Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Улан-кыздар, Жахабаны даңктап-мактагыла!

Улан-кыздар, Жахабаны даңктап-мактагыла!

Улан-кыздар, Жахабаны даңктап-мактагыла!

«Жердегилер... жигиттер жана кыздар... Теңирдин ысымын макташсын» (Забур 148:7, 12, 13).

1, 2. а) Көптөгөн балдар кандай чектөөлөрдү билишет? б) Эмне үчүн улан-кыздар ата-энелери койгон чектөөлөргө баш ийиши керек?

БАЛДАР, адатта, ата-энелеринин койгон чектөөлөрүн жакшы билишет. Алардын көбү көчөнүн аркы өйүзүнө жалгыз өтүүгө, кечирээк жатууга же машине айдоого уруксат алуу үчүн канча жашка чыгыш керектигин оңой эле айта алышат. Кээде аларга өтө зарыл өтүнүчтөрүнүн көбүнө «дагы бир аз чоңоюшуң керек» деген окшош жооп айтылгандай сезилиши мүмкүн.

2 Улан-кыздар, силер ата-энеңердин мындай чектөөлөрдү коюу менен акылдуулук кыларын жана силерди коргоону ойлошорун билесиңер. Ошондой эле ата-эненин тилин алуу Жахабага жагарын билериңер шексиз (Колосалыктарга 3:20). Бирок силерге алардын чектөөлөрү өз алдынча жашоо өткөрүүгө тоскоолдук кылып жаткандай сезилеби? Бойго жеткенге чейин бир да маанилүү иш кыла албайсыңарбы? Албетте, андай эмес. Бүгүн жерде силер эңсеп жүргөн нерселерден алда канча маанилүү иш аткарылып жатат. Ага катышууга силерге уруксат берилеби? Албетте. Атүгүл Эң Жогорку Кудай өзү силерди ал ишке катышууга чакырып жатат!

3. Жахаба улан-кыздарды кандай өзгөчө мүмкүнчүлүккө ээ болууга чакырып жатат жана азыр кайсы суроолорду карап чыгабыз?

3 Кеп кайсы иш жөнүндө жүрүп жатат? Ушул макала негизделген аяттарга көңүл бурсаңар: «Жердегилер... жигиттер жана кыздар, карылар жана жаштар Теңирдин ысымын макташсын» (Забур 148:7, 12, 13). Байкасаңар, силерге зор мүмкүнчүлүк берилип жатат: силер Жахабаны мактай аласыңар. Бул ишке катышууга кубанычта болосуңарбы? Жахабаны даңктоодон көптөр кубаныч табууда. Буга кандай негиз бар экенин көрүү үчүн, келгиле, үч суроону карап чыгалы. Биринчиден, Жахабаны эмне үчүн макташыңар зарыл? Экинчиден, аны кантип натыйжалуу мактай аласыңар? Үчүнчүдөн, Жахабаны качан мактай башташыңар керек?

Жахабаны эмне үчүн даңктап-мактоо зарыл?

4, 5. а) 148-забурга ылайык, бизде кандай сонун мүмкүнчүлүк бар? б) Сүйлөй же ойлоно албаган жаратуулар кандайча Жахабаны мактай алышат?

4 Жахабаны, эң алды, ал Жараткан болгону үчүн даңктоо керек. 148-забур көңүлүбүздү ушул чындыкка бурууга жардам берет. Элестетип көрсөң, топ адамдын жүрөк эргиткен сонун ырды ушунчалык уккулуктуу, жагымдуу аткарып жатканын уксаң, кандай сезимде болмоксуң? Ал эми ырдын сөздөрү чындыкты тастыктап, маанилүү, кубанычтуу жана шыктандыруучу ойлорду камтысачы? Анда сөздөрүн үйрөнүп, ырга кошулууну каалабайт белең? Көбүбүз кааламакпыз. Кеп кылынып жаткан 148-забур сенде ушу сыяктуу, бирок мындан да сонун мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөтүп турат. Бул забурда Жахабаны бирдикте даңктап жаткандардын калың тобу сүрөттөлөт. Бирок забурду окуп жатканда сен таң калыштуу бир нерсени байкашың мүмкүн. Ал эмне?

