Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кубанычты кабарлоо

Кубанычты кабарлоо

Кубанычты кабарлоо

«Кубанычты сүйүнчүлөгөн... тоодогу жакшы кабарчынын буттары кандай сонун!» (Ышайа 52:7).

1, 2. а) Күнүгө кандай коркунучтуу окуялар болот? б) Үстөкө-босток айтылган суук кабарлар көптөгөн адамдарга кандай таасир этет?

АЗЫР дүйнө жүзү боюнча адамдар суук кабарларды үстөкө-босток угуп жатышканын сезүүдө. Радиону коюшса, жерди айыккыс оорулар каптап баратканы тууралуу үрөй учурарлык маалыматтарды угушат. Телевизордон берилген жаңылыктарды көрүшсө, жардамга муктаж ачка балдардын элеси көз алдыларынан кетпей кыйнайт. Гезиттерден болсо имараттар жардырылып, нечендеген бейкүнөө адамдардын урандылардын астында калганын окушат.

2 Ооба, бир да күн кырсыксыз өтпөй калды. Бул дүйнөнүн көшөгөсү шексиз түрдө жаман жакка өзгөрүлүүдө (1 Корунттуктарга 7:31, «ЖД»). Батыш өлкөлөрүндө чыгуучу бир коомдук-саясый журналда кээде бүт дүйнө «кыйроо алдында тургандай» сезилип кетет деп белгиленген. Көңүлү чөккөн адамдардын барган сайын көбөйүп баратышы таң калыштуу эмес! Кошмо Штаттарда телевизордон берилүүчү жаңылыктар жөнүндө элдин оюн билүү үчүн сурамжылоо жүргүзүлгөндө, бир киши: «Жаңылыктарды көргөндөн кийин ындыным өчөт да калат. Бир да жакшы жаңылык укпайсың. Өзүңдү такыр эле жардамсыз калгандай сезесиң»,— деген. Анын оюна миллиондогон адамдардын кошулары талашсыз.

Ар бир адам угууга муктаж болгон кабар

3. а) Ыйык Китепте кандай жакшы кабар камтылат? б) Падышалык тууралуу жакшы кабарды эмне үчүн баалайсыңар?

3 Деги бул караңгы дүйнөдө жакшы кабар угууга болобу? Ооба, болот! Ыйык Китепте жакшы кабар камтылганын билүү кандай соороторлук! Ал кабар — Кудайдын Падышалыгы ооруларды, ачарчылыкты, согуштарды жана эзүүнүн бардык түрүн түп-тамыры менен жок кылары жөнүндөгү кабар (Забур 45:10; 71:12). Бул кабарды ар бир адам угушу зарыл эмеспи? Жахабанын Күбөлөрү ошондой деп эсептейт. Ошондуктан алар Кудайдын Падышалыгы тууралуу жакшы кабарды бардык жерде бардык элдерге ынталуу жарыялаганы менен белгилүү (Матай 24:14).

4. Ушул жана кийинки макалада кызматыбызга байланыштуу эмнелерди карап чыгабыз?

4 Адамдар жакшы кабарга кошкөңүл караган аймактарда да күбөлөндүрүү ишине жан-дилден катышып, мындан ары да канааттануу ала беришибиз үчүн эмне кылсак болот? (Лука 8:15). Буга байланыштуу үч маанилүү нерсени кыскача карап чыгуу жардам берет. Биз 1) ниетибизди, башкача айтканда, эмне үчүн кабар айтып жатканыбызды; 2) айтып жаткан кабарыбызды, атап айтканда, эмнени кабарлап жатканыбызды; 3) колдонгон ыкмаларыбызды, башкача айтканда, кантип кабар айтып жатканыбызды карап чыгабыз. Эгерде туура ниет менен кабар айтсак, Кудайдын кабарын түшүнүктүү кылып жеткирсек жана натыйжалуу ыкмаларды колдонсок, дүйнө жүзүндөгү көптөгөн адамдарга кабарлардын эң жакшысын — Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды — угууга мүмкүнчүлүк беребиз *.

Жакшы кабарды эмне үчүн айтабыз?

5. а) Кабар айтууга баарынан мурда бизге эмне түрткү берет? б) Ыйык Китептеги кабар айтуу буйругуна баш ийүү менен Кудайга болгон сүйүүбүздү көрсөтөбүз деп эмне үчүн айта алабыз?

