Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Биринчи Шемуел китебиндеги урунттуу ойлор

БИЗДИН заманга чейинки 1117-жыл. Жашыя Убадаланган жерди өзүнө каратып алгандан бери үч жүз жылдай өттү. Ысрайыл аксакалдары Жахабанын пайгамбарына өзгөчө өтүнүч менен келишет. Пайгамбар бул тууралуу Жахабага тиленгенде, ал сурагандарын орундатууга макул болот. Ушуну менен башкаруучулар доору бүтүп, адамдардан тандалган падышалар башкарган мезгил башталат. Ыйык Жазманын Биринчи Шемуел китебинде ысрайыл элинин тарыхындагы ошол бурулуш мезгилде болуп өткөн кызыктуу окуялар баяндалат.

Жазылышына Шемуел, Натан жана Гаттар катышкан Биринчи Шемуел китеби өзүнө 102 жылдын ичинде — б.з.ч. 1180-жылдан б.з.ч. 1078-жылга чейин — болгон окуяларды камтыйт (1 Жылнаама 29:29). Бул китепте Ысрайылды жетектеген төрт адам: эки башкаруучу, эки падыша жөнүндө баяндалат. Алардын экөө Жахабага баш ийген, ал эми экөө баш ийген эмес. Ошондой эле эки үлгүлүү аял жана эржүрөк, боорукер жоокер менен таанышабыз. Бул китептеги билдирүүлөр кандай көзкарашты өрчүтүү, ал эми кандайынан качуу керектигине жана туураны туура эместен айырмалай билүүгө үйрөтөт. Ошондуктан Биринчи Шемуел китебинде камтылган маалымат ой жүгүртүүбүзгө жана жасаган иштерибизге таасир эте алат (Эврейлерге 4:12).

ЭЙЛИДЕН КИЙИН ШЕМУЕЛ БАШКАРУУЧУ БОЛОТ

(1 Шемуел 1:1—7:17)

Түшүм жыйноо майрамы өтүп жатат. Рамада жашаган Аннанын кубанычы койнуна батпай турат *. Жахаба анын тиленүүсүн кабыл кылып, ал уул төрөдү. Убадасына туруп, Анна уулу Шемуелди «Теңирдин үйүндө» кызмат кылууга алып келет. Баласы «Теңирге кызмат өтөө үчүн, ыйык кызмат кылуучу Эйлинин жанында калат» (1 Шемуел 1:24; 2:11). Шемуел али бойго жете элек кезде, Жахаба ага Эйлинин тукумун жазалай тургандыгын айтат. Шемуел чоңойгондо, бүт ысрайыл эли аны Жахабанын пайгамбары катары тааныйт.

Андан бир канча убакыт өткөн соң, пелиштиликтер Ысрайылга каршы чыгышат. Алар Кудайдын келишим сандыгын алып, Эйлинин эки баласын өлтүрүшөт. Муну укканда «Ысрайылда кырк жыл башкаруучу» болуп келген жана жашы өр тартып калган Эйли өлөт (1 Шемуел 4:18). Келишим сандыгы пелиштиликтерди көптөгөн кырсыктарга учураткандыктан, алар аны ысрайылдыктарга кайрып беришет. Эми Ысрайылды Шемуел башкарып, өлкөдө тынчтык өкүм сүрүүдө.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

1 Шемуел 2:10 — Эмне себептен Анна Ысрайылда адамдардан тандалган падыша жок болсо да, Жахабадан «өз падышасына күч-кубат берүүсүн» сурап тиленген? Ысрайылда адамдардан тандалган падыша болору Мусанын мыйзамында алдын ала айтылып кеткен (Мыйзам 17:14—18). Өлөрүнүн алдында айткан пайгамбарлыгында Жакып: «Жүйүттүн колунан бийлик таягы [падышалык бийликтин символу] түшпөйт»,— деген (Башталыш 49:10). Мындан сырткары, ысрайыл элинин чоң энелеринен болгон Сара тууралуу Жахаба: «Андан... элдердин падышалары чыгат»,— деген (Башталыш 17:16). Ошондуктан Анна болочок падыша жөнүндө тиленген.

1 Шемуел 3:3 — Шемуел ыйыктардын ыйыгында уктаганбы? Жок. Шемуел ыйык кызмат кылуучу болбогон Кааттын үй-бүлөсүнөн чыккан леби болгон (1 Жылнаама 6:33—38). Ошондуктан анын «ыйык жайды... көргөнү кирүүгө» укугу жок болчу (Сандар 4:17—20). Шемуел ыйык жайдын бөлүгү болгон жыйын чатыры турган короого эле кире алчу. Ал ошол жерде укташ керек болчу. Кыязы, Эйли да короонун бир бурчунда уктачу. «Кудайдын келишим сандыгы турган жерде» деген сөз айкашы, сыягы, жыйын чатыры турган аймакты билдирет.

