Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мындан ары өзүбүз үчүн жашабайбыз

Мындан ары өзүбүз үчүн жашабайбыз

Мындан ары өзүбүз үчүн жашабайбыз

«Жашап жаткандар эми өздөрү үчүн эмес... Машайак үчүн жашаш үчүн, Машайак бардыгы үчүн өлгөн» (2 Корунттуктарга 5:15).

1, 2. Ыйсанын I кылымдагы жолдоочуларына өзүмчүл болбоого Ыйык Жазмадагы кайсы осуят жардам берген?

БИР нече сааттан кийин Ыйса өмүрүн ага ишенгендер үчүн бермек. Жердеги жашоосунун ошол акыркы түнүндө ал ишенимдүү элчилерине көптөгөн маанилүү нерселерди айткан жана аларды анын шакирттери катары айырмалай турган сапатка ээ болууну буйруган. «Силерге жаңы осуят берем,— деген ал,— бири-бириңерди сүйгүлө! Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө! Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет» (Жакан 13:34, 35).

2 Ыйсанын чыныгы жолдоочулары бири-бирин жанаябастык руху менен сүйөт жана ишенимдештеринин жыргалчылыгын өзүлөрүнүкүнөн жогору коюшат. Алар «достору үчүн өз жанын берүүгө» даяр (Жакан 15:13). Ыйсанын алгачкы жолдоочулары ошол жаңы осуятты кандай кабыл алышкан? Экинчи кылымдын жазуучусу Тертуллиан «Апология» аттуу белгилүү эмгегинде айтып өткөндөй, башкалар Ыйсанын жолдоочулары тууралуу: «Карагылачы, алар бири-бирин кандай сүйүшөт, бири-бири үчүн атүгүл өлүүгө даяр»,— дешкен.

3, 4. а) Өзүмчүлдүк менен эмне үчүн күрөшүү керек? б) Бул макалада кандай суроолор каралат?

3 Биз да «бири-бирибиздин кыйынчылыгыбызды көтөрүүгө, ошентип, Машайактын мыйзамын аткарууга» тийишпиз (Галаттыктарга 6:2). Бирок бизге Машайактын мыйзамына баш ийүүгө жана Жахабаны «чын жүрөгүбүз менен, жан-дилибиз менен, бүт акылыбыз менен сүйүүгө... өзүбүздү кандай сүйсөк, жакыныбызды ошондой сүйүүгө» өзүмчүлдүк тоскоолдук кылышы мүмкүн (Матай 22:37—39). Жеткилеңсиз болгондуктан биз өзүмчүл болууга ийкемдүүбүз. Ошондой эле турмуш түйшүктөрү, окуган же иштеген жерибизде өкүм сүргөн атаандаштык маанайы, жашоого каражат табуу үчүн жан алакетке түшүү адамдардын ого бетер өзүмчүл болушуна алып келүүдө. Ооба, керт башын ойлоочулук барган сайын кеңири кулач жайып жатат. Элчи Пабыл: «Акыркы күндөрдө... адамдар өзүмчүл... болушат»,— деп эскерткен (2 Тиметейге 3:1, 2, «Мукаддас»).

4 Ыйса жердеги кызматынын аяк ченинде шакирттерине өзүмчүлдүктү жеңүүгө үч кадам жардам берерин түшүндүргөн. Ал эмне болгон кадамдар жана анын көрсөтмөлөрүнөн биз кандай пайда ала алабыз?

Өзүмчүлдүктү жеңүүнүн натыйжалуу жолдору

5. Галилеянын түндүгүндө кабар айтып жүргөндө Ыйса шакирттерине эмнени айткан жана бул аларды эмне үчүн таң калтырышы мүмкүн эле?

5 Ыйса Галилеянын түндүгүндөгү Филип Кейсареясы деген шаарга жакын жерде кабар айтып жүргөн. Бул мемиреген тынч, кооз жай жеке кызыкчылыктарынан кечип кызмат кылууга эмес, эс алууга ылайыктуураак көрүнүшү мүмкүн эле. Бирок Ыйса ал жерде «Өзүнүн Иерусалимге баруусу, аксакалдар, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана мыйзам окутуучулардын колунан көп азап чегүүсү, өлтүрүлүүсү, үчүнчү күнү тирилүүсү керектигин шакирттерине айта баштаган» (Матай 16:21). Алар муну укканда айран-таң калышса керек, анткени Ыйса Падышалыгын жерге орнотот деп күтүп жүрүшкөн болчу (Лука 19:11; Элчилер 1:6).

6. Эмне үчүн Ыйса Петирдин сунушун четке кагып койгон?