5 Эмесе, биринчисине — ниеттерибизге — токтололу. Жакшы кабарды биз эмне үчүн айтабыз? Ыйса эмне себептен кабар айткан болсо, биз да ошол себептен айтабыз. Ал: «Мен Атамды сүйөм»,— деп айткан (Жакан 14:31; Забур 39:9). Ооба, бизге баарынан мурда Кудайга болгон сүйүү түрткү берет (Матай 22:37, 38). Ыйык Китептеги: «Кудайды сүйүү деген — Анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес»,— деген сөздөр Кудайга болгон сүйүү менен кызматыбыздын ортосунда байланыш бар экенин көрсөтүп турат (1 Жакан 5:3; Жакан 14:21). Кудайдын осуяттарына шакирт даярдоо тапшырмасы киреби? (Матай 28:19). Ооба. Ал тапшырманы бизге Ыйса берген болсо да, чындыгында, аны Жахаба берген. Кандайча? «Өз атымдан эч нерсе кылбастыгымды, Атам кандай үйрөтсө, ошондой сүйлөй тургандыгымды билесиңер»,— деп түшүндүргөн Ыйса (Жакан 8:28; Матай 17:5). Ошондуктан кабар айтуу буйругун аткаруу менен биз Жахабаны сүйөрүбүздү көрсөтөбүз.

6. Кандайча Кудайга болгон сүйүү бизге кабар айтууга түрткү берет?

6 Ошондой эле биз Шайтандын Жахабага жапкан жалааларын жокко чыгарууну каалагандыктан, Кудайга болгон сүйүү бизге кабар айтууга түрткү берет (2 Корунттуктарга 4:4). Шайтан Кудайдын башкаруусунун адилеттүү экенине шек туудурган (Башталыш 3:1—5). Жахабанын Күбөлөрү катары биз Шайтандын ушак сөздөрүн ашкерелөөгө жана Кудайдын ысмын адамзат алдында ыйыктоого ынтызарбыз (Ышайа 43:10—12). Андан тышкары, биз кызматка Жахабанын сапаттарын жана жолдорун таанып-билгендиктен катышабыз. Өзүбүздү ага жакын сезип, Кудайыбыз тууралуу башкаларга айтып берүүнү абдан каалайбыз. Жахабанын кеңпейилдиги жана адилет жолдору бизге ушунчалык чоң кубаныч тартуулагандыктан, ал жөнүндө айтпай коё албайбыз (Забур 144:7—12). Биз уга турган адамдарга анын «улуу иштери» жөнүндө айтууга жана аны даңктоого дилгирбиз (1 Петир 2:9; Ышайа 43:21).

7. Кабар айтуу ишине катышууга Кудайга болгон сүйүүдөн тышкары дагы кандай маанилүү себеп бар?

7 Кабар айтууга катышып жатканыбыздын дагы бир маанилүү себеби бар: биз жаман кабарлардын айынан же башка себептерден улам жабыр тарткан адамдарды чын ыкластан соороткубуз келет. Бул жагынан биз Ыйсаны тууроого умтулабыз. Мисалы, Марктын 6-бөлүмүндө айтылгандарды карап көрсөңөр.

8. Марктын 6-бөлүмүндө Ыйсанын адамдарга карата туйган сезимдери жөнүндө эмне айтылат?

8 Элчилер кабар айтуу өнөктүгүнөн кайтып келип, Ыйсага баарын: эмне кылышканын, элди эмнеге үйрөтүшкөнүн айтып беришет. Ыйса элчилердин чарчаганын көрүп, өзү менен кошо «бир аз эс алып» келүүгө чакырат. Ошондо алар кайыкка отуруп, ээн жерге барышат. Бирок эл жээкти бойлой чуркап, алардын артынан барат да, аларды кайра эле таап алат. Ошондо Ыйса эмне кылат? Ыйык Китепте мындай деп айтылат: «Ыйса... көп элди көрүп, аларга боору ооруду. Анткени алар койчусу жок койлордой эле. Ыйса аларга көп нерсени үйрөтө баштады» (Марк 6:31—34). Боору ооругандыктан Ыйса чарчаганына карабай жакшы кабарды айта берүүгө түрткү алат. Ооба, Ыйса адамдарды аяп, аларга боору ачыйт.

9. Кабар айтууга туура ниет менен катышууга байланыштуу Марктын 6-бөлүмүндөгү билдирүүдөн эмнеге үйрөнсөк болот?

