Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иштери менен эле эмес, Кудайдын ырайымынын негизинде куткарылышкан

Иштери менен эле эмес, Кудайдын ырайымынын негизинде куткарылышкан

Иштери менен эле эмес, Кудайдын ырайымынын негизинде куткарылышкан

«Силер... ишеним аркылуу куткарылдыңар... Эч ким мактанбашы үчүн, бул кылган иштерден да эмес» (Эфестиктерге 2:8, 9).

1. Азыркы замандагы адамдардан айырмаланып, Ыйсанын жолдоочулары өздөрүнүн жетишкендиктерине кандай карашат жана эмне үчүн?

АЗЫРКЫ замандагы адамдар жетишкендиктери менен сыймыктанып, мактанганды жакшы көрүшөт. Ал эми Ыйсанын жолдоочулары өзүлөрүн башкача алып жүрүшөт. Алар жетишкендиктерин, атүгүл Кудайга кылган кызматындагы ийгиликтерин да баса белгилешпейт. Жахабанын кызматчылары анын элинин жалпы жетишкендиктерине сүйүнүшсө да, жеке өздөрү жасаган нерселерине мактанышпайт. Алар Жахабага кызмат кылууда туура ниет жеке жетишкендиктерден алда канча маанилүү экенин түшүнүшөт. Акыр аягында түбөлүк өмүргө ээ боло тургандар жөнүндө алар өмүрдү иштери үчүн эмес, ишеними жана Кудайдын ырайымынын негизинде алышты деп айтууга болот (Лука 17:10; Жакан 3:16).

2, 3. Пабыл эмне менен мактанган жана эмне үчүн?

2 Муну элчи Пабыл жакшы түшүнгөн. Ал «денесиндеги тикенекти» алып таштоону суранып үч ирет тиленгенде, Жахаба: «Менин сага болгон ырайымым жетиштүү. Анткени Менин күчүм алсыздыкта жеткилең болот»,— деп жооп кайтарган. Пабыл ал жооптуу момундук менен кабыл алып мындай деген: «Ошондуктан Машайактын күчү менден орун алат деп, өзүмдүн алсыздыгым менен артыгыраак мактанам». Момундук көрсөтүү жагынан ал жакшы үлгү калтырган (2 Корунттуктарга 12:7—9).

3 Пабыл Ыйсанын жолдоочусу катары зор иштерди кылса да, аларды өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүнүн аркасында жасабаганын билген. Ал жөнөкөйлүк менен: «Ыйыктардын эң кичинеси болгон мага берилген ырайым бул: Кудайдын ырайымы менен Машайактын изилденгис байлыгын бутпарас элдерге жар салуу»,— деген (Эфестиктерге 3:8). Мактануу, бойкөтөрүүчүлүк жана өзүнө корстон болуу сыяктуу нерселер Пабылга жат болгон. «Кудай текеберлерге каршы турат, ал эми момундарга ырайым кылат» (Жакып 4:6; 1 Петир 5:5). Өзүбүздү биртуугандарыбыздын «эң кичинесинен» да төмөн көрүп, Пабылды туурап жатабызбы?

«Башкаларды өзүңөрдөн жогору санагыла»

4. Башкаларды өзүбүздөн жогору саноо эмне үчүн дайым эле оңойго тура бербейт?

4 Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Эч бир нерсени атаандаштык жана көйрөңдүк менен кылбагыла, тескерисинче, момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору санагыла»,— деп кеңеш берген (Филипиликтерге 2:3). Жооптуу кызматта болсок, бул өзгөчө оңой болбошу мүмкүн. Бул азыркы дүйнөдө өкүм сүргөн атаандашуу руху кандайдыр бир өлчөмдө таасир тийгизгендиктен да оор болушу ыктымал. Балким, бала чагыбызда бизди үйдө болобу же мектепте классташтарыбыздын арасында болобу, дайым биринчи болууга үйрөтүшкөндүр. Мектепте эң мыкты спортсмен же алдыңкы окуучу болушубуз керектигин кулагыбызга куюшкандыр. Ар бир ишти майын чыгара иштөө мактоого татырлык. Бирок Ыйсанын жолдоочулары аны өздөрүнө көңүл бурдуруу үчүн кылышпайт. Алар жасап жаткан иштери өздөрүнө, мүмкүн болсо, башкаларга да пайда апкелишин каалашат. Дайым биринчи болууга умтулуу кооптуу. Эмне үчүн?

5. Сак болбосо, атаандашуу руху эмнеге алып келиши мүмкүн?

