Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса Машайак силерге кандай таасир этет?

Ыйса Машайак силерге кандай таасир этет?

Ыйса Машайак силерге кандай таасир этет?

МУРУНКУ макаладан Ыйсанын окуулары бүткүл дүйнөгө зор таасир тийгизгенин көрдүк. Анткен менен ар бирибиз өзүбүзгө: «Ыйсанын окутуулары жеке мага кандай таасир этет?» — деп суроо бергенибиз абзел.

Ыйсанын окуулары ар кыл темаларды камтыган. Алардагы баалуу сабактар жашооңорго зор таасир тийгизе алат. Келгиле, Ыйсанын жашообузда биринчи орунга эмнени коюшубуз керектигине, Кудай менен достошууга, башкалар менен жакшы мамиледе болууга, кыйынчылыктарды жеңүүгө жана зордук-зомбулук көрсөтүүдөн качууга байланыштуу эмнелерге үйрөткөнүн карап көрөлү.

Биринчи орунга эмнени коюуну чечүү

Жашоо агымы ушунчалук шар азыркы дүйнө убакытыбыз менен күчүбүздүн дээрлик баарын соруп жаткандыктан, рухий нерселер көп учурда көз жаздымда калып калат. Мисалга отузга чыга элек (Жери деп атап коёлу) бир жигиттин жагдайын алалы. Ал рухий темада пикирлешүүнү жактырганы жана баалаганы менен, мындай деп кайгырат: «Буга дайым убакыт бөлүүгө мүмкүнчүлүгүм жок... Жумасына алты күн иштейм. Жекшемби күнү эле бошмун. Анан аткарууга тийиш болгон иштеримди бүтүргөн соң, алым калбай калат». Силердин жагдайыңар да ушундайбы? Анда Ыйсанын Тоодогу насаатында айткан кеп-кеңештери силер үчүн да пайдалуу болору шексиз.

Ыйса аны угуу үчүн чогулган элге: «„Эмне ичип, эмне жейбиз?“ — деп, жаныңар үчүн; „Эмне киебиз?“ — деп, денеңер үчүн түйшүк тартпагыла. Тамакка караганда жан, кийимге караганда дене кымбат эмеспи! Асмандагы канаттууларды карагылачы! Алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага жыйнабайт, бирок Асмандагы атаңар аларды азыктандырат. Алардан силер канча эсе кымбатсыңар!.. Ошондуктан: „Эмне жейбиз, эмне ичебиз?“ же: „Эмне киебиз?“ — деп түйшүк тартпагыла. Анткени бутпарастар булардын баары үчүн түйшүк тартышат. Ал эми силердин ушунун баарына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет. Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет»,— деп айтат (Матай 6:25—33). Мындан эмнеге үйрөнсөк болот?

Ыйса муну менен өзүбүздүн же үй-бүлөбүздүн денелик муктаждыктарына көңүлкош карашыбыз керектигин айткан эмес. «Ким өз туугандары үчүн, айрыкча, өз үйүндөгүлөрү үчүн кам көрбөсө,— деп айтылат Ыйык Жазмада,— ал ишенимден баш тарткан, ишенбегендерден да жаман адам» (1 Тиметейге 5:8). Ыйса биринчи орунда турушу керек болгон нерселерди биринчи орунга койсок жана рухий иштер менен көбүрөөк алек болсок, Кудай башка муктаждыктарыбызга кам көрөрүн убада кылган. Мындан биринчи орунга эмнени коюу керектигине үйрөнүп жатабыз. Бул кеңешке ылайык иш кылсак, бактылуу болобуз, себеби «рухий муктаждыктарын сезгендер бактылуу» (Матай 5:3, «ЖД»).

