Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жамандыкка учураганда өзүңдү кармай бил»

«Жамандыкка учураганда өзүңдү кармай бил»

«Жамандыкка учураганда өзүңдү кармай бил»

«Теңирдин кулуна урушуп-талашууга болбойт, тескерисинче, ал бардыгына кичи пейилдик менен мамиле кылуусу... жана сабырдуу болуусу [«жамандыкка учураганда өзүн кармай билүүсү», «ЖД»] зарыл» (2 Тиметейге 2:24).

1. Кабар айтууда эмне үчүн кээде орой адамдарды жолуктурабыз?

ӨЗҮҢДҮ же айтып келген кабарыңды жактырышпаганда, эмне кыласың? Элчи Пабыл акыркы күндөрдө адамдардын «заар тилдүү... ушакчы, өзүн өзү кармай албаган, кара мүртөз» болорун алдын ала айткан (2 Тиметейге 3:1—5, 12). Мындай кишилерди кабар айтып жүргөндө же башка жерлерден кезиктиришиң мүмкүн.

2. Орой адамдарга акылмандык менен мамиле кылууга кайсы аяттар жардам берет?

2 Орой сүйлөгөндөрдүн баары эле жакшы кабарды четке кага бербейт. Турмушунда өзгөчө оор жагдайларга же көңүл кайттылыкка кабылгандан улам адамдар көрүнгөнгө атырыла бериши мүмкүн (Насаатчы 7:7). Көптөрдүн одоно сүйлөгөнүнө жашаган жана иштеген чөйрөсү таасир этет. Биз Ыйсанын жолдоочулары катары адамдардын антип сүйлөгөнүн кубаттабасак да, бул алардын эмне үчүн орой сүйлөшөрүн түшүнүүгө жардам берет. Оройлукка кандай жооп кайтарышыбыз керек? Накыл сөздөр 19:11де: «Акыл-эстүү адам ачууга алдырбайт»,— деп айтылат. Ал эми Римдиктерге 12:17, 18-аяттарда бизге: «Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле... Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула»,— деген кеңеш берилет.

3. Тынчтыкка умтулуунун биз тараткан кабар менен кандай байланышы бар?

3 Эгерде чындап тынчтыкка умтулсак, бул биздин маанайыбыздан көрүнүп турат. Ошондой эле ал сөздөрүбүздөн, иш-аракетибизден, жүзүбүздөн жана үнүбүздүн тонунан байкалат (Накыл сөздөр 17:27). Ыйса элчилерин кабар айтууга жөнөтүп жатып мындай деген: «Үйгө киргенде, саламдашып: „Бул үйгө тынчтык келсин!“ — дегиле. Эгерде ал үйдө тынчтыкты кабыл алууга татыктуулар болсо, тынчтыгыңар аларга келет. Эгерде татыктуулар жок болсо, тынчтыгыңар өзүңөргө кайтып келет» (Матай 10:12, 13). Биз тараткан кабар — жакшы кабар. Ыйык Китепте ал «тынчтык жөнүндөгү Жакшы Кабар», «Кудайдын ырайымы жөнүндөгү Жакшы Кабар» жана «Асман Падышачылыгы жөнүндөгү... Жакшы Кабар» деп аталат (Эфестиктерге 6:15; Элчилер 20:24; Матай 24:14). Биздин максатыбыз башка бирөөнүн ишенимин сынга алуу же аны менен көзкараштары тууралуу талашуу эмес, Кудайдын Сөзүндөгү жакшы кабарды бөлүшүү.

4. Эмне үчүн келгениңди түшүндүргөнгө чейин эле, кимдир бирөө: «Мен буга кызыкпайм»,— дегенде, эмне десең болот?

