Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ата-энелер, үй-бүлөңөрдүн муктаждыктарына кам көргүлө

Ата-энелер, үй-бүлөңөрдүн муктаждыктарына кам көргүлө

Ата-энелер, үй-бүлөңөрдүн муктаждыктарына кам көргүлө

«Ким өз туугандары үчүн... кам көрбөсө, ал ишенимден баш тарткан» (1 Тиметейге 5:8).

1, 2. а) Жыйналыш жолугушууларына чогуу келип жүргөн үй-бүлөлөрдү көрүү эмне үчүн кубанычтуу? б) Жолугушууларга өз убагында келүүгө үй-бүлөлөргө эмнелер тоскоолдук кылышы мүмкүн?

ЖЫЙНАЛЫШ жолугушуусу башталганга чейин айлана-тегерегибизге көз жүгүртүп көрсөк, ата-энелеринин жанында тыкан кийинген татынакай балдардын отурганын көрөбүз. Мындай үй-бүлөлөрдүн Жахабаны жана бири-бирин сүйөрүн көрүү кандай жагымдуу! Бирок үй-бүлөсүн жыйналышка өз убагында алып келүү үчүн ата-эне канча күч-аракет жумшаарын оңой эле көңүлдөн чыгарып коюшубуз мүмкүн.

2 Адатта, ата-эненин керээли кечке жаны тынбайт, ал эми жолугушуулар өтө турган күндөрү демейдегиден көбүрөөк күч жумшоого туура келет. Үй-бүлө мүчөлөрү тамак даярдоого, үй иштерин бүтүрүүгө, мектептен берилген тапшырмаларды аткарууга үлгүрүшү керек. Эң оор жүктү ата-эне көтөрөт: алар ар бир баласынын таза, ток жана өз убагында даяр болушуна кам көрүшөт. Бирок эң эле ыңгайсыз учурда күтүлбөгөн нерселер болуп кетиши мүмкүн: улуусу ойноп жатып шымын жыртып алат; кенжеси тамагын төгүп алат. Же болбосо, уруша кетишет (Накыл сөздөр 22:15). Натыйжада ата-эне баарын кылдат пландаштырса да, ою оңунан чыкпай калышы ыктымал. Ошого карабай, үй-бүлө Падышалык залына дээрлик дайыма жолугушуу башталганга чейин бир топ эрте келет. Алардын ал жерге жума сайын, жыл сайын келип жүргөнүн жана балдардын Жахабага кызмат кылуусун улантып жатканын көрүү кандай кубанычтуу!

3. Жахабанын үй-бүлөлөрдү жогору баалаарын кайдан билебиз?

3 Ата-энелер, милдетиңер кээде оор, атүгүл мүшкүлдүү болгону менен, жумшаган күч-аракетиңерди Жахаба жогору баалаарына шектенбесеңер болот. Үй-бүлө түзүлүшүн Кудай негиздеген. Ошондуктан анын Сөзүндө ар бир үй-бүлө Жахабадан «аталган» деп айтылат (Эфестиктерге 3:14, 15, «Инжил»). Силер үй-бүлөдөгү ролуңарды тийиштүү түрдө аткарууга умтулуу менен ааламдын Эгедер Теңирине урмат көрсөтөсүңөр (1 Корунттуктарга 10:31). Бул зор сыймык эмеспи? Ошондуктан Жахабанын ата-энелерге кандай тапшырма бергенин карап чыкканыбыз орундуу. Бул макалада үй-бүлөгө кам көрүүгө эмнелер кирери талкууланат. Эмесе, Кудайдын ата-энелерден үй-бүлөсүнө кайсы үч жактан кам көрүшүн талап кыларын карап көрөлү.

Материалдык жактан кам көрүү

4. Үй-бүлөдө балдардын муктаждыктары канааттандырылышы үчүн, Жахаба кандай чара көргөн?

