Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Силер кымбат баада сатылып алынгансыңар»

«Силер кымбат баада сатылып алынгансыңар»

«Силер кымбат баада сатылып алынгансыңар»

«Силер кымбат баада сатылып алынгансыңар, ошондуктан Кудайды... даңктагыла» (1 Корунттуктарга 6:20).

1, 2. а) Мусанын мыйзамында ысрайылдык кулдарга кандай мамиле жасоо талап кылынган? б) Кожоюнун жакшы көргөн кул кандай чечим чыгарууга эрктүү болгон?

«КУЛЧУЛУК байыркы убакта кеңири жайылган кадимки көрүнүштөрдөн болгон»,— деп маалымдалат бир эмгекте («Holman Illustrated Bible Dictionary»). Анда: «Египеттин, Грециянын жана Римдин экономикасы кулдардын эмгеги менен түптөлгөн. Ыйсанын жолдоочулары жашаган I кылымда Италияда — үч адамдын бири, башка жерлерде беш адамдын бири кул болгон»,— деп кошумчаланат.

2 Кулдар байыркы Ысрайылда да болгону менен, Мусанын мыйзамында эврей кулдарын коргоого алган көрсөтмөлөр берилген. Мисалы, Мыйзам ысрайылдык адамдын алты жылдан ашык кул болушуна жол берген эмес. Жетинчи жылы ал «эркиндикке чыгарылышы» керек болчу. Кулдарга мамиле жасоого карата берилген жол-жоболор ушунчалык адилет болгондуктан жана адамдын укугун коргогондуктан, Мусанын мыйзамында төмөнкүдөй да чара караштырылган: «Эгерде кулу: „Мен кожоюнумду да, аялымды да, балдарымды да жакшы көрөм, эркиндикке чыкпайм“,— десе, анда кожоюну аны башкаруучулардын алдына алып келип, эшиктин же кашектин жанына тургузуп, кулагын шибеге менен тешсин, ошондо ал ага өмүр бою кул болуп калат» (Чыгуу 21:2—6; Лебилер 25:42, 43; Мыйзам 15:12—18).

3. а) Ыйсанын I кылымдагы жолдоочулары кимге кул болушкан? б) Кудайга кызмат кылууга бизге эмне түрткү берет?

3 Мындай ыктыярдуу кулчулук Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынын кандай кулчулукта болорунан кабар берип турган. Маселен, Ыйык Китептин жазылышына катышкан Пабыл, Жакып, Петир жана Жүйүт өздөрүн Кудайдын жана Машайактын кулдары деп аташкан (Титке 1:1; Жакып 1:1; 2 Петир 1:1; Жүйүт 1). Пабыл Тесалоникадагы ишенимдештерине «тирүү, чыныгы Кудайга кызмат кылуу үчүн, буркандардан баш тартып, Ага кайрылышканын» эскертип айткан (1 Тесалоникалыктарга 1:9). Ал биртуугандарга Кудайга өз ыктыярлары менен кул болууга эмне түрткү берген? Эркиндигинен баш тартууга ысрайылдык кулга эмне түрткү берчү? Кожоюнуна болгон сүйүү эмеспи? Ыйсанын жолдоочулары да Кудайга аны сүйгөндүктөн кул болушат. Чыныгы, тирүү Кудайды таанып-билип, ага сүйүү өрчүткөн соң, биз ага «чын жүрөгүбүз менен, жан-дилибиз менен кызмат кылууга» түрткү алабыз (Мыйзам 10:12, 13). Бирок Кудайдын жана Машайактын кулу болуу эмнени билдирет? Бул күндөлүк жашообузга кандай таасир тийгизет?

«Баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла»

4. Биз кандайча Кудайдын жана Машайактын кулдары болобуз?