4 Кээде үй ээси угуп-укпай эле: «Мен буга кызыкпайм»,— деп кесе айтышы мүмкүн. Көп учурда андай адамга: «Мен Ыйык Китептен бул кыска аятты эле окуп берейин дегем»,— деп айтса болот. Буга ал каршы болбошу ыктымал. Башка учурларда: «Мен сизге адилетсиздик болбой турган жана адамдардын баары бири-бирин сүйүүгө үйрөнө турган заман жөнүндө айтып берейин дегем»,— деп айтуу орундуу болушу мүмкүн. Эгер үй ээси көбүрөөк билүүнү каалаарын ошол замат билдирбесе, анда: «Бирок бул учур сиз үчүн ылайыктуу эмес көрүнөт»,— деп кошумчаласаң болот. Үй ээси орой жооп берсе, аны татыксыз деп тыянак чыгарышыбыз керекпи? Ал кандай жооп бербесин, «бардыгына кичи пейилдик менен мамиле кылышыбыз» керектигин унутпа (2 Тиметейге 2:24).

Тескери жолдо жүрүп, башкаларды кордогон

5, 6. Шабыл Ыйсанын жолдоочуларына кандай мамиле кылган жана эмне үчүн?

5 Биринчи кылымда жашаган Шабыл аттуу бир адам орой сүйлөгөндүгү, атүгүл зомбулукчул болгону менен таанылуу болгон. Ыйык Китепте анын Ыйсанын «шакирттерин коркутууну жана өлтүрүүнү каалап» жүргөнү айтылат (Элчилер 9:1, 2). Кийинчерээк ал өзүнүн «Кудайга тил тийгизгенин, Ыйсага ишенгендерди куугунтуктаганын, кордогонун» мойнуна алган (1 Тиметейге 1:13). Балким, ал убакта туугандарынын айрымдары Ыйсанын жолдоочуларынан болуп калышкандыр. Бирок жалпы эле Машайактын шакирттерине кандай мамиле кылганы жөнүндө Шабыл өзү: «Аябай ачууланып, аларды башка шаарларда да куугунтуктадым»,— деп айткан (Элчилер 23:16; 26:11; Римдиктерге 16:7, 11). Шабыл өзүн ошондой алып жүргөндө, шакирттердин аны менен талашып-тартышууга аракеттенгенин көрсөткөн эч кандай билдирүү жок.

6 Шабыл эмне үчүн өзүн ошондой алып жүргөн? Бир канча жылдан кийин ал: «Мен буларды билбестиктен жана ишенбегендиктен кылгам»,— деп жазган (1 Тиметейге 1:13). Ал «ата-бабаларынын мыйзамын тырышчаактык менен үйрөнгөн» фарисей болгон (Элчилер 22:3). Шабылдын устаты Гамалиел эстүү, сабырдуу адам болгону менен, Шабыл менен тыгыз байланышта болгон башкы ыйык кызмат кылуучу Кайапа өзүнүкүн бербеген адам болчу. Ыйса Машайакты өлтүрүү үчүн түзүлгөн пландын башында Кайапа турган (Матай 26:3, 4, 63—66; Элчилер 5:34—39). Андан кийин ал Ыйсанын элчилерин сабатып, аларга Ыйсанын атынан кабар айтууга катуу тыюу салган. Ээ-жаа бербеген сезимдерге жетеленип, Степанды ташбараңга алып өлтүргөн Синедрионго да Кайапа төрагалык кылган (Элчилер 5:27, 28, 40; 7:1—60). Шабыл Степандын ташбараңга алынып жатканын карап турган жана Кайапа ага Ыйсанын жолдоочуларын Дамасктан колго түшүрүп, аларды тыюуга андан ары иш-аракет жүргүзүүгө укук берген (Элчилер 8:1; 9:1, 2). Мындай таасирден улам Шабыл ошол аракеттери анын Кудайга болгон берилгендигин далилдейт деп ойлогон, бирок анын ишеними чыныгы болгон эмес (Элчилер 22:3—5). Ушундан улам Шабыл Ыйсанын чыныгы Мессия экенин түшүнгөн эмес. Бирок тирилтилген Ыйса ага Дамаскка бараткан жеринен керемет жолу менен кайрылганда, Шабыл акылына келген (Элчилер 9:3—6).

