Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Башкаруучулар китебиндеги урунттуу ойлор

ЖАХАБА өзүнүн эли андан жүзүн буруп, жалган кудайларга сыйына баштаганда эмне кылат? Андан кайра-кайра баш тартып, ага кыйынчылыктарга дуушар болгондо гана жардам сурап кайрылышсачы? Жахаба аларга ошондо деле жардамга келеби? Башкаруучулар китеби ушул жана башка орчундуу суроолорго жооп берет. Болжол менен б.з.ч. 1100-жылы Шемуел пайгамбар жазган бул китеп өзүнө 330 жылдын тегерегинде болгон окуяларды, тактап айтканда, Жашыянын өлүмүнөн тартып Ысрайылдын биринчи падышасы такка олтурганга чейин болуп өткөн окуяларды камтыйт.

Кудайдын таасирдүү сөзүнүн же кабарынын бир бөлүгү катары Башкаруучулар китеби биз үчүн чоң мааниге ээ (Эврейлерге 4:12). Бул китептеги кызыктуу билдирүүлөр Кудайдын кандай касиет-сапаттарга ээ экенин тереңирээк түшүнүшүбүзгө өбөлгө түзөт. Аларда камтылган сабактар болсо, ишенимибизди бекемдеп, «чыныгы жашоого» — Кудай убадалаган жаңы дүйнөдөгү түбөлүк жашоого — бекем карманганга жардам берет (1 Тиметейге 6:12, 19, «ЖД»; 2 Петир 3:13). Жахабанын өз элин куткаруу үчүн жасаган иштери келечекте Уулу Ыйса Машайак аркылуу кандай чоң куткаруу боло тургандыгын айтып турат.

БАШКАРУУЧУЛАР ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК БОЛГОН?

(Башкаруучулар 1:1—3:6)

Жашыя Канаан жеринин падышаларын өзүнө каратып алгандан кийин, Ысрайылдын ар бир уруусу ал жердин ар кайсы аймактарын ээликке алышат. Бирок ысрайылдыктар ал жерлердин тургундарын кууп чыкпай коюшат. Бул ысрайылдыктардын өзүлөрү үчүн тузакка айланат.

Жашыянын көзү өткөндөн кийин, «Кудайды тааныбаган, Анын Ысрайылдыктарга кылган иштерин билбеген башка муун келет» (Башкаруучулар 2:10). Андан тышкары, эл канаандыктар менен кыз алышып, кыз беришип, алардын кудайларына сыйынганын уланта берет. Ошондуктан Жахаба ысрайылдыктарды душмандарынын колуна салып берет. Бирок алар көрсөткөн кысым катуулай баштаганда, Ысрайыл уулдары чыныгы Кудайга жардам сурап кайрылышат. Жахаба өз элин куткаруу үчүн колдонгон башкаруучулар тууралуу билдирүү мына ушундай диний, коомдук жана саясый нукта ачылып берилет.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Башкаруучулар 1:2, 4 — Жерди ээлөөгө эмне үчүн Жүйүт уруусу биринчи болуп барган? Негизи, бул укук Жакыптын тун уулу Рубейиндин тукумуна берилмек. Бирок өлөр алдында айткан пайгамбарлыгында Жакып Рубейин тунгучтугунан ажырап, эч кимден артык болбой турганын айткан. Катаалдык менен иш кылган Шымон менен Лебинин тукумдары болсо, ысрайыл элинин арасына чачырап кетмек (Башталыш 49:3—5, 7). Ал эми алардан кийинки катарда Жакыптын төртүнчү уулу Жүйүт турган. Жүйүт менен барган Шымонго Жүйүткө берилген чоң аймактын ар кайсы жеринен майда жер үлүштөрү тийген * (Жашыя 19:9).

Башкаруучулар 1:6, 7 — Эмне үчүн жеңилген падышалардын колдорунун жана буттарынын баш бармактары кесилген? Сыягы, колу-бутунун баш бармактарынан айрылган адам согушка жарабай калчу. Баш бармактары жок жоокер кылычты же найзаны кантип кармай алмак эле? Ал эми бутунун баш бармактарынан айрылган адамга тең салмактуулугун сактоо кыйын болуп калмак.

Биз алчу сабактар:

Башкаруучулар 2:10—12. Жахабанын «жакшы иштерин унутпаш» үчүн, биз Ыйык Жазманы белгилүү бир график менен дайым изилдеп турушубуз керек (Забур 102:2). Ата-энелер Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты балдарынын жүрөктөрүнө сиңириши зарыл (Мыйзам 6:6—9).

