Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын жолдоочусу экениңди эсиңден чыгарба

Ыйсанын жолдоочусу экениңди эсиңден чыгарба

Ыйсанын жолдоочусу экениңди эсиңден чыгарба

«Менин күбөлөрүм — силер... — дейт Теңир» (Ышайа 43:10).

1. Жахаба өзүнө кандай адамдарды тартып жатат?

ПАДЫШАЛЫК ЗАЛЫНАН тегерегиңе көз чаптырып, кимдерди көрөсүң? Ыйык Жазмадан акылмандыкка үйрөнүүгө ынтызар жаштарды көрүшүң мүмкүн (Забур 148:12, 13). Андан тышкары, үй-бүлөлүк жашоого терс таасир тийгизип жаткан дүйнөдө жашаса да, Кудайга жагууга умтулуп жаткан үй-бүлө башчыларын, ошондой эле карылыктын кыйынчылыктарына карабай өздөрүнүн Жахабага болгон арналуусуна ылайык жашап жаткан ардактуу биртуугандарыбызды байкайсың (Накыл сөздөр 16:31). Алардын баары Жахабаны абдан сүйөт. Жахаба да алар менен мамиледе болууга кубанычта. «Мени жиберген Атам чакырбаса,— деп айткан Кудайдын Уулу,— Мага эч ким келе албайт» (Жакан 6:37, 44, 65).

2, 3. Чындык жолунда бекем туруу эмне үчүн оңой эмес?

2 Жахабанын жактыруусуна жана баталарына ээ болгон элге таандык экенибизге чексиз кубанычтабыз. Бирок ушул «оор күндөрдө» чындык жолунда бекем туруу оңой эмес (2 Тиметейге 3:1). Бул, айрыкча, чындыкта чоңойгон жаштар үчүн кыйынга турат. «Жыйналыш жолугушууларына барып жүрсөм да,— дейт ошондой жаштардын бири,— мен алдыма эч кандай рухий максаттарды койчу эмесмин жана чынын айтсам, Жахабага кызмат кылууга анча деле каалоом жок болчу».

3 Кээ бирөөлөр болсо Жахабага кызмат кылууну чын жүрөктөн кааласа да, башкалардын күчтүү кысымына, дүйнөнүн таасирине жана күнөөгө азгырган каалоолорго жеңдирип коюшат. Кысымдын кесепетинен биз Ыйсанын жолдоочулары экенибизди эстен чыгарып коюшубуз мүмкүн. Мисалы, бүгүн көптөр Ыйык Китептеги адеп-ахлак нормалары эскирип калган жана азыркы дүйнөдө аларга ылайык жашоо мүмкүн эмес деп эсептешет (1 Петир 4:4). Айрымдар Кудайга ал көрсөткөндөй сыйынуу өтө деле маанилүү эмес деп ойлошот (Жакан 4:24). Эфестиктерге жазган катында Пабыл дүйнөнүн өзгөчө бир «руху», башкача айтканда, басымдуулук кылуучу маанайы бар экенин айткан (Эфестиктерге 2:2). Ошол рух адамдарды Жахабаны тааныбаган коомчулуктун ой жүгүртүүсүнө ылайыкташууга мажбурлайт.

4. Ыйсанын жолдоочуларына таандык өзгөчөлүгүбүздү сактоонун зарылдыгын Ыйса кантип баса белгилеген?

4 Жахабага берилген кызматчылар катары биз Ыйсанын жолдоочуларына таандык өзгөчөлүктөн ажыроо ар бирибизге — жашка да, карыга да — кайгылуу натыйжаларды алып келерин түшүнөбүз. Андай өзгөчөлүккө Жахабанын нормалары менен талаптарына ылайык жашоо менен гана ээ боло алабыз. Мунун жөнү бар, анткени биз анын бейнеси боюнча жаратылганбыз (Башталыш 1:26; Михей 6:8). Ыйсанын жолдоочуларына таандык өзгөчөлүк Ыйык Китепте баарына көрүнүп турган сырткы кийимге салыштырылат. Ыйса биздин убакка карата төмөндөгүдөй эскертүү берген: «Мен ууру сыяктуу күтүлбөгөн жерден келем. Сергек жүргөн жана жылаңач калып, уят болбош үчүн, өзүнүн кийимдерин сактап жүргөн адам бактылуу» * (Аян 16:15). Биз Ыйсанын жолдоочуларына таандык сапаттарыбыздан айрылып, жүрүм-турум нормаларыбыздан четтеп кетүүнү жана Шайтандын дүйнөсүнүн таасирине алдырууну каалабайбыз. Буга жол берсек, биз ошол «кийимдерибизден» ажырайбыз да, уятка калып, өкүнүчтүү жагдайга дуушар болобуз.

