Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын жолдоочусу экениңе сыймыктан

Ыйсанын жолдоочусу экениңе сыймыктан

Ыйсанын жолдоочусу экениңе сыймыктан

«Мактанган адам Теңир менен мактансын» (1 Корунттуктарга 1:31).

1. Бүгүн көп адамдар өз динине кандай карашат?

«КАЙДЫГЕРЛИК». Диний темадагы макалаларды жазган бир комментатор бул сөз менен көп адамдардын өздөрүнүн динине болгон мамилесин сыпаттаган. Анын айтымында, бүгүнкү күндө көңүлдү өзүнө кандайдыр бир диний агым эмес, динчил адамдардын өз динине жасаган кайдыгер мамилеси бурат. «Көп адамдар Кудайга ишенишет,— дейт ал,— бирок анын ким экенине кызыгышпайт».

2. а) Адамдардын рухий нерселерге кошкөңүл болуп калганы эмне үчүн таң калыштуу эмес? б) Көңүлкоштук Ыйсанын чыныгы жолдоочулары үчүн эмнеси менен коркунучтуу?

2 Адамдардын кайдыгерлиги Ыйык Китепти изилдегендер үчүн таң калыштуу эмес (Лука 18:8). Ал эми диний чөйрөдө өкүм сүргөн кайдыгерлик күтүлбөгөн көрүнүш болуп саналбайт. Жалган дин илгертен эле адамзатты адаштырып, көңүл кайттылыкка учуратып келген (Аян 17:15, 16). Кеңири жайылып бараткан кошкөңүлдүүлүк жана ынтасыздык Ыйсанын чыныгы жолдоочулары үчүн коркунуч туудурат. Биз туткан динибизге салкын карап калуудан, ошондой эле Кудайга кылган кызматыбызга жана Ыйык Китептеги чындыкка болгон ынтабызды өчүрүп алуудан сак болушубуз керек. Ыйса I кылымда Лаодикеяда жашаган жолдоочуларына: «Сен муздак да, ысык да эмессиң. Атаганат, сен муздак же ысык болсоң эмне!.. Сен... жылуусуң»,— деп айтып, көңүлкоштуктан сак болуу керектигин эскерткен (Аян 3:15—18).

Өзүбүздүн ким экенибизди билүү

3. Ыйсанын жолдоочулары эмнеси менен сыймыктана алышат?

3 Рухий нерселерге кошкөңүл карап калбаш үчүн, Ыйсанын жолдоочулары өздөрүнүн ким экенин жакшы түшүнүп, акылга сыярлык деңгээлде өздөрү менен сыймыктана билиши керек. Жахабанын кызматчылары жана Ыйсанын шакирттери катары өзүбүздүн ким экенибизди Ыйык Китептен биле алабыз. Биз Жахабанын «күбөлөрүбүз», «Кудайдын кызматташтарыбыз», анткени жакшы кабарды башкалар менен бөлүшүүгө жигердүү катышабыз (Ышайа 43:10; 1 Корунттуктарга 3:9; Матай 24:14). Биз «бири-бирин сүйгөн» элбиз (Жакан 13:34). Ыйсанын чыныгы жолдоочулары — «ой-сезими жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө көнүккөн» адамдар (Эврейлерге 5:14). Биз «бул дүйнөдө жылдыздай жаркырап турабыз» (Филипиликтерге 2:14). Ошондой эле «бутпарастардын арасында таза жашоого» аракеттенип жатабыз (1 Петир 2:12; 2 Петир 3:11, 14).

4. Жахабанын кызматчысы өзүнүн ким эмес экенин эмнелерден билет?

4 Жахабанын чыныгы кызматчылары өздөрүнүн ким эмес экенин да билишет. Жолбашчысы Ыйса Машайакка окшоп, алар «бул дүйнөдөн эмес» (Жакан 17:16). Алар «акылы караңгыланган... Кудайдын жашоосунан четтеп калган» «бутпарастардан» оолак карманышат (Эфестиктерге 4:17, 18). Ошондуктан Ыйсанын жолдоочулары «кудайсыздыкты жана бул дүйнөнүн кумарларын четке кагып... азыркы мезгилде адеп-ахлактуулук менен, адилеттүү жана такыбаа жашашат» (Титке 2:12).

