Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба Өзүнө таянгандарды коргойт

Жахаба Өзүнө таянгандарды коргойт

Жахаба Өзүнө таянгандарды коргойт

«Сенин ырайымың менен чындыгың мени дайыма коргоп жүрсүн» (Забур 39:12).

1. Дөөт падыша Жахабадан эмне кылышын суранган жана суранычына жооп алган деп эмне үчүн айтууга болот?

БАЙЫРКЫ Ысрайылдын падышасы Дөөт Жахабага «бекем ишенген». Ал Кудай жөнүндө: «Ал мага назар салып, менин зар-муңумду укту»,— деп айткан (Забур 39:2). Жахабанын өзүн сүйгөндөрдү коргогонуна Дөөт нечен ирет күбө болгон, ошондуктан андан өзүн дайыма коргоп жүрүшүн суранган (Забур 39:12). Азыр Дөөт «эң жакшы тирилүү» убадаланган жана Кудайга берилгендигин сактаган эркек-аялдардай эле коопсуз жайда — Жахабанын эстутумунда (Эврейлерге 11:32—35). Анын ысмы Жахабанын «эстелик китебинде» жазылгандыктан, ал өзүнө тийиштүү сыйлыгын аларына толук ишенсек болот (Малахия 3:16).

2. Жахабанын коргоосуна ээ болуу деген эмнени билдирерин түшүнүүгө Ыйык Жазма кандайча жардам берет?

2 Эврейлерге жазылган каттын 11-бөлүмүндө аталган Кудайдын берилген кызматчылары Ыйса жерге келгенче чейин жашашса да, жашоолорун анын: «Ким өз жанын сүйсө, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким бул дүйнөдө өз жанын жек көрсө, аны түбөлүк өмүр үчүн сактап калат»,— деген сөзүнө ылайык өткөрүшкөн (Жакан 12:25). Демек, Жахабанын коргоосуна ээ болуу деген азап-тозоктордон же куугунтуктардан толугу менен арылуу дегенди билдирбеси түшүнүктүү болуп турат. Жахаба адамды рухий жактан коргойт. Мындай коргоо адамга Кудайдын жактыруусунан айрылбоого жардам берет.

3. Жахабанын Ыйса Машайакты коргогону эмнеден көрүнүп турат жана бул кандай натыйжага алып келди?

3 Ыйса өзү да кордолгон жана куугунтукка алынган. Акырында аны душмандары шылдыңдап, кыйнап өлтүрүшкөн. Бирок бул Жахаба Мессияны куткарууга байланыштуу убадасына турган эмес дегенди билдирбейт (Ышайа 42:1—6). Азап тартып өлгөнүнөн үч күн өткөндөн кийин Ыйса тирилтилген. Бул Жахаба мурун Дөөттү уккандай эле аны да укканын тастыктап турат. Ыйсанын жардам тууралуу өтүнүчүнө жооп кайтарып Жахаба ага актыгын сактаганга күч берген (Матай 26:39). Натыйжада Ыйса асманда өлбөстүккө, ал эми анын куткаруу курмандыгына ишенген миллиондогон адамдар түбөлүк өмүр алуу үмүтүнө ээ болушту.

4. Ыйсанын майланган жолдоочулары менен «башка койлорго» кандай ынандыруу берилүүдө?

4 Жахаба, Дөөттү жана Ыйсаны коргогондой эле, азыр да өз кызматчыларын коргой аларына жана коргоону каалаарына шектенбесек болот (Жакып 1:17). Ыйсанын жердеги абдан аз калган майланган биртуугандары Жахабанын алар үчүн «асманда сакталган» жана «акыркы убакта айкын көрүнүүгө даяр турган куткарылууга ээ болуу үчүн» ишенимдери «аркылуу Кудайдын күчү менен корголуп» турган «чирибес, таза, соолгус мураска» байланыштуу убадасына ишене алышат (1 Петир 1:4, 5). Жерде жашоого үмүттөнгөн «башка койлор» да Кудайга жана анын забурда жазылган: «Теңирдин адил адамдары, Аны сүйгүлө. Ишенимдүүлөрдү Теңир сактайт»,— деген убадасына ишенишет (Жакан 10:16; Забур 30:24).