7. Дамаскка баратып Ыйса менен жолугушкандан кийин Шабыл эмне болгон?

7 Андан көп өтпөй Шабылга кабар айтууга Анания деген шакирт жөнөтүлгөн. Ал тапшырма сага берилсе, даярдуулук менен аткарат белең? Анания чочуласа да, Шабылга жылуу-жумшак сүйлөгөн. Дамаскка баратып Ыйса менен кереметтүү түрдө жолугушкандан кийин Шабылдын көзкарашы түп тамырынан өзгөргөн (Элчилер 9:10—22). Кийин ал элчи Пабыл деп аталып, ынталуу миссионер болуп кызмат кылган.

Жоош, бирок кайраттуу

8. Ыйса күнөөкөр адамдарга мамиле кылууда Атасын кантип туураган?

8 Ыйса Падышалык жөнүндөгү кабарды ынталуу жарыялап, адамдарга жасаган мамилесинде жоош, бирок кайраттуу болгон (Матай 11:29). Ал ыймансыздарды жаман жолдорунан бурулууга чакырган асмандагы Атасынын рухун чагылдырган (Ышайа 55:6, 7). Күнөөкөрлөр менен жолугушканда ал алардын оңолушу мүмкүн экенине далилдерди байкаган да, андай адамдарды бекемдеген (Лука 7:37—50; 19:2—10). Башкаларга сырткы көрүнүшүнө карап эле баа бербей, Ыйса алардын тобо кылышына үмүттөнүп, Атасынын айкөлдүгүн, сабырдуулугун жана чыдамдуулугун туураган (Римдиктерге 2:4). Жахаба бардык адамдардын өкүнүшүн жана куткарылышын каалайт (1 Тиметейге 2:3, 4).

9. Ышайа 42:1—4-аяттардын Ыйсанын үстүнөн аткарылганынан эмнени биле алабыз?

9 Инжилди жазгандардын бири Матай Жахабанын Ыйса Машайак жөнүндө кандай көзкарашта экенин көрсөтүп, мындай пайгамбарлык сөздөрдү цитата кылган: «Мына, Менин тандап алган Кулум, Менин Сүйүктүүм, Мен ага ыраазымын. Мен Ага Өзүмдүн Рухумду берем, Ал элдерге акыйкаттыкты жар салат. Ал кыйкырбайт, үнүн көтөрбөйт, көчөдөн Анын үнүн укпайсың. Акыйкаттыкты жеңишке жеткирмейинче, чала сынган камышты сындырып салбайт, түтөп жаткан чырактын билигин өчүрүп салбайт. Анын ысымына элдер үмүттөнүшөт» (Матай 12:17—21; Ышайа 42:1—4). Ошол пайгамбарлык сөздөргө ылайык, Ыйса чыр-чатактарга аралашкан эмес. Кысымга алынганда да ал чындыкты жүрөгү таза адамдарды өзүнө тарткыдай маанайда сүйлөгөн (Жакан 7:32, 40, 45, 46).

10, 11. а) Фарисейлер Ыйсанын эң айыгышкан каршылаштарынан болушса да, эмне үчүн ал кээ бирлерине кабар айткан? б) Ыйса каршылаштарына кээде кантип жооп берчү, бирок ал эмне кылган эмес?

10 Жерде кызмат кылып жүргөндө Ыйса көп фарисейлер менен сүйлөшкөн. Алардын кээ бирлери аны сөзүнөн кармоого аракеттенишсе да, Ыйса баарынын ниети арам деп тыянак чыгарып койгон эмес. Шымон, анча-мынча сынчыл келген фарисей, сыягы, жакыныраак таанышууну каалап, Ыйсаны тамакка чакырган. Ыйса макул болуп аныкына барган да, чогулгандардын баарына кабар айткан (Лука 7:36—50). Башка бир учурда Никедим деген белгилүү фарисей Ыйсага түн жамынып келген. Караңгы киришин күтүп отурганы үчүн Ыйса аны жемелеген эмес. Тескерисинче, ал Никедимге Кудайдын ишеним көрсөткөндөрдүн куткарылышына жол ачуу үчүн Уулун жөнөтүп, сүйүү көрсөткөнү жөнүндө күбөлөндүргөн. Ошондой эле Кудайдын иш-чарасына баш ийүүнүн маанилүүлүгүн да жылуу-жумшак баса көрсөткөн (Жакан 3:1—21). Кийинчерээк башка фарисейлер Ыйса жөнүндө айтылган жакшы сөздү терс кабыл алышканда, Никедим Ыйсанын таламын талашкан (Жакан 7:46—51).

