Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Рут китебиндеги урунттуу ойлор

Рут китебиндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Рут китебиндеги урунттуу ойлор

БУЛ — эки аялдын бири-бирине болгон берилгендиги жөнүндөгү жүрөк толкуткан драма. Анда Жахаба Кудайды терең урматтоонун жана анын түзүлүшүнө ишеним көрсөтүүнүн үлгүсү чагылдырылат. Ошону менен бирге, Жахабанын Мессиянын санжырасына кылдат көз салып келгени баса белгиленет. Анда бир үй-бүлөнүн башынан өткөргөн кубанычы менен кайгысы баяндалат. Мына ушул жана башка маалыматтар Ыйык Жазманын Рут китебинде камтылган.

Рут китебинде баяндалган окуялар Ысрайылда «башкаруучулар башкарып турган күндөрдө», 11 жылдай мезгилдин ичинде болгон (Рут 1:1). Ал окуялар, чамасы, башкаруучулар доорунун башында болуп өткөн, анткени турмуштан алынган бул драманын каармандарынын бири жер ээлөөчү Бууз Жашыянын күндөрүндө жашаган Рахаптын уулу болгон (Жашыя 2:1, 2; Рут 2:1; Матай 1:5). Китепти, сыягы, б.з.ч. 1090-жылы Шемуел пайгамбар жазган. Ыйык Жазмада ушул китеп гана ысрайыл элинен болбогон аялдын атынан аталган. Китепте камтылган кабар «тирүү жана таасирдүү» (Эврейлерге 4:12).

«СЕН КАЙДА БАРСАҢ, МЕН ДА ОШОЛ ЖАККА БАРАМ»

(Рут 1:1—2:23)

Наами менен Рут Бейт-Лехемге келгенде, баарынын көңүлү аларга бурулат. Экөөнүн улуусу жөнүндө шаардагы аялдар: «Бул Наамиби?» — деп бири-биринен сурашат. Буга Наами: «Мени Наами деп атабагыла, мени Мара деп атагыла, анткени Бардыгын Кармап Туруучу мага оор кайгы жиберди. Мен бул жактан мол мал-мүлк менен [«түгөл», «Мукаддас»] кеткем, бирок Теңир мени куру кол кайтарды»,— деп айтат (Рут 1:19—21).

Ысрайылдагы ачарчылыктын айынан Наами үй-бүлөсү менен Бейт-Лехемден Маап жерине көчүп барганда, күйөөсү, эки баласы жанында эле, ошондуктан ал «түгөл» болчу. Бирок алар Маапка отурукташкандан бир нече убакыт өткөндөн кийин, күйөөсү Элимелек көз жумат. Кийинчерээк эки уулу мааптык кыздар Орпа менен Рутка үйлөнүшөт. Он жылдай убакыт өткөндөн кийин ал эки уулу бала көрбөй өлөт. Ошентип, үч аял тең жесир калат. Наами Жүйүткө кайтууну чечкенде, келиндери аны менен кошо жолго чыгышат. Жолдо баратканда Наами келиндерине Маапка кайтып, ошол жактан турмуш курууну кеңеш кылат. Орпа макул болуп кайтат. Ал эми Рут Наамиге: «Сен кайда барсаң, мен да ошол жакка барам, сен кайсы жерде жашасаң, мен да ошол жерде жашайм. Сенин элиң — менин элим, сенин Кудайың — менин Кудайым болот» — деп, аны менен калат (Рут 1:16).

Эки жесир, Наами менен Рут, Бейт-Лехемге арпа оруму башталган кезде келишет. Рут Кудайдын Мыйзамында караштырылган чарадан пайдаланып, талаадан машак тере баштайт. Ал талаа Элимелектин тууганына, жашап калган Бууз аттуу жүйүткө, караштуу болуп чыгат. Рут Бууздун алдында ырайым таап, «арпа оруму менен буудай оруму бүткүчө» анын талаасында машак терет (Рут 2:23).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Рут 1:8 — Эмне себептен Наами келиндерине «атаңардын үйүнө кайткыла» дебестен, «ар бириңер өз энеңердин үйүнө кайткыла» деп айткан? Орпанын атасы ал кезде тирүү беле же жокпу, бул тууралуу эчтеке айтылбайт. Бирок Руттун атасы тирүү болчу (Рут 2:11). Ошентсе да Наами келиндерине энелеринин үйү жөнүндө айтканда, балким, алардын эсине энелеринин мээримин түшүрүүнү ойлогон. Бул жакшы көргөн кайненесинен бөлүнгүсү келбей, кабыргалары кайышып турган келиндерин соорото алмак. Ошондой эле Нааминин сөздөрү, анын өзүнөн айырмаланып, Рут менен Орпанын энелеринин үйүндөгү жагдай-шарты жакшыраак болгонун билдириши мүмкүн эле.