Рухий жактан коргоо

5, 6. а) Биздин күндөрдө Кудайдын эли кандай коргоого ээ? б) Ыйсанын майланган жана жерде жашоого үмүттөнгөн жолдоочулары Жахаба менен кандай мамиледе?

5 Жахаба азыркы күндөрдө өзүнүн элинин рухий жактан корголушуна кам көргөн. Ал кызматчыларын куугунтуктан же жашоодогу кыйынчылык-кырсыктардан коргобосо да, алар өзү менен тыгыз мамиледе болушу үчүн, кубаттап, жардам берип келет. Мындай мамилеге алардын Кудайдын сүйүүсүн чагылдырган куткаруу курмандыгына болгон ишеними негиз болот. Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын айрымдары Машайак менен бирге асманда бийлик кылуучулар катары ыйык рух менен майланган. Алар Кудайдын рухий уулдары жана ушунун негизинде адил деп жарыяланышкан. «Ал бизди караңгылыктын бийлигинен куткарып, сүйүктүү Уулунун падышачылыгына алып кирди. Биз Анын сүйүктүү Уулу аркылуу, Уулунун каны аркылуу куткарылдык жана күнөөлөрүбүз кечирилди»,— деген сөздөр ошолорго тиешелүү (Колосалыктарга 1:13, 14).

6 Ыйсанын башка миллиондогон ишенимдүү жолдоочулары да Кудай караштырган кундан пайда алышарына ишенишет. Ыйык Китепте: «Адам Уулу да Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, Өзү кызмат кылуу үчүн, Өз жанын берип, көптөрдү куткаруу үчүн келген»,— деп айтылат (Марк 10:45). Ыйсанын ал жолдоочулары «Кудайдын балдарынын даңктуу эркиндигине ээ болуша» турган учурду чыдамсыздык менен күтүшүүдө (Римдиктерге 8:21). Алар Кудай менен болгон достугун жогору баалашат жана аны бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшашууда.

7. Жахаба өзүнүн элинин рухий жыргалчылыгына кантип кам көрүүдө?

7 Жахаба өзүнүн элинин рухий жыргалчылыгына кам көрүп, аны окутуп-үйрөтүп келет. Ушунун аркасында Кудайдын кызматчылары чындыкты барган сайын жакшыраак жана тагыраак түшүнүшүүдө. Ошондой эле Жахаба өзүнүн Сөзү, уюму жана ыйык руху аркылуу жетекчилик берип келет. «Ишенимдүү жана акылдуу кул» бүткүл дүйнө жүзүндөгү Кудайдын эли эларалык биртуугандык болушуна өбөлгө түзүүдө. Ал Жахабанын кызматчыларынын улутуна же коомдогу абалына карабай, рухий, зарыл болгондо денелик да муктаждыктарына кам көрөт (Матай 24:45).

8. Жахаба берилген кызматчыларына карата кандай ишенимде жана аларды эмнеге ынандырууда?

8 Жахаба Ыйсаны ага кол салган душмандарынан түздөн түз коргогон эмес. Азыркы мезгилдеги кызматчыларына да андай коргоо көрсөтпөйт. Бирок Кудай аларды жактырбайт деген тыянакка келүү таптакыр туура эмес. Кудай кызматчыларынын талаш суроодо өзү тарапты ээлээрине эч шектенбейт (Аюб 1:8—12; Накыл сөздөр 27:11). Жахаба өзүнө берилгендерди эч качан калтырбайт, анткени ал «чындыкты сүйөт, Өзүнүн ыйыктарын таштабайт. Алар түбөлүк сакталышат» (Забур 36:28).

Кудайдын ырайымы жана чындыгы бизди коргоп келет

9, 10. а) Жахабанын чындыгы анын элин кандайча коргойт? б) Жахабанын ырайымы ага берилгендерди коргой турганын Ыйык Китеп кандайча көрсөтүп турат?