6 Петир ошол замат Ыйсаны «четке алып чыгып: „Өзүңдү ая, Теңир [«Эге», «ЖД»]! Бул Сенин башыңа түшпөсүн“,— деп каршы болгон». Ыйса ага кандай жооп кайтарган? Ал тескери бурулуп, Петирге: «Кет жанымдан, шайтан! Сен Мага тузак коюп жатасың. Анткени сенин ойлоруң Кудайдын эмес, адамдын ойлору»,— деп айткан. Экөөнүн көзкарашында кандай чоң айырма болгон! Ыйса Кудайдын жанаябастыкты талап кылган тапшырмасын аткарып, бир нече айдан кийин кыйноо мамысында өлүүгө даяр эле. Петир болсо оңтойлуу жолду сунуш кылган. Ал: «Өзүңдү ая, Эге»,— деген. Албетте, Петир муну жакшы ой менен эле айткан. Ошентсе да Ыйса анын сунушун четке каккан, анткени Петир ошол учурда Шайтандын таасирине алдырып койгон эле. Ал «Кудайга жакканды ойлобой, адамга жакканды ойлогон» («Мукаддас») (Матай 16:22, 23).

7. Матай 16:24тө жазылгандай, Ыйса жолдоочуларын эмне кылууга чакырган?

7 Петирдин Ыйсага айткан сөздөрүнүн жаңырыгын бүгүн деле угууга болот. Дүйнө адамдарды «өздөрүн аёого» же жанды кыйнабай, жеңилине качырууга үндөйт. Ыйса болсо такыр башка маанайга ээ болууга чакырган. Ал шакирттерине: «Эгерде ким мени ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартсын, өзүнүн кыйноо мамысын алсын жана дайым менин жолумду жолдосун»,— деп айткан (Матай 16:24, «ЖД»). «Бул сөздөр шакирт боло электерге айтылган чакырык эмес,— делет бир эмгекте,— алар Машайактын чакырыгын мурун эле кабыл алгандарды шакиртчиликтин мааниси тууралуу ой жүгүртүүгө үндөйт» («The New Interpreter’s Bible»). Жогорудагы аятта жазылгандай, Ыйсанын жолун жолдогондор ал көрсөткөн үч кадамды жасашы керек. Келгиле, ошол кадамдардын ар бирин өз-өзүнчө карап чыгалы.

8. Өзүбүздөн баш тартуу деген эмнени билдирерин түшүндүргүлө.

8 Биринчиден, өзүбүздөн баш тартышыбыз керек. «Өзүнөн баш тартуу» деп которулган грек сөзү өзүмчүл каалоолорду же керт баштын ыңгайын четке кагууга болгон даярдуулукту билдирет. Өзүбүздөн баш тартуу кээде эле ырахаттанууларды четке кагып коюуну билдирбейт; ал дербиш болуп кетүүнү же жандан кечүүнү да билдирбейт. Биз эми «өзүбүздүкү эмеспиз», башкача айтканда, бүт өмүрүбүздү, болгон нерсебиздин баарын жан-дилден Жахабага арнаганбыз (1 Корунттуктарга 6:19, 20). Жашообузду өз кызыкчылыктарыбызды көздөөгө эмес, Кудайга кызмат кылууга багыттаганбыз. Өзүбүздөн баш тартуу деген өз каалоолорубуздан кечүүгө даяр болуп, Кудайдын эркин аткарууга чечкиндүү экенибизди билдирет. Кудайга толук берилгендигибизди ага арналып, чөмүлтүлүүбүз менен көрсөтөбүз. Андан соң өмүрүбүздүн акырына чейин арналуубузга ылайык жашоого умтулабыз.

9. а) Ыйсанын күндөрүндө кыйноо мамысы дегенде адамдар эмнени түшүнчү? б) Биз кыйноо мамыбызды кандайча алабыз?

9 Экинчиден, кыйноо мамыбызды алышыбыз керек. Биринчи кылымда кыйноо мамысы дегенде адамдар азап чегүүнү, шылдың болууну жана өлүүнү түшүнчү. Кыйноо мамысында, адатта, кылмышкерлер гана жазаланчу же ага алардын өлүк денесин асып коюшчу. Ыйса аны жолдогон адам өзүнүн кыйноо мамысын алууга тийиш экенин айтканда, бул дүйнөдөн болбогондуктан ал адам куугунтукталууга, жек көрүндү болууга, жадагалса өлүүгө даяр болушу керектигин көрсөткөн (Жакан 15:18—20). Биз карманган нормаларыбыз менен айырмаланып тургандыктан, дүйнөдөгү адамдар бизди жамандашы мүмкүн (1 Петир 4:4). Мындай мамилени окуган же иштеген жерибизден, атүгүл үй-бүлөбүздөн көрүшүбүз ыктымал (Лука 9:23). Ошого карабастан, биз эми өзүбүз үчүн жашабагандыктан, дүйнөнүн жек көрүүсүнө чыдоого даярбыз. Ыйса: «Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар, Мен үчүн жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар. Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң!» — деген (Матай 5:11, 12). Ооба, Кудайдын жактыруусуна ээ болуу баарынан маанилүү.

