Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Биринчи Падышалар китебиндеги урунттуу ойлор

Биринчи Падышалар китебиндеги урунттуу ойлор

Жахабанын Сөзү тирүү

Биринчи Падышалар китебиндеги урунттуу ойлор

«АДИЛ адамдар көбөйө баштаганда, эл шаттыкка бөл өнөт, ал эми мыйзамсыз адам үстөмдүк кылганда, эл онтойт» (Накыл сөздөр 29:2). Ыйык Жазманын Биринчи Падышалар китеби бул накыл сөздүн калетсиздигин айкын көрсөтөт. Анда Сулаймандын жашоосу тууралуу баяндалып, ал падышалык кылып турганда байыркы ысрайыл элинин коопсуздукта гүлдөп жашаганы айтылат. Ошондой эле ал китепте Сулайман өлгөндөн кийин, элдин экиге бөлүнүп кеткени жана андан кийинки 14 падышанын айрымдары Ысрайылда, башкалары Жүйүттө башкарганы тууралуу баяндалат. Алардын ичинен экөө гана Жахабага берилгендигин сактаган. Андан тышкары, ал китепте алты пайгамбардын, алардын ичинде Илиястын аткарган кызматы тууралуу айтылат.

Жеремия пайгамбар аркылуу Иерусалим менен Жүйүттө жазылган бул билдирүүдө б.з.ч. 1040-жылдан б.з.ч. 911-жылга чейинки 129 жылдын аралыгында болуп өткөн окуялар баяндалат. Аны жазууда Жеремия «Сулаймандын иштери жазылган китеп» сыяктуу байыркы билдирүүлөрдү колдонгон көрүнөт. Андай байыркы жазуулар бүгүнкү күнгө чейин сакталган эмес (1 Падышалар 11:41; 14:19; 15:7).

ДААНЫШМАН ПАДЫША ЭЛДИН ГҮЛДӨП, ТЫНЧТЫКТА ЖАШАШЫНА ӨБӨЛГӨ ТҮЗӨТ

(1 Падышалар 1:1—11:43)

Биринчи Падышалар китеби Дөөттүн уулу Адониянын атасынан Падышалыкты мыйзамсыз түрдө тартып алууга аракеттенгени тууралуу кызыктуу окуялар менен башталат. Адониянын ал ою Натан пайгамбардын токтоосуздан жасаган иш-аракеттеринен улам ишке ашпай калат да, тактыга Дөөттүн уулу Сулайман отурат. Жаңыдан падышалыкка дайындалган Сулаймандын суранычы Жахабага жагып, Ал ага «акылдуу, даанышман жүрөк» менен бирге «байлыкты, даңкты» да берет (1 Падышалар 3:12, 13). Падышанын акылы тең келгис, байлыгынын көптүгү салыштыргыс болот. Ал кезде ысрайыл эли гүлдөп, тынчтыкта жашайт.

Сулайман Жахабанын ийбадатканасын жана мамлекеттик имараттарды курат. Жахаба Сулайманга, эгер ал тил алчаак бойдон калса, анын падышачылык тагын «Ысрайылга түбөлүк коёрун» убадалайт (1 Падышалар 9:4, 5). Ошону менен бирге, чыныгы Кудай тил албастык эмнелерге алып келери тууралуу да эскертет. Бирок Сулайман жат жердик көптөгөн аялдарынын таасирине алдырып, улгайып калганда жалган сыйынууга бурулуп кетет. Жахаба анын падышалыгы бөлүнөрүн айтат. Ошентип, б.з.ч. 997-жылы Сулайман дүйнөдөн өтөт да, анын 40 жылдык башкаруусу аяктайт. Тактыга уулу Рехабам отурат.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

