Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кимдер тирилтилет?

Кимдер тирилтилет?

Кимдер тирилтилет?

«Буга таң калбагыла, анткени мүрзөдө жаткандардын баары Кудай Уулунун үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат» (Жакан 5:28, 29).

1. Муса күйүп жаткан бадалдын ичинен кандай сөздөрдү уккан жана кийин аларды ким кайталаган?

МЫНДАН 3500 жылдан ашуун убакыт мурун табияттан тыш бир окуя болгон. Муса Итро аттуу уруу башчысынын койлорун кайтарып жүргөн. Хореп тоосунун жанында ага күйүп жаткан тикенектүү бадалдын арасынан, оттун жалынынан Жахабанын периштеси көрүнгөн. «Муса тикенектүү бадалдын жалындап күйүп жатканын, бирок күйүп кетпегенин көрдү»,— деп айтылат Чыгуу китебинде. Анан бадалдын ичинен чыккан үн: «Мен сенин ата-бабаңдын Кудайымын, Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайымын»,— деп жар салган (Чыгуу 3:1—6). Кийинчерээк, б.з. I кылымында, бул сөздөрдү Кудайдын Уулу Ыйса кайталаган.

2, 3. а) Ыбрайым, Ыскак жана Жакыптар келечекте эмне болушат? б) Тирилүүгө байланыштуу кандай суроолор көтөрүлүүдө?

2 Ыйса тирилүүгө ишенбеген садукейлер менен сүйлөшүп жатып, мындай деген: «Өлгөндөр тириле тургандыгын Муса да „Тоорат“ китебинин „Тикенектүү бадал“ деген бөлүмүндө айткан. Ал жерде Теңирдин Мусага: „Мен Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайымын“,— дегендиги айтылат. Кудай — өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы! Анткени Ал үчүн бардыгы тирүү» (Лука 20:27, 37, 38). Бул сөздөр менен Ыйса кылымдар мурун көз жумган Ыбрайым, Ыскак, Жакыптар Кудайдын эстутумунда дагы деле жашап жатышканын билдирген. Аюбга окшоп, алар өздөрүнө «берилген мөөнөттүн» бүтүшүн, өлүм уйкусунан ойгонор күндү күтүп жатышат (Аюб 14:14). Алар Кудайдын жаңы дүйнөсүндө тирилтилет.

3 Ушу кезге чейин өлгөн миллиарддаган башка адамдарчы? Алар да тирилеби? Бул суроолорго канааттандырарлык жооп алардан мурда, келгиле, Кудайдын Сөзүнөн өлгөн адамдар каякка барышарын карап көрөлү.

Өлгөндөр каякка барышат?

4. а) Адамдар өлгөндө каякка барышат? б) Шеол деген эмне?

4 Ыйык Китепте: «Өлгөндөр эч нерсе билишпейт»,— деп айтылат. Өлгөндө адам тозокто же дагы башка жерде кыйналбайт, ал кайра топуракка айланат. Ошондуктан Кудайдын Сөзүндө тирүү жүргөн адамга: «Колуңдан келген иштерди алыңдын жетишинче жаса, анткени сен бара турган мүрзөдө [«шеолдо», «ЖД»] жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да, акылмандуулук да жок»,— деген кеңеш берилет (Насаатчы 9:5, 10; Башталыш 3:19). «Шеол» деген сөз көптөргө тааныш эмес. Келип чыгышы белгисиз болгон бул эврей сөзү кыргыз тилиндеги Ыйык Китепте «мүрзө, өлгөндөр жаткан жай, тозок» деп которулган. Көп диндер өлгөндөр тиги дүйнөдө жашайт деп окутат, бирок Кудайдын Сөзү көрсөтүп тургандай, шеолдогулар аң-сезимсиз, өлүк абалда болушат. Шеол — бул адамзаттын жалпы мүрзөсү.

5, 6. Өлгөндө Жакып каякка барган жана ал жактан кимдерге кошулган?

