Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тирилүү — ар бирибиз үчүн караштырылган чара

Тирилүү — ар бирибиз үчүн караштырылган чара

Тирилүү — ар бирибиз үчүн караштырылган чара

«Мен... адилеттүүлөр да, адилетсиздер да тирилет деп, Кудайдан үмүттөнөм» (Элчилер 24:15).

1. Эмнеден улам тирилүү жөнүндөгү окуу Синедриондо талаш маселеге айланган?

ҮЧҮНЧҮ миссионердик сапарынын аягында (б.з. 56-жылы) элчи Пабыл Иерусалимге келген. Римдиктер тарабынан камакка алынгандан кийин, ага Синедриондун — жүйүттөрдүн жогорку сотунун — алдына чыгууга уруксат берилген (Элчилер 22:29, 30). Пабыл соттун мүчөлөрүнө көз чаптырып, бир тобу садукейлер, экинчи тобу фарисейлер экенин байкаган. Ошол эки топту өзгөчө бир нерсе айырмалап турган. Садукейлер тирилүүгө ишенишкен эмес, а фарисейлер ишенишкен. Пабыл бул маселеде кандай көзкарашка карманарын билдирип, үнүн бийик чыгара: «Бир туугандар! Мен фарисейдин уулумун, фарисеймин. Мени өлгөндөрдүн тирилерине үмүттөнгөндүгүм үчүн соттоп жатышат»,— деп айткан. Муну менен ал чогулгандарды дүрбөлөңгө салган (Элчилер 23:6—9).

2. Эмне үчүн Пабыл тирилүүгө болгон ишенимин коргоого даяр болгон?

2 Бир канча жыл мурун Пабыл Дамаскты көздөй баратканда, аян көрүп, Ыйсанын үнүн уккан. Атүгүл Ыйсадан: «Теңир [«Эге», «ЖД»]! Мен эмне кылышым керек?» — деп сураган. Ыйса: «Ордуңан туруп, Дамаскка баргын, ошол жерде сага сен кыла турган иштердин бардыгы айтылат»,— деп жооп берген. Дамаскка келгенде Пабылга Ыйсанын ишенимдүү шакирттеринин бири Анания жолугуп: «Ата-бабаларыбыздын Кудайы сени Өзүнүн эркин таанып билсин деп, адил Кишини [тирилген Ыйсаны] көрүп, Анын оозунан сөз уксун деп тандап алды»,— деп айткан (Элчилер 22:6—16). Ошондуктан Пабылдын тирилүүгө болгон ишенимин коргоого даяр болгону таң калыштуу эмес (1 Петир 3:15).

Тирилүүгө болгон үмүт тууралуу башкаларга жарыялоо

3, 4. Пабыл тирилүү жөнүндөгү окууну кантип чечкиндүү түрдө коргогон жана андан кандай үлгү алсак болот?

3 Кийин Пабылды башкаруучу Феликстин алдына алып келишкен. Ошондо Пабылга каршы чыккан жүйүттөрдүн жактоочусу Тертул аны жалган окутуунун башчысы жана козголоңчу деп айыптаган. Жооп иретинде Пабыл чечкиндүү түрдө: «Алар жалган деп эсептеген окутуу боюнча мен чын эле ата-бабаларымдын Кудайына кызмат кыларымды... сенин алдыңда мойнума алам»,— деп айткан. Анан негизги маселеге токтолуп, сөзүн минтип улаган: «Мен да алар сыяктуу эле, адилеттүүлөр да, адилетсиздер да тирилет деп, Кудайдан үмүттөнөм» (Элчилер 23:23, 24; 24:1—8, 14, 15).

4 Эки жылдай өткөндөн кийин Феликстин ордуна келген Поркий Фест Ирод Агрипа падышаны камакта отурган Пабылды суракка алууга чакырган. Фест Пабылдын «Ыйса деген бир өлгөн кишинин» тирүү экенин ырастаганы айыптоочуларынын талашын туудурганын түшүндүргөн. Пабыл өзүн коргоп: «Эмне үчүн силер Кудайдын өлгөндөрдү тирилтерин акылга сыйбаган нерсе деп эсептейсиңер?» — деп сураган. Анан мындай деген: «Кудайдын жардамы менен мен бүгүнкү күнгө чейин Муса пайгамбардын жана башка пайгамбарлардын айткандарын гана, атап айтканда, Машайактын азап чегип өлүп, өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилип, жүйүт элине жана бутпарастарга жарык жөнүндө жарыялаганын гана улуу-кичүү дебей, баарына күбөлөндүрүп келе жатам» (Элчилер 24:27; 25:13—22; 26:8, 22, 23). Тирилүү жөнүндөгү окууну Пабыл кандай чечкиндүүлүк менен коргогон! Ага окшоп, биз да тирилүү болорун бекем ишеним менен жарыялай алабыз. Бирок башкалар аны кандай кабыл алат деп күтүшүбүз керек? Пабылдын сөздөрү кандай кабыл алынса, биздики да ошондой кабыл алынышы мүмкүн.