4 Элчи Пабыл: «Ким өз туугандары үчүн, айрыкча, өз үйүндөгүлөрү үчүн, кам көрбөсө, ал ишенимден баш тарткан, ишенбегендерден да жаман адам»,— деп жазган (1 Тиметейге 5:8). Бул жерде Пабыл ким жөнүндө сөз кылган? Үй-бүлө башчысы, айрыкча, ата жөнүндө. Кудай аялды күйөөсүнө жардамчы кылып дайындоо менен ага да маанилүү ролду ыйгарган (Башталыш 2:18). Байыркы убакта аялдар көп учурда күйөөлөрүнө үй-бүлөнү багууга жардам берген (Накыл сөздөр 31:13, 14, 16). Бүгүнкү күндө атасыз же энесиз үй-бүлөлөр мурдагыга караганда кыйла көп. Ыйсаны жолдогон көптөгөн жалгыз бой ата-энелер өздөрүнүн үй-бүлөсүнө эң сонун кам көрүп келишет. Албетте, үй-бүлөдө атанын да, эненин да болгону жана атанын жетекчиликти колго алганы абзел.

5, 6. а) Үй-бүлөсүн материалдык жактан камсыз кылууга аракеттенгендер кандай кыйынчылыктарга дуушар болушат? б) Жумушка карата кандай көзкарашта болуу Кудай жолундагы ата-энелерге милдетин аткарууга жардам берет?

5 Пабыл 1 Тиметейге 5:8де кам көрүүнүн кайсы түрүн кеп кылган? Контекст көрсөтүп тургандай, ал үй-бүлөнүн материалдык муктаждыктары тууралуу айткан. Бүгүнкү дүйнөдө үй-бүлө башчысы үйүндөгүлөрүн багууда далай тоскоолдуктарга кабылат. Жумуштан айрылуу, жумушсуздуктун жогорку деңгээлге жетиши, жашоо-тиричилик чыгымынын өсүшү сыяктуу экономикалык кыйынчылыктар дүйнө жүзүнө кеңири кулач жаюуда. Үй-бүлөнү багуучуга мындай кыйынчылыктарды көтөрүүгө эмне жардам берет?

6 Үй-бүлөнү баккан адам Жахаба берген милдетти аткарып жатканын эсинен чыгарбашы керек. Пабылдын жогорудагы сөздөрү көрсөтүп тургандай, бул буйрукту аткарууга жөндөмдүү болуп туруп, аны аткаргысы келбегендер «ишенимден баш тарткан» адам менен бирдей. Ыйсанын жолдоочусу Кудайдын алдында андай атка ээ болбоого бүт күч-аракетин жумшайт. Тилекке каршы, азыркы дүйнөдө көп адамдардын «табигый ынактыгы жок» (2 Тиметейге 3:1, 3, «ЖД»). Эчендеген аталар өз милдеттерин аткарбай, үй-бүлөсүн оор абалга дуушар кылып келишүүдө. Кудай жолундагы күйөөлөр үй-бүлөсүнө андай ташбоор, шалакы мамиле кылуудан качышат. Бирге иштеген адамдардын көбүнөн айырмаланып, Ыйсаны жолдогон ата-энелер төмөн деп эсептелген кара жумуштарды да ылайыктуу, маанилүү катары кабыл алып, аларды аткаруу менен Жахаба Кудайга жагууга умтулушат. Ошентип, алар жакын адамдарына кам көрөт.

7. Эмне үчүн ата-энелер Ыйсанын үлгүсү тууралуу ой жүгүртүшү зарыл?

7 Үй-бүлө башчылары Ыйсанын жеткилең үлгүсү тууралуу ой жүгүртүү да пайдалуу экенин көрүшү мүмкүн. Ыйык Китепте Ыйсанын пайгамбарлык мааниде «Түбөлүктүн Атасы» деп аталганын эстесеңер (Ышайа 9:6, 7). «Биринчи адам — Адам атанын» ордуна Ыйса «Акыркы Адам» катары ишеним көрсөткөндөрдүн атасы болуп калган (1 Корунттуктарга 15:45). Керт башынын кызыкчылыгын ойлогон өзүмчүл ата болгон Адамдан айырмаланып, Ыйса мыкты ата болуп саналат. Ыйык Китепте ал жөнүндө: «Ал биз үчүн Өз жанын бергендиктен, сүйүүнүн кандай болорун билдик»,— деп айтылат (1 Жакан 3:16). Ооба, Ыйса өзүнүн өмүрүн башкалар үчүн даярдуулук менен берген. Бирок ал дайыма кичинекей маселелерде да башкалардын муктаждыктарын өзүнүкүнөн жогору койгон. Ата-энелер, жанаябастык рухун көрсөтүү жагынан аны туураганыңар абзел.

