Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын жолдорун таанып-билүү

Жахабанын жолдорун таанып-билүү

Жахабанын жолдорун таанып-билүү

«Сени таанып билишим үчүн... мага Өз жолуңду ач» (Чыгуу 33:13).

1, 2. а) Муса эврейлердин бирин кордоп жаткан мисирликти эмне үчүн өлтүрүп салган? б) Жахабанын кызматына жарактуу болуш үчүн, Муса эмнени үйрөнүшү керек эле?

МУСА фараондун үй-бүлөсүндө тарбияланып, Мисирдин ак сөөктөрү ээ болгон акылмандыкка үйрөтүлгөн. Бирок ал өзүнүн мисирлик эмес экенин билчү. Анын ата-энеси эврей болгон. Кырк жашында Муса биртуугандарын, ысрайылдыктарды, көрүп келүүгө чыккан. Ал бир мисирликтин эврейлердин бирин кордоп жатканын көргөндө, кайдыгер карап тура албай, мисирликти өлтүрүп салган. Жахабанын эли тарапта болууну чечкен Муса Кудай аны биртуугандарын куткаруу үчүн колдонуп жатат деп ойлогон (Элчилер 7:21—25; Эврейлерге 11:24, 25). Бул окуя тууралуу билингенде, Мисирдин ак сарайындагылар Мусаны козголоңчу катары көрө баштагандыктан, ал жанын аман алып калуу үчүн качууга аргасыз болгон (Чыгуу 2:11—15). Кудай Мусаны колдоно турган болсо, анда ал Жахабанын жолдорун жакшыраак таанып-билиши керек эле. Муса үйрөнүүгө даяр болобу? (Забур 24:9).

2 Кийинки 40 жылды Муса качкын жана койчу болуп өткөргөн. Эврей биртуугандары аны ачык эле баркка албай койгондо, Муса көңүл кайтылыкка алдырбай, Кудай жол берген жагдайга моюн сунган. Ал көрүнүксүз абалда көп жыл өткөрүп, өзүн Жахабанын калыпташына жол берген. Өзүнүн оюнан эмес, Кудайдын ыйык рухунун таасири астында ал кийинчерээк: «Муса жер үстүндөгү бардык адамдардын ичинен эң момун адам болгон»,— деп жазган (Сандар 12:3). Жахаба Мусаны укмуштай колдонгон. Момундукка умтулсак, Жахаба бизге да батасын берет (Сепания 2:3).

Мусага тапшырма берилет

3, 4. а) Жахаба Мусага кандай тапшырма берген? б) Мусага кандай жардам караштырылган?

3 Бир күнү Синай жарым аралындагы Хореп тоосунун жанынан Мусага бир периште көрүнүп, Жахабанын атынан мындай деген: «Мен Өз элимдин Мисирде тарткан азабын көрдүм, башкаруучулардан кордук көрүп, боздогон үнүн уктум. Мен анын кайгысын билем. Мен аны мисирликтердин колунан куткаруу үчүн, бул жерден алып чыгып, сүт менен бал аккан жакшы, кенен жерге... алып баруу үчүн келдим» (Чыгуу 3:2, 7, 8). Кудай Мусага ушуга байланышкан тапшырма бермек, бирок аны Жахаба буйругандай аткаруу керек болчу.

4 Андан ары Жахабанын периштеси: «Мен сени фараонго жиберем. Мисирден менин элимди, Ысрайыл уулдарын, алып чык»,— деген. Муса олку-солку болуп, тапшырманы аткарууга өзүн жөндөмсүз сезген. Ооба, аны өз күчү менен аткара алмак эмес. Бирок Жахаба Мусаны: «Мен сени менен болом»,— деп бекемдеген (Чыгуу 3:10—12). Жахаба Мусаны чын эле Өзү жөнөткөнүнө далил кылып, ага кереметтүү жышаандарды көрсөтүүгө күч берген. Арун биртууганы болсо анын атынан сүйлөп, аны коштоп жүрмөк. Жахаба аларга эмне айтуу, эмне кылуу керектигин үйрөтмөк (Чыгуу 4:1—17). Муса бул тапшырманы ишенимдүү аткарабы?