Рут 1:13, 21 — Нааминин бактысыздыкка учурап, кайгыга батышына Жахаба жооптуу беле? Жок. Наами өзү деле Кудайды күнөөлөгөн эмес. Бирок башынан өткөн нерселерден улам Наамиге Жахаба каршы тургандай сезилген. Ал кайгыга батып, көңүлү чөккөн. Андан тышкары, ал кезде балалуу болуу — Кудайдын батасы, ал эми тукумсуздук каргыш деп эсептелген. Ошондуктан небере көрбөй, эки баласынан ажыраган Наами Жахаба бактысыздык жиберди деп ойлошу ыктымал эле.

Рут 2:12 — Рут Жахабадан кандай «толук сыйлык» алган? Рут уулдуу болуп, тарыхтагы эң маанилүү санжырадан — Ыйсанын санжырасынан — орун алып, чоң сыймыкка ээ болгон (Рут 4:13—17; Матай 1:5, 16).

Биз алчу сабактар:

Рут 1:8; 2:20. Наами тарткан кайгыларына карабай, Жахабанын ырайымына бекем ишенген. Биз да, айрыкча, оор сыноолорго дуушар болгондо ошентишибиз керек.

Рут 1:9 («Мукаддас»). Үй үй-бүлө тамактанган жана уктаган жер эле эмес, эс алууга ыңгайлуу, башпаана табууга болорлук жай болушу керек.

Рут 1:14—16. Орпа «өз элине, өз кудайларына кайткан». Рут анткен эмес. Ал өз мекениндеги ыңгайлуу, коопсуз жашоону калтырып, Жахабага болгон берилгендигин сактаган. Кудайга карата берилгендик жана сүйүү өрчүтүү, ошондой эле жанаябастык рухун көрсөтүү бизге өзүмчүл каалоолорубузга алдырбоого жана «жок болуу үчүн артка кетенчиктебөөгө» жардам берет (Эврейлерге 10:39).

Рут 2:2. Рут келгиндер менен кедейлерге түшүмдүн калдыгын терүүгө карата чара караштырылганын билип, ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланууну каалаган. Ал момун болгон. Жардамга муктаж болгон Ыйсанын жолдоочусу бой көтөрүп, ишенимдештеринин сүйүү менен көрсөткөн колдоосун же өкмөттүн андай адамдар үчүн караштырган жардамын четке какпайт.

Рут 2:7. Машак терүүгө укугу бар болсо да, Рут адегенде уруксат сураган (Лебилер 19:9, 10). Бул анын момун экенин көрсөткөн. Биз да «момундукту издесек» акылдуулук кылабыз, себеби «момундар... жерди мураска алышат да, тынч турмушка ыракаттанышат» (Сепания 2:3, «ЖД»; Забур 36:11).

Рут 2:11. Рут Наамиге тууган эле эмес, чыныгы дос да болгон (Накыл сөздөр 17:17). Алардын достугу бекем болгон, анткени ал сүйүү, берилгендик, боорукердик, кайрымдуулук жана жанаябастык сыяктуу сапаттарга негизделген. Мындан да маанилүүсү, ал достук алардын Жахабага кызмат кылууга жана анын элинин арасында жүрүүгө болгон каалоосуна негизделген. Кудайдын чыныгы кызматчылары менен бекем достук өрчүтүүгө бизде да сонун мүмкүнчүлүктөр бар.