5 Ыйык Китептин түпнускасында «шеол» деген сөз биринчи жолу Башталыш 37:35те кездешет. Уруу аксакалы Жакып сүйүктүү уулу Жусуптан айрылдым деп ойлоп, сооронуудан баш тартып: «Мен эми өлгөндөр жаткан жайга [шеолго], уулума барганча кайгырып өтөм»,— деген. Уулум өлүп калды деп ойлогондуктан Жакып өлүүнү, шеолдо болууну каалаган. Кийинчерээк тогуз улуу баласы, ачарчылык учурунда аман калыш үчүн, кенже уулу Бенжеминди Мисирге алып барууну каалашканда, Жакып каршы болуп: «Уулум силер менен барбайт, анткени агасы өлүп, өзү жалгыз калды. Эгерде силер бараткан жолдо бул да кырсыкка учураса, ак баскан башыма кайгы кошуп, өлгөндөр жаткан жайга [шеолго] саласыңар»,— деген (Башталыш 42:36, 38). Бул эки учурда тең өлүм кайсы бир аркы дүйнө менен эмес, шеол менен байланыштырылат.

6 Ошол билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, Жусуп Мисирде азык-түлүк бөлүштүрүүгө башчылык кылган. Ошого байланыштуу Жакып Жусуп менен кайрадан бирге болуу үчүн Мисирге көчүп барган. Ал жерде Жакып аябай карып, 147 жашында көз жумганга чейин жашаган. Өлөр алдында айткан каалоосу боюнча, уулдары анын сөөгүн Канаан жерине алып барып, Махпел талаасындагы үңкүргө коюшкан (Башталыш 47:28; 49:29—31; 50:12, 13). Ошентип, Жакып атасы Ыскакка жана чоңатасы Ыбрайымга кошулган.

«Ата-бабаларына кошулушкан»

7, 8. а) Өлгөндө Ыбрайым каякка барган? Түшүндүр. б) Өлгөндө башкалар да шеолго барышканын эмне көрсөтүп турат?

7 Мурунураак Жахаба Ыбрайым менен түзгөн келишимин бышыктап, анын тукуму сансыз болорун убадалаган жана Ыбрайымдын өзү эмне болорун айткан. «Ал эми сен,— деген Жахаба,— ата-бабаларың жаткан жайга тынчтык менен кетесиң, жакшы карып, көргө коюласың» (Башталыш 15:15). Анын убадасы так аткарылган. Башталыш 25:8де: «Анан ал көз жумду. Ал жакшы карып, өмүргө тоюп, абдан картайган чакта көз жумуп, өз элине кошулду»,— деп айтылат. Бул эмне болгон эл эле? Башталыш 11:10—26-аяттарда Ыбрайымдын Нухтун уулу Шемге чейинки ата-бабалары аталып өтөт. Демек, өлгөндө Ыбрайым шеолдо эбактан бери уктап жаткан ошол адамдардын катарына кошулган.

8 «Өз элине кошулду» деген сөз айкашы Эврей Жазмаларында көп жолугат. Ошондуктан Ыбрайымдын уулу Ысмайыл да, Мусанын агасы Арун да өлгөндө шеолго барышкан жана ал жерде тирилүүнү күтүп жатышат деп тыянак чыгарууга болот (Башталыш 25:17; Сандар 20:23—29). Анда Муса да, анын коюлган жерин эч ким билбесе да, шеолго барган (Сандар 27:13; Мыйзам 34:5, 6). Ошо сыяктуу эле, Мусанын орунбасары, Ысрайылдын жолбашчысы Жашыя да өлгөндө, башкалардай эле, шеолго барган (Башкаруучулар 2:8—10).

9. а) «Шеол» деген эврей сөзү менен «гадес» деген грек сөзүнүн мааниси бир экени Ыйык Китепте кандайча көрсөтүлөт? б) Шеолдо (гадесте) жаткандардын кандай үмүтү бар?

