Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тирилүү — кереметтүү чара

Тирилүү — кереметтүү чара

Тирилүү — кереметтүү чара

ТИРИЛҮҮГӨ болгон ишеним кеңири тараган. Ислам дининин ыйык китеби Куранда тирилүү жөнүндөгү темага бүтүндөй бир сүрө арналган. 75-сүрөнүн 1—6, 40-аяттарында: «Мен Кыямат Күнүнө ант беремин... Инсан Бизди анын сөөктөрүн эч качан топтой албайт деп күмөн кылабы?! [...] „Кыямат Күнү качан өзү“ деп сурар?! Мына ушул (Алла) өлүктөрдү тирилтүүгө кадыр эмеспи?!» — деп айтылат.

«Британ энциклопедиясында»: «Зороастризм динин туткандар Жамандыктын акыр-аягы жоюларына, жалпы тирилүүнүн, Акыркы Соттун болоруна жана тазаланган адилеттүү дүйнөнүн калыбына келтирилерине ишенишет»,— деп белгиленет.

«Жүйүт энциклопедиясында» тирилүү дегенге «өлгөндөрдүн денелери жанданып, кайрадан жерде жашай турганына болгон ишеним» деген түшүндүрмө берилет. Ошол эле эмгекте адамдын өлбөс жаны бар деген ишеним жүйүт динине башка диндерден киргени жана анын татаал маселени пайда кылары да көрсөтүлөт. «Чынында, тирилүү жана жандын өлбөстүгү жөнүндөгү эки ишеним бири-бирине карама-каршы келет»,— деп айтылат энциклопедияда.

Индуизм дини адамдын бир канча жолу кайра төрөлөрүнө, жандын башка түргө өтөрүнө окутат. Бул окууга ылайык, адамдын өлгөндөн кийин жашай бере турган жаны болот. Индуисттердин ыйык китеби «Бхагавад-гитада»: «Денени бүт бойдон ээлеп турган нерсе кыйратылгыс. Өлбөс-өчпөс жанды эч ким жок кыла албайт»,— деп айтылат.

Буддизм индуизмден өлбөс жандын бар экенин четке каккандыгы менен айырмаланат. Анткен менен, бүгүн Ыраакы Чыгыштагы көптөгөн буддисттер өлбөс жандын көчүп жүрөрүнө ишенишет *.

Тирилүү жөнүндөгү окууга байланыштуу башаламандык

Христиан дүйнөсүндө сөөк коюу учурунда, адатта, адамдын өлгөндөн кийинки жаны жөнүндө да, тирилүү жөнүндө да кеп кылынат. Мисалы, Англикан чиркөөсүнүн кызматкерлери көп учурда минтип айтышат: «Бул кымбаттуу маркум биртууганыбыздын жанын алууну Кудуреттүү Кудай улуу ырайымы менен ылайык көргөндүктөн, биз анын денесин жерге өткөрүп беребиз: жерди жерге, топуракты топуракка, чаңды чаңга беребиз; Эгебиз Ыйса Машайак аркылуу анын түбөлүк өмүргө тирилерине бекем жана шексиз үмүттөнөбүз» («The Book of Common Prayer»).

Бул сөздөрдү талдап көргөн адам: «Ыйык Китеп тирилүү жөнүндө окутабы же өлбөс жан жөнүндөбү?» — деп маң болушу мүмкүн. Бирок франциялык протестант профессор Оскар Куллман «Жандын өлбөстүгүбү же өлгөндөрдүн тирилүүсүбү?» деген китебинде мындай деп жазат: «Өлгөндөрдүн тирилүүсүнө байланыштуу христиандык үмүт менен гректердин жандын өлбөстүгү жөнүндөгү ишениминин ортосунда аябагандай чоң айырма бар... Христианчылык кийинчерээк бул эки ишенимди бириктирип алгандыктан, бүгүн катардагы христиан адам аларды бири-биринен айырмалай бербесе да, окумуштуулардын көбү чындык деп эсептеген нерсени жашырууга акым жок... Тирилүүгө болгон ишеним Жаңы Келишимдин маңызын түзүп турат... Кудайдын жаңы жаратуусунда өлүк адам кайрадан жашоого келет».

Адамдардын көбүнүн өлүм жана тирилүү жөнүндөгү түшүнүгү эмне үчүн чакчелекей экени таң калыштуу эмес. Андай башаламандыктан чыгуу үчүн, биз адамдын Жаратканы Жахаба Кудай ачып берген чындыктардын булагына, Ыйык Китепке, кайрылышыбыз керек. Анда адамдардын тирилгенин тастыктаган бир канча билдирүү камтылат. Келгиле, ошол билдирүүлөрдүн төртөөнө токтолуп, алардын эмнелерди ачып берерин карап көрөлү.

