Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балдарыбыз — баалуу мурас

Балдарыбыз — баалуу мурас

Балдарыбыз — баалуу мурас

«Теңирден болгон мурас — балдар. Андан болгон сыйлык — курсактын жемиши» (3абур 126:3).

1. Эң биринчи ымыркай кандайча төрөлгөн?

ЖАХАБА КУДАЙ алгачкы эркек менен аялды жаратып, кереметтүү окуялардын болушуна кам көргөн. Атанын жана эненин (Адам менен Обонун) кан-жанынан жаралган клетка Обонун жатынында өрчүп отуруп, акыры жаңы адам — эң биринчи ымыркай — пайда болгон (Башталыш 4:1). Бойго бүтүү жана баланын төрөлүшү бизди бүгүнкү күнгө дейре таң калтырып келет. Аны көптөр накта керемет дешет.

2. Курсактагы баланын өрчүшүн эмне үчүн керемет деп айтууга болот?

2 Эненин курсагындагы уруктанган клетка болжол менен 270 күндө өрчүйт да, натыйжада организми триллиондогон клеткалардан турган бала пайда болот. Алгачкы клеткада 200дөн ашуун клетканын түрүн чыгаруучу маалымат камтылат. Адамдын акылы жеткис, таң калыштуу ошол маалыматтын негизинде ушунчалык татаал келген клеткалар зор тактык менен, белгилүү бир тартип менен өсүп-өрчүп олтурат. Акыры жаңы адам жарык дүйнөгө келет!

3. Эмне үчүн ойлонгон адамдардын көбү баланын төрөлүүсүнө Кудай себепкер экенин түшүнүшөт?

3 Ымыркайдын чыныгы жаратуучусу ким деп ойлойсуңар? Албетте, эң башында өмүр бергендин Өзү. Забурчу: «Теңирдин Кудай экенин, Ал бизди жаратканын, биз Аныкы экенибизди... таанып билгиле»,— деп ырдаган (Забур 99:3). Ата-энелер, асыл наристеңердин өзүңөрдүн кандайдыр бир өзгөчө жөндөмүңөрдүн аркасында пайда болбогонун силер жакшы билесиңер. Адамдарга балалуу болуу жөндөмдүүлүгүн чексиз акылмандыкка ээ болгон Кудай берген. Тээ атам замандан бери эле, ойлонгон адамдар курсактагы баланын өрчүшүнө таңданып, Улуу Жаратканга даңк ыйгарып келишкен. Силерчи? (Забур 138:13—16).

4. Адамдардагы кайсы кемчиликти Жахабада бар деп ойлоого болбойт?

4 Бирок Жахаба эркек менен аялдын тукумдашын шарттоочу биологиялык процессти ишке киргизүү менен эле тим болгон сезимсиз Жаратканбы? Кээ бир адамдар сезимсиз болсо да, Жахаба андай эмес (Забур 77:38—40). «Теңирден болгон мурас — балдар. Андан болгон сыйлык — курсактын жемиши»,— деп айтылат Забур 126:3тө. Эмесе, мурас деген эмне экенин жана анын эмнени далилдээрин карап чыгалы.

Мурас жана сыйлык

5. Эмне себептен балдарды мураска салыштырууга болот?

5 Мурасты белекке салыштырууга болот. Адатта, ата-энелер балдарына жакшы мурас калтырыш үчүн жан үрөп, көп иштешет. Мураска акча, мал-мүлк же кандайдыр бир баалуу буюмдар калтырылышы мүмкүн. Эмне гана болбосун, мурас — ата-эненин сүйүүсүнүн далили. Ыйык Китепте Кудай ата-энелерге балдарды мураска бергени айтылат. Балдар — мээримдүү Кудайдын баалуу белеги. Эгер силер ата-эне болсоңор, балдарыңарды Ааламдын Жаратканы берген белек катары көрөсүңөрбү?

6. Кудай адамдарга балалуу болуу жөндөмүн берүү менен эмнени ниет кылган?