1 Шемуел 7:7—9, 17 — Курмандыктар дайым Жахаба тандаган жерде гана чалынышы керек болсо да, эмне себептен Шемуел бүтүндөй өрттөлчү курмандыкты Миспада чалып, Рамага курмандык чалынуучу жай курган? (Мыйзам 12:4—7, 13, 14; Жашыя 22:19). Келишим сандыгын Шилодогу жыйын чатырынан алып кетишкенден кийин, Жахаба ал жерде болбой калган. Ошондуктан Кудайдын өкүлү катары Шемуел бүтүндөй өрттөлчү курмандыкты Миспада чалып, Рамага курмандык чалынуучу жай курган. Шемуелдин бул кылган иштерин Жахаба жактырган көрүнөт.

Биз алчу сабактар:

1 Шемуел 1:11, 12, 21—23; 2:19. Аннанын дайым тиленгени, момундугу, Жахабанын ырайымын баалаганы жана энелик туруктуу мээрими — Кудайдан корккон бардык аялдар үчүн үлгү.

1 Шемуел 1:8. Элкана башкаларды сөз менен кубаттоо жагынан эң сонун үлгү көрсөттү! (Аюб 16:5). Ал кайгырып жаткан Аннаны жемелебей, адегенде: «Эмне үчүн жүрөгүң кайгыда?» — деп сурайт. Анна өзүн кандай сезип жатканын айтып берүүгө түрткү алат. Андан соң Элкана: «Мен сен үчүн он уулдан артык эмесминби?» — деп, аны сүйөрүнө ынандырат.

1 Шемуел 2:26; 3:5—8, 15, 19. Кудай берген тапшырманы ынталуулук менен аткаруу, рухий жактан берилип жаткан таалим-тарбияны кабыл алуу, ошондой эле сылык жана адептүү болуунун аркасында Теңирге да, элге да «сүймөнчүктүү» болобуз.

1 Шемуел 4:3, 4, 10. Атүгүл келишим сандыгы сыяктуу ыйык нерселер да коргоону кепил кыла албайт. «Өзүбүздү буркандардан сакташыбыз» керек (1 Жакан 5:21).

ЫСРАЙЫЛДЫН БИРИНЧИ ПАДЫШАСЫ ИЙГИЛИК АЛЫП КЕЛЕБИ?

(1 Шемуел 8:1—15:35)

Шемуел өмүрүнүн аягына чейин Кудайга ишенимдүү кызмат кылат, ал эми балдары, андан айырмаланып, Кудайга жаккан жолдо жүрүшпөйт. Ысрайыл аксакалдары адамдардан падыша коюп берүүнү суранышканда, Жахаба макул болот. Шемуел Жахабанын жетекчилиги менен Бенжемин уруусунан Шабул аттуу келишимдүү жигитти падыша кылып майлайт. Амондуктарды жеңүү менен Шабул өзүнүн падышалык абалын бекемдейт.

Шабулдун эржүрөк уулу Жонатан пелиштиликтердин кошуунун талкалайт. Пелиштиликтер зор аскери менен Ысрайылга каршы чыгат. Шабул коркуп кетип, бүтүндөй өрттөлчү курмандыкты өзү чалып иет. Курал көтөргөн жигитин эле алып, эржүрөк Жонатан пелиштиликтердин дагы башка аскер тобуна чабуул коёт. Шабулдун айткан каргышы толук жеңишке ээ болууга тоскоолдук кылат. Шабул бардык «тараптагы душмандары менен... согуш жүргүзөт» (1 Шемуел 14:47). Бирок амалыктар менен согушканда Жахабанын тилин албай, өлүмгө «өкүм кылынганды» аяп коёт (Лебилер 27:28, 29). Натыйжада Жахаба Шабулду падыша деп эсептебей калат.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

1 Шемуел 9:9 — «Азыр пайгамбар деп аталган киши мурда көрөгөч деп аталчу» деген сөздөр эмнени билдирет? Кыязы, Шемуелдин күндөрүндө жана Ысрайылда падышалар башкарган доордо пайгамбарлар көбүрөөк белгилүү болуп калгандыктан, «көрөгөч» деген сөздүн ордуна «пайгамбар» деген сөз колдонулуп калган. Пайгамбарлардын катарында Шемуел биринчи болуп эсептелген (Элчилер 3:24).

