Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ата-энелер, баалуу мурасыңарды коргогула

Ата-энелер, баалуу мурасыңарды коргогула

Ата-энелер, баалуу мурасыңарды коргогула

«[Акылмандыктын] далдасында бол... Акылмандык... өмүр берет» (Насаатчы 7:12).

1. Эмне үчүн ата-энелер балдарын баалуу белек катары көрүшү керек?

АТА-ЭНЕЛЕР өңү-түсү, кулк-мүнөзү өздөрүнүкүндөй болгон жаңы адамды жарык дүйнөгө алып келишет. Ыйык Китепте балдар «Теңирден болгон мурас» деп аталат (Забур 126:3). Өмүрдүн булагы Жахаба болгондуктан, өмүрүбүз чындыгында Ага таандык. Демек, ал өзүнө таандык болгонду ата-энеге ишенип тапшырат (Забур 35:10). Ата-энелер, Кудайдан ушундай баалуу белек алганыңарга кандай карайсыңар?

2. Манойах ата болору жөнүндөгү кабарды кандай кабыл алган?

2 Албетте, мындай белекти момундук жана ыраазычылык менен кабыл алышыбыз керек. Ысрайылда 3000 жылдан ашык убакыт илгери Манойах деген кишинин аялына периште келип, анын уул төрөй турганын айткан. Манойах муну жакшы кабыл алган. Ошол кубанычтуу кабарды угары менен ал: «Теңир, Сен жөнөткөн Кудайдын адамы бизге кайра бир келип, төрөлө турган баланы эмне кылышыбыз керек экенин үйрөтүп кетсин»,— деп тиленген (Башкаруучулар 13:8). Ата-энелер, Манойахтан эмнеге үйрөнө аласыңар?

Эмне үчүн бүгүн Кудайдын жардамына муктажбыз?

3. Балдарды тарбиялоодо эмне үчүн өзгөчө бүгүн Кудайдын жардамына муктажбыз?

3 Азыркы кезде ата-энелер балдарын тарбиялоодо Жахабанын жардамына өзгөчө муктаж. Эмне себептен? Себеби Шайтан Ибилис жана анын жин-перилери асмандан жерге кууп түшүрүлгөн. Ыйык Китепте: «Жер үстүндө... жашагандарга кайгы! Анткени шайтан өз убагынын аз калганын билип, силерге катуу каары менен түштү»,— деп айтылат (Аян 12:7—9, 12). Шайтан «кимди жутуп жиберсем деп, айкырган арстан сыяктуу» жүрөт (1 Петир 5:8). Арстандар, адатта, эң алсыз, жаш жаныбарларга кол салат. Ошондуктан Ыйсаны жолдогон ата-энелердин өз балдарын коргоодо Жахабадан жетекчилик издегени акылмандык болуп саналат. Бул жагынан силер канчалык аракеттенип жатасыңар?

4. а) Айлана-тегеректе арстан жүргөнүн билген ата-энелер эмне кылат? б) Шайтандан коргонуш үчүн балдарга эмнелер керек?

4 Айлана-тегеректе арстан жүргөнүн билсеңер, албетте, балдарыңарды коргоого өзгөчө маани бермексиңер. Шайтан да жырткыч. Ал Кудайдын кызматчыларын бузууга, ошонун аркасында Кудайдын жактыруусунан айрылтууга умтулат (Аюб 2:1—7; 1 Жакан 5:19). Балдар Шайтанга оңой эле жем болуп калышы ыктымал. Андыктан, анын тузактарына түшпөш үчүн, балдар Жахабаны таанып-билип, анын тилин алышы керек. Ыйык Китептен билим алуу аларга абдан зарыл. Ыйса: «Түбөлүк өмүр — жалгыз чыныгы Кудай Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машайакты таануу»,— деп айткан (Жакан 17:3). Андан тышкары, балдар акылмандыкка муктаж. Ошондо алар үйрөнгөндөрүн түшүнүп, жашоолорунда колдоно алышат. «Акылмандык... өмүр бергендиктен», ата-энелер балдарынын жүрөгүнө чындыкты сиңирүүгө умтулушу керек (Насаатчы 7:12). Кантип?

5. а) Балдарды кантип акылмандыкка үйрөтүүгө болот? б) Накыл сөздөрдө акылмандыктын баалуулугу кандайча көрсөтүлөт?

