Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын сөзү жолуңа жарык берсин

Кудайдын сөзү жолуңа жарык берсин

Кудайдын сөзү жолуңа жарык берсин

«Сенин сөзүң — менин... жолума түшкөн жарык» (ЗАБУР 118:105).

1, 2. Жахабанын сөзү жолубузду кайсы учурда жарык кылат?

ӨЗҮБҮЗ жол берсек, Жахабанын сөзү жолубузду жарык кылат. Андай рухий жарык пайда алып келиши үчүн, Кудайдын Сөзүн дилгирлик менен изилдеп, андагы кеңештерди жашообузда колдонушубуз керек. Ошондо гана забурчунун: «Сенин сөзүң — менин бутума шам, жолума түшкөн жарык»,— деген сөздөрүнө ортоктош боло алабыз (Забур 118:105).

2 Келгиле, эми Забур 118:89—176-аяттарды карап чыгалы. Он бир строфаны түзгөн бул аяттарда кандай гана пайдалуу маалыматтар камтылат! Алар бизге түбөлүк өмүргө алпаруучу жолдон чыкпоого жардам берет (Матай 7:13, 14).

Кудайдын сөзүн эмнеге жакшы көрүшүбүз керек?

3. Забур 118:89, 90-аяттарда Кудайдын сөзүнө бекем ишенсек болору кандайча көрсөтүлөт?

3 Жахабанын сөзүн жакшы көргөнүбүз рухий жактан туруктуу болушубузга өбөлгө түзөт (Забур 118:89—96). Забурчу: «Теңирим, Сенин сөзүң асманда түбөлүккө орногон... Сен жерди негиздедиң, ошондуктан ал турат»,— деп ырдаган (Забур 118:89, 90). Кудайдын сөзү — ал бекиткен «асман мыйзамдары» — асман телолорунун өз орбиталарында укмуштай тактык менен айланып жүрүшүн жана жердин түбөлүккө бекем турушун шарттайт (Аюб 38:31—33; Забур 103:5). Биз Жахабанын оозунан чыккан ар бир сөзгө бекем ишенсек болот; Кудайдын ой-ниети аткарылышы үчүн анын айткандары сөзсүз «жүзөгө ашат» (Ышайа 55:8—11).

4. Кудайдын сөзүнө болгон сүйүү кайгы тарткан кызматчыларына кандай жардам берет?

4 Забурчу Кудайдын «мыйзамы сооронуч болбогондо [«мыйзамын жакшы көрбөгөндө», «ЖД»], кайгы тартып жүрүп өлүп калмактыгын» айткан (Забур 118:92). Анын кайгы тартышына бөтөн жерликтер себепкер болгон эмес: аны ысрайылдык мыйзамсыздар жек көрүшкөн (Лебилер 19:17). Бирок ал мунун айынан чөгүп кеткен эмес, анткени Кудайдын кубаттандыруучу мыйзамын сүйгөн. Корунтта элчи Пабылга «жалган бир туугандар коркунуч туудурушкан». Болжолу, алардын арасында аны айыптоого аракеттенген «мыкты элчилер» да болгон (2 Корунттуктарга 11:5, 12—14, 26). Бирок Пабыл рухий жактан бекем бойдон калган, анткени Кудайдын сөзүн жакшы көргөн. Биз Жахабанын Сөзүн жакшы көрүп, анда айтылгандарды колдонгондуктан, биртуугандарыбызды сүйөбүз (1 Жакан 3:15). Атүгүл дүйнөнүн жек көрүүсү да Кудайдын көрсөтмөлөрүн унуттура албайт. Жахабага түбөлүктөн түбөлүккө кубанычтуу кызмат кылууну каалоо менен бирге биз биртуугандарыбыз менен биримдикте жана сүйүүдө Анын эркин аткара беребиз (Забур 118:93).

5. Аса падыша Жахабаны кантип издеген?