5 Сак болбосо, атаандашуу руху жана көйрөңдүк адамды бойкөтөрүп кетүүгө түртүп, бөлөктөрдү урматтабай калышына алып келиши мүмкүн. Ал кандайдыр бир шыгы бар же өзгөчө милдеттерге ээ адамдарга көз арта башташы мүмкүн. Накыл сөздөр 28:22де: «Ичи тар киши байлыкка ашыгат, башына жакырчылык келерин ойлобойт»,— деп айтылат. Андай адам эрдемсинип, өзү укуктуу эмес нерселерди кылууга аракет кыла башташы да ыктымал. Өзүн акташ үчүн наалый же башкаларды сындай башташы мүмкүн, ал эми Ыйсанын жолдоочулары мындай нерселерден качышы керек (Жакып 3:14—16). Кандай болбосун, убакыттын өтүшү менен андай адам өзүн баары эле анын көзүн карап тургандай сезе башташы ыктымал.

6. Атаандаштык рухуна байланыштуу Ыйык Китепте кандай эскертүү берилет?

6 Ыйык Китеп Кудайдын кызматчыларын: «Менменсинбейли, бири-бирибизди кыжырдантпайлы, көрө албастык кылбайлы»,— деп чакырат (Галатиялыктарга 5:26). Элчи Жакан ушундай рухка алдырган бир ишенимдеши тууралуу мындай деп айткан: «Жыйынга кат жаздым, бирок алардын арасындагы биринчиликти сүйгөн Диотреф бизди кабыл албайт. Ошондуктан, эгерде мен барсам, анын кылып жаткан иштери жөнүндө эскертем: ал биз жөнүндө жаман сөз таратып жүрөт». Ыйсанын жолдоочусунун ушундай ишке барганы кандай гана өкүнүчтүү! (3 Жакан 9, 10).

7. Ыйсанын жолдоочусу жумушта өзүн кандай алып жүрөт?

7 Ыйсанын жолдоочусу кандайдыр бир иштерде атаандаштыкка кабылышы мүмкүн экени түшүнүктүү. Мисалы, жумушунда аныкындай эле товар чыгарган же тейлөө кызматын сунуштаган атаандаш мекемелер же адамдар болушу ыктымал. Андай учурларда да Ыйсанын жолдоочусу ишин сүйүү жана урмат көрсөтүү менен жүргүзөт. Ал мыйзамга же ыйык китептик принциптерге каршы келген нерселерди эч качан жасабайт. Башкалар ал тууралуу «заманың бөрү болсо — бөрү бол» деген сөзгө ылайык жашайт деп айтышпайт. Ыйсанын жолдоочусу жашоодо же деги эле бардык иште биринчи болуу эң маанилүү нерсе деп эсептебейт. Эгер жумушубузда ушундай принципке жетектелишибиз зарыл болсо, анда Кудайга кылган кызматыбызда бул ого бетер маанилүү!

Өзүңдү башкалар менен салыштырба

8, 9. а) Эмне үчүн аксакалдардын бири-бири менен атаандашуусуна себеп жок? б) Эмне үчүн 1 Петир 4:10догу кеңеш Кудайдын бардык кызматчыларына тиешелүү?

8 Ыйсанын жолдоочусу Кудайга кандай маанайда кызмат кылышы керектиги: «Ар ким өзүнүн ишин текшерсин, ошондо ал башка бирөө тарабынан эмес, өзү тарабынан [«өзүн башкалар менен салыштырбай», «ЖД»] мактоого ээ болот»,— деген сөздөрдөн көрүнүп турат (Галатиялыктарга 6:4). Жыйналыштын аксакалдары бири-бирине атаандаш эмес экенин түшүнүп, эриш-аркак, бир кишидей иш кылышат. Алар жыйналыштын өсүшүнө ар бири салым кошуп жатканын көрүп кубанышууда. Аксакалдар кыйратуучу атаандашуу рухуна бөгөт коюп, жыйналышка биримдүүлүк жагынан эң сонун үлгү көрсөтүшөт.

9 Айрым аксакалдар курагына, тажрыйбасына же жөндөмдүүлүгүнө жараша башкаларга салыштырмалуу кээ бир нерселерди жакшыраак кыла алышы же кыраакы болушу мүмкүн. Ошол себептен Жахабанын уюмунда аксакалдардын аткарган милдеттери да ар башка. Алар өздөрүн башкалар менен салыштырбай: «Ар бириңер Кудайдан алган жөндөмдүүлүгүңөр менен бири-бириңерге кызмат кылгыла. Кудайдын ырайымы менен берилген көп түрдүү жөндөмдүүлүктөрдү жакшы үй башкаруучулар катары колдонгула»,— деген кеңешке ылайык иш кылышат (1 Петир 4:10). Ушул кеңешке Жахабанын кызматчыларынын бардыгы карманганы дурус. Анткени алардын бардыгы кандайдыр бир өлчөмдө белек — так билим — алышкан жана Ыйсанын жолдоочусу катары кызмат кылышат.