1 Падышалар 1:5 — Эмне себептен Адония Дөөт тирүү кезде эле тактыны тартып алууга аракеттенет? Ыйык Китепте мунун себеби айтылбайт. Анткен менен агалары Амнон, Абышалом жана Дөөттүн уулу Килап да өлгөндүктөн, Адония Дөөттүн тирүү калган балдарынын улуусу катары өзүн такка отурууга укуктуу ойлогон деп божомолдоо акылга сыярлык (2 Шемуел 3:2—4; 13:28, 29; 18:14—17). Кадыр-барктуу аскер башчы Жойап менен таасирдүү башкы ыйык кызмат кылуучу Абыйатардын колдоосуна таянган Адония жасаган аракеттери ийгиликтүү ишке ашарына бекем ишенсе керек. Анын Дөөттүн тактыны Сулайманга берүүнү каалаары тууралуу билген-билбегени Ыйык Китепте айтылбайт. Бирок курмандык чалганда Адония Сулайманды жана Дөөткө берилгендик менен кызмат кылгандарды чакырбай койгон (1 Падышалар 1:9, 10). Ушундан улам ал Сулайманды атаандашы катары эсептеген деп божомолдоого болот.

1 Падышалар 1:49—53; 2:13—25 — Эмне үчүн Сулайман Адонияны кечиргенден кийин өлтүрткөн? Бат-Шеба түшүнбөй калса да, Сулайман Адониянын ал аркылуу Абишаганы аялдыкка берүүнү кандай максат менен сураганын билип койгон. Дөөт чырайлуу Абишага менен жыныстык катнашта болбосо да, ал анын күң аялы болуп эсептелчү. Ошол убактагы салтка ылайык, ал Дөөттүн мыйзамдуу мураскоруна гана таандык болмок. Балким, Адония Абишаганы аялдыкка алса, кайрадан тактыны ээлөөгө аракет жасоого болот деп ойлогондур. Адониянын бул суранычын падышалыкты алууга жасалган аракет катары эсептегендиктен Сулайман аны мурун кечиргенине карабай жазалоону туура көргөн.

1 Падышалар 6:37—8:2 — Ийбадаткананы арноо аземи качан болгон? Ийбадаткана Сулаймандын башкаруусунун 11-жылында, б.з.ч. 1027-жылдын сегизинчи айында, курулуп бүткөн. Сыягы, ар кандай буюм-теримдерди алып келүүгө жана башка даярдыктарды көрүүгө он бир ай убакыт кеткен. Арноо аземи б.з.ч. 1026-жылдын жетинчи айында болуп өткөн. Ыйык Китепте ийбадаткана салынып бүткөндөн кийин жана анын арноо аземи өткөрүлгөнгө чейин дагы башка курулуш иштери жүргүзүлгөнү тууралуу айтылат. Сыягы, андай билдирүүлөр ал убакта дагы кандай курулуш иштери жүргөнүн көрсөтүү максатында жазылган (2 Жылнаама 5:1—3).

1 Падышалар 9:10—13 — Сулаймандын Тир падышасы Хирамга Галилея жеринен 20 шаарды бергени Мусанын мыйзамында айтылгандарга ылайык келгенби? Лебилер 25:23, 24-аяттарда жазылган мыйзам ысрайылдыктар жашаган жерлерге гана тиешелүү деп каралышы мүмкүн эле. Сулайман Хирамга берген шаарлар Убадаланган жерге чектеш болсо да, ал жерлерде ысрайыл элинен башка элдер отурукташса керек (Чыгуу 23:31). Андан сырткары, Сулаймандын бул иши, анын «өзүнө жылкы көбөйтүп», көп аял алганы менен бирдей эле, Мыйзамга толугу менен баш ийбей калганын көрсөтүшү мүмкүн (Мыйзам 17:16, 17). Кандай болбосун, Хирам анын белегин жактырбай койгон. Балким, ал жердин бутпарас тургундары шаарларды жакшы карабай коюшкан же алар анча жакшы жерде жайгашкан эмес.

1 Падышалар 11:4 — Сулаймандын ишенимсиз болуп калышына карылык себеп болгонбу? Андай деле эмес көрүнөт. Сулайман тактыга кырчын курагында олтурган, анан 40 жыл башкарса да, анчалык карыган эмес. Андан тышкары, ал Жахабага сыйынуусун таптакыр токтотуп койгон эмес. Ал, кыязы, диндерди бириктирүү максатында иш-аракеттерди жүргүзүүгө аракеттенген көрүнөт.