5, 6. Рухий жактан туруктуу болуу эмне үчүн маанилүү?

5 Чындык жолунда канчалык бекем турганыбыз жашообузга чоң таасир тийгизет. Кандайча? Эгерде Жахабанын кызматчысы өзүнүн ким экенин унутуп койсо, так багыты же максаттары жок болгондуктан, көңүлү башка нерселерге бурулуп калышы ыктымал. Мындай олку-солкулуктан качышыбыз керектиги Ыйык Китепте көп эскертилет. Шакирт Жакып: «Шектенген адам шамал айдаган деңиз толкунуна окшош. Мындай адам Теңирден бир нерсе алам деп ойлобой эле койсун. Эки ойлуу адам өзүнүн бардык жолдорунда туруксуз»,— деп эскерткен (Жакып 1:6—8; Эфестиктерге 4:14; Эврейлерге 13:9).

6 Ыйсанын жолдоочусу экенибизди канткенде эстен чыгарбайбыз? Эң Жогорку Кудайга кызмат кылуу сыймык экенин канткенде дагы жакшыраак баамдай алабыз? Эмесе, ушул суроолорго жооп алалы.

Чындык жолунда бекемдел

7. Эмне үчүн Жахабадан өзүбүздү текшерип көрүшүн суранганыбыз абзел?

7 Жахаба менен болгон мамилеңди дайым чыңда. Ыйсанын жолдоочулары ээ болгон эң баалуу нерсе — бул Кудай менен болгон мамиле (Забур 24:14; Накыл сөздөр 3:32). Эгерде бизде туткан ишенимибизге байланыштуу шек саноолор пайда болсо, анда Кудай менен болгон мамилебиздин сапатын жана бекемдигин текшеришибиз керек. Ошондуктан забурчу Жахабадан: «Мени текшерип көр, сынап көр, Теңир. Менин ички дүйнөмдү, жүрөгүмдү эрит»,— деп суранган (Забур 25:2). Мындай текшерүү эмне үчүн маанилүү? Себеби жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү ниеттерибиз менен ийкемдерибизге өзүбүз туура баа бере албайбыз. Биздин ички дүйнөбүздү: ниеттерибизди, ойлорубузду жана сезимдерибизди Жахаба гана толук билет (Жеремия 17:9, 10).

8. а) Жахабанын бизди текшерип көргөнүнүн кандай пайдасы бар? б) Ыйсанын жолдоочусу катары ийгилик жасашыңа эмне жардам берет?

8 Жахабадан бизди текшерип көрүүсүн өтүнүү менен биз аны өзүбүздү сынап көрүүгө чакырабыз. Ал пейил-ниеттерибизди жана жүрөгүбүздүн абалын айкын көрсөтө турган жагдайларга дуушар болушубузга жол бериши мүмкүн (Эврейлерге 4:12, 13; Жакып 1:22—25). Биз андай сыноолорду кубаныч менен кабыл алышыбыз керек, анткени алардын аркасында Жахабага болгон берилгендигибиз канчалык күчтүү экенин көрсөтө алабыз. Ошондой эле бул «бардык жагынан жеткилең, эч кемчиликсиз» кызмат кылып жаткан-жатпаганыбызды текшерип көрүүгө шарт түзөт (Жакып 1:2—4). Бул болсо рухий жактан өсүшүбүзгө өбөлгө түзөт (Эфестиктерге 4:22—24).

9. Ыйык Китепте айтылгандардын чындык экенине ынануу эмне үчүн зарыл? Түшүндүр.

9 Ыйык Китепте айтылгандардын чындык экенине ынан. Жахабанын кызматчылары экенибизди дайыма эсибизде сактап жүрүш үчүн, Ыйык Жазманы жакшы билишибиз зарыл (Филипиликтерге 1:9, 10). Жаш-кары дебей, Ыйсанын ар бир жолдоочусу өзү ишенген нерселердин Ыйык Китептеги чындыкка негизделерине көзү жеткидей болушу керек. Пабыл ишенимдештерин: «Бардыгын сынагыла, жакшысын кабыл алгыла»,— деп үндөгөн (1 Тесалоникалыктарга 5:21). Үй-бүлөсү менен чындык жолунда жүргөн жаштар ата-энесинин ишеними менен жашай алышпай турганын түшүнүүгө тийиш. Сулаймандын атасы Дөөт өз уулун: «Атаңдын Кудайын бил, ага чын жүрөгүңдөн... кызмат кыл»,— деп үндөгөн (1 Жылнаама 28:9). Жаш Сулайман үчүн атасынын Жахабага болгон ишенимин кандайча бекемдеп жатканын байкап жүрүү жетиштүү болмок эмес. Ал Жахабаны өз алдынча таанып-билүүгө тийиш болчу жана ал ошенткен. Сулайман Кудайга: «Эми бул элди башкарганга мага акыл менен билим бер»,— деп жалбарган (2 Жылнаама 1:10).

