Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кырсык каш-кабактын ортосунда

Кырсык каш-кабактын ортосунда

Кырсык каш-кабактын ортосунда

ЭКИ жарым жаштагы Оуэн үйүндөгү жуунгуч бөлмөдө ойноп жатып, ата-энеси колу жетпейт деп ойлогон жердеги дарылар сакталуучу шкафка жетип алган. Ал дары-дармектердин арасынан көңүлүн бурдурган бир флаконду ачып, ичиндеги суюктукту ичип алган. Ошентип, кырсык күтүлбөгөн жерден баскан.

Флакондун ичиндеги жегич кислота болгондуктан, кичинекей Оуэн чарчап калган. Баласынан айрылган ата-эне кан жутуп кала берген. Атасы Перси чиркөөсүнөн сооронуч издеп: «Эмне үчүн мындай болду?» — деп сураган. Диний кызматчы: «Демек, Кудай асманда дагы бир кичинекей периштенин болушун каалаган»,— деп жооп берген. Кабыргасы сөгүлүп, күйүтүнөн өзүн коёрго жер таппай жүргөн ата муну барып турган адилетсиздик деп эсептеген. Кудай ушундай кырсыктын болушун чын эле каалаганбы? Көңүлү кайт болгон Перси чиркөө менен болгон байланышын толугу менен үзүүнү чечкен.

Болуп өткөндү ойлоп, Перси: «Байкуш балам дагы деле кыйналып жатабы? Качандыр бир кезде аны кайрадан көрөр бекем?» — деп түпөйүл болгон.

«Адам өлгөндө эмне болот? Көз жумган жакындарыбыз менен качандыр бир кезде кайрадан жолугабызбы?» — деген суроолордун үстүнөн силер да ойлонсоңор керек. Кудайдын Сөзүндө, Ыйык Китепте, бул суроолорго айкын-так жана оор кайгыга дуушар болгондордун баары үчүн соороторлук жооптор камтылат. Андан тышкары, Кудайдын адамзатка эң сонун нерсени — тирилүүнү — убадалаганы айтылат.

Бул кереметтүү үмүт тууралуу көбүрөөк билүү үчүн, силерди кийинки макаланы окуп чыгууга чакырабыз.