8, 9. а) Балдарына жанаябастык менен кам көрүү жагынан ата-энелер канаттуулардан эмнелерге үйрөнө алышат? б) Ыйсаны жолдогон ата-энелер кантип жанаябастык рухун көрсөтүп жатышат?

8 Ыйсанын: «Канаттуу өз балапандарын канатынын астына чогулткандай, Мен да канча ирет сенин балдарыңды чогултууну кааладым»,— деп Кудайдын ээнбаш элине айткан сөздөрү ата-энелерге жанаябастык сүйүү жөнүндө көп нерсени айтып турат (Матай 23:37). Бул жерде Ыйса канаттуу канаттары менен балапандарын коргоорун айкын сүрөттөгөн. Чын эле, балапандарын коркунучтан сактоо үчүн өз жанын тобокелге салуудан кайра тартпаган жана коргоо инстинкттери жакшы өрчүгөн канаттуулардан ата-энелер көп нерсеге үйрөнө алышат. Канаттуу-куштардын өз балапандарын багуу үчүн күндөн-күнгө жасаган иш-аракеттери да суктандырбай койбойт. Алар азык издеп, дайыма нары-бери учуп жүрүшөт. Алдан-күчтөн тайып турганда да алар тойгонун билбеген кызыл эт балапандарынын оозуна азык салып беришет. Жахабанын жаратууларынын көбү балдарына кам көрүүдө сокур сезимге жетектелсе да, «акылдуу» келет (Накыл сөздөр 30:24).

9 Ошо сыяктуу эле, Ыйсаны жолдогон бардык ата-энелер жанаябастык рухун эң сонун чагылдырып жатышат. Силер балдарыңардын зыянга учурашына караганда өзүңөрдүн зыян тартышыңарды туура көрөсүңөр. Ошондой эле үй-бүлөңөрдү багуу үчүн күн сайын даярдуулук менен курмандыктарга барасыңар. Көптөрүңөр эрте туруп, алдан тайдыруучу оор жумушуңарга жөнөйсүңөр. Дасторконуңарда жакшы тамак-аш болушу үчүн жан үрөп иштейсиңер. Балдарыңардын таза кийинип, шарты бар үйдө жашап, жакшы билим алышы үчүн алпурушасыңар. Муну силер күндөн-күнгө, жылдан-жылга кылып келесиңер. Албетте, мындай жанаябастык жана туруктуулук Жахабага жагат! (Эврейлерге 13:16). Бирок силер үй-бүлөңөргө кам көрүүнүн мындан да маанилүүрөөк жолдору бар экенин эсиңерден чыгарбайсыңар.

Рухий жактан кам көрүү

10, 11. Адам баласынын эң маанилүү муктаждыгы кайсы жана Ыйсаны жолдогон ата-энелер балдарынын ошол муктаждыгын канааттандыруу үчүн адегенде эмне кылышы керек?

10 Үй-бүлөгө рухий жактан кам көрүү материалдык жактан кам көрүүдөн алда канча маанилүү. Ыйса: «Адам нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт»,— деп айткан (Матай 4:4; 5:3). Ата-энелер, үй-бүлөңөргө рухий жактан кам көрүү үчүн эмне кылсаңар болот?