5 Ата-энелер, силер балдарыңарга Кудай Сөзүн окуп бере аласыңар жана окуп беришиңер керек. Бирок аларга Жахабаны сүйүүгө жана ага баш ийүүгө жардам берүү андан да көптү талап кылат: алар мунун эмне үчүн зарыл экенин түшүнүшү керек. Маселен, балдар көчөдөн өтөрдө оңду-солду карап өтүш керектигин угуп эле жүрүшү мүмкүн. Бирок кээ бир балдар муну кулактарынын сыртынан кетиришет. Эмне үчүн? Анткени машине коюп кетсе эмне болору же мунун канчалык кооптуу экени аларга жетиштүү түшүндүрүлбөшү мүмкүн. Баланын жүрөгүндөгү «акылсыздык» аны кырсыкка учуратышы ыктымал. Аны акылмандыкка үйрөтүү үчүн, убакыт жана чыдамкайлык талап кылынат. Бирок акылмандык кандай баа жеткис нерсе! «Анын жолу — жагымдуу жол, анын бардык жолу — бейпилдик. Ага жеткендер үчүн — өмүр дарагы, аны сактагандар — бактылуу адамдар!» — деп айтылат Ыйык Китепте (Накыл сөздөр 3:13—18; 22:15).

Акылмандыкка үйрөтүү

6. а) Көп учурда балдар акылсыз ишке эмне үчүн барышат? б) Кандай согуш жүрүп жатат?

6 Көп учурда балдар туура эмес иштерди эмне жакшы, эмне жаман экенин билбегендиктен эмес, жүрөктөрүнө жеткире үйрөтүлбөгөндүктөн жасашат. Шайтан балдардын жүрөгүнө ээлик кылууну, кол астындагы дүйнө аркылуу жаман таасир тийгизүүнү көздөйт. Ошондой эле алардын жаман иштерди жасоого, күнөө кылууга болгон тубаса жакындыгын пайдаланууга аракеттенет (Башталыш 8:21; Забур 50:7). Ата-энелер балдардын жүрөгү үчүн согуш жүрүп жатканын түшүнүшү керек.

7. Эмне үчүн балага эмне туура, эмне туура эмес экенин айтып коюу жетишсиз?

7 Адатта, ата-эне баласына эмне туура, эмне туура эмес экенин айтат жана ошону менен адептүүлүккө үйрөтүп жатабыз деп ойлойт. Алар калп айтуу, уурулук кылуу же жубайынан башка адам менен жыныстык мамиледе болуу туура эмес экенин баласына айтышы мүмкүн. Бирок бала андай жаман иштерден ата-энеси айткандыктан эле эмес, андан да күчтүү себептен улам качышы керек. Ата-энеси үйрөткөн нерселер — Жахабанын мыйзамдары. Ошондуктан бала Кудайдын осуяттарын аткаруу акылмандыкка жатарын аңдай билиши керек (Накыл сөздөр 6:16—19; Эврейлерге 13:4).

8. Баланы эмнелерге үйрөтүү ага акылмандык менен иш кылууга жардам берет?

8 Ааламдын татаалдыгы, жандуу нерселердин көп түрдүүлүгү, жыл мезгилдеринин алмашуусу жана башка ушу сыяктуу нерселердин баары балага чексиз акылман Жараткандын бар экенин түшүнүүгө жардам берет (Римдиктерге 1:20; Эврейлерге 3:4). Андан тышкары, балага Кудай аны сүйөрүн, Уулунун курмандыгы аркылуу анын түбөлүк өмүр алышына кам көрүп койгонун жана Кудайды Анын көрсөтмөлөрүнө баш ийүү менен кубанта аларын айтып үйрөтүү керек. Ошондо ал, Шайтандын тоскоолдуктарына карабастан, Жахабага кызмат кылууну чечиши мүмкүн (Накыл сөздөр 22:6; 27:11; Жакан 3:16).

9. а) Туура окутуу үчүн эмнелер талап кылынат? б) Аталар эмне кылууга чакырылат жана бул эмнени билдирет?

9 Баланы туура иштерди кылууга түрткү бергидей жана аны коргогудай нерселерге үйрөтүү үчүн, убакыт, көңүл буруу жана пландаштыруу талап кылынат. Ошондой эле ата-эне Кудайдын жетекчилигине ылайык иш кылышы керек. Ыйык Китепте: «Аталар, силер да балдарыңарды... Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялагыла»,— деп айтылат (Эфестиктерге 6:4). Бул эмнени билдирет? «Акыл-насаат» деген сөз байыркы грек тилинде «акыл салуу» деген маанини туюнтат. Демек, аталар балдарына Жахабанын акылын «салууга» үндөлөт. Балдарды бул кандай гана коргойт! Эгер балдардын акылы Кудайдын ойлоруна, ой жүгүртүүсүнө сугарылса, бул аларды күнөө кылуудан сактайт.

