Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба «аны издегендерге... тиешелүүсүн берет»

Жахаба «аны издегендерге... тиешелүүсүн берет»

Жахаба «аны издегендерге... тиешелүүсүн берет»

«Кудайга келген адам Анын бар экендигине, Аны издегендерге Ал тиешелүүсүн берерине ишениши керек» (Эврейлерге 11:6).

1, 2. Эмне үчүн Жахабанын кээ бир кызматчылары терс ой-сезимдер менен күрөшүшү мүмкүн?

«ЖАХАБАНЫН КҮБӨСҮ болгонума 30 жылдын жүзү болсо да, бул атка өзүмдү дагы деле татыксыз көрөм,— дейт Барбара *.— Мен пионер болуп да кызмат кылдым, андан башка да көп өзгөчө кызматтарды аткардым, бирок алардын бири да мага Күбө деп аталууга татыктуу экениме чындап ишенүүгө жардам бере албачудай сезилет». Кит да ушу сыяктуу ойлору менен бөлүшөт: «Жахабанын кызматчыларында кубанычтуу жүрүүгө көп себептер бар, бирок менде андай сезим жок болгондуктан кээде өзүмдү эч нерсеге татыксыз көрөм. Мунун айынан өзүмдү күнөөлөй берем, а бул жагдайды ого бетер оордотот».

2 Мындай ой-сезимдер менен Жахабанын көптөгөн ишенимдүү кызматчылары байыркы убакта да күрөшүшкөн, азыр да күрөшүп келишет. Кээде сенде да ушундай сезимдер болобу? Мүмкүн, сен кыйынчылыктардан баш көтөрө албай жүрсөң, ишенимдештериң эч нерседен бейкапар, жыргап жашап жаткандай көрүнүшү ыктымал. Натыйжада Жахабанын жактыруусуна ээ эмесмин деп ойлоп, анын көңүл буруусуна өзүңдү татыксыз көрүшүң мүмкүн. Бирок андай бүтүм чыгарууга шашпа. Ыйык Китеп бизди: «[Жахаба] азап тарткандын кайгысына назар салбай койгон жок, аны эсине албай койгон жок. Андан Өз жүзүн жашырган жок, ал Аны чакырганда, аны укту»,— деп кубаттандырат (Забур 21:25). Машайак жөнүндөгү бул пайгамбарлык сөздөр көрсөтүп тургандай, Жахаба ишенимдүү кызматчыларын угуп эле койбостон, аларга сыйлык берет.

3. Эмне үчүн бул дүйнөнүн кысымы бизге да таасир этет?

3 Азыркы дүйнөнүн кысымы баарына, атүгүл Жахабанын элине да таасир этет. Биз Жахабанын башкы душманы болгон Шайтан Ибилистин бийлиги астындагы дүйнөдө жашап жатабыз (2 Корунттуктарга 4:4; 1 Жакан 5:19). Жахаба кызматчыларын керемет жолу менен коргобойт, тескерисинче, алар Шайтандын негизги бутасына айланган (Аюб 1:7—12; Аян 2:10). Андыктан Кудай белгилеген убакыт келгенге чейин, биз Жахабанын кам көрөрүнө шектенбей, «кыйынчылыкка туруштук берип», «туруктуулук менен» тиленишибиз керек (Римдиктерге 12:12). Ошондой эле Жахаба Кудай бизди сүйбөйт деген ойго алдырбашыбыз керек!

Байыркы убакта туруктуулук көрсөткөндөр

4. Жахабанын кээ бир ишенимдүү кызматчылары кандай терс сезимдер менен күрөшкөн?

4 Байыркы убакта Жахабанын көп кызматчылары терс ой-сезимдер менен күрөшкөн. Мисалы, Анна бала көрбөгөндүктөн Кудай аны унутуп койгон деп эсептеп «кайгырып» жүргөн (1 Шемуел 1:9—11). Илияс болсо, канкор ханыша Изебел куугунтуктаганда, коркконунан Жахабага: «Теңир, эми жетишет. Жанымды ал, анткени мен аталарымдан артык эмесмин»,— деп тиленген (1 Падышалар 19:4). Ал эми элчи Пабыл: «Мен жакшылык жасайын дегенде, жамандык жабыша калат»,— деп айтканда өзүнүн жеткилеңсиздигине катуу кейиген өңдөнөт. Андан ары ал: «Мен бир байкуш адаммын!» — деген (Римдиктерге 7:21—24).