9 Отуз тогузунчу забурда жазылган тиленүүсүндө Дөөт Жахабадан ырайымы жана чындыгы менен коргошун суранган. Жахаба чындыктын Кудайы болгондуктан жана адилдикти сүйгөндүктөн өзүнүн нормаларын айкын көрсөткөн. Аларга ылайык жашагандар аны четке каккандар баштарынан кечирип жаткан азап-кайгыдан, тынчсыздануулар менен көйгөйлөрдөн корголушат. Маселен, ичимдикти кыянат пайдаланбасак, баңгизат колдонбосок, зордук-зомбулук жана жыныстык жактан адеп-ахлаксыздык кылбасак, өзүбүзгө жана жакындарыбызга азап-кайгы алып келе турган көптөгөн көйгөйлөрдөн кача алабыз. Дөөттөй болуп кээ бир учурларда Кудайдын чындык жолунан тайыгандар да Жахаба өкүнгөн күнөөкөрлөр үчүн «баш паанек» экенине ынандырылат. Алар үнүн бийик көтөрүп: «Сен мени кайгыдан сактайсың»,— деп кубанычтуу айта алышат (Забур 31:7). Кудай кандай зор ырайым көрсөтүүдө!

10 Кудай өзүнүн кызматчыларына жакында жок кылына турган каардуу дүйнөдөн алыс болууну эскертүү менен да ырайым көрсөтүүдө. Ыйык Китепте: «Бул дүйнөнү жана бул дүйнөдөгүнү сүйбөгүлө. Ким бул дүйнөнү сүйсө, ал адамда Атага болгон сүйүү жок. Анткени бул дүйнөдө болгон нерсенин баары: дене кумары, көз кумары жана турмуш-тиричиликтеги текебердик. Булар Атадан эмес, бул дүйнөнүкү»,— деп айтылган. Бул эскертүүгө кулак кагып, ага жараша иш кылсак: «Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот. Ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт»,— деп жазылгандарга ылайык, түбөлүк өмүргө ээ болобуз (1 Жакан 2:15—17).

Ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү, акыл жана даанышмандык бизди коргоп келет

11, 12. Бизди ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү, акыл жана даанышмандык кандайча коргой турганын түшүндүргүлө.

11 Дөөттүн баласы Сулайман Кудайдын ырайымына ээ болгусу келгендерге: «Сени эстүүлүк [«ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү», «ЖД»] сактап жүрөт, акыл кайтарып жүрөт»,— деп жазган. Ал ошондой эле: «Даанышмандыкка ээ бол... Менин сөзүмдү таштаба, ошондо ал сени сактап жүрөт; аны сүй, ошондо ал сени коргоп жүрөт»,— деп чакырган (Накыл сөздөр 2:11; 4:5, 6).

12 Кудай Сөзүнөн окугандарыбыздын үстүнөн ойлонгонубузда ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүбүздү колдонобуз. Ал даанышман болууга жана жашообузда эмнени биринчи орунга коюшубуз керек экенин аныктоого жардам берет. Бул абдан маанилүү, анткени биринчи орунга билип же билбей туура эмес нерселерди койсок, сөзсүз көйгөйлөргө кабыларыбызды көпчүлүгүбүз өз тажрыйбабыздан билеттирбиз. Шайтандын дүйнөсү бизди байлыкка, бийликке жана атак-даңкка умтулууга үндөп келет. Жахаба болсо көңүлүбүздү алардан маанилүү нерселерге, рухий баалуулуктарга бурууда. Ал баалуулуктарга эмес, бул дүйнөдөгү нерселерге умтулуу үй-бүлөнүн урашына, достук мамилелердин кыйрашына жана рухийликке болгон кызыгуунун суушуна алып келет. Акыр-аягы адам Ыйсанын: «Адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок өз жанына зыян келтирсе, андан ага кандай пайда?» — деген сөздөрү калетсиз экенин моюнга алууга аргасыз болот (Марк 8:36). Даанышмандык Ыйсанын: «Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет»,— деген кеңешин кабыл алуубузга жардам берет (Матай 6:33).