5. Эмне үчүн ысрайылдыктардын маанайы Мусага кыйынчылык туудурган?

5 Ысрайылдын аксакалдары башында Муса менен Арунга ишенишерин билдиришет (Чыгуу 4:29—31). Бирок көп өтпөй «Ысрайыл уулдарынан коюлган көзөмөлдөөчүлөр» Муса менен анын агасын «бизди фараонго жана анын кулдарына жек көрүндү кылдыңар» деп күнөөлөшкөн (Чыгуу 5:19—21; 6:9). Ысрайылдыктар Мисирден чыккандан кийин, мисирликтердин арабалары менен кууп келатканын көрүп, аябай коркушкан. Алдыда Кызыл деңиз жатканын, артта болсо согуш арабалары жакындап келатканын көрүп ысрайылдыктар камалып калдык деп ойлоп, Мусаны күнөөлөп киришкен. Ал жерде сен да болсоң, эмне кылат элең? Кайыктары жок болсо да, Жахабанын көрсөтмөсү боюнча, Муса элди жолго чыгууга камданууга үндөгөн. Анан Кудай Кызыл деңизди экиге бөлгөндө, ысрайылдыктар ачылган жол менен, деңиздин кургак түбү менен өтүп кетишкен (Чыгуу 14:1—22).

Куткарылуудан да маанилүү нерсе

6. Мусага тапшырма берүүдө Жахаба эмнени баса белгилеген?

6 Мусага тапшырма берүүдө Жахаба өз ысмынын маанилүүлүгүн баса белгилеген. Ошол ысымга жана анын Ээсине урмат көрсөтүү өтө маанилүү болчу. Муса атын сураганда, Жахаба: «Мен Бар Болуп Туруучумун (Жахабамын)»,— деп айткан. Муса Ысрайыл уулдарына: «Теңир [«Жахаба», «ЖД»], силердин ата-бабаңардын Кудайы — Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайы мени силерге жиберди»,— деп айтууга тийиш болгон. Жахаба: «Бул менин кылымдан кылымга, укумдан-тукумга белгилүү болгон ысымым»,— деп кошумчалаган (Чыгуу 3:13—15). Кудай азыр да өзүнүн жер жүзүндөгү кызматчыларына Жахаба деген ысмы менен белгилүү (Ышайа 12:4, 5; 43:10—12).

7. Фараондун текебердигине карабай, Кудай Мусаны эмне кылууга үндөгөн?

7 Муса менен Арун фараонго келип, Жахабанын атынан кабар айтышкан. Бирок фараон текебердик менен: «Мен Аны угуп, Ысрайылды коё бергидей, Теңир [«Жахаба», «ЖД»] ким экен? Мен Теңирди [«Жахабаны», «ЖД»] билбейм, Ысрайылды да коё бербейм»,— деген (Чыгуу 5:1, 2). Фараон ташбоор жана митаам адам экенин көрсөтсө да, Жахаба Мусаны Анын кабарын фараонго кайра-кайра айтууга үндөгөн (Чыгуу 7:14—16, 20—23; 8:1, 2, 20). Муса фараондун ачууланганын көрсө эле керек. Ага кайра баруудан майнап чыкмакпы? Куткарылуу дегенде ысрайыл элинин эки көзү төрт болуп турган. Фараон болсо айтканынан кайтпай көгөргөн. Мусанын ордунда болсоң, эмне кылат элең?

8. Жахабанын фараонго байланыштуу жагдайды кандайча чечкени кандай пайда алып келген жана ошол окуялар бизге кандай таасир этиши керек?