5. а) Анна, Илияс жана Пабыл кандай сыйлык алышкан? б) Терс сезимдер менен күрөшүүдө Кудайдын Сөзүнөн кандай сооронуч алсак болот?

5 Бизге белгилүү болгондой, Анна, Илияс жана Пабыл Жахабага кызмат кылууда туруктуу болушкан, ошондуктан Ал аларга чоң сыйлык берген (1 Шемуел 1:20; 2:21; 1 Падышалар 19:5—18; 2 Тиметейге 4:8). Ошентсе да аларга кайгы-капа, аргасы түгөнгөндүк, коркунуч сыяктуу сезимдер менен күрөшүүгө туура келген. Ошондуктан, кээде терс сезимдер чулгаса, таң калбашыбыз керек. Бирок турмуш түйшүктөрүнөн улам Жахабанын сени сүйөрүнө шектене баштаганыңда эмне кылууга болот? Андай учурда Кудайдын Сөзүнөн сооронуч таба аласың. Мисалы, мурунку макалада биз Жахабанын «башыбыздагы чачыбызды да» санап койгонун талкуулаганбыз (Матай 10:30). Ошол кубаттандырарлык сөздөр Жахабанын өзүнүн ар бир кызматчысына абдан кызыгарын көрсөтүп турат. Ошондой эле Ыйсанын таранчылар жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалын эстесең. Жахаба ошол кичинекей чымчыктардын жерге түшкөнүн байкап турса, сенин оор абалыңа кантип көз жумуп койсун?

6. Терс сезимдер менен күрөшүп жаткандарга Ыйык Китеп кандайча сооронучтун булагы боло алат?

6 Биздин, жеткилеңсиз адамдардын, кудуреттүү Жараткан Жахаба Кудайдын көз алдында баалуу деп эсептелишибиз чынында эле мүмкүнбү? Ооба! Буга бизди көптөгөн ыйык китептик билдирүүлөр ынандыра алат. Алардын үстүнөн ой жүгүрткөндө биз забурчунун: «Менин жүрөгүмдө кайгы көбөйгөндө, Сенин сооротууларың жанымды жыргатат»,— деген сөздөрүнө кошула алабыз (Забур 93:19). Келгиле, Кудайдын Сөзүндөгү ошол жубатарлык билдирүүлөрдүн айрымдарына токтолуп көрөлү. Аларды карап чыгуу менен Кудайдын бизди баалаарын жана анын эркин аткара берсек, батасын аларыбызды дагы көбүрөөк түшүнөбүз.

Жахабанын «менчиги»

7. Жахаба бузулган элге Малахия аркылуу кандай бекемдээрлик пайгамбарлык айткан?

7 Биздин заманга чейинки V кылымда жүйүттөрдүн абалы кейиштүү болгон. Ыйык кызмат кылуучулар адамдар алып келген жараксыз малды Жахабанын курмандык чалынуучу жайында курмандыкка чалышчу. Соттор беткарамалык көрсөтүшчү. Сыйкырчылык, алдамчылык, митаамдык жана ойноштук кеңири таралган болчу (Малахия 1:8; 2:9; 3:5). Малахия ушундай бузулган элге таң каларлык пайгамбарлык айткан. Убакыттын өтүшү менен Жахабанын эли кайрадан жакшы абалда жашамак. Буга байланыштуу мындай сөздөрдү окуйбуз: «Алар Меники болот,— дейт Себайот Теңир,— Мен белгилеген күнү алар Менин менчигим болушат, адам өзүнө кызмат кылган уулуна кандай ырайым кылса, Мен да аларга ошондой ырайым кылам» (Малахия 3:17).

8. Эмне үчүн Малахия 3:17ни эбегейсиз көп адамдарга карата да колдонууга болот?

8 Малахиянын пайгамбарлыгы азыркы убакта Ыйсанын рух менен майланган жолдоочуларына, 144 000 адамдан турган рухий элге, байланыштуу аткарылып жатат. Ал эл, чынында эле, Жахабанын «менчиги», башкача айтканда, «энчилеп алган эли» болуп саналат (1 Петир 2:9). Малахиянын пайгамбарлыгы «тактынын жана Козунун алдында ак кийим кийип» турган «эбегейсиз көп адамдарды» да бекемдей алат (Аян 7:4, 9). Алар майлангандар менен чогуу бир Койчу Ыйса Машайактын алдында бир короо койду түзүшөт (Жакан 10:16).