11 Ушул темада сөз жүргөндө, көбүнесе Мыйзам 6:5—7-аяттар келтирилет. Ыйык Китебиңерди ачып, ошол аяттарды окуп көрсөңөр. Байкасаңар, ата-энелер адегенде өздөрүнүн рухийлигин чыңдап, Жахабага сүйүү өрчүтүүгө жана анын сөздөрүн жүрөктөрүнө түйүүгө тийиш. Ооба, Жахабанын жолдорун, принциптери менен мыйзамдарын жакшы түшүнүп, аларды сүйүш үчүн силер Кудайдын Сөзүн үзгүлтүксүз окуп жана окуганыңардын үстүнөн ой жүгүртүп, Ыйык Китепти изилдөөгө олуттуу мамиле жасашыңар зарыл. Натыйжада жүрөгүңөр Ыйык Китептеги кереметтүү чындыктарга байып, кубанычка бөлөнөсүңөр, Жахабаны урматтоого жана сүйүүгө түрткү аласыңар. Андан тышкары, балдарыңар менен бөлүшө турган көптөгөн жакшы нерселерге үйрөнөсүңөр (Лука 6:45).

12. Ата-энелер балдарына Ыйык Китептеги чындыктарды кайра-кайра айтып үйрөтүү жагынан Ыйсаны кантип туурай алышат?

12 Рухий жактан күчтүү ата-энелер Мыйзам 6:7деги кеңешти колдонуп, Жахабанын сөздөрүн балдарына бардык жагдайларда «кайра-кайра айтып үйрөтүүгө» даяр. Баарыбыз (айрыкча, балдар) бир нерсеге үйрөнүш үчүн кайталоо зарыл экенин Жахаба жакшы билет. Ошондуктан Ыйса башкаларды окутууда кайталоону көп колдонгон. Мисалы, шакирттерин бой көтөрбөй, атаандашпай момун болууга үйрөтүүдө бир эле принципти кайталап айтуунун ар кандай жолдорун тапкан. Ал талкуулашуунун, мисал келтирүүнүн, атүгүл демонстрациянын жардамы менен окуткан (Матай 18:1—4; 20:25—27; Жакан 13:12—15). Белгилей кетчү нерсе, Ыйса эч качан чыдамсыздык көрсөткөн эмес. Ошо сыяктуу эле, балдары Жахабанын принциптерин жүрөктөрүнө сиңирип, колдонуп калмайын, ата-энелер чыдамдуулук менен кайталап, негизги чындыктарды үйрөтүүнүн жолдорун табышы зарыл.

13, 14. Ата-энелер балдарына Ыйык Китептеги чындыктарды кайсы учурларда жана эмнелерди колдонуп үйрөтө алышат?

13 Үй-бүлөлүк изилдөөнүн учурунда балдарды ошондой жол менен окутууга эң сонун мүмкүнчүлүк болот. Чындыгында, кубанычтуу маанайда үзгүлтүксүз өткөрүлгөн бекемдээрлик изилдөө үй-бүлөнүн рухийлигин сактоого зор өбөлгө түзөт. Дүйнө жүзүндөгү Ыйсаны жолдогон үй-бүлөлөр мындай изилдөөлөрдөн ырахат алышат. Алар изилдөөлөрүн Жахабанын уюму чыгарган адабияттарды колдонуп жана балдардын муктаждыктарына ылайыкташтырып өткөрүшөт. «Улуу Окутуучудан үйрөн» (ор.), «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонулуучу кеңештер» (ор.) аттуу китептер бул жагынан зор пайда берүүдө *. Бирок балдарды үй-бүлөлүк изилдөөдөн башка убактарда да окутуп-үйрөтүүгө болот.

14 Мыйзам 6:7де көрсөтүлгөндөй, силер, ата-энелер, балдарыңар менен рухий нерселер жөнүндө ар кайсы учурда сүйлөшсөңөр болот. Чогуу бир жакка баратканда, үй иштерин аткарууда же эс алууда балдарыңардын рухий муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүнчүлүк издесеңер болот. Албетте, балдарыңарга Ыйык Китептеги чындыктар жөнүндө кечке тажатып айта берүүнүн кажети жок. Тескерисинче, аларды бекемдегидей маанайда маектешүүгө аракеттенгиле. Мисалы, «Ойгонгула!» журналына ар кайсы темада макалалар чыгып турат. Алардын негизинде Жахаба жараткан жан-жаныбарлар, дүйнө жүзүндөгү кооз жерлер, элдердин маданиятындагы жана жашоо-тиричилигиндеги укмуштай көп түрдүүлүк жөнүндө сүйлөшүүгө болот. Бул балдарыңарга ишенимдүү жана акылдуу кул тобу берген адабияттарды көбүрөөк окууга түрткү берет (Матай 24:45—47).