Башкаруучулар 2:14, 21, 22. Жахаба өзүнүн тоңмоюн элин тарбиялоо, жакшы жакка өзгөртүү жана Өзүнө кайрылып келүүгө түрткү берүү үчүн, анын ар кандай жаман нерселерге кабылышына жол берет.

ЖАХАБА БАШКАРУУЧУЛАРДЫ ДАЙЫНДАЙТ

(Башкаруучулар 3:7—16:31)

Башкаруучулардын эрдиктери тууралуу кызыктуу билдирүү Отниелдин ысрайылдыктарды Месопотамия падышасынын сегиз жылдык үстөмдүгүнөн бошоткону тууралуу баяндан башталат. Эржүрөк башкаруучу Эйут амалдуу жол менен Мааптын май курсак падышасы Эглонду өлтүрөт. Жолборс жүрөк Шамгар өгүз айдаган учтуу таяк менен пелиштиликтердин 600 кишисин өзү жалгыз жайлайт. Пайгамбар болуп кызмат кылган Деборанын үндөөсү жана Жахабанын колдоосу менен Барак начар куралданган он миң аскери менен Сисранын кубаттуу аскерин кыйратат. Андан кийин Жахаба башкаруучу кылып Гидонду дайындап, аны 300 кишиси менен мидиандыктардын үстүнөн жеңишке жеткирет.

Иптах аркылуу Жахаба элин амондуктардан бошотот. Ысрайылга башкаруучу болгон 12 адамдын ичине Тола, Жайыр, Ипсан, Эйлон жана Абдондор да кирет. Эң акыркы башкаруучу пелиштиликтерге каршы күрөшкөн Самсон болгон. Ошону менен башкаруучулардын доору аяктаган.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Башкаруучулар 4:8 — Эмне үчүн Барак пайгамбар аял Деборадан майданга өзү менен бирге баруусун талап кылган? Кыязы, Барак Сисранын аскерине жалгыз каршы чыга аларына шектенген көрүнөт. Жанында пайгамбар аялдын болгону аны жана анын жоокерлерин Кудайдын жетегине ээ экендерине ишендирип, дем берип турмак. Демек, Барактын Деборадан өзү менен баруусун талап кылганы анын алсыздыгын эмес, тескерисинче, бекем ишенимин көрсөткөн.

Башкаруучулар 5:20 — Кандайча асмандагы жылдыздар Барак менен кошо салгылашышкан? Бул периштелердин колдоосу болгонбу же Сисранын акылмандары каргашанын белгиси катары эсептеген метеордук жамгырбы, же астрологдордун Сисрага айткан жалган божомолдоосу болгонбу, бул туурасында Ыйык Жазмада эчтеке айтылбайт. Эмнеси болсо да, ошол учурда Кудайдын кандайдыр бир деңгээлде кийлигишкени күмөнсүз.

Башкаруучулар 7:1—3; 8:10 — Эмне үчүн Жахаба Гидондун 32 000 кишисин 135 000 жоокерден турган душманга каршы чыгууга көптүк кылат деп айткан? Анткени Гидон менен анын кишилерине жеңишти Жахаба өзү бергени жаткан. Жахаба алардын мидиандыктарды өз күчүбүз менен жеңип алдык деп ойлошун каалаган эмес.

Башкаруучулар 11:30, 31 — Теңирге убада бергенде Иптах курмандыкка адамды чалууну ойлогонбу? Жок, Иптах мындай ойдон алыс болгон, анткени Мыйзамда: «Сенин элиңде өз уулун же өз кызын отко салгандар... болбосун»,— деп айтылган эле (Мыйзам 18:10). Ошентсе да убада берип жатканда Иптах жаныбар эмес, адам жөнүндө ойлогон болчу. Кыязы, ысрайылдыктар курмандыкка чалууга жарактуу малды үйлөрүндө кармашкан эмес. Ошондой эле курмандыкка малдын чалынышынын бөтөнчө эч нерсеси болмок деле эмес. Иптах алдынан кызы деле тосуп чыгышы мүмкүн экенин билген. Ким тосуп чыкпасын, ал «бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка» чалынышы, тактап айтканда, Жахабанын ыйык жайындагы бөтөнчө кызматка арналышы керек болчу.