5 Забурда кеп кылынган даңктоочулардын көбү сүйлөй да, ойлоно да албайт. Мисалы, биз Жахабаны мактап жаткан күн, ай, жылдыздар, кар, бороон, тоолор жана адырлар жөнүндө окуйбуз. Бул жансыз жаратуулар кандайча Кудайды даңктай алышат? (3, 8, 9-аяттар). Алар Жаратканды дарактар, деңиз жаныбарлары жана айбанаттар сыяктуу эле даңктап жатышат (7, 9, 10-аяттар). Күндүн ажайып кооз батканын, толгон айдын жылдыздуу асманда каалгып баратканын көрдүң беле? Жаныбарлардын ойноп жатканына бооруң эзиле күлгөнүң же көз жоосун алган жаратылышка суктанганың эсиңдеби? Анда сен жаратуулардын мактоо ырын «уккансың». Жахаба жараткан нерселердин баары анын кудуреттүү Жараткан экенин, аалам боюнча андан күчтүү, андан акылман жана андан мээримдүү эч ким жок экенин эскертип турат (Римдиктерге 1:20; Аян 4:11).

6, 7. а) Забурдун 148-бөлүмүндө кайсы аң-сезимдүү жаратуулардын Жахабаны мактаары көрсөтүлөт? б) Жахабаны мактоого бизге эмне түрткү берет? Мисал менен бышыктагыла.

6 Забурдун 148-бөлүмүндө Жахабаны аң-сезимдүү жаратуулар да макташары көрсөтүлөт. 2-аятта Жахабаны асмандагы «кошуундары», башкача айтканда, периштелери мактап жатышканы айтылат. Ал эми 11-аятта падышалар жана башкаруучулар сыяктуу таасирдүү бийлик адамдары мактоо ырына кошулууга чакырылат. Жахабаны мактоодон кубаттуу периштелер ырахат алып жатса, анда жердеги пенделер Жаратканды даңктабагыдай өздөрүн өтө маанилүү деп эсептеши керекпи? Андан соң 12, 13-аяттарда жаштар да Жахабаны мактоого үндөлөт. Сенде ошондой каалоо барбы?

7 Мисал алып көрөлү. Эгер сенин спорт, искусство же музыка жагынан таланттуу досуң бар болсо, ал жөнүндө үй-бүлөңө жана башка досторуңа айтып берет белең? Албетте. Жахабанын эмнелерди кылганын билүү бизге ошондой түрткү берет. Мисалы, Забур 18:2, 3-аяттарда жылдыздуу асмандын «сүйлөй» турганы айтылат. Биз болсо Жахабанын укмуштай иштери жөнүндө ойлонгондо, Кудайыбыз тууралуу башкаларга айтпай коё албайбыз.

8, 9. Кайсы себептерден Жахаба биздин аны макташыбызды каалайт?

8 Жахабаны мактоого дагы бир маанилүү себеп бар: ал биздин аны даңктап-макташыбызды каалайт. Эмне үчүн? Адамдардын мактоосуна муктаж болгондуктанбы? Жок. Биз, адамдар, кээде башкалардын мактоосуна муктаж болушубуз мүмкүн, бирок Жахаба бизден кыйла жогору (Ышайа 55:8). Ал өзүнө же сапаттарына эч качан шектенбейт (Ышайа 45:5). Ошентсе да биздин аны макташыбызды каалайт жана жактырат. Эмнеге? Мунун эки себебин карап көрөлү. Биринчиден, Жахаба биздин аны мактоого муктаж экенибизди билет. Ал бизди сыйынууга болгон рухий муктаждык менен жараткан (Матай 5:3, «ЖД»). Денсоолугуңа пайдалуу деп эсептелген тамакты жеп жатканыңды көрүү ата-энең үчүн жагымдуу болгондой эле, рухий муктаждыгыбызды канааттандырып жатканыбызды көрүү Жахаба үчүн жагымдуу (Жакан 4:34).

