Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба «башыңардагы чачыңарды да» санап койгон

Жахаба «башыңардагы чачыңарды да» санап койгон

Жахаба «башыңардагы чачыңарды да» санап койгон

«Атаңардын эркисиз [таранчылардын] бири да өлбөйт [«жерге түшпөйт», «Мукаддас»]. Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу» (МАТАЙ 10:29, 30).

1, 2. а) Эмне үчүн Аюбга Жахаба аны таштап койгондой сезилген? б) Аюбдун сөздөрү анын Жахабага каршы чыкканын билдиреби? Түшүндүргүлө.

«МЕН Сенден жардам сурап жатам, бирок Сен мага жооп бербейсиң, Сенин алдыңда турам, бирок Сен мага көңүл бурбайсың. Сен мага ырайымсыз болуп калдың, кубаттуу колуң менен мага каршы чыгып жатасың». Бул сөздөрдү айткан адам катуу азап чегип, көрбөгөндү көргөн! Ал мал-мүлкүнөн айрылган, балдары каргашалуу кырсыктан каза болгон, эми өзү сай-сөөгүн сыздаткан оорунун азабын тартып отурган. Ал кишинин аты — Аюб. Анын башына түшкөн үрөй учурарлык сыноолор Ыйык Китепке биздин пайдабыз үчүн жазылган (Аюб 30:20, 21).

2 Аюбдун сөздөрүн окуганда ал Кудайга каршы чыккандай сезилиши мүмкүн, бирок андай эмес. Аюб ал сөздөрдү азабы жанына баткандыктан айткан (Аюб 6:2, 3). Ал өзүнүн башына түшкөн сыноолорго Шайтан себепкер болгонун билген эмес, ошондуктан Кудай мени таштап койду деп жаңылыш тыянак чыгарган. Атүгүл бир жолу Жахабага: «Эмне себептен менден жүзүңдү жашырасың, эмне себептен мени Өзүңө душман санайсың?» — деген * (Аюб 13:24).

3. Кыйынчылыктарга кабылганда, кандай ойлор келиши мүмкүн?

3 Бүгүн Жахабанын элинин арасынан көптөр согуштардын, саясий же социалдык төңкөрүштөрдүн, табигый кырсыктардын, карылыктын, оорунун, жакырчылыктын жана өкмөттүк тыюу салуулардын кесепетинен азап чегип келишет. Силер да башыңардан кандайдыр бир кыйынчылыктарды кечирип жатсаңар керек. Кээде Жахаба бизден жүзүн жашырып жаткандай сыяктанышы мүмкүн. Жакан 3:16дагы: «Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди»,— деген сөздөр баарыбызга эле белгилүү. Бирок азап чегип жатканда жана жагдай оңолбочудай көрүнгөндө: «Кудай мени чынында эле сүйөбү? Башыма кандай кыйынчылыктар түшкөнүн көрүп турабы? Ал мага кам көрөбү?» — деп ойлонушубуз ыктымал.

4. Пабыл көп убакыт бою кандай оор жагдайга чыдап келген жана андай жагдай бизге кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

4 Мисал катары элчи Пабылдын кандай сыноого чыдаганын карап көрөлү. «Менин денемде тикенек бар. Менменсинип кетпешим үчүн, денемди кыйнап турууга шайтандын бир периштеси жиберилди»,— деп жазган ал. Анан: «Менден аны четтетүүсүн өтүнүп, Теңирге үч ирет сыйындым»,— деп кошумчалаган. Жахаба анын өтүнүчүн уккан, бирок ага жагдайын керемет жолу менен чечпей турганын айткан. Пабыл «денесиндеги тикенек» менен күрөшүүдө Кудайдын күчүнө таянууга тийиш эле * (2 Корунттуктарга 12:7—9). Пабылга окшоп, силер да көптөн бери кандайдыр бир сыноого дуушар болуп келатышыңар мүмкүн. Балким, силер мындай деп ойлоносуңар: «Сыноомду жеңилдетиш үчүн Жахабанын эчтеке кылбай жаткандай сезилгени менин жагдайымды билбээрин же мага кам көрбөөрүн билдиреби?» Албетте, жок. Жахабанын өзүнүн ишенимдүү кызматчыларынын ар бирине кызыгарын Ыйсанын элчилерди тандап алгандан кийин айткан сөздөрү баса белгилеп турат. Келгиле, анын сөздөрү бизди кандайча бекемдей аларын карап көрөлү.

