Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу»

«Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу»

«Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу»

ЧЫМЧЫКТАР таң атканда бир аз сайрап алган соң, жем издеп учуп жөнөшөт. Кечинде уясына келгенден кийин дагы бир аз сайрап алып, уйкуга киришет. Жылдын белгилүү бир маалдарында түгөй издеп, жумуртка тууп, балапан басышат. Башка жаныбарлар жөнүндө да ушуну эле айтууга болот.

Ал эми биз, адамдар, алардан айырмаланабыз. Туура, биз да ичип-жейбиз, уктайбыз, балалуу болобуз, бирок көпчүлүгүбүз ушулар менен эле чектелүүнү каалабайбыз. Биз эмне үчүн жашап жатканыбызды билгибиз келет. Жашоонун маңызын табууга аракеттенебиз. Келечектен үмүт үзбөйбүз. Бул бизде жаныбарларда жок нерсе — рухийлик — рухий нерселерге муктаждык бар экенин көрсөтүп турат.

Кудайдын бейнеси боюнча жаратылганбыз

Адамдын эмне себептен рухий муктаждыгы бар экенин Ыйык Китеп төмөндөгүдөй түшүндүрөт: «Кудай Өз бейнеси боюнча адам жаратты, аны Кудайдын бейнеси боюнча жаратты. Аларды эркек-аял кылып жаратты» (Башталыш 1:27). «Кудайдын... бейнеси боюнча» жаратылганыбыз күнөөлүү жана жеткилеңсиз болгонубузга карабастан Кудайга таандык сапаттарды чагылдыра аларыбызды билдирет (Римдиктерге 5:12). Маселен, биз бир нерселерди жарата, башкача айтканда, жасай алабыз. Ошондой эле кайсы бир деңгээлде акылмандуулук, адилеттүүлүк жана жанаябастык сүйүү сыяктуу сапаттарды көрсөтө алабыз. Булардан сырткары, өткөндөр тууралуу ойлонуп, келечекке план түзүүгө да жөндөмдүүбүз (Накыл сөздөр 4:7; Насаатчы 3:1, 11; Михей 6:8; Жакан 13:34; 1 Жакан 4:8).

Рухий нерселерге муктаж экенибиз Кудайга сыйынууга болгон тубаса каалообуздан айкын көрүнүп турат. Жараткан менен жакшы мамиледе болуу каалообузду канааттандырмайын биз чындап бактылуу боло албайбыз. Ыйса: «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу»,— деген (Матай 5:3, «ЖД»). Рухий муктаждыгыбызды канааттандыруу үчүн рухий чындык: Кудай, анын талаптары жана адамзатка байланыштуу ой-ниети тууралуу билим алуу зарыл. Аны кайдан табууга болот? Ыйык Китептен.

«Сенин сөзүң — чындык»

Элчи Пабыл: «Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн... пайдалуу»,— деп жазган (2 Тиметейге 3:16). Анын айткандары Ыйсанын Кудайга тиленүүсүндөгү: «Сенин сөзүң — чындык»,—деген сөздөргө төп келет. Бүгүн Кудайдын Сөзү Ыйык Китеп деген ат менен белгилүү. Андыктан ишенимибиз менен карманган принциптерибиздин ал китепте жазылгандарга ылайык келер-келбесин текшерип көргөнүбүз абзел (Жакан 17:17).

Ишенген нерселерибизди Кудай Сөзүнө салыштыруу менен байыркы Бероянын тургундарын туураган болобуз. Алар Пабыл окуткан нерселерди Ыйык Жазуу менен салыштырышкан. Лука алардын ошол иш-аракетин сынга албай, кайра: «Алар Кудайдын сөзүн чын жүрөктөн кабыл алышты жана: „Чын эле ушундайбы?“ — дешип, күн сайын Ыйык Жазууну изилдешти»,— деп мактаган (Элчилер 17:11). Азыркы дүйнөдө динге жана адеп-ахлактуулукка карата толгон-токой карама-каршы көзкараштар кеңири жайылгандыктан, бероялыктардан үлгү алганыбыз маанилүү.

Динге байланыштуу чындыкты табуунун дагы бир жолу анын адамдарга кандай таасир этерине көңүл буруу (Матай 7:17). Маселен, ыйык китептик чындыкка ылайык жашаган адам күйөөнүн, атанын, зайыптын, эненин милдетин жакшыраак аткарат. Бул болсо, үй-бүлөнү бакытка бөлөп, жандүйнө бейкуттугуна ээ кылат. Ыйса: «Кудай сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» — деп айткан (Лука 11:28).

