Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бардык нерседе ишенимдүүсүңбү?

Бардык нерседе ишенимдүүсүңбү?

Бардык нерседе ишенимдүүсүңбү?

«Аз нерседе ишенимдүү адам көп нерседе да ишенимдүү» (Лука 16:10).

1. Жахабанын ишенимдүү экенин эмнеден көрүүгө болот?

КҮН уясынан чыгып, кайра киргенге чейин дарактын көлөкөсү эмне болорун байкадың беле? Ооба, анын көлөмү да, багыты да өзгөрүп турат. Адамдардын умтулуулары менен убадалары да көбүнчө көлөкө сыяктуу туруксуз келет. Ал эми Жахаба Кудай эч качан өзгөрбөйт. Шакирт Жакып аны «жарыктын Атасы» деп атап: «Анда эч кандай өзгөрүлүү жок, өзгөрүлүүнүн көлөкөсү да жок»,— деп айткан (Жакып 1:17). Жахаба майда-чүйдө нерселерде да туруктуулугу жана ишеничтүүлүгү менен айырмаланат. «Кудай ишенимдүү» (Мыйзам 32:4).

2. а) Канчалык ишенимдүү экенибизди эмне үчүн текшерип көрүшүбүз керек? б) Ишенимдүүлүккө байланыштуу кайсы суроолорду карап чыгабыз?

2 Кудай өз кызматчыларынын ишенимдүүлүк көрсөткөнүнө кандай карайт? Анын көзкарашы Дөөттүн төмөндөгү сөздөрүндө чагылдырылат: «Менин көздөрүм жердеги ишенимдүүлөрдө, алар менин жанымда турушат. Күнөөсүз жолдо жүргөн адам мага кызмат кылат» (Забур 100:6). Ооба, кызматчыларынын ишенимдүүлүгү Жахабаны кубантат. Элчи Пабыл: «Үй башкаруучулардан... ишенимдүүлүк талап кылынат»,— деп бекеринен айткан эмес (1 Корунттуктарга 4:2). Ишенимдүү болуу деген эмнени билдирет? Ал сапатты жашообуздун кайсы тармактарында көрсөтүшүбүз керек? «Күнөөсүз жолдо жүрүү» кандай баталарды алып келет?

Ишенимдүү болуу деген эмнени билдирет?

3. Ишенимдүүлүгүбүз эмнеден көрүнөт?

3 «Муса... кызматчы катары бардык жагынан ишенимдүү болгон»,— деп айтылат Эврейлерге 3:5те. Ал ишенимдүүлүгүн кантип сактаган? Жыйын чатырын жасоодо жана тургузууда «Муса бардыгын Теңир буйругандай аткарган» (Чыгуу 40:16). Жахабанын кызматчылары катары биз ишенимдүүлүгүбүздү ага тил алчаактык менен кызмат кылып көрсөтөбүз. Албетте, буга кыйынчылыктарда же катуу сыноолордо Жахабага берилгендигибизди сактоо кирет. Бирок ишенимдүүлүгүбүз чоң сыноолорго туруштук бергенибиз менен эле аныкталбайт. Ыйса: «Аз нерседе ишенимдүү адам көп нерседе да ишенимдүү. Аз нерседе ишенимсиз адам көп нерседе да ишенимсиз»,— деп айткан (Лука 16:10). Биз анча маанилүү эместей көрүнгөн иштерде да ишенимдүүлүгүбүздү сакташыбыз керек.

4, 5. «Аз нерседе» ишенимдүү болгонубуз эмнени көрсөтөт?

4 «Аз нерседе» күнүгө тил алчаактык көрсөтүү эки себеп менен маанилүү. Биринчиден, ал биздин Жахабанын эгедерлигине байланыштуу маселеде кайсы тарапта экенибизди айгинелейт. Эң биринчи жубайлар Адам менен Обонун ишенимдүүлүгү кантип сыналганын ойлоп көрсөң. Аларга коюлган талап оор деле эмес болчу. Адам менен Обо Эйден багындагы бардык жемиштерден жей алышкан, бирок алар бир гана дарактын — «жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын» — жемишинен жебеши керек эле (Башталыш 2:16, 17). Ошол жөнөкөй буйрукка баш ийүү менен ишенимдүүлүгүн сакташса, алар Жахабанын башкаруусун жактай турганын көрсөтүшмөк. Күндөлүк турмушубузда Жахабанын көрсөтмөлөрүнө баш ийүү менен биз анын эгедерлигин колдоорубузду көрсөтөбүз.

