Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ар улуттагы адамдар үчүн жакшы кабар

Ар улуттагы адамдар үчүн жакшы кабар

Ар улуттагы адамдар үчүн жакшы кабар

«Бүт дүйнө жүзүндө Менин күбөлөрүм болосуңар» (Элчилер 1:8).

1. Ыйык Китепти үйрөткөн окутуучулар катары биз эмнеге маани беребиз жана эмне үчүн?

ТАЖРЫЙБАЛУУ мугалимдер окуучуларга эмнелерди үйрөтүп жатканына эле эмес, кантип үйрөтүп жатканына да маани беришет. Ыйык Китептеги чындыкты үйрөткөн окутуучулар катары биз да ошентебиз. Биз айтып жаткан кабарыбызга да, колдонуп жаткан ыкмаларыбызга да маани беребиз. Кудайдын Падышалыгы тууралуу жакшы кабарыбыз өзгөрүлбөйт, болгону, кээде ыкмаларыбызды алмаштырабыз. Эмне үчүн? Анткени кабарды мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарга жеткирүүнү каалайбыз.

2. Кабар айтуу ыкмаларыбызды адамдардын жагдайына ылайыкташтыруу менен кимди туурайбыз?

2 Кабар айтууда колдонгон ыкмаларыбызды алмаштыруу менен биз Кудайдын байыркы кызматчыларын туурайбыз. Мисалга элчи Пабылды алалы. Ал мындай деген: «Жүйүттөр үчүн жүйүт сыяктуу болдум... Мыйзамды билбегендердин Машайакка ишенип калышы үчүн, мыйзамды билбеген адам сыяктуу болдум... Алсыздардын Машайакка ишенип калышы үчүн, алсыз адам сыяктуу болдум. Жок дегенде, кээ бирөөлөрүн куткарып калыш үчүн, бардыгы үчүн бардыгы сыяктуу болдум» (1 Корунттуктарга 9:19—23). Пабыл окутуу ыкмаларын адамдардын жагдайына ылайыкташтыргандыктан, кызматы натыйжалуу болгон. Эгер маектештерибизди эске алып, сунуштоолорубузду аларга ылайыкташтырсак, биз да жакшы натыйжаларга жетебиз.

«Бүт жер жүзүнө»

3. а) Кабар айтуу ишинде кандай кыйынчылыкка дуушар болуудабыз? б) Ышайа 45:22деги сөздөр бүгүн кантип аткарылып жатат?

3 Жакшы кабарды жарыялап жаткандар дуушар болгон негизги кыйынчылыктардын бири — аймактын чоңдугу. Алар кабарды бүт жер жүзүнө жеткирүүгө тийиш (Матай 24:14). Акыркы жүз жылдыкта Жахабанын көптөгөн кызматчылары жакшы кабарды жаңы аймактарда таратуу максатында ынталуу эмгектеништи. Натыйжасы эмнеге алып келди? Эң сонун жетишкендиктерге. ХХ кылымдын башында кабар бир нече эле өлкөдө айтылган, ал эми азыр Жахабанын Күбөлөрү 235 өлкө, аймактарда жигердүү кызмат кылышууда! Чын эле, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар «бүт жер жүзүндө» жарыяланып жатат! (Ышайа 45:22).

4, 5. а) Жакшы кабар таратууда кимдер зор роль ойноп келишүүдө? б) Чет өлкөдөн келип кызмат кылып жаткандар тууралуу айрым филиалдар эмне деген?

4 Мындай ийгиликтерге эмненин аркасында жетүүдөбүз? Көп нерсенин. Мында Күзөт Мунарасы Коомунун ыйык китептик Гилат мектебинде окуган миссионерлердин жана кийинчерээк негизделген Кызматка окутуу мектебинин 20 000ден ашуун бүтүрүүчүсүнүн салымы зор. Ошондой эле Падышалыктын жарчыларына муктаждык көбүрөөк болгон өлкөлөргө өздөрүнүн эсебинен көчүп барган Күбөлөрдүн да жардамы чоң. Мындай жанаябастык рухун көрсөткөн биртуугандар: эркек-аялдар, жаш-карылар, жубайлар жана бойдоктор Падышалык тууралуу кабарды бүт жер жүзүнө жарыялоодо эбегейсиз зор роль ойноп жатышат (Забур 109:3; Римдиктерге 10:18). Алардын эмгеги жогору бааланат. Муктаждык көбүрөөк жерлерде кызмат кылган чет өлкөлүктөр жөнүндө айрым филиалдардан келген билдирүүлөргө көңүл бурсаңар.