6 Жахаба адамдарга балалуу болуу жөндөмүн берүү менен жерди Адамдын жана Обонун тукумдарына толтурууну ниет кылган (Башталыш 1:27, 28; Ышайа 45:18). Жахаба миллиондогон периштелерин өз-өзүнчө жараткан сыяктуу, адамдардын ар бирин жекече жараткан эмес (Забур 103:4; Аян 4:11). Тескерисинче, ал адамдарды балалуу болуу жөндөмү менен, балдары ата-энелерине окшош болгудай кылып жаратууну эп көргөн. Жаңы адамды жарык дүйнөгө алып келип, ага кам көрүү эне менен ата үчүн кандай гана сыймык! Ата-энелер, ушундай баалуу мураска ээ болууга мүмкүнчүлүк берген Жахабага ыраазычылык билдиресиңерби?

Ыйсадан үлгү алгыла

7. Кээ бир ата-энелерден айырмаланып, Ыйса «адам балдарына» кандайча кызыгуу менен мамиле жасап, кайрымдуулук көрсөткөн?

7 Өкүнүчтүүсү, ата-энелердин баары эле балдарын сыйлык деп эсептей бербейт. Ал тургай, балдарына кайрымы жок ата-энелер да кездешет. Алардын мындай мамилеси Жахабанын жана анын Уулунун адамдарга жасаган мамилесине карама-каршы келет (Забур 26:10; Ышайа 49:15). Андай ата-энелерден айырмаланып, Ыйса балдарга кызыгуу менен мамиле кылган. Ыйык Китепте айтылгандай, Ыйса жерге адам болуп келгенге чейин эле, асманда кубаттуу рухий жаратуу болгон кезинде, анын «кубанычы адам балдары менен бирге болгон» (Накыл сөздөр 8:31, «Мукаддас»). Анын адамдарга карата сүйүүсү ушунчалык күчтүү болгондуктан, ал өз өмүрүн кун катары даярдуулук менен берип, биздин түбөлүк өмүр алышыбызга жол ачкан (Матай 20:28; Жакан 10:18).

8. Ыйса ата-энелерге кандайча үлгү көрсөткөн?

8 Ыйса жерде жүргөндө ата-энелерге сонун үлгү көрсөткөн. Анын балдарга кандай мамиле кылганына көңүл бурсаңар. Колу бошобой же кыйналып турганда да, Ыйса балдар үчүн убакыт тапчу. Ал балдардын көчөдө ойноп жатканына көңүл буруп, алардын кылык-жоруктарын өзүнүн окутууларында мисал кылып келтирген (Матай 11:16, 17). Иерусалимге акыркы жолу барганда, Ыйса азап тартып өлөрүн билген. Андыктан кээ бирөөлөр балдарын алып келгенде, окуучулары, балким, ага ашыкча оордук келбесин деп, балдарды жанына жолотпоого аракеттенишкен. Бирок Ыйса окуучуларынын бул аракетин туура көргөн эмес. Балдар менен болгонуна кубанарын билдирип, ал: «Балдардын Мага келүүсүнө жол бергиле. Аларга тоскоолдук кылбагыла»,— деп айткан (Марк 10:13, 14).

9. Эмне үчүн сөзүбүзгө караганда ишибиз маанилүүрөөк?

9 Биз Ыйсадан үлгү алсак болот. Балдар колубуз бошобой турганда жаныбызга келсе, аларга кандай мамиле кылабыз? Андай учурда Ыйсаны туурайбызбы? Алар баарынан мурда ата-энелеринин убакыт бөлүүсүнө жана көңүл буруусуна муктаж; Ыйса балдардан дал ошол нерселерди аяган эмес. Албетте, балдарыбызга аларды жакшы көрөрүбүздү айтканыбыз маанилүү. Бирок «адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт». Башкача айтканда, сүйүүңөрдү сөзүңөрдөн да иштериңер көбүрөөк айкындайт. Муну аларга убакыт бөлгөнүңөр, көңүл бурганыңар, кам көргөнүңөр менен далилдей аласыңар. Бирок анын баарын кылып келген күндө да натыйжалары анча байкалбашы, силер күткөндөй тез сезилбеши мүмкүн. Андай учурда чыдамдуулук керек. Бул сапатка Ыйсанын өз шакирттерине жасаган мамилесинен үйрөнө алабыз.

Ыйсанын чыдамдуулугу жана сүйүүсү

10. Ыйса шакирттерин момундукка кантип үйрөткөн жана бул дароо эле натыйжа бергенби?

