Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тынчтык бербеген сезимдер

Тынчтык бербеген сезимдер

Тынчтык бербеген сезимдер

КӨП жылдар бою Лена кыжаалат кылган сезимдер менен күрөшүп келген. «Бала кезимде зордуктап кетишкендиктен өзүмдү сыйлоо бир топ кыйын болуп, эч кимге керегим жоктой сезилчү»,— дейт ал. Симона да жаш кезин эстеп: «Көкүрөгүмдү кандайдыр бир боштук жана эч нерсеге татыбайм деген ой уялап турчу»,— дейт. Бүгүн ушундай сезимдерден улам өздөрүн бактысыз сезген адамдардын саны күн санап өсүп жаткандай сыяктанат. Бир өлкөдөгү өспүрүмдөргө телефон аркылуу кеңеш берүү кызматынын билдирүүсү боюнча, чалгандардын дээрлик жарымы «көптөн бери басырынып жүрүшкөнүн» билдиришет.

Кээ бир адистердин айтуусуна караганда, адам өзүн башкаларга керексиз сезгенде, өзүн сыйлоо сезимин жоготот. Анын мындай сезимге дуушар болушуна башкалардын дайыма урушуп, жемелеп же кемсинте бериши себеп болушу мүмкүн. Эмне себеп болбосун, натыйжада адам чүнчүп, чөгүп кетиши ыктымал. Жакында жүргүзүлгөн бир медициналык изилдөөдөн белгилүү болгондой, өзүлөрү жөнүндө терс ойдо болгон адамдар өздөрүнө да, башкаларга да ишене беришпейт. Бул алардын башкалар менен болгон мамилесин салкындатып, достугуна залакасын тийгизет. «Кандайдыр бир мааниде,— делет ошол изилдөө тууралуу отчётто,— алар кандай жагдайлардан коркушса, өздөрүн ошондой жагдайларга туш кылышат».

Андай адамдар, Ыйык Китепте айтылгандай, жүрөгүндөгү кайгыга алдырып коюшат (Забур 93:19). Алар эч качан өздөрүнө ыраазы болушпайт жана кичине эле бир нерсе болсо, өздөрүн күнөөлөп киришет. Жетишкендиктери үчүн башкалар аларды мактаган күндө да, жүрөгүнүн түпкүрүндө алар өздөрүн эртели-кеч бети ачыла турган калпычылардай сезе беришет. Өздөрүн бактылуу болууга татыксыз сезгендиктен көптөрү жаман жолго түшүп кетишет да, оңолууга кудуреттери жетпечүдөй сезишет. Жогоруда сөз кылынган Лена өзүн баалабай чөгүп кеткендиктен, тамакка да көңүлү чаппай калган. Ал: «Бир нерсени өзгөртүү колуман келбечүдөй сезилчү»,— дейт.

Жүрөгүндө кайгысы бар адамдар өмүр бою ошондой абалда кала беришеби? Андай сезимдер менен кантип күрөшүүгө болот? Ыйык Китепте көп адамдарга бул жагынан жардам берген принциптер жана кеңештер камтылат. Ал принциптердин кээ бирлери кайсылар жана алар өзүн сыйлоо кыйынга турган адамдарга жашоодон кубаныч табууга кандай жардам берди? Бул тууралуу кийинки макалада сөз жүрөт.