Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын сөзүнө ишен

Жахабанын сөзүнө ишен

Жахабанын сөзүнө ишен

«Мен Сенин сөзүңө ишенем» (Забур 118:42).

1. 118-забурду ким жазганы жана ал адамдын кандай рух менен кызмат кылганы тууралуу эмне айтууга болот?

ЗАБУРДУН 118-бабын жазган адам Жахабанын сөзүн жогору баалаган. Ал, чамасы, жүйүт элинин болочок падышасы Хиския болгон. Кудайдын жетеги менен жазылган ошол ырда чагылдырылган сезимдер Жүйүт падышалыгын башкарып турганда «Теңирге жармашып» кызмат кылган Хискиянын маанай-рухуна шайкеш келет (2 Падышалар 18:3—7). Кандай болбосун, бир нерседен шектенбесек болот: забурчу рухий муктаждыктарын сезе билген (Матай 5:3, «ЖД»).

2. 118-забурда эмне баса белгиленет жана бул ыр кандай тартипте түзүлгөн?

2 Забурдун 118-бабында Кудайдын сөзүнүн, башкача айтканда, кабарынын баалуулугу баса белгиленет *. Сыягы, жаттаганга оңой болсун деп, жазуучу аны алфавиттик тартипте ыр түрүндө берген. Андагы 176 аят байыркы эврей алфавитиндеги тамгалардын ирети менен жазылган. Байыркы эврей тилиндеги түпнускада забурдун 22 строфасынын ар бири 8 саптан туруп, сегиз саптын баары тең окшош тамга менен башталат. Ушул жана кийинки макалада талкуулана турган 118-забурда Кудайдын сөзү, мыйзамы, эскертүүлөрү, жолдору, буйруктары, осуяттары, өкүмдөрү жөнүндө айтылат. Жахабанын байыркы жана азыркы убактагы кызматчыларынын жашоосу тууралуу ой жүгүртүү бизге Кудайдан шыктандырылган ошол ырды дагы жакшыраак түшүнүүгө жана Ыйык Китепти ого бетер баалоого жардам берет.

Кудайдын сөзүнө баш ийгендер бактылуу

3. «Күнөөсүз жашагандар» деген сөз айкашы эмнени билдирерин мисал менен түшүндүр.

3 Биз Кудайдын мыйзамы менен жүргөндө гана чындап бактылуу боло алабыз (Забур 118:1—8). Жахабанын мыйзамына баш ийсек, ал бизди «күнөөсүз жашагандар» деп эсептейт (Забур 118:1). Күнөөсүз жашаганыбыз жеткилең экенибизди билдирбейт, бул Жахаба Кудайдын эркин аткарууга умтуларыбызды көрсөтүп турат. Нух «Кудайдын алдында түз жүрүп», «өз замандаштарынын ичинен адил, кемчиликсиз адам болгон». Бул ишенимдүү адам жана анын үй-бүлөсү Жахабанын эркине ылайык жашаганы үчүн Топон сууда аман калышкан (Башталыш 6:9; 1 Петир 3:20). Эгер биз да Кудайдын «буйруктарын бекем сактап», эркин аткарсак, бул дүйнө жок кылынганда, аман калабыз (Забур 118:4).

4. Канткенде бактылуу болуп, ийгиликке жетебиз?

4 Эгер биз Жахабаны «таза жүрөгүбүз менен даңктап», «буйруктарын сактасак», ал бизди эч качан таштабайт (Забур 118:7, 8). Кудай ысрайылдыктардын жолбашчысы Жашыяны — «мыйзам китепте... жазылгандардын бардыгын так аткарыш үчүн, аны күнү-түнү үйрөнүүгө» умтулган кызматчысын — эч калтырган эмес. Жахабанын Сөзүн окуу анын ийгиликке жетишине жана акыл-эстүүлүк менен иш кылышына өбөлгө түзгөн (Жашыя 1:8). Жашыя өмүрүнүн акырында да Кудайды даңктап, ысрайылдыктарга: «Силер жөнүндө Кудай-Теңириңер айткан бардык жакшы сөздөрдүн бири да бекер калбаганын чын жүрөгүңөр, жан-дилиңер менен билесиңер»,— деп айта алган (Жашыя 23:14). Жашыя менен 118-забурду жазган адамга окшоп, Жахабаны даңктасак жана анын сөзүнө ишенсек, биз да бак-дөөлөткө, ийгиликке жетебиз.