Кудай менен достошуу

Рухий муктаждыктарын сезген адамдар Кудай менен жакшы мамиле өрчүтүү керектигин билишет. Кимдир бирөө менен кантип жакын мамиле өрчүтө алабыз? Ал адам менен жакыныраак таанышууга аракет кылабыз, чынбы? Анын көзкараштары, маанайы, жөндөмдүүлүктөрү, жетишкендиктери жана эмнени жакшы көрүп, эмнени жек көрөрү тууралуу билүүгө убакыт бөлүшүбүз керек. Кудай менен жакын мамиле өрчүтүү үчүн да ушуну кылуу талап. Ал жөнүндө так билим алуу зарыл. Өзүнүн шакирттери тууралуу тиленип жатып Ыйса: «Ал түбөлүк өмүр — жалгыз чыныгы Кудай Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машайакты таануу»,— деп айткан (Жакан 17:3). Ооба, Кудай менен ынак мамиледе болуу үчүн, Аны таанып-билишибиз зарыл. Мындай билимдин жалгыз булагы — Кудайдын жетеги менен жазылган Ыйык Жазма (2 Тиметейге 3:16). Ыйык Жазманы изилдөөгө убакыт бөлгөнүбүз абзел.

Анткен менен билим эле алып коюу жетишсиз. Ыйса ошол эле тиленүүсүндө: «Алар [окуучулары] сенин сөзүңдү кабыл алышты [«сөзүңө ылайык иш кылышты», «ЖД»]»,— деген (Жакан 17:6). Биз Кудай жөнүндө билим алып эле тим болбой, алган билимибизге жараша иш-аракет кылышыбыз керек. Ошондо гана биз Кудай менен дос боло алабыз. Кимдир бирөөнүн көзкараштарына жана принциптерине каршы келген иштерди жасап, ал адам менен дос болууга мүмкүнбү? Андыктан ар бир кадамыбызды Кудайдын көзкарашына жана ал бекиткен принциптерге ылайык жасашыбыз зарыл. Башкалар менен жакшы мамиледе болууга Кудай бекиткен эки принцип кандайча жардам берерин карап көрөлү.

Башкалар менен жакшы мамиледе болуу

Бир жолу Ыйса адамдар менен жакшы мамиледе болууга эмне жардам берерин көрсөтүү үчүн кыска аңгеме айтып берет. Ал аңгеме кулдары менен эсептешкиси келген падыша жөнүндө эле. Кулдарынын биринин төлөп берүүгө кудурети жетпей турган карызы болот. Падыша ага өзүн, аялы менен балдарын сатып, акчасын кайтарууну буйрук кылат. Бересеси бар тигил адам чөгөлөй калып: «Күтө тур, бардыгын төлөп берем»,— деп жалбарат. Падыша боору оруп карызын кечип коёт. Аңгыча ошол кул тышка чыгып, өзүнө болбогон карызы бар досун кармап алып, карызыңды төлөп бер деп талап кыла баштайт. Досу ырайым кылуусун өтүнсө да болбой, аны карызын бергенче түрмөгө каматып салат. Падыша муну укканда катуу каарданып: «Мен сага ырайым кылгандай, сен да өз досуңа ырайым кылсаң болбойт беле?» — дейт. Анан ал ырайымсыз кулду, бүт карызын төлөп бергенче, түрмөгө камап коёт. Бул аңгемеден кандай сабак алууга болорун көрсөтүп, Ыйса: «Эгерде ар бириңер өз бир тууганыңардын күнөөсүн чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силерге так ушундай мамиле кылат»,— деген (Матай 18:23—35).

Жеткилең эмес болгондуктан, баарыбыз көп жаңылабыз. Кудайдын алдында күнөө кетирип чогулган чоң карызыбызды Ага эч качан төлөп бере албайбыз. Анын ырайым кылып кечирерине үмүттөнүүдөн башка аргабыз жок. Эгер биз биртуугандарыбыздын бизге каршы жасаган күнөөлөрүн кечирсек, Жахаба бардык күнөөлөрүбүздү кечиргенге даяр. Кандай гана күчтүү сабак! Ыйса шакирттерин: «Бизге жамандык кылгандарды кечиргенибиздей, Сен да биздин күнөөлөрүбүздү кечире көр»,— деп тиленүүгө үйрөткөн (Матай 6:12).

Көйгөйдүн тамырын кыюу

Ыйса адам баласынын табиятын эң сонун түшүнгөн. Ал көйгөйлөрдүн тамырын кыюуга үйрөткөн. Төмөндөгү эки мисалды карап көрөлү.