4 «Кул» деген сөзгө «бирөөнүн же бирөөлөрдүн менчигинде болуп, аларга толугу менен моюн сунууга милдеттүү болгон адам» деген аныктама берилет. Биз жашообузду Жахабага арнап чөмүлтүлгөндө, анын «менчиги» болобуз. «Өзүңөрдүн өзүңөргө таандык эмес экениңерди билбейсиңерби? Силер кымбат баада сатылып алынгансыңар»,— деп түшүндүрөт элчи Пабыл (1 Корунттуктарга 6:19, 20). Ал баа — албетте, Ыйса Машайактын куткаруу курмандыгы, анткени Кудай ошол курмандыктын негизинде Ыйсанын майланган жолдоочуларын жана алардын жерде жашоого үмүттөнгөн шериктерин Өз кызматчылары катары кабыл алат (Эфестиктерге 1:7; 2:13; Аян 5:9). Ошондуктан чөмүлтүлгөндөн тартып биз «Теңирдикибиз» (Римдиктерге 14:8). Ыйса Машайактын кымбат баалуу каны менен сатылып алынгандыктан, биз анын да кулдарыбыз жана осуяттарын аткарууга милдеттүүбүз (1 Петир 1:18, 19).

5. Жахабанын кулдары болгондуктан биздин негизги милдетибиз кайсы жана аны кантип аткара алабыз?

5 Кул кожоюнуна баш ийүүгө тийиш. Биз Кожоюнубузду жакшы көргөндүктөн ага өз ыктыярыбыз менен кул болгонбуз. «Кудайды сүйүү деген — Анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес»,— деп айтылат 1 Жакан 5:3тө. Демек, биздин баш ийүүбүз сүйүүбүздүн жана тил алчаактыгыбыздын далили болуп саналат. Ал кылган иштерибиздин баарынан көрүнүп турат. «Ичсеңер да, жесеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла»,— деген Пабыл (1 Корунттуктарга 10:31). Биз күндөлүк турмушубузда, атүгүл майда-чүйдө иштерибизде да өзүбүздү Жахабанын кулдары катары көрсөткүбүз келет (Римдиктерге 12:11).

6. Кудайдын кулдары экенибиз чыгарган чечимдерибизден кандайча көрүнөт? Мисал менен бышыктагыла.

6 Маселен, чечим чыгарууда асмандагы Кожоюнубуз Жахабанын эркин эске алууга аракеттенебиз (Малахия 1:6). Олуттуу чечимдерди чыгаруу талап кылынганда, Кудайга канчалык баш иерибиз көрүнөт. Ошондой учурларда «анткор» жана «бузулган» жүрөгүбүздүн каалоолоруна жетектелбей, Жахабанын кеңештерине көңүл бурабызбы? (Жеремия 17:9). Ыйсаны жолдогон Мелиса аттуу кыз жаңы эле чөмүлтүлгөндөн кийин, ага бир жигит ашык болуп калган. Жигит дурус адам көрүнгөн. Анын үстүнө, ал ошо кезде Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жүргөн. Бирок жыйналыштагы аксакалы Мелисага «Теңирге ишенген адамга гана» турмушка чыгуу керектиги жөнүндөгү Жахабанын буйругуна ылайык иш кылуу акылмандыкка жатарын түшүндүргөн (1 Корунттуктарга 7:39; 2 Корунттуктарга 6:14). «Ал кеңешти колдонуу оңойго турган жок,— деп мойнуна алат Мелиса.— Бирок мен Кудайга анын эркин аткаруу үчүн арналган соң, айкын көрсөтмөлөрүнө баш ийүүнү чечтим». Болуп өткөндөрдү эстеп, ал мындай дейт: «Ошол кеңешти колдонгонума абдан кубанам. Тиги жигит көп узабай изилдөөсүн токтотуп койду. Эгер аны менен достошуп кетсем, азыр ишенимдеш эмес адамдын жубайы болмокмун».

7, 8. а) Эмне үчүн биз адамдарга жагынууга умтулбайбыз? б) Адамдан коркуу сезимин кантип жеңүүгө болорун мисал менен түшүндүргүлө.