Жахабанын сөзү өзүбүздү таза сактоого жардам берет

5. а) Рухий жактан канткенде өзүбүздү таза сактай аларыбызды түшүндүр. б) Олуттуу күнөө кылган жаш биртууган кандай жардам ала алат?

5 Кудайдын сөзү боюнча жашасак, рухий жактан таза болобуз (Забур 118:9—16). Биз рухийлигибизди ата-энебиз жакшы үлгү көрсөтпөгөн күндө да сактай алабыз. Атасы бурканга табынуучу болгонуна карабастан, Хиския анын таасирине алдырбай, «өз жолун таза сактап жүргөн». Эгер бүгүн Кудайга кызмат кылган жаштардын кимдир бирөөсү олуттуу күнөө кылып алсачы? Андай учурда өкүнүү, тиленүү, ата-энесинин жана жыйналыштагы аксакалдардын сүйүү менен көрсөткөн көмөгү ага Хискиядай болуп, өзүн «таза сактап жүрүүгө» жардам берет (Жакып 5:13—15).

6. Кайсы эки аял өздөрүнүн жолун оңдоп, Кудайдын «сөзү боюнча жашашкан»?

6 Рахап менен Рут 118-забур жазылганга чейин кылымдар мурун жашаса да, алар өздөрүнүн жолун оңдоп, аны «таза сактап жүрүшкөн». Рахап мурда Канаан жеринде сойку аял болгону менен, кийин көрсөткөн ишениминин негизинде Жахабанын кызматчысы катары таанылып калган (Эврейлерге 11:30, 31). Мааптык Рут өз кудайларын таштап, Жахабага кызмат кылып, Анын Ысрайылга берген мыйзамдарына баш ийген (Рут 1:14—17; 4:9—13). Ысрайыл элинен болбогон бул эки аял Кудайдын «сөзү боюнча жашап», Ыйса Машайактын чоң энелеринен болуу сыймыгына ээ болушкан (Матай 1:1, 4—6).

7. Даниел жана андан башка үч эврей улан рухийлигин таза сактоо жагынан кандай сонун үлгү көрсөтүшкөн?

7 «Адамдын ойлору жаш чагынан эле жамандык» болгонуна карабай, жаштар Шайтандын кол астындагы азыркы бузулган дүйнөдө да таза жолдо жүрө алышат (Башталыш 8:21; 1 Жакан 5:19). Даниел жана андан башка үч эврей улан Бабылда туткунда жүргөндө да Кудайдын «сөзү боюнча жашашкан». Маселен, алар өзүлөрүн «падыша дасторконундагы тамак менен» арамдашкан эмес (Даниел 1:6—10). Бабылдыктар Мусанын мыйзамы боюнча арам деп эсептелген жаныбарлардын этин жешкен (Лебилер 11:1—31; 20:24—26). Адатта, бабылдыктар өлтүрүлгөн жаныбарлардын канын агызышчу эмес, ошондуктан алардын андай эт жегени Кудайдын кан жөнүндөгү мыйзамына карама-каршы келген (Башталыш 9:3, 4). Анда төрт эврейдин падыша дасторконундагы тамактарды эмне себептен оозуна албаганы түшүнүктүү! Кудайга берилген ал уландар өздөрүн рухий жактан таза сактап, сонун үлгү көрсөтүшкөн.

Кудайдын сөзү ишенимдүү болууга жардам берет

8. Кудайдын мыйзамдарын түшүнүп, аткаруу үчүн, биз кандай маанайга жана билимге ээ болушубуз керек?