5. «Теңир менен мактануу» деген эмнени билдирет?

5 Өзүбүздүн ким экенибизди жана ааламдын Эгедер Башкаруучусу менен болгон мамилебизди айкын түшүнгөнүбүз бизге «Теңир менен мактанууга» түрткү берет (1 Корунттуктарга 1:31). Бул эмне болгон мактануу? Биз Жахабанын кызматчылары экенибизге сыймыктанабыз. Ошондуктан: «Мактана турган адам Менин жер үстүндө ырайымдуулукту, акыйкаттыкты жана чындыкты жараткан Теңир экенимди түшүнгөнү менен, билгени менен мактансын. Анткени Мага ушул гана жагат»,— деген сөздөргө ылайык иш кылабыз (Жеремия 9:24). Биз Кудайды билгенибиз менен жана анын бизди башкаларга жардам берүүгө колдонуп жатканы менен «мактанабыз».

Бул оңой эмес

6. Ишенимди бек сактоо эмне үчүн дайыма эле оңойго тура бербейт?

6 Чындыгында, ишенимди бек сактоо дайыма эле оңойго тура бербейт. Чындыкта чоңойгон бир жигит рухий жактан алсырап калган кезин эстеп мындай деген: «Кээде мага эмне үчүн Жахабанын Күбөсү экенимди өзүм билбегендей сезилчү. Чындыкка мен ымыркай кезимен үйрөтүлгөнмүн. Айрым учурларда мага өз диним башка диндердей эле көрүнчү». Башкалар дүйнөнүн көңүл ачуу чөйрөсүнүн, маалымат каражаттарынын жана Кудайды четке каккан көзкараштардын таасирине алдырышы мүмкүн (Эфестиктерге 2:2, 3). Ыйсанын айрым жолдоочуларында кээде өздөрүнүн жөндөм-шыктарына шек санап, өз баалуулуктары менен максаттарын кайра карап чыккан учурлар болот.

7. а) Кудайдын кызматчылары үчүн өзүн өзү текшерүүнүн кандай түрү орундуу? б) Өзүн өзү текшерүү кайсы учурда коркунуч туудурушу мүмкүн?

7 Мезгил-мезгили менен өзүбүздү кылдат текшерип турганыбыз жаманбы? Жок. Элчи Пабылдын өз ишенимдештерин: «Өзүңөрдү өзүңөр текшерип көргүлөчү: ишеним жолундасыңарбы? Өзүңөрдү өзүңөр сынап көргүлөчү»,— деп үндөгөнү эсиңердедир (2 Корунттуктарга 13:5). Пабыл аларды оңолуу максатында өздөрүнүн рухий алсыздыктарын табууга акылга сыярлык аракеттерди жасоого чакырган. Ыйсанын жолдоочусу өзүн ишеним жолундабы деп текшергенде, сөздөрү менен иштеринин туткан ишенимдерине дал келер-келбесин аныкташы керек. Бирок өзүн өзү текшерүү туура эмес багытта жүргүзүлсө, бул бизге өзүбүздүн ким экенибизди дүйнөнүн көзкарашы менен аныктоого жана суроолорубузга Жахаба менен жыйналышты эске албай жооп издөөгө түрткү берет. Мындай текшерүү пайдасыз жана рухий жактан каргашалуу болушу мүмкүн *. Биз «ишенимибиздин кыйроого учурашын» эч каалабайбыз! (1 Тиметейге 1:19).

Шек саноолор болбой койбойт

8, 9. а) Муса өзүнүн шык-жөндөмүнө шектенгенин кантип көрсөткөн? б) Жахаба Мусаны кантип бекемдеген? в) Жахабанын убадалары силерге кандай таасир берет?