10. Ыйык кызматыбыз Жахабага канткенде гана жагымдуу болот?

10 Ыйык кызматыбызды башкалардан жогору болуу үчүн эмес, сүйүү менен жана жан-дилден аткарганыбызда гана Жахабага жагымдуу болот. Ушуну эске алып, Кудайга кылган кызматыбызда жасаган нерселерибизге теңсалмактуу көзкарашта болушубуз маанилүү. Башка адамдын ниетин эч ким билбесе да, Жахаба «жүрөктү сынайт» (Накыл сөздөр 24:12; 1 Шемуел 16:7). Ошондуктан мезгил-мезгили менен: «Жахабага кандай ниет менен кызмат кылып жатам?» — деген суроонун үстүнөн ойлоно жүргөнүбүз абзел (Забур 23:3, 4; Матай 5:8).

Ишеним иштерине карата туура көзкараш

11. Кызматыбызга байланыштуу кандай суроолорго жооп алышыбыз керек?

11 Жахабанын ырайымына ээ болуу үчүн эң негизги нерсе ниет болсо, анда ишеним иштери канчалык маанилүү? Эгер туура ниет менен кызмат кылып жатсак, канча кылып жатканыбызды эсептөөнүн зарылдыгы барбы? Бул суроолорго жооп алуу маанилүү, анткени биз сандар кылып жаткан иштерибизди көмүскөдө калтырышын же жакшы отчёт негизги нерсебиз болушун каалабайбыз.

12, 13. а) Кабар айтуу кызматында кылгандарыбыз тууралуу эмне үчүн отчёт жазабыз? б) Кабар айтуу ишибиздин жалпы отчёту кубанышыбызга кандай себеп болот?

12 Келгиле, «Жахабанын эркин аткаруу үчүн уюшулганбыз» аттуу китептеги бир ойго токтолуп кетели. Анда: «Ыйса Машайактын алгачкы жолдоочулары кабар айтуу ишинде эмнелер жасалганына кызыгышкан (Марк 6:30). Ыйык Жазманын Элчилер китебинен Элүүнчү күн майрамында 120 адамга ыйык рух түшкөнүн билебиз. Ошондон көп өтпөй шакирттердин саны 3 000ге, анан 5 000ге чейин өскөн... (Элч. 1:15; 2:5—11, 41, 47; 4:4; 6:7). Өсүү тууралуу мындай жаңылыктар шакирттерди бекемдегенине шек жок!» — деп айтылат. Ушул себептен Жахабанын азыркы учурдагы Күбөлөрү да Ыйсанын: «Асман Падышачылыгы жөнүндө бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат, ошондон кийин дүйнөнүн акыры келет»,— деген сөздөрүнүн дүйнө жүзү боюнча аткарылышында кандай ийгиликтер болуп жатканы тууралуу так билдирүүлөрдү жазышат (Матай 24:14). Отчёттор иштин кандай жүрүп жатканын көрүүгө жардам берет. Алардан кайсы жерге жардам керек экенин жана кабар айтуу иши үчүн кайсы адабият канча санда керек болуп жатканын көрүүгө болот.

13 Отчёт тапшыруунун аркасында Падышалык тууралуу жакшы кабарды натыйжалуураак тарата алабыз. Мындан сырткары, дүйнөнүн булуң-бурчундагы биртуугандарыбыздын ийгиликтерин укканда бекемделебиз. Уюмдун өсүп жатканы жана кабар айтуу ишинин кулач жайып баратышы тууралуу билдирүүлөр бизди кубанычка бөлөп мындан да көбүрөөк иш кылышыбызга түрткү берет жана Жахаба батасын берип жатканына ынандырат. Бүткүл дүйнөлүк отчётко өзүбүздүн да отчётубуздун кирерин билүү кандай жагымдуу! Жалпы отчёттогу сандарга салыштырмалуу биздин отчётубуздагы сандар анча деле чоң эмес, бирок Жахаба үчүн ар бирибиздин кылып жаткан ишибиз баалуу (Марк 12:42, 43). Сенин отчётуңсуз бүткүл дүйнөлүк отчёт толук болбой калмак экенин унутпа.

14. Жахабага кызмат кылуубузга кабар айтуу менен окутуудан бөлөк эмнелер кирет?

14 Албетте, ар бир Күбө Жахабанын берилген кызматчысы катары кылып жаткан иштеринин бардыгын отчётко жаза бербейт. Маселен, ага Ыйык Китепти жекече үзгүлтүксүз изилдөө, жыйналыш жолугушууларына баруу жана катышуу, жыйналыштагы милдеттер, ишенимдештерге жардам берүү, бүткүл дүйнөлүк Падышалык ишин материалдык жактан колдоо жана башка нерселер кирбейт. Андыктан, кабар айтуу иши тууралуу отчёт ынталуу болуубузга жана алсырабашыбызга жардам берүүдө негизги ролду ойносо да, аны түбөлүк өмүргө ээ кыла турган күбөлүк же документ катары эсептөө туура эмес болмок.