5 «Бул кымбаттуу биртуугандар алыскы жерлерге барып кабар айтууда жетекчиликти колго алышат, жаңы жыйналыштарды уюштурууга жардам беришет, ошондой эле жергиликтүү жарчылардын рухий жактан өсүшүнө салым кошушат» (Эквадор). «Эгерде бул жерде кызмат кылып жаткан жүздөгөн чет өлкөлүктөр кете турган болсо, жыйналыштардын туруктуулугу солгундайт. Алардын биз менен болгону — бата» (Доминикан Республикасы). «Жыйналыштарыбыздын көбүндө жарчылардын басымдуу бөлүгүн, кээде 70тей пайызын эже-карындаштар түзөт (Забур 67:12). Алардын көбү чындыкка жаңы эле келишкен, бирок башка өлкөлөрдөн келген бойдок пионер эже-карындаштар андай жаңы биртуугандарды көп нерсеге үйрөтүп, баа жеткис жардам беришүүдө. Чет өлкөлүк эже-карындаштар — биз үчүн зор белек!» (Чыгыш Европа өлкөсү). Сен башка өлкөдө кызмат кылуу жөнүндө ойлонуп көрдүң беле? * (Элчилер 16:9, 10).

«Ар кандай тилдерде сүйлөгөн... он киши»

6. Кабар айтуу ишибиздеги тилдердин көптүгүнө байланыштуу кыйынчылык Захария 8:23тө кандайча көрсөтүлөт?

6 Дагы бир чоң кыйынчылык — дүйнө жүзүндөгү тилдердин абдан көп болгондугу. Кудайдын Сөзүндө мындай деп алдын ала айтылган: «Ал күндөрдө мындай болот: ар кандай тилдерде сүйлөгөн бардык элдерден он киши чыгып, бир жүйүттүн этегинен кармап, ага: „Биз сени менен барабыз, анткени Кудай силер менен экенин уктук“,— дешет» (Захария 8:23). Бул пайгамбарлыктын азыркы аткарылышында он киши Аян 7:9да кеп кылынган эбегейсиз көп адамдарды билдирет. Бирок, Захариянын пайгамбарлыгына ылайык, ал «он киши» бардык элдерден эле чыкпастан, «ар кандай тилде сүйлөшөрүнө» да көңүл бурсаңар. Пайгамбарлыктын бул өзгөчөлүгү аткарылып жатабы? Ооба.

7. Жакшы кабар «ар кандай тилде сүйлөгөн» элдерге жетип жатканын кайсы сандар көрсөтүп турат?

7 Кээ бир сандарга токтолуп көрөлү. Элүү жыл мурун биздин адабияттар 90 тилде басылса, азыр 400дөн ашык тилде чыгат. «Ишенимдүү жана акылдуу кул» адабияттардын салыштырмалуу аз эле сандагы адамдар сүйлөгөн тилдерге да которулушуна кам көрүп, бүт күч-аракетин жумшап келүүдө (Матай 24:45). Мисалы, ыйык китептик адабияттар азыр 47 000 адам сүйлөгөн гренланд тилинде, 15 000 адам сүйлөгөн палау тилинде жана 7 000ден аз адам сүйлөгөн яп тилинде да бар.

Жаңы мүмкүнчүлүктөргө «эшик кенен ачылууда»

8, 9. Эмненин натыйжасында бизге «эшик кенен» ачылды жана ага байланыштуу миңдеген Күбөлөр эмне кылып жатышат?

8 Азыркы мезгилде башка тилде сүйлөгөн адамдарга кабар айтуу үчүн бизге чет өлкөгө баруунун зарылдыгы деле жок болушу мүмкүн. Акыркы жылдарда экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөргө миллиондогон иммигранттар менен качкындардын келишине байланыштуу көп өлкөлөрдө ар кайсы тилдеги жамааттар пайда болууда. Мисалы, Парижде (Франция) калк болжол менен 100 тилде сүйлөйт. Торонтодо (Канада) — 125, ал эми Лондондо (Англия) 300дөн ашык тилде сүйлөшөт! Көптөгөн жыйналыштардын аймагында чет өлкөлүктөрдүн ушундай арбын болгондугунан улам жакшы кабарды ар улуттагы адамдар менен бөлүшүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болуп, «эшик кенен ачылууда» (1 Корунттуктарга 16:9).