9. Эмне үчүн Жахаба өзүнүн элине өзгөчө мамиле кылат?

9 Жахаба ага кызмат кылууну чечкендерге кандай мамиле кылат? Малахия 3:17де айтылгандай, мээримдүү ата баласына кандай мамиле кылса, Кудай да кызматчыларына ошондой мамиле кылат. Анын өз элин «менчигим» деп сыймыктануу менен атаганын байкасаң. Башка котормолордо ал сөз «асылым», «эң баалуу ээлигим» жана «кенчим» деп берилген. Эмне үчүн Жахаба кызматчыларын жогору баалайт? Мунун бир себеби анын ыраазычыл Кудай экенинде (Эврейлерге 6:10). Ал чын жүрөктөн кызмат кылгандарга жакындап, аларды абдан баалайт.

10. Жахаба элин кандайча коргойт?

10 Өзүңдүн менчигиң катары көргөн баалуу нерсең барбы? Аны коргоого белгилүү бир чараларды көрбөйсүңбү? Жахаба да өзүнүн «менчигине» ошондой мамиле кылат. Албетте, ал элин жашоодогу кыйынчылыктардын, кайгылуу окуялардын баарынан калкалабайт (Насаатчы 9:11). Бирок Жахаба ишенимдүү кызматчыларын рухий жактан коргойт. Ал аларга сыноолорго туруштук берүүгө күч берет (1 Корунттуктарга 10:13). Ошондуктан Муса Кудайдын байыркы эли болгон ысрайылдыктарга: «Бекем, кайраттуу болгула... Кудай-Теңириңер Өзү силер менен барат, силерден алыстабайт, силерди таштабайт»,— деген (Мыйзам 31:6). Жахаба өзүнүн элин «менчиги» катары көрүп, жогору баалайт.

Жахаба «тиешелүүсүн берет»

11, 12. Жахабаны сыйлык берүүгө март Кудай катары көрүү кандайча бизге шектенүүлөр менен күрөшүүгө жардам берет?

11 Жахабанын өз кызматчыларын баалай турганын аларга сыйлык бергенинен да көрүүгө болот. Ал ысрайылдыктарга мындай деген: «Мени ушул аркылуу сынап көргүлө,— дейт Себайот Теңир,— силер үчүн Мен асман терезелерин ачпайт бекем? Силерге батамды ашыгы менен төкпөйт бекем?» (Малахия 3:10). Акыр-аягында Жахаба кызматчыларына түбөлүк өмүр сыйлыгын тартуулайт (Жакан 5:24; Аян 21:4). Бул баа жеткис сыйлык Жахабанын канчалык мээримдүү, айкөл экенин жана ага кызмат кылууну чечкендерди чындап баалаарын айгинелеп турат. Жахабаны сыйлык берүүгө март Кудай катары көрүү аны менен болгон мамилебизге карата туулган шектенүүлөрдү жеңүүгө жардам берет. Бизди ошондой көзкарашта болууга Жахаба өзү чакырат. «Кудайга келген адам Анын бар экендигине, Аны издегендерге Ал тиешелүүсүн берерине ишениши керек»,— деп жазган Пабыл (Эврейлерге 11:6).

12 Албетте, биз Жахабага сыйлык берүүнү убадалаганы үчүн эле эмес, аны сүйгөндүктөн кызмат кылабыз. Ошентсе да сыйлыкка болгон үмүттү жүрөгүбүздө сактап жүргөнүбүздүн туура эмес эч нерсеси жок жана ал өзүмчүлдүккө жатпайт (Колосалыктарга 3:23, 24). Жахаба аны издегендерди сүйгөндүктөн жана жогору баалагандыктан, аларга өзү каалап сыйлык берет.

13. Жахабанын кун төлөгөнү эмне үчүн бизди сүйөрүнүн эң чоң далили болуп саналат?

