Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тирилүүгө болгон үмүт сен үчүн эмнени билдирет?

Тирилүүгө болгон үмүт сен үчүн эмнени билдирет?

Тирилүүгө болгон үмүт сен үчүн эмнени билдирет?

«Колуңду ачасың, ырайымың менен бардык тирүү жандарды тойгузасың [«ар бир тирүү жандын каалоосун канааттандырасың», «ЖД»]» (Забур 144:16).

1—3. Кээ бирөөлөр эмнеге үмүттөнүшкөн? Мисал менен бышыкта.

ТОГУЗ жашар Кристофер жана анын агасы Англиянын Манчестер шаарынын чет-жакасында таежеси, жездеси жана эки бөлөсү болуп эртең менен үймө-үй кабар айтышкан. Андан кийин эмне болгону «Ойгонгула!» журналында мындай деп баяндалган: «Түштөн кийин баары көңүл ачканы Блэкпулга, деңиз жээгиндеги эс алуу жайына жөнөп кетишкен. Жолдон полиция кызматкерлеринин төбө чачын тик тургузган коркунучтуу кырсык болуп, алтоо тең мүрт кеткен. Алардан тышкары дагы алты адам каза болгон».

2 Кырсыктан мурунку күнү кечинде Кристофердин үй-бүлөсү китеп изилдөө жолугушуусуна барып, өлүм тууралуу теманын талкууланышына катышкан эле. «Кристофер зээндүү бала болчу,— дейт атасы.— Ошол кечте ал жаңы дүйнө жана келечекке болгон үмүтү тууралуу ойлорун ишенимдүү түрдө айткан. Анан талкуунун учурунда Кристофер күтүлбөгөн жерден: „Жахабанын Күбөсү болуу кандай жакшы, анткени өлүм оор кайгы алып келсе да, биз кайрадан бир күнү жер бетинен көрүшөрүбүздү билебиз“,— деп айткан. Бул сөздөрдүн эстен кеткис болуп каларын ошол учурда эч кимибиз ойлогон да эмес элек» *.

3 Ал окуядан бир нече жыл мурун, 1940-жылы, Жахабага болгон берилгендигин бузуудан баш тартканы үчүн Франц аттуу австриялык Күбөгө башын алуу өкүмү чыгарылган. Франц Берлинде камакта отурган жеринен апасына мындай деп кат жазган: «Эгерде [аскердик] ант берсем, анда өлүмгө татыктуу күнөө кылмак экенимди билем. Мунун арты жамандык менен бүтмөк да, менде тирилүүгө үмүт болмок эмес. [...] Кымбаттуу апаке жана бардык биртуугандарым, бүгүн мага кандай өкүм чыгарылганы айтылды. Бирок үрөйүңөр учпасын: мага өлүм өкүмүн чыгарышты. Өкүм эртең эртең менен ишке ашырылат. Кудай Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынын баарына дайыма күч-кубат берип келгендей эле, мага да күч-кубат берди. [...] Эгер өмүрүңөрдүн аягына чейин бекем болсоңор, тирилүү болгондо кайрадан көрүшөбүз. [...] Кайрадан көрүшкөнчө» *.

4. Жогоруда айтылган окуялар сага кандай таасир этти жана биз эмнелерди карап чыгабыз?

4 Тирилүүгө болгон үмүт Кристофер үчүн да, Франц үчүн да чоң мааниге ээ болгон. Тирилүү болоруна алар кымындай да шектенишкен эмес. Мындай окуялар жүрөгүбүздү кандай гана козгойт! Жахабага болгон ыраазычылыгыбызды тереңдетип, тирилүүгө болгон үмүтүбүздү бекемдөө үчүн, адамдар эмне үчүн тирилерин жана бул ар бирибизге кандай таасир этиши керектигин карап чыгалы.

Жер бетиндеги тирилүү тууралуу аян

5, 6. Аян 20:12, 13-аяттарда элчи Жакан тарабынан жазылган аян эмнени ачып берүүдө?

5 Ыйса Машайактын Миң жылдык башкаруусунун учурунда боло турган окуялар жөнүндөгү аянда элчи Жакан жер бетинде адамдардын тирилип жатканын көргөн. «Мен... өлгөндөрдү — чоңдорду да, кичинелерди да көрдүм,— деген ал.— Ошондо деңиз өзүндөгү өлгөн адамдарды кайрып берди, өлүм жана өлгөндөр жаткан жай [гадес] да өздөрүндөгү өлгөн адамдарды кайрып беришти» (Аян 20:12, 13). Ээлеген абалына карабай, баары: «чоңдор» да, «кичинелер» да адамзаттын жалпы мүрзөсү болгон гадестин (шеолдун) туткунунан бошотулат. Деңизде каза болгондор да ошол убакта жашоого кайтып келишет. Бул кереметтүү чара — Жахабанын ой-ниетинин ажырагыс бөлүгү.