9 Экинчиден, Жахаба аны мактаганыбызды башка адамдар угушу зарыл экенин билет. Элчи Пабыл жаш Тиметейге: «Өзүңө жана окутууга көңүл бур, ушул нерседе туруктуу бол, анткени ошентүү менен өзүңдү да, угуучуларыңды да куткарасың»,— деп жазган (1 Тиметейге 4:16). Ооба, башкаларга Жахаба Кудай жөнүндө айтып, аны даңктаганыңда, алар да Жахабаны таанып-биле алышат. Мындай билим алардын түбөлүк өмүр алышына өбөлгө түзөт! (Жакан 17:3).

10. Кудайыбызды мактоого бизге эмне түрткү берет?

10 Жахабаны мактоого дагы бир себеп бар. Таланттуу досуң тууралуу көрсөтмөлүү мисалды эстесең. Эгерде сен башкалардын ал жөнүндө ушак айтып, жакшы атын каралап жатканын уксаң, аны мактоого ого бетер чечкиндүү болбойт белең? Бул дүйнөдө Жахаба жөнүндө бардык жерде ушак таратылып келет (Жакан 8:44; Аян 12:9). Андыктан Кудайды сүйгөндөр калпты жокко чыгарып, ал тууралуу чындыкты жарыялоого түрткү алышат. Сен да Жахабага болгон сүйүүң менен ыраазычылыгыңды билдиргиң келеби? Ошондой эле анын башкы душманы болгон Шайтандын эмес, Өзүнүн Башкаруучу болушун каалаарыңды көрсөткүң келеби? Мунун баарын Жахабаны мактоо менен кыла аласың. Эми аны кантип мактай аларыңа токтололу.

Айрым улан-кыздар Жахабаны кантип даңкташкан?

11. Улан-кыздардын Жахабаны абдан натыйжалуу мактай аларын ыйык китептик кайсы мисалдар көрсөтүп турат?

11 Ыйык Китепте улан-кыздардын да Жахабаны абдан натыйжалуу мактай алары көрсөтүлөт. Алсак, сириялыктар туткундап кеткен ысрайылдык кыз өзүнүн мырзайымына Жахабанын пайгамбары Элиша жөнүндө тайманбастык менен айтып берген. Натыйжада керемет жасалып, зор күбөлөндүрүү берилген (2 Падышалар 5:1—17). Ыйса да кичинекей кезинде тайманбастык менен кабар айткан. Анын балачагына байланыштуу бардык окуялардын ичинен Жахаба Ыйык Жазмага бирөөнү тандап жаздырган. Ал окуяда 12 жашар Ыйсанын Иерусалимдеги ийбадатканада диний устаттарга эржүрөктүк менен суроо берип, аларды Жахабанын жолдору жөнүндөгү түшүнүгү менен таң калтырганы баяндалат (Лука 2:46—49).

12, 13. а) Өлөр алдында Ыйса ийбадатканада эмне кылган жана бул ал жердеги адамдарга кандай таасир эткен? б) Ыйса балдардын даңктоосуна кандай караган?

12 Ыйса кийин да балдарды Жахабаны мактоого шыктандырган. Мисалы, өлөрүнө бир нече күн калганда ал Иерусалимдеги ийбадатканада болгон. Ыйык Китепте айтылгандай, ал жерде Ыйса «ажайып иштерди» кылган. Ал ошол ыйык жайды уурулардын уюгуна айланткандарды кууп чыккан. Ошондой эле сокурлар менен аксактарды айыктырган. Ал жердегилердин баары, айрыкча, диний жетекчилер Жахабаны жана анын Уулун, Мессияны, даңктоого түрткү алышы керек болчу. Тилекке каршы, көптөрү анткен эмес. Эл Ыйсанын Кудай тарабынан жиберилгенин билген, бирок диний жетекчилерден корккон. Бирок адамдардын бир тобу тайманбастык менен сүйлөгөн. Алар кимдер болгонун билесиңби? Ыйык Китепте мындай делет: «Башкы ыйык кызмат кылуучулар... Ыйса кылып жаткан ажайып иштерди, ийбадатканада: „Дөөттүн Уулуна даңк!“ — деп кыйкырып жаткан балдарды көргөндө, кыжырданышып, Ыйсага: „Булардын эмне деп жатканын угуп жатасыңбы?“ — дешти» (Матай 21:15, 16; Жакан 12:42).