Сүйүүгө негизделген каалоо

10. Балаңарды ийгиликтүү тарбиялоо үчүн, эмнени билгениңер маанилүү?

10 Балаңарга туура тарбия берүү үчүн, аракеттериңер сүйүүгө негизделиши керек. Мында жакшы пикир алышуу маанилүү роль ойнойт. Балаңардын жашоосунда эмнелер болуп жатканына кызыгып, анын көзкараштарын билүүгө аракеттенгиле. Ыңгайы келгенде, аны акырын сөзгө тарткыла. Кээде анын айткандары төбө чачыңарды тик тургузушу мүмкүн. Бирок ачууга алдырбай, кунт коюп угууга аракеттенгиле.

11. Ата-эне баласына Кудайдын акылын кантип сала алат?

11 Силер балдарыңарга Ыйык Китептен Кудайдын жыныстык адеп-ахлаксыз иштерге тыюу салган мыйзамдарын, балким, бир канча жолу окуп бергендирсиңер (1 Корунттуктарга 6:18; Эфестиктерге 5:5). Бул алардын Жахабага эмне жагып, эмне жакпаарын түшүнүшүнө өбөлгө түзүшү мүмкүн. Бирок, балага Кудайдын акылын салуу үчүн, андан да көп нерсе талап кылынат. Балдарга Жахабанын мыйзамдарынын маанилүүлүгү тууралуу ой жүгүртүүгө жардам берүү зарыл. Алар анын мыйзамдары адилет жана пайдалуу, аларга баш ийүү туура жана жагымдуу нерсе экенине ынангыдай болушу керек. Балдарыңарга Кудайдын көзкарашын түшүнүүгө жардам берип, Ыйык Жазманын негизинде чогуу ой жүгүрткөнүңөрдө гана аларга Жахабанын акылын сала аласыңар.

12. Ата-эне баласына жыныстык мамилелерге карата туура көзкарашта болууга кантип жардам бере алат?

12 Жыныстык мамилелер тууралуу сүйлөшүүдө балаңардан: «Жахабанын никеге чейин жыныстык катнашта болууга тыюу салганы адамды бактысыз кылат деп ойлойсуңбу?» — деп сурасаңар болот. Берген жообун түшүндүрүп берүүгө үндөгүлө. Кудайдын адамдар балалуу болушу үчүн кереметтүү чара караштырганын талкуулагандан кийин, балаңардан: «Кандай деп ойлойсуң, мээримдүү Кудайыбыз мыйзамдарын бизди жашоонун жыргалынан кур калтыруу үчүн береби же тескерисинче, бизди бактылуу кылуу жана коргоо максатында береби?» — деп сурасаңар болот (Забур 118:1, 2; Ышайа 48:17). Балаңардын оюн билген соң, жыныстык адеп-ахлаксыздык кандай азап-кайгы алып келерин мисалдар менен бышыктагыла (2 Шемуел 13:1—33). Аны менен кошо ой жүгүртүп, Кудайдын көзкарашын түшүндүрсөңөр, бул ага Кудайдын акылын салышыңарга чоң өбөлгө түзөт. Бирок балаңарды дагы бир нерсеге үйрөткөнүңөр маанилүү.

13. Эмнени түшүнгөнү балага Жахабанын тилин алууга өзгөчө түрткү берет?

13 Балаңарга тил албастыктын кесепеттерин эле айтып койбостон, жүрүм-турумубуз Жахабага кандай таасир этерин да түшүндүргөнүңөр акылмандыкка жатат. Ыйык Китептен Жахабанын эркине ылайык иш кылбаганда Анын жүрөгүн оорутушубуз мүмкүн экенин көрсөткүлө (Забур 77:41, «Мукаддас»). Балаңардан: «Жахабанын көңүлүн эмне үчүн ооруткуң келбейт?» — деп сурасаңар болот. Анан Кудайдын душманы Шайтан бизди Жахабага аны сүйгөндүктөн эмес, өз кызыкчылыктарыбызды ойлогондуктан кызмат кылат деп ырастаганын айткыла. Ошондой эле Аюб актыгын сактоо менен Кудайдын жүрөгүн кубантып, Шайтандын жалган айыптоосун жокко чыгарганын түшүндүргүлө (Аюб 1:9—11; 27:5). Балаңар өзүнүн жүрүм-туруму менен Жахабаны же капаланта, же кубанта аларын түшүнүшү керек (Накыл сөздөр 27:11). Балдарды ушу сыяктуу көптөгөн маанилүү нерселерге «Улуу Окутуучудан үйрөн» китебин (ор.) колдонуп үйрөтүүгө болот *.