6 Машайактын Миң жылдык башкаруусу Шайтандын чынжырланып, түпсүз туңгуюкка камалышы менен башталат. Ал башкаруунун учурунда Шайтан тирилгендерди жана улуу кайгыдан аман өткөндөрдү азгыра албайт, анткени кыймыл-аракетсиз абалда болот (Аян 20:1—3). Миң жыл бизге узак убактай көрүнүшү мүмкүн, бирок Жахаба үчүн ал «бир күндөй» эле (2 Петир 3:8).

7. Ыйсанын Миң жылдык башкаруусунун убагында адамдар эмненин негизинде соттолот?

7 Ошол аянда көрсөтүлгөндөй, Ыйсанын Миң жылдык башкаруусу сот мезгили болот. Элчи Жакан мындай деп жазган: «Ошондо мен тактынын алдында турган өлгөндөрдү — чоңдорду да, кичинелерди да көрдүм. Китептер ачылды. Дагы бир китеп ачылды, ал өмүр китеби эле. Өлгөн адамдар китепте жазылгандар боюнча, өздөрүнүн иштерине жараша соттолушту. [...] Ар бир адам өз иштерине жараша соттолду» (Аян 20:12, 13). Адам өлгөнгө чейин жасаган иштеринин негизинде соттолбой турганына көңүл бурсаң (Римдиктерге 6:7). Тескерисинче, ага кандай өкүм чыгарылары келечекте ачыла турган «китептердеги» жазуулардан көзкаранды болот. Адамдын ошол китептерде жазылгандарды билгенден кийин жасаган иштери анын ысмы «өмүр китебине» жазылар-жазылбасын чечет.

Адамдар өмүр алуу же соттолуу үчүн тирилтилет

8. Адамдар кайсы эки себеп менен тирилтилет?

8 Мурунураак берилген көрүнүштөн Жакан Ыйсанын «өлгөндөр жаткан жай [гадес] менен өлүмдүн ачкычтарына» ээ экенин көргөн (Аян 1:18). «Өмүр Башчысы» катары кызмат кылууга дайындалгандыктан, Ыйсада «тирүүлөрдү да, өлгөндөрдү да соттоого» бийлик бар (Элчилер 3:15; 2 Тиметейге 4:1). Бул үчүн ал эмне кылат? Өлүм уйкусунда жаткандарды тирилтет. «Буга таң калбагыла,— деген Ыйса аны угуп турган элге,— анткени мүрзөдө жаткандардын баары Кудай Уулунун үнүн уга турган убак келет. Ошондо өлгөндөр мүрзөдөн чыгышат». Андан соң: «Жакшылык кылгандар — өмүр үчүн, жамандык кылгандар соттолуу үчүн тирилишет»,— деп айткан (Жакан 5:28—30). Анда байыркы убакта жашаган ишенимдүү эркек-аялдарды кандай келечек күтүп турат?

9. а) Тирилгендердин арасынан көптөр эмнелерди көрүп-билишет? б) Кандай эбегейсиз зор окутуу иши жүргүзүлөт?

9 Байыркы убактагы ишенимдүү кызматчылар тирилгенде өздөрү ишенген убадалардын иш жүзүнө ашканын көрүшөт. Ыйык Китептеги биринчи пайгамбарлыкта, Башталыш 3:15те, айтылган «аялдын» Тукуму ким экенин билүү алар үчүн кандай гана кызыктуу болот! Ошол убадаланган Мессиянын, Ыйсанын, өлгөнгө чейин ишенимдүү болуп, өз өмүрүн куткаруу курмандыгы катары бергенин угушканда алар кандай гана кубанышат! (Матай 20:28). Тирилгендерди тосуп ала тургандар аларга кун курмандыгы аркылуу Жахабанын боорукердиги жана ырайымы көрсөтүлгөнүн түшүнүүгө жардам берүүдөн чоң кубаныч алышат. Тирилгендер Кудайдын Падышалыгы Жахабанын жерге байланыштуу ой-ниетин аткарууда эмнелерди ишке ашырганын көрүп, Жахабаны даңктоого ынтызар болору шексиз. Аларга асмандагы мээримдүү Атабызга жана анын Уулуна берилгендик көрсөтүүгө жетиштүү мүмкүнчүлүк берилет. Жерде жашагандардын баары мүрзөдөн кайтып келген жана куткаруу курмандыгынан башкалардай эле пайда алышы керек болгон миллиарддаган адамдарга жардам берип, эбегейсиз зор окутуу ишине кубаныч менен катышышат.