5, 6. а) Элчилердин тирилүү жөнүндөгү сөздөрүн адамдар кандай кабыл алышкан? б) Тирилүүгө болгон үмүтүбүздү жарыялоо менен бирге эмне кылуу маанилүү?

5 Андан мурунураак, Пабыл экинчи миссионердик сапарынын учурунда (б.з. 49—52-жылдары) Афинге келгенде эмне болгонун карап көрөлү. Ал көп сандаган кудайларга ишенген адамдар менен сүйлөшүп, аларды Кудай жер жүзүн өзү алдын ала белгилеп койгон Киши аркылуу адилеттик менен соттой турганына көңүл бурууга чакырган. Ал Киши Ыйса болгон. Пабыл Кудайдын буга далил катары Ыйсаны тирилткенин түшүндүргөн. Афиндиктер анын сөздөрүн кандай кабыл алышкан? «Өлгөндөрдүн тирилүүсү жөнүндө угушканда, кээ бирөөлөр шылдың кылышкан, кээ бирөөлөр болсо: „Биз бул тууралуу сени башка жолу угабыз“,— дешкен» (Элчилер 17:29—32).

6 Ушу сыяктуу жагдайга б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан көп өтпөй Петир менен Жакан да кабылышкан. Мында да талаш-тартыш туудургандар садукейлер болгон. Окуянын чоо-жайы Элчилер 4:1—4-аяттарда мындайча баяндалат: «Петир менен Жакан элге сүйлөп жатышканда, ыйык кызмат кылуучулар, ийбадатканадагы күзөт башчылар жана садукейлер алардын жанына келишти. Алар бул экөөнүн элди окутуп, өлгөндөрдүн Ыйса аркылуу тирилерин жарыялап жатышканына ачууланышты». Бирок башкалар жакшы кабыл алышкан. «Сөздү уккандардын көпчүлүгү Ыйсага ишенип калышты. Алардын саны беш миңге жакын эле». Биз да тирилүүгө болгон үмүт жөнүндө айтканда, муну адамдар ар кандай кабыл алат деп күтсөк болот. Ошондуктан бул окууга болгон ишенимибизди чыңдаганыбыз маанилүү.

Ишеним жана тирилүү

7, 8. а) Биринчи кылымдагы корунттуктарга жазылган катта көрсөтүлгөндөй, кандай учурда ишеним куру бекер болушу мүмкүн? б) Тирилүүгө байланыштуу туура түшүнүк кандайча чыныгы динди айырмалап көрсөтөт?

7 Тирилүү болоруна ишенүү б.з. I кылымында Ыйсанын жолун жолдоп баштагандардын баары үчүн эле оңойго тура берген эмес. Андайлардын арасында Корунттагы жыйналыштын мүчөлөрү болгон. Пабыл аларга: «Адегенде өзүм кабыл алып, анан силерге жеткирген кабарым бул: Ыйык Жазууда жазылгандай, Машайак биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлдү, көргө коюлду жана Ыйык Жазууда жазылгандай, үчүнчү күнү тирилди»,— деп жазган. Анан ал муну тирилген Ыйсанын «беш жүздөн ашуун бир тууганга» көрүнгөнүн жана алардын көбү али деле тирүү экенин айтып тастыктаган (1 Корунттуктарга 15:3—8). Андан ары Пабыл мындайча ой калчаган: «Машайактын өлгөндөрдүн арасынан тирилгендиги жарыяланып жатса, кээ бирөөлөрүңөрдүн: „Өлгөндөр тирилишпейт“,— дегени кандай? Эгерде өлгөндөр тирилишпесе, анда Машайак да тирилген жок. Эгерде Машайак тирилген эмес болсо, анда биздин Жакшы Кабар таратканыбыздын да, силердин ишенимиңердин да пайдасы жок» (1 Корунттуктарга 15:12—14).