5 Экинчиден, «аз нерседе» өзүбүздү кандай алып жүргөнүбүз «көп нерседе да», башкача айтканда, олуттуу чечим чыгарууда кандай иш-аракет кыларыбызга таасир этет. Буга байланыштуу Даниел менен анын ишенимдүү үч эврей жолдошу — Ханания, Мишаел жана Азария — кабылган жагдайды карап көрөлү. Алар б.з.ч. 617-жылы Бабылга туткунга алынып, төртөө тең жаш кезинде, болжолу, өспүрүм курагында эле Небухаданасар падышанын ак сарайына алынып келинген. «Падыша аларга күн сайын өз дасторконундагы тамактан жана өзү ичип жүргөн шараптан берип турууну дайындаган, аларды үч жыл окутууну буйруган, үч жыл өткөндөн кийин алар падыша алдына келүүгө тийиш эле» (Даниел 1:3—5).

6. Даниел менен анын үч эврей жолдошу Бабыл падышасынын ак сарайында кандай сыноого дуушар болушкан?

6 Бабыл падышасы караштырган чара ал уландарга кыйынчылык туудурган. Падышанын дасторконуна, сыягы, Мусанын мыйзамында жегенге тыюу салынган тамак-аштар да коюлган (Мыйзам 14:3—20). Чамасы, союлган малдын каны тийиштүү түрдө агызылган эмес. Андай этти жегендер Кудайдын Мыйзамын бузмак (Мыйзам 12:23—25). Ошондой эле дасторкондогу тамактар буркандарга багышталышы мүмкүн эле, анткени бабылдыктардын салты ошону талап кылган.

7. Даниел менен анын үч досунун тил алчаактыгы эмнени көрсөткөн?

7 Тамактанууга байланыштуу чектөөлөр Бабыл падышасынын сарайындагыларды, албетте, кызыктырган эмес. Бирок Даниел менен анын достору жүрөктөрүндө Кудайдын ысрайыл элине берген Мыйзамында тыюу салынган тамак-ашты жебөөгө, арамдалбоого чечкиндүү болушкан. Мында алардын Кудайга болгон берилгендиги жана ишенимдүүлүгү сыналып жаткан. Ошондуктан алар жегенге жашылча, ичкенге суу берип турууну өтүнүшкөн жана ал өтүнүчтөрү орундатылган (Даниел 1:9—14). Бүгүн кээ бир адамдарга ал төрт уландын чечими маңызсыз болуп көрүнүшү мүмкүн. Бирок Кудайга тил алуу менен алар Жахабанын эгедерлигине байланышкан маселеде өздөрүнүн кайсы тарапта экенин көрсөтүшкөн.

8. а) Үч эврейдин ишенимдүүлүгү кантип сыналган? б) Сыноонун аягы эмне менен бүткөн жана бул эмнени ырастап турат?

8 Анча маанилүү эместей сезилиши мүмкүн болгон нерседе ишенимдүүлүк көрсөтүү Даниелдин үч досун чоң сыноого туруштук берүүгө даярдаган. Ыйык Жазманын Даниел китебинин 3-бөлүмүн ачып, ошол үч эврейдин Небухаданасар падыша орноткон алтын бурканга таазим кылуудан баш тартканы үчүн өлүм жазасына тартылганын окуп көрсөң. Падышага алынып келингенде алар чечкиндүүлүк менен мындай дешкен: «Биз кызмат кылып жаткан Кудайыбыз бизди жалындап күйүп турган мештен куткара алат, падыша, Ал сенин колуңдан да куткарат. Андай болбогон учурда да, падыша, сага маалым болсун, биз сенин кудайларыңа кызмат кылбайбыз, сен орноткон алтын бурканга табынбайбыз» (Даниел 3:17, 18). Жахаба аларды куткарып калганбы? Уландарды жалындап күйүп турган мешке ыргыткан адамдар өздөрү оттун жалынынан өлүшкөн, ал эми ишенимдүү үч эврей, эч жери күйбөй, оттун ичинен аман-эсен чыгышкан! Алардын дайыма ишенимдүү болгону ошол оор сыноонун учурунда да ишенимдүү бойдон калууга жардам берген. Бул окуя майда иштерде ишенимдүү болуу канчалык маанилүү экенин ырастап турган жокпу?