«Коркпогула»: эмне үчүн?

5, 6. а) Ыйса элчилерине аларды күтүп турган сыноолордон коркпоого кантип жардам берген? б) Пабыл Жахабанын ага кам көрөрүнө бекем ишенгенин кантип көрсөткөн?

5 Ыйса элчилерине өзгөчө күч берген, ошондой эле «ар түрдүү ооруларды, ар кандай кеселдерди айыктырууга жана жиндерди кууп чыгарууга бийлик берген». Бирок бул алардын сыноолорго жана кыйынчылыктарга эч качан кабылбай турганын билдирген эмес. Тескерисинче, Ыйса аларды күтүп турган сыноолордун кээ бирлерине кеңири токтолгон. Ошол эле учурда аларды: «Денени өлтүрүп, бирок жанды өлтүрө албагандардан коркпогула. Жанды да, денени да оттуу көлдө өлтүрө ала тургандан корккула»,— деп үндөгөн (Матай 10:1, 16—22, 28).

6 Элчилерине эмне себептен коркпоо керектигин түшүндүрүү үчүн, Ыйса эки көрсөтмөлүү мисал келтирген. Ал мындай деген: «Эки таранчы бир ассарийге эле сатылат эмеспи. Бирок Атаңардын эркисиз алардын бири да өлбөйт [«жерге түшпөйт», «Мукаддас»]. Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу. Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар» (Матай 10:29—31). Байкасаңар, Ыйса эки нерсени: оор абалга дуушар болгондо коркпоону жана Жахабанын ар бирибизге кам көрөрүнө бекем ишенүүнү бири-бири менен байланыштырган. Элчи Пабыл ошондой бекем ишенимге ээ болгон. Ал: «Эгерде Кудай биз тарапта болсо, бизге ким каршы чыга алат? Өз Уулун аябастан, Аны баарыбыз үчүн берген Кудай кантип бизге Уулу менен кошо бардыгын бербесин?» — деп жазган (Римдиктерге 8:31, 32). Кандай гана кыйынчылыктарга кабылбайлы, Жахабага ишенимдүү бойдон калсак, ал ар бирибизге кам көрөт. Буга Ыйсанын өз элчилерине айткан сөздөрүн кылдат карап чыгып ынана алабыз.

Таранчынын баалуулугу

7, 8. а) Ыйсанын күндөрүндө таранчылар кандай бааланчу? б) Эмне үчүн Матай 10:29да «таранчы» деп которулган грек сөзүнүн кичирейтүүчү формасы колдонулган?

7 Ыйсанын мисалдары Жахабанын өзүнүн ар бир кызматчысына кам көрөрүн эң сонун сүрөттөп турат. Адегенде таранчылар жөнүндөгү мисалга кайрылалы. Ыйсанын күндөрүндө таранчылар тамакка колдонулчу, бирок алар дан эгиндерине зыян келтиргендиктен зыянкечтер катары эсептелчү. Таранчылар абдан көп жана арзан болгондуктан, азыркы баа менен алганда, эки таранчы эки центке жетпеген баага сатылар эле. Андан эки эсе көп баага төрт эмес, беш таранчы келген. Бешинчиси сокур тыйынга да татыбагандай бекер берилчү! (Лука 12:6).

8 Бул чымчыктын көлөмү жөнүндө да ойлонуп көрөлү. Таранчы, жадагалса толук жетилгени да башка канаттуулардын көбүнөн бир топ кичине келет. Ошентсе да Матай 10:29да «таранчы» деп которулган грек сөзү көбүнчө кичинекей таранчыга карата колдонулат. Сыягы, Ыйса элчилеринин эч нерсеге арзыбаган чымчыкты элестетишин каалаган. Бир китепте айтылгандай, «Ыйса абдан кичинекей чымчык жөнүндө кеп кылган, атүгүл ага карата сөздүн кичирейтүүчү формасын колдонгон!»

9. Ыйсанын таранчылар жөнүндөгү мисалында кандай маанилүү ой баса белгиленет?