8 Муса фараонго дагы бир кабар менен кайрылып: «Эврейлердин Кудай-Теңири мындай дейт: „Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын“»,— деген. Кудай мындай деп да айткан: «Бул жолу Мен сени, кулдарыңды жана элиңди катуу жазалайм, ошондо сен бүт жер үстүндө Мага теңдеш эч ким жок экенин билесиң. Эгерде Мен колумду сунсам, анда сен элиң менен кошо жугуштуу оорудан кырылмаксың, жер бетинен жок болмоксуң. Бирок сага Өзүмдүн күчүмдү көрсөтүш үчүн, Менин ысымым бүт жер жүзүндө белгилүү болуш үчүн, Мен сага тийген жокмун» (Чыгуу 9:13—16). Жахаба ташбоор фараонго чыгарган өкүмүн ишке ашырып, өзүнүн күчүн Ага баш ийбегендерге сабак болгудай көрсөтүүгө ниеттенген. Алардын катарына кийин Ыйса Машайак «дүйнөнүн төрөсү» деп атаган Шайтан Ибилис кирмек (Жакан 14:30; Римдиктерге 9:17—24). Алдын ала айтылгандай, Жахабанын ысмы жер жүзүнө белгилүү болуп даңкталган. Анын эбегейсиз чыдамдуулугу ысрайылдыктардын жана ар кайсы уруудан Жахабага сыйынууга кошулган көп сандаган адамдардын куткарылышына алып келген (Чыгуу 9:20, 21; 12:37, 38). Ошондон бери Жахабанын ысмы жарыяланып келаткандыктан, чыныгы сыйынууга дагы миллиондогон адамдар кошулган.

Тоң моюн элди башкаруу

9. Муса жетектеген эл Жахабаны урматтабаганын кантип көрсөткөн?

9 Эврейлер Кудайдын ысмын билишкен. Муса аны аларга кайрылып сүйлөгөндө колдонгон, бирок ал эл ал ысымдын Ээсине дайыма эле тийиштүү урмат көрсөтө беришкен эмес. Жахаба ысрайылдыктарды Мисирден керемет жолу менен алып чыккандан көп өтпөй, ичкенге жарактуу суу алар каалагандай бат табылбаганда эмне болгон? Алар Мусага наалып киришкен. Кийин тамак-ашка байланыштуу нааразылык айтышкан. Муса алардын ага жана Арунга эле эмес, Жахабага наалып жатышканын эскерткен (Чыгуу 15:22—24; 16:2—12). Синай тоосунун этегинде Жахаба ысрайылдыктарга Мыйзам берген жана бул табияттан тышкаркы көрүнүштөр менен коштолгон. Бирок эл тил албастык кылып, сыйынууга алтын музоо жасашкан да, Жахабага арнап майрам уюштуруп жатабыз дешкен (Чыгуу 32:1—9).

10. Мусанын Чыгуу 33:13тө жазылган өтүнүчүнө эмне себептен бүгүн Ыйсаны жолдогон аксакалдар өзгөчө көңүл бурушат?

10 Муса Жахаба өзү тоң моюн деп сыпаттаган элди кантип башкарышы керек эле? Ал Жахабага: «Эгерде мен Сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, анда өтүнөм: Сени таанып билишим үчүн, Сенин алдыңда ырайым табышым үчүн, мага Өз жолуңду ач»,— деп жалбарган (Чыгуу 33:13). Жахабанын азыркы Күбөлөрүнө кам көргөн аксакалдар алда канча момун оторду кайтарышат. Ошондой болсо да, алар да: «Теңир, мага Өз жолуңду көрсөт, Өз жолуңда жүргөндү үйрөт»,— деп тиленишет (Забур 24:4). Жахабанын жолдорун билүү аксакалдарга бардык жагдайларды Кудайдын Сөзүнө ылайык жана Анын касиет-сапаттарын чагылдыруу менен чечүүгө жардам берет.

Жахаба өз элинен эмне талап кылат?

11. Жахаба Мусага кандай көрсөтмөлөрдү берген жана эмне себептен алар биз үчүн кызыктуу?