5 Жахабага болгон берилгендигибизди билдирип, биз: «Мен Сеникимин, мени куткар, анткени мен Сенин буйруктарыңды издеп таптым»,— деп тиленсек болот (Забур 118:94). Аса падыша Кудайды издеп, Жүйүт жеринен чындыктан тануучулукту жойгон. Анын башкаруусунун 15-жылында (б.з.ч. 963-жылы) чоң жыйын болуп, Жүйүт тургундары Кудай-Теңирге «кызмат кылабыз деп ант берип, келишим түзүшкөн». Кудай аларга «Өзүн ачып берген» жана «бардык тараптан бейпилдик берген» (2 Жылнаама 15:10—15). Алардын үлгүсү жыйналыштан четтеп кеткендерге кайрадан Кудайды издөөгө түрткү бериши керек. Жахаба өзүнүн элине кайрылып келгендерге батасын берип, аларды коргойт.

6. Рухий жактан бизди эмне коргойт?

6 Жахабанын сөзү бизди рухий жактан зыян келтирерлик нерселерден коргой ала турган акылмандыкка ээ кылат (Забур 118:97—104). Кудайдын осуяттары бизди душмандарыбыздан акылдуу кылат. Биз анын эскертүүлөрүнө кулак кагуу менен эстүүлүккө үйрөнүп, «буйруктарын сактоо» менен «карыялардан да билерман боло» алабыз (Забур 118:98—100). Жахабанын «сөздөрү таңдайыбызга таттуу... оозубузга балдан да таттуу» болсо, «ар кандай жалган жолду жек көрүп», андай жолдордон алыс болобуз (Забур 118:103, 104). Бул бизди рухий жактан коргоп, ушул акыркы күндөрдөгү менменсинген, карамүртөз, кудайсыз адамдардын таасиринен сактайт (2 Тиметейге 3:1—5).

Бутубузга шам

7, 8. Забур 118:105ке ылайык, эмне кылышыбыз керек?

7 Кудайдын сөзү — рухий жарыктын соолугус булагы (Забур 118:105—112). Ыйсанын майланган жолдоочуларыбызбы же алардын «башка койлордун» тобун түзгөн шериктерибизби, баарыбыз тең Кудайга: «Сенин сөзүң — менин бутума шам, жолума түшкөн жарык»,— дейбиз (Жакан 10:16; Забур 118:105). Кудайдын сөзү шам сыяктуу: рухий жактан чалынып же кулап кетпешибиз үчүн, ал жолубузга жарык берет (Накыл сөздөр 6:23). Бирок Жахабанын сөзүнүн бутубузга шам болушуна өзүбүз жол берүүгө тийишпиз.

8 Биз 118-забурду жазган адамдай бекем, туруктуу болушубуз керек. Ал Кудайдын буйруктарынан четтебөөгө чечкиндүү болгон. «Мен Сенин адилет мыйзамдарыңды сактоого убада бергем, ошондуктан аткарам»,— деген ал (Забур 118:106). Келгиле, Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдөө жана жыйналыш жолугушууларына дайыма катышуу абдан маанилүү экенин дайыма эсибизде сактап жүрөлү.

9, 10. Жахабага арналган адамдардын анын «буйруктарынан бурулуп» кетиши мүмкүн экенин кайдан билебиз жана мындан кантип кача алабыз?

9 Забурчу Кудайдын «буйруктарынан бурулган» эмес. Анткен менен, андай коркунучка Жахабага арналгандардын ар бири дуушар болушу мүмкүн (Забур 118:110). Сулайман падыша Жахабага арналган элдин өкүлү болсо да жана башында Кудайдын акылмандыгы боюнча жүрсө да, кийин Андан четтеп кеткен. Бөтөн жердик аялдары аны жалган кудайларга сыйынууга азгырып, «күнөөгө түртүшкөн» (Некемия 13:26; 1 Падышалар 11:1—6).

