Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жубайлар үчүн эң мыкты жетекчилик

Жубайлар үчүн эң мыкты жетекчилик

Жубайлар үчүн эң мыкты жетекчилик

«Аялдар, күйөөңөргө Теңирге баш ийгендей баш ийгиле. Күйөөлөр, аялыңарды... сүйгүлө» (Эфестиктерге 5:22, 25).

1. Никеге карата туура көзкараш кандай?

ЫЙСА Кудайдын эркек менен аялды кошуп, «бир дене» кыларын айткан (Матай 19:5, 6). Нике — мүнөздөрү ар башка болсо да, жалпы кызыкчылыктар менен максаттарга умтулган эки адамдын шериктиги. Алар никени оңой эле бузса болорлук убактылуу келишим катары эмес, өмүр бою созулууга тийиш биримдик катары көрүшү керек. Көп өлкөлөрдө ажырашуу кыйынга деле турбайт, бирок Ыйсанын жолдоочулары никени ыйык деп эсептешет. Ажырашууга абдан олуттуу бир себептен улам гана жол берилет (Матай 19:9).

2. а) Жубайлар кандай жардамга ээ? б) Эмне үчүн никени бекемдөөгө умтулуу маанилүү?

2 Үй-бүлөлүк маселелер боюнча бир кеңешчи мындай дейт: «Бактылуу никеде ар дайым өзгөрүүлөр болуп турат: жаңы маселелер жаралат, пайда болгон кыйынчылыктар менен күрөшүүгө туура келет жана жубайлар жашоонун ар бир учурунда колдо бар каражаттарды колдонушат». Ыйсанын жолун жолдогон жубайлар үчүн андай каражаттарга Ыйык Жазмадагы акылман кеңештер, ишенимдештердин жардамы жана Жахаба менен тиленүү аркылуу тыгыз мамиледе болуу кирет. Бактылуу нике кыйынчылыктарга туруштук берип, жылдар оошкон сайын жубайларга ырыс-таалай жана канааттануу тартуулайт. Андан да маанилүүсү, никенин Негиздөөчүсү Жахаба Кудайга даңк алып келет (Башталыш 2:18, 21—24; 1 Корунттуктарга 10:31; Эфестиктерге 3:15; 1 Тесалоникалыктарга 5:17).

Ыйсаны жана анын жыйналышын туурагыла

3. а) Пабылдын жубайларга берген кеңешинин маңызы кандай? б) Ыйса кандай сонун үлгү калтырган?

3 Эки миң жыл мурун элчи Пабыл Ыйсаны жолдогон жубайларга төмөнкүдөй акылман кеңеш берген: «Жыйын Машайакка баш ийгендей эле, аялдар да бардык нерседе күйөөлөрүнө баш ийишсин. Күйөөлөр, аялыңарды Машайак жыйынды сүйгөндөй сүйгүлө. Машайак жыйын үчүн өзүн берген» (Эфестиктерге 5:24, 25). Кандай сонун салыштыруулар! Күйөөсүнө момундук менен баш ийген аял башчылык принцибин сыйлоо менен жыйналышты туурай алат. Ал эми аялын сүйгөн ишенимдүү күйөө, кандай гана жагдай болбосун, Ыйсанын жыйналышка көрсөткөн сүйүүсүн жана камкордугун чагылдырууга умтулат.

4. Күйөөлөр Ыйсаны кантип туурай алышат?

4 Ыйсанын жолун жолдогон күйөө үй-бүлөсүнүн башчысы болуп саналат, бирок анын да Башчысы бар. Ал — Ыйса (1 Корунттуктарга 11:3). Ошондуктан Ыйса жыйналышка кам көргөн сыяктуу, күйөөлөр да курмандыктарга барууга туура келген күндө да өздөрүнүн үй-бүлөлөрүнө рухий жана денелик жактан мээримдүүлүк менен кам көрүшөт. Алар үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгын өз каалоолорунан, жеке кызыкчылыктарынан жогору коюшат. Ыйса: «Ошентип, адамдардын силерге кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла»,— деп айткан (Матай 7:12). Бул принципти, айрыкча, никеде колдонуу зарыл. Пабыл муну: «Күйөөлөр да аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек... Анткени эч ким эч качан өзүнүн денесин жек көрбөйт, тескерисинче... өз денесин азыктандырат, жылытат»,— деп баса көрсөткөн (Эфестиктерге 5:28, 29). Эркек өз денесин кандай азыктандырып, жылытса, аялын так ошондой азыктандырып, жылытышы керек.