9 Бир нече кылым өткөн соң, Ысрайылдын 12 уруусуна Дөөт падыша болгон. Өлгөндө ал «ата-бабаларына кошулган» (1 Падышалар 2:10, «Үмүт нурунун» котормосу, 2004). Ал да шеолго барганбы? Көңүл бурарлык нерсе, б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында элчи Петир Дөөттүн өлүмү жөнүндө кеп кылып, Забур 15:10догу: «Сен менин жанымды өлгөндөр жаткан жайда [шеолдо] калтырбайсың»,— деген сөздөрдү кайталаган. Дөөт дагы деле мүрзөдө жатканын айтып, Петир ал сөздөрдү Ыйсага карата колдонгон да, мындай деген: «[Дөөт] Машайактын кайра тирилери жөнүндө: „Анын жаны өлгөндөр жаткан жайда [гадесте] калтырылган жок, Анын денеси чириген жок“,— деп, алдын ала айткан. Ошол Ыйсаны Кудай тирилтти, ага биз баарыбыз күбөбүз» (Элчилер 2:29—32). Бул жерде Петир «шеол» деген эврей сөзүнө маанилеш болгон «гадес» деген грек сөзүн колдонгон. Демек, гадесте жаткандар шеолдо жаткандар менен бирдей абалда. Алар тирилүүнү күтүп, уктап жатышат.

Ыймансыздар да шеолдобу?

10, 11. Айрым ыймансыздар да өлгөндө шеолго (гадеске) барат деп эмне үчүн айта алабыз?

10 Муса ысрайыл элин Мисирден алып чыккандан кийин, чөлдө айрымдар козголоң чыгарган. Муса элге козголоңду баштагандардан: Корак, Датан, Абырамдардан алыс турууну буйруган. Аларды коркунучтуу өлүм күтүп турган. Муса мындай деген: «Эгерде булар бардык адамдар өлгөн сыяктуу эле өлүшсө, бардык адамдардай эле жазаланышса, анда мени Теңир жиберген эмес болот. Эгерде Теңир бир укмуш баштап, жер араанын ачып, буларды жана булардын бардык нерселерин жутуп жиберсе, булар тирүүлөй өлгөндөр жаткан жайга [шеолго] кирсе, анда бул адамдардын Кудайга акаарат келтиргенин билесиңер» (Сандар 16:29, 30). Корак менен анын тарабында болгон 250 лебини жана башка козголоңчуларды жер араанын ачып жутуп алганбы же от өрттөп кеткенби, кандай болбосун, алар шеолго (гадеске) кетишкен (Сандар 26:10).

11 Дөөттүн ордуна такка отурган Сулайман Шемейди Дөөт падышаны тилдегени үчүн жазалаган. «Аны жазасыз калтырба,— деп буйруган Дөөт,— анткени сен акылдуу адамсың, ага эмне кылышты билесиң, анын ак чач башын каны менен өлгөндөр жаткан жайга [шеолго] жөнөт». Сулайман өкүмдү Беная аркылуу ишке ашырган (1 Падышалар 2:8, 9, 44—46). Бенаянын кылычы менен Ысрайылдын мурунку аскербашы Жойап да жазаланган. Ал «өлгөндөр жаткан жайга [шеолго] тынчтык менен» барган эмес (1 Падышалар 2:5, 6, 28—34). Бул эки мисал Дөөттүн: «Ыймансыздар менен Кудайды унуткан элдердин баары тозокко [шеолго] түшүшсүн»,— деген сөздөрүнүн чындыгын ырастап турат (Забур 9:18).

12. Акитопел деген ким болгон жана өлгөндө ал каякка барган?

12 Акитопел Дөөттүн кеңешчиси болгон. Анын берген кеңештери Жахабанын берген кеңештериндей бааланчу (2 Шемуел 16:23). Тилекке каршы, бул ишенимдүү кызматчы чыккынчылык кылып, Дөөттүн уулу Абышалом жетектеген козголоңду колдогон. Дөөт: «Мени шылдыңдап жаткан адам душманым эмес, аны мен көтөрөт элем. Мага менменсинип жаткан адам мени жек көргөн адам эмес, андан мен качып кутулмакмын»,— деп жазганда ошол саткынчылык тууралуу айтса керек. Андан ары ал: «Алардын түбүнө өлүм жетсин, алар тирүүлөй тозокко [шеолго] түшсүн, анткени алардын үйүндө, алардын арасында кыянаттык бар»,— деген (Забур 54:13—16). Өлгөндө Акитопел менен анын шериктери шеолго барган.