8 Ооба, тирилүү жөнүндөгү окуу абдан маанилүү болгондуктан, Ыйсаны жолдогон адам тирилүүнү чындык деп эсептебесе, анда анын ишеними куру бекер. Тирилүүгө байланыштуу туура түшүнүк Ыйсанын чыныгы жолдоочуларын жалган жолдоочуларынан айырмалап турат (Башталыш 3:4; Жезекиел 18:4). Ошондуктан Пабыл тирилүү жөнүндөгү окууну чыныгы диндин «баштапкы чындыктарынын» катарына кошкон. Келгиле, биз да «жетилгендикке умтулууга» («ЖД») чечкиндүү бололу. «Кудай кааласа,— дейт Пабыл,— муну да кылабыз» (Эврейлерге 6:1—3).

Тирилүүгө болгон үмүт

9, 10. Ыйык Китепте тирилүү деген сөз эмнени билдирет?

9 Тирилүүгө болгон ишенимибизди дагы көбүрөөк бекемдөө үчүн, мындай суроолорду карап чыгышыбыз зарыл: Ыйык Китепте тирилүү деген сөз эмнени билдирет? Тирилүү жөнүндөгү окуу кандайча Жахабаны даңазалайт? Бул суроолордун жообу бизди Жахабага ого бетер жакындатат жана башкаларды окутууга жардам берет (2 Тиметейге 2:2; Жакып 4:8).

10 «Тирилүү» деп которулган грек сөзү түзмө-түз «кайра туруу» дегенди билдирет. Ал кандай маанини туюнтат? Ыйык Китепке ылайык, тирилүүгө болгон үмүт — бул өлгөн адамдын кайрадан жашай аларына болгон бекем ишеним. Андан тышкары, Ыйык Китепте өлгөн киши үмүтүнүн жерге же асманга болгонуна жараша же адам, же рухий жаратуу болуп тирилери көрсөтүлөт. Бизди тирилүүгө болгон ушул кереметтүү үмүттө чагылдырылган Жахабанын сүйүүсү, акылмандыгы жана күчү таңдандырат.

11. Кудайдын майланган кызматчылары тирилгенден кийин кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат?

11 Ыйсанын жана анын майланган биртуугандарынын тирилүүсү аларга рухий денеде асманда кызмат кылууга мүмкүнчүлүк берет (1 Корунттуктарга 15:35—38, 42—53). Алар жерди Бейишке айландыра турган Мессиялык Падышалыктын башкаруучулары болуп кызмат кылышат. Башкы ыйык кызмат кылуучу Ыйсанын жетекчилиги астында майлангандар падышалык ыйык кызмат кылуучулукту түзүшөт. Алар Машайактын куткаруу курмандыгынын баасын адилеттүүлүк өкүм сүргөн жаңы дүйнөдө адамзаттын пайдасына колдонушат (Эврейлерге 7:25, 26; 9:24; 1 Петир 2:9; Аян 22:1, 2). Ага дейре майлангандардын жерде жашап жаткан калдыгы Кудайга ишенимдүү бойдон калууну каалайт. Өлгөндө алар асмандагы өлбөс-өчпөс рухий жашоого тирилип, өздөрүнө «тиешелүүнү» алышат (2 Корунттуктарга 5:1—3, 6—8, 10; 1 Корунттуктарга 15:51, 52; Аян 14:13). «Аныкы сыяктуу өлүм аркылуу Аны менен бириксек, анда Аныкы сыяктуу тирилүү аркылуу Аны менен биригебиз»,— деп жазган Пабыл (Римдиктерге 6:5). Ал эми жердеги жашоого тириле тургандар тууралуу эмне айтууга болот? Кандайча тирилүүгө болгон үмүт аларды Кудайга жакындата алат? Ыбрайымдын үлгүсүнөн биз көп нерселерди билсек болот.

Тирилүү жана Жахаба менен болгон достук

12, 13. Тирилүүгө ишенүүгө Ыбрайымда кандай орчундуу негиз болгон?

12 «Кудайдын досу» деп аталган Ыбрайым эбегейсиз зор ишенимге ээ болгон (Жакып 2:23). Эврейлерге жазган катынын 11-бабында Пабыл ишенимдүү эркек-аялдарды атап өтүүдө Ыбрайымдын ишеними тууралуу үч жолу сөз кылган (Эврейлерге 11:8, 9, 17). Үчүнчү жолкусунда Ыбрайымдын тил алчаактык менен уулу Ыскакты курмандыкка чалууга даяр болгондо көрсөткөн ишенимине көңүл бурулат. Ыбрайым Жахабанын Ыскак аркылуу келе турган тукум жөнүндөгү убадасын сөзсүз аткарарына ишенген. Ыскак курмандык катары өлгөн күндө да, Ыбрайым «өлгөндөрдү тирилтүүгө Кудайдын кудурети жетет» деп ойлогон.