5. Аялдар жыйналышты кантип туурай алышат?

5 Кудай жолундагы аялдар жыйналышты үлгү көрүшөт. Ыйса жерде жүргөндө, шакирттери кылып жүргөн иштерин даярдуулук менен таштап, анын жолун жолдоп башташкан. Алар Ыйсага ал өлгөндөн кийин да баш ие беришкен. Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынын жыйналышы 2000 жылдай убактан бери бардык жактан ага баш ийип келет. Ушу сыяктуу эле, Ыйсаны жолдогон аялдар күйөөлөрүн тоотпой же Ыйык Жазмадагы башчылык принцибин этибарга албай коюудан алыс. Тескерисинче, күйөөлөрүнө баш ийип, аларга жөлөк болушат, колдоо көрсөтүшөт, алар менен кызматташышат. Күйөөсү да, аялы да бири-бирине сүйүү менен мамиле кылса, никеси бекем болуп, өз ара мамилелеринен кубаныч табышат.

Аялдарыңарга туура мамиле кылгыла

6. Петир күйөөлөргө кандай кеңеш берген жана ал кеңеш эмне үчүн маанилүү?

6 Элчи Петир да жубайларга кеңеш берген жана анын сөздөрү, айрыкча, күйөөлөргө жолдонгон. Ал: «Ошондой эле, күйөөлөр, өтө назик идишти аярлагандай, силер да аялыңарга туура мамиле кылгыла. Сыйынууңарга жолтоо болбошу үчүн, аларга урмат көрсөткүлө, анткени алар да ырайымдуу жашоонун мураскорлору»,— деп айткан (1 Петир 3:7). Петирдин кеңеши канчалык олуттуу экендиги аяттын экинчи бөлүгүнөн көрүнүп турат. Эгерде күйөө аялына урмат көрсөтпөсө, анда Жахаба менен болгон мамилесин бузуп алат. Бул анын тиленүүлөрүнө жолтоо болот.

7. Күйөөсү аялына кантип урмат көрсөтүшү керек?

7 Күйөө аялына кантип урмат көрсөтө алат? Аялын урматтоо ага сүйүү көрсөтүп, кадырлап мамиле кылуу дегенди билдирет. Аялга мындай мамиле жасоо көптөргө жат көрүнүш болушу мүмкүн. Байыркы грек тили боюнча бир адис мындай дейт: «Римдиктердин мыйзамында аялдар үчүн эч кандай укук караштырылган эмес. Анын укуктары жаш баланыкындай болгон... Ал толугу менен күйөөсүнүн бийлиги астында болчу». Бул Кудайдын окутууларына кандай гана кайчы келет! Ыйсаны жолдогон күйөө аялына урмат көрсөтчү. Аялына мамиле кылууда ал өзүнүн эркине эмес, Кудайдын принциптерине жетектелчү. Андан тышкары, аялынын өтө назик идиш экенин эске алып, ага аяр мамиле кылчу.

Кандай мааниде «өтө назик идиш»?

8, 9. Аялдар менен эркектердин абалы кайсы жактардан бирдей?

8 Аялзатын «өтө назик идиш» деп айтуу менен Петир алардын эркектерге караганда акыл-эс жана рухий жагынан төмөнүрөөк экенин айткысы келген эмес. Көп эркектердин жыйналыштарда аялдар аткарбаган ардактуу милдеттерди аткарары жана үй-бүлөдө аялдын күйөөсүнө баш иери чын (1 Корунттуктарга 14:35; 1 Тиметейге 2:12). Ошентсе да ишеним, чыдамкайлык, бийик адеп-ахлактуулук эркектерден да, аялдардан да бирдей талап кылынат. Ошондой эле, Петир айткандай, күйөө да, аял да — «ырайымдуу жашоонун мураскорлору». Куткарылууга келгенде да, алар Кудайдын көз алдында тең абалда турушат (Галаттыктарга 3:28). Петирдин каты Ыйсанын I кылымдагы майланган шакирттерине жолдонгон. Демек, анын сөздөрү «Машайак менен мурасташ» болгон күйөөлөргө алардын жана аялдарынын асмандагы жашоого карата бирдей үмүтү бар экенин көрсөткөн (Римдиктерге 8:17). Бир күнү алардын баары ыйык кызмат кылуучулар жана падышалар катары Кудайдын асман Падышалыгында кызмат кылышат! (Аян 5:10).