7 Кудайдын кулдары болгондуктан, биз адамдарга кул болбошубуз керек (1 Корунттуктарга 7:23). Албетте, башкаларга жаман көрүнүүнү эч кимибиз каалабайбыз. Ошентсе да Ыйсанын жолдоочуларынын нормалары дүйнөдөгүлөрдүкүнөн айырмаланарын унутпашыбыз керек. Пабыл: «Мени адамдарга жагууга аракеттенип жатат деп ойлоп жатасыңарбы?» — деп сураган. Анан: «Эгерде мен дагы эле адамдарга жагынып жүрсөм, анда Машайактын кулу болмок эмесмин»,— деп айткан (Галаттыктарга 1:10). Биз башкалардын кысымына алдыргыбыз келбейт жана аларга жагынууга умтулбайбыз. Анда ошондой кысымдарга кабылганда эмне кылсак болот?

8 Мисалга Испаниядагы Элена аттуу жаш Күбөнү алалы. Анын классташтарынын кээ бирлери донор катары кан тапшырып жүрүшкөн. Алар Жахабанын Күбөсү болгон Эленанын кан тапшырбасын жана куйдурбасын билишчү. Классташтарынын алдына чыгып көзкарашын түшүндүрүп берүүгө мүмкүнчүлүк пайда болгондо, Элена аны пайдаланууну чечкен. «Чынын айтсам, мен аябай тынчсызданып, толкунданып жүрдүм,— дейт ал.— Бирок жакшы даярданып баргандыктан, натыйжасы таң каларлык болду: мени классташтарымдын көбү урматтап калышты, ал эми агайым аткарып жаткан ишиме баа берерин билдирди. Баарынан маанилүүсү, Жахабанын ысмын коргоп, ыйык китептик көзкарашымды айкын түшүндүрө алганыма канааттанып калдым» (Башталыш 9:3, 4; Элчилер 15:28, 29). Ырас, Кудайдын жана Машайактын кулдары катары биз башкалардан айырмаланып турабыз. Бирок көзкараштарыбызды кичипейилдик менен коргоого даяр болсок, адамдардын урматтоосуна ээ боло алабыз (1 Петир 3:15).

9. Элчи Жаканга көрүнгөн периштеден эмнеге үйрөнө алабыз?

9 Кудайдын кулдары экенибизди унутпоо момун болууга да жардам берет. Бир жолу элчи Жакан асмандагы Иерусалим жөнүндөгү ажайып көрүнүштөн ушунчалык зор таасир алгандыктан, Кудайдын өкүлү болуп келген периштеге таазим кылуу үчүн бутуна жыгылган. Периште ага: «Мындай кылба, анткени мен сенин, сенин бир туугандарың болгон пайгамбарлардын жана ушул китептеги сөздөрдү сактагандардын кызматташымын. Кудайга таазим кыл»,— деп айткан (Аян 22:8, 9). Ошол периште Кудайдын бардык кулдарына кандай сонун үлгү көрсөткөн! Айрым биртуугандар жыйналышта өзгөчө жоопкерчиликтерге ээ. Ошентсе да Ыйса: «Араңарда ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун. Араңарда ким биринчи болгусу келсе, ал силерге кул болсун»,— деген (Матай 20:26, 27). Ыйсанын жолдоочулары катары биз баарыбыз кулбуз.

«Аткарышыбыз керек болгон ишти гана аткардык»

10. Кудайдын эркин аткаруу анын ишенимдүү кызматчылары үчүн дайыма эле оңойго турбасын ыйык китептик мисалдар менен көрсөткүлө.