8 Эгерде Ыйсанын жолдоочусу кээде өзүнүн шык-жөндөмдөрүнө шек санаса, бул анын эч нерсеге жараксыз экенин билдиреби? Албетте, жок! Ал мындай сезимдер Кудайдын байыркы ишенимдүү күбөлөрүндө да болгонун билүүдөн жубатуу ала алат. Мисалы, Муса зор ишеними, берилгендиги жана ынталуулугу менен белгилүү болгон. Бирок аткара албачудай көрүнгөн тапшырма алганда Муса жүрөксүздөнө: «Мен киммин?» — деген (Чыгуу 3:11). Болжолу, ал муну менен: «Мен эч ким эмесмин! Менин колуман келбейт!» — деп айткысы келген. Муса өзүн бир канча себептен улам жөндөмсүз сезиши мүмкүн эле. Ал кулчулукта жашаган элге таандык болгон, сөзгө чоркок болгон жана ысрайылдыктар аны жерип коюшкан (Чыгуу 1:13, 14; 2:11—14; 4:10). Ошондой эле Муса койчу болгон, а кой баккандарды мисирликтер жек көргөн (Башталыш 46:34). Ошондуктан анын Кудайдын кулчулуктагы элин боштондукка алып чыгууга өзүн жараксыз сезгени таң калыштуу эмес.

9 Жахаба Мусаны бекемдеп, ага төмөнкү эки убаданы берген: «Мен сени менен болом, сени Мен жибергендигимдин белгиси мындай: сен элди Мисирден алып чыккандан кийин, ушул тоонун үстүндө Кудайга ийбадат кыласыңар» (Чыгуу 3:12). Кудай олку-солку болуп турган кызматчысына дайыма аны менен болорун айткан. Андан тышкары, Жахаба өз элин сөзсүз куткарарын билдирген. Кудай колдой турганын көрсөтүп, ушу сыяктуу убадаларды кылымдар бою берип келген. Мисалы, Убадаланган жерге кирейин деп турган ысрайыл элине Муса аркылуу: «Бекем жана кайраттуу болгула... Кудай-Теңириң Өзү сени менен барат, сенден алыстабайт, сени таштабайт»,— деген (Мыйзам 31:6). Жахаба Жашыяны да бекемдеп: «Өмүрүң өткөнчө сенин алдыңда эч ким туруштук бере албайт. Мен... сени менен... болом. Сенден четтебейм, сени таштабайм»,— деп айткан (Жашыя 1:5). Ошондой эле Ыйсанын жолдоочуларына: «[Силерди] калтырбайм жана таштабайм»,— деп убада берет (Эврейлерге 13:5). Ушундай зор колдоого ээ болгондуктан биз Ыйсанын жолдоочулары экенибизге сыймыктанабыз!

10, 11. Асап аттуу лебиге Жахабага кызмат кылуу баа жеткис нерсе экенин түшүнүүгө эмне жардам берген?

10 Мусадан беш кылымдай кийин жашаган Асап аттуу ишенимдүү леби адил жолдо жүрүүнүн маанилүүлүгүнө бир жолу шек санаганын ачык жазган. Сыноолорго жана азгырыктарга карабай Кудайга кызмат кылып келген Асап Кудайга акарат келтирген айрым адамдардын барган сайын гүлдөп, күч алып жатканын көргөн. Бул ага кандай таасир эткен? «Ал эми мен болсом — бутум тайып кете жаздады, таманым тайгаланып кете жаздады. Анткени ыймансыздардын жыргал турмушун көрүп, акылсыздарга суктандым»,— деп мойнуна алат ал. Асап Жахабага кызмат кылуу сыймык экенине күмөн санай баштаган. Ал: «Анда мен жүрөгүмдү бекер эле тазаладымбы? Колумду айыпсыздыгым менен бекер эле жуудумбу? Күн сайын өзүмдү бекер эле жараладымбы?» — деп ойлонгон (Забур 72:2, 3, 13, 14).

11 Санаасын санга бөлгөн ойлор менен Асап кантип күрөшкөн? Ички сезимдерин басып койгонбу? Жок. 72-забурдан көрүнүп тургандай, Асап аларды тиленүү менен Кудайга билдирген. Ийбадатканадагы ыйык жайга барганы Асапка зор таасир тийгизген. Аерден ал Кудайга берилгендик сактап жашоодон өткөн эчтеке жок экенин түшүнгөн. Асап рухий көзкарашын жаңырткан соң, Жахабанын мыйзамсыздыкты жек көрөрүн жана убагы келгенде мыйзамсыздарды жазалаарын баамдаган (Забур 72:17—19). Ошентип, ал Жахабанын кызматчысы болуу сыймык экенин дагы көбүрөөк сезген. Ал Кудайга мындай деген: «Мен ар дайым Сени мененмин. Сен мени оң колумдан кармап турасың. Сен мени Өз кеңешиң менен жетектеп турасың, анан мени даңкың менен кабыл аласың» (Забур 72:23, 24). Асап кайрадан өзүнүн Кудайы менен сыймыктана баштаган (Забур 33:3).