13 Ыйык кызмат кылуучулар Ыйсанын аны мактап жаткан балдарды тыярына үмүттөнүшкөн. Ыйса ошенткенби? Жок, тескерисинче, ыйык кызмат кылуучуларга: «Ооба! Эмне, силер „Наристелер менен эмчектеги балдарга Өзүңдү даңктаттың“ деген сөздөрдү такыр окуган жок белеңер?» — деп жооп берген. Ыйса менен анын Атасынын балдардын даңктоосуна ыраазы болгону шексиз. Балдар ошол жердеги бардык чоң адамдар кылышы керек болгон нерсени кылышкан. Сыягы, алардын тунук акылында баары айдан ачык болгон. Алар бул адамдын ажайып иштерди кылып, кайраттуулук жана ишеним менен сүйлөп, Кудайга жана анын элине эбегейсиз зор сүйүү көрсөтүп жатканын көрүшкөн. Ал өзүн ким деп атаса, ошол, башкача айтканда, убадаланган Мессия, «Дөөттүн Уулу» болгон. Ишеним көрсөткөнү үчүн ал балдар бата алып, пайгамбарлыктын аткарылышына катышуу сыймыгына ээ болушкан (Забур 8:3).

14. Улан-кыздар ээ болгон белектер кандайча аларга Кудайды мактоого жардам берет?

14 Мындай мисалдар бизди эмнеге үйрөтөт? Алар улан-кыздардын Жахабаны абдан натыйжалуу мактай аларын көрсөтүп турат. Балдар, адатта, табиятынан чындыкты жөнөкөй жана айкын кабыл алууга шыктуу келип, өздөрүнүн ишенимин ынталуулук менен чын жүрөктөн билдиришет. Ошондой эле алар Накыл сөздөр 20:29да айтылган белекке ээ: «Жаштардын атак-даңкы — алардын күчү». Ооба, силер, улан-кыздар, Жахабаны даңктоого зор өбөлгө түзө турган күчкө, дем-кубатка ээсиңер. Анда мындай белектерди кантип натыйжалуу пайдаланууга болот?

Сен Жахабаны кантип даңктап-мактай аласың?

15. Жахабаны натыйжалуу мактоо үчүн, каалоо-ниетибиз кандай болушу керек?

15 Канчалык натыйжалуу кызмат кыларың жүрөгүңдүн абалынан көзкаранды. Эгерде Жахабаны башкалар каалагандыктан эле мактап жатсаң, анда ийгиликке жете албайсың. «Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бүт акылың менен сүй»,— деген парыз бардык парыздардын эң улуусу экенин эстесең (Матай 22:37). Жахабаны анын Сөзүн өз алдыңча изилдөө аркылуу таанып-билдиңби? Мындай изилдөөнүн натыйжасында Жахабага болгон сүйүүң өсөт. Ал эми сүйүүңдү көрсөтүүнүн бир жолу — аны мактоо. Жүрөгүң таза, каалооң күчтүү болсо, Жахабаны дилгирлик менен даңктоого даярсың.

16, 17. Жахабаны даңктоодо жүрүм-турумубуз кандай роль ойнойт? Мисал менен бышыктагыла.