13 Жахабанын адамзатты баалаарынын эң чоң далили болуп анын кун төлөгөнү саналат. Элчи Жакан: «Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деп жазган (Жакан 3:16). Ыйса Машайактын куткаруу курмандыгы Жахабанын көз алдында эч кандай баага же анын сүйүүсүнө татыбайбыз деген түшүнүккө төп келбейт. Эгер Жахаба биз үчүн ушунча кымбат баа төлөп, жалгыз Уулун курмандыкка берген болсо, демек, ал бизди аябай сүйөт.

14. Пабылдын кунга карата болгон көзкарашы эмнеден көрүнүп турат?

14 Ошондуктан, терс ой-сезимдер пайда болгондо, кун жөнүндө ой жүгүрт. Аны Жахаба берген белек катары көр. Элчи Пабыл ошондой көзкарашта болгон. Анын: «Мен бир байкуш адаммын!» — дегенин эстесең. Андан кийин ал мындай деп айткан: «Мени сүйгөн жана менин ордума Өзүн курмандык кылган» «Ыйса Машайак аркылуу Кудайга ыраазычылык билдирем» (Галатиялыктарга 2:20; Римдиктерге 7:24, 25). Бул сөздөрдү айтуу менен Пабыл менменсинген эмес. Ал тек гана Жахабанын аны баалаарына бекем ишенген. Пабылга окшоп, сен да кунду Кудайдын сага берген белеги катары көрүүгө үйрөнүшүң керек. Жахаба кудуреттүү Куткаруучу эле эмес, мээримдүү Сыйлык берүүчү да.

Шайтандын «айла-амалдарынан» сак бол

15—17. а) Ибилис терс ой-сезимдерди кандай колдонот? б) Аюб менен болгон окуядан кандай сабак алсак болот?

15 Кудайдын Сөзүндөгү жубатарлык ойлор сага карата айтылганына ишенүү сен үчүн, балким, дагы деле кыйынга тураттыр. Сага Кудайдын жаңы дүйнөсүндө түбөлүк жашоо белегине башкалар татыктуу, а өзүң татыксыздай сезилиши мүмкүн. Андайда эмне кылууга болот?

16 Пабылдын: «Шайтандын айла-амалдарына каршы тура алуу үчүн, Кудайдын бардык курал-жарагын кийгиле»,— деген кеңешин сен, албетте, жакшы билесиң (Эфестиктерге 6:11). Шайтандын адамдарды кантип азгырарын ойлогондо, эсибизге шак эле дүнүйөкорлук, адеп-ахлаксыздык сыяктуу нерселер келиши мүмкүн жана мунун жөнү бар. Бул азгырыктарга Кудайдын элинен байыркы убакта да, азыркы мезгилде да көптөр алдырган. Бирок биз Шайтандын дагы бир айла-амалы бар экенин унутпашыбыз керек. Ал адамдарды Жахаба Кудайдын аларды сүйбөй турганына ынандырууга аракеттенет.

17 Ибилис адамдарды Кудайдан четтетүү аракетинде ошондой ой-сезимдерди колдонууга шыктуу. Билдаттын Аюбга: «Кантип адам Кудайдын алдында адилет боло алсын? Анан кантип аялдан туулгандар таза болсун? Анын көз алдында, атүгүл, ай да жарык эмес, жылдыздар да таза эмес. Адам эмне болуп калыптыр, ал — бар болгону, курт, адам баласы эмне болуп калыптыр, ал — бар болгону, күбө!» — деп айтканын эстесең (Аюб 25:4—6; Жакан 8:44). Сыягы, ал сөздөр Аюбдун ындынын аябай эле өчүргөн. Андыктан Шайтанга көңүлүңдү чөктүрүүгө жол бербе. Ошол эле учурда кайраттуу, бекем болуп, жакшылык кылууга ого бетер чечкиндүү болуу үчүн, Шайтандын айла-амалдарын жакшыраак бил (2 Корунттуктарга 2:11). Аюбдун көзкарашын оңдоого туура келсе да, Жахаба аны чыдамкайлыгы үчүн алкап, жоготконун эки эсе кылып кайрып берген (Аюб 42:10).

Жахаба «жүрөгүбүздөн чоң»

18, 19. «Кудай жүрөгүбүздөн чоң» деген эмнени билдирет жана кандайча «Ал баарын билет»?