1 Шемуел 14:24—32, 44, 45 — Жонатан Шабулдун каргышына ылайык иш кылбай, бал жегени үчүн Кудайдын ырайымынан айрылганбы? Бул ишти кылганы үчүн Жонатан Кудайдын ырайымынан айрылган эмес көрүнөт. Биринчиден, Жонатан атасынын каргышы тууралуу билген эмес. Андан сырткары, ал каргыш же жасалма ынталуулуктан, же падышалык бийликке карата туура эмес көзкарашта болгондуктан улам айтылган, натыйжада эл кыйынчылыктарга дуушар болгон. Мындай каргыш Кудайга кантип жаксын? Жонатан айтылган каргышты бузганы үчүн жазаланууга даяр болсо да, аны өлүмдөн алып калышат.

1 Шемуел 15:6 — Эмне үчүн Шабул кейниликтерге ырайым көрсөткөн? Кейниликтер Мусанын кайнатасынан тараган эл болгон. Алар ысрайылдыктар Синай тоосунан жөнөгөндө, аларга жардам беришкен (Сандар 10:29—32). Канаан жеринде да кейниликтер Жүйүттүн уулдары менен бир канча убакка чейин чогуу жашашкан (Башкаруучулар 1:16). Кийин алар амаликтердин жана башка элдердин арасында жашашса да, ысрайылдыктар менен достук мамиледе кала беришкен. Ушул жүйөлүү себептерден улам Шабул кейниликтерди аяган.

Биз алчу сабактар:

1 Шемуел 9:21; 10:22, 27. Падыша болуп дайындалганда Шабул токтоо, жоош болгон, так ушул сапаттар, айрым «болбогон кишилер» аны падыша катары кабыл алуудан баш тартышканда, аны ойлонбой иш жасоодон сактап калат. Ушундай мүнөз акылсыз иш кылуудан коргойт!

1 Шемуел 12:20, 21. Адамдарга үмүттөнүү, элдердин аскер күчүнө таянуу же буркандарга сыйынуу сыяктуу «эч нерсеге жарабаган жасалма кудайлардын» сени Жахабага кызмат кылуудан баш тарттырышына жол бербе.

1 Шемуел 12:24. Жахабага жакпай калуудан коркуу сезимин жоготпоого жана ага жан-дилден кызмат кыла берүүгө анын байыркы жана азыркы күндөрдө өз эли үчүн «кандай улуу иштерди кылганына» көңүл буруу жардам берет.

1 Шемуел 13:10—14; 15:22—25, 30. Менменсинүүчүлүктөн, мейли, ал тил албоо аркылуу чагылдырылабы же текебердик көрсөтүү мененби, оолак бол (Накыл сөздөр 11:2).

КОЙЧУ БАЛА ПАДЫША БОЛУУГА ТАНДАЛАТ

(1 Шемуел 16:1—31:13).

Шемуел Жүйүттүн тукумунан чыккан Дөөттү келечекте падыша болууга майлайт. Ошондон көп өтпөй, Дөөт салмоор менен таш ыргытып, пелиштилик Голийатты өлтүрөт. Кийин Жонатан экөө ынак достордон болуп калышат. Шабул Дөөттү жоокерлерине башчы кылып дайындайт. Дөөттүн көптөгөн жеңиштерин айтып, Ысрайыл аялдары: «Шабул бирди жеңди, Дөөт болсо он миңди жеңди!» — деп ырдашат (1 Шемуел 18:7). Көрө албастыкка алдырган Шабул Дөөттү өлтүрүүнүн жолун издейт. Шабул бул максатын ишке ашырууга үч жолу аракет жасагандан кийин, Дөөт качып кетет. Натыйжада, ал качкын болуп жашоого аргасыз болот.

Ошентип жүргөн кезинде ал эки жолу Шабулду аяп өлтүрбөй коёт. Ал ортодо Дөөт чырайлуу Абигейилге жолугуп, ага үйлөнөт. Пелиштиликтер Ысрайылга каршы чыкканда, Шабул Кудайга кайрылат. Бирок Жахаба андан баш тартып кеткен эле. Ал кезде Шемуелдин көзү өтүп кеткен болчу. Айласын таппай калган Шабул сыйкырчы аялга кайрылат, аял ага пелиштиликтер менен болгон кармашта өлөрүн айтат. Ошол салгылашууда Шабул катуу жарадар болот, ал эми балдары курман болушат. Билдирүү Шабулдун ийгиликке жетпей өлгөнү менен аяктайт. Дөөт дагы эле жашынып жүргөн болот.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

1 Шемуел 16:14 — Кайсы жаман рух Шабулдун кыжырын келтирген? Шабулдун тынчын алган жаман рух — өзүнүн акылынын жана жүрөгүнүн жамандыкка болгон жакындыгы, анын жаман иштерди жасоого болгон ички каалоосу. Жахаба өзүнүн рухун Шабулдан алып койгондо, ал Кудайдын коргоосунан айрылып, өзүнүн жаман рухуна жетектеле баштайт. Кудай өзүнүн рухунун ордун ошол жаман рухтун ээлешине жол бергендиктен, бул жаман рух «Теңирден келген» деп айтылган.