Жакшы натыйжалар

14, 15. а) «Окутуучу» китеби балдарга кандай таасир берет? б) Китепти колдонуу менен кандай жакшы натыйжаларга жетиштиңер?

14 Хорватияда жашаган бир чоңата жети жашар небересине «Окутуучу» китебин окуп берет. Небереси ага мындай деген: «Апам менден бир нерсе кылууну суранганда, мен аны аткаргым келбей койду. Анан кайра „Тил алчаактык сени коргойт“ деген бөлүмдү эстедим да, кайрылып барып, анын тилин аларымды айттым». АКШнын Флорида штатындагы бир ата-эне «Эмне үчүн калп айтпашыбыз керек?» деген бөлүм тууралуу: «Андагы суроолор балдарды жүрөктөгү ойлорун айтууга жана демейде сезбечү каталарын моюнга алууга түрткү берет»,— деп айтышкан.

15 «Окутуучу» китебинде 230дан ашык сүрөт бар, ошондой эле ар бир сүрөткө же сүрөттөр тобуна түшүндүрмө берилет. Ал китеп үчүн ыраазычылык билдирип, бир эне мындай деген: «Адатта, уулум сүрөттөн көзүн алгысы келбей, кийинки беттерин ачпай туруп калат. Китептеги сүрөттөр балдарды өзүнө тартып эле койбостон, аларды маанилүү нерселерге үйрөтөт же жок эле дегенде, суроо берүүгө түрткү берет. Караңгы бөлмөдө телевизор көрүп жаткан баланы көрсөтүп, уулум үнүн анын кандайдыр бир туура эмес иш кылып жатканын билгендей чыгарып: „Апа, бул бала эмне кылып жатат?“ — деп сурады». Сүрөттүн астында: «Кылган иштерибизди ким көрүп турат?» — деген сөздөр жазылган.

Бүгүнкү күндөгү өтө зарыл тарбия

16. Бүгүн балдарга кандай тарбия берүү өтө зарыл жана эмне үчүн?

16 Балдар өз дене мүчөлөрү канткенде туура, канткенде туура эмес колдонуларын билиши керек. Бирок бул жөнүндө сүйлөшүү дайыма эле оңой эмес. Бир журналист жыныстык органдарга карата колдонулган сөздөрдү айтуу уят деп эсептелген убакта өскөнүн белгилеп, өзүнүн балдарына кандай таалим-тарбия бериши керектиги жөнүндө: «Мен тартынчаактыгымды жеңүүгө тийишмин»,— деп жазган. Чындыгында, ата-эне уялганынан баласы менен жыныстык мамилелер тууралуу сүйлөшүүдөн качса, бул аны коргобойт. Адеп-ахлаксыздыкка азгыргысы келгендер баланын билбестигинен пайдаланат. «Улуу Окутуучудан үйрөн» китебинде ал тема адептүү, сый-сыпаттуу жол менен талкууланган. Жыныстык тарбия берүү баланы аруулугунан ажыратпайт, тескерисинче, ал темага байланыштуу эч нерсе билбегени анын адеп-ахлактык жактан бузулушуна алып барышы мүмкүн.

17. «Окутуучу» китеби ата-энелерге балдарына жыныстык жактан тарбия берүүгө кандай жардам берет?

17 Китептин 10-бөлүмүндө, каардуу периштелердин жерге түшүп келип, балалуу боло баштаганы жөнүндө кеп кылынган жерде, балага: «Жыныстык мамилелер жөнүндө эмне билесиң?» — деген суроо берилет. Анан жөнөкөй, сый-сыпаттуу жооп айтылат. Ал эми 32-бөлүмдө балдарды бузуку адамдардан кантип коргосо болору түшүндүрүлөт. Мындай тарбиянын өтө зарыл экени көптөгөн каттардан көрүнүп турат. Бир эне: «Өткөн жумада уулум Жейвен педиатрга көрүнгөндө, педиатр биздин аны менен жыныс мүчөлөрүн кантип туура колдонуу керектигин талкуулаган-талкуулабаганыбызды сураган экен. Уулум бул теманы жаңы китепти колдонуп талкуулаганыбызды айтканда, ал аябай таң калыптыр»,— деп жазган.