«Аялдар өлгөн адамдарынын тирилгенин көрүшкөн»

Ыйсаны жолдой баштаган жүйүттөргө жазган катында элчи Пабыл ишенимдүү аялдардын «өлгөн адамдарынын тирилгенин көрүшкөнүн» айткан (Эврейлерге 11:35). Ал аялдардын бири Жер ортолук деңиздин жээгиндеги Финикиянын Сидонго коңшулаш Сарепат шаарында жашаган. Ал жесир аял Кудайдын пайгамбары Илияска меймандостук көрсөтүп, катуу ачарчылык убагында андан тамагын аяган эмес. Тилекке каршы, аялдын уулу ооруп, өлүп калат. Илияс ошол замат аны өзү жашап жүргөн үстүнкү бөлмөгө алып чыгып, Жахабадан баланын өмүрүн кайрып берүүсүн өтүнөт. Кудайдын керемети менен бала тирилет. Илияс баланы энесине берип: «Карачы, сенин уулуң тирүү»,— деген. Жесир аялга бул кандай таасир эткен? Кубанычы койнуна батпай ал: «Сенин Кудайдын кишиси экениңди, сен айткан Теңирдин сөзү чындык экенин мен эми билдим»,— деп айткан (1 Падышалар 17:22—24).

Сарепаттан түштүк жакта 100 чакырымдай алыстыкта Илиястын орунбасары Элиша пайгамбарга марттык көрсөткөн жубайлар жашаган. Ошол үй-бүлөдөгү зайып өз шаары Шунемде таанылуу аял болгон. Ал күйөөсү экөө үйүнүн үстүнкү кабатынан Элишага убактылуу жашаганга бөлмө бөлүп беришкен. Алар балдары жоктугуна кайгырып жүргөндүктөн, уулдуу болушканда төбөлөрү көккө жете сүйүнүшкөн. Бала чоңойгондо, атасына кошулуп, орокчулар менен талаага барып жүргөн. Бир күнү үй-бүлөнүн башына кырсык түшкөн. Бала башы ооруп жатканын айтып ыйлаганда, жубайлардын кызматчысы аны дароо үйгө алып барат. Энеси уулун тизесине отургузуп, сооротууга аракеттенет, бирок көп өтпөй бала өлүп калат. Каңырыгы түтөгөн эне Элишаны жардамга чакырууну чечип, кызматчысы менен түндүктөгү Кармел тоосун көздөй Элишага жөнөйт.

Аял келгенде, пайгамбар өзүнөн мурун кызматчысы Гейхазини жиберет. Ал баланын чын эле өлүп жатканын көрөт. Элиша менен аял Гейхазинин артынан жөнөшөт. Алар Шунемге келгенде эмне болгон? «Элиша үйгө кирсе, анын төшөгүндө өлгөн бала жатыптыр. Ал кирип, эшикти бекитип, Теңирге сыйынды. Анан туруп, баланын үстүнө жатты. Оозуна оозун, көзүнө көзүн, алаканына алаканын тийгизип жайылып жатты, ошондо баланын денеси жылыды. Анан туруп, бөлмөдө ары-бери басты. Анан кайра туруп, анын үстүнө жайылып жатты. Ошондо бала жети жолу чүчкүрүп, көзүн ачты. Анан Элиша Гейхазини чакырып: „Шунемдик аялды чакыр“,— деди. Тиги аны чакырды. Аял кирип келгенде, ал: „Уулуңду ал“,— деди. Аял жакын келип, анын бутуна жыгылып, таазим кылды. Анан уулун алып чыкты»,— деп баяндалат 2 Падышалар 4:32—37-аяттарда.

Сарепаттагы жесир аялга окшоп, Шунемдеги аял өзү күбө болгон керемет Кудайдын кудурети менен болгонун билген. Кудай алардын сүйүктүү уулдарын тирилткенде, экөө тең чоң кубанычка бөлөнгөн.

Ыйсанын убагында тирилгендер

Болжол менен 900 жыл өткөндө, Шунемден анча алыс эмес түндүк тараптагы Наин шаарынын жанында да бир адам тирилтилген. Ыйса Машайак шакирттери менен Капернаумдан чыгып, Наиндин дарбазасына жакындай бергенде, табыт көтөрүп бараткан адамдардын тобун кезиктирген. Ыйса жалгыз уулунан айрылган жесир аялды көрүп, ага: «Ыйлаба!» — деп айткан. Андан ары эмне болгонун дарыгер Лука мындайча баяндайт: «[Ыйса] табытка жакын келип, колун тийгизди. Көтөрүп бара жаткандар токтоп калышты. Ошондо Ыйса: „Жигит, сага айтып жатам, ордуңдан тур!“ — деди. Өлүк өйдө болуп, отурду да, сүйлөй баштады. Ыйса аны энесинин колуна тапшырды» (Лука 7:14, 15). Бул кереметке күбө болгондор Кудайды даңкташкан. Ошол тирилүү тууралуу кабар түштүк жактагы бүткүл Жүйүт жерине жана тегеректеги аймактарга тараган. Аны Чөмүлдүрүүчү Жакандын шакирттери да угуп, ага айтып барышкан. Ошондо Жакан аларды Ыйсага жиберип, эл күтүп келген Мессия Ошол бекенин сураган. Ыйса аларга: «Укканыңар менен көргөнүңөрдү Жаканга айтып баргыла: сокурлар көрүп, майыптар басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр тирилип жатышат, жакырларга Жакшы Кабар таратылып жатат»,— деп айткан (Лука 7:22).