10 Ыйса шакирттеринин биринчиликке умтулуп, талашып жүрүшкөнүн билген. Бир күнү Капернаумга келишкенде, Ыйса алардан: «Жолдо эмне жөнүндө сүйлөшүп келдиңер?» — деп сураган. Алар унчугушкан эмес. «Анткени... жолдо: „Кимибиз чоңбуз?“ — деп, өз ара талкуулап келишкен эле». Бирок Ыйса аларды жемелебестен, чыдамдуулук көрсөтүп, көрсөтмөлүү мисалдын жардамы менен момундукка үйрөткөн (Марк 9:33—37). Бул ойдогудай натыйжаларды бергенби? Ан үчүн убакыт талап кылынган. Алты айдай убакыт өткөндөн кийин Жакып менен Жакан өздөрүнүн энеси аркылуу Ыйсадан Падышалыктан көрүнүктүү абал беришин суранышкан. Ыйса кайрадан чыдамдуулук көрсөтүп, алардын ой жүгүртүүсүн оңдогон (Матай 20:20—28).

11. а) Ыйсанын элчилери үстүңкү бөлмөгө чогулганда, салт боюнча аткарылуучу кайсы милдетти аткарбай коюшкан? б) Ыйса эмне кылган жана анын аракети ошол учурда жакшы натыйжа берди беле?

11 Көп өтпөй б.з. 33-жылындагы Пасах майрамы кирип келет. Аны майрамдоого Ыйса шакирттери менен жекече чогулат. Алар үстүнкү бөлмөгө чогулганда, он эки элчинин эч кимиси демилгени колго алып, салт боюнча жолдошторунун чаң буттарын жууган эмес. Адатта, бул иш төмөн деп эсептелип, үйдөгү кулдун же аялдын милдети катары каралчу (1 Шемуел 25:41; 1 Тиметей 5:10). Окуучуларынын дагы эле жогорку абалга умтулуп жатканын көрүү Ыйсаны аябай эле капаланткан болуш керек! Ошондуктан ал баарынын бутун жууп, аларды башкаларга кызмат кылуу жагынан өзүнөн үлгү алууга үндөгөн (Жакан 13:4—17). Алар ошого ылайык иш кылышканбы? Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, ошол эле кечте «шакирттер өз ара: „Кимибиз чоңбуз?“ — деп... талаша кетишкен» (Лука 22:24).

12. Ата-энелер балдарын тарбиялоодо Ыйсаны кантип туурай алышат?

12 Ыйсанын кандай сезимде болгонун силер, ата-энелер, балдарыңар кеп-кеңешиңерди кулагына илбей койгон учурларда жакшы түшүнөт болушуңар керек. Элчилери кемчиликтерин оңдоого шашылбаганына карабастан, Ыйсанын аларга кол шилтеп койбогонун байкасаңар. Натыйжада анын чыдамдуулугу акыр-аягы майнап берген (1 Жакан 3:14, 18). Ата-энелер, силер да Ыйсанын сүйүүсүн жана чыдамдуулугун чагылдырып, балдарыңарды тарбиялоодо жасаган аракетиңерди үзгүлтүккө учуратпагыла.

13. Эмне үчүн ата-эне баланын суроолоруна көңүл бурбай койбошу керек?

13 Балдар ата-энесинин сүйүүсүн жана кызыгуусун сезиши керек. Ыйса шакирттеринин оюн билгиси келгендиктен, алар суроо бергенде, кунт коюп уккан. Ошондой эле алардан айрым нерселерге карата кандай көзкарашта экенин сураган (Матай 17:25—27). Ооба, мыкты окутуучу кунт коюп уга билет жана чын дилден кызыгуу көрсөтөт. Ошондуктан, ата-энелер, суроо менен кайрылган баланы: «Ары турчу! Колум бош эмес экенин көрбөй жатасыңбы?!» — деп кагып коюудан качкыла. Эгер чындап эле бошобой жатсаңар, суроосуна ананыраак жооп берериңерди айткыла. Анан берген убадаңарга тургула. Ошентип, бала кайдыгер мамиле кылбай турганыңарды сезип, силерге көбүрөөк ишеним арта баштайт.

14. Ата-энелер балдарга сүйүү көрсөтүү жагынан Ыйсадан эмнеге үйрөнө алышат?