Биз алчу сабактар:

1 Падышалар 2:26, 27, 35. Жахабанын айткандары ар дайым аткарылат. Эйлинин тукуму болгон Абыйатардын кызматынан бошотулушу менен Жахабанын «Эйлинин тукуму жөнүндө айткан сөзү» аткарылган. Абыйатардын ордуна Пинехастын тукуму болгон Садоктун келиши менен Сандар 25:10—13-аяттарда айтылгандар аткарылган (Чыгуу 6:25; 1 Шемуел 2:31; 3:12; 1 Жылнаама 24:3).

1 Падышалар 2:37, 41—46. Кудайдын мыйзамын жазасыз буза алам деп ойлоо кандай коркунучтуу! Өмүргө алып баруучу «тар жолдон» билип туруп четтегендер акылсыз чечимдеринин азабын тартышат (Матай 7:14).

1 Падышалар 3:9, 12—14. Жахаба кызматчыларынын акылмандык, түшүнүү жана кызматын аткарууга жетекчилик берүүсү жөнүндөгү чын дилден айтылган тиленүүлөрүн кабыл кылат (Жакып 1:5).

1 Падышалар 8:22—53. Сулаймандын бул сөздөрүнөн анын Жахабанын ырайымдуу, убадаларын Аткаруучу жана тиленүүлөрдү Угуучу Кудай экенине абдан ыраазы болгону көрүнүп турат! Сулаймандын ийбадаткананы арноо аземинде айткан тиленүүсүнүн үстүнөн ой жүгүртүү Кудайдын ушул жана башка касиет-сапаттары үчүн болгон ыраазычылыгыбызды арттырат.

1 Падышалар 11:9—14, 23, 26. Улгайып калган Сулайман Жахабага баш ийбей калганда, Жахаба башкалардын ага душман болушуна жол берет. «Кудай текеберлерге каршы турат, ал эми момундарга ырайым кылат»,— деп айткан элчи Петир (1 Петир 5:5).

1 Падышалар 11:30—40. Сулайман Акиянын пайгамбарлыгынан улам Жаробамды өлтүргүсү келет. 40 жыл мурун ал Адония менен ага кошулган чыккынчылардан өч алуудан баш тартканда таптакыр башкача маанай чагылдырган эле (1 Падышалар 1:50—53). Жахабадан алыстап кеткендиктен анын маанайы да өзгөргөн.

ПАДЫШАЛЫК БӨЛҮНӨТ

(1 Падышалар 12:1—22:53)

Жаробам жана эл Рехабам падышага келип, атасы Сулайман арткан оор жүктү жеңилдетүүнү суранат. Өтүнүчтөрүн аткаруунун ордуна, Рехабам алардын жумуштарын ого бетер оорлоторун айтат. Он уруу көтөрүлүш чыгарып, Жаробамды падышалыкка шайлайт. Ошентип, падышалык экиге бөлүнөт. Рехабам Жүйүт жана Бенжемин уруулары түзгөн түштүк падышалыгын, ал эми Жаробам Ысрайылдын он уруудан турган түндүк падышалыгын башкарып калат.

Эл сыйынуу үчүн Иерусалимге барбашы үчүн, Жаробам эки алтын букачар орнотот: бирин — Данга, экинчисин — Бейтелге. Жаробамдан кийин Ысрайылды төмөнкү падышалар башкарат: Надап, Бааша, Эйла, Зимри, Омри, Ахап жана Охозия. Абиям, Аса, Жошапат жана Жаробам Рехабамдан кийин Жүйүттө падышалык кылышат. Падышалар учурунда Акия, Шемай, жана ысмы аталбаган пайгамбар, ошондой эле Жейу, Илияс, Михейлер пайгамбарлык кылышат.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

1 Падышалар 18:21 — Илияс же Жахабаны, же Баалды тандоого чакырганда, эл эмне себептен унчуккан эмес? Балким, алар Жахабага ал талап кылгандай толук берилгендикте кызмат кылышпагандыктан өзүлөрүн күнөөлүү сезишкен. Же мүмкүн, Жахабанын кызматчыларыбыз деп коюп, Баалга сыйынуунун туура эмес эч нерсеси деле жок дегенчилик деңгээлге жеткичекти абийирлерин чор басып калган. Жахаба күчүн көрсөткөндөн кийин гана, алар: «Жахаба Кудай экен, Жахаба Кудай экен!» — дешкен (1 Падышалар 18:39, «ҮН», 2001).