8 Жахабага ишенимдүү бойдон калуу үчүн, Анын сөзүн сүйүшүбүз зарыл (Забур 118:17—24). Забурчудай болсок, биз Жахабанын «мыйзамынын кереметтерин» түшүнүүгө дилгирлик менен аракеттенебиз. Биз дайыма Кудайдын «адилет сотун күтөбүз» жана анын «эскертүүлөрүн» («ЖД») сүйөбүз (Забур 118:18, 20, 24). Жахабага арналганыбызга аз эле убакыт болсо, «рухий таза сүттү сүйүүгө» умтулуп жатабызбы? (1 Петир 2:1, 2). Кудайдын мыйзамдарын түшүнүп, аткаруу үчүн, биз Ыйык Китептин негизги окууларын жакшы билишибиз керек.

9. Адамдардын талаптары Кудайдын мыйзамына карама-каршы келгенде, эмне кылышыбыз керек?

9 Биз Кудайдын эскертүүлөрүн жакшы көрөбүз. Эгер «төрөлөр» кайсы бир себеп менен бизге каршы сүйлөсө, эмне кылышыбыз керек? (Забур 118:23, 24). Бүгүнкү күндө бийлик башындагылар бизден көп учурда адамдардын мыйзамдарын Кудайдын мыйзамынан жогору коюуну талап кылышат. Алардын талаптары Кудайдын эркине карама-каршы келгенде, эмне кылабыз? Кудайдын сөзүнө болгон сүйүүбүз бизге Жахабага ишенимдүү бойдон калууга жардам берет. Ыйса Машайактын куугунтукка алынган элчилерине окшоп, биз: «Адамдарга караганда, Кудайга көбүрөөк баш ийүү керек»,— деп айтабыз (Элчилер 5:29).

10, 11. Оор кырдаалдарда Жахабага кантип ишенимдүү бойдон калууга болорун мисал менен көрсөт.

10 Биз оор кырдаалдарда да Жахабага ишенимдүү бойдон кала алабыз (Забур 118:25—32). Кудайга болгон берилгендигибизди сактоону кааласак, андан билим алууга ынтызар болуп, анын насааттоосун сурап жалындуу тиленишибиз керек. Ошондой эле «чындыктын [«ишенимдүүлүктүн», «БМК»] жолун» тандашыбыз кажет (Забур 118:26, 30).

11 Забурдун 118-бабын жазган деп эсептелген Хиския «ишенимдүүлүктүн жолун» тандаган. Ал жалган кудайларга табынгандардын арасында жашаганына жана балким, падыша сарайындагылардын шылдыңдаганына карабастан ишенимдүү болууга умтулган. Сыягы, ошондой жагдай-шарттардан улам анын «жаны кайгыдан алсыраган» (Забур 118:28). Бирок Хиския Кудайга таянып, ага «жаккан иштерди жасаган» жакшы падыша болгон (2 Падышалар 18:1—5). Кудайга таянуу менен биз да сыноолорго туруштук берип, ишенимдүү бойдон кала алабыз (Жакып 1:5—8).

Жахабанын сөзү кайрат берет

12. Забур 118:36, 37-аяттарды жашообузда кантип колдоно алабыз?

12 Кудайдын сөзүндөгү жетекчиликке баш ийүү менен биз жашообуздагы сыноолорду жеңүүгө кайрат алабыз (Забур 118:33—40). Жахабанын мыйзамдарын «бүт жүрөгүбүз менен» сакташ үчүн, биз момундук менен андан акыл-насаат издейбиз (Забур 118:33, 34). Забурчуга окшоп, биз Кудайдан: «Менин жүрөгүмдү дүнүйөкордукка эмес, Өзүңдүн аяндарыңа [«эскертүүлөрүңө», «ЖД»] бур»,— деп суранабыз (Забур 118:36). Элчи Пабылдай болуп, «өзүбүздү бардык нерседе туура алып жүрүүгө аракет кылабыз» (Эврейлерге 13:18). Эгерде иштеген жерибиздеги башчыбыз кандайдыр бир туура эмес ишке түртсө, биз кайраттуулук менен Кудайдын көрсөтмөлөрүнө карманууга чечкиндүү болобуз. Жахаба мындай чечкиндүүлүккө ар убак батасын берет. Ошондой эле ал бизге туура эмес каалоолорубуздун баарын ооздуктоого көмөк кылат. Андыктан Кудайга: «Көзүмдү бур, курулай убаракерчиликти көрбөйүн»,— деп тиленели (Забур 118:37). Кудай курулай убаракерчилик деп жек көргөн нерселерди биз жагымдуу нерсе катары көрүүнү эч каалабайбыз (Забур 96:10). Бул бизге порнографиядан жана спиритизмге байланышы бар иштерден да алыс болууга түрткү берет (1 Корунттуктарга 6:9, 10; Аян 21:8).