Гееннага кимдер түшкөн?

13. Эмне үчүн Жүйүт «өлүм уулу» деп аталат?

13 Дөөттүн башынан өткөндү Улуу Дөөт болгон Ыйсанын башынан өткөнгө салыштырып көрөлү. Ыйсанын 12 элчисинин бири Жүйүт Искариот, Акитопелге окшоп, чыккынчылык кылган. Анын жүзүкаралыгы Акитопелдикинен алда канча олуттуу болгон: ал Кудайдын жалгыз өзү жараткан Уулуна каршы чыккан. Жердеги кызматынын аягында тиленип жатып Ыйса өзүнүн жолдоочулары жөнүндө: «Мен бул дүйнөдө алар менен бирге жүргөнүмдө, аларды Өз ысымың үчүн сактадым. Мага кимдерди берген болсоң, ошолорду сактадым. Ыйык Жазууда жазылгандай, өлүм уулунан башка эч кимиси өлгөн жок»,— деп айткан (Жакан 17:12). Бул жерде Ыйса Жүйүттү «өлүм уулу» деп атоо менен Жүйүт өлгөндө тирилүүгө үмүтү жок кеткенин көрсөткөн. Ал Кудайдын эстутумунда тирүү калган эмес. Жүйүт шеолго эмес, гееннага кеткен. Геенна деген эмне?

14. Геенна деген эмнени билдирет?

14 Ыйса жерде жүргөндө диний жетекчилерди өздөрүнүн шакирттеринин ар бирин «оттуу көл [геенна] уулуна» айлантышканы үчүн айыптаган (Матай 23:15, «Үмүт нурунун» котормосу, 2004). «Геенна» деген сөз «Ином өрөөнү» дегенди билдирет жана бул өрөөн ал убакта адамдарга жакшы маалым болгон. Таштандылар менен бирге ал жерге сый менен көмүлүүгө татыксыз деп эсептелген кылмышкерлердин өлүгү ыргытылчу. Мурунураак Тоодогу насаатында Ыйса геенна жөнүндө айтып өткөн (Матай 5:29, 30). Анын угуучулары ал сөздүн каймана маанисин түшүнүшчү. Геенна тирилүүгө үмүтсүз жок болууну билдирген. Өлгөндө шеолго (гадеске) эмес, гееннага баргандардын арасында Жүйүт Искариоттон башка адамдар да барбы?

15, 16. Кимдер гееннага кеткен жана эмне үчүн?

15 Биринчи түгөйлөр, Адам менен Обо, жеткилең болуп жаратылган. Алар билип туруп күнөө кылышкан. Адам менен Обо түбөлүк өмүрдү же өлүмдү тандай алышмак. Тилекке каршы, экөө тең Кудайга тил албай, Шайтандын тарабына өтүшкөн. Өлгөндө алар Машайактын куткаруу курмандыгынан пайда алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашкан. Алар гееннага түшүшкөн.

16 Адамдын тун уулу Кабыл биртууганы Абылды өлтүргөндөн тартып качкын болуп жашаган. Элчи Жакан Кабылдын «Амалкөйдөн болгонун» айткан (1 Жакан 3:12). Ошондуктан өлгөндө Кабыл, ата-энесине окшоп, гееннага кеткен деп тыянак чыгаруу жөндүү (Матай 23:33, 35). Кабыл менен адил адам Абылдын абалы бири-биринен кандай гана айырмаланат! «Ишеним менен Абыл Кудайга Кабылдыкына караганда жакшы курмандык алып келген. Ишеними аркылуу анын адил деп табылгандыгы жөнүндө жана анын тартуулары жөнүндө Кудай күбөлөндүргөн»,— деп түшүндүргөн Пабыл. Анан: «Ишеними менен ал азыркыга чейин сүйлөп жатат»,— деп кошумчалаган (Эврейлерге 11:4). Ооба, Абыл азыр шеолдо тирилүүнү күтүп жатат.