11 Ыйса аны тузакка түшүрүүгө аракеттенгендердин экижүздүүлүгүн байкабай калган эмес. Ал каршылаштарынын аны пайдасыз талаштарга аралаштырышына жол берген эмес. Бирок орундуу болгондо, ал кайсы бир принципти айтып, көрсөтмөлүү мисал колдонуп же Ыйык Жазмадан үзүндү келтирип, кыска, нуска жооп берген (Матай 12:38—42; 15:1—9; 16:1—4). Ал эми эч майнап чыкпасына көзү жетип турган учурларда унчукпай эле койчу (Марк 15:2—5; Лука 22:67—70).

12. Адамдар кыйкырган учурларда да Ыйса аларга кантип жардам берген?

12 Кээде Ыйсага жин оорулуу адамдар кыйкырышкан. Андай учурларда ал өзүн кармай билген, атүгүл Кудайдан алган күчүн аларды айыктырууга колдонгон (Марк 1:23—28; 5:2—8, 15). Кабар айтып жүргөнүбүздө кимдир бирөөлөр ачууланып кыйкырса, биз да өзүбүздү кармап, жагдайды жумшактык жана сылыктык менен чечүүгө аракеттенишибиз керек (Колостуктарга 4:6).

Үй-бүлөдө

13. Эмне үчүн кээде Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган адамга үй-бүлөсүндөгүлөр каршылык көрсөтүшөт?

13 Ыйсанын жолдоочуларына көп учурда үй-бүлөсүндө өздөрүн кармай билүү керек болот. Ыйык Китептеги чындык адамдын жүрөгүнө күчтүү таасир эткенде, ал үйүндөгүлөрдүн да чындыкты ошондой кабыл алышын абдан каалайт. Бирок, Ыйса айткандай, үйүндөгүлөр каршылык көрсөтүшү мүмкүн (Матай 10:32—37; Жакан 15:20, 21). Буга ар кандай нерселер себеп болот. Мисалы, Ыйык Китеп бизге чынчыл, жоопкерчиликтүү жана сылык-сыпаа болууга жардам бергенден тышкары, бизди Жаратканыбыздын алдындагы жоопкерчилигибиз дайыма биринчи орунда турушу керектигине да үйрөтөт (Насаатчы 12:1, 13; Элчилер 5:29). Жахабага берилгендик көрсөтүүбүздөн улам үй-бүлөбүздүн кайсы бир мүчөсү өзүнүн таасири мурдагыдай болбой калды деп ойлоп, таарынышы мүмкүн. Мындай жагдайда Ыйсаны туурап, өзүбүздү кармай билгенибиз кандай гана маанилүү! (1 Петир 2:21—23; 3:1, 2).

14—16. Башында чындыкка каршы болгондордун кээ бирлеринин өзгөрүлүшүнө эмне түрткү берген?

14 Азыр Жахабага кызмат кылып жаткан көптөгөн биртуугандар Ыйык Китепти изилдөө менен жашоолорун өзгөртө баштаганда, жубайлары же башка жакын адамдары башында каршы болгон. Алар, сыягы, Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө туура эмес маалымат угушкан же Күбөлөр үй-бүлөгө терс таасир тийгизет деп чочулашкан. Көзкарашын өзгөртүүгө аларга эмне түрткү берген? Көп учурларда жакшы үлгүнүн ролу чоң болгон. Чындыкка келген адам жыйналыш жолугушууларына жана кызматка үзгүлтүксүз катышуу менен бирге үй-бүлөлүк жоопкерчиликтерин жакшы аткарып, кемсинтилгенине, кордолгонуна карабай өзүн кармай билип, Ыйык Китептеги кеңештерди туруктуулук менен колдонгондон улам кээде үй-бүлөдөгү каршылык басаңдаган (1 Петир 2:12).