15. Ата-энелер балдарына кызматты кызыктуу жана жагымдуу иш катары көрүүгө кантип жардам бере алышат?

15 Балдарыңар менен бекемдээрлик пикирлешүүнүн аркасында алардын дагы бир рухий муктаждыгын канааттандырасыңар. Аларды өз ишенимдерин башкалар менен бөлүшүүгө үйрөтүү зарыл. «Күзөт мунарасы» же «Ойгонгула!» журналдарындагы кандайдыр бир кызыктуу ой жөнүндө сүйлөшүп жатканда материалды кызматка байланыштырууга аракеттенгиле. Маселен: «Жахаба жөнүндөгү бул ойду көбүрөөк адамдар билсе, кандай сонун болмок, ээ? Кандай деп ойлойсуң, кимдир бирөөнү бул тема менен канткенде кызыктыра алабыз?» — деп сурасаңар болот. Мындай талкуулар балдарды өздөрүнүн үйрөнгөндөрүн башкалар менен бөлүшүүгө ого бетер кызыкдар кылат. Анан алар силер менен кызматка чыкканда, талкууланган нерселерди иш жүзүндө кандайча аткарып жатканыңарды көрүшөт. Ошондой эле кабар айтуу кызматы зор канааттануу жана кубаныч тартуулай турган кызыктуу, жагымдуу иш экенине ынанышат (Элчилер 20:35).

16. Балдар ата-энелеринин тиленүүлөрүн угуу менен эмнелерге үйрөнө алышат?

16 Ата-энелер балдарынын рухий муктаждыктарына тиленүү аркылуу да кам көрө алышат. Ыйса шакирттерине кантип тиленүү керектигин үйрөтүп, алар менен көп жолу чогуу тиленген (Лука 11:1—13). Жахабанын өз Уулунун тиленүүсүн угуу менен алар эмне деген нерселерге үйрөнүшкөнүн ойлоп көрсөңөр! Ошо сыяктуу эле, балдарыңар силердин тиленүүлөрүңөрдөн көп нерселерге үйрөнө алышат. Мисалы, алар Жахабанын бардык кыйынчылыктарыбызды ага айтып, аны менен чын жүрөктөн ачык-айрым сүйлөшүшүбүздү каалаарын түшүнүшөт. Ооба, тиленүүлөрүңөр балдарыңарга бир маанилүү чындыкты — алар да асмандагы Атасы менен өз ара мамиле түзө алышарын — баамдоого жардам берет (1 Петир 5:7).

Эмоциялык жактан кам көрүү

17, 18. а) Ыйык Китепте балдарга сүйүү көрсөтүүнүн маанилүүлүгү кандайча көрсөтүлөт? б) Балдарына сүйүү көрсөтүү жагынан аталар Жахабаны кантип туурашы керек?

17 Албетте, балдардын эмоциялык да муктаждыктары бар. Кудайдын Сөзүндө ата-энелердин аларга бул жагынан кам көрүшү канчалык маанилүү экени көрсөтүлөт. Мисалы, жаш аялдар «балдарын сүйүүгө» үндөлөт (Титке 2:4). Баланы сүйүү менен тарбиялоо акылдуулукка жатат, анткени бул аны да сүйүү көрсөтүүгө үйрөтүп, зор пайдаларды алып келет. Ал эми сүйүү көрсөтпөө — акылсыздык. Бул баланын жүрөгүн жаралайт, ошондой эле жеткилеңсиздигибизге карабай бизге улуу сүйүү көрсөткөн Жахабаны туурабагандыкка жатып калат (Забур 102:8—14).