Ыйсанын сөздөрү анын асмандагы Атасынын байыркы ысрайыл элине: «Теңир, сенин Куткаруучуң, Ысрайылдын Ыйыгы мындай дейт: „Сени пайдалуу нерсеге үйрөткөн, сени жүрүшүң керек болгон жол менен алып жүргөн Кудай-Теңириң Менмин. Оо, сен Менин осуяттарымды уксаң кана! Анда сенин тынчтыгың дарыядай болмок, сенин чындыгың деңиз толкунундай болмок!“» — деп айтканын эсибизге салат (Ышайа 48:17, 18). Бул жагымдуу сөздөр жакшылыкчылдык менен адилдикти сүйгөн кайсы гана адамдын ичин жылытпайт?!

Айрымдар кошомат сөздөрдү жакшы көрүшөт

Ысрайылдыктар диний жалган көзкараштардын торуна түшүп калгандыктан, Кудай аларга жогорудагы сөздөр менен кайрылган (Забур 105:35—40). Биз да жалган нерселерден сак болушубуз керек. Пабыл Ыйсанын жолдоочулары аталымыш болгондор тууралуу: «Адамдар туура окутууну кабыл албай, кошомат кылып сүйлөй турган окутуучуларды өз каалоолору боюнча тандап кала турган убак келет. Чындыкты уккулары келбей, тамсилдерге кулак төшөп калышат»,— деп жазган (2 Тиметейге 4:3, 4).

Диний жетекчилер никеден сырткаркы жыныстык катнашуу, гомосексуализм жана аракечтик сыяктуу күнөөгө азгырган дене кумарларына көз жумуп, элге кошомат кылууда. Ыйык Китепте андай иштерди жактагандар жана аларды кылгандар «Кудайдын Падышачылыгын мурасташпаары» ачык эле айтылат (1 Корунттуктарга 6:9, 10; Римдиктерге 1:24—32).

Ооба, Ыйык Китепке ылайык жашоо үчүн, айрыкча, андай жүрүм-турум шылдыңга алынып жаткандыктан, эржүрөктүк талап кылынат. Бирок бул — колдон келерлик нерсе. Жахабанын Күбөлөрүнүн арасында мурун бузуктук кылган же баңги, аракеч, тоноочу, ууру жана калпычы болгон адамдар бар. Бирок алар «Кудайга татыктуу жашоо» үчүн анын Сөзүндөгү чындыкты кабыл алып, ыйык рухтун жардамы менен жашоосун өзгөртүшкөн (Колосалыктарга 1:9, 10, 12; 1 Корунттуктарга 6:11). Кудай менен элдешүүнүн аркасында алар жандүйнө бейкуттугуна жана төмөндө сөз кыла турганыбыздай, бактылуу келечекке жетүү үмүтүнө ээ болушкан.

Падышалыкка болгон үмүт

Ыйык Китепте айтылган бекем тынчтыкты тил алчаак адамдар үчүн Кудайдын Падышалыгы орнотот. Ыйса: «Сенин Падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң аткарылсын»,— деп тиленүүнү үйрөткөн (Матай 6:10). Кудайдын эрки анын Падышалыгы аркылуу гана аткарылат. Эмне үчүн? Себеби асман Падышалыгы, Ыйса Машайактын башчылыгы астындагы өкмөт, Кудайдын жер үстүнөн бийлик жүргүзүүгө укуктуу экенин далилдейт (Забур 2:7—12; Даниел 7:13, 14).

Ыйса Машайак асман Падышалыгынын Падышасы катары иш жүргүзүп, тил алчаак адамдарды Адам атадан тукум кууп өткөн күнөөдөн, оорудан жана өлүмдөн арылтат. Аян 21:3, 4төн: «Мына, Кудайдын жыйын чатыры адамдар менен бирге... Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары өтүп кеткен»,— дегенди окуйбуз.

Жер бетине бекем тынчтык орнойт. Буга эмне үчүн ишенсек болот? Себеби, Ышайа 11:9да айтылгандай: «Менин ыйык тоомдун бүт жеринде [Падышалыктын букара эли] жамандык кылышпайт, зыян келтиришпейт, анткени деңиз сууга толгонсуп, жер Кудайдын билимине толот». Ооба, жер жүзүндөгү ар бир адам Кудай жөнүндө так билим алып, ага баш иет. Силерге ушундай келечек жагабы? Эгер жакса, Жахаба тууралуу баалуу билимди азыртадан эле ала баштаганыңар зарыл.