10, 11. а) Миң жылдык Падышалыктын учурунда жерде жашагандардын баарына кандай мүмкүнчүлүктөр берилет? б) Бул бизге кандай таасири этиши керек?

10 Ыбрайым тирилгенде өзү күтүп жүргөн «шаардын» башкаруусу астында жашап жатканын көрүп, кандай гана сүйүнөт! (Эврейлерге 11:10). Ишенимдүү Аюб болсо өзүнүн үлгүсү Жахабанын сыноолорго кабылган көптөгөн кызматчыларын бекемдегенин билип, кандай кубанат! Ал эми Даниел өзү жазган пайгамбарлыктардын кантип аткарылганын билүүгө кандай гана дилгир болот!

11 Ооба, тирилүүнүн же улуу кайгыдан аман өтүүнүн аркасында адилеттүү жаңы дүйнөдө өмүр ала тургандардын баары Жахабанын жерге жана анын тургундарына байланыштуу ой-ниети жөнүндө дагы көп нерселерди билишет. Ал убакта түбөлүк өмүр сүрүүгө жана Жахабаны түбөлүктөн түбөлүккө даңктоого мүмкүнчүлүк бериле тургандыктан, миң жылдык окутуу программасынын чыныгы ырахаттануу алып келери шексиз. Бирок «китептердин» мазмуну менен таанышкан соң жекече ар бирибиз кандай иш-аракеттерди жасайбыз, мына ушул баарынан маанилүү болот. Үйрөнгөн нерселерибизди жашообузда колдонобузбу? Шайтандын бизди чындыктан четтетүүгө жасай турган акыркы аракетине каршы туруш үчүн, бериле турган өтө маанилүү маалыматтын үстүнөн ой жүгүртөбүзбү жана ошого жараша иш кылабызбы?

12. Окутуу ишине жана жерди бейишке айлантууга эмне себептен ар бир адам толук катыша алат?

12 Адамзатка Машайактын куткаруу курмандыгы кандай зор пайда жана укмуш баталарды алып келерин да унутпашыбыз керек. Тирилгендердин мурунку оору-дарттары болбойт (Ышайа 33:24). Жаңы дүйнөнүн бардык тургундары жеткилең денеге жана чың денсоолукка ээ боло тургандыктан, кайрадан өмүр сүрүүгө тириле турган миллиарддаган адамдарды окутуу ишине толук катыша алышат. Алар качандыр бир кезде жүзөгө ашпай калган эң зор ишке — бүт планетаны бейишке айлантуу ишине — да катышып, Жахабага даңк алып келишет.

13, 14. Акыркы сыноого убакыт келгенде, Шайтан эмне максат менен бошотулат жана бул ар бирибиз үчүн эмнени билдириши мүмкүн?

13 Шайтан түпсүз туңгуюктан бошотулуп, акыркы сыноого убакыт келгенде, ал адамдарды азгырууга кайрадан аракет жасайт. Аян 20:7—9-аяттарга ылайык, Шайтандын бузуку таасирине алдырган «элдер», тактап айтканда, адамдардын топтору кыйратылат: «Асмандан, Кудайдан от түшүп, аларды өрттөп жиберет». Алардын арасында Миң жылдык Падышалыктын учурунда тирилтилгендер да болот. Бул кыйратуу алардын соттолуу үчүн тирилгенин көрсөтөт. Ал эми тирилгенден кийин ишенимдүүлүгүн сактагандар түбөлүк өмүр белегин алышат. Ошентип, алар «өмүр үчүн» тирилишкен болот (Жакан 5:29).

14 Тирилүүгө болгон үмүт бизди азыр кандайча жубата алат? Андан тышкары, келечекте тирилүү чарасынан пайда алыш үчүн, эмне кылышыбыз керек?

Тирилүүгө болгон үмүттүн азыркы пайдалары

15. Тирилүүгө болгон ишеним бизге азыр кандай жардам берет?

