Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын дүйнө жүзүнө тийгизген таасири

Ыйсанын дүйнө жүзүнө тийгизген таасири

Ыйсанын дүйнө жүзүнө тийгизген таасири

«ЫЙСА Инжилдерде жазылып калган сөздөрүн — эл алдында, ошондой эле адамдар менен жекеме жеке сүйлөшкөндө айткандарын — эки сааттын ичинде эле айтып бүтүрө алмак,— деп жазат Ыйык Китепти которгон Эдгар Гудспид.— Анткен менен ошол анча чоң эмес маалымат жүрөктү ушунчалык козгогондуктан, зор түрткү бергендиктен жана акылга терең таасир эткендиктен, дүйнөгө эч ким андай таасир эткен эмес деп ишенимдүү айтууга болот».

Б.з. 33-жылы Ыйса Машайак жердеги кызматын аяктаганда, аны жолдогон эркек-аялдардын саны 120дай эле болгон (Элчилер 1:15). Бүгүн эки миллиарддан ашык адам өздөрүн христианбыз деп аташат. Дагы башка жүз миллиондой адам Ыйсаны пайгамбар деп таанышат. Анын окуулары, чынында эле, адамзатка зор таасир тийгизип келет.

Ыйсанын бүткүл адамзатка таасир тийгизгенин христиан динин тутпагандар да четке какпайт. Мисалы, Гиман Энелов аттуу эврей раббин мындай деп жазган: «Диний тарыхта Ыйса баарынан таанымал, көптөр кызыгып изилдеген жана эң таасирдүү инсан болуп калды». Ал сөзүн андан ары минтип улаган: «Ыйсанын адамзатка тийгизген таасирин ким өлчөй алат? Ал ойготкон сүйүү, ал берген жубатуу, ал жасаган кайрымдуулук иштери жана ал жандандырган үмүт менен кубаныч тарых боюнча эң зор деңгээлде көрсөтүлгөн. Улуу жана көрүнүктүү деп эсептелген инсандардын бири да адамдарды өзүнө тартканы жана башкаларга тийгизген таасири жагынан Ыйсага тең келе албайт. Тарых бою эч кимге мынчалык кызыгуу көрсөтүлгөн жок». Индиялык жолбашчы Мохандас Ганди: «Адамзат үчүн Ыйсадан көптү кылган бир да адамды билбейм. Чындыгында, христиан дининин эч кандай жаман жери жок»,— деп айткан. Бирок сөзүн мындай деп улаган: «Христиандар, көйгөй өзүңөрдө. Силер өзүңөрдүн окууларыңарга ылайык жашабайсыңар».

Христиан дүйнөсүнүн кылымдар бою Ыйсанын окууларына ылайык жашабай келатканы белгилүү. Христиан динин изилдеген тарыхчы Сесил Жон Каду: «Убакыттын өтүшү менен чиркөөлөрдө адеп-ахлак нормалары четке кагылып жатканы байкала баштаган... христиан дининин жетекчилери буга б.з. 140-жылдарында көңүл бурушту»,— деп билдирген. Ал: «Адеп-ахлактыктын айкын нормаларын бузууга көңүлкош карагандык бул дүйнөнүн жолдорун боло жүргөн нерседей кабыл алууга өбөлгө түзгөн»,— деп байкаганын айткан.

Адеп-ахлактык жактан бузулгандык Рим императору Константин христиан динин кабыл алганда өзгөчө байкалган. «Тарыхчылар, айрымдары кейип, чиркөөнүн Константин менен келишим түзүп кандай чоң компромистерге барганын белгилешет»,— деп жазат Каду. Ошондон бери христиан аталымыш болгондор Машайактын атына сөз тийгизген көптөгөн жаман иштерди кылып келишет.

Ошондуктан төмөнкүдөй суроолор туулат: Ыйса чынында эмне жөнүндө окуткан? Анын окутуулары бизге кандай таасир этиши керек?

[3-беттеги сүрөт]

«Адамзат үчүн Ыйсадан көптү кылган бир да адамды билбейм» (Мохандас Ганди).

[3-беттеги сүрөт]

«Дүйнөгө эч ким андай таасир эткен эмес» (Эдгар Гудспид).

[Булак жөнүндө маалымат]

Culver Pictures