Рут 2:15—17. Бууз Руттун жумушун жеңилдетсе да, Рут «талаада кечке чейин машак терүүсүн» токтоткон эмес. Ал эмгекчил болгон. Ыйсанын жолдоочусу да мээнеткечтиги менен белгилүү болушу керек.

Рут 2:19—22. Наами менен Рут кечкисин жагымдуу пикирлешип отурушкан: улуусу кичүүсүнүн иштерине кызыгуу көрсөткөн; экөө тең ой-сезимдерин ачык айтып, ээн-эркин маектешишкен. Ыйсанын жолдоочуларынын үй-бүлөсүндө да ушундай болушу керек эмеспи?

Рут 2:22, 23. Жакыптын кызы Динадан айырмаланып, Рут Жахабага кызмат кылган адамдар менен пикирлешүүгө умтулган. Биз үчүн бул кандай сонун үлгү! (Башталыш 34:1, 2; 1 Корунттуктарга 15:33).

НААМИ КАЙРАДАН «ТҮГӨЛ» БОЛОТ

(Рут 3:1—4:22)

Наами бала төрөй турган курактан өтүп калат. Ошондуктан ал өзүнүн ордуна Руттун «кабыл алынышына», башкача айтканда, левираттык никеге турушуна кам көрөт. Нааминин айтканын угуп, Рут Бууздан туугандык милдетин аткаруусун суранат. Бууз буга даяр экенин билдирет. Бирок андан да жакын тууган бар болгондуктан, андай мүмкүнчүлүк биринчи кезекте ошого берилиши керек.

Бууз дароо ишке киришет. Кийинки күнү эртең менен ал ошол тууганынын алдына Бейт-Лехемдин он аксакалын чакырып, андан «кабыл алуу» милдетин аткарууга каалоосу бар-жогун сурайт. Ал киши баш тартат. Ошондуктан Бууз ал милдетти аткарып, Рутка үйлөнөт. Алар Обейт аттуу балалуу болушат (кийин ал Дөөт падышанын чоң атасы болуп калат). Бейт-Лехемдеги аялдар эми Наамиге: «Теңирге даңк... Ал сенин кубанычың, карыганда багар-көрөрүң болот, анткени аны сени жакшы көргөн, сен үчүн жети уулдан артык болгон келиниң төрөп берди»,— дешет (Рут 4:14, 15). Бейт-Лехемге «куру кол» кайткан аял кайрадан «түгөл» болот! (Рут 1:21).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

Рут 3:11 — Эмнеден улам Рут «жакшы аял» деген атка ээ болгон? Башкалар Рутка «өрүлгөн чачы» же «алтын жасалга, жакшы кийими» үчүн суктанышкан эмес. Алар анын «жүрөктүн жашырын адамы» («ЖД») экенин көрүп, момундугу менен жооштугуна, берилгендиги менен сүйүүсүнө, тырышчаактыгы менен жанаябастык рухуна суктанышкан. Руттукундай атка ээ болууну каалаган жана Кудайдан корккон аялзаты ушундай сапаттарды өрчүтүүгө умтулушу керек (1 Петир 3:3, 4; Накыл сөздөр 31:28—31).

Рут 3:14 — Эмне үчүн Рут менен Бууз таң атканга чейин туруп кетишкен? Бул алардын түн ичинде кандайдыр бир адеп-ахлаксыз иш кылып, аны башкалардан жашырууга аракеттенишкенин билдирбейт. Руттун ошол түндө жасагандарынын баары левираттык никеге турууга укугу бар аял жасачу иш-аракеттерге дал келген. Ал Нааминин көрсөтмөлөрүнө ылайык иш кылган. Андан тышкары, Бууздун сөздөрү көрсөтүп тургандай, Руттун иш-аракетин Бууз орунсуз деп эсептеген эмес (Рут 3:2—13). Рут менен Бууз, сыягы, жөндөн-жөн ушак-айың тарап кетпеш үчүн таң атпай туруп кетишкен.

Рут 3:15 — Бууз Рутка эмне үчүн алты ченем арпа берген? Алты күн иштегенден кийин эс алуу күнү келгендей эле, Бууз алты ченем арпа берүү менен, кыязы, Руттун эс алуу күнү жакындап калганын көрсөткөн жана анын болочок күйөөсүнүн үйүнөн «баш паана» табышын шарттаган (Рут 1:9; 3:1). Ошондой эле Рут алты ченем арпадан ашык көтөрүп кете албашы мүмкүн эле.