14 Ата-энелердин өз балдарын кучактап, сылап-сыйпап эркелеткени орундуубу? Бул жагынан да Ыйсадан үлгү алууга болот. Ыйык Китепте анын «балдарды кучактап, алардын үстүнө колун коюп, батасын бергени» айтылат (Марк 10:16). Бул балдарга кандай таасир эткен деп ойлойсуңар? Албетте, Ыйса аларды өзүнө тартып тургандыктан, алар анын жанында өздөрүн жакшы сезишкен! Ата-энелер, эгер балдарыңарга ынактык жана сүйүү менен мамиле кылсаңар, алар силердин таалим-тарбияңарга даярдуулук менен баш ийишет.

Канча убакыт бөлүү керек?

15, 16. Балдарды тарбиялоого байланыштуу кандай түшүнүк кеңири жайылууда жана ал эмнеден улам келип чыкты?

15 Кээ бирөөлөр балдарга көп убакыт бөлүү, сүйүү менен көңүл буруу керектигине шектенишет. Азыркы кезде бала тарбиялоого байланыштуу «сапаттуу убакыт» деп аталган жаңы ыкма кеңири жайылтылууда. Бул ыкманын жактоочулары ата-энелердин бөлгөн убактысы маңыздуу, сапаттуу болсо жана алдын ала пландаштырылса, балдарга көп убакыт бөлүүнүн деле зарылдыгы жок деп ырасташат. Мындай ыкма натыйжалуубу жана балдардын жыргалчылыгын ойлогонго жатабы?

16 Бир жазуучу көп балдар менен маектешкенде, алар «баарынан мурда, ата-энелеринин көбүрөөк убакыт бөлүшүн», «жарым-жартылай эмес, толук көңүл бурушун» каалашарын айтышкан. Бир окуу жайынын профессору: «„Сапаттуу убакытка“ байланыштуу түшүнүк ата-энелер өздөрүнүн айыбын сезгендиктен келип чыкты. Ошентип, аларга эми балдарына азыраак убакыт бөлүүгө шылтоо табылды»,— деп айткан. Ата-энелер балдары менен канча убакыт өткөрүшү керек?

17. Балдар эмнеге муктаж?

17 Балдарга канча убакыт бөлүү керектиги Ыйык Китепте айтылбайт. Бирок ысрайылдык ата-энелер балдары менен үйдө отурганда да, жолдо баратканда да, жатканда да, турганда да сүйлөшүүгө чакырылган (Мыйзам 6:7). Бул болсо ата-энелер балдары менен пикир алышып, аларды күнүгө окутуп турушу керектигин билдирет.

18. Ыйса шакирттерин окутуу үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланган жана ата-энелер андан эмнеге үйрөнө алышат?

18 Ыйса шакирттерин дасторкон үстүндө, жолдон жана эс алуу учурунда да натыйжалуу окуткан. Ал аларга таалим берүү үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланган (Марк 6:31, 32; Лука 8:1; 22:14). Ыйсаны жолдогон ата-энелер да балдары менен ар дайым жакшы пикир алышып, аларды Жахабанын жолдоруна үйрөтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга умтулушу керек.

Эмнелерге жана кантип үйрөтүү керек?

19. а) Балдарга убакыт бөлүүдөн тышкары, дагы эмне кылуу зарыл? б) Ата-энелер балдарын биринчи кезекте эмнелерге үйрөтүшү керек?

19 Балдарга жакшы тарбия берүү үчүн, убакыт бөлүп, аларды окутуу аздык кылат. Балдардын эмнелерге үйрөтүлүп жатканы да маанилүү. Буга эмне кириши керектиги Ыйык Китепте кандайча баса көрсөтүлгөнүнө көңүл бурсаңар. Анда: «Мен бүгүн осуяттап жаткан ушул сөздөрдү... балдарыңа кайра-кайра айтып үйрөт»,— деп айтылат. Балдар үйрөтүлүшү керек болгон «ушул сөздөр» деген кайсы сөздөр? Албетте, алар андан мурун айтылган төмөнкү сөздөр: «Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бардык күч-кубатың менен сүй» (Мыйзам 6:5—7). Ыйса муну Кудайдын бардык осуяттарынын эң негизгиси деп атаган (Марк 12:28—30). Ата-энелер балдарын биринчи кезекте Жахаба жөнүндө үйрөтүп, эмне үчүн чын жүрөктөн сүйүү жана берилгендик көрсөтүшүбүзгө ал гана татыктуу экенин түшүндүрүшү керек.