13 Жахаба Ыбрайымдын ишеними күчтүү экенин көргөндө, Ыскактын ордуна курмандыкка жаныбар чалынышын караштырган. Бул окуя тирилүүнүн үлгүсү, көрсөтмөлүү мисалы болгон. Муну Пабыл: «[Ыбрайым] уулун кайра алды. Бул — келечектеги тирилүүнүн үлгүсү»,— деп түшүндүргөн (Эврейлерге 11:19). Андан тышкары, тирилүүгө ишенүүгө Ыбрайымда ага чейин эле орчундуу негиз болгон. Жахаба Ыбрайымдын тукумдоо жөндөмдүүлүгүн калыбына келтиргенде, жаштары өр тартып калганына карабай ал аялы Саара экөө Ыскак аттуу уулдуу болушпады беле? (Башталыш 18:10—14; 21:1—3; Римдиктерге 4:19—21).

14. а) Эврейлерге 11:9, 10-аяттарга ылайык, Ыбрайым эмнени күткөн? б) Жаңы дүйнөдө Падышалыктын баталарын алышы үчүн, Ыбрайым эмне болушу керек? в) Падышалыктын баталарын биз кандайча ала алабыз?

14 Пабыл Ыбрайымды чатырда жашап жүргөн келгин катары сүрөттөп, «архитектору жана куруучусу Кудай болгон, пайдубалы бекем шаарды күтүп жүргөнүн» айткан (Эврейлерге 11:9, 10). Бул Кудайдын ийбадатканасы жайгашкан Иерусалим сыяктуу түз маанидеги эмес, каймана маанидеги шаар болгон. Ал Ыйса Машайак менен анын 144 000 кошо башкаруучусунан турган Кудайдын асман Падышалыгы болчу. Ыйык Китепте асман даңкына ээ болгон 144 000 тууралуу «ыйык шаар — жаңы Иерусалим», Ыйсанын «колуктусу» деп да айтылат (Аян 21:2). Жахаба 1914-жылы Ыйсаны Мессиялык Падыша катары такка отургузуп, душмандарынын арасында бийлик жүргүзүүнү буйруган (Забур 109:1, 2; Аян 11:15). Падышалык башкаруунун баталарын алыш үчүн, «Кудайдын досу» Ыбрайым кайрадан жашашы керек. Ошо сыяктуу эле, Падышалыктын баталарын алыш үчүн, биз Кудайдын жаңы дүйнөсүндө Армагедондон аман өткөн эбегейсиз көп адамдардын же тирилгендердин арасында болушубуз керек (Аян 7:9, 14). Бирок тирилүүгө үмүттөнүүгө кандай негиз бар?

Кудайдын сүйүүсү — тирилүүгө үмүттөнүүгө негиз

15, 16. а) Кандайча Ыйык Китептеги биринчи пайгамбарлык тирилүүгө үмүттөнүшүбүзгө негиз салат? б) Тирилүүгө болгон ишеним кандайча бизди Жахабага жакындатат?

15 Асмандагы мээримдүү Атабыз менен тыгыз мамиледе болуп, Ыбрайымдыкындай бекем ишеним өрчүтсөк жана Кудайдын буйруктарына баш ийсек, Жахаба бизди адил деп жарыялап, өзүнүн достору деп эсептейт. Бул бизге Падышалык башкаруудан пайда алууга мүмкүнчүлүк берет. Кудайдын Сөзүндө, Башталыш 3:15те, жазылган эң биринчи пайгамбарлык тирилүүгө үмүттөнүүгө жана Кудай менен достошууга негиз салат. Анда Шайтандын башынын жанчылары эле эмес, Кудайдын «аялынын» Тукумунун согончогу чагылары да алдын ала айтылат. Ыйса мамыда өлгөндө, каймана мааниде согончогу чагылган. Үчүнчү күнү тирилгенде, жарасы айыгып, «өлүм бийлигине ээ шайтанга» каршы чечкиндүү иш-аракет жасоого шарт түзүлгөн (Эврейлерге 2:14).

16 Пабыл «Машайак... биз күнөөкөр кезде биз үчүн өлгөнүн» жана «бул аркылуу Кудай Өзүнүн бизге болгон сүйүүсүн далилдегенин» эсибизге салат (Римдиктерге 5:8). Көрсөтүлгөн бул ырайым үчүн ыраазы болуу бизди Ыйсага жана асмандагы мээримдүү Атабызга жакындатат (2 Корунттуктарга 5:14, 15).

17. а) Аюб кандай үмүт жөнүндө сөз кылган? б) Аюб 14:15тен Жахаба жөнүндө эмне биле алабыз жана бул сенде кандай сезим туудурат?