10 «Аңчы» Шайтан өзүнүн торлорун ар кандайча жаят (Забур 90:3). Мисалы, мурун ишенимдешибиз болгон адам бизди рухий жарыктын жолунан чындыктан тануучулуктун караңгы жолуна бурууга аракеттениши мүмкүн. Ыйсанын Тиатирадагы жолдоочуларынын арасында «Изабел деген аял» — болжолу, башкаларды бурканга сыйынууга жана бузукулук кылууга үйрөткөн аялдардын тобу — болгон. Ыйса андай ыпылас иштерге чыдаган эмес, биз да чыдабашыбыз керек (Аян 2:18—22; Жүйүт 3, 4). Ошондуктан, келгиле, Жахабадан анын буйруктарынан бурулуп кетпөөгө жана анын жарыгында жүрүүгө жардам сурайлы (Забур 118:111, 112).

Кудайдын сөзү бизди колдойт

11. Забур 118:119га ылайык, Кудай ыймансыздарга кандай карайт?

11 Кудайдын буйруктарынан эч качан баш тартпасак, ал бизди колдоп жүрөт (Забур 118:113—120). Ыйса бүгүн анын жолдоочулары аталымыш болгон «ысык да, муздак да эмес, жылуу» адамдарды колдобогондой эле, биз да «жүрөгү эки анжы болгондорду» кубаттабайбыз (Забур 118:113, «ЖД»; Аян 3:16). Биз чын жүрөктөн кызмат кылгандыктан, Жахаба бизди коргоочубуз катары колдоп турат. Ал эми айла-амал колдонуп, алдамчылыкка барып, Анын «буйруктарынан баш тарткандардын баарын» кулатат (Забур 118:114, 117, 118; Накыл сөздөр 3:32). Кудай андай ыймансыздарды «күлдөй» — күмүш жана алтын сыяктуу баалуу металлдардан бөлүнүп чыккан керексиз калдыктардай — көрөт (Забур 118:119; Накыл сөздөр 17:3). Келгиле, Кудайдын эскертүүлөрүн дайыма сүйөлү, себеби ыймансыздар менен кошо кыйратылып, керексиз калдыктар жаткан үймөккө ташталууну эч кимибиз каалабайбыз!

12. Жахабадан коркуу эмне үчүн маанилүү?

12 Забурчу Жахабага: «Сенин коркунучуңдан денем титирейт»,— деген (Забур 118:120). Кудайдан коркуп, ал жек көргөн нерселерден качуу өтө маанилүү, анткени кызматчылары катары биз анын колдоосуна ээ болууну каалайбыз. Жахабадан урматтоо сезими менен коркуу Аюбга адил жашоо өткөрүүгө түрткү берген (Аюб 1:1; 23:15). Кудайдан коркуу сезими бизге, эч бир кыйынчылыкка карабай, Анын жактыруусуна ээ болгудай жашап, түз жолдон тайбоого жардам берет. Ал эми чыдамдуу болуу үчүн, Кудайга ишеним менен жалындуу тиленишибиз зарыл (Жакып 5:15).

Ишеним менен тиленүү

13—15. а) Тиленүүлөрүбүзгө жооп аларыбызга эмне үчүн ишенсек болот? б) Эмне деп тиленерди билбей калганда, бизге эмне жардам берет? в) Забур 118:121—128-аяттарда айтылгандардын тиленүүдө айткан «тил жеткис улутунууларыбыз» менен кандай байланышы болушу мүмкүн экенин мисалдар менен көрсөт.

13 Биз Кудайдын жардам берерине шектенбей, ишеним менен тиленсек болот (Забур 118:121—128). Забурчуга окшоп, биз тиленүүлөрүбүзгө жооп аларыбызга бекем ишенебиз. Эмне себептен? Себеби Кудайдын осуяттарын «алтындан да, таза алтындан да жакшы көрөбүз». Ошондой эле анын «буйруктарынын баарын акыйкат деп эсептейбиз» (Забур 118:127, 128).