9 Бул билдирүүдөн эмнеге үйрөнсөк болот? Ыйсанын жолдоочулары болгондуктан биз өзүбүздү жакшы кабар айтууга жана шакирт даярдоого милдеттүү сезебиз. Кудай ар бир улуттагы «адамдардын куткарылышын» каалагандыктан, жакшы кабарды жарыялоо биздин парызыбыз экенин түшүнөбүз (1 Тиметейге 2:4). Бирок кызматыбызды милдеттүү болгондуктан эле эмес, башкаларга боор ооругандыктан да аткарабыз. Адамдарга карата Ыйсаныкындай сезимде болсок, жүрөгүбүз бизге жакшы кабарды алар менен бөлүшүү үчүн колубуздан келгендин баарын кылууга түрткү берет (Матай 22:39). Кызматка ушундай жакшы ниет менен катышсак, бул бизге кабар айтуу ишине үзгүлтүксүз катышууга жардам берет.

Биз Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялайбыз

10, 11. а) Ышайа биз айтып жаткан кабарды кандай деп сыпаттаган? б) Ыйса жакшы кабарды таратууга кандай катышкан жана аны биздин доордо Кудайдын кызматчылары кантип туурап келишет?

10 Кызматыбызга байланыштуу экинчи нерсе — айтып жаткан кабарыбыз — жөнүндө эмне айтууга болот? Биз эмнени кабарлап жатабыз? Ышайа пайгамбар кандай кабарды жарыялап жатканыбызды мындай көркөм сөздөр менен түшүндүрөт: «„Сенин Кудайың падышачылык кылып жатат!“ — деп айткан, куткарууну жар салган, кубанычты сүйүнчүлөгөн, тынчтыкты кабарлаган тоодогу жакшы кабарчынын буттары кандай сонун!» (Ышайа 52:7).

11 Бул аяттагы «Кудайың падышачылык кылып жатат» деген маанилүү сөздөр биз таратууга тийиш болгон кабар Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар экенин эсибизге салат (Марк 13:10). Ошондой эле бул аятта биз айтып жаткан кабардын кандай экени баса белгиленгенине да көңүл бурсаңар. Ышайа «куткаруу», «жакшы кабар», «тынчтык» жана «кубаныч» деген сөздөрдү колдонгон. Ышайанын күндөрүнөн бир канча кылым өткөн соң, б.з. I кылымында Ыйса Машайак бул пайгамбарлыкты эң сонун аткарып, Кудайдын Падышалыгынын келишин кубаныч менен жарыялаган ынталуу жарчы катары үлгү калтырган (Лука 4:43). Биздин доордо, өзгөчө, 1919-жылдан баштап Жахабанын Күбөлөрү, Ыйсанын үлгүсү боюнча, асманда орнотулган Кудайдын Падышалыгы жана ал алып келе турган баталар тууралуу жакшы кабарды жигердүү жарыялап келишет.

12. Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар аны кабыл алгандарга кандай таасир этет?

12 Падышалык тууралуу жакшы кабар аны кабыл алгандарга кандай таасир этет? Жакшы кабар бүгүн да, Ыйсанын күндөрүндөгүдөй эле, үмүт жана сооронуч берет (Римдиктерге 12:12; 15:4, «ЖД»). Ал кабар жүрөгү таза адамдарга үмүт берет, анткени алар жакында эң сонун заман келерине ишенүүгө олуттуу негиздер бар экенин билишүүдө (Матай 6:9, 10; 2 Петир 3:13). Мындай үмүт Кудайдан корккон адамдарга келечекке оң маанай менен кароого зор жардам берип келет. Забурчу айткандай, андай адамдар «жаман сөздөн», тактап айтканда, суук кабардан, «коркпойт» (Забур 111:1, 7).

«Жүрөгү кайгыргандарды айыктыра» турган кабар

13. Ышайа пайгамбар жакшы кабарды кабыл алгандарга кандай баталар тиерин айткан?

13 Биз жарыялап жаткан жакшы кабар аны уккандарга сооронуч жана баталарды алып келет. Кандайча? Ал баталардын айрымдарын Ышайа пайгамбар мындай деп алдын ала айткан: «Теңирдин руху Менде, анткени Теңир Мени жакырларга жакшы кабар таратууга майлады. Мени жүрөгү кайгыргандарды айыктырууга, туткундарга эркиндик жарыя кылууга, камактагыларга толук боштондук жарыя кылууга, Теңирдин ырайым кыла турган жылын жарыя кылууга, Кудайыбыздын өч алчу күнүн жарыя кылууга, кыйналгандардын бардыгын сооротууга [жиберди]» (Ышайа 61:1, 2; Лука 4:16—21).

14. а) «Жүрөгү кайгыргандарды айыктыруу» деген сөздөр Падышалыктын кабары тууралуу эмнени айтып турат? б) Биз Жахабанын жүрөгү жаралангандарга көрсөткөн камкордугун кантип чагылдырабыз?