Өздөрүнүн ким экенин айкын түшүнгөндөр

12, 13. Өздөрүнүн Кудай менен болгон мамилелерине сыймыктанган ыйык китептик каармандардан мисал келтиргиле.

12 Чындык жолунда бекем турушубузга өбөлгө түзө турган нерселердин бири — оор жагдайларда да Кудай менен болгон мамилелерине сыймыктанган ишенимдүү кызматчылардын үлгүсүн изилдөө. Мисалга Жакыптын уулу Жусупту алалы. Жаш кезинде аны митаамдык менен кулчулукка сатып жиберишкен. Натыйжада ал Жахабага кызмат кылган атасынан жана «өз үй, өлөң төшөгүнөн» жүздөгөн чакырым алыс турган Мисирге алынып кеткен. Ал жакта Жусупка Кудайдын акылмандыгын чагылдырган кеп-кеңештерди берүүгө жарактуу эч ким болгон эмес. Ошондой эле оор кырдаалдарга кабылганда, анын адеп-ахлактык бекемдиги жана Жахабага канчалык таянары сыналган. Ушунун баарына карабастан, Жусуп өзүн Кудайдын кызматчысы катары алып жүрүүгө чын дилинен умтулуп, адил принциптерге бекем карманган. Татаал кырдаалдарда да ал Жахабанын кызматчысы болгонуна сыймыктанган жана өз көзкарашын билдирүүдөн корккон эмес (Башталыш 39:7—10).

13 Бул окуядан сегиз кылым өткөндөн кийин, туткунга алынган ысрайылдык кичинекей кыз Сирия аскер башчысы Наамандын үйүндө кызмат кылып жүргөн. Ал да өзүнүн Кудайы Жахаба экенин унуткан эмес. Мүмкүнчүлүк пайда болгондо, бул кыз Элишаны чыныгы Кудайдын пайгамбары деп айтып, Жахаба жөнүндө эржүрөктүк менен күбөлөндүрүү берген (2 Падышалар 5:1—19). Дагы бир канча жыл өткөндөн кийин Жошия аттуу жаш падыша, чөйрөсү жаман болгонуна карабастан, зор диний өзгөрүүлөрдү жасаган, Кудайдын ийбадатканасын оңдоп, элдин кайрадан Жахабага сыйынышына өбөлгө түзгөн. Ал өзүнүн ишеними жана сыйынуусу менен сыймыктанган (2 Жылнаама 34, 35-баптар). Бабылда Даниел менен анын үч эврей досу өздөрүнүн Жахабанын кызматчылары экенин эч качан унутпай, кысымга жана азгырыкка дуушар болгондо да ишенимдүү бойдон калышкан. Алардын Жахабага кызмат кылганына сыймыктанышканы шексиз (Даниел 1:8—20).

Ыйсанын жолдоочусу экениңе сыймыктан

14, 15. Ыйсанын жолдоочулары экенибизге сыймыктанарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

14 Жогоруда сөз кылынган Кудайдын кызматчыларын ийгилик коштоп жүргөн, анткени алар Кудай менен болгон мамилелерине сыймыктанышкан. Бизчи? Ыйсанын жолдоочулары экенибизге сыймыктанарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

15 Биринчи кезекте Жахабанын ысмы менен аталган элдин арасында жүргөнүбүз жана Анын баталары менен жактыруусуна ээ болгонубуз үчүн терең ыраазы болушубуз зарыл. Кудай Өзүнүн кызматчылары кимдер экенин так билет. Диний башаламандык күчөгөн доордо жашаган элчи Пабыл: «Теңир Өзүнө тиешелүүлөрдү билет»,— деп жазган (2 Тиметейге 2:19; Сандар 16:5). Жахаба «Өзүнө тиешелүүлөр» менен сыймыктанат. Ал: «Силерге ким тийсе... көзүмдүн карегине тийген болот»,— деп ынандырат (Захария 2:8). Жахабанын бизди сүйөрү айкын. Биз да аны менен болгон мамилебизди терең сүйүүгө негиздешибиз керек. Пабыл: «Кимде-ким Кудайды сүйсө, аны Кудай... билет»,— деп айткан (1 Корунттуктарга 8:3, «Инжил»).