Өзүмчүлдүктүн зыяны

13, 14. Өзүмчүлдүк деген эмне жана андай сапатты чагылдыруу эмне үчүн акылсыздык?

13 Адамдын өзү тууралуу ойлогону — табигый нерсе. Бирок жеке каалоолор менен умтулуулар биринчи орунга коюлуп калганда, көйгөйлөр пайда болот. Жахаба өзү менен болгон достугубузду сакташыбызга жардам берүү үчүн өзүмчүлдүктөн качууга чакырууда. Бир сөздүккө ылайык, өзүмчүлдүк — «өз керт башынын камын ойлоочулук, өзүнө, өз пайдасына көбүрөөк тартуучулук». Бул аныктама бүгүнкү күндөгү адамдардын көпчүлүгүнө ылайык келерине кошулбайсыңарбы? Белгилей кетчү нерсе, Ыйык Китепте «акыркы убакта», Шайтандын каардуу түзүлүшүнүн акырында, адамдар «өзүн өзү сүйүүчү» же өзүмчүл болору алдын ала айтылган (2 Тиметейге 3:1, 2).

14 Ыйсанын жолдоочулары башкаларга кызыгуу көрсөтүү жана аларды өзүндөй сүйүү тууралуу ыйык китептик буйрукка баш ийүү акылмандык экенин түшүнүшөт (Лука 10:27; Филипиликтерге 2:4). Дүйнөдөгү адамдардын көбү бул буйрукту азыркы учурга ылайыксыз деп эсептеши мүмкүн, бирок никеде бактылуу болуп, үй-бүлөлүк жана достук мамилелерден кубаныч алгыбыз келсе, аны сөзсүз түрдө аткарышыбыз зарыл. Жахабанын кызматчысы өзүнүн кызыкчылыктары башка нерселердин баарынан жогору турушуна эч качан жол бербеши керек. Бул биринчи кезекте Жахаба Кудайга кызмат кылууга тийиштүү.

15, 16. а) Өзүмчүлдүк эмнеге алып барышы ыктымал жана бул кайсы мисалдан айкын көрүнүп турат? б) Башкаларды соттогон адам чын-чынында кимди соттойт?

15 Өзүмчүл адам өзүнө өзү корстон болуп, акырында бир нерсе тууралуу кенен ойлоно албай калышы жана өтө эле менменсинип кетиши ыктымал. Ыйык Китепте: «Сен, башканы соттогон адам, ким болсоң да, сага кечирим жок. Себеби сен башканы соттоо менен, өзүңдү айыптап жатасың. Анткени сен башканы соттоп жатып, өзүң деле ошол иштерди кылып жатасың»,— деп таамай айтылган (Римдиктерге 2:1; 14:4, 10). Ыйса жерде жашаган мезгилдеги диний жетекчилер өздөрүн ушунчалык адил эсептешкендиктен Ыйсаны жана анын шакирттерин соттоого укуктуубуз деп ойлошкон. Ушинтип, алар өздөрүн сот катары көрсөтүшкөн. Ал эми өз каталарын сезбегендиктен алар акыры өзүлөрү соттолгон.

16 Жүйүт, Ыйсаны сатып жиберген шакирт, да башкаларды соттоого дааган. Бетанияда Лазардын биртууганы Мариям Ыйсаны жыпар жыттуу май менен майлаганда, Жүйүт ага ачууланат. Ал аябай нааразы болуп: «Бул майды үч жүз динарийге сатып, түшкөн акчаны жакырларга таратып берсе болот эле да»,— дейт. Бирок анын эмне себептен ошентип айтканы мындайча түшүндүрүлөт: «Ал муну жакырлар үчүн кам көргөндүктөн эмес, ууру болгондуктан айтты. Акча салынуучу куту анда болгондуктан, ал ага салынган акчадан уурдап алчу» (Жакан 12:1—6). Эч качан башкаларды соттоо менен өзүлөрүнө өкүм чыгарган Жүйүт менен диний жетекчилердей болбойлу.

17. Менменсинүүнүн зыяндуу экенин мисал менен көрсөткүлө.