10. Эмне себептен туура маанай менен чын ыкластан суроо берүүнүн эч жаман жери жок?

10 Бекем ишеним билимге негизделет. «Ишеним угуу аркылуу пайда болот»,— деген Пабыл (Римдиктерге 10:17). Муну менен ал эмне айткысы келген? Пабыл Кудайдын Сөзүнөн азыктануу менен Жахабага, анын убадаларына жана уюмуна болгон ишенимибизди бекемдей аларыбызды билдирген. Ыйык Китеп тууралуу чын ыкластан суроо берүү ынандырарлык жоопторду табууга жардам берет. Андан тышкары, Пабылдын Римдиктерге 12:2деги кеңеши боюнча, «Кудайдын жакшы, Өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экендигин таанып билгенибиз» абзел. Кантип? «Чындыкты таанып билүү» менен (Титке 1:1). Жахабанын руху бизге Ыйык Жазмадагы терең ойлорду да түшүнүүгө жардам бере алат (1 Корунттуктарга 2:11, 12). Бир нерсени түшүнүү кыйын болуп жатса, Кудайдан жардам сурап тиленишибиз керек (Забур 118:10, 11, 27). Жахаба анын Сөзүн түшүнүшүбүздү, ага ишенишибизди жана тил алышыбызды каалайт. Ал туура маанай менен чын ыкластан берилген суроолорду орунсуз деп эсептебейт.

Кудайга жагууга умтул

11. а) Биз кандай табигый каалоонун торуна түшүп калышыбыз мүмкүн? б) Башкалардын кысымына канткенде туруштук бере алабыз?

11 Адамга эмес, Кудайга жагууга умтул. Башкалардын колдоосуна ээ болууну каалоо — табигый нерсе. Ар бир адам доско муктаж жана башкалардын жактыруусун сезүү баарыбызга жагымдуу. Өспүрүм кезде, атүгүл андан кийин деле теңтуштардын кысымы ушунчалык күчтүү болгондуктан, адам башкаларды тууроого же аларга жагууга баш-оту менен умтулушу мүмкүн. Бирок досторубуз жана теңтуштарыбыз дайыма эле биздин кызыкчылыгыбызды ойлой беришпейт. Кээде алар өздөрүнө кошулуп жаман иш кылышыңды гана каалашат (Накыл сөздөр 1:11—19). Ыйсанын жолдоочусу теңтуштарынын терс таасирине моюн сунганда, адатта, өзүнүн ким экенин жашырууга аракеттенет (Забур 25:4). «Бул дүйнөгө ылайыкташпагыла»,— деп эскерткен Пабыл (Римдиктерге 12:2). Жахаба бизди күчтөндүрүп, башкалардын кысымына туруштук беришибизге колдоо көрсөтөт (Эврейлерге 13:6).

12. Кудай менен болгон мамилебизди сактоого бизге кайсы принцип жана кимдин үлгүсү жардам берет?

12 Курбуларыбыздын кысымына дуушар болгондо, Кудайга берилгендигибизди сактоо башкалардын оюнан же көпчүлүк тандаган багыттан алда канча маанилүү экенин эстен чыгарбаганыбыз дурус. Бул жагынан бизге Чыгуу 23:2деги: «Көпчүлүктү ээрчип жамандыкка барба»,— деген принцип жардам берет. Ысрайылдыктардын көбү Жахабанын өз убадаларын аткарууга кудуреттүү экенине шек санаганда, Калеп аларды ээрчүүдөн чечкиндүү түрдө баш тарткан. Ал Кудайдын убадалары сөзсүз орундаларына бекем ишенген жана бул үчүн мол баталарды алган (Сандар 13:30; Жашыя 14:6—11). Кудай менен болгон мамилеңди сактоо үчүн, сен да көпчүлүктүн пикирине ооп кетпөөгө чечкиндүүсүңбү?

13. Ыйсанын жолдоочусу экенибизди башкаларга билдирүү эмне үчүн акылмандыкка жатат?