11 Жахаба өз элинен эмне талап кыларын Синай тоосунун этегинде оозеки айткан. Кийинчерээк Муса Он осуят жазылган эки таш лоокту алган. Тоодон түшүп келатканда ал ысрайылдыктардын жасалма музоого табынып жатканын көрүп, каары кайнап, таш лоокторду талкалап салган. Жахаба Он осуятты Муса жылмалап чыккан таш лоокторго кайрадан жазып берген (Чыгуу 32:19; 34:1). Бул осуяттар биринчи берилген осуяттардан айырмаланган эмес. Муса аларга ылайык иш кылууга тийиш болгон. Кудай Мусага Өзүнүн кандай экенин да ачып берип, анын өкүлү катары өзүн кандай алып жүрүшү керектигин көрсөткөн. Ыйсанын жолдоочулары Мусанын мыйзамына баш ийүүгө милдеттүү эмес, бирок Жахабанын Мусага айткандарында көптөгөн негизги принциптер камтылат. Ал принциптер өзгөрүлгөн жок жана аларды Жахабага сыйынгандар бүгүнкү күнгө чейин колдонушат (Римдиктерге 6:14; 13:8—10). Келгиле, алардын айрымдарын карап көрөлү.

12. Жахабанын толук берилгендикти талап кыларын билген ысрайыл эли эмне кылууга тийиш болгон?

12 Жахабага толук берилгендик менен кызмат кыл. Ысрайыл эли Жахабанын толук берилгендикти талап кыларын жарыялаганын уккан (Чыгуу 20:2—5). Алар Жахабанын чыныгы Кудай экенине көп сандаган далилдерди көрүшкөн (Мыйзам 4:33—35). Башка элдер эмне менен алек болбосун, Жахаба өз элинин бурканга табынуучулукка же спиритизмге аралашуусуна чыдабай турганын айкын билдирген. Алардын Кудайга болгон берилгендиги ооз жүзүндө эле болбой, баары Жахабаны чын жүрөгү, жан-дили, бардык күч-кубаты менен сүйүүгө милдеттүү болушкан (Мыйзам 6:5, 6). Муну алар жашоосунун бардык тармактарында сүйлөгөн сөздөрү, жүрүм-туруму менен көрсөтүүгө тийиш эле (Лебилер 20:27; 24:15, 16; 26:1). Жахаба өз элинен толук берилгендикти талап кыларын Ыйса Машайак да тастыктаган (Марк 12:28—30; Лука 4:8).

13. Эмне үчүн ысрайылдыктар Кудайга дайыма тил алчаак болууну убадалашкан жана Анын тилин алууга бизге эмне түрткү бериши керек? (Насаатчы 12:13).

13 Жахабанын осуяттарын аткарууда дайым тил алчаак бол. Жахаба менен келишим түзгөндө ысрайыл эли ага дайым тил алууну убадалаган. Муну алардын эсине салып туруу керек болгон. Аларга кыйла эркиндик берилген, бирок Жахабанын осуяттарын аткарууга келгенде, толук тил алчаактык көрсөтүүгө тийиш болушкан. Ошентүү менен алар Кудайды сүйөрүн далилдеп, өздөрүнө да, укум-тукумуна да жакшылык кылышмак, анткени Жахабанын осуяттарынын баары алардын пайдасына берилген (Чыгуу 19:5—8; Мыйзам 5:27—33; 11:22, 23).

14. Кудай ысрайыл элине рухий иштерди биринчи орунга коюунун маанилүүлүгүн кантип баса белгилеген?

14 Рухий иштерди биринчи орунга кой. Ысрайылдыктар денелик муктаждыктарына кам көрүүнүн кесепетинен рухий иштерди унутуп калбоого тийиш болушкан. Алардын жашоосу күнүмдүк иштер менен эле өтүп калбашы керек эле. Жахаба аптанын ичинен бир күндү ыйык деп атап, аны чыныгы Кудайга сыйынууга байланыштуу иштерге гана арноону буйрук кылган (Чыгуу 35:1—3; Сандар 15:32—36). Жыл сайын өткөрүлүүчү ыйык жыйындар үчүн да кошумча убакыт бөлүү кажет болгон (Лебилер 23:4—44). Андай учурлар Жахабанын кубаттуу иштерин талкуулоого, анын жолдорун эске түшүрүүгө жана бардык жакшылыктары үчүн ага ыраазычылык билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген. Эл Жахабага берилгендик көрсөтүшсө, бул аларга Кудайдан коркууга, аны сүйүүгө жана анын жолдору менен жүрүүгө жардам бермек (Мыйзам 10:12, 13). Андай учурларда берилген көрсөтмөлөрдө камтылган принциптер Жахабанын бүгүнкү кызматчылары үчүн да пайдалуу (Эврейлерге 10:24, 25).