15 Балким, сен жакында эле жакын адамыңдан айрылып, мындай оор жоготуунун натыйжасында жашооңдогу чоң өзгөрүүлөргө көнүп жаткандырсың. Тирилүүгө болгон үмүт сага, чындыкты билбегендерден айырмаланып, жандүйнө тынчтыгына жана күчкө ээ болууга жардам берет. Пабыл тесалоникалык биртуугандарга: «Үмүтсүз адамдарга окшоп кайгырбашыңар үчүн, өлгөндөр тууралуу билүүңөрдү каалайм»,— деп жазган (1 Тесалоникалыктарга 4:13). Сен өзүңдү жаңы дүйнөдө тирилүү кереметине күбө боло тургандардын арасынан көрө аласыңбы? Жакын адамдарың менен кайрадан көрүшөрүңдү ойлоо сооронуч берет.

16. Тирилүү убагы келгенде, сени кандай сезимдер чулгашы мүмкүн?

16 Мүмкүн, сен азыр Адам атанын күнөөсүнүн кесепеттеринен азап чегип, катуу ооруп жаткандырсың. Оорунун натыйжасында пайда болгон кыйынчылыктардын сага жаңы дүйнөдө чың денсоолук, жаңы күч-кубат менен тирилүүгө үмүтүң бар экенин унуттуруп коюшуна жол бербе. Ал заманда көзүңдү ачканда, тирилгениңе сүйүнүп, өздөрүнүн кубанычын сени менен бөлүшүүгө даяр турган адамдардын жагымдуу жүзүн көрүп, мээримдүү Кудайга боорукердиги үчүн алкыш айтарың шексиз.

17, 18. Кайсы эки маанилүү нерсени жүрөгүбүзгө түйүшүбүз керек?

17 Азыр болсо жүрөгүбүзгө түйүшүбүз керек болгон эки нерсени карап көрөлү. Биринчиси Жахабага азыртан чын жүрөктөн кызмат кылуунун маанилүүлүгүнө байланыштуу. Окутуучубуз Ыйса Машайакты туурап, жанаябастык руху менен жашасак, Жахабаны жана жакындарыбызды сүйөрүбүздү көрсөтөбүз. Эгер каршылыктын же куугунтуктун айынан жашоого болгон каражатыбыздан же эркиндигибизден ажырап калсак, кандай сыноо болбосун, биз ишенимибизден тайбоого чечкиндүү болобуз. А эгер каршылаштарыбыз өлтүрөбүз деп коркутса, тирилүүгө болгон ишенимибиз бизди жубатып, Жахабага жана анын Падышалыгына ишенимдүү бойдон калууга бекемдейт. Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинде ынталуу болсок, Жахабанын адил адамдарга камдап койгон түбөлүктүү баталарын аларыбыз күмөнсүз.

18 Экинчиси жеткилеңсиздиктин айынан азгырыктарга дуушар болгондо эмне кылышыбыз керектигине байланыштуу. Тирилүү тууралуу билимибиз жана Жахабанын ырайымына болгон ыраазычылыгыбыз бизге ишенимибизди бекем сактоого ого бетер чечкиндүү болууга түрткү берет. «Бул дүйнөнү жана бул дүйнөдөгүнү сүйбөгүлө,— деп эскерткен элчи Жакан.— Ким дүйнөнү сүйсө, ал адамда Атага болгон сүйүү жок. Анткени бул дүйнөдө болгон нерсенин баары: дене кумары, көз кумары жана турмуш-тиричиликтеги текебердик. Булар Атадан эмес, бул дүйнөнүкү. Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот. Ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт» (1 Жакан 2:15—17). Дүйнө бизди байлыгы менен азгырганда, анын «түбөлүк өмүргө» салыштырмалуу эч кандай баага татыбай турганын түшүнгөнүбүз бизге андай азгырыкка алдырбоого жардам берет (1 Тиметейге 6:17—19). Эгерде башкалар адеп-ахлаксыздык кылууга азгырса, биз чечкиндүүлүк менен каршылык көрсөтөбүз. Анткени Армагедон келгенге чейин Жахабага жакпаган иштерди кылып жүрүп өлсөк, анда тирилүүгө үмүтү жок адамдардын катарына кошулуп калышыбыз мүмкүн экенин билебиз.

19. Кайсы баа жеткис мүмкүнчүлүккө ээ экенибизди унутпашыбыз керек?

19 Баарынан мурда, бизде Жахабанын жүрөгүн азыр жана түбөлүк кубантууга баа жеткис мүмкүнчүлүк бар экенин эч качан унутпашыбыз керек (Накыл сөздөр 27:11). Өмүрүбүздүн аягына чейин ишенимдүү болуп же бул каардуу дүйнөнүн акырына чейин актыгыбызды сактап жашоо менен биз ааламдагы эгедерликке байланыштуу маселеде Жахаба тарапта экенибизди көрсөтөбүз. Ошентип, улуу кайгыдан аман өтүп же тирилүү кереметти аркылуу кайрадан өмүр алып, жердеги Бейиште жашоо кандай кубанычтуу болот!