«Биринчи» жана «эң жакшы» тирилүү

17. а) Азыркы «мезгилдин акырында» кимдер шеолго барат? б) Шеолдогулар эмне болушат, ал эми гееннадагыларчы?

17 Бул макаланы окуп жаткандардын көбү азыркы «мезгилдин акырында» өлгөндөр кандай абалда болушары жөнүндө ойлонушу мүмкүн (Даниел 8:19). Аян китебинин 6-бабында акыркы күндөрдө пайда болгон төрт атчан сүрөттөлөт. Көңүл бурарлык нерсе, алардын акыркысы «Өлүм» деп аталып, анын артынан «өлгөндөр жаткан жай [гадес]» ээрчип алган. Демек, ошол атчандардын иш-аракетинен мезгилсиз каза болгондордун көбү гадеске кетип, Кудайдын жаңы дүйнөсүндө тирилүүнү күтүп жатышат (Аян 6:8). Анда шеолдо (гадесте) жана гееннада жаткандардын келечеги кандай? Шеолдогулар тирилет, ал эми гееннага түшкөндөр түбөлүккө жок кылынат.

18. «Биринчи тирилүүдө» тириле тургандар кандай үмүткө ээ?

18 Элчи Жакан: «Биринчи тирилүүгө катышкан адамдар — бактылуу жана ыйык адамдар: экинчи өлүм алардын үстүнөн бийлик кыла албайт, алар Кудайдын жана Машайактын ыйык кызмат кылуучулары болушат жана Аны менен бирге миң жыл падышачылык кылышат»,— деп жазган. Машайак менен кошо бийлик жүргүзө тургандар «биринчи тирилүүдө» тирилишет. Ал эми калган адамдар үчүн кандай үмүт бар? (Аян 20:6).

19. Кандайча кээ бирөөлөр «эң жакшы тирилүүдөн» пайда алышат?

19 Илияс жана Элиша сыяктуу Кудайдын кызматчылары жашаган убактан бери кээ бир адамдар тирилүү керемети аркылуу жашоого кайтып келишкен. «Аялдар өлгөн адамдарынын тирилгенин көрүшкөн, кээ бирөөлөр ишенгендиги үчүн кыйналып өлүшкөн, алар эң жакшы тирилүүгө жетүү үчүн... боштондукка чыгуудан баш тартышкан»,— деп жазган Пабыл. Ооба, бул ишенимдүү кызматчылар дагы бир нече жыл жашап, кайра өлүп калууга эмес, түбөлүк жашоого мүмкүнчүлүк бере турган тирилүүнү эңсешкен! Чынында эле, ал «эң жакшы тирилүү» болот (Эврейлерге 11:35).

20. Эмки макалада эмне каралат?

20 Жахаба бул каардуу дүйнөнү жок кылганга чейин ишенимдүү бойдон өлө турган болсок, анда «эң жакшы тирилүүгө» карата бекем үмүтүбүз бар. Ал тирилүү «эң жакшы», анткени түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ыйса: «Буга таң калбагыла, анткени мүрзөдө жаткандардын баары Кудай Уулунун үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат»,— деп убадалаган (Жакан 5:28, 29). Эмки макалада өлгөндөр эмне үчүн тирилтилери жөнүндө сөз жүрөт. Ошондой эле тирилүүгө болгон үмүт кандайча бизге ишенимдүү бойдон калууга жана жанаябастык рухун өрчүтүүгө жардам берери көрсөтүлөт.

Эсиңердеби?

• Эмне үчүн Жахаба «тирүүлөрдүн Кудайы» деп аталат?

• Шеолдогулар кандай абалда болушат?

• Гееннадагылар эмне болушат?

• Кандайча кээ бирөөлөр «эң жакшы тирилүүдөн» пайда алышат?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Ыбрайымга окшоп, шеолго баргандар тирилүүнү күтүп жатышат.

[26-беттеги сүрөт

Эмне үчүн Адам менен Обо, Кабыл жана Жүйүт Искариот гееннага түшүшкөн?