Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жандүйнө бейкуттугун издөө жолунда

Жандүйнө бейкуттугун издөө жолунда

Жандүйнө бейкуттугун издөө жолунда

АЛЬБЕРТ үй-бүлөлүү жана жакшынакай эки баланын атасы болсо да, ага бир нерсе жетишпегендей сезиле берчү. Ал жумуш издеп жүрүп, саясатка кызыгып, социалдык идеяларга берилип кетет. Атүгүл жергиликтүү коммунисттик партияга мүчө болуп, ага бүт күчүн жумшай баштайт.

Бирок көп өтпөй коммунизмден көңүлү кайт болот. Ошондуктан ал саясат менен болгон байланышын толук үзүп, үй-бүлөсү үчүн жашай баштайт. Альберт аялы менен балдары бактылуу болсо эле, жашоосу маңызга толот деп ойлогон. Тилекке каршы, өзүнүн артынан сая түшкөн, коңулдаган боштук толбой, жандүйнөсүнө бейкуттук таба алган эмес.

Мындай сезимдин чеңгээлинен бошоно албай жүргөндөр аз эмес. Адамдар жашоонун маңызын табуунун аракетинде түрдүү идеологияларды, философиялык жана диний окууларды изилдеп, жактап да келишкен. Батыш өлкөлөрүндө 1960-жылдары адеп-ахлактуулукка жана коомдук асыл нарктарга каршы «хиппи» деген кыймыл пайда болгон. Аны негизинен жашоодон бакыт жана канааттануу табууну эңсеген жаштар колдогон. Максаттарына жетүү үчүн алар аң-сезимге таасир этүүчү заттарды кабыл алып, жолбашчылар жана окутуучулар деп аталган адамдардын айткандарына ылайык жашоо өткөрүшкөн. Бирок «хиппи» кыймылы чыныгы бакыт алып келген жок. Тескерисинче, баңгиликке жана адеп-ахлаксыздыкка берилген жаштар көбөйүп, коом адеп-ахлаксыздыктын сазына мурдагыдан да тездик менен бата баштаган.

Көптөр кылымдар бою байлык, бийлик же билимдин аркасында бакытка жетүүнү көздөп келген. Бирок ал нерселер да көңүл кайттылыкка учураткан. «Адамдын өмүрү,— деп айткан Ыйса,— байлыгынын көптүгүнө көз каранды эмес» (Лука 12:15). Тескерисинче, баш-оту менен байлыкка умтулуу көп учурда бактысыздыкка алып келет. Ыйык Китепте: «Баюуну каалагандар азгырылып, торго түшүшөт; кырсыкка жана өлүмгө дуушар кыла турган, көптөгөн акылсыз, зыяндуу кумарларга батышат. Анткени бүт жамандыктын тамыры — акча жандуулук. Акчага кызыгып, кээ бирөөлөр... өздөрүн өздөрү көптөгөн азап-кайгыга салышты»,— деп айтылат (1 Тиметейге 6:9, 10).

Канткенде жандүйнө бейкуттугуна ээ болуп, жашоонун маңызын табууга болот? Аларды издөөдө сөзсүз эле жаңылуу керекпи? Бул максат куру кыялбы? Бактыга жараша, андай эмес. Кийинки макаладан көрө турганыбыздай, бул үчүн адам баласына гана таандык болгон муктаждыкты канааттандыруу зарыл.

[3-беттеги сүрөт]

Байлык, бийлик жана билим жандүйнө бейкуттугуна ээ кылабы?