9 Ошо себептен миңдеген Күбөлөр башка тил үйрөнүп жатышат. Көбү үчүн бул оңой эмес, ошентсе да алар иммигранттар менен качкындарга Кудайдын Сөзүндөгү чындыкты таанууга жардам берүүдөн кубаныч таап, жасаган аракеттеринин үзүрүн көрүшүүдө. Жакында эле Батыш Европа өлкөлөрүнүн биринде болуп өткөн облустук жыйындарда чөмүлтүлгөндөрдүн болжол менен 40 пайызын чет өлкөлүктөр түзгөн.

10. «Ар улуттагы адамдар үчүн жакшы кабар» аттуу китепчени кантип колдонуп жатасыңар? (32-беттеги «„Ар улуттагы адамдар үчүн жакшы кабар“ аттуу китепченин өзгөчөлүктөрү» деген кутучаны карагыла.)

10 Чет тилин үйрөнүүгө көбүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз жок. Бирок биз көп тилдерде ыйык китептик кубанычтуу кабарды камтыган «Ар улуттагы адамдар үчүн жакшы кабар» аттуу жаңы китепчени (ор.) * колдонуп, иммигранттарга жардам берүүгө катыша алабыз (Жакан 4:37). Бул китепчени кызматта колдонуп жатасыңарбы?

Адамдар кабарды жакшы кабыл албаганда

11. Кээ бир жерлерде дагы кандай кыйынчылык бар?

11 Шайтандын таасири күчөгөн сайын, дагы бир кыйынчылык пайда болууда: айрым жерлерде кабарды кабыл албаган адамдардын саны өсүүдө. Албетте, буга биз таң калбайбыз, анткени мындай жагдайдын болорун Ыйса алдын ала айткан. Биздин убак жөнүндө айтып жатып, ал: «Тартипсиздиктин көбөйүү себебинен көбүндө сүйүүнүн ысыгы кайтат»,— деген (Матай 24:12). Чынында эле, көптөрдүн Кудайга болгон ишеними жана Ыйык Китепти урматтоосу мурдагыдай күчтүү эмес (2 Петир 3:3, 4). Ошо себептен кээ бир өлкөлөрдө Ыйсанын шакирттеринин катарына кошулгандардын саны салыштырмалуу кыйла аз. Бирок бул андай аймактарда ишенимдүүлүк менен кабар айтып жаткан рухий биртуугандарыбыздын эмгеги куру бекерге кетүүдө дегенди билдирбейт (Эврейлерге 6:10). Эмне үчүн? Төмөнкүлөрдү карап көрөлү.

12. Кабар айтуу ишибиздин эки негизги максаты кайсы?

12 Матайдын Инжилинде кабар айтуу ишибиздин эки негизги максаты баса көрсөтүлөт. Биринчиси «бардык элдерди... шакирт кылууга» байланыштуу (Матай 28:19). Экинчиси Падышалык жөнүндөгү кабардын «күбөлөндүрүү» катары таратылып жатканына байланыштуу (Матай 24:14). Эки максат тең маанилүү, бирок экинчиси өзгөчө мааниге ээ. Эмне себептен?

13, 14. а) Ыйсанын катышуусун көрсөткөн белгинин бир өзгөчөлүгү кайсы? б) Айрыкча, адамдар анча укпаган жерлерде кабар айтканда эмнени эсибизден чыгарбашыбыз керек?

13 Матай элчилердин Ыйсадан: «Бул качан болот жана сенин катышууң менен түзүлүштүн аякташынын белгиси эмне болот?» — деп сураганын жазган (Матай 24:3, «ЖД»). Жооп берип жатып Ыйса ошол белгинин бир өзгөчөлүгү дүйнө жүзү боюнча кабар таратуу иши болорун айткан. Ал шакирт даярдоо жөнүндө сөз кылганбы? Жок. Ыйса: «Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат»,— деген (Матай 24:14). Ошентип, ал Падышалык тууралуу кабар таратуу ишинин өзү эле ошол белгинин маанилүү өзгөчөлүгү болорун көрсөткөн.