10. Ыйсанын жолун дайым жолдоо деген эмнени билдирет?

10 Үчүнчүдөн, Ыйса дайым анын жолун жолдошубуз керектигин айткан. У. И. Вайндын «Жаңы Келишимдеги сөздөрдүн түшүндүрмө сөздүгүнө» ылайык, «жолун жолдоо» деп которулган грек сөзү кимдир бирөөгө шерик болууну, аны менен бир жолдо жүрүүнү билдирет. «„Машайактын ичиндемин [«Кудай менен бирдиктемин», «ЖД»]“ деген адам Машайак кандай жашаса, ошондой жашашы керек»,— деп айтылат 1 Жакан 2:6да. Ыйса кандай жашаган? Асмандагы Атасына жана шакирттерине болгон сүйүүсү анын өзүмчүл болушуна жол берген эмес. Пабыл: «Машайак... Өзүнө эмес, Атасына жакканды кылган»,— деп жазган (Римдиктерге 15:3). Чарчап же ачка болуп турганда да Ыйса башкалардын муктаждыктарын өзүнүкүнөн жогору койгон (Марк 6:31—34). Ошондой эле Падышалык тууралуу кабар айтуу жана окутуу ишин жигердүүлүк менен аткарган. Аны туурап, биз да «бардык элдерди... шакирт кылуу» жана аларга Ыйса «буйругандардын бардыгын аткарууну үйрөтүү» тапшырмасын ынталуу аткарышыбыз керек эмеспи? (Матай 28:19, 20). Ыйса бизге бардык жагынан эң сонун үлгү көрсөткөн, андыктан биз «Анын изи менен басышыбыз» керек (1 Петир 2:21).

11. Өзүбүздөн баш тартып, кыйноо мамыбызды алып, Ыйсанын жолун дайым жолдогонубуз эмне үчүн маанилүү?

11 Өзүбүздөн баш тартып, кыйноо мамыбызды алып, биз үчүн үлгү болгон Ыйсанын жолун дайыма жолдогонубуз абдан маанилүү. Ошенткенде биз жанаябастык менен сүйүү көрсөтүүгө тоскоол болгон өзүмчүлдүктү жеңе алабыз. Андан тышкары, Ыйса мындай деген: «Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат. Эгерде адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок өз жанына зыян келтирсе, андан ага эмне пайда? Адам өз жанын куткарып алуу үчүн кандай кун төлөй алат?» (Матай 16:25, 26).

Эки кожоюнга кызмат кыла албайбыз

12, 13. а) Ыйсага кайрылган башкаруучу жигит эмнени билгиси келген? б) Ыйса ага кандай кеңеш берген жана эмне үчүн?

12 Ыйсанын шакирттерине өздөрүнөн баш тартуу керектигин айтканынан бир нече ай өткөндөн кийин, ага бир бай башкаруучу жигит келип: «Устат! Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, кандай жакшы иш кылуум керек?» — деп сурайт. Ыйса ага «осуяттарды аткаруу» керектигин айтып, алардын айрымдарын атап өткөн. Ошондо жигит: «Мунун баарын мен жаш күнүмдөн бери сактап келем»,— дейт. Сыягы, ал акниет адам болгон жана Мыйзамдагы осуяттарды аткарууга колдон келишинче аракет кылган. Ошондуктан: «Мага дагы эмне жетишпейт»,— деп сураган. Ошондо Ыйса ага төмөнкүдөй өзгөчө сунуш менен кайрылган: «Эгерде жеткилең болууну [«баарын аткарууну», Л. Н. Толстойдун котормосу] кааласаң, бар да, дүнүйөңдүн баарын сатып, жардыларга таратып бер. Ошондо асманда казынаң болот. Анан келип, Менин артымдан ээрчи» (Матай 19:16—21).