9 Ыйсаны жолдогон майланган зайыптар майланган күйөөлөрүнөн төмөн турушкан эмес. Жерде жашоого үмүтү бар адамдар жөнүндө да ушуну айтууга болот. «Эбегейсиз көп адамдардын» тобун түзгөн эркек-аялдар өздөрүнүн кийимдерин жууп, Козунун канына агартышууда. Дүйнө жүзү боюнча эркектер да, аялдар да Жахабаны «күнү-түнү» даңктап жатышат (Аян 7:9, 10, 14, 15). Эркектер да, аялдар да «түбөлүк өмүргө» жеткен убакта «Кудайдын балдарынын даңктуу эркиндигине чыгууну» күтүшүүдө (Римдиктерге 8:21; 1 Тиметейге 6:19). Майлангандар болобу же башка койлорбу, Ыйсанын жолдоочуларынын баары Жахабага «бир койчуга» баш ийген «бир короодогу койлордой» кызмат кылып жатышат (Жакан 10:16). Күйөө менен аялдын бири-бирине тийиштүү урмат-сый көрсөтүшүнө бул кандай жүйөлүү себеп!

10. Кандай мааниде аялдар «өтө назик идиш» болуп эсептелет?

10 Анда кандай мааниде аялдар «өтө назик идиш» болуп саналат? Балким, Петир аялдардын денелик түзүлүшү кичирээк жана күч жагынан алсызыраак келерин айткандыр. Андан тышкары, адамдар жеткилең эмес болгондуктан, бала төрөө аялдарды алдан-күчтөн тайдырат. Төрөөгө жарактуу куракта алар кээде өздөрүн начар сезиши мүмкүн. Ушундай учурларда же кошбойлуулуктан жана төрөттөн улам алсырап турганда, алар бөтөнчө камкордукка жана аяр мамилеге муктаж болушат. Аялына урмат көрсөткөн күйөө анын эмоциялык жактан жардамга муктаж экенин сезе билсе, никенин бактылуу болушуна өбөлгө түзөт.

Жубайлардын диний көзкараштары ар башка болгондо

11. Туткан дини ар башка болгонуна карабастан, жубайлар кандайча бактылуу боло алат?

11 Баш кошкондон кийин жубайлардын бири чындыкты таанып, экинчиси тааныбагандыктан, диний көзкараштары ар башка болуп жатсачы? Мындай нике бактылуу боло алабы? Көптөрдүн турмуштук тажрыйбасы мындай жубайлар да бактылуу боло аларын көрсөтүүдө. Диний көзкараштары ар башка болгон жубайлар никесин сактап, бактылуу боло алышат. Андан тышкары, алардын никеси Жахабанын көз алдында күчүн жоготпойт; алар «бир дене» болуп саналат. Ошондуктан Ыйсаны жолдогон адам, ишенимдеш болбогон жубайы макул болсо, ажырашпай аны менен бирге калганы жакшы. Эгер балдары бар болсо, Ыйсаны жолдогон ата же эне аларга рухий жактан тарбия бере алат (1 Корунттуктарга 7:12—14).

12, 13. Петирдин кеңешин колдонуп, аялдар кантип ишенимдеш болбогон күйөөлөрүнө жардам бере алышат?

12 Жолдошу башка динди туткан аялдарга Петир жакшы кеңеш берет. Ал кеңеш ошондой үй-бүлөдө жашаган күйөөлөргө карата да колдонорлук. Петир мындай деп жазган: «Аялдар, силер да күйөөңөргө баш ийгиле. Кимиңердин күйөөңөр Кудайдын сөзүнө баш ийбесе, ал силердин таза, Кудайдан корккон жашооңорду көрүп, силердин сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүш-турушуңар аркылуу Кудайга баш ийгидей болсун» (1 Петир 3:1, 2).