15 Каршы болгон адамга көзкарашыбызды Ыйык Китептин негизинде түшүндүрүп берүүгө аракеттенгенде, ал алдын ала терс ойдо болгондуктан же бойкөтөрүүчүлүктөн улам угуудан баш тартышы мүмкүн. Мисалга АКШдагы мурда өзүн журтсүйөр (патриот) деп эсептеген бир адамды алалы. Бир жолу ал, аялы жыйынга кеткенде, кийимдеринин баарын алып, кетип калган. Башка бир учурда болсо, колуна курал алып, үйдөн өзүмдү өзүм өлтүрөм деп чыгып кеткен. Ал өзүнүн акылга сыйбас жүрүм-туруму үчүн аялынын динин күнөөлөгөн. Буга карабастан аялы ыйык китептик кеңештерди колдонууга умтула берген. Ал Жахабанын Күбөсү болгондон 20 жыл өткөндөн кийин, күйөөсү да чындыкка келген. Албанияда бир аял кызынын Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, анан чөмүлтүлгөнүнө ачууланып жүргөн. Ал 12 жолу кызынын Ыйык Китебин жок кылган. Бир күнү ал кызы үстөлгө коюп кеткен жаңы Ыйык Китепте Матай 10:36дагы сөздөрдү кокусунан окуп калып, ал жерде айтылгандар өзүнө тиешелүү экенин түшүнгөн. Ошентсе да санаасы тынчыбай, башка Күбөлөр менен Италияга жыйынга кетип бараткан кызын кемелер токтоочу жайга чейин узатып барган. Жыйынга бараткан биртуугандардын сүйүүсүн, кучакташып, жылмайып жатышканын көргөндө жана кубанычтуу күлкүлөрүн укканда, анын ою өзгөрө баштаган. Андан көп өтпөй ал Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон. Бүгүн ал өзү сыяктуу башка адамдарга жардам берүүгө умтулууда.

16 Бир жолу бир киши колуна бычак кармап, Падышалык залына келаткан аялынын алдынан чыгып, аны жаман сөздөр менен айыптап кирген. Аялы: «Падышалык залына өзүң кирип, баарын өз көзүң менен көрчү»,— деп жылуу-жумшак жооп берген. Ал макул болгон, ал эми кийин жыйналыштын аксакалы болуп дайындалган.

17. Кээде баары чындыкта болгон үй-бүлөдөгү жагдай чыңала түшкөндө, ыйык китептик кайсы кеңештерди колдонуу зарыл?

17 Үйдөгүлөрүбүздүн баары чындыкта болгон күндө да, жеткилеңсиздиктен улам кээде үй-бүлөдөгү жагдай чыңалып, бири-бирибизге катуу сүйлөп алышыбыз мүмкүн. Көңүл бура турган нерсе, Ыйсанын байыркы Эфестеги жолдоочуларына: «Кыжырдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, заар тилден жана бардык жаман нерселерден арылгыла»,— деген кеңеш берилген (Эфестиктерге 4:31). Сыягы, Ыйсанын Эфестеги жолдоочуларына курчап турган чөйрө, өздөрүнүн жеткилеңсиздиги жана айрым учурларда мурда өткөргөн жашоо мүнөзү таасир тийгизген. Өзгөрүлүүгө аларга эмне жардам бермек? Ал биртуугандар өздөрүнүн «акыл-оюн жаңыртып турушу керек» болчу (Эфестиктерге 4:23). Алар Кудай Сөзүн изилдегенде, анын өздөрүнүн жашоосуна кандай таасир этиши керектиги жөнүндө ой жүгүрткөндө, ишенимдештери менен пикир алышканда жана жалындуу тиленишкенде, Кудайдын рухунун жемиши алардын жашоосунан айкыныраак көрүнмөк. Алар «бири-бирине кайрымдуу, боорукер болууга», Кудай аларды «Машайак аркылуу кечиргендей, бири-бирин кечирүүгө» үйрөнүүгө муктаж болушкан (Эфестиктерге 4:32). Башкалар эмне кылбасын, биз өзүбүздү кармай билип, кайрымдуу, боорукер, кечиримдүү болушубуз керек. Биз «жамандыкка жамандык менен жооп бербешибиз» кажет (Римдиктерге 12:17, 18). Кудайды туурап, чыныгы сүйүү көрсөтүү дайыма туура (1 Жакан 4:8).