Ыйса: «Байыркы мезгилде жашагандарга: „Киши өлтүрбө. Ким киши өлтүрсө, ал жазага тартылат“,— деп айтылганын уккансыңар. Мен болсо силерге мындай деп айтамын: бир тууганына ачууланган ар бир адам жоопко тартылат»,— деген (Матай 5:21, 22). Бул сөздөрү менен Ыйса киши өлтүргөн адамдын көйгөйү зомбулук жасаганынан да терең тамыр алганын көрсөткөн. Көйгөй адамдын жүрөгүнөн башталат. Эгер адамдар нааразылык же кыжырдануу сезимдеринин өрчүп кетишине жол беришпесе, зордук-зомбулук жасалбайт болчу. Эгер ушул насаат колдонулса, канчалаган кан төгүүлөрдү болтурбай коюуга болмок!

Көптөрдү азапка салган дагы бир көйгөйдүн себебине байланыштуу Ыйсанын эмне дегенин байкасаңар. Ал чогулган элге: «Байыркы мезгилде жашагандарга: „Ойноштук кылба“,— деп айтылганын силер уккансыңар. Мен болсо силерге мындай деп айтамын: аял кишиге кумарлануу менен караган адам өз жүрөгүндө ойноштук кылган болот. Эгерде оң көзүң сени күнөөгө түртсө, аны оюп алып, ыргытып жибер»,— деп айтат (Матай 5:27—29). Ыйса бузукулуктун адеп-ахлаксыз жүрүм-турум эле эмес экенин көрсөткөн. Бул көйгөйдүн тамыры ыпылас каалоолордо. Эгер адам туура эмес каалоолордун өрчүшүнө жол бербей, аларды «оюп алып, ыргытып жиберсе», адепсиз иштерге барбайт.

«Кылычыңды кынына сал»

Ыйсаны душмандары чыккынчылык менен кармашкан түнү шакирттеринин бири ага болушуп кылычын сууруп чыгат. Бирок Ыйса ага: «Кылычыңды кынына сал. Кылыч көтөргөндүн баары кылычтан өлөт»,— дейт (Матай 26:52). Эртеси күнү ал Понтий Пилатка: «Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн эмес. Эгер Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн болсо, анда кызматчыларым Мени жүйүттөрдүн колуна түшүрбөө үчүн күрөшүшмөк. Менин Падышачылыгым бул дүйнөдөн эмес»,— деп айтат (Жакан 18:36). Кандай акылдуу сөздөр!

Ыйсанын зордук-зомбулуктан качуу жөнүндөгү окууларына анын алгачкы жолдоочулары кандай карашкан? Бир китепте: «Аларга [Ыйсанын окутууларына] ылайык, зордук-зомбулуктун бардык түрү жана кимдир бирөөгө зыян келтирүү натуура көрүлгөндүктөн, согушка катышууга карата салынган тыюу эң эле орундуу эсептелген... Ыйсанын алгачкы жолдоочулары анын айткандарын так аткарышчу жана анын боорукер болуп, зордук-зомбулукка барбоо керектигине байланыштуу чакырыгын түзмө-түз түшүнүшчү. Дин алар үчүн тынчтыкты билдирчү; алар кан төгүүлөргө апкелген согуштарды кескин түрдө айыпташчу»,— деп айтылат («The Early Christian Attitude to War»). Өзүлөрүн Ыйсанын жолдоочуларыбыз деп атагандардын баары ушул окутууга карманса, дүйнөнүн тарыхы такыр башкача болмок!

Ыйсанын окуулары силерге пайда алып келе алат

Ыйсанын биз карап чыккан окуулары мыкты, жөнөкөй жана таасирдүү. Аларды окуп, жашоолорунда колдонгон адамдар зор пайда ала алышат *.

[Шилтемелер]

^ 22-абз. Ыйсанын окууларын ирети менен карап чыгуу үчүн, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Тарыхтагы эң улуу адам» деген китепке кайрылсаңар болот.

Силер жашаган жердеги Жахабанын Күбөлөрү тарыхтагы эң акылдуу адам үйрөткөн окутуулардан кантип пайда алууга болорун түшүндүрүүгө кубанычта болушат. Биз силерди алар менен байланышууга же 2-беттеги даректердин бирине кат жазууга чакырабыз.