14 Бул пайгамбарлыкка ылайык, жакшы кабар айтуу менен Ыйса «жүрөгү кайгыргандарды айыктырмак». Ышайа кандай көркөм мисал колдонгон! Ыйык китептик бир сөздүккө ылайык, «айыктыруу» деп которулган эврей сөзү «көп учурда жараатты таңууну жана оорулууну дарылап айыктырууну билдирет». Камкор медайым жараатты таңып же компресс коюп, анын айыгышына өбөлгө түзөт. Анын сыңарындай, Падышалык тууралуу жакшы кабарды жарыялоо менен камкор жарчылар тигил же бул жактан кыйналып жаткандардын баарына колдоо көрсөтүшөт. Ошондой эле жардамга муктаж болгондорду колдоо менен алар Жахабанын камкордугун чагылдырышат (Жезекиел 34:15, 16). Забурчу Кудай жөнүндө: «Ал жүрөгү жаралангандарды айыктырат, аларды кайгысынан арылтат»,— дейт (Забур 146:3).

Падышалык тууралуу кабардын күчү

15, 16. Кайсы мисалдар Падышалык тууралуу кабардын жардамга муктаж болгондорду кайраттандырып, дем-кубат берерин тастыктап турат?

15 Турмуштан алынган көптөгөн мисалдар тастыктап тургандай, Падышалык тууралуу кабар жүрөгү кайгыргандарды кадимкидей кайраттандырып, дем-кубат берет. Мисалга Түштүк Америкада жашаган Ореанна аттуу улгайган аялды алалы. Анын эчтекеге көңүлү чаппай, жашагысы келбей жүргөн. Жахабанын бир Күбөсү Ореаннага барып, ага Ыйык Китепти жана «Менин ыйык китептик аңгемелер китебим» * деген адабиятты окуп бере баштаган. Катуу кайгыга баткан аял башында керебеттен башын көтөрбөй, көзүн жумуп алып, анда-санда үшкүрүнүп угуп жата берчү. Бирок көп өтпөй окулуп жаткан материалды керебетинде отуруп угууга аракет жасай баштаган. Андан бир аз убакыт өткөндөн кийин, ал Ыйык Китеп окуп берген Күбөнү жалпы бөлмөсүндөгү отургучта күтүп отурган. Кийин Падышалык залындагы жыйналыш жолугушууларына бара баштаган. Ал жерден үйрөнгөндөрүнүн таасири менен Ореанна үйүнүн жанынан өткөндөрдүн баарына ыйык китептик адабияттарды сунуш кыла баштаган. Анан 93 жашында Жахабанын Күбөсү катары чөмүлтүлгөн. Падышалык жөнүндөгү кабар анын «өчкөн отун» күйгүзүп, жашоого болгон каалоосун жанданткан (Накыл сөздөр 15:30; 16:24).

16 Падышалык тууралуу кабар оорудан каза табарын билгендерге да зор дем берет. Маселен, Батыш Европада жашаган Мария айыкпас оорудан азап чегип, жашоодон үмүтүн үзүп койгон эле. Жахабанын Күбөлөрү менен таанышкан убакта ал аябай чөгүп жүргөн. Бирок Кудайдын ой-ниеттерин таанып-билгенден кийин, жашоосу кайрадан маңыздуу боло баштаган. Ал чөмүлтүлүп, кабар айтууга абдан жигердүү киришкен. Өмүрүнүн акыркы эки жылында анын көздөрүнөн үмүт жанып, кубаныч чачырап турган. Мария тирилүүгө болгон бекем үмүт менен көз жумган (Римдиктерге 8:38, 39).

17. а) Падышалык жөнүндөгү кабар аны кабыл алгандардын жашоосуна кандай зор таасир этип жатат? б) Жахабанын «кулагандарды тургузарына» жеке өзүңөр кандайча ынандыңар?

17 Мындай окуялар Падышалык жөнүндөгү кабардын Ыйык Китептеги чындыктарды билүүгө ынтызар адамдардын жашоосуна зор таасир этерин айгинелеп турат. Жакын адамынан айрылып, орду толгус кайгыга баткандар тирилүүгө болгон үмүт тууралуу билгенден кийин жаңы күчкө ээ болушат (1 Тесалоникалыктарга 4:13). Жакыр жашагандар жана үй-бүлөсүн багуу үчүн кара жанын карч уруп иштегендер Жахабанын аларды, эгер ага берилгендигин сакташса, эч качан таштабасын билүүнүн аркасында өзүн өзү сыйлоо сезимине ээ болуп, кайраттуу боло башташат (Забур 36:28). Депрессиядан кыйналып жүргөн көп адамдар Жахабанын жардамы менен бара-бара күчкө толуп, атүгүл оорусун жеңе алган учурлар да кездешет (Забур 39:2, 3). Ооба, Жахаба азыртан эле өзүнүн Сөзүндө катылган күч аркылуу «кулагандарды тургузуп» жатат (Забур 144:14). Падышалык тууралуу жакшы кабардын аймагыбыздагы жана жыйналышыбыздагы жүрөгү кайгырган адамдарга сооронуч берип жатканын көрүп, биз бүгүн андан өткөн жакшы кабар жок экенине кайра-кайра ынануудабыз! (Забур 50:19).