1 Шемуел 17:55—58 1 Шемуел 16:17—23-аяттарда айтылгандарды эске алсак, эмне себептен Шабул Дөөттүн кимдин баласы экенин сураган? Шабул Дөөттүн атасынын аты ким экенин эле билгиси келген эмес. Сыягы, ал жаңы эле укмуш ишти жасаган, башкача айтканда, алп кишини өлтүргөн уландын атасы кандай киши экенин билгиси келген.

Биз алчу сабактар:

1 Шемуел 16:6, 7. Адамга сырткы кебетесине карап баа бергендин же ал тууралуу шашылыш жыйынтык чыгаргандын ордуна, ага Жахабанын көзкарашы менен карашыбыз керек.

1 Шемуел 17:47—50. Голийаттай алп көрүнгөн душмандардын каршылык-куугунтуктарына эржүрөктүк менен каршы тура алабыз, анткени бул — «Теңирдин согушу».

1 Шемуел 18:1, 3, 20:41, 42. Чыныгы досторду Жахабаны сүйгөндөрдүн арасынан табууга болот.

1 Шемуел 21:12, 13. Жахаба оор жагдайларга дуушар болгонубузда ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүбүздү колдонушубузду каалайт. Ал бизди өзүнүн жетеги астында жазылган Сөзү аркылуу зээндүүлүккө үйрөтүп, билим берип, ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүбүздү өрчүтүп келет (Накыл сөздөр 1:4). Мындан сырткары, ыйык рух менен дайындалган аксакалдар да бизге жардам беришет.

1 Шемуел 24:6; 26:11. Жахаба майлаган адамдарга сый көрсөтүү жагынан Дөөт кандай гана мыкты үлгү калтырган!

1 Шемуел 25:23—33. Эстүүлүк көрсөтүү жагынан Абигейилден үлгү алсак болот.

1 Шемуел 28:8—19. Адамдарды адаштыруу же аларга зыян келтирүү үчүн каардуу рухтар өлгөн кишилердин кейпин кийип көрүнүшү мүмкүн. Спиритизмдин бардык түрүнөн оолак болушубуз керек (Мыйзам 18:10—12).

1 Шемуел 30:23, 24. Сандар 31:27де айтылгандардын негизинде чыгарылган бул чечим Жахаба жыйналышта анча байкалбаган кызматтарды аткаргандарды да баалаарын көрсөтүп турат. Андыктан эмне иш кылбайлы, «бардыгын чын жүрөктөн, адамдар үчүн эмес, Теңир үчүн жасайлы» (Колостуктарга 3:23).

Эмне курмандыктан да артык?

Эйли, Шемуел, Шабул жана Дөөттөр менен болгон окуялардан кайсы негизги чындык айкын көрүнүп турат? Мына бул аяттарда камтылган чындык: «Тил алуу курмандыктан артык, баш ийүү кочкорлордун майынан артык. Анткени моюн сунбастык сыйкырчылыктай эле, каршы болуу бутка табынуучулуктай эле күнөө» (1 Шемуел 15:22, 23).

Дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине катышуу кандай чоң сыймык! Жахабага «ооз курмандыгын чалуу» менен бирге Анын өзүнүн Сөзү жана уюму аркылуу берип жаткан жетекчилигине баш ийүү үчүн болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек (Ошуя 14:3; Эврейлерге 13:15).

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Биринчи Шемуел китебинде айтылып өткөн жерлердин кайсы жерде жайгашканын билүү үчүн, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «„Жер соорусун“ карагылачы» (ор.) аттуу китепченин 18, 19-беттерин карагыла.

[31-беттеги сүрөт]

Ысрайылдын адегенде момун, жөнөкөй болгон биринчи падышасы кийин бой көтөрүп, менменсинип кеткен.

[32-беттеги сүрөт]

Голийаттай болгон душмандардын каршылыгына кабылганда, эмнеден шектенбесек болот?