9 Ыйсанын таранчылар жөнүндөгү мисалында бир маанилүү ой баса белгиленет: адамдарга баалуу эместей көрүнгөн нерселер Жахаба Кудай үчүн баалуу. Ыйса муну Жахабанын кичинекей таранчынын «жерге түшкөнүн» байкабай калбасын айтуу менен баса көрсөткөн *. Мындан биз эмнеге үйрөнөбүз? Эгер Жахаба Кудай эч кандай баалуулугу жок кипкичинекей чымчыкка ушунчалык көңүл бурса, Өзүнө кызмат кылган адамга андан бетер кам көрөт эмеспи!

10. «Силердин башыңардагы чачыңар да саналуу»,— деген сөздөрдүн мааниси кандай?

10 Таранчылар тууралуу көрсөтмөлүү мисал келтиргенден кийин, Ыйса: «Силердин башыңардагы чачыңар да саналуу»,— деген (Матай 10:30). Бул кыска, бирок нуска сөздөр жогорудагы көрсөтмөлүү мисалда камтылган ойду бышыктап, маанисин кеңейтип турат. Ойлоп көрсөңөр, адамдын башында орто эсеп менен 100 000 тал чач бар. Бир тал чач эч нерсеге арзыбагандай көрүнгөндүктөн, биз ага анча маани бере бербейбиз. Бирок Жахаба Кудайга чачыбыздын ар бир талы белгилүү жана саналуу. Андыктан жашообуздун Жахаба билбеген майда-барат жагы барбы? Жахаба ар бир кызматчысынын инсандык өзгөчөлүктөрүн, жүрөгүн билери шексиз (1 Шемуел 16:7).

11. Дөөт Жахабанын ага жекече кам көрөрүнө бекем ишенгенин кантип билдирген?

11 Башынан көп кыйынчылыктарды өткөргөн Дөөт Жахабанын ага көңүл бурарына бекем ишенген. «Теңир! Сен мени сынадың, баарын билесиң,— деп жазган ал.— Сен менин качан отуруп, качан турарымды билесиң; Сен менин ойлорумду алыстан эле билесиң» (Забур 138:1, 2). Биз да Жахабанын ар бирибизди жекече билерине бекем ишенсек болот (Жеремия 17:10). Ошондуктан өзүбүздү баарын көрүп турган Жахабага байкалбай калгыдай санда жок адам деп эсептөөгө шашпайлы!

«Көз жашымды Өз идишиңе куй»

12. Жахаба өз элинин кыйынчылыктарын беш колдой билерин кайдан билебиз?

12 Жахаба кызматчыларын жекече тааныгандан тышкары, алардын ар бири кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын беш колдой билет. Мисалы, ысрайылдыктар кулчулукта эзилип жатканда, Жахаба Мусага: «Мен Өз элимдин Мисирде тарткан азабын көрдүм, башкаруучулардан кордук көрүп, боздогон үнүн уктум. Мен анын кайгысын билем»,— деген (Чыгуу 3:7). Сыноого дуушар болгонубузда, Жахабанын жагдайыбызды көрүп, боздогон үнүбүздү угарын билүү бизди кандай гана сооротот! Азап чегүүбүзгө анын кайдыгер эмес экени күмөнсүз.

13. Жахабанын өз кызматчыларына чын жүрөктөн боор ооруй турганын эмне көрсөтүп турат?

13 Жахаба өзү менен тыгыз мамиледе болгон адамдарга кам көрөт. Муну биз анын ысрайылдыктарга карата туйган сезимдеринен көрө алабыз. Көп учурда өздөрүнүн тоңмоюндугунан азап чегишкенине карабай Жахабанын аларга кандай көзкарашта экени жөнүндө Ышайа: «Бардык учурда алардын кысылганы — Анын кысылганы»,— деп жазган (Ышайа 63:9, МАК). Ошондуктан ишенимдүү кызматчысы кыйналганда, Жахабанын аны менен кошо кыйналарына шектенбесек болот. Бул бизге кыйынчылыктарга тайманбастык менен туруштук берүүгө жана Ага кызмат кылуу үчүн мындан ары да колдон келгендин баарын кылууга түрткү бербейби? (1 Петир 5:6, 7).

14. Забурдун 55-бөлүмү кандай кырдаалда жазылган?

14 Дөөт падыша Жахабанын камкордугуна жана боорукердигине шектенбегенин канкор падыша Шабулдан качып жүргөндө жазган 55-забурда баса көрсөткөн. Дөөт Гатка качып барган, бирок пелиштиликтер таанып койгондо, ал колго түшүп калуудан корккон. Ошондо ал: «Мени душмандарым жуткусу келип, ар күнү издеп жүрүшөт. Анткени мага каршылар өтө көп»,— деп жазган. Кооптуу абалга дуушар болгондуктан Дөөт Жахабага кайрылган. «Ар күнү менин сөздөрүмдү тескери буруп алышат,— деген ал,— алар мага каршы жамандык ойлошот» (Забур 55:3, 6).