Биз алчу сабактар:

Башкаруучулар 3:10. Рухий ийгиликтерге адам өзүнүн акылы менен эмес, Жахабанын рухунун жардамы менен жетет (Забур 126:1).

Башкаруучулар 3:21. Эйут кылычын чебердик жана эржүрөктүүлүк менен колдоно билген. Биз «Кудай Сөзү болгон Рухтун кылычын» чебер колдонууга үйрөнүшүбүз керек. Бул кызматта Ыйык Жазманы тайманбастык менен колдоно билишибиз керектигин билдирет (Эфестиктерге 6:17; 2 Тиметейге 2:15).

Башкаруучулар 6:11—15; 8:1—3, 22, 23. Гидондун жөнөкөйлүгү бизди үч нерсеге үйрөтөт: 1) Кызматыбызда бизге кандайдыр бир ардактуу милдет тапшырылганда, анын өзүбүзгө кандай атак-даңк алып келери же кандай көрүнүктүү абалга ээ кылары жөнүндө эмес, ал аркылуу кандай жоопкерчиликтер артылары тууралуу ойлошубуз керек. 2) Талашып-тартышууга жакын адамдарга мамиле кылууда момундук көрсөтүү акылмандыкка жатат. 3) Момун болсок, жогорку абалга маани берүүдөн алыс болобуз.

Башкаруучулар 6:17—22, 36—40. Биз да кыраакы болуп, «рухтун баарына эле ишене бербешибиз» керек. Анын ордуна, айтылган сөз «„Кудайданбы же Кудайдан эмеспи?“ — деп сынап көргөнүбүз» кажет (1 Жакан 4:1). Аксакалдыкка жаңыдан дайындалган биртуугандын, бере турган кеңеши толугу менен Кудайдын Сөзүнө негизделерине көзү жеткидей болушу үчүн, тажрыйбалуураак аксакал менен кеңешкени акылдуулукка жатат.

Башкаруучулар 6:25—27. Каршылаштарын жөнү жок каардантпаш үчүн Гидон эстүүлүк менен иш кылган. Жакшы кабарды айтууда сүйлөгөн сөзүбүз менен башкаларды жөн жерден кыжырдантып алуудан сак болушубуз керек.

7:6. Жахабага кызмат кылууда, Гидондун 300 кишисине окшоп, кыраакы жана сергек болушубуз зарыл.

Башкаруучулар 9:8—15. Бой көтөрүү жана атак-даңкка же бийликке умтулуу кандай акылсыздык!

Башкаруучулар 11:35—37. Иптахтын жакшы үлгүсү кызынын бекем ишеним жана жанаябастык рухун өрчүтүшүнө өбөлгө түзгөнү шексиз. Бүгүнкү күндө да ата-энелер балдарына ушундай үлгү көрсөтө алышат.

Башкаруучулар 11:40. Жахабага кызмат кылууда даярдуулук рухун чагылдырган биртууганды мактоо ага күч-кубат берет.

Башкаруучулар 13:8. Балдарын тарбиялоодо ата-энелер Жахабадан жетекчилик сурап тилениши жана анын көрсөтмөлөрү боюнча иш кылышы зарыл (2 Тиметейге 3:16).

Башкаруучулар 14:16, 17; 16:16. Ыйлап же наалып кысым көргөзүүдөн ортодогу мамиле бузулат (Накыл сөздөр 19:13; 21:19).

ЫСРАЙЫЛДЫН БАШКА КЫЛМЫШТАРЫ

(Башкаруучулар 17:1—21:25)

Башкаруучулар китебинин акыркы бөлүгүндө эки өзгөчө окуя тууралуу баяндалат. Биринчисинде үйүнө буркан коюп, бир лебини өзүнө ыйык кызмат кылуучу кылып алган Миха аттуу адам жөнүндө айтылат. Дан уруусу Лаиш (же Лешем) шаарын талкалап, ордуна кайрадан шаар куруп, аны Дан деп атап коюшат. Миха жасаган бурканды жана анын ыйык кызмат кылуучусун колдонуп, алар Данда сыйынуунун дагы бир түрүн негиздешет. Лешем шаарын алар Жашыя өлгөнгө чейин эле каратып алышкан көрүнөт (Жашыя 19:47).