13 Ыйсанын жолдоочусу экениңди билдир. Коргонуунун эң мыкты жолу чабуул жасоо дегендей, ишенимибизди коргоодо чечкиндүү аракеттер зарыл. Эзранын күндөрүндөгү ишенимдүү ысрайылдыктар Жахабанын эркин аткаруу үчүн жасаган аракеттерине каршылык көрсөтүлгөндө: «Биз асман менен жердин Кудайынын кулдарыбыз»,— деп айтышкан (Эзра 5:11). Эгерде кас маанайдагы адамдардын көзкараштарынын же сын-пикирлеринин өзүбүзгө таасир этишине жол берсек, коркуу сезимине алдырып коюшубуз мүмкүн. Адамдардын баарына жагууга аракеттенүү жакшы натыйжага алып келбейт. Ошондуктан адамдардан коркпо. Башкаларга Жахабанын Күбөсү экениңди ачык билдиргениң дурус. Ыйсанын жолдоочусу катары эмнелерди баалаарыңды, эмнеге ишенериңди жана кандай көзкараштарга карманарыңды сылыктык менен, бирок чечкиндүү түрдө түшүндүрүп бер. Аларга Жахаба бекиткен адеп-ахлактык бийик нормаларга карманууга жана Кудайдын алдында актыгыңдан жазбоого чечкиндүү экениңди билдир. Өзүң карманган адеп-ахлактык нормалар менен сыймыктанарыңды көрсөт (Забур 63:11). Сенин бекем көзкарашың өзүңдү кубаттайт, коргойт, атүгүл айрымдарга Жахаба жана анын эли жөнүндө көбүрөөк билүүгө түрткү бериши мүмкүн.

14. Шылдың же каршылык ындыныбызды өчүрүшү керекпи? Түшүндүр.

14 Албетте, биз айрымдардын шылдыңына же каршылыгына дуушар болушубуз мүмкүн (Жүйүт 18). Эгер өзүңдүн баалуулуктарыңды түшүндүрүүгө жасаган аракеттериң туура кабыл алынбаса, ындыныңды өчүрбө (Жезекиел 3:7, 8). Канчалык аракеттенбе, ынангысы келбеген адамдарды эч качан ынандыра албайсың. Фараонду эстесең. Мусанын Жахабанын атынан сүйлөгөнүнө фараонду эч бир жаза, эч бир керемет, жадагалса тун уулунун өлүмү да ынандыра алган эмес. Андыктан адамдан коркуу сезимине алдырба. Кудайга таянуу жана ишенүү бизге ал сезимди жеңүүгө жардам берет (Накыл сөздөр 3:5, 6; 29:25).

Өткөндөн сабак алып, келечекке негиз сал

15, 16. а) Рухий мурасыбызга эмнелер кирет? б) Кудай Сөзүнүн жардамы менен рухий мурасыбыз тууралуу ой жүгүртүүдөн кандай пайда ала алабыз?

15 Рухий мурасыңды жогору баала. Ыйсанын жолдоочулары Кудай Сөзүнүн жардамы менен өздөрүнүн баа жеткис рухий мурасы тууралуу ой жүгүртүүдөн пайда алышат. Бул мураска Жахабанын Сөзүндөгү чындык, түбөлүк өмүргө болгон үмүт жана жакшы кабар таратуучу катары Кудайдын өкүлү болуу сыймыгы кирет. Анын Күбөлөрүнүн арасынан, Падышалык тууралуу кабар айтуу менен башкаларды куткаруу ишин аткарууга дайындалган адамдардын арасынан, өзүңдү көрүп турасыңбы? «Менин күбөлөрүм — силер»,— деп Жахаба өзү айтканын унутпа (Ышайа 43:10).

16 Өзүңө төмөнкү суроолорду берип көр: «Бул рухий мурасты канчалык баалайм? Аны жогору баалагандыктан, Кудайдын эркин аткарууну жашоомдо биринчи орунга коюп жатамбы? Аны эч нерсеге алмаштырбоого чечкиндүүмүнбү?» Рухий мурасыбыз өзүбүздү рухий жактан коопсуз сезүүгө да өбөлгө түзөт. Андай коопсуздукту Жахабанын уюмунан гана табууга болот (Забур 90:1, 2). Уюмдун азыркы доордогу тарыхында болгон укмуштуу окуялар бизди Жахабанын элин жер бетинен эч ким, эч нерсе жок кыла албай турганына ынандырат (Ышайа 54:17; Жеремия 1:19).

17. Рухий мураска ээ болуудан тышкары, дагы эмне керек?