Рут 3:16 — Байыркы эврей тилиндеги түпнускага ылайык, эмне үчүн Наами Руттан: «Сен кимсиң, кызым?» — деп сураган? Ал өз келинин тааныбай калганбы? Тааныбай калышы деле мүмкүн эле, себеби Рут кайтып келгенде, сыягы, таң сүрө элек болчу. Бирок ал суроо Нааминин Руттун левираттык никеге байланыштуу жаңы ордун билгиси келгенин да билдириши мүмкүн.

Рут 4:6 — Элимелектин жакын тууганы Рутту кабыл алуу менен кандайча үлүшүн «бузуп» алышы мүмкүн эле? Эгерде кимдир бирөө жакырлыктын айынан өз жерин сатып жиберсе, жакын тууганы аны юбилей жылына чейинки жылдардын эсеби боюнча кайра сатып алууга тийиш болгон (Лебилер 25:25—27). Бирок анда өзүнүн үлүшүнүн баасы төмөндөмөк. Андан тышкары, Руттан уул төрөлсө, сатып алынган жерди Руттун күйөөсүнүн жакын туугандары эмес, ошол уул мурастап калмак.

Биз алчу сабактар:

Рут 3:12; 4:1—6. Бууз Жахабанын көрсөтмөлөрүн так аткарган. Биз теократиялык тартипке чын ниеттен баш иебизби? (1 Корунттуктарга 14:40).

Рут 3:18. Наами Буузга толук ишенген. Биз да ишенимдүү рухий биртуугандарыбызга толук ишенишибиз керек эмеспи? Рут өзү билбеген, Ыйык Китепте аты аталбаган бирөө менен левираттык никеге турууга даяр болгон (Рут 4:1). Эмне үчүн? Себеби ал Кудай бекиткен түзүлүшкө бек ишенген. Бизде да ошондой ишеним барбы? Мисалы, өмүрлүк жар издөөдө «Теңирге ишенген адам» менен гана баш кошууга карата берилген кеңешке ылайык иш кылабызбы? (1 Корунттуктарга 7:39).

Рут 4:13—16. Рут мааптык болгонуна жана мурда Кемош деген жалган кудайга сыйынганына карабастан, кандай зор сыйлыкка ээ болгон! Бул «Кудайдын ырайым кылуусу адамдын каалоосуна, аракетине байланыштуу эмес, ырайым кылчу Кудайдын Өзүнө байланыштуу» деген принципти бышыктап турат (Римдиктерге 9:16).

Кудай «силерди өз убагында жогору көтөрөт»

Рут китебинде Жахаба ишенимдүү кызматчыларына кам көргөн ырайымдуу Кудай катары сүрөттөлөт (2 Жылнаама 16:9). Руттун кандай баталарды алганын ойлосок, биз Кудайга бекем ишеним менен таянуу жана «Анын бар экендигине, Аны издегендерге... тиешелүүсүн берерине» толук ишенүү канчалык маанилүү экенин көрөбүз (Эврейлерге 11:6).

Рут, Наами жана Бууз Жахаба бекиткен тартипке толук ишенишкен, натыйжада алар мол бата алышкан. Ошо сыяктуу эле, «Кудайды сүйгөндөргө, Анын каалоосу боюнча чакырылгандарга бардык нерсе жакшылыкка болот» (Римдиктерге 8:28). Эмесе, элчи Петирдин: «Кудай силерди Өз убагында жогору көтөрүшү үчүн, Анын күчтүү колунун астында моюн сунгула. Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт»,— деген кеңешине ылайык иш кылалы! (1 Петир 5:6, 7).

[29-беттеги сүрөт]

Эмнеден улам Рут «жакшы аял» деген атка ээ болгон?

[30-беттеги сүрөт]

Рут Жахабадан кандай «толук сыйлык» алган?

[32-беттеги сүрөт]

Рут Наамини эмне үчүн калтырбаганын билесиңби?