10 Кудайдын эркин аткаруу жеткилеңсиз адамдар үчүн дайыма эле оңойго тура бербейт. Жахаба Муса пайгамбарга Мисирге барып, Ысрайыл уулдарын кулчулуктан алып чыгууга буйрук бергенде, Муса башында олку-солку болгон (Чыгуу 3:10, 11; 4:1, 10). Жунус болсо Нинеби шаарынын тургундарына сот кабарын жарыялоого тапшырма алганда, «Теңирдин жүзүнөн Таршышка качып кетүүгө» аракеттенген (Жунус 1:2, 3). Ал эми Жеремия пайгамбардын катчысы Барух чарчаганын айтып нааразычылык билдирген (Жеремия 45:2, 3). Өзүбүздүн каалоолорубуз же артык көргөн нерселерибиз Кудайдын эркин аткарууга карама-каршы келгенде эмне кылышыбыз керек? Жоопту Ыйса келтирген мисалдан табууга болот.

11, 12. а) Ыйсанын Лука 17:7—10-аяттардагы мисалын кыскача айтып бергиле. б) Ал мисалдан эмнеге үйрөнөбүз?

11 Ыйса талаада керээли-кечке кожоюнунун малын кайтарып жүргөн кул жөнүндө сөз кылган. Кул 12 сааттай оор эмгектенип, үйүнө чарчап келгенде, кожоюну аны дасторконго отургузуп, алдына кечки тамагын сунган эмес. Тескерисинче, ага: «Мага кечки тамакты даярда, мен тамактанып бүткөнчө, белиңди бууп, мага кызмат кыл, андан кийин өзүң тамактан»,— деген. Кул кожоюнун тейлегенден кийин гана өз муктаждыктарына кам көрө алган. Ыйса мисалын мындай деп жыйынтыктаган: «Силер да ошолордой болуп, өзүңөргө тапшырылган ишти аткаргандан кийин: „Биз эч нерсеге татыбаган кулдарбыз, анткени аткарышыбыз керек болгон ишти гана аткардык“,— дегиле» (Лука 17:7—10).

12 Бул мисалды Ыйса Жахабанын ага кылган кызматыбызды баалабай турганын көрсөтүү үчүн келтирген эмес. Ыйык Китепте: «Кудай адилетсиз эмес, Ал силердин эмгегиңерди жана Анын ысымы үчүн... көрсөткөн сүйүүңөрдү... унутпайт»,— деп айкын айтылат (Эврейлерге 6:10). Ыйсанын мисалы кул өзүнө жакканды кылып, өз жанынын жыргалын көздөй албай турганын көрсөтүп турат. Өзүбүздү Кудайга арнап, анын кулдары болууну чечкенибизде, анын эркин өзүбүздүкүнөн жогору коюуга макул экенибизди билдиргенбиз. Биз өз эркибизди Кудайдын эркине баш ийдиришибиз керек.

13, 14. а) Кайсы учурларда каалоолорубузга каршы иш кылууга туура келиши мүмкүн? б) Эмне үчүн Кудайдын эркин биринчи орунга коюшубуз керек?

13 Кудайдын Сөзүн жана «ишенимдүү жана акылдуу кул» берген адабияттарды дайыма изилдөө көп күч-аракетти талап кылышы мүмкүн (Матай 24:45). Айрыкча, китеп окуганды анча жакшы көрө бербесек же адабиятта «Кудайдын улуу сырлары» талкууланып жатса, изилдөө жүргүзүү оңойго турбашы ыктымал (1 Корунттуктарга 2:10). Ошондо да жекече изилдөөгө убакыт бөлүшүбүз керек эмеспи? Ан үчүн өзүбүздү отурууга көндүрүп, материалды шашпай изилдөөгө үйрөтүү зарыл болушу мүмкүн. Болбосо, «жетилгендерге таандык» болгон «катуу тамактын» даамын кандайча татый алабыз? (Эврейлерге 5:14, «ЖД»).