13. Ыйсанын куугунтукка алынган шакирттери тайманбастык менен кабар айтууга кайраттуулукту кайдан алышкан?

13 Кудайдын сөзүнөн алган так билим бизге кайраттуулук жана бекем ишеним менен кабар айтууга дем берет (Забур 118:41—48). Бизди «жаманатты кылганга жооп берүү» үчүн, чынында эле, кайрат керек (Забур 118:42). Кээде Ыйсанын куугунтукка алынган шакирттериникиндей кырдаалга туш болушубуз ыктымал. Алар: «Теңир... Өзүңдүн сөзүңдү тайманбастык менен айтышыбыз үчүн, Өзүңдүн кулдарыңа кайраттуулук бере көр»,— деп тиленишкен. Натыйжасы кандай болгон? «Баары Ыйык Рухка толуп, Кудайдын сөзүн тайманбастык менен айта башташкан». Эгедер Теңир өзүнүн сөзүн тайманбастык менен айтууга бизге да кайраттуулук берет (Элчилер 4:24—31).

14. Пабылга окшоп, тайманбастык менен кабар айтууга бизге эмне жардам берет?

14 «Чындыктын сөзүн» бааласак жана Кудайдын «мыйзамын дайыма... сактасак», эч кимден уялбай, коркпой кабар айтууга кайрат алабыз (Забур 118:43, 44). Ыйык Китепти тырышчаактык менен изилдөөнүн аркасында биз Кудайдын осуяттарын «падышалардын алдында айта» алабыз (Забур 118:46). Ошондой эле тиленүү жана Жахабанын руху бизге орду менен сүйлөөгө жардам берет (Матай 10:16—20; Колостуктарга 4:6). Пабыл Кудайдын осуяттарын I кылымдагы башкаруучуларга тайманбастык менен айткан. Мисалы, ал «Машайакка болгон ишеним тууралуу» Рим башкаруучусу Феликске кабар айткан (Элчилер 24:24, 25). Пабыл башкаруучу Фест менен Агрипа падышага да күбөлөндүрүү берген (Элчилер 25:22—26:32). Жахабанын колдоосу менен биз да «Жакшы Кабарды таратуудан уялбаган» кайраттуу күбөлөрдөн боло алабыз (Римдиктерге 1:16).

Кудайдын сөзү бизди сооротот

15. Башкалар шылдыңдаганда, Кудайдын Сөзү бизди кандайча соорото алат?

15 Жахабанын Сөзүнөн ар дайым сооронуч ала алабыз (Забур 118:49—56). Айрым учурларда биз сооронучка өзгөчө муктаж болобуз. Жахабанын Күбөлөрү катары кайраттуулук менен кабар айтсак да, кээде «текеберлер» — Кудайга текебердик менен мамиле кылгандар — бизди «абдан шылдыңдашат» (Забур 118:51). Андай учурда тиленүү бизге Кудайдын Сөзүнөн жубатарлык ойлорду эстөөгө жана сооронууга жардам берет (Забур 118:52). Кудайга жалбарып кайрылып, биз Ыйык Жазмадан оор учурда сооронуч жана кайрат берерлик кайсы бир мыйзамды же принципти эстей алабыз.

16. Куугунтукка карабастан, Кудайдын кызматчылары эмне кылышкан эмес?