Экинчи окуя Жашыя өлгөндөн көп өтпөй болгон. Бенжеминдин Гиба аттуу шаарындагы кээ бир адамдардын жыныстык кылмышынын айынан Бенжемин уруусу тукум курут болуп кете жаздайт. Болгону, 600 адам аман калат. Бирок аларга аял алууга мүмкүндүк берилгендиктен, алардын саны Дөөттүн тушунда 60 000дей жоокерге жетет (1 Жылнаама 7:6—11).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Башкаруучулар 17:6; 21:25 — «Ар ким өзүнө адилеттүү болуп көрүнгөн ишти кылган» болсо, бул башаламандыкка алып келген эмеспи? Сөзсүз деле эмес, анткени Жахаба өз элин жетектөө үчүн керектүү чараларды караштырып койгон болчу. Ал ысрайылдыктарга Мыйзамды берип, аларды ыйык кызмат кылуучулар аркылуу Өз жолдоруна үйрөткөн. Урим менен тумимдин жардамы менен башкы ыйык кызмат кылуучу маанилүү суроолор боюнча Кудайга кайрыла алган (Чыгуу 28:30). Ошондой эле ар бир шаарда жакшы кеңеш бергенге жөндөмдүү аксакалдар болгон. Ушул чаралардан пайдаланган ысрайылдык адам өзүнүн абийирине ылайык айкын жетекчилик таба алган. Ошентип, анын «өзүнө адилеттүү болуп көрүнгөн ишти кылганы» жакшы натыйжага алып келчү. Эгер адам Мыйзамды четке кагып, өзү билгендей иш кылып, өзү билгендей сыйынса, натыйжасы жаман болуп чыкчу.

Башкаруучулар 20:17—48 — Эмне үчүн Жахаба бенжеминдиктер жазаланууга тийиш болсо да, алардын башка урууларды эки жолу кыйратышына жол берген? Адегенде ишенимдүү уруулардын чоң жоготууга учурашына жол берүү менен Жахаба алардын Ысрайылдан ыймансыздыкты жок кылууга канчалык чечкиндүү экенин сынаган.

Биз алчу сабактар:

Башкаруучулар 19:14, 15. Гиба шаарынын тургундарынын меймандостук көрсөткүсү келбегени алардын адеп-ахлактуулугунун төмөн болгонунан кабар берген. Ыйсанын жолдоочулары «меймандос болууга» чакырылат (Римдиктерге 12:13).

Келечектеги куткарылуу

Жакын арада Ыйса Машайак башында турган Кудайдын Падышалыгы каардуу дүйнөнү жок кылып, адил жана бузулбаган акниет адамдарга улуу куткаруу алып келет (Накыл сөздөр 2:21, 22; Даниел 2:44). Ошондо Жахабанын бардык душмандары жок болот, ал эми «Теңирди сүйгөндөр... бардык күч-кубаты менен жаркырап чыккан күндөй болушат» (Башкаруучулар 5:31). Келгиле, Башкаруучулар китебинен үйрөнгөндөрүбүздү жашообузда колдонуп, Жахабаны сүйгөндөрдүн арасында бололу.

Башкаруучулар китебинде бир канча жолу баса көрсөтүлгөн төгүндөлгүс чындык мындай: Жахабанын тилин алуу — мол бата, ал эми тил албоо каргашалуу натыйжаларды алып келет (Мыйзам 11:26—28). Кудайдын ачылып берилген эркине «чын жүрөктөн баш ийгенибиз» кандай гана маанилүү! (Римдиктерге 6:17; 1 Жакан 2:17).

[Шилтемелер]

^ 10-абз. Убадаланган жерде лебилерге Ысрайылдын ар кайсы жеринде жайгашкан 48 шаардан башка үлүш берилген эмес.

[15-беттеги сүрөт]

«Теңир аларга башкаруучуларды койду. Башкаруучулар аларды талап-тоногон каракчылардан куткарып турушту» (Башкаруучулар 2:16).

БАШКАРУУЧУЛАР

1. Отниел

2. Эйут

3. Шамгар

4. Барак

5. Гидон

6. Тола

7. Жайыр

8. Иптах

9. Ипсан

10. Эйлон

11. Абдон

12. Шимшон

ДАН

МЕНАШЕ

НАПТАЛЫ

АШЫР

ЗАБУЛУН

ИСАХАР

МЕНАШЕ

ГАТ

ЭПРАЙЫМ

ДАН

БЕНЖЕМИН

РУБЕЙИН

ЖҮЙҮТ

[16-беттеги сүрөт]

Барактын Деборадан майданга өзү менен бирге баруусун талап кылганынан өзүңө кандай сабак алдың?