«Адилетсиз байлыкты» колдонууда ишенимдүүлүк көрсөтүү

9. Ыйсанын Лука 16:10до жазылган сөздөрүнүн контексти кандай?

9 Анча маанилүү эместей көрүнгөн нерселерде ишенимдүү болгон адам маанилүү маселелерде да ишенимдүү болору жөнүндө айтардан мурда Ыйса угуучуларына: «Өтүп кете турган байлык [«адилетсиз байлык», «Инжил»] менен өзүңөргө досторду күткүлө! Байлык жок болуп кеткенден кийин, силерди түбөлүк турак-жайларга кабыл алышсын»,— деп кеңеш берген. Анан аз нерседеги ишенимдүүлүк жөнүндө айткандан кийин мындай деген: «Эгерде силерге өтүп кете турган байлыкты ишенип тапшырууга болбосо, чыныгы байлыкты ким ишенип тапшырат? [...] Эч бир кул эки мырзага кызмат кыла албайт: бирин жек көрүп, экинчисин жакшы көрөт; бирине жан-дили менен берилип, экинчисин барк албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кызмат кыла албайсыңар!» (Лука 16:9—13).

10. «Адилетсиз байлыкты» колдонууда кантип ишенимдүүлүк көрсөтө алабыз?

10 Контекстке ылайык, Ыйсанын Лука 16:10догу сөздөрү башында «адилетсиз байлыкты», мал-мүлкүбүздү, колдонууга байланыштуу айтылган. Ал аятта байлык адилетсиз деп аталат, анткени дүнүйөнү, айрыкча, акчаны күнөөкөр адамдар колдонот. Андан тышкары, байлыкка ээ болуу каалоосу адамды адилетсиз иштерге түртүшү мүмкүн. Биз мал-мүлкүбүздү акылмандык менен колдонсок, ишенимдүүлүк көрсөтөбүз. Аны өзүмчүл максаттарыбызга эмес, Падышалыктын кызыкчылыктарын алга жылдырууга жана муктаждыгы барларга жардам берүүгө жумшагыбыз келет. Бул жагынан ишенимдүү болуу менен биз «түбөлүк турак-жайлардын» ээлери болгон Жахаба Кудай жана Ыйса Машайак менен достошо алабыз. Алар бизди ошол жайларга кабыл алышат, башкача айтканда, бизге асмандан же жердеги Бейиштен түбөлүк өмүр беришет.

11. Адамдарга Жахабанын Күбөлөрү аткарып жаткан бүткүл дүйнөлүк ишке тартууларды кабыл аларыбызды түшүндүрүүдөн эмне үчүн тартынбашыбыз керек?

11 Ошондой эле адамдарга Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялап, Ыйык Китепти же ага негизделген адабияттарды берип, Жахабанын эли аткарып жаткан бүткүл дүйнөлүк ишке тартууларды кабыл аларыбызды түшүндүрүү менен аларга кандай мүмкүнчүлүк берип жатканыбызды ойлоп көрсөң. Биз алардын өздөрүнүн материалдык байлыгын акылмандык менен колдонушуна өбөлгө түзүп жаткан жокпузбу? Лука 16:10дун баштапкы колдонулушу байлыкты туура пайдаланууга байланышканы менен, андагы принцип жашоонун башка тармактарына да тиешелүү.

Чынчылдыктын маанилүүлүгү

12, 13. Биз кайсы жактардан чынчылдык көрсөтөбүз?