14 Жахаба жалынууларыбызды угат, анткени биз ишеним менен тиленебиз жана анын буйруктарын кылдат аткарабыз (Забур 64:3). Бирок башыбызды маң кылган кыйынчылыктарга туш болуп, эмне деп тиленерди билбей калсакчы? Андай учурда «Рух Өзү тил жеткис улутунуулары менен биз үчүн арачылык кылат» (Римдиктерге 8:26, 27). Кудай Ыйык Китепте айтылган сөздөрдү муктаждыктарыбызды билдирген тиленүүлөр катары кабыл алат.

15 Ыйык Китепте «тил жеткис улутунууларыбызга» байланыштуу тиленүүлөр менен ойлор көп. Мисалга Забур 118:121—128-аяттарды алалы. Ал жерде айтылгандар биздин жагдайыбызга туура келиши мүмкүн. Маселен, эгер душмандарыбызга алданып калуудан корксок, забурчуга окшоп, Кудайдан жардам сурасак болот (121—123-аяттар). Ал эми абдан маанилүү чечим чыгарышыбыз керек болгондо, Жахабанын рухунун бизге Анын эскертүүлөрүн эстөөгө жана колдонууга жардам беришин өтүнүп тиленсек болот (124, 125-аяттар). Биз «ар кандай жалган жолду жек көрсөк» да, Кудайдын мыйзамын бузууга азгырылып кетпеш үчүн, Андан колдоо көрсөтүүсүн суранышыбыз зарыл (126—128-аяттар). Ыйык Китепти күнүгө окусак, ушу сыяктуу керектүү үзүндүлөрдү Жахабага тиленип жатканда эстешибиз мүмкүн.

Жахабанын эскертүүлөрү жардам берет

16, 17. а) Кудайдын эскертүүлөрүнө эмне себептен муктажбыз жана аларды кандай кабыл алышыбыз керек? б) Башкалар бизге кандай мамиле кылышы мүмкүн, бирок биз үчүн баарынан маанилүү нерсе эмне?

16 Тиленүүлөрүбүз кабыл болуп, Кудайдын жактыруусуна ээ болушубуз үчүн, анын эскертүүлөрүнө көңүл бурушубуз керек (Забур 118:129—136). Унутчаак болгондуктан, баарыбыз тең Жахабанын акыл-насааттарын эсибизге түшүргөн кереметтүү эскертүүлөргө муктажбыз. Албетте, биз Кудайдын сөздөрүнүн ачылышы менен берилген рухий жарыкты баалайбыз (Забур 118:129, 130). Ошондой эле, башкалар Кудайдын мыйзамын бузгандыктан улам «көзүбүздүн жашы көл болсо» да, Жахабанын бизди «Өз жүзү менен жарык кылып», жактыруусуна ээ кылганына ыраазыбыз (Забур 118:135, 136; Сандар 6:25).

17 Эгер Кудайдын адилеттүү эскертүүлөрүнө карманып жашасак, анын жактыруусуна мындан ары да ээ болорубузга шектенбейбиз (Забур 118:137—144). Жахабанын кызматчылары катары биз анын өзүнүн адилеттүү эскертүүлөрүнө көңүл бурушубузду жана осуяттарын аткарышыбызды талап кылууга акылуу экенин билебиз (Забур 118:138). Забурчу Кудайдын осуяттарын аткарып жашаган болсо, анда эмне үчүн: «Мен алсыз, жек көрүндү адаммын» — деп айткан? (Забур 118:141). Сыягы, ал муну менен душмандарынын ага кандай көзкарашта болгонун көрсөткөн. Адилдик үчүн бекем турсак, биз башкаларга жек көрүндү болушубуз мүмкүн. Бирок биз үчүн баарынан маанилүү нерсе — Жахабанын адилеттүү эскертүүлөрүнө ылайык жашап, анын жактыруусуна ээ болуу.

Коопсуздук менен тынчтыкка ээбиз

18, 19. Кудайдын эскертүүлөрүн сактоо кандай натыйжаларды берет?