«Кудайдан сыйынып суранарым»

18. Жүйүттөрдүн жакшы кабарды четке какканы Пабылга кандай таасир эткен жана эмне үчүн?

18 Биз тараткан кабар эң жакшы кабар болсо да, көптөр аны четке кагып жатышат. Бул бизге кандай таасир этиши мүмкүн? Элчи Пабылга кандай таасир эткен болсо, бизге да ошондой таасир этет. Ал куткаруу жөнүндөгү кабарды көп учурда жүйүттөргө айткан, бирок алардын көбү укпай коюшкан. Бул Пабылга кандай таасир эткенин анын: «Менин кайгым чоң, жүрөгүм сыздап турат»,— деген сөздөрү көрсөтүүдө (Римдиктерге 9:2). Кабарды укпай койгон жүйүттөргө Пабылдын боору ооруган. Алардын жакшы кабарды четке какканы Пабылды капаланткан.

19. а) Көңүлүбүздүн кээде чөгүшү эмне себептен түшүнүктүү? б) Кабар айтуусун уланта берүүгө Пабылга эмне жардам берген?

19 Биз да жакшы кабарды адамдарга боор ооругандыктан таратабыз. Ошондуктан көптөр Падышалык жөнүндөгү кабарды четке какканда эмне үчүн көңүлүбүз чөгөрү түшүнүктүү. Мындай сезим кабар угуп жаткан адамдардын рухий жыргалчылыгына чындап кызыкдар экенибизди көрсөтүп турат. Бирок биз элчи Пабылдын үлгүсүн эстешибиз зарыл. Кабар айтуу ишин уланта берүүгө ага эмне жардам берген? Жүйүттөрдүн жакшы кабарды четке какканы аны кайгыга салып, сыздатса да, Пабыл жүйүттөрдүн баарына кол шилтеп, алардын куткарылышынан үмүт үзүп койгон эмес. Ал кээ бирлеринин Машайакты кабыл аларына үмүттөнгөн. Андыктан жүйүт элине болгон тилегин Пабыл: «Бир туугандарым, менин чын жүрөгүмдөн каалаганым жана Кудайдан сыйынып суранарым — Ысрайыл элинин куткарылышы»,— деп билдирген (Римдиктерге 10:1).

20, 21. а) Кызматыбызда кантип Пабылдын үлгүсүн туурай алабыз? б) Кийинки макалада кызматыбыздын кайсы аспектиси талкууланат?

20 Пабыл баса белгилеген эки нерсеге көңүл бурсаңар. Ал адамдардын куткарылышын чын жүрөгүнөн каалаган жана ошону Кудайдан жалынып суранган. Бүгүнкү күндө биз Пабылдын үлгүсүн туурайбыз. Биз жакшы кабарга туура маанайда болгондорду табууну чын жүрөктөн каалайбыз. Ошондой эле андай адамдарды таап, аларга куткарылууга алып бара турган жол менен жүрүүгө жардам берүү үчүн Жахабадан жетекчилик сурап тиленебиз (Накыл сөздөр 11:30; Жезекиел 33:11; Жакан 6:44).

21 Бирок Падышалык жөнүндөгү кабарды мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарга жеткирүү үчүн, биз эмне үчүн жана эмнени кабарлап жатканыбызга эле эмес, кантип кабар айтып жатканыбызга да көңүл бурушубуз керек. Муну кийинки макалада талкуулайбыз.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Бул макалада алгачкы экөө каралат. Үчүнчүсүнө эмки макалада токтолобуз.

^ 15-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

Эмнелерди билдиңер?

• Кызматка кайсы себептерден улам катышабыз?

• Биз айтып жаткан кабардын негизги темасы кайсы?

• Падышалык тууралуу кабарды кабыл алгандар кандай баталарды алышууда?

• Кызматыбызды уланта берүүгө эмне жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[24-беттеги сүрөт]

Падышалык тууралуу кабар жүрөгү кайгыргандарга күч берет.