16 Забурчуну шылдыңдаган текеберлер ысрайылдыктар — Кудайга арналган элдин өкүлдөрү — болчу. Кандай уятсыздык! Алардан айырмаланып, биз Кудайдын мыйзамынан эч качан баш тартпоого чечкиндүү бололу (Забур 118:51). Бир канча жыл бою нацисттердин куугунтугуна жана башка сыноолорго дуушар болгондо да, Кудайдын миңдеген кызматчылары Ыйык Китептеги мыйзамдар менен принциптерди бузушкан эмес (Жакан 15:18—21). Ооба, Жахабага баш ийүү жүк эмес, анткени анын мыйзамдары биз үчүн сооротуучу ыр сыяктуу (Забур 118:54; 1 Жакан 5:3).

Жахабанын сөзү үчүн ыраазы бол

17. Кудайдын сөзүн баалаганыбыз бизге эмне кылууга түрткү берет?

17 Биз Кудайдын сөзүнө болгон ыраазылыгыбызды ага ылайык жашоо менен көрсөтөбүз (Забур 118:57—64). Забурчу Жахабанын «сөздөрүн аткарууну» өзүнүн үлүшү деп эсептеп, атүгүл «түн ортосунда Ага адилет мыйзамдары үчүн ыраазычылык билдирүү үчүн турчу». Эгер түндө ойгонуп кетсек, Кудайга тиленүү аркылуу ыраазычылык билдирүүгө бул кандай сонун мүмкүнчүлүк! (Забур 118:57, 62). Кудайдын сөзүн баалаганыбыз бизге Жахабадан таалим-насаат издөөгө жана Андан «корккондор менен» — Кудайга терең урмат-сый көрсөткөндөр менен — бирге болууга түрткү берет (Забур 118:63, 64). Жер жүзүндө андай адамдардын чөйрөсүнөн артык дагы кандай чөйрө бар?

18. Бизди «ыймансыздардын жайган торлору курчап алганда», Жахаба тиленүүлөрүбүзгө кантип жооп берет?

18 Жахабага чын жүрөктөн тиленип, бизди үйрөтүшүн момундук менен суранганда, анын «жүзүн жумшартып» («ЖД»), ырайымына ээ болобуз. Бизди «ыймансыздардын жайган торлору курчап алганда», Кудайга тиленүү өзгөчө маанилүү (Забур 118:58, 61). Жахаба душмандарыбыздын жайган торлорун кесип, бизди Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин улантууга бошото алат (Матай 24:14; 28:19, 20). Кызматыбызга тыюу салынган өлкөлөрдө бул далай жолу тастыкталган.

Кудайдын сөзүнө ишен

19, 20. Кыйынчылыкка дуушар болуу кандайча «жакшы болушу» мүмкүн?

19 Кудайга жана анын сөзүнө ишенүү бизге кыйынчылыктарга чыдоого, анын эркин аткарууга жардам берет (Забур 118:65—72). Текеберлер забурчуга «каршы жалган ушак айтышса» да, ал: «Азап тартканым жакшы болду»,— деп ырдаган (Забур 118:66, 69, 71). Азап тартуу Жахабанын кызматчысы үчүн кандайча жакшы болушу мүмкүн?

20 Кыйынчылыкка кабылганда биз, албетте, Жахабага жалындуу тиленебиз, а бул бизди ага жакындатат. Андан сырткары, Кудайдын Сөзүн изилдөөгө көбүрөөк убакыт бөлүп, окуп-билгендерибизди жашообузда колдонууга көбүрөөк күч-аракет жумшашыбыз мүмкүн. Бул бактылуу болушубузга өбөлгө түзөт. Бирок кыйынчылыкка дуушар болгондо чыдамсыздык жана бойкөтөрүүчүлүк сыяктуу терс сапаттарды көрсөтсөкчү? Жалындуу тиленүүнүн, Кудай Сөзүнүн жана рухтун жардамы менен андай алсыздыктарыбызды жеңип, «жаңы табиятка» мүнөздүү сапаттарды толугураак «кие» алабыз (Колостуктарга 3:9—14). Андан тышкары, азаптарга чыдаганда ишенимибиз чыңдалат (1 Петир 1:6, 7). Кыйынчылыктар Пабылга пайда алып келген, анткени алар ага Жахабага көбүрөөк таянууга жардам берген (2 Корунттуктарга 1:8—10). Биз кыйынчылыктардын өзүбүзгө жакшы таасир этишине жол беребизби?