«Жакшы иштерди кылууга тырышкан эл»

15. Иштер аркылуу эле куткарылууга мүмкүн эмес болсо да, алар эмне үчүн маанилүү роль ойнойт?

15 Ооба, иштер аркылуу эле куткарылууга мүмкүн эмес болсо да, алар баары бир маанилүү роль ойнойт. Ыйсанын жолдоочулары ошол себептен «жакшы иштерди кылууга тырышкан эл» деп аталат жана «бири-бирин сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөөгө» чакырылат (Титке 2:14; Эврейлерге 10:24). Ыйык Китепти жазууга катышкан Жакып да: «Рухсуз дене өлүк болгон сыяктуу эле, ишсиз ишеним да өлүк»,— деп ушул ойду айкын көрсөткөн (Жакып 2:26).

16. Иштерден да эмне маанилүү, бирок эмнеден сак болушубуз керек?

16 Жакшы иштер маанилүү болгон күндө да ниетибиз алардан да маанилүү. Ошол себептен өзүбүздү мезгил-мезгили менен текшерип туруу акылмандуулукка жатат. Башкалардын ниетин биле албагандыктан аларды соттоодон качышыбыз керек. Ыйык Китепте бизге: «Бирөөнүн кулун соттогудай, сен кимсиң?» — деген суроо берилип, кайра ага: «Ал туруп турабы же жыгылабы, кожоюнунун көзөмөлү астында»,— деген жооп айтылат (Римдиктерге 14:4). Бардыгынын Эгедери болгон Жахаба жана ал дайындаган Сот, Ыйса Машайак, биздин иштерибизге эле эмес, ниеттерибизге, мүмкүнчүлүктөрүбүзгө, сүйүү жана берилгендигибизге карап сот жүргүзөт. Ыйсанын жолдоочулары катары Пабылдын: «Кудайдын алдында сыноодон өткөн, уятка калбаган, чындык сөзүн туура жеткирген кызматчы болууга аракеттенгин»,— деген кеңешине ылайык иш кылып жаткан-жатпаганыбызга жараша Жахаба менен Ыйса Машайак гана сот жүргүзө алышат (2 Тиметейге 2:15; 2 Петир 1:10; 3:14).

17. Бардыгын кылууга аракеттенүүдө эмне үчүн Жакып 3:17ни эстен чыгарбашыбыз керек?

17 Жахаба бизден күткөн нерселеринде эстүүлүк көрсөтөт. Жакып 3:17ге ылайык, «асмандан келген акылмандыкка» башка сапаттар менен бирге «эстүүлүк» («ЖД») да кирет. Жахабаны ушул жагынан тууроого максат коюуга эмне үчүн болбосун? Бул акылмандуулук болмок жана өзүбүздөн же биртуугандарыбыздан ашыкча нерсени талап кылбоого жардам бермек.

18. Иштерибизге жана Жахабанын ырайымына карата теңсалмактуу көзкараш сактасак, эмнеге үмүттөнө алабыз?

18 Ишеним иштерине жана Жахабанын ырайымына карата теңсалмактуу көзкараш сактасак, Жахабанын чыныгы кызматчыларын айырмалап турган сапатка, кубанычка, ээ болобуз (Ышайа 65:13, 14). Кабар айтуу ишине кошкон салымыбыз канча болбосун, биз Жахабанын өз элине берип жаткан баталарына кубанабыз. Кудайга «сыйынганда жана жалынганда... ыраазычылык билдирүү менен» мындан ары да бардыгын кылууга жардам беришин суранабыз. Ошондо шексиз түрдө «Кудайдын акыл жеткис тынчтыгы» жүрөгүбүздү жана ойлорубузду Машайак Ыйса аркылуу сактайт (Филипиликтерге 4:4—7). Иштерибиз менен эле эмес, Жахабанын ырайымы аркылуу куткарыларыбызды билүү бизди кандай гана сооротуп, бекемдейт!

Ыйсанын жолдоочулары эмне үчүн

• жеке жетишкендиктери менен мактанышпаарын...

• атаандашуу рухунан качышарын...

• кабар айтуу тууралуу отчёт беришерин...

• биртуугандарын соттоодон качышарын...

...түшүндүрүп бере аласыңарбы?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Аксакалдар жыйналыштын өсүшүнө ар бир жарчы салым кошо аларына кубанышат.

[27-беттеги сүрөт]

Сенин отчётуңсуз бүткүл дүйнөлүк отчёт толук болбой калмак.