13 Ыйса ошол жигиттин аны Жахабага чын жүрөктөн кызмат кылуудан алагды кылган байлыгынан арылышы зарыл экенин көргөн. Машайактын чыныгы шакирти эки кожоюнга кызмат кыла албайт. Ал бир учурда «Кудайга да, байлыкка да кызмат кыла албайт» (Матай 6:24). Ал «көзүн жөнөкөй» сактап, көңүлүн рухий нерселерге бурушу керек (Матай 6:22, «ЖД»). Дүнүйөсүнөн арылып, аны жардыларга таратып берүү өз кызыкчылыктарынан кечүүнү талап кылган. Ыйса тиги жигитке, андай курмандыкка бара турган болсо, баа жеткис нерсеге — асманга казына топтоо мүмкүнчүлүгүнө — ээ болорун айткан. Ошондой казына топтоо менен ал жигит түбөлүк өмүргө жетмек, ал эми келечекте Ыйса менен кошо асмандан бийлик жүргүзмөк. Бирок ал өзүнөн баш тартууга даяр болгон эмес. «Жигит капаланып, кетип калган. Анткени анын дүнүйөсү көп эле» (Матай 19:22). Ал эми башкалар Ыйсанын ал чакырыгын жан-дилден кабыл алышкан.

14. Төрт балыкчы Ыйсанын чакырыгын кандай кабыл алышкан?

14 Андан эки жылдай мурун Ыйса ушу сыяктуу чакырык менен Петир, Андрей, Жакып жана Жакан аттуу төрт балыкчыга кайрылган болчу. Алардын экөө ошол учурда балык уулап жүрүшкөн, калган экөө болсо торлорун оңдоп жатышкан. Ыйса аларга: «Менин артымдан ээрчигиле, силерди Мен адам кармоочу кыламын»,— деп айткан. Төртөө тең балыкчылык кесибин таштап, өмүрлөрүнүн аягына чейин Ыйсанын жолун жолдошкон (Матай 4:18—22).

15. Бүгүнкү күндө Жахабанын бир Күбөсү Ыйсанын жолун жолдоо үчүн кандай курмандыктарга барган?

15 Бүгүн Ыйсанын көптөгөн жолдоочулары бай башкаруучудан эмес, төрт балыкчыдан үлгү алышат. Жахабага кызмат кылуу үчүн, алар дүйнөдөгү байлыктан жана атак-даңктан баш тартышат. «Жыйырма эки жашымда мага маанилүү чечим чыгарууга туура келди,— дейт Дебора.— Ал кезде мен Ыйык Китепти алты айдай изилдеп калган элем, ошондуктан жашоомду Жахабага арнагым келип жүргөн, бирок үйдөгүлөрүм буга караманча каршы болчу. Алар мультимиллионер эле, ошондуктан менин Күбө болушум үй-бүлөбүздү уятка калтырат деп эсептешчү. Анан алар мага же жыргал турмушту, же чындыкты тандоого 24 саат беришти. Күбөлөр менен болгон байланышымды үзбөсөм, алар мени мурассыз калтырмак. Ошондо Жахаба мага туура чечим чыгарууга көмөк көрсөтүп, аны ишке ашырууга күч берди. Жашоомдун кийинки 42 жылын мен толук убакыттуу кызмат менен өткөрдүм жана аныма кымындай да өкүнбөйм. Ырахатка умтулуудан жана өзүмчүл жашоо өткөрүүдөн баш тартуу менен мен жакындарым кабылган маңызсыздыктан жана бактысыздыктан кача алдым. Күйөөм экөөбүз жүздөгөн адамдарга чындыкты таанууга жардам бердик. Ал рухий балдарыбыз мен үчүн кенч-байлыктан алда канча кымбат». Анын оюна Жахабанын миллиондогон кызматчылары да ортоктош. А сенчи?

16. Өзүбүз үчүн жашабай калганыбызды кантип көрсөтө алабыз?

16 Өз кызыкчылыктары үчүн жашоону каалабагандыктан, Жахабанын миңдеген Күбөлөрү пионер (Падышалыктын толук убакыттуу жарчысы) болуп кызмат кылышууда. Ал эми толук убакыттуу кызмат аткарууга шарты болбогон биртуугандар пионердик рух өрчүтүп, Падышалык тууралуу кабар айтуу ишин колдоого бүт күч-аракеттерин жумшап жатышат. Балдарын рухий жактан тарбиялоого көп убакыт арнап, жеке кызыкчылыктарынан кечкен ата-энелер да пионердик рух чагылдырышууда. Тигил же бул жол менен баарыбыз Падышалыктын кызыкчылыктары жашообузда биринчи орунда турарын көрсөтө алабыз (Матай 6:33).