12 Элчи Пабыл: «Абийирибиздин таза экенине бекем ишенебиз, анткени өзүбүздү бардык нерседе туура алып жүрүүгө аракет кылабыз»,— деп жазган (Эврейлерге 13:18). «Бардык нерсеге» акча-каражатка байланыштуу маселелердин баары кирет. Биз карыздарыбызды, өкмөттүн салыктарын өз убагында чынчылдык менен төлөйбүз. Эмне үчүн? Чынчыл болууга бизге абийирибиз түрткү берет, бирок биз, баарынан мурда, Кудайды сүйгөндүктөн жана анын көрсөтмөлөрүнө баш ийүүнү каалагандыктан чынчылбыз (Римдиктерге 13:5, 6). Өзүбүзгө таандык болбогон буюмду таап алганда эмне кылабыз? Аны ээсине кайрып берүүгө аракеттенебиз. Эмне себептен кайрып бергенибизди түшүндүрүү менен ал адамга кандай сонун күбөлөндүрүү бере алабыз!

13 Бардык нерседе чынчыл жана ишеничтүү болууга иштеген жерибизде чынчыл болуу да кирет. Жумушубузда чынчылдыгыбыз менен белгилүү болсок, башкалар биздин Кудайыбыз кандай экенин биле алышат. Биз жалкоолонуу менен жумуш убактысын «уурдоону» каалабайбыз. Тескерисинче, Жахаба үчүн иштеп жаткандай тырышчаактык менен эмгектенебиз (Эфестиктерге 4:28; Колосалыктарга 3:23). Иликтөөлөр боюнча, Европанын бир өлкөсүндө жумушчулардын үчтөн бир бөлүгү доктурлардан ооруп жаткандыгы тууралуу маалымкатты анткорлонуп алышат. Кудайдын чыныгы кызматчылары жумушка чыкпоонун аракетинде жалган шылтоолорду ойлоп табышпайт. Жахабанын Күбөлөрүнүн чынчылдыгын жана мээнеткечтигин байкап, кээде жетекчилери аларга кызматын жогорулатууну сунуш кылышат (Накыл сөздөр 10:4).

Кабар айтуу кызматында ишенимдүү болуу

14, 15. Кабар айтуу кызматында кандай жолдор менен ишенимдүүлүк көрсөтө алабыз?

14 Биз өзүбүзгө тапшырылган кызматта кантип ишенимдүүлүк көрсөтөбүз? «Кудайга мактоо курмандыгын, башкача айтканда, Анын ысымын даңктаган ооз курмандыгын Ыйса аркылуу тынымсыз алып келели»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Эврейлерге 13:15). Кабар айтуу кызматында ишенимдүүлүк көрсөтүүнүн негизги жолу — ага үзгүлтүксүз катышуу. Биз башкаларга Жахаба жана анын ой-ниети тууралуу күбөлөндүрүүбүздү бир айга да үзгүлтүккө учуратпашыбыз керек. Кабар айтуу ишине дайыма катышуу жөндөмдүүлүктөрүбүздү өрчүтүүгө жана натыйжалуу кызмат кылышыбызга жардам берет.

15 Кабар айтуу кызматында ишенимдүүлүк көрсөтүүнүн дагы бир маанилүү жолу — «Күзөт мунарасы» менен «Падышалык кызматыбызда» берилген кеңештерди иш жүзүндө колдонуу. Үлгү катары берилген сунуштоолорду же аймагыбызга ылайык келген башка сунуштоолорду даярдап, кабар айтууда колдонгонубузда, кызматыбыз жемиштүүрөөк болорун сезбейбизби? Кимдир бирөө Падышалык жөнүндөгү кабарды жакшы укканда, көрсөтүлгөн кызыгууну кечиктирбей өстүрүүгө аракеттенебизби? Кызыккан адамдар менен Ыйык Китепти изилдеп баштасак, ал изилдөөлөрдү үзгүлтүксүз өткөрүү менен ишенимдүүлүк көрсөтөбүзбү? Кызматта ишенимдүү болгонубуз өзүбүздүн жана угуучуларыбыздын өмүр алышына өбөлгө түзөт (1 Тиметейге 4:15, 16).