16 Эми эмне айтууну ойлонуштурардан мурда өзүңдү кандай алып жүрөрүңдү ойлогонуң дурус. Эгерде Элишанын күндөрүндөгү ысрайылдык кыз чынчыл болбосо, башкаларды урматтабаса жана орой болсо, туткунга алган сириялыктар анын Жахабанын пайгамбары жөнүндөгү сөздөрүн угушат беле? Шектүү. Анын сыңарындай, адамдар чынчыл экениңди, башкаларды сыйлаарыңды жана жүрүм-турумуңдун үлгүлүү экенин көрүшсө, алардын сени угарына көбүрөөк үмүттөнө аласың (Римдиктерге 2:21). Бир мисал алалы.

17 Португалияда 11 жаштагы бир кыз мектептен Ыйык Китеп боюнча үйрөтүлгөн абийирине кайчы келген майрамдарды белгилөөгө байланыштуу кысымга алынган. Эжейине эмне үчүн катышпаарын сылык түшүндүргөндө, ал шылдыңдаган. Убакыттын өтүшү менен мугалими кыздын динин шылдыңдап, ого бетер кемсинте берген. Бирок кыз ага карата сый мамилесинен жазган эмес. Бир нече жыл өткөндөн кийин ал жалпы пионер, толук убакыттуу кызматчы, болуп кызмат кыла баштаган. Бир жолу, облустук жыйында ал кыз чөмүлтүлүп жаткандардын арасынан тааныш бир адамды көргөн. Ал анын баягы мугалими эле! Көздөрүнө жаш алып кучакташкан соң, мугалими окуучусуна анын сый мамилесин эч качан унутпаганын айткан. Көрсө, аныкына бир Күбө кабар айтып келгенде, ал мурдагы окуучусунун жүрүм-туруму тууралуу айтып берген экен. Натыйжада ыйык китептик изилдөө башталып, ал аял Ыйык Жазмадагы чындыкты кабыл алган. Айкын болгондой, сенин да жүрүм-турумуң Жахабаны даңктоого зор өбөлгө түзө алат!

18. Эгерде жаш Күбө Ыйык Китеп, Жахаба Кудай жөнүндө сөз баштоодон тартынса, эмне кылса болот?

18 Мектептен ишенимиң тууралуу сөз баштоо сен үчүн кээде кыйынга турабы? Мындай сезим башка жаштарда да болот. Бирок башкалардын ишенимиңе кызыгып, суроо беришине шарт түзсөң болот. Мисалы, мыйзамга каршы келбесе, мектепке ыйык китептик адабияттардан ала барып, тыныгуу маалында же башка ылайыктуу учурларда окууга эмне үчүн болбосун? Ошондо башкалар эмне окуп жатканыңды сурашы мүмкүн. Аларга колуңдагы макаладан же китептен кандай кызыктуу ойлорду тапканыңды айтып берип, алар менен кантип маектешип кеткениңди өзүң да байкабай калышың ыктымал. Маектештериңдин эмнелерге ишенерин билүү үчүн, суроо берүүнү унутпа. Анан сылыктык менен угуп, өзүңдүн Ыйык Китептен үйрөнгөндөрүңдү айтып бер. Сага окшоп, көп сандаган улан-кыздар Кудайды мектепте мактап жатышат. Бул зор кубаныч тартуулап, көптөрдүн Жахабаны таанып-билишине жардам берет.

19. Үйдөн үйгө кабар айтууда улан-кыздар кантип натыйжалуу боло алышат?

19 Жахабаны мактоонун эң натыйжалуу ыкмасы — үйдөн үйгө кабар айтуу. Кызматтын бул түрүнө катыша элек болсоң, муну максат кылып коюуга эмнеге болбосун? Эгер катышып жатсаң, алдыңа дагы кандай максаттарды койсоң болот? Маселен, баарына бир эле сунуштоону айта бергенден көрө, ата-энеңден же башка тажрыйбалуу биртуугандардан кеңеш сурап, кабар айтууңду жакшыртуунун жолдорун изде. Ыйык Китепти көбүрөөк колдонууга, кайра жолугууларды натыйжалуу жасоого жана ыйык китептик изилдөө баштоого үйрөн (1 Тиметейге 4:15). Жахабаны ушундай жолдор менен канчалык көбүрөөк даңктасаң, ошончолук натыйжалуу болуп, кызматтан көбүрөөк кубаныч табасың.