Бизге кимдин сүйүүсү түрткү берет?

17. Курмандыктарга барууга бизге эмне түрткү берет?

17 Жанаябастык менен сүйүү көрсөтүү оңой эмес. Бирок антүүгө бизге эмне түрткү берерин ойлоп көргүлөчү. «Анткени Машайактын сүйүүсү: „Бирөө бардыгы үчүн өлдү...“ — деп ойлогон бизди ошентүүгө милдеттендирет. Жашап жаткандар эми өздөрү үчүн эмес, өздөрү үчүн өлгөн жана кайра тирилген Машайак үчүн жашаш үчүн, Машайак бардыгы үчүн өлгөн»,— деп жазган Пабыл (2 Корунттуктарга 5:14, 15). Өзүбүз үчүн жашабоого бизге Машайактын сүйүүсү түрткү берет. Бул кандай зор күч! Машайак биз үчүн өлгөндүктөн, биз ал үчүн жашоого өзүбүздү милдеттүү сезбейбизби? Анткени Кудайдын жана Ыйсанын көрсөткөн улуу сүйүүсүнө ыраазы болгондуктан, биз жашообузду Кудайга арноого жана Машайактын шакирттери болууга түрткү алганбыз (Жакан 3:16; 1 Жакан 4:10, 11).

18. Жанаябастык руху менен жашоонун натыйжасында кандай сыйлык алабыз?

18 Өзүбүз үчүн жашабаганыбыз үчүн бизге кандай сыйлык берилет? Бай башкаруучу Ыйсанын чакырыгын кабыл албай кетип калгандан кийин, Петир Ыйсадан: «Мына, биз баарын таштап, Сени ээрчип жүрөбүз. Бул үчүн эмне алабыз?» — деп сураган (Матай 19:27). Петир жана башка элчилер чынында эле өздөрүнөн баш тартышкан. Бул үчүн алар кандай сыйлык алышмак? Ыйса биринчи кезекте алардын аны менен кошо асманда бийлик жүргүзүшөрүн айткан (Матай 19:28). Анан аны жолдогондордун ар бири дагы кандай баталарды аларын көрсөткөн. «Силерге чындыкты айтып коёюн, Мен үчүн жана жакшы кабар үчүн үй-жайын, же ага-инилерин, же эже-карындаштарын, же энесин, же атасын, же аялын, же балдарын, же жерин таштаган адам азыр, бул дүйнөдө... жүз эсе көп... ал эми келечекте түбөлүк өмүргө ээ болбой койбойт»,— деген ал (Марк 10:29, 30). Биздин баш тарткан нерселерибизге караганда алып жаткан баталарыбыз кыйла көп. Рухий аталарыбыз, энелерибиз, ага-инилерибиз, эже-карындаштарыбыз жана балдарыбыз Падышалык үчүн баш тарткан нерселерибиздин баарынан алда канча баалуу эмеспи?! Чынында, кимисинин жашоосу маңыздуу болгон: Петирдикиби же бай башкаруучунукубу?

19. а) Чыныгы бакыт эмнеден көзкаранды? б) Кийинки макалада эмнелер каралат?

19 Ыйса бакыттын өзүмчүлдүктөн эмес, башкаларга жардам берүүдөн жана кызмат кылуудан келерин сөз жүзүндө да, иш жүзүндө да көрсөткөн (Матай 20:28; Элчилер 20:35). Өзүбүз үчүн жашабай, дайыма Ыйсанын жолун жолдосок, биз азыртан жашоодон зор канааттануу алабыз, ал эми келечекте түбөлүк өмүргө жетебиз. Өзүбүздөн баш тартканда, биз Жахабанын кулдары болобуз, ал биздин Кожоюнубуз болот. Кудайдын кулу болуу эмне үчүн пайдалуу? Жашообузда чыгарган чечимдерибизге ал кандай таасир этет? Бул суроолор эмки макалада талкууланат.

Эсиңердеби?

• Өзүмчүлдүк менен эмне үчүн күрөшүү керек?

• Өзүбүздөн баш тартуу, кыйноо мамыбызды алуу жана дайыма Ыйсанын жолун жолдоо деген эмнени билдирет?

• Мындан ары өзүбүз үчүн жашабоого бизге эмне түрткү берет?

• Жанаябастык руху менен жашоонун натыйжасында кандай сыйлык алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[10-беттеги сүрөт]

«Өзүңдү ая, Эге».

[10-беттеги сүрөт]

Жахабанын Күбөлөрүнө Падышалыктын ынталуу кызматчыларынан болууга сүйүү түрткү берет.