18 Кудайдын эскертүүлөрүн сактоо менен биз ага жакындайбыз (Забур 118:145—152). Жахабанын эскертүүлөрүнө көңүл бургандыктан, аны чын жүрөктөн чакыруудан тартынбайбыз жана үнүбүздүн угуларына шектенбейбиз. Биз аны «таң заардан чакырышыбыз» ыктымал. Тиленүү үчүн бул кандай ыңгайлуу маал! (Забур 118:145—147). Кудай да бизге жакын, анткени биз арам иштерден качабыз жана Ыйсага окшоп, Жахабанын сөзүн чындык деп эсептейбиз (Забур 118:150, 151; Жакан 17:17). Жахаба менен болгон мамилебиз бизге азыркы коогалаңдуу дүйнөдө күч-кубат берип, улуу Армагедон согушунан аман өтүшүбүзгө өбөлгө түзөт (Аян 7:9, 14; 16:13—16).

19 Биз Кудайдын сөзүн терең урматтагандыктан чыныгы коопсуздукка ээбиз (Забур 118:153—160). Ыймансыздардан айырмаланып, биз Жахабанын эскертүүлөрүнөн «баш тартпайбыз». Кудайдын буйруктарын сүйгөндүктөн, анын ырайымына ээ болуп, өзүбүздү коопсуз сезебиз (Забур 118:157—159). Жахабанын эскертүүлөрү эстутумубуздун жигердүү иштешин шарттап, белгилүү бир учурларда бизден эмне талап кылынарын эстөөгө жардам берет. Ошону менен бирге, Кудайдын буйруктары көрсөтмөлөр болуп саналат жана Жаратканыбыздын бизге көрсөтмө, багыт берүүгө укуктуу экенин түшүнөбүз. Кудайдын «сөзүнүн негизи чындык» экенин жана бутубузга өзүбүз багыт бере албай турганыбызды билгендиктен, биз Кудайдын жетекчилигине кубаныч менен баш иебиз (Забур 118:160; Жеремия 10:23).

20. Эмне үчүн «тынчтыгыбыз зор»?

20 Жахабанын мыйзамын сүйгөнүбүз бизге зор тынчтык алып келет (Забур 118:161—168). Куугунтук бизди «Кудайдын акыл жеткис тынчтыгынан» ажырата албайт (Филипиликтерге 4:6, 7). Биз Жахабанын адилет өкүмдөрүн абдан баалагандыктан, аны «бир күндө жети жолу», башкача айтканда, көп ирет даңктайбыз (Забур 118:161—164). «Сенин мыйзамыңды сүйгөндөрдүн тынчтыгы зор,— деп ырдаган забурчу,— аларды мүдүрүлтө турган тоскоол жок» (Забур 118:165). Эгерде ар бирибиз Жахабанын мыйзамын сүйсөк жана сактасак, кимдир бирөөнүн иш-аракетинен же башка нерселерден улам рухий жактан мүдүрүлбөйбүз.

21. Жыйналышта келишпестиктер пайда болгондо мүдүрүлбөшүбүз керектигин Ыйык Китептеги кайсы мисалдар көрсөтүп турат?

21 Ыйык Китепте кеп кылынган көп адамдар кайсы бир нерсенин өздөрүн кайра тургус кылып мүдүрүлтүшүнө жол беришкен эмес. Мисалы, Гай аттуу Ыйсанын жолдоочусу Диотрефтин ыймансыз жүрүм-турумунан улам мүдүрүлүп калбай, «чындык жолунда жүрө» берген (3 Жакан 1—3, 9, 10). Синтихе менен Эйдия деген рухий биртуугандардын ортосунда, чамасы, келишпестик пайда болгондуктан, Пабыл аларды Теңир жолунда бир ойдо болууга чакырган. Сыягы, алар ошол көйгөйдү чечүүгө жардам алып, Жахабага андан ары да ишенимдүү кызмат кыла беришкен (Филипиликтерге 4:2, 3). Аларга окшоп, эгер жыйналышта кандайдыр бир келишпестиктер пайда болсо, мүдүрүлбөшүбүз керек. Тескерисинче, «бардык жолдорубуз Анын алдында» экенин унутпай, Жахабанын буйруктарын сактоого умтулалы (Забур 118:168; Накыл сөздөр 15:3). Ошондо зор тынчтыгыбызды эч нерсе буза албайт.