18 Жахаба жердеги балдарына сүйүү көрсөтүүдө демилгени колго алат. «Ал бизди биринчи сүйгөн»,— деп айтылат 1 Жакан 4:19да. Айрыкча силер, аталар, Жахабаны туурап, балдарыңар менен сүйүүнүн негизинде мамиле түзүүгө умтулушуңар керек. Ыйык Китеп аталарды, балдарынын «көңүлү чөкпөшү» үчүн, аларды кыжырлантпоого үндөйт (Колостуктарга 3:21). Атасы же энеси сүйбөгөндөй же баалабагандай көрүнсө, бала кыжырланышы мүмкүн. Сезимдерин билдирүүгө көнбөгөн аталар Жахабанын үлгүсүн эстесе дурус. Жахаба Уулун жактырарын жана сүйөрүн билдириш үчүн атүгүл асмандан сүйлөгөн (Матай 3:17; 17:5). Бул Ыйсаны кандай гана бекемдеген! Анын сыңарындай, ата-эне балдарына аларды сүйөрүн жана жактырарын чын жүрөктөн билдирсе, бул балдарга зор күч-кубат, кайрат берет.

19. Эмне үчүн жазалоо маанилүү жана Ыйсаны жолдогон ата-энелер кантип теңсалмактуу болууга умтулушат?

19 Албетте, ата-эненин сүйүүсү ооз жүзүндө эле билдирилбейт. Сүйүү баарынан мурда иш жүзүндө көрсөтүлүшү керек. Балдарга материалдык жана рухий жактан кам көрүлсө, өзгөчө, эгер андай камкордук сүйүүгө негизделсе, бул ата-эненин балдарына болгон сүйүүсүн айгинелейт. Ата-эненин сүйүүсүн чагылдырган дагы бир маанилүү нерсе — жазалоо. «Теңир кимди сүйсө, ошону жазалаарын» эстесеңер (Эврейлерге 12:6). Ал эми балдарын жазалабаган ата-эне аларды жек көрөрүн көрсөтөт! (Накыл сөздөр 13:24). Жахаба «чеги менен жазалап», дайыма теңсалмактуулук көрсөтөт (Жеремия 46:28). Мындай теңсалмактуулукка ээ болуу жеткилең эмес ата-энелер үчүн дайыма эле оңойго тура бербейт. Бирок теңсалмактуулук көрсөтүүгө бүт күч-аракетиңерди жумшасаңар, акыбети кайтпай койбойт. Сүйүүгө, бекем принциптерге негизделген тарбия балага чоңойгондо бактылуу, ийгиликтүү жашоо өткөрүүгө жардам берет (Накыл сөздөр 22:6). Ыйсаны жолдогон ар бир атанын же эненин каалаганы ушул эмеспи?

20. Ата-энелер балдарына «өмүрдү тандап алууга» кантип эң сонун мүмкүнчүлүк түзүп бере алышат?

20 Ата-энелер, балдарыңарга материалдык, рухий жана эмоциялык жактан кам көрүү боюнча Жахаба тапшырган маанилүү ишти аткарсаңар, чоң баталарды аласыңар. Ошентип, силер балдарыңарга «өмүрдү тандап алып», келечекте түбөлүк «өмүр сүрүүгө» эң сонун мүмкүнчүлүк түзүп бере аласыңар (Мыйзам 30:19). Бойго жеткенде Жахабага кызмат кылып, өмүр жолунда жүрүүнү тандаган балдар ата-энелерине зор кубаныч алып келишет (Забур 126:3—5). Мындай кубаныч түбөлүккө созулат! Бирок улан-кыздар Жахабаны азыр кантип даңктап-мактай алышат? Эмки макалада ушул тема талкууланат.

[Шилтемелер]

^ 13-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

Эмне деп жооп берет элеңер?

Балдарына

• материалдык жактан...

• рухий жактан...

• эмоциялык жактан...

кам көрүү үчүн, ата-энелер эмне кыла алышат?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги сүрөт]

Балапандарын багуу үчүн канаттуулардын көбү тынымсыз эмгектенет.

[10-беттеги сүрөт]

Ата-энелер адегенде өздөрүнүн рухийлигин чыңдашы керек.

[11-беттеги сүрөт]

Ата-энелер балдарына Жараткан жөнүндө айтып берүү үчүн көп мүмкүнчүлүктөрдү колдоно алышат.

[12-беттеги сүрөт]

Ата-энесинин жактырарын сезүү балдарга күч-кубат берет.