Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Байыркы Ысрайылдын падышасы Сулайман карыганда Кудайга ишенимсиз болуп калгандыктан, ал тирилбейт деп тыянак чыгарганыбыз туурабы? (1 Падышалар 11:3—9).

Ыйык Китепте сөзсүз тириле турган айрым ишенимдүү эркек-аялдардын аттары аталганы менен, алардын ар бири тууралуу «тирилет» деп ачык айтылбайт (Эврейлерге 11:1—40). Ал эми Сулайман жөнүндө сөз кылсак, Кудай ага кандай өкүм чыгарганын анын жана кээ бир ишенимдүү адамдардын өлгөндүгү тууралуу Ыйык Китепте эмне айтылганын салыштырып көрүү менен биле алабыз.

Ыйык Китепте өлгөндөрдүн же убактылуу, же түбөлүк жок боло тургандыгы айтылат. Тирилүүгө татыксыз деп табылгандар «оттуу көлгө» (геенна) же «күйүп турган көлгө ыргытылган» (Матай 5:22; Марк 9:47, 48; Аян 20:14). Алардын арасында биринчи жубайлар Адам менен Обо, чыккынчы Жүйүт Искариот жана Кудайдын жазасынан улам өлгөн кээ бир адамдар, мисалы, Нухтун замандаштары жана Содом менен Гоморранын тургундары бар *. Тириле тургандар адамзаттын жалпы мүрзөсүндө — шеолдо же гадесте — жатышат. Алардын келечеги тууралуу Ыйык Китепте мындай делет: «Ошондо деңиз өзүндөгү өлгөн адамдарды кайрып берди, өлүм жана өлгөндөр жаткан жай да өздөрүндөгү өлгөн адамдарды кайрып беришти. Ар бир адам өз иштерине жараша соттолду» (Аян 20:13).

Эврейлерге жазылган каттын 11-бөлүмүндө сөз кылынган ишенимдүү адамдар шеолдо же гадесте тирилүүнү күтүп жатышат. Алардын арасында Кудайдын берилген кызматчылары Ыбрайым, Муса жана Дөөттөр бар. Эми алардын өлүмүнө байланыштуу Ыйык Китепте эмне айтылганын карап көрөлү. «Ал эми сен,— деп Жахаба Ыбрайымга кайрылган,— ата-бабаларың жаткан жайга тынчтык менен кетесиң, бакыбат өмүр сүрүп, көргө коюласың» (Башталыш 15:15). Кийин Мусага: «Сен эми ата-бабаларыңа кошуласың»,— деп айткан (Мыйзам 31:16). Сулаймандын атасы Дөөт жөнүндө Ыйык Китепте: «Дөөт ата-бабаларына кошулду. Анын сөөгү Дөөттүн шаарына коюлду»,— деп жазылган (1 Падышалар 2:10). Демек, «ата-бабаларына кошулду» деген сөздөр адамдын шеолго кеткенин билдирчү.

Сулаймандын өлүмү тууралуу эмне деп айтылат? Ыйык Китептен: «Сулайман Иерусалимде, бүт Ысрайылга кырк жыл падышачылык кылды. Сулайман ата-бабаларына кошулду, сөөгү атасы Дөөттүн шарына коюлду»,— дегенди окуйбуз (1 Падышалар 11:42, 43). Демек, Сулайман шеолдо же гадесте тирилүүнү күтүп жатат деп тыянак чыгаруу негиздүү.

Ушундан улам Ыйык Китепте ким жөнүндө «ата-бабаларына кошулду» деп айтылса, алардын баары тирилет деген жыйынтыкка келсек болот. Мисалы, Сулаймандан кийинки падышалардын көпчүлүгү ишенимсиз болушса да, алар жөнүндө ушинтип айтылат. Ыйык Китепте: «Адилеттүүлөр да, адилетсиздер да тирилет»,— деп айтылгандыктан да ушундай тыянакка келүү жүйөлүү (Элчилер 24:15). Албетте, кимдер тирилгенин «мүрзөдө жаткандардын баары» тирилгенден кийин гана так биле алабыз (Жакан 5:28, 29). Андыктан байыркы заманда жашаган кайсы бир адамдын тирилерин же тирилбесин ишенимдүү түрдө ырастоонун ордуна, Жахабанын буга байланыштуу туура чечим чыгарарын бекем ишеним менен күтөбүз.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. 1988-жылдын 1-ноябрындагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 22, 23-беттерин карагыла.