15. а) Дөөттүн Жахабадан көз жашын чаначка куюшун же китепке жазышын суранганы эмнени билдирет? б) Ишенимибиз сыналганда эмнеден шектенбесек болот?

15 Анан Забур 55:9дан Дөөттүн мындай кызыктуу сөздөрүн окуйбуз: «Менин жер кезип жүргөн күндөрүм Сенде эсептелүү. Көз жашымды Өз идишиңе [«чаначыңа», «ЖД»] куй. Алар Сенин китебиңде жазылган эмеспи?» Жахабанын назик камкордугу кандай сонун сүрөттөлгөн! Кыйынчылыкка кабылганда Жахабага көз жашыбызды төгүшүбүз мүмкүн. Биз эмес, жеткилең адам Ыйса да ошенткен (Эврейлерге 5:7). Дөөт Жахабанын аны көрүп турганына жана анын көз жашын чаначта сактап же китепке жазып жүргөн сыяктуу, бардык азап-тозогун эсинде бекем сактаарына толук ишенген *. Балким, силерге да көз жашыңар ошол чаначка толчудай же китептин көп беттерин ээлечүдөй сезилеттир. Андай болсо, сооронсоңор болот. Анткени Ыйык Китеп бизди: «Теңир чын дилинен өкүнгөндөргө жакын, моюн сунгандарды куткарат»,— деп ынандырат (Забур 33:19).

Кудай менен ынак мамиледе болуу

16, 17. а) Жахаба өз элинин кыйынчылыктарына кайдыгер карабай турганын кайдан билебиз? б) Жахаба, адамдар аны менен ынак мамиледе болушу үчүн, эмне кылууда?

16 Жахабанын «башыбыздагы чачыбызды» санап койгону биздин кандай Кудайга сыйынып жатканыбыздан, анын баамчыл жана камкор экенинен кабар берип турат. Бардык кайгы-капанын жок болушун жаңы дүйнөгө чейин күтүшүбүз керек болсо да, Жахаба өзүнүн элине азыртан эле укмуш нерсени тартуулап жатат. «Теңирдин жашыруун сыры [«Жахаба менен ынак мамиледе болуу», «ЖД»] — Кудайдан корккондорго, Ал Өзүнүн келишимин ошолорго жарыялайт»,— деп жазган Дөөт (Забур 24:14).

17 «Жахаба менен ынак мамиледе болуу». Бул жеткилеңсиз адамдар үчүн мүмкүн эместей көрүнүшү ыктымал. Бирок Жахаба андан корккондорду өзүнүн турагына конокко чакырат (Забур 14:1—5). Коноктору үчүн ал эмне кылат? Дөөттүн сөздөрүнө ылайык, Кудай аларга өзүнүн келишимин жарыялайт. Жахаба кызматчыларына ишенет, ошондуктан алар анын ой-ниеттери кандай экенин жана алар боюнча жашаш үчүн эмне кылыш керектигин билиши үчүн, өзүнүн «жашыруун сырын» пайгамбарларына ачып берет (Амос 3:7).

18. Жахабанын аны менен тыгыз мамиледе болушубузду каалаарын кайдан билебиз?

18 Жеткилең эместигибизге карабай Эң Жогорку Жахаба Кудай менен ынак мамиледе боло аларыбызды билүү кандай кубанычтуу! Андай мамиле түзүүгө бизди ал өзү чакырууда. «Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт»,— делет Ыйык Китепте (Жакып 4:8). Жахаба биздин аны менен тыгыз мамиледе болушубузду каалайт. Ал өзү буга чара көрүп, бизге жол ачып койгон. Биз Ыйсанын куткаруу курмандыгынын аркасында Кудуреттүү Кудай менен достошо алабыз. Ыйык Жазмада: «Ал бизди биринчи сүйгөндүктөн, биз да Аны сүйөлү»,— деп айтылат (1 Жакан 4:19).

19. Чыдамкайлык Жахаба менен болгон мамилебизди кандайча чыңдайт?