22. а) Кудайга баш ийсек, биз кандай сыймыкка ээ болобуз? б) Жыйналыштан алыстап кеткендерге кандай карашыбыз керек?

22 Эгер дайыма Жахабага баш ийсек, аны үзгүлтүксүз даңктоо сыймыгына ээ болобуз (Забур 118:169—176). Кудайдын мыйзамдарына ылайык жашоо менен биз рухий коопсуздукка ээ болгондон тышкары, ар убак «оозубуздан Аны мактаган сөздөр чыгат» (Забур 118:169—171, 174). Ушул акыркы күндөрдө бул — биз үчүн зор мүмкүнчүлүк. Забурчу жашагысы жана Жахабаны даңктагысы келген, бирок белгисиз бир себеп менен ал «жоголгон койдой адашып калган» (Забур 118:175, 176). Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышынан алыстап, адашып калгандар Кудайды дагы деле сүйүп, аны даңктоону каалашы мүмкүн. Ошондуктан алар кайрадан рухий коопсуздук таап, Жахабаны анын эли менен даңктоодон кубаныч алышы үчүн, аларга колубуздан келишинче жардам берели (Эврейлерге 13:15; 1 Петир 5:6, 7).

Жолубузга түбөлүк жарык

23, 24. Забурдун 118-бабынан өзүңө кандай пайда алдың?

23 Забурдун 118-бабы бизге көп жагынан пайдалуу. Мисалы, анда «Теңирдин мыйзамы менен жүргөндөр» чындап бактылуу болору көрсөтүлгөндүктөн, бул бизге Кудайга көбүрөөк таянууга түрткү берет (Забур 118:1). Забурчу Кудайдын «сөзүнүн негизи чындык» экенин эсибизге салат (Забур 118:160). Бул, албетте, Кудайдын Сөзүнө, бүтүндөй Ыйык Китепке болгон ыраазычылыгыбызды ого бетер арттырат. 118-забурдун үстүнөн ой жүгүртүү бизге Ыйык Жазманы дилгирлик менен изилдөөгө түрткү берет. Забурчу Кудайдан: «Мага Өз мыйзамдарыңды үйрөт»,— деп кайра-кайра өтүнгөн (Забур 118:12, 68, 135). Ошондой эле ал: «Мени туура ой жүгүртүүгө жана билимге үйрөт, анткени мен Сенин осуяттарыңа ишенем»,— деп суранган (Забур 118:66). Биз да ошентип тиленишибиз абзел.

24 Жахабанын окутуусу аны менен тыгыз мамиледе болушубузга өбөлгө түзөт. Забурчу өзүн бир канча жолу Кудайдын кулу деп атап, Жахабага: «Мен Сеникимин»,— деген жүрөк козгогон сөздөр менен кайрылган (Забур 118:17, 65, 94, 122, 125; Римдиктерге 14:8). Жахабага анын Күбөсү катары кызмат кылып, аны даңктоо кандай сыймык! (Забур 118:7). Сен Кудайга Падышалыктын жарчысы катары кубаныч менен кызмат кылып жатасыңбы? «Ооба» деп жооп берсең жана Жахабанын сөзүнө дайыма ишенип, анын жолуңду жарыктандырышына жол берсең, анда Кудайдын сага кызматыңда колдоо көрсөтүп, батасын бере берерине бекем ишенсең болот.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Кудайдын сөзүн эмне үчүн жакшы көрүшүбүз керек?

• Кудайдын сөзү бизди кандайча колдоп турат?

• Жахабанын эскертүүлөрү бизге кандай жардам берет?

• Эмне үчүн Жахабанын эли коопсуздукка жана тынчтыкка ээ?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги сүрөт]

Жахабанын эскертүүлөрүн сүйсөк, ал бизди эч качан «күлдөй» көрбөйт.

[16-беттеги сүрөт]

Кудайдын сөзү — рухий жарыктын булагы.