1 Падышалар 20:34 — Жахаба сириялыктарды Ахаптын колуна салып бергенде, эмне үчүн Ахап алардын падышасы Бенадатты аяп койгон? Бенадатты өлтүрүүнүн ордуна, Ахап аны менен келишим түзөт. Ал келишимге ылайык, Сириянын борбору болгон Дамасктын көчөлөрү, кыязы, базарлар курулушу үчүн Ахапка өтмөк. Бенадаттын атасынын да Самарияда соода-сатык иштерин жүргүзүү үчүн өзүнө таандык көчөлөрү болгон. Демек, Ахап Дамаскта соода иштерин жүргүзө алышы үчүн Бенадатты бошоткон.

Биз алчу сабактар:

1 Падышалар 12:13, 14. Жашоодо маанилүү чечимдерди чыгарарда кеңешти Ыйык Жазманы жакшы билген, Кудайдын принциптерин жогору баалаган, акылман жана жетилген адамдардан издегенибиз абзел.

1 Падышалар 13:11—24. Кеңеш же сунуш, мейли, ал ниети таза биртуугандарыбыз тарабынан берилсин, шектүү сезилсе, анын Кудайдын Сөзүнө ылайык келер-келбесин текшерип көрүү керек (1 Жакан 4:1).

1 Падышалар 14:13. Жахаба бизден жакшы нерсе табуу үчүн, бизди изилдейт. Ал жакшы нерсе канчалык кичинекей болбосун, Кудайга кызмат кылууда болгон күчүбүздү жумшасак, Ал аны өстүрө алат.

1 Падышалар 15:10—13. Ишенимден чегингендикти чечкиндүү түрдө четке кагып, чыныгы сыйынууну колдошубуз керек.

1 Падышалар 17:10—16. Сарепаттагы жесир аял Илиястын пайгамбар экенин таанып, ага меймандостук көрсөткөндүктөн, Жахаба анын ишеним менен жасаган иштерине батасын берген. Бүгүн да Жахаба биздин ишеним менен жасаган иштерибизди байкабай койбойт жана Падышалык ишин ар кандай жолдор менен колдогондорду сыйлыксыз калтырбайт (Матай 6:33; 10:41, 42; Эврейлерге 6:10).

1 Падышалар 19:1—8. Катуу каршылыкка дуушар болгондо Жахабанын колдой турганына шектенбесек болот (2 Корунттуктарга 4:7—9).

1 Падышалар 19:10, 14, 18. Кудайдын чыныгы сыйынуучулары эч качан жалгыз калбайт. Алардын Жахаба Кудайы жана бүткүл дүйнөлүк биртуугандыгы бар.

1 Падышалар 19:11—13. Жахаба табият күчтөрүнүн жандандырылышы эле эмес.

1 Падышалар 20:11. Бенадат Самарияны талкалайм деп мактанганда, Ысрайыл падышасы: «[Согушка даярданууда] кур курчанып жаткан киши [согуштан жеңүүчү болуп келип] кур чечип жаткан кишидей мактанбасын»,— деген. Тапшырма алганда чектен чыга мактангандан качышыбыз керек (Накыл сөздөр 27:1; Жакып 4:13—16).

Биз үчүн пайдасы зор китеп

Синай тоосунда Кудай тарабынан берилген Мыйзам талаптарын айтып берип жатканда Муса Ысрайыл уулдарына мындай деген: «Мына, мен силерге бүгүн батаны жана каргышты сунуш кылып жатам: эгерде Кудай-Теңириңердин мен бүгүн берип жаткан осуяттарын аткарсаңар, бата аласыңар; эгерде Кудай-Теңириңердин мен бүгүн берип жаткан осуяттарын аткарбасаңар, жолдон чыксаңар... каргышка каласыңар» (Мыйзам 11:26—28).

Бул маанилүү чындык Биринчи Падышалар китебинде кандай гана айкын чагылдырылган! Андан сырткары, бул китептин бизди дагы башка баалуу сабактарга үйрөтөрүн көрдүк. Андагы билдирүүлөр, чынында эле, тирүү жана таасирдүү (Эврейлерге 4:12).