Жахабанын касиет-сапаттарын баамдоо

15. а) Жахабанын касиет-сапаттарын баамдоо эмне үчүн Мусага пайдалуу болгон? б) Жахабанын сапаттарынын ар бири тууралуу терең ой жүгүртүүгө кайсы суроолор жардам берет?

15 Мусага элди башкарууга Жахабанын касиет-сапаттарын баамдоо да жардам бермек. Чыгуу 34:5—7-аяттарда көрсөтүлгөндөй, Кудай Мусанын бет алдынан өтүп, мындай деп жарыялаган: «Теңир — пендесин сүйгөн [«айкөл», «ЖД»], ырайымдуу, чыдамдуу, абдан боорукер, адилеттүү, миңинчи тукумга чейин ырайым кыла турган, айыбын, кылмышын жана күнөөсүн кечире турган, бирок жазасыз калтырбай турган, ата-бабаларынын айыбы үчүн үчүнчү жана төртүнчү тукумуна чейинки балдарын жана балдарынын балдарын жазалай турган Кудай-Теңир». Ушул сөздөрдүн үстүнөн ой жүгүртүүгө убакыт бөл. Өзүңө мындай суроолорду берип көр: «Ар бир сапат эмнени билдирет? Жахаба аны кантип чагылдырган? Ыйсаны жолдогон аксакалдар бул сапатты кантип көрсөтө алышат? Кайсы бир сапат ар бирибиздин иш-аракетибизге кандай таасир этиши керек?» Айрым сапаттарга токтолуп көрөлү.

16. Кудайдын ырайымы жөнүндөгү түшүнүгүбүздү кантип тереңдетсек болот жана бул эмне үчүн маанилүү?

16 Жахаба — «айкөл, ырайымдуу» Кудай. Эгер «Жазманы түшүнүү» (англ.) эмгегин окууга мүмкүнчүлүгүң болсо, анда «Ырайым» («Mercy») деген аталыштагы макаланы окуп чыгууга эмне үчүн болбосун? Же ал теманы «Күзөт Мунарасынын адабияттар индексин» (ор.) же «Күзөт Мунарасынын китепканасы» (англ.) аттуу компакт-дискке салынган компьютердик программаны колдонуп изилдесең болот *. Ошондой эле, ырайым тууралуу айтылган аяттарды табуу үчүн, ыйык китептик симфонияны колдон. Алардан сен Жахабанын ырайымы кээде жазаны жеңилдетүүнү эле эмес, улуу боорукердик көрсөтүүнү да камтый турганын көрөсүң. Ырайымдуулугунан улам Кудай өз элине жардамга келүүгө даяр. Буга Анын Убадаланган жерге бараткан ысрайылдыктардын денелик жана рухий муктаждыктарына кам көргөнү далил (Мыйзам 1:30—33; 8:4). Алар күнөө кылганда, Жахаба ырайымдуулук жана кечиримдүүлүк көрсөткөн. Ал байыркы элине ырайымдуу болгон. Бүгүнкү күндө анын кызматчылары бири-бирине канчалык кечиримдүү болушу керек! (Матай 9:13; 18:21—35).

17. Жахабанын айкөлдүгүн түшүнгөнүбүз кандайча чыныгы сыйынуунун өркүндөшүнө өбөлгө түзөт?