16, 17. Эмне үчүн Ыйсанын жолдоочулары, жаш-кары дебей, өздөрүнүн рухий мурасы менен сыймыктана алышат?

16 Кичинекейинен чындык жолунда тарбияланган жаштар өздөрүн текшерип, чындык жолунда бекемделип жатышканына жана Кудай менен болгон мамилелерин чыңдап жатышканына ынанышы керек. Алар ата-энелеринин ишеними менен жашай алышпайт. Кудайдын ар бир кызматчысы тууралуу Пабыл: «Ал туруп турабы же жыгылабы, кожоюнунун иши»,— деп жазган. Ошондуктан андан ары ал: «Кудайдын алдында ар бирибиз өзүбүз үчүн жооп беребиз»,— деп айткан (Римдиктерге 14:4, 12). Жаштар ата-энесинин динин кошкөңүл кабыл алуунун аркасында Жахаба менен узак убакытка тыгыз мамиледе боло алышпайт.

17 Жахабага кызмат кылган адамдар дайыма болгон. Алардын тарыхы алты миң жылдай мурун жашаган ишенимдүү Абылдан тартып азыркы Күбөлөрдөн турган «эбегейсиз көп адамдарга», ошондой эле чексиз келечекке ээ боло турган Жахабанын көптөгөн башка кызматчыларына чейин созулат (Аян 7:9; Эврейлерге 11:4). Бул ишенимдүү кызматчылардын узун тизмесинде биз да барбыз. Биз кандай сонун рухий мураска ээбиз!

18. Карманган нормаларыбыз менен баалуулуктарыбыз кандайча бизди дүйнөдөн бөлүп турат?

18 Бизди айырмалап турган дагы бир нерсе — Ыйсанын жолдоочуларына мүнөздүү нормалар, баалуулуктар жана сапаттар. Биз жүргөн «Жол» — Кудайга жагарлык эң жакшы өмүр жолу (Элчилер 9:2; Эфестиктерге 4:22—24). Ыйсанын жолдоочулары «бардыгын сынап», «жакшысын кабыл алышат» (1 Тесалоникалыктарга 5:21). Биз Ыйсанын жолдоочулары менен Кудайдан алыстаган дүйнөнүн ортосундагы чоң айырмачылыкты айкын билебиз. Жахаба чыныгы сыйынууну жалган сыйынуудан даана айырмалап көрсөтүүдө. Ал Малахия пайгамбар аркылуу: «Адил адам менен ыймансыз адамдын, Кудайга кызмат кылган адам менен кызмат кылбаган адамдын ортосундагы айырманы кайрадан көрөсүңөр»,— деп айткан (Малахия 3:18).

19. Ыйсанын чыныгы жолдоочулары өздөрүнүн динине кандай мамиле кылышат?

19 Жахаба менен мактануу башаламандык өкүм сүргөн азыркы дүйнөдө абдан маанилүү болгондуктан, Кудайыбыз менен сыймыктанууга жана Ыйсанын жолдоочулары экенибизди дайыма эсибизде сактап жүрүүгө бизге эмне жардам берет? Эмки макалада буга байланыштуу пайдалуу кеңештер берилет. Биз бир нерседен шек санабасак болот: Ыйсанын чыныгы жолдоочулары өздөрүнүн динине эч качан кайдыгер карашпайт.

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Бул жерде сөз өзүбүздү рухий жактан текшерүү жөнүндө гана жүрүп жатат. Психикалык жактан жапа чегип жаткандар үчүн медициналык адистин жардамы керек болушу ыктымал.

Эсиңердеби?

• Ыйсанын жолдоочулары кантип «Теңир менен мактана» алышат?

• Муса менен Асаптын мисалынан эмнелерге үйрөндүңөр?

• Ыйык китептик кайсы каармандар Кудайга кызмат кылышканына сыймыктанышкан?

• Ыйсанын жолдоочулары экенибизге сыймыктанарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[4-беттеги сүрөт]

Муса кайсы бир убакытка чейин өзүнүн шык-жөндөмүнө шектенген.

[7-беттеги сүрөт

Жахабанын байыркы убактагы көп кызматчылары аны менен тыгыз мамиледе болушканына сыймыктанышкан.