Падышалык тууралуу кабарга көңүл бурасыңарбы?

Падышалык аркылуу Кудай Шайтан алып келген азап-кайгынын бардыгын жок кылып, адамдарды өзүнүн адил нормаларына үйрөтөт. Мына ушул себептен Ыйса элди окутууда негизги басымды Падышалыкка койгон. Ал: «Мен Кудайдын Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды... жарыялашым керек. Анткени Мен ошол үчүн жиберилгем»,— деген (Лука 4:43). Машайак өзүнүн шакирттерине ушул кабарды башкаларга жарыялоону буйруган (Матай 28:19, 20). «Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат, ошондон кийин дүйнөнүн акыры келет» (Матай 24:14). Азыркы дүйнөнүн акыры тездик менен жакындап келатат. Андыктан жүрөгү таза адамдардын өмүр куткарарлык жакшы кабарга көңүл бурганы кандай гана маанилүү!

Мурунку макалада сөз кылынган Альберт Падышалык тууралуу кабарды, аялы менен баласы Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганда, уккан. Башында Альберт андай изилдөөгө шектүү караган. Атүгүл жергиликтүү чиркөө кызматчысынан аялы менен баласына келип, Күбөлөрдү ашкере кылуусун өтүнгөн. Бирок чиркөө кызматчысы кийлигишүүнү каалабаарын билдирген. Ошондуктан Альберт эптеп туура эмес бир нерсе табуу үчүн ыйык китептик талкууга катышууну чечет. Бирок бир жолку талкуудан кийин ал дагы көбүрөөк билим алуу максатында изилдөөнү улантат. Ал Күбөлөргө болгон мамилесин эмне себептен өзгөрткөнүн кийинчерээк: «Бул мен өмүр бою издеп келген нерсе болуп чыкты»,— деп түшүндүргөн.

Акыр-аягы Альберттин рухий муктаждыгы канааттандырылган жана ал буга эч качан өкүнгөн эмес. Ыйык китептик чындыктын негизинде анын көксөгөн мүдөөсү орундалган. Ал адилетсиздик менен бузулган дүйнө кандайча жок кылынарын билген жана келечекке карата үмүткө ээ болгон. Ыйык китептик чындыктын аркасында Альберт жандүйнө бейкуттугун тапкан. Силердин рухий муктаждыгыңар канааттандырылып жатабы? Муну текшерүү үчүн 6-бетте жайгашкан кутучадагы суроолордун үстүнөн ой жүгүртүп көрсөңөр. Көбүрөөк маалымат алгыңар келсе, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылгыла. Алар силерге кубаныч менен жардам берет.

[6-беттеги кутуча]

РУХИЙ МУКТАЖДЫГЫҢАР КАНААТТАНДЫРЫЛУУДАБЫ?

Берилип жаткан рухий тамактан канааттануу алып жатасыңарбы? Төмөнкү суроолорду окуп, туура жооп бергендериңерге белги коюп чыгууну сунуш кылабыз.

□ Кудай деген ким жана анын ысмы ким?

□ Ыйса Машайак деген ким? Ал эмне үчүн өлүшү керек болгон? Анын аркасында бизге кандай мүмкүнчүлүк ачылган?

□ Ибилис чынында эле барбы? Эгер бар болсо, ал кайдан пайда болгон?

□ Адам өлгөндө эмне болот?

□ Кудай жерди жана адамдарды кандай максат менен жараткан?

□ Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

□ Адеп-ахлактуулукка карата Кудай кандай нормаларды бекиткен?

□ Кудай үй-бүлөдө эркекке жана аялга кандай роль берген? Үй-бүлөнүн бактылуу болушуна кайсы ыйык китептик принциптер өбөлгө түзөт?

Бул суроолордун кайсы биринин жообун билбесеңер, «Кудай бизден эмне талап кылат?» деген китепчени заказ кылсаңар болот. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан 300гө жакын тилде чыгарылган ал китепчеде Ыйык Китепке негизделген 16 тема талкууланат жана жогорудагы суроолордун баарына жооп берилет.

[4-беттеги сүрөт]

Жаныбарлардан айырмаланып, адамдарда рухий муктаждык бар.

[5-беттеги сүрөт]

«Кошомат кылып сүйлөй турган окутуучуларды өз каалоолору боюнча тандашат» (2 Тиметейге 4:3).

[7-беттеги сүрөт]

Бекем тынчтыкты Кудайдын Мессиялык Падышалыгы орнотот.