17 Жахабанын ырайымы айкөлдүк менен байланыштуу. Сөздүктөн «айкөл» деген эмнени билдирерин карап көр. Ал аныктаманы Жахабанын айкөл экени айтылган аяттар менен салыштыр. Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, Жахабанын айкөлдүгү элинин арасындагы жардамга муктаж болгондорго сүйүү менен кам көрүүнү камтыйт (Чыгуу 22:26, 27). Бардык эле өлкөдө келгиндер жана башкалар жардамга муктаж болушу мүмкүн. Жахаба өз элин калыс болууга жана андай адамдарга боорукердик кылууга үйрөтүүдө өздөрүнүн да Мисирде келгин болушканын эскерткен (Мыйзам 24:17—22). Кудайдын бүгүнкү эли жөнүндө эмне айтууга болот? Айкөлдүк көрсөтүү биримдүү болушубузга жана башкаларды Жахабага тартууга өбөлгө түзөт (Элчилер 10:34, 35; Аян 7:9, 10).

18. Жахабанын башка элдердин жолдоруна байланыштуу берген көрсөтмөлөрүнөн эмнеге үйрөнсөк болот?

18 Бирок башка элдерге боорукердик көрсөтүүнүн натыйжасында ысрайылдыктар Жахабага жана анын адеп-ахлак нормаларына болгон сүйүүсүн жоготуп албашы керек болчу. Ошондуктан алар коңшу элдердин жолдорун үйрөнбөөгө, алардын диний үрп-адаттарын жана адеп-ахлаксыз жүрүм-турумун өздөштүрбөөгө тийиш болушкан (Чыгуу 34:11—16; Мыйзам 7:1—4). Ал көрсөтмөлөрдүн бизге да тиешеси бар. Кудайыбыз Жахаба ыйык, ошондуктан биз да ыйык эл болушубуз керек (1 Петир 1:15, 16).

19. Жахабанын күнөөгө болгон көзкарашын түшүнүү анын кызматчыларын кандайча коргойт?

19 Муса Жахабанын жолдорун түшүнүшү үчүн, Жахаба ага күнөөгө көз жумбаса да, чыдамдуу экенин айкын көрсөткөн. Кудай адамдарга Өзүнүн талаптарын таанып-билүүгө жана жашоолорун ошол талаптарга ылайык келтирүүгө убакыт берет. Айыпкер өкүнгөндө, Жахаба аны кечирет, бирок олуттуу күнөөлөрү үчүн тийиштүү түрдө жазалайт. Ал Мусага ысрайылдыктардын иштери келечек муундарга же жакшы, же жаман таасир тийгизерин эскерткен. Жахабанын жолдорун баамдап, алар үчүн ыраазы болгондор өздөрү себепкер болгон кыйынчылыктар үчүн Аны айыптоодон же кечиктирип жатат деп тыянак чыгаруудан качышат.

20. Ишенимдештерибизге жана кызматта жолуктурган адамдарга жакшы мамиле кылууга эмне жардам берет? (Забур 85:11).

20 Жахаба жана анын жолдору жөнүндөгү билимиңди тереңдетүүнү кааласаң, мындан ары да изилдөө жүргүз жана Ыйык Китепти окуганыңда ой жүгүрт. Жахабанын касиет-сапаттарынын ар кайсы сонун өзгөчөлүктөрүн кылдат изилде. Канткенде Кудайды туурап, жашооңду анын ой-ниетине дагы көбүрөөк дал келтире аларың тууралуу тиленүү менен ойлон. Бул сага тузакка түшпөөгө, ишенимдештериңе жакшы мамиле кылууга жана башкаларга кереметтүү Кудайыбызды таанып-билүүгө, сүйүүгө көмөктөшүүгө жардам берет.

[Шилтемелер]

^ 16-абз. Баары Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

Эмнелерди билдиң?

• Эмне себептен Мусага момундук керек болгон жана бизге эмне үчүн керек?

• Фараонго Жахабанын сөзүнүн кайра-кайра айтылганы кандай жакшы натыйжа берген?

• Мусага берилген мыйзамда чагылдырылган жана бизге да тиешеси бар маанилүү принциптердин айрымдары кайсылар?

• Жахабанын сапаттары жөнүндөгү түшүнүгүбүздү кантип тереңдете алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Муса фараонго Жахабанын сөзүн ишенимдүүлүк менен айткан.

[11-беттеги сүрөт]

Жахаба Мусага өз талаптарын ачып берген.

[12-беттеги сүрөт]

Жахабанын сапаттары тууралуу ой жүгүрт.