14 Ошондуктан Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоодо биз, шакирт даярдоо жагынан дайыма эле ийгиликке жете бербесек да, «күбөлөндүрүү» берүү жагынан ийгиликке жетип жатканыбызды унутпайбыз. Кабарды адамдар кандай кабыл албасын, алар биздин эмне менен алектенип жатканыбызды билишет, демек, биз Ыйсанын пайгамбарлыгын аткарып жатабыз (Ышайа 52:7; Аян 14:6, 7). Батыш Европада жашаган Жорди аттуу жаш Күбө: «Жахабанын мени Матай 24:14төгү пайгамбарлыктын аткарылышына колдонуп жатканын билүү мага эбегейсиз зор кубаныч тартуулайт»,— деген (2 Корунттуктарга 2:15—17). Силердин да ошондой кубаныч сезип жатканыңар шексиз.

Айткан кабарыбызга каршылык көрсөтүлгөндө

15. а) Ыйса өзүнүн жолдоочуларына эмне жөнүндө эскерткен? б) Каршылыкка карабай кабар айтууга бизге эмне жардам берет?

15 Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардын айтылышына каршылык да тоскоолдук кылат. Ыйса жолдоочуларына: «Менин ысымым үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар»,— деп эскерткен (Матай 24:9). Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына окшоп, бүгүнкү жолдоочулары да жек көрүндү болуп, каршылыкка жана куугунтукка чыдап келишүүдө (Элчилер 5:17, 18, 40; 2 Тиметейге 3:12; Аян 12:12, 17). Азыркы учурда кээ бир өлкөлөрдө алардын кызматына өкмөт тарабынан тыюу салынган. Ошого карабастан, андай өлкөлөрдөгү Ыйсанын чыныгы жолдоочулары Кудайга баш ийүүнү каалагандыктан Падышалык жөнүндө жакшы кабар айтууну улантышууда (Амос 3:8; Элчилер 5:29; 1 Петир 2:21). Буга алар, ошондой эле дүйнө жүзүндөгү башка Күбөлөр күчтү кайдан алышат? Аларды Жахаба ыйык руху менен бекемдеп жатат (Захария 4:6; Эфестиктерге 3:16; 2 Тиметейге 4:17).

16. Ыйса кабар айтуу иши менен Кудайдын рухунун ортосундагы байланышты кантип көрсөткөн?

16 Ыйса Кудайдын руху менен кабар айтуу ишинин ортосундагы тыгыз байланышты баса белгилеп, жолдоочуларына: «Үстүңөргө Ыйык Рух түшкөндөн кийин, күч аласыңар да... бүт дүйнө жүзүндө Менин күбөлөрүм болосуңар»,— деп айткан (Элчилер 1:8; Аян 22:17). Бул аяттагы окуялардын иретине көңүл бурсаңар. Адегенде шакирттерге ыйык рух түшмөк, анан алар дүйнө жүзү боюнча күбөлөндүрүү ишин аткарышмак. Алар Кудайдын ыйык рухунун колдоосу менен гана «бардык элдерге күбөлөндүрүү» берип, акырына чейин чыдагыдай күчкө ээ болушмак (Матай 24:13, 14; Ышайа 61:1, 2). Ошондуктан Ыйса ыйык рухту орундуу түрдө «жардамчы» деп атаган (Жакан 15:26, «ЖД»). Ал өз шакирттерин Кудайдын руху көп нерсеге үйрөтөрүн жана жетектээрин айткан (Жакан 14:16, 26; 16:13).

17. Катуу каршылыкка дуушар болгонубузда, ыйык рух бизге кандай жардам берет?

17 Жакшы кабардын таратылышына катуу каршылык көрсөтүлгөндө, Кудайдын руху бизге кандай жардам берет? Ал бизди бекемдейт жана куугунтуктоочуларыбызга каршы иш-аракет жүргүзөт. Муну мисал менен бышыктоо үчүн, Шабул падышанын жашоосунда болгон бир окуяны карап көрөлү.

Кудайдын руху аларга каршы аракеттенген

18. а) Шабул жаман жакка кантип өзгөрүп кеткен? б) Шабул Дөөттү кантип куугунтуктаган?