20. Байыркы убакта Кудай ата-энелерге балдарына эмнелерди үйрөтүүгө буйрук берген?

20 Бирок ата-энелер балдарына үйрөтүшү керек болгон «ушул сөздөр» Кудайды бүт күч-аракети менен сүйүүнү эле камтыбайт. Мыйзам китебинин мурунку бабынан Мусанын Кудай таш лоокторго жазып берген мыйзамдарды — Он осуятты — кайталап жазганын байкоого болот. Бул мыйзамдар калп айтууга, уурдоого, киши өлтүрүүгө, ойноштук кылууга тыюу салат (Мыйзам 5:11—22). Демек, ошо убакта ата-энелер балдарына адеп-ахлактык баалуулуктарды үйрөтүүнүн канчалык маанилүү экенин жакшы түшүнүшчү. Бүгүн да Ыйсаны жолдогон ата-энелер балдарына ошондой тарбия бериши керек. Ошондо балдарынын келечеги коопсуз жана бактылуу болот.

21. Кудайдын сөзүн балдарга «кайра-кайра айтып үйрөтүү» деген эмнени билдирет?

21 Ата-энелер «ушул сөздөрдү», тактап айтканда, осуяттарды балдарына кантип үйрөтүүгө тийиш болушканын байкасаңар. Аларга: «Балдарыңа кайра-кайра айтып үйрөт»,— деп айтылган. «Кайра-кайра айтып үйрөт» деп которулган сөздөр «тез-тез кайталоонун, үндөөнүн жардамы менен үйрөтүү, акылына сиңирүү, ынандыруу» деген маанини туюнтат. Демек, Кудай ата-энелерден балдарынын акылына ыйык китептик чындыктарды сиңирүү максатында рухий тарбия берүүнү ойлонуштуруп-пландаштыруусун талап кылат.

22. Ысрайылдык ата-энелер балдарын рухий жактан тарбиялоо үчүн эмне кылууга тийиш болушкан жана ал эмнени билдирген?

22 Балдарын рухий жактан тарбиялоо үчүн, ата-энелерден күч-аракет жумшоо талап кылынат. Ыйык Китепте: «Аларды [«ушул сөздөрдү», атап айтканда, Кудайдын осуяттарын] эсиңден чыгарбаш үчүн, колуңа байлап, чекеңе таңып ал. Аларды эшигиңдин кашектерине, дарбазаңа жазып кой»,— деп айтылат (Мыйзам 6:8, 9). Бул, албетте, ата-энелердин Кудайдын мыйзамдарын түз мааниде эшиктин кашектерине же дарбазаларга жазып коюшу керектигин, же болбосо мыйзамдардын көчүрмөсүн балдарынын колуна байлап же көзүнүн алдына илип коюшу керектигин билдирбейт. Ал буйруктун мааниси ата-энелер Кудайдын осуяттарын дайыма балдарынын эсине салып турууга тийиш экенинде. Муну үзгүлтүккө учуратпоо зарыл; Кудайдын насааттары ар качан алардын көз алдында тургандай болушу керек.

23. Эмки макалада эмнелер талкууланат?

23 Ата-энелер балдарын өзгөчө дагы кайсы маанилүү нерселерге үйрөтүшү керек? Эмне себептен бүгүн балдарды өздөрүн коргоого үйрөтүү өтө зарыл? Ата-энелерге балдарын натыйжалуу тарбиялоого эмне жардам берет? Көптөгөн ата-энелердин жүрөгүн өйүгөн ушул жана башка суроолор эмки макалада талкууланат.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Эмне үчүн ата-энелер балдарын кымбат баалуу белек катары көрүшү керек?

• Ата-энелер жана башкалар Ыйсанын үлгүсүнөн эмнелерге үйрөнө алышат?

• Ата-энелер балдарына канча убакыт бөлүшү керек?

• Балдарды эмнелерге үйрөтүү керек жана кан

[Изилдөө суроолору]

[20-беттеги сүрөт]

Ата-энелер Ыйсадан эмнелерге үйрөнө алышат?

[21-беттеги сүрөт]

Ысрайылдык ата-энелер балдарын качан жана кантип окутууга тийиш болушкан?

[22-беттеги сүрөт]

Ата-энелер Кудайдын насааттарын дайыма балдарынын эсине салып турушу керек.