17 Ыйсанын жолдоочуларына чейин жашаган ишенимдүү Аюб да тирилүүгө үмүттөнгөн. Шайтан ага көрбөгөн көргүлүктүн баарын көрсөткөн. Тирилүү жөнүндө ооз ачып койбогон жалган досторунан айырмаланып, Аюб бул үмүттөн сооронуч алып: «Адам өлгөн соң, ал кайра жашайбы?» — деп сураган («Мукаддас»). Анан кайра өзү: «Анда мен мага берилген мөөнөт бүткөнчө, менин ордума келе турганды [«эркин болгонго дейре», «БМК»] күтөр элем»,— деп жооп берген. Жахаба Кудайга ал: «Сен чакырсаң, мен Сага жооп берер элем»,— деп айткан. Мээримдүү Жаратканыбыздын сезими тууралуу Аюб: «Сен Өз колуң менен жаратканыңа ырайым кылар элең [«жаратканыңды сагынып куса болосуң», «ЖД»]»,— деген (Аюб 14:14, 15). Ооба, Жахаба ишенимдүү кызматчылары тирилүү аркылуу кайрадан жашай турган убакты ынтызарлык менен күтүүдө. Жеткилең эмес болгонубузга карабай Кудайдын бизге сүйүү жана ырайым көрсөтүп жатканы жөнүндө ой жүгүртүү бизди ага кандай гана жакындатат! (Римдиктерге 5:21; Жакып 4:8).

18, 19. а) Кайрадан жашоого Даниелде кандай үмүт бар? б) Эмки макалада эмне каралат?

18 Кудайдын периштеси «эң сүйүктүү адам» деп атаган Даниел пайгамбар өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү кызмат кылган (Даниел 10:11, 19). Ал б.з.ч. 617-жылы туткунга алынып, б.з.ч. 536-жылы (Персия падышасы Корештин башкаруусунун үчүнчү жылында) аян алгандан көп өтпөй көз жумган. Ошончо жыл бою ал Жахабага болгон берилгендигин бекем сактаган (Даниел 1:1; 10:1). Корештин башкаруусунун үчүнчү жылында Даниел жакында улуу кайгыда жок боло турган дүйнөлүк державалардын алмашуусу тууралуу аян алган (Даниел 11:1—12:13). Аянды толук түшүнбөгөндүктөн, Даниел аян көрсөткөн периштеден: «Мырзам! Андан кийин эмне болот?» — деп сураган. Жооп кылып, периште «акылдуу адамдар түшүнө» турган «акыркы мезгилге» көңүл бурган. Ал эми Даниел өзү эмнеге үмүттөнө алмак? Периште: «Сен... өлөсүң, бирок акыркы күнү өзүңдүн үлүшүңдү алыш үчүн, тирилесиң»,— деп айткан (Даниел 12:8—10, 13). Ыйсанын Миң жылдык башкаруусунун тушунда «адил адамдар тирилгенде», Даниел да тирилет (Лука 14:14).

19 Биз акыркы мезгилдин соңунда жашап жатабыз жана Ыйсанын Миң жылдык башкаруусуна биз жаңыдан чындыкка келгенге караганда азыраак убакыт калды. Андыктан өзүбүздөн: «Ыбрайым, Аюб, Даниел жана башка ишенимдүү эркек-аялдар менен пикирлешүү үчүн, мен жаңы дүйнөдө боломбу?» — деп сурашыбыз керек. Жахабага жакын болсок жана анын парыздарын аткарсак, жаңы дүйнөдө сөзсүз болобуз. Эмки макалада биз, кимдер тирилерин билиш үчүн, тирилүүгө болгон үмүткө дагы кененирээк токтолобуз.

Эсиңердеби?

• Пабыл тирилүүгө болгон үмүтүн жарыялаганда, башкалар муну кандай кабыл алышкан?

• Тирилүүгө болгон үмүт кандайча Ыйсанын чыныгы жолдоочуларын жалган жолдоочуларынан айырмалап көрсөтөт?

• Ыбрайым, Аюб, Даниелдердин тирилүүгө ишенишкенин кайдан билебиз?

[Изилдөө суроолору]

[18-беттеги сүрөт]

Башкаруучу Феликске Пабыл тирилүүгө болгон үмүтүн бекем ишеним менен жарыялаган.

[20-беттеги сүрөт]

Ыбрайым тирилүүгө эмне үчүн ишенген?

Аюб тирилүүгө болгон үмүттөн сооронуч алган.

Адил адамдар тирилгенде, Даниел да тирилет.