18 Эгер көңүл чөгөттүк жүрөгүбүздөн терең орун алса, аны жеңүү оңойго турбаары чын. Бирок Жахабанын руху сага «Кудайды таанып билүүгө каршы турган ар кандай ойлорду» акырындык менен багынтууга жардам берет (2 Корунттуктарга 10:4, 5). Терс ойлор кайрадан келе баштаганда, элчи Жакандын төмөнкү сөздөрүнүн үстүнөн ой жүгүрт: «Чындыктан экенибизди ушундан билип алабыз, бизди жүрөгүбүз айыптаса да, жүрөгүбүздү Кудай алдында тынчтандырабыз. Анткени Кудай жүрөгүбүздөн чоң, Ал баарын билет» (1 Жакан 3:19, 20).

19 «Кудай жүрөгүбүздөн чоң» деген сөздөр эмнени билдирет? Кээде, айрыкча, жеткилең эместигибиз менен кемчиликтерибизден улам көңүлүбүз чөккөндө, жүрөгүбүз бизди айыпташы мүмкүн. Же өткөн иштерден улам өзүбүз жөнүндө терс ойдо болууга өтө эле жакын болуп, Жахабага эч бир иш-аракетибиз жакпачудай сезилиши ыктымал. Элчи Жакандын сөздөрү Жахабанын биз жөнүндө андай ойдо эмес экенин көрсөтүп турат! Ал биздин каталарыбызга токтоло бербейт жана мүмкүнчүлүктөрүбүздүн деңгээлин жакшы билет. Ага умтулууларыбыз менен ниет-максаттарыбыз да белгилүү. Дөөт: «Ал биздин түзүлүшүбүздү билет, биздин топурак экенибизди билет»,— деп жазган (Забур 102:14). Ооба, Жахаба бизди өзүбүздөн да жакшы билет!

«Даңктын таажысы» жана «падышанын жасалгасы»

20. Ышайанын пайгамбарлыгында Жахабанын өз кызматчыларына кандай караары айтылат?

20 Ышайа пайгамбар аркылуу Жахаба байыркы элин кайра калыбына келтирерин айтып, аларга үмүт берген. Бабылда сүргүндө жүргөндүктөн алар кайгыга батып, дал ушундай жубатууга жана бекемдөөгө муктаж болушкан! Алар мекенине кайтып келе турган убакта эмне болору жөнүндө Жахаба: «Сен Теңирдин колунда даңктын таажысы болосуң, Кудайыңдын алаканында падышанын таажысы [«жасалгасы», «Мукаддас»] болосуң»,— деген (Ышайа 62:3). Бул сөздөр менен Жахаба өзүнүн элин улуулукка, даңкка бөлөгөн. Ал бүгүнкү рухий Ысрайылды да ошондой улуулукка, даңкка ээ кылууда. Баары суктана карашы үчүн, Жахаба аны көкөлөтө көтөрүп тургансыйт.

21. Ишенимдүүлүк менен туруктуулук көрсөткөнүң үчүн Жахабанын сыйлык берерине канткенде бекем ишене аласың?

21 Бул пайгамбарлыктын аткарылышы биринчи кезекте майлангандарга байланыштуу болсо да, анда Жахабанын ага кызмат кылгандардын баарын кандай улуулукка бөлөй турганы көрсөтүлөт. Андыктан, өзүң тууралуу шектенүүлөр пайда болгондо, жеткилеңсиз болгонуңа карабастан Жахабанын көз алдында «даңктын таажысындай», «падышанын жасалгасындай» баалуу экениңди эсте. Ошо себептен Кудайдын эркин аткарууга тырышчаактык менен умтулуп, мындан ары да анын жүрөгүн кубанта бер (Накыл сөздөр 27:11). Ошондо ишенимдүүлүк менен туруктуулук көрсөткөнүң үчүн Жахабанын сыйлык берерине бекем ишене аласың!

[Шилтемелер]

^ 1-абз. Кээ бир ысымдар өзгөртүлүп берилди.

Эсиңердеби?

• Кандайча биз Жахабанын «менчигибиз»?

• Жахабаны сыйлык берүүгө март Кудай катары көргөнүбүз эмне үчүн маанилүү?

• Шайтандын кайсы «айла-амалынан» сак болушубуз керек?

• Кандайча «Кудай жүрөгүбүздөн чоң»?

[Изилдөө суроолору]

[28-беттеги сүрөт]

Кудайдын Сөзү — жубатарлык ойлордун булагы.