19 Оор шарттарга чыдаганыбызда, Кудай менен болгон мамилебиз ого бетер чыңдалат. Шакирт Жакып: «Бардык жагынан жеткилең, эч кемчиликсиз болушуңар үчүн, чыдамкайлык жеткилең аракетке ээ болушу керек»,— деп жазган (Жакып 1:4). Кыйынчылыкка чыдаганыбызда, кандай «аракет» ишке ашат? Пабылдын «денесиндеги тикенекти» эстесеңер. Чыдамкайлыктын аркасы менен Пабыл эмнеге жеткен? Ал сыноолору жөнүндө мындай деген: «Машайактын күчү менден орун алат деп, өзүмдүн алсыздыгым менен артыгыраак мактанам. Ошондуктан Машайак үчүн алсыз болгонума, кордук көргөнүмө, муктаж болгонума, куугунтукталганыма жана кысымчылыкты башымдан өткөргөнүмө ыраазымын. Анткени мен алсыз болгондо күчтүүмүн» (2 Корунттуктарга 12:9, 10). Чыдай алышы үчүн, Жахаба ага жетиштүү күч, зарыл болсо, «кудуреттүү күч» бере аларын Пабыл өз тажрыйбасынан билген. Бул аны Машайакка жана Жахаба Кудайга жакындаткан (2 Корунттуктарга 4:7; Филипиликтерге 4:11—13).

20. Кыйынчылыкка кабылганыбызда эмне үчүн Жахабанын колдоо көрсөтүп, сооронуч берерине бекем ишенсек болот?

20 Жахаба бир топ убактан бери сыноолорго дуушар болушуңарга жол берип келатышы мүмкүн. Ошондой болсо, Кудайдын андан корккондорго: «Сени калтырбайм жана таштабайм»,— деп убада бергенин эсиңерден чыгарбагыла (Эврейлерге 13:5). Силер ошондой колдоого жана сооронучка ээсиңер. Жахаба «башыңардагы чачыңарды да» санап койгон. Ал силердин чыдамкайлыгыңарды көрүп турат, силерге боору ооруйт, чын дилден кам көрөт. Ал эч качан «силердин эмгегиңерди жана Анын ысымы үчүн... көрсөткөн сүйүүңөрдү» унутпайт (Эврейлерге 6:10).

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Ушу сыяктуу сөздөрдү адил адам Дөөт жана Корактын ишенимдүү уулдары да айткан (Забур 9:22; 43:25).

^ 4-абз. Пабылдын «денесиндеги тикенек» эмнени билдирери тууралуу Ыйык Китепте так айтылбайт. Балким, Пабыл кандайдыр бир оорудан, мисалы, көзү начар көргөндүктөн кыйналган. Же «денедеги тикенек» деген сөз айкашы Пабылдын элчилик кызматына шек келтирген жалган элчилерге жана башкаларга карата айтылган (2 Корунттуктарга 11:6, 13—15; Галатиялыктарга 4:15; 6:11).

^ 9-абз. Кээ бир окумуштуулардын ырастоосу боюнча, таранчынын жерге түшүшү анын өлгөнүн эле билдирбейт. Алардын айтымында, түпнускада колдонулган сөз айкашы чымчыктын жерге азыктануу үчүн конгонун туюнтушу мүмкүн. Андай болсо, ал сөздөр Кудай канаттуунун өлгөнүн эле эмес, бардык кыймыл-аракетин байкап, ага кам көрөт дегенди билдирет (Матай 6:26).

^ 15-абз. Байыркы убакта чанач койдун, эчкинин же бодо малдын ышталган терисинен жасалчу. Анда сүт, сары май, сыр же суу сакталар эле. Жакшы ийленип, мыкты ышталган териден жасалган чаначка суу май же шарап куюлчу.

Эсиңердеби?

• Эмнелерден улам адамга Жахаба аны таштап койгондой сезилиши мүмкүн?

• Ыйсанын таранчылар жана башыбыздагы чачыбыздын саналуу экени жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалдарынан эмнеге үйрөнсөк болот?

• Жахабанын көз жашыбызды өзүнүн «чаначына» куйганы же «китебине» жазганы эмнени билдирет?

• Канткенде Жахаба менен «ынак мамиледе боло» алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[26-беттеги сүрөт]

Ыйсанын таранчылар жөнүндөгү мисалынан эмнеге үйрөнсөк болот?

© J. Heidecker/VIREO