18. Улуттук символдорго таазим этүү жөнүндө «Окутуучу» китебинде эмне айтылат?

18 Дагы бир бөлүмдө Бабыл мамлекетинин символу болгон бурканга табынуудан баш тарткан үч эврей улан: Шадрах, Мейшах жана Абет-Него жөнүндө айтылат (Даниел 3:1—30). «Окутуучу» китебинде көрсөтүлгөндөй, кээ бир адамдар сөлөкөткө сыйынууну желекке таазим этүү менен байланышы жок деп эсептеши мүмкүн. Бирок жазуучу Эдуард Гаффнейдин бир журналга берген интервьюсунда айткан сөздөрүнө көңүл бурсаңар. Анын билдирүүсүнө ылайык, кызы мектепке барган биринчи эле күнү «жаңы тиленүүнү» үйрөнүп келгенин айтканда, Гаффней ал эмне экенин сураган. «Кызым колун жүрөгүнө коюп,— дейт ал,— сыймыктануу менен: „...желекке ант берем“ — деп баштады. Ошондо мен селт эте түштүм. Жахабанын Күбөлөрү чын айткан экен. Биздин мектептерде башталгыч класстардан тартып эле улуттук дин калыптандырылат: балдарды кан-жаны менен берилгендик көрсөтүүгө үйрөтүшөт».

Аракетиңердин акыбети кайтат

19. Балдарга тарбия берүү кандай жакшы натыйжаларды берет?

19 Балдарга жакшы тарбия берүүнүн акыбети кайтпай койбойт. АКШнын Канзас штатындагы бир эне баласынан кат алганда, көзүнө жаш тегеренген. Баласы ага: «Эмоциялык жактан туруктуу жана теңсалмактуу болууга жардам бергидей тарбия көргөнүмө абдан бактылуумун. Атам экөөңөр мактоого татыктуусуңар»,— деп жазган (Накыл сөздөр 31:28). «Улуу Окутуучудан үйрөн» китеби башка дагы көптөгөн ата-энелерге балдарын окутууга, өздөрүнүн баалуу мурасын коргоого жардам берет.

20. Ата-энелер эмнени дайыма эсинде сактоого тийиш жана бул аларга эмне кылууга түрткү бериши керек?

20 Балдарыбыз биздин убакыт бөлүшүбүзгө, көңүл бурушубузга жана күч-аракет жумшашыбызга татыктуу. Алар бат эле чоңоюп кетишет. Ошондуктан алар менен болууга жана жардам берүүгө ар бир мүмкүнчүлүктү пайдалангыла. Бул үчүн эч качан өкүттө калбайсыңар. Алар силерди жакшы көрүп калышат. Балдарыңар Кудайдын берген белеги экенин дайыма эсиңерде сактагыла. Алар — баалуу мурас (Забур 126:3—5). Андыктан балдарыңарга аларга кандай тарбия бергениңер үчүн Кудайдын алдында жооп бере тургандай мамиле кылгыла, себеби жооп берериңер шексиз.

[Шилтемелер]

^ 13-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган. «Кудайды канткенде кубанта алабыз?» деп аталган 40-бөлүмдү карагыла.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Эмне үчүн ата-энелер балдарын өзгөчө азыр коргошу керек?

• Балдарыңарды кантип акылмандыкка үйрөтө аласыңар?

• Балдарыңар менен кайсы маанилүү маселелерди талкуулашыңар керек?

• «Окутуучу» китеби ата-энелерге балдарын тарбиялоого кандайча жардам берип келет?

[Изилдөө суроолору]

[24-беттеги сүрөт]

Жаштар, үч эврей уландан эмнеге үйрөнө аласыңар?

[25-беттеги сүрөт]

«Окутуучу» китебиндеги сүрөттөр жана аларга берилген түшүндүрмөлөр маанилүү нерселерге үйрөтөт.

Анания Петирге эмне деп калп айткан?

Кылган иштерибизди ким көрүп турат?

[26-беттеги сүрөт]Ата-энелер, Манойахтан эмнеге үйрөнө аласыңар?