17 Рухий мураска ээ болгонубуз жетишсиз. Ар бирибиз Кудай менен тыгыз мамиле өрчүтүшүбүз керек. Филипидеги рухий биртуугандарынын ишенимин бекемдөөгө көп күч жумшагандан кийин Пабыл аларга: «Ошентип, менин сүйүктүүлөрүм, араңарда болгонумда гана эмес, айрыкча, азыр араңарда жок болгонумда да, дайыма тил алчаак болгонуңардай эле, куткарылууңарды коркуу жана титирөө менен жүзөгө ашыргыла»,— деп жазган (Филипиликтерге 2:12). Куткарылуубуз кимдир бирөөдөн эмес, өзүбүздөн көзкаранды.

18. Рухий иштерге катышуу Ыйсанын жолдоочуларына таандык өзгөчөлүгүбүздү сактоого кандай жардам берет?

18 Рухий иштерге жигердүү катыш. «Иш адамга өзүнүн ким экенин айкын түшүнүүгө жардам берет»,— деп айткан экен бирөө. Бүгүн Ыйсанын жолдоочуларына өтө маанилүү иш, Кудайдын орнотулган Падышалыгы тууралуу жакшы кабарды айтуу тапшырмасы берилген. Пабыл: «Мен бутпарастардын элчисимин, ушул кызматымды жогору баалайм»,— деп айткан (Римдиктерге 11:13). Биз кабар айтуу ишибиз менен дүйнөдөн айырмаланып турабыз жана ал ишке катышканыбыз биздин ким экенибизди айкын көрсөтүп турат. Жыйналыш жолугушууларына катышуу, Падышалык залдарын куруу, муктаж болгондорго жардам берүү сыяктуу теократиялык иштер менен алек болсок, бул бизге Ыйсанын жолдоочуларына таандык өзгөчөлүгүбүздү сактоого жардам берет (Галаттыктарга 6:9, 10; Эврейлерге 10:23, 24).

Ыйсанын жолун жолдоодон келген баталар

19, 20. а) Ыйсанын жолдоочусу болуудан кандай пайда алып жатасың? б) Биздин чынында ким экенибизди ким аныктайт?

19 Бир саамга ойлонуп көрсөң: Ыйсанын чыныгы жолдоочулары болгондуктан канчалаган баталарга ээ болуп жатабыз. Жахаба ар бирибизди тааныйт. Биз үчүн бул кандай сыймык! Малахия пайгамбар: «Кудайдан корккондор бири-бирине: „Теңир кулак салып жатат, Ал угуп жатат, Теңирден коркуп, Анын ысымын урматтагандар тууралуу Анын алдында эстелик китеп жазылып жатат“ дешет»,— деп айткан (Малахия 3:16). Кудай бизди өзүнүн достору деп эсептейт (Жакып 2:23). Жашообуз чындап маңыздуу болгондуктан, биз эмне үчүн жашап жатканыбызды билебиз жана алдыбызда сонун максаттар бар. Ошондой эле бизге түбөлүк келечекке болгон үмүт берилген (Забур 36:9).

20 Сенин чынында ким экениңди жана канчалык баалуу экениңди адамдар эмес, Кудай аныктаарын унутпа. Башкалар бизге өздөрүнүн жеткилеңсиз көзкарашы боюнча баа бериши мүмкүн. Бирок Кудайдын сүйүүсү жана жекече кызыгуусу бизди Ага таандык экенибизге ынандырып, өзүбүздү баалуу деп эсептөөгө жардам берет (Матай 10:29—31). Ал эми Кудайга болгон сүйүүбүз өзүбүздүн ким экенибизди жана жашоонун маңызы эмнеде экенин айкын түшүнүшүбүзгө өбөлгө түзөт. «Кимде-ким Кудайды сүйсө, аны Кудай да билет» (1 Корунттуктарга 8:3, «Инжил»).

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Бул сөздөр Иерусалимдеги ийбадаткананы кайтарган кароолчулардын башчысынын милдеттерине тиешелүү болушу мүмкүн. Түнкүсүн күзөт учурунда ал кароолдо турган лебилердин сак турган-турбаганын текшерүү үчүн ийбадаткананы айланып чыкчу. Эгер кайсы бир күзөтчүнүн уктап жатканын көрсө, аны таяк менен уруп, жаза катары сырткы кийимдерин өрттөп салып, маскара кылышы мүмкүн эле.

Эсиңердеби?

• Ыйсанын жолдоочулары экенибизди эстен чыгарбоо эмне үчүн маанилүү?

• Чындык жолунда кантип бекемделе алабыз?

• Кимге жагуу керектигине байланыштуу суроо көтөрүлгөндө, туура чечим чыгарууга эмнелер жардам берет?

• Кандайча Кудай менен болгон мамилебизден келечегибиз көзкаранды?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Рухий иштерге жигердүү катышуу Ыйсанын жолдоочулары экенибизди унутпоого жардам берет.