14 Күнү бою иштеп, үйгө чарчап келген учурларыбыз тууралуу эмне десек болот? Балким, ошол күндөрү өзүбүздү жыйналыш жолугушууларына барууга мажбурлоого туура келеттир. Андан тышкары, чоочун адамдарга кабар айтуу ички табиятыбызга карама-каршы келиши мүмкүн. Пабыл өзү да жакшы кабарды «эркибизге каршы» жарыялай турган учурлар болушу мүмкүн экенин айткан (1 Корунттуктарга 9:17, «ЖД»). Бирок булардын баарын биз асмандагы сүйүктүү Кожоюнубуз Жахаба буйруп жаткандыктан кылабыз. Анын үстүнө, изилдөө жүргүзүүгө, жыйналыш жолугушууларына барууга жана кабар айтууга күч-аракет жумшагандан кийин канааттануу сезип, сергип калбайбызбы? (Забур 1:1, 2; 121:1; 144:10—13).

Артта калган нерселерге кылчактабагыла

15. Кудайга баш ийүү жагынан Ыйса кандай үлгү көрсөткөн?

15 Ыйса Машайак асмандагы Атасына баш ийүү менен эң сонун үлгү көрсөткөн. Ал өзүнүн шакирттерине: «Мен Өз каалоомду эмес, Мени жиберген Атамдын каалоосун аткарыш үчүн, асмандан түштүм»,— деп айткан (Жакан 6:38). Гетсемани багында жаны азапка батып турганда: «Ата! Мүмкүн болсо, ушул чөйчөк Менин жанымдан кыя өтүп кетсинчи. Бирок Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун»,— деп тиленген (Матай 26:39).

16, 17. а) Артыбызда калтырган нерселерге кандай карашыбыз керек? б) Пабылдын дүйнө сунуш кылган мүмкүнчүлүктөрдү «таштанды» катары эсептеши эмне үчүн жөндүү болгон?

16 Ыйса Машайак Кудайга кул болуу жөнүндөгү чечимибизге бекем турушубузду каалайт. «Сокону кармап алып, артына кылчактаган адам Кудайдын Падышачылыгына ылайыктуу эмес»,— деген ал (Лука 9:62). Кудайга кул болгондон кийин биз артта калтырган нерселерибизди ойлой бербешибиз керек. Тескерисинче, Кудайдын кулдары болуунун аркасында алган баталарыбызды жогору баалашыбыз зарыл. Пабыл филипиликтерге мындай деп жазган: «Машайак Ыйсаны таанып билүү артыкчылыгы үчүн башка нерсенин баарын пайдасыз деп эсептейм. Ал үчүн баарынан баш тарттым, Машайакка ээ болуу үчүн... баарын таштанды деп эсептейм» (Филипиликтерге 3:8, 11).

17 Пабыл Кудайдын кулу катары рухий баталарды алуу үчүн, эмнелерди таштанды деп эсептегенин жана эмнелерден баш тартканын ойлоп көрсөңөр. Ал дүйнөнүн ыңгайлуулуктарына эле эмес, келечекте жүйүт дининдеги көрүнүктүү адамдардан болуу мүмкүнчүлүгүнө да кол шилтеген. Эгерде Пабыл жүйүт динин тута берсе, анда Шымондукундай, Пабылдын устаты болгон Гамалиелдин уулунукундай, жогорку абалга көтөрүлө алмак (Элчилер 22:3; Галаттыктарга 1:14). Айрым шектенүүлөрүнө карабастан, Шымон фарисейлердин жолбашчысы болуп, б.з. 66—70-жылдары жүйүттөрдүн Римге каршы чыгарган көтөрүлүшүндө орчундуу роль ойногон. Бирок ал ошол кагылышууда же жүйүт экстремисттери, же Рим аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн.

18. Жахабага кызмат кылуу кандай баталарды алып келерин мисал менен көрсөткүлө.