18 Шабул Ысрайылдын биринчи падышасы катары башында жакшы кызмат кылган, бирок кийин Жахабанын тилин албай калган (1 Шемуел 10:1, 24; 11:14, 15; 15:17—23). Натыйжада Кудайдын рухунун колдоосунан ажыраган. Шабул анын ордуна падыша болууга майланган жана Кудайдын рухунун колдоосуна ээ болгон Дөөткө ачууланып, ага кыянат мамиле кыла баштаган (1 Шемуел 16:1, 13, 14). Кыязы, Дөөт ага оңой олжо көрүнгөн. Анткени Дөөттүн колунда кыл аспап эле болсо, Шабулдун колунда найза бар болчу. Ошондуктан бир күнү, Дөөт кыл аспапта ойноп жатканда, аны «дубалга кадап салам деп ойлоп, Шабул ага найзасын ыргыткан. Бирок Дөөт андан эки жолу буйтап кеткен» (1 Шемуел 18:10, 11). Ошондон кийин Шабул уулунун, Дөөттүн досу Жонатандын, сөзүнө кулак салып: «Теңир тирүү, Дөөт өлбөйт»,— деп ант берген. Анткен менен кайра эле «Дөөттү дубалга найза менен кадагысы келген». Бирок «Дөөт Шабулдан буйтап кеткен, ошондо найза дубалга кадалган». Дөөт качып кеткен, Шабул болсо анын артынан сая түшкөн. Ошондой оор учурда Кудайдын руху Шабулга каршы аракеттенген. Кантип? (1 Шемуел 19:6, 10).

19. Кудайдын руху Дөөттү кантип коргогон?

19 Дөөт Шемуел пайгамбарга качып барганда, Шабул ал жакка өз кишилерин жөнөткөн. Бирок алар Дөөт жашырынып жаткан жерге келгенде, «Шабулдун кулдарына Кудайдын Руху түшкөн. Ошондо алар да пайгамбарчылык кыла башташкан». Кудайдын руху аларга ушунчалык катуу таасир эткендиктен, алар эмне үчүн келишкенин таптакыр унутуп коюшкан. Шабул Дөөттү кармап келүүгө кишилерин дагы эки жолу жөнөткөн, бирок алар да ошондой абалга дуушар болушкан. Акырында Шабул падыша Дөөткө өзү барган, бирок ал да Кудайдын рухунун таасирине туруштук бере алган эмес. Ыйык рух аны «ошол күнү, ошол түнү» кыймыл-аракетсиз абалга дуушар кылган. Ошентип, Дөөттүн качып кетишине жетиштүү убакыт берилген (1 Шемуел 19:20—24).

20. Шабулдун Дөөттү куугунтуктаганы тууралуу билдирүүдөн кандай сабак алсак болот?

20 Шабул менен Дөөт жөнүндөгү бул билдирүүдө бизди бекемдээрлик сабак камтылат: Кудайдын кызматчыларын куугунтуктагандар Анын рухуна каршы тура алышпайт (Забур 45:12; 124:2). Дөөттүн Ысрайылга падыша болушун Жахаба каалаган. Анын ниетин эч ким өзгөртө алган эмес. Жахаба биздин мезгилде «Асман Падышачылыгы жөнүндөгү... Жакшы Кабардын... таратыларын» алдын ала белгилеп койгон. Бул ишти эч ким токтото албайт (Элчилер 5:40, 42).

21. а) Бүгүн кээ бирөөлөр бизге кандай жолдор менен каршылык көрсөтүшөт? б) Биз эмнеге бекем ишенебиз?

21 Кээ бир диний жана саясый жетекчилер бизге тоскоолдук кылуу аракетинде калп сөздөрдү колдонушат, жадагалса зордук-зомбулукка барышат. Бирок Жахаба, Дөөттү рухий жактан коргогондой, бүгүн да өзүнүн элин коргойт (Малахия 3:6). Ошондуктан биз, Дөөткө окшоп, бекем ишеним менен: «Кудайга таянам, коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?» — дейбиз (Забур 55:12; 120:1—8; Римдиктерге 8:31). Эмесе, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды ар улуттагы адамдарга айтуу тапшырмасын аткарууда Жахабанын жардамы менен бардык кыйынчылыктарды жеңе берели.

[Шилтемелер]

^ 5-абз. 28-беттеги «Зор канааттануу сезүү» деген кутучаны карагыла.

^ 10-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

Эстей аласыңарбы?

• Эмне себептен биз кабар айтуу ыкмаларыбызды адамдарга ылайыкташтырабыз?

• Кандай жаңы мүмкүнчүлүктөргө «эшик кенен» ачылууда?

• Адамдар анча укпаган жерлерде да кабар айтуунун аркасында эмне ишке ашып жатат?

• Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратуу ишин эмне үчүн эч ким токтото албайт?

[Изилдөө суроолору]

[28-беттеги кутуча]

Зор канааттануу сезүү

«Жахабага биргеликте кызмат кылуудан кубаныч жана ырахат таап жаткандар». Бул сөздөр Испаниядан Боливияга көчүп барган үй-бүлө жөнүндө айтылган. Адегенде үй-бүлөдөгү балдардын бири ал жакка алыскы аймактагы топко көмөктөшүү үчүн барган. Анын кызматтан алган кубанычы ата-энесин ушунчалык таасирленткендиктен, көп узабай бүт үй-бүлө, анын ичинде 14төн 25ке чейинки курактагы төрт уулу Боливияда кызмат кыла баштаган. Уулдардын үчөө азыр пионер болуп кызмат кылышат, ал эми биринчи болуп келгени жакында Кызматка окутуу мектебинде окуп келди.

Канададан Чыгыш Европага көчүп барып кызмат кылып жаткан 30 жаштагы Анжелика мындай дейт: «Кыйынчылыктар көп, бирок мен адамдарга жардам берүүдөн канааттануу алам. Ошондой эле жергиликтүү Күбөлөрдүн аларга жардам бергени келгеним үчүн дайым ыраазычылык билдирүүсү жүрөгүмдү козгойт».

АКШдан Доминикан Республикасына барып кызмат кылып жаткан, жашы 30га чамалап калган эже-сиңдилер мындай дешет: «Бул жерде толгон-токой салттарга көнүүгө туура келди. Ага карабастан биз кызматыбызды тырышчаактык менен уланта бердик, азыр биздин жардамыбыз менен Ыйык Китепти изилдеген адамдардын жетөө жыйналышка келип жатат». Бул эки биртууган бир да жыйналыш болбогон шаарда Падышалыктын жарчыларынын тобун түзүүгө чоң салым кошушкан.

Жашы 30га чукулдап калган Лора аттуу биртууган чет өлкөдө төрт жылдан ашык убактан бери кызмат кылып келатат. «Мен атайылап жөнөкөй жашоо өткөрөм. Бул башка жарчыларга жупуну жашоо жакырчылыкка эмес, адамдын чыгарган чечимине жана акыл-эстүүлүккө байланыштуу экенин көрүүгө жардам берет. Башкаларга, айрыкча, жаштарга жардам бере алганым мага чексиз кубаныч тартуулагандыктан, бөтөн жерде кызмат кылууга байланышкан кыйынчылыктар анчалык сезилбей калат. Мен бул жердеги кызматымды башка эч нерсеге алмаштырбайм жана Жахаба качанга чейин калтырса, ошого чейин калам».

[32-беттеги кутуча]

«Ар улуттагы адамдар үчүн жакшы кабар» аттуу китепченин өзгөчөлүктөрү

«Ар улуттагы адамдар үчүн жакшы кабар» китепчесинде (ор.) көлөмү бир бетти ээлеген кабар 96 тилде берилген. Кабар биринчи жак менен жазылган. Ошондуктан аны окуган адамга силер сүйлөп жаткандай сезилет.

Китепченин мукабасынын ички беттеринде дүйнө жүзүнүн картасы берилген. Адамды сөзгө тартуу үчүн ал картаны мындайча колдонсоңор болот: адегенде өзүңөр жашаган өлкөнү көрсөтүп, анан өзүнүн каяктан келгенин сурап көргүлө. Ушундай жол менен анын ачылып сүйлөшүнө жана жайдары, достук маанайда пикирлешүүгө шарт түзөсүңөр.

Китепченин алгы сөзүндө башка тилде сүйлөгөндөргө жардам берүүдө ийгиликке жетүү үчүн жасашыбыз керек болгон бир нече кадам саналып өтөт. Аларды кунт коюп окуп чыгып, так аткарууңарды өтүнөбүз.

Мазмунунда тилдердин аталышы эле эмес, тийиштүү белгилери да көрсөтүлгөн. Бул силерге ар кайсы тилдерге которулган адабияттарыбыздагы тилдик белгилерди аныктоого жардам берет.

[31-беттеги сүрөт]

Доминикан республикасы

[32-беттеги сүрөт]

Бул китепчени кызматта колдонуп жатасыңарбы?

Благая весть для людей из всех народов