13 Эгер аял күйөөсүнө өзүнүн эмнеге ишенерин сылыктык менен түшүндүрүп бере алса, бул мактоого татырлык. А бирок күйөөсү уккусу келбесечи? Анда өзүнүн эрки. Бирок үмүттү үзбөө керек, анткени жүрүм-турум да зор күбөлөндүрүү берет. Башында ишенбей же аялдарынын ишенимине каршы болуп жүргөн көптөгөн күйөөлөр аялынын мыкты үлгүсүн көргөндөн кийин «түбөлүк өмүргө карата туура маанайда» болуп калышкан (Элчилер 13:48, «ЖД»). Күйөө чындыкты кабыл албаган күндө да, аялынын жүрүм-туруму ага жакшы таасир калтырышы мүмкүн, а бул никенин чыңдалышына өбөлгө түзөт. Аялы Жахабанын Күбөсү болгон бир киши Күбөлөрдүн бийик адеп-ахлак нормалары боюнча эч качан жашай алмак эместигин мойнуна алган. Ошентсе да ал бир гезитке жазган катында өзүн «чырайлуу аялдын бактылуу күйөөсү» деп эсептээрин айтып, аялы менен анын ишенимдештерин чын ыкластан мактаган.

14. Күйөөлөр ишенимдеш болбогон жубайларына кантип жардам бере алышат?

14 Петирдин кеңешиндеги принциптерди колдонгон күйөөлөр да өзүлөрүнүн жүрүм-туруму менен аялдарынын чындык жолуна тартылышына өбөлгө түзө алышат. Ишенимдеш болбогон аялдары алардын аракка, тамекиге жана кумар оюндарына акча коротпой, жоопкерчиликтүү болуп, уят сөздөрдү айтпай калышканын көрүшөт. Кээ бирлери жыйналыштагы биртуугандар менен тааныш болуп калышат. Алар Ыйсанын жолдоочуларынын боордоштугуна, сүйүүсүнө таасирленип, Жахабага жакындоого түрткү алышат (Жакан 13:34, 35).

«Жүрөктүн жашырын адамы»

15, 16. Ыйсаны жолдогон аялдын кандай жүрүм-туруму ишенимдеш эмес күйөөсүнө жакшы таасир калтырат?

15 Аял кандай жүрүм-туруму менен күйөөсүнүн чындыкка тартылышына өбөлгө түзө алат? Ал өзүн Ыйсаны жолдогон аялдардай алып жүрүшү керек. Петир мындай деген: «Жасалгаңар сырткы кооздуктар болуп эсептелген: өрүлгөн чач, алтын жасалга, жакшы кийим эмес, Кудайдын алдында кымбат баалуу эсептелген, жүрөктө сакталган [«жүрөктүн жашырын адамы», «ЖД»], өтүп кеткис, момун жана жоош рух болсун. Качандыр бир убакта Кудайдан үмүттөнгөн ыйык аялдар да өздөрүн күйөөлөрүнө баш ийүү менен жасалгалашкан. Ошолордун бири Саара Ыбрайымды кожоюнум деп, ага баш ийген. Эгерде силер жакшы иш кылып жатсаңар жана эч бир коркунучтан коркпосоңор, Сааранын кыздарысыңар» (1 Петир 3:3—6).

16 Петир Ыйсанын жолун жолдогон аялдарды сырткы көрүнүшү менен эле алек болбоого үндөйт. Анын ордуна, алардын ички дүйнөсүнө ыйык китептик окуулардын таасир этип жатканы күйөөлөрүнө байкалып турушу керек. Ошондо күйөөсү зайыбынын «жаңы адамга» өзгөрүп жатканын көрөт. Мүмкүн, ал аялынын азыркы жүрүм-турумун мурункусу менен салыштырат (Эфестиктерге 4:22—24). Албетте, аялынын «момун жана жоош руху» аны өзүнө тартат. Андай рух күйөөсүнө эле жакпастан, Кудайдын алдында да «кымбат баалуу эсептелет» (Колостуктарга 3:12).

17. Кандайча Саара Ыйсаны жолдогон аялдар үчүн эң сонун үлгү?

17 Ыйсаны жолдогон аялдарга Саара — эң сонун үлгү. Күйөөлөрү ишенимдеш болсо да, болбосо да, алар Саарадан үлгү ала алышат. Сааранын Ыбрайымды өзүнүн башчысы катары көргөнү шексиз. Ал түгүл, жүрөгүндө аны «мырзам» деп атаган (Башталыш 18:12). Бул анын кадыр-баркын төмөндөткөн эмес. Саара рухий жактан күчтүү аял болгон. Ал Жахабага бекем ишенген. «Көп күбөлөрдүн» бири болгон Сааранын үлгүсү бизге «алдыбыздагы жарыштын аягына чыдамдуулук менен чыгууга» түрткү бериши керек (Эврейлерге 11:11; 12:1). Ыйсаны жолдогон аялдар Саарадай болуу менен кемсинишпейт.

