнелер жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[20-беттеги сүрөт]

Нике бири-бирине ашык болгон эки жардын шериктиги эле эмес.

[22-беттеги сүрөт]

Жахаба менен тыгыз мамиледе болуу жубайлардын бактылуу болушуна өбөлгө түзөт.