Ыйсанын бардык жолдоочулары үчүн кеңеш

18. Эмне үчүн байыркы Эфестеги аксакалга 2 Тиметейге 2:24төгү кеңеш берилген жана ал кеңеш кандайча Ыйсанын бардык жолдоочулары үчүн пайдалуу?

18 «Жамандыкка учураганда өзүбүздү кармай билүүгө» карата берилген кеңеш Ыйсанын бардык жолдоочуларына тиешелүү (2 Тиметейге 2:24, «ЖД»). Бирок башында ал кеңеш Эфесте аксакал болуп кызмат кылып жүргөн Тиметейге берилген. Ал жердеги жыйналышта айрымдар өз көзкараштарына көп көңүл буруп, туура эмес нерселерди окутушкан. Мусанын мыйзамынын максатын толук түшүнбөгөндүктөн, алар ишенимдин, сүйүүнүн жана таза абийирдин маанилүүлүгүн баамдашкан эмес. Алар Машайактын окууларынын маңызын жана Кудайга берилгендиктин маанилүүлүгүн түшүнбөй, бири-бири менен талашып-тартышкан, натыйжада текебердиктен чыр-чатактар пайда болгон. Мындай жагдайды чечүү үчүн, Тиметей Ыйык Жазмадагы чындыкка бекем кармануу менен бирге ишенимдештерине жумшак мамиле кылууга тийиш болгон. Бүгүнкү күндөгү аксакалдарга окшоп, Тиметей жыйналыш өзүнө таандык эмес экенин жана башкалар менен мамилелешүүдө аларды сүйүүгө, биримдикке үндөшү керектигин билген (Эфестиктерге 4:1—3; 1 Тиметейге 1:3—11; 5:1, 2; 6:3—5).

19. Баарыбыздын «момундукту издегенибиз» эмне үчүн маанилүү?

19 Кудай өзүнүн элин «момундукту издөөгө» үндөйт (Сепания 2:3). «Момундук» деп которулган эврей сөзү адамга таарынычты чыдамдуулук менен, кыжырданбай жана өч алууга умтулбай көтөрүүгө жардам берген маанайды билдирет. Эмесе, оор жагдайларда да өзүбүздү кармай билип, Жахабанын татыктуу өкүлдөрүнөн болушубуз үчүн, ага жалындуу тиленип, андан жардам сурайлы.

Эмнелерди билдиңер?

• Кимдир бирөө кордогондо, силерге кайсы аяттар жардам берет?

• Эмне үчүн Шабыл Ыйсанын жолдоочуларын куугунтуктаган?

• Кандайча Ыйсанын үлгүсү бизге бардык адамдарга жакшы мамиле кылууга түрткү берет?

• Үйдөгүлөрүбүз менен сүйлөшүүдө өзүбүздү кармай билгенибиз кайсы жактардан пайдалуу?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги сүрөт]

Шабылдын мурун кандай болгонуна карабай, Анания ага боорукердик менен мамиле кылган.

[17-беттеги сүрөт]

Өз милдеттерибизди ишенимдүү аткаруу үй-бүлөдөгү каршылыкты басаңдата алат.

Ыйсанын жолдоочулары сүйүүгө жана биримдикке умтулушат.