18. Жубайлар эки башка динди туткан үй-бүлөдө кандай принциптер колдонулушу зарыл?

18 Жубайлар эки башка динди туткан үй-бүлөдө да күйөө башчы болуп эсептелет. Эгер ал чындыкта болсо, анда аялынын ишенимин, көзкараштарын эске алат, ошол эле учурда өзүнүн ишениминен, принциптеринен жазбайт. Эгер аял чындыкта болсо, ал да өзүнүн ишенимине кайчылаш келген иштерди жасабайт (Элчилер 5:29). Ошентсе да күйөөсүнүн башчылыгын сыйлап, анын «мыйзамына» баш иет (Римдиктерге 7:2).

Ыйык китептик эң мыкты жетекчилик

19. Никенин бактылуу болушуна эмнелер тоскоолдук кылат жана алар менен кантип күрөшүүгө болот?

19 Бүгүнкү күндө никенин бактылуу болушуна көп нерселер тоскоолдук кылат. Кээ бир эркектер өз жоопкерчиликтерин аткарышпайт, ал эми айрым зайыптар күйөөлөрүнө баш ийүүдөн баш тартышат. Жубайларга кордук көрсөтүлгөн үй-бүлөлөр да бар. Экономикалык кыйынчылыктар, адамдардын жеткилеңсиздиги, дүйнөдөгү адеп-ахлаксыздыктын таасири жана нарк-дөөлөттөрдүн төмөндөшү Кудайдын кызматчысынын берилгендигин сынашы мүмкүн. Бирок Ыйсаны жолдогон эркектер менен аялдар, кандай гана жагдайда болушпасын, ыйык китептик принциптер боюнча жашашса, Жахабанын баталарын алышат. Ал принциптерди жубайлардын, жок дегенде, бирөө колдонсо, экөө тең колдонбой койгонго караганда алда канча жакшы болот. Андан тышкары, оор жагдайларда да никелик убадасына бек турган кызматчыларын Жахаба сүйөт, колдойт жана алардын берилгендигин унутпайт (Забур 17:26; Эврейлерге 6:10; 1 Петир 3:12).

20. Ыйсанын бардык жолдоочуларына Петир кандай кеңеш берген?

20 Элчи Петир никеде турган эркек-аялдарга кеңеш бергенден кийин, аларга күч-кубат берерлик төмөнкүдөй жылуу сөздөрдү айткан: «Ошентип, баарыңар бир ойдо болгула, кайрымдуу болгула, бир тууганыңарды сүйгүлө, боорукер жана момун болгула. Жамандыкка жамандык менен, жаман сөзгө жаман сөз менен жооп кайтарбагыла. Тескерисинче, батаңарды бергиле. Анткени ушуга — Кудайдын батасын мурастоого чакырылгансыңар» (1 Петир 3:8, 9). Бул бардык адамдар, айрыкча, жубайлар үчүн эң мыкты кеңеш!

Эсиңердеби?

• Ыйсаны жолдогон күйөөлөр Ыйсаны кантип туурашат?

• Ыйсаны жолдогон аялдар жыйналышты кантип туурашат?

• Күйөөлөр аялдарын кантип урматтай алышат?

• Ыйсаны жолдогон аялдардын ишенимдеш болбогон күйөөлөрүнө кандай мамиле жаганы дурус?

[Изилдөө суроолору]

[24-беттеги сүрөт]

Ыйсаны жолдогон күйөө аялын сүйөт жана ага кам көрөт.

Ыйсаны жолдогон аял күйөөсүн урматтайт.

[25-беттеги сүрөт]

Римдиктердин мыйзамынан айырмаланып, Ыйык Китеп күйөөдөн өз аялына урмат көрсөтүүнү талап кылат.

[26-беттеги сүрөт]

«Эбегейсиз көп адамдардын» тобун түзгөн эркек-аялдар Бейиштеги түбөлүк жашоону күтүшүүдө.

[28-беттеги сүрөт]

Саара Ыбрайымды «мырзам» деп эсептеген.