Каалоолорубуз канааттандырылат

20, 21. Тирилүүгө байланыштуу айрым суроолорубуз жоопсуз калып жатса да, ишенимдүү бойдон калууга бизге эмне жардам берет? Түшүндүр.

20 Тирилүү жөнүндөгү бул талкуудан суроолорубуздун баарына жооп ала албашыбыз мүмкүн. Жубайынан айрылгандар үчүн Жахаба кандай чара караштырат? (Лука 20:34, 35). Адамдар өлгөн жеринде тирилеби? Алар үй-бүлөлөрүнө жакын жерден тирилишеби? Тирилүүгө байланыштуу дагы башка толгон-токой суроолор бар. Кандай болбосун, биз Жеремиянын: «Теңирден үмүттөнгөндөргө, Теңирди издеген адамга Теңир ырайымдуу. Теңирдин куткаруусун чыдамкайлык менен күткөн адамга жакшы болот»,— деген сөздөрүн эстен чыгарбашыбыз керек (Жеремиянын ыйы 3:25, 26). Жахаба туура көргөн убакта бардык суроолорубузга толук жооп алабыз. Буга эмне үчүн шектенбесек болот?

21 Забурчунун Жахаба тууралуу: «Колуңду ачасың, ырайымың менен бардык тирүү жандарды тойгузасың [«ар бир тирүү жандын каалоосун канааттандырасың», «ЖД»]»,— деп айткан сөздөрүнүн үстүнөн ой жүгүртсөк болот (Забур 144:16). Жашыбыз өткөн сайын, каалоолорубуз өзгөрүп турат. Бала кездеги үмүт-тилектерибиз азыркы каалоолорубуздан айырмаланат. Биздин жашоого болгон көзкарашыбыз башыбыздан өткөн нерселерден жана умтулууларыбыздан улам өзгөрүп турат. Анткен менен, жаңы дүйнөдө бардык жакшы каалоолорубузду Жахаба сөзсүз канааттандырат.

22. Жахабаны даңктоого бизде кандай орчундуу негиз бар?

22 Азыр ар бирибиз үчүн маанилүү болгон нерсе — ишенимдүү болуу. «Башкаруучулардан... ишенимдүүлүк талап кылынат» (1 Корунттуктарга 4:2). Биз Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү даңктуу жакшы кабардын «башкаруучуларыбыз». Бул жакшы кабарды бардык адамдарга жарыялоого ынтызарлык менен катышканыбыз бизге өмүргө алып баруучу жолдон чыкпоого жардам берет. Ошентсе да баарыбыз тең «мезгил менен кокустуктун капшабына кабылышыбыз» мүмкүн экенин эч качан унутпа (Насаатчы 9:11, «ЖД»). Оомалуу-төкмөлүү дүйнөдө жашап жаткандыктан жүрөгүңдү кандайдыр бир нерсе өйүсө, аны жеңиш үчүн, тирилүүгө болгон кереметтүү үмүткө бекем карман. Ыйсанын Миң жылдык башкаруусуна чейин өлүп калышың мүмкүндөй көрүнсө, сөзсүз тирилериңди билүүдөн жубатуу алсаң болот. Убагы келгенде Аюбдун: «Сен чакырасың, мен сага жооп берем»,— деп Жаратканга айткан сөздөрүн кайталай аласың. Эстутумундагы адамдардын баарына кайрадан өмүр берүүнү эңсеп жаткан Жахабага дайыма даңк! (Аюб 14:15, «ЖД»).

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ойгонгула!» журналынын 1990-жылдын 8-августундагы санынын 20-бетин (ор.) карагыла.

^ 3-абз. «Жахабанын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары», 662-бет, англ. (Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган).

Эсиңердеби?

• Миң жылдык Падышалыктын учурунда адамдар эмненин негизинде соттолот?

• Эмне үчүн кээ бирөөлөр өмүр алуу үчүн, ал эми башкалар соттолуу үчүн тирилет?

• Тирилүүгө болгон үмүт бизди азыр кандайча жубатат?

Забур 144:16дагы сөздөр бизди тирилүүгө байланыштуу жоопсуз калган суроолорубузга кандай кароого жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[31-беттеги сүрөт]

Тирилүүгө болгон ишеним бизге азыр кандай жардам берет?