Ыйсанын өлгөндөрдү тирилтүү менен көрсөткөн кереметтеринин эң белгилүүсү — жакын досу Лазарды тирилткени. Бул жолку керемети башкаларынан айырмаланган. Себеби Ыйса Бетанияга Лазардын үйүнө келгенде, досунун өлгөнүнө төрт күн болуп калган эле. Ал көрүстөндүн оозундагы ташты алып салууну буйруганда, Марта: «Эгем, ал жыттанып баратат, жатканына төрт күн болуп калды»,— деп каршы болгон (Жакан 11:39, «Жакандын жакшы кабары»). Бирок Лазардын денесинин бузулуп баратканы аны тирилтүүгө жолтоо болгон эмес. Ыйсанын буйругу менен «колу-буту кепинделген Лазар мүрзөдөн чыгып келген. Анын башы-көзү да оролуу эле». Ыйсанын душмандарынын кийинчерээк ойлонуштурган иш-аракеттери Лазардын чын эле тирилгенин тастыктап турат (Жакан 11:43, 44; 12:1, 9—11).

Тирилүү жөнүндөгү ушул төрт билдирүүнү карап чыккандан кийин кандай жыйынтыкка келсек болот? Тирилгендердин ар бири жашоого мурунку эле калыбында кайтып келген. Аларды эң жакын туугандары да, башкалар да таанышкан. Тирилген адамдардын эч кимиси өлүк абалындагы кыска убакыттын ичинде кандайдыр бир нерсе болгонун айткан эмес. Аркы дүйнөгө барып келгени тууралуу эч кимиси сөз кылган эмес. Баары тең жашоого дени соо кайтып келген. Ыйса айткандай, алар үчүн бул бир аз уктап тургандай болгон (Жакан 11:11). Анткен менен, белгилүү бир мезгил өткөндөн кийин алар кайра эле көз жумган.

Жакындарыбыз менен кайрадан жолугушуу мүмкүнчүлүгү

Мурунку макалада кеп кылынган Оуэндин өлүмүнөн көп узабай атасы коңшусунун үйүнө барып калып, үстөлдүн үстүнөн бир баракчаны көргөн. Баракчада Жахабанын Күбөлөрү элди «Өлгөндөр каякта болот?» деген баяндамага чакырып жатканы айтылган болчу. Анын көңүлүн баяндаманын аталышы бурган, анткени так ушул суроо оюнан кетпей жүргөн эле. Ал баяндамага барып, Ыйык Китептен сооронуч алган жана өлгөндөрдүн азап чекпей турганын түшүнгөн. Өлгөндөр, алардын ичинде Оуэн тозок отунда кыйналбайт же Кудай аларды асманга периште кылып алып кетпейт. Алар тирилүү аркылуу ойгонор убак келгенге чейин көрдө «уктап» жатышат (Насаатчы 9:5, 10; Жезекиел 18:4).

Балким, силердин үй-бүлөңөр да оор жоготууга учурагандыр. Оуэндин атасына окшоп, көз жумган жакындарыңардын азыр каякта экенин жана аларды кайрадан көрүүгө кандай мүмкүнчүлүк бар экенин билүүгө дилгирсиңерби? Анда силерди Ыйык Китепте тирилүү жөнүндө дагы эмнелер айтылганын карап чыгууга чакырабыз. Мүмкүн, силерди: «Тирилүү качан болот? Кимдер тирилет?» — деген суроолор кызыктырып жаткандыр. Ушул жана башка суроолордун жообун журналдын акыркы үч макаласынан окуй аласыңар.

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Адамзат Кудайды издөө жолунда» аттуу китепти карагыла (150—154-бб., англ.).

[5-беттеги сүрөт]

Илияс Жахабадан баланын өмүрүн кайрып берүүсүн өтүнгөн.

Жахаба Элиша аркылуу шунемдик аялдын уулун тирилткен.

[6-беттеги сүрөт]

Ыйса Наиндеги жесир аялдын уулун тирилткен.

[7-беттеги сүрөт]

Тирилүүгө убакыт келгенде, көптөр өлгөн жакындары менен кайрадан жолугушат.