Ар дайым Жахабага таян

21. Кудай текеберлерди уятка калтырганда, эмне болот?

21 Кудайдын сөзү тастыктап тургандай, Жахабага таянууга бизде орчундуу негиз бар (Забур 118:73—80). Жаратканыбызга чындап таянсак, эч качан уятка калбайбыз. Бирок башкалардын мамилесинен улам сооронучка муктаж болуп, забурчуга окшоп: «Текеберлер уятка калышсын»,— деп тиленишибиз мүмкүн (Забур 118:76—78). Жахаба текеберлерди уятка калтырганда, бул алардын арам жолдорунун ашкереленишине жана анын ыйык ысмынын ыйыкталышына алып келет. Кудай элин куугунтуктагандардын чынында эч кандай ийгиликке жетпей турганына бекем ишенсек болот. Мисалы, алар бүт жүрөгү менен Кудайга таянган Жахабанын Күбөлөрүн эч убакта жок кыла алышкан эмес жана жок кыла алышпайт (Накыл сөздөр 3:5, 6).

22. Кандай мааниде забурчу «ышталган чаначтай» болгон?

22 Куугунтук учурунда Кудайдын сөзү бизди Ага таянууга бекемдейт (Забур 118:81—88). Текеберлердин куугунтугуна алынганда забурчу өзүн «ышталган чаначтай» сезген (Забур 118:83, 86, «Үмүт нурунун» котормосу, 2004). Байыркы убакта жаныбарлардын терисинен жасалган чаначтар суу, шарап жана башка суюктуктарды сактоого колдонулчу. Чанач керектелбей жата берсе же мору жок үйдө оттун жанында асылып турса, бырышып-тырышып калышы мүмкүн эле. Кыйынчылыктан же куугунтуктан улам өзүңдү «ышталган чаначтай» сезген учурларың болобу? Андай учурларда Жахабага таянып: «Мени Өзүңдүн ырайымың менен тирилт, ошондо мен Сенин оозуңан чыккан аяндарды сактайм»,— деп тилен (Забур 118:88).

23. Забур 118:1—88-аяттардан биз эмнелерди билдик жана Забур 118:89—176-аяттарды изилдегенге чейин өзүбүзгө кандай суроо берсек болот?

23 Биз 118-забурдун жарымын талдап чыгып ынангандай, Жахаба кызматчыларына ырайым көрсөтөт, анткени алар анын сөзүнө ишенишет, ошондой эле өкүмдөрүн, эскертүүлөрүн, осуяттарын жана мыйзамдарын сүйүшөт (Забур 118:16, 47, 64, 70, 77, 88). Кудай берилген кызматчыларынын анын сөзү боюнча жашап жатканын көргөндө кубанат (Забур 118:9, 17, 41, 42). Бул көркөм забурдун калган бөлүгүн изилдегенге чейин ар бирибиз өзүбүздөн: «Жахабанын сөзүнө жолумду жарыктандырышына жол берип жатамбы?» — деп сурасак болот.

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Бул жерде Ыйык Китеп — Кудайдын Сөзү — жөнүндө эмес, Жахабанын кабары жөнүндө айтылып жатат.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Чыныгы бакыт эмнеден көзкаранды?

• Жахабанын сөзү бизди кандайча рухий жактан таза сактайт?

• Кудайдын сөзү кандайча кайрат жана сооронуч берет?

• Эмне үчүн Жахабага жана анын сөзүнө ишенишибиз керек?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Рут, Рахап жана Бабылга туткундалган эврей уландар Кудайдын «сөзү боюнча жашашкан».