Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн дүйнөдө биримдик жок?

Эмне үчүн дүйнөдө биримдик жок?

Эмне үчүн дүйнөдө биримдик жок?

«Экинчи дүйнөлүк согуштан бери эларалык коомчулук биринчи жолу биригип отурат. [...] Ошондуктан дүйнө бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, көптөн бери убадаланып келген бүткүл дүйнөлүк жаңы түзүлүштү орното алат».

БУЛ сөздөрдү XX кылымдын акыркы он жылдыгында Америка Кошмо Штаттарынын президенти айткан. Ал кезде эларалык жагдай оңолуп, бүткүл дүйнөлүк биримдиктин жышааны көрүнө баштагандай сезилген. Тоталитардык режимдер биринин артынан бири жоюлуп жаткан. Берлин дубалынын кулашы Европа үчүн жаңы доордун башталганынан кабар берген. Батыш өлкөлөрү жер жүзүндөгү уруш-жаңжалдардын анабашы деп эсептеген Советтер Союзу көз ачып-жумганча жоюлуп, дүйнөнү айран-таң калтырган. Кансыз согуш токтоп, куралсыздануу, анын ичинде ядролук куралсыздануу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрө баштаган. Ал кезде Перс булуңунда согуш тутанганы менен, ал жарк этип жанып, кайра өчкөндөй эле болгон. Бул болсо дүйнө өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгүнө бейкут заманга умтулууга ого бетер дем-шык берген.

Жакшы жышаандарды саясаттан эле эмес, жашоонун башка тармактарынан да байкоого болор эле. Жашоо деңгээли дүйнөнүн көп бөлүктөрүндө жакшырып жаткан. Медицинанын алга илгерилеши менен доктурлар ондогон эле жылдар мурун керемет деп эсептелчү зор ийгиликтерди жарата башташкан. Көп өлкөлөрдөгү экономикалык өсүш дүйнө жүзүнүн өркүндөп-гүлдөшүн шарттай тургандай сезилген. Ошентип, баары ойдогудай болуп жаткандай сыяктанган.

Ал мезгилден көп жыл өтпөй бүгүн биз: «Эмне болду? Убадаланган дүйнөлүк биримдик кана?» — деп сураганга аргасызбыз. Баары тетирисинен чыгып, дүйнө карама-каршы багытта бараткандай көрүнөт. Жанкечти террорчулардын жардыруулары, террордук чабуулдар, массалык кыргын салуучу куралдардын жайылтылышы жана башка кейиштүү жагдайлар жаңылыктар түрмөгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калды. Мындай окуялар дүйнөнү биримдиктен барган сайын алыстатып жаткандай сезилет. Жакында бир белгилүү финансист: «Биз күч алып жаткан зордук-зомбулуктун торуна чырмалышып баратабыз»,— деп айткан.

Дүйнө биригип жатабы же бириндеп баратабы?

Бириккен Улуттар Уюму түзүлгөндө, анын көздөгөн максаттарынын бири «элдердин тең укуктуулугун жана көзкарандысыздыгын шарттаган принциптерди урматтоонун негизинде улуттар ортосунда достук байланыштарды өрчүтүү» болгон. Болжол менен 60 жыл өткөн соң, ошол бийик максат ишке аштыбы? Түк да. Мамлекеттерди «достук байланыштар» эмес, «көзкарандысыздык» көбүрөөк кызыктырат шекилдүү. Өз алдынчалык, эгемендик үчүн күрөшкөн элдер менен этникалык топтор дүйнөнү кыйла бириндетти. Бириккен Улуттар Уюму түзүлгөн кезде ага 51 өлкө мүчө болсо, бүгүн анын курамына 191 өлкө кирет.

Жогоруда айтылгандай, XX кылымдын аяк ченинде адамзат дүйнөнүн биримдүү болоруна чоң үмүт арткан. Андан бери дүйнөнүн барган сайын бытыранды болуп баратканын көргөн адамдардын баягы үмүтү кооптонууга алмашылды. Югославиянын зордук-зомбулуктан ыдырашы, Чеченстан менен Орусиянын ортосундагы кагылышуулар, Ирактагы согуш, Жакынкы Чыгыштагы узакка созулган кан төгүүлөр — мунун баары дүйнөнүн мурдагыдан да көбүрөөк бөлүнүп-жарылганын далилдеп турат.

Адамзаттын тынчтык орнотууга чын ыкластан, таза ниеттен көп аракеттерди жасаганы шексиз. Буга карабастан, эларалык биримдик ишке ашпас нерседей көрүнөт. Ошого байланыштуу көптөр: «Эмне үчүн эларалык биримдик кыял бойдон калууда? Дүйнө каякка баратат?» — деп ойлонушат.

[3-беттеги сүрөт]

AP Photo/Lionel Cironneau

Arlo K. Abrahamson/AFP/ Getty Images