17 Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын айрымдары Жүйүткө окшоп ууру болуп кетишпесе да, текеберленип, менменсинип кетишкени өкүнүчтүү. Жакып аларга: «Силер текебер болгондуктан, курулай мактанып жатасыңар. Мындай курулай мактанчаактыктын баары — жаман нерсе»,— деп жазган (Жакып 4:16). Жахабага кызмат кылуудагы жетишкендиктери же өзгөчө милдеттери менен мактангандар өздөрүнө эле зыян алып келишет (Накыл сөздөр 14:16). «Баары Сенден шектенишсе да, Мен эч качан шектенбейм... Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да, мен Сенден баш тартпайм» — деп, өзүнө таянып айткан Петир менен эмне болгонун билебиз. Чынында эле, мактанууга бизде эч кандай себеп жок. Биз бардык нерсеге Жахабанын ырайымынын аркасында ээ болуудабыз. Эгер ушуну эстен чыгарбасак, менменсинүүдөн кача алабыз (Матай 26:33—35, 69—75).

18. Жахаба текебердикке кандай карайт?

18 Ыйык Китепте: «Кыйроонун алдында текебердик келет, кулардын алдында менменсингендик келет»,— деп айтылган. Эмне үчүн? Жахаба: «Текебердикти, менменсингендикти... жек көрөм»,— дейт (Накыл сөздөр 8:13; 16:18). «Ашур падышасынын текебер жүрөгү» жана «жогору караган көздөрүнүн менменсингендиги» Жахабанын каарын кайнатканы таң калыштуу эмес (Ышайа 10:12). Жахаба ал текеберди жазалаган. Жакында Шайтандын дүйнөсү, көзгө көрүнгөн да, көрүнбөгөн да текебер, менменсинген жолбашчылары менен бирге ушундай каргашага дуушар болот. Ошондуктан Жахабанын душмандарына мүнөздүү өзүмчүлдүк рухун эч качан чагылдырбайлы!

19. Жахабанын кызматчылары эмнеге сыймыктанышат жана ошол эле учурда момун бойдон калышат?

19 Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынын Жахабага кызмат кылып жатышканы үчүн сыймыктанышына бардык негиздер бар (Жеремия 9:24). Ошол эле учурда алар момун бойдон калууга тийиш. Эмне үчүн? Анткени «бардыгы күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылып калышкан» (Римдиктерге 3:23). Андыктан, Жахаба бизди мындан ары да өзүнүн кызматчылары катары эсептеши үчүн, Пабылдыкындай маанайда болушубуз керек. Ал: «Машайак Ыйса бул дүйнөгө күнөөкөрлөрдү куткаруу үчүн келди,— деп айтып,— Мен ошол күнөөкөрлөрдүн биринчисимин»,— деп кошумчалаган (1 Тиметейге 1:15).

20. Жахаба азыр өзүнүн элин кандайча коргойт, ал эми келечектечи?

20 Жахабанын кызматчылары анын Падышалыгы үчүн өздөрүнүн кызыкчылыктарынан даярдуулук менен баш тартып жатышкандыктан, Жахаба аларды рухий жактан мындан ары да коргой берерине шектенбесек болот. Улуу кайгы учурунда болсо Жахаба аларды түз мааниде сактап каларына ишенүүгө негиз бар. Жаңы дүйнөгө киргенде алар үндөрүн бийик көтөрүп: «Мына, бул — биздин Кудай! Биз Ага таянганбыз, ошондуктан Ал бизди куткарды! Бул — Теңир, биз Андан үмүт кылганбыз. Анын куткарганына кубаналы, шаттаналы!» — дешет (Ышайа 25:9).

Эсиңердеби?

• Кудай Дөөт менен Ыйса Машайакты кандайча коргогон?

• Бүгүн Кудай өз элин рухий жактан кандайча коргойт?

• Өзүн өзү сүйүүчүлүктөн эмне үчүн сактанышыбыз керек?

• Эмнеге сыймыктансак болот, бирок ошол эле учурда эмне себептен момун болушубуз талап?

[Изилдөө суроолору]