Жахабаны качан даңктап-мактай башташың керек?

20. Эмне үчүн улан-кыздар Жахабаны мактаганга өздөрүн өтө жаш деп эсептебеши керек?

20 Бул макалада каралып жаткан үч суроонун акыркысынын жообу баарынан жөнөкөй. Ыйык Китепте төмөнкүдөй түз жооп берилгенине көңүл бурсаң: «Жаш кезиңде Жаратканыңды эсиңден чыгарба» (Насаатчы 12:1). Ооба, Жахабаны азыр мактап башташың керек. «Жахабаны мактаганга али өтө жашмын. Тажрыйбам да жок. Чоңойгуча күтө турушум керек го»,— деп коюу баарынан оңой. Андай шектенүүлөр башкаларда да болгон. Алсак, жаш Жеремия Жахабага: «Оо Кудай-Теңир! Мен сөз сүйлөгөндү билбейм, анткени өтө эле жашмын»,— деген. Жахаба аны коркууга себеп жок экенин айтып кайраттандырган (Жеремия 1:6, 7). Жахабаны даңктоодо биз да эч нерседен коркпошубуз керек. Эмнеге гана дуушар болбойлу, Жахаба үчүн орду толгус зыян жок (Забур 117:6).

21, 22. Эмне үчүн Жахабаны даңктап жаткан улан-кыздар шүүдүрүмгө салыштырылат жана эмнеликтен бул кубаттандырбай койбойт?

21 Ошондуктан биз силерди, улан-кыздар, Жахабаны даңктоого чечкиндүү болууга чакырабыз! Азыркы жаш кезиңер — жер жүзүндө аткарылып жаткан эң маанилүү ишке кошулууга эң ыңгайлуу учур. Ал ишке кошулуу менен укмуш зор үй-бүлөгө — Жахабаны асманда жана жерде мактап жаткандардын үй-бүлөсүнө — мүчө болосуңар. Жахаба бул үй-бүлөнүн ичинде силердин да бар экениңерге кубанат. Забурчунун Жахабага айткан төмөнкү сөздөрүнө көңүл бурсаңар: «Сен жеңген күнү элиң ыйык кийим кийип, даяр турушат. Сенин уулдарың таң ата электе эле түшкөн шүүдүрүмдөй болуп, Сага келишет» (Забур 109:3).

22 Таң атканда мөлт-мөлт эткен шүүдүрүмдөр табиятка кандай кооздук тартуулайт! Көңүлдү сергитип, жылтылдаган шүүдүрүм тамчылары көп болгонунан сан жеткис көрүнөт. Ушул оор мезгилде Жахабаны ишенимдүүлүк менен даңктап-мактап жаткан силер, улан-кыздар, анын көз алдында ошол шүүдүрүм тамчыларындайсыңар. Силердин Жахабаны мактоону чечкениңер анын жүрөгүн кубантары шексиз (Накыл сөздөр 27:11). Эмесе, балдар жана кыздар, Жахабаны бүт күчүңөр менен даңктагыла!

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жахабаны даңктап-мактоого кандай маанилүү себептер бар?

• Жахабаны даңктоодо улан-кыздардын абдан натыйжалуу боло аларын кайсы ыйык китептик мисалдар көрсөтүп турат?

• Улан-кыздар бүгүн Жахабаны кантип даңктап-мактай алышат?

• Алар Жахабаны качан даңктай башташы керек жана эмне үчүн?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги сүрөт]

Эгер досуң өзгөчө таланттуу болсо, ал жөнүндө башкаларга айтып бербейт белең?

[17-беттеги сүрөт]

Башка окуучулар ишенимиңе кызыгышы мүмкүн.

[18-беттеги сүрөт]

Кызматыңды жакшыртууну кааласаң, тажрыйбалуу Күбөлөрдөн кеңеш сура.