18 Жахабанын көптөгөн Күбөлөрү Пабылдан үлгү алышат. «Мектепти бүткөндөн бир нече жыл өткөндөн кийин мен Лондондогу бир белгилүү адвокаттын жооптуу катчысы болуп иштеп калдым,— дейт Жейн.— Жумушум жакчу, акчасы да көп болчу. Бирок жүрөгүмдө Жахабага көбүрөөк кызмат кыла аларымды билчүмүн. Акыр-аягы, жумуштан бошондум да, пионер болуп кызмат кыла баштадым. Ошол кадамды 20 жылдай мурун жасаганыма мен абдан сүйүнөм! Толук убакыттуу кызмат жашоомду эч бир катчылык жумуштан таба албай турган маңызга толтурду. Жахабанын Сөзүнүн кайсы бир адамдын жашоосун өзгөртүп жатканын көрүү мага эбегейсиз зор канааттануу алып келет. Ошол ишке катышуунун өзү эле укмуш. Жахабага бергендерибизге караганда андан алгандарыбыз кыйла көп».

19. Эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек жана эмне үчүн?

19 Убакыттын өтүшү менен жагдай-шартыбыз өзгөрүшү мүмкүн. Бирок Кудайга болгон арналуубуз өзгөрбөйт. Биз дагы деле Жахабанын кулдарыбыз жана ал өзүбүздүн убактыбызды, күчүбүздү, жөндөмдөрүбүздү жана башка баалуу нерселерибизди кандай колдонорубузга байланыштуу чечимди өзүбүзгө коёт. Ал эми чыгарган чечимдерибизден Кудайга болгон сүйүүбүз, курмандыктарга барууга канчалык даяр экенибиз көрүнөт (Матай 6:33). Жагдайыбыз кандай болбосун, Жахабага эң жакшысын берүүгө чечкиндүү болушубуз керек эмеспи? Пабыл: «Бергенге каалоосу болсо, колунда жок нерсеге жараша эмес, колунда болгон нерсеге жараша кабыл алынат»,— деп жазган (2 Корунттуктарга 8:12).

Кудайга кызмат кылуунун жемиштери

20, 21. а) Кудайдын кулдары кандай жемишке ээ? б) Жахаба ага бүт күч-аракетин жумшап кызмат кылгандарга батасын кантип берет?

20 Кудайга кул болуу эзилүүгө алып келбейт. Тескерисинче, бул бизди бактыбызга кедерги болгон зыяндуу кулчулуктан бошотот. Пабыл: «Силер күнөөнүн бийлигинен бошотулуп, Кудайдын кулдары болуп калдыңар. Мунун жемиши — ыйыктык, анын натыйжасы — түбөлүк өмүр»,— деп жазган (Римдиктерге 6:22). Кудайдын кулу болуу менен биз ыйыктыктын жемишин, башкача айтканда, адеп-ахлактык таза жүрүм-турумубуздун үзүрүн көрүп жатабыз. Ал эми келечекте түбөлүк өмүргө жетебиз.

21 Жахаба өзүнүн кулдарына марттык көрсөтөт. Кызмат кылууга бүт күч-аракетибизди жумшаганда, ал бизге «асман терезелерин» ачып, «батасын ашыгы менен» төгөт (Малахия 3:10). Жахабанын кулдары катары түбөлүктөн түбөлүккө кызмат кылуу кандай гана кубаныч алып келет!

Эсиңердеби?

• Эмне себептен биз Кудайдын кулдарыбыз?

• Кудайдын эркине баш иерибизди кантип көрсөтөбүз?

• Эмне себептен Кудайдын эркин өзүбүздүкүнөн жогору коюуга даяр болушубуз керек?

• Эмне үчүн «артыбызга кылчактабашыбыз» керек?

[Изилдөө суроолору]

[14-беттеги сүрөт]

Ысрайылдагы ыктыярдуу кулчулук Ыйсанын жолдоочуларынын кандай кулчулукта болорунан кабар берген.

[15-беттеги сүрөт]

Чөмүлтүлгөнүбүздө Кудайдын кулу болобуз.

Ыйсанын жолдоочулары Кудайдын эркин биринчи орунга коюшат.

[16-беттеги сүрөт]

Кудай тапшырма бергенде, Муса алгач олку-солку болгон.