Дүйнөдөн обочо болуу

16, 17. Дүйнөдөн обочо турарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

16 Кудайга тиленип жатып Ыйса өзүнүн жолдоочулары тууралуу мындай деген: «Аларга Сенин сөзүңдү айттым. Мен сыяктуу эле алар да бул дүйнөдөн эмес, ошондуктан бул дүйнө аларды жек көрүп калды. Мен Сенден аларды бул дүйнөдөн алып кетүүңдү өтүнбөйм, шайтандан сактооңду өтүнөм. Мен сыяктуу эле алар да бул дүйнөдөн эмес» (Жакан 17:14—16). Биз бейтараптуулукка, диний майрамдар менен каада-салттарга, адеп-ахлактуулукка байланыштуу олуттуу маселелерде дүйнөдөн обочо болууга бел байлап, бекем турушубуз мүмкүн. Бирок майда маселелердечи? Өзүбүз байкабай дүйнөнүн таасирине алдырып жүрүшүбүз мүмкүнбү? Абайлабасак, мисалы, кийген кийимибиз ылайыксыз болуп, кадыр-баркыбызга көлөкө түшүрүп коюшу ыктымал. Ишенимдүү болуу үчүн, кийимибиз менен сырткы көрүнүшүбүзгө байланыштуу маселеде «уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк» көрсөтүшүбүз керек (1 Тиметейге 2:9, 10). Ооба, «кызматыбыз сөзгө калбаш үчүн, эч кимге эч нерседе кедерги болбойбуз», тескерисинче, «өзүбүздү Кудайдын кызматчылары катары көрсөтөбүз» (2 Корунттуктарга 6:3, 8).

17 Жахабага урмат-сый алып келүүнү каалагандыктан биз жыйналыш жолугушууларына, жыйындарга адептүү кийинип барабыз. Кийимибиз ыңгайлуу, жарашыктуу, тыкан болушу керек. Бул бизди байкап тургандарга күбөлөндүрүү берет. Пабылдын жана анын ишенимдештеринин иш-аракетине көз салып турган периштелер бизге да көз салып турушат (1 Корунттуктарга 4:9). Сырткы көрүнүшүбүз дайыма жакшынакай болушу керек. Кээ бирөөлөргө кийим-кечек тандоодо ишенимдүүлүк көрсөтүү маанилүү эместей көрүнүшү мүмкүн, бирок Кудайдын көз алдында бул маанилүү.

Ишенимдүүлүк үчүн баталар

18, 19. Ишенимдүүлүгүбүз үчүн кандай баталарды алабыз?

18 Ыйсанын чыныгы жолдоочулары Кудайдын ырайымына ээ болгон «жакшы үй башкаруучулар» деп аталат. Алар «Кудай берген күчкө» таянышат (1 Петир 4:10, 11). Андан тышкары, ошондой башкаруучулар катары бизге өзүбүзгө таандык болбогон, башкача айтканда, Кудайдын ырайымынын аркасында келген нерселер, анын ичинде кызмат ишенип тапшырылган. Жакшы башкаруучулар катары биз Кудайдын күчүнө, «кудуреттүү күчкө», таянабыз (2 Корунттуктарга 4:7). Келечекте кандай гана сыноого дуушар болбойлу, Кудай бизди аларды жеңүүгө кандай сонун үйрөтүп жатат!

19 Забурчу: «Теңирдин адил адамдары, Аны сүйгүлө. Ишенимдүүлөрдү Теңир сактайт»,— деп ырдаган (Забур 30:24). Келгиле эмесе, Жахабанын «бардык адамдардын, айрыкча, Ыйсага ишенгендердин [«ишенимдүүлөрдүн», «ЖД»] Куткаруучусу» экенине шектенбей, ишенимдүү бойдон калууга чечкиндүү бололу (1 Тиметейге 4:10).

Эсиңердеби?

• Эмне үчүн биз «аз нерседе ишенимдүү» болушубуз керек?

• Ишенимдүү экенибизди

чынчыл болуу менен...

кызматта...

дүйнөдөн обочо болуу менен...

кантип көрсөтөбүз?

[Изилдөө суроолору]

[18-беттеги сүрөт]

Аз нерседе ишенимдүү адам көп нерседе да ишенимдүү.

[21-беттеги сүрөт]

Бардык нерседе чынчыл болууга аракеттенгиле.

Кабар айтуу кызматына жакшы даярдануу менен ишенимдүүлүк көрсөтөбүз.

[22-беттеги сүрөт]

Сырткы көрүнүшүң тыкан болсун.