Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китеп жашоодон кубаныч табууга жардам берет

Ыйык Китеп жашоодон кубаныч табууга жардам берет

Ыйык Китеп жашоодон кубаныч табууга жардам берет

ЫЙЫК КИТЕП медициналык китеп болбосо да, анда ички сезимдер адамдын акыл-эсине жана денсоолугуна оң же терс таасир тийгизери айтылат. «Шайыр жүрөк даба болчу дарыдай жакшы таасир берет,— деп айтылат Ыйык Китепте,— кайгылуу рух сөөктү кургатат». Андан ары: «Эгерде сен башыңа мүшкүл түшкөн күнү алсыз экениңди сезсең, анда күчүң аз»,— деген сөздөрдү окуйбуз (Накыл сөздөр 17:22; 24:10). Көңүл чөгөттүк адамды алсыратып, шайын кетирет. Андайда бир нерсени өзгөртүүгө же жардам издөөгө каалоо да болбой калат.

Мындай сезимдер адамдын рухийлигине да таасир тийгизет. Өзүн эч нерсеге татыксыз сезгендер көпчүлүк учурда «мен эч качан Кудай менен жакшы мамиледе боло албайм, ал мага эч качан батасын бербейт» деп ойлошот. Мурунку макалада айтылып өткөн Симона «Кудайдын аны жакшы көрөрүнө» ишене алчу эмес. Бирок Ыйык Китепте Кудайдын ага жагууга умтулган адамдарды сүйөрү айтылат.

Кудай ар бирибизге кызыгат

Ыйык Китепте: «Теңир чын дилинен өкүнгөндөргө жакын, моюн сунгандарды куткарат»,— деп жазылат. Кудай күнөөсү үчүн «өкүнүп, моюн сунган жүрөктү» жек көрбөйт, тескерисинче, «моюн сунгандардын рухун... кайгыргандардын жүрөгүн тирилтүүнү» убада кылат (Забур 33:19; 50:19; Ышайа 57:15).

Бир жолу Кудайдын уулу Ыйса шакирттерине Кудай өз кызматчыларынын жакшы жактарына көңүл бурарын түшүндүргөн. Ал көрсөтмөлүү мисалдын жардамы менен Кудай таранчынын жерге кулап түшкөнүн да, мындайча айтканда, адамдар эч маани бербеген нерсени да байкаарын айткан. Андан тышкары, Ыйса Кудайдын адамды беш колдой билерин, жадагалса башында канча чачы бар экенин да билерин баса белгилеген. Анан ал келтирген мисалын төмөнкүчө жыйынтыктаган: «Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар» (Матай 10:29—31) *. Ыйса, адамдар өзүлөрү жөнүндө кандай гана ойдо болушпасын, ишеними барлар Кудайдын көз алдында баалуу экендигин көрсөткөн. Ал эми элчи Петир «Кудайда бет карамалык жок экенин, ар бир элден Кудайдан корккон жана адилеттик боюнча иш кылган адам Ага жагарын» айткан (Элчилер 10:34, 35).

Теңсалмактуу көзкарашта бол

Кудайдын Сөзү бизди өзүбүзгө карата теңсалмактуу көзкарашта болууга чакырат. Элчи Пабыл рухтун жетеги менен мындай деп жазган: «Мага көрсөтүлгөн ырайымдын негизинде ар бириңерге айтамын: өзүңөр жөнүндө керектүүдөн артык ойлобогула, тескерисинче, Кудай ар бириңерге бөлүп берген ишенимиңерге жараша туура ой жүгүрткүлө» (Римдиктерге 12:3).

Албетте, биз өзүбүз жөнүндө өтө жогору ойдо болуп, бой көтөрүп кетүүнү, же тескерисинче, өзүбүздү санда жок адам эсептеп, басынта берүүнү каалабайбыз. Биз күчүбүз менен мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин эске алып, өзүбүзгө теңсалмактуу карашыбыз керек. Ыйсанын жолун жолдогон бир аял муну мындай деп түшүндүрөт: «Мен жеткен жаман адам эмесмин, бирок өтө мыкты да эмесмин. Менде жакшы да, жаман да сапаттар бар жана башкалар деле ушундай».

Анткен менен мындай теңсалмактуу көзкарашка ээ болуу оңой эмес. Көп жылдардан бери каныбызга сиңип калган өзүбүз жөнүндөгү ашкере терс ойлордон арылуу бир топ күч-аракетти талап кылышы мүмкүн. Ошентсе да Кудайдын жардамы менен өзүбүздү жана жашоого болгон көзкарашыбызды өзгөртө алабыз. Кудайдын Сөзү да бизди ошого үндөйт. Биз Ыйык Китептен: «Силер Андан алдамчы кумарлары менен чирип бара жаткан эски адамдын мурдагы жүрүм-турумун таштоо керек экендигин, акыл-оюңарды жаңыртып турушуңар керек экендигин, чыныгы адилдик жана ыйыктык менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган жаңы адамды кийүү керек экендигин үйрөнгөнсүңөр»,— деген сөздөрдү окуйбуз (Эфестиктерге 4:22—24).

«Акыл-оюбузду жаңыртууга» күч жумшоо менен терс жактарыбызды оңдоп, өзгөрө алабыз. Мурунку макалада айтылып өткөн Лена «мени эч ким сүйбөйт же мага эч ким жардам бере албайт» деген ойлордон алыс болмоюн, өзү жөнүндөгү терс ойлорун эч нерсе өзгөртө албай тургандыгын түшүнгөн. Ленага, Симонага жана башкаларга өзгөрүү жасоого Ыйык Жазмадагы кайсы кеңештер жардам берген?

Кубанычыбызды арттырган ыйык китептик принциптер

«Өз түйшүктөрүңдү Теңирге тапшыр, ошондо Ал сени колдойт» (Забур 54:23). Чыныгы кубаныч табууга, баарынан мурда, тиленүү жардам берет. Симона: «Көңүлүм чөккөндө дайыма Жахабадан жардам сурайм. Мен анын күчүн жана жетекчилигин сезбеген бир да жагдай болгон эмес»,— дейт. Забурчу түйшүктөрүбүздү Жахабага тапшырууга үндөө менен Анын бизге кам көрүп эле койбостон, бизди жардамга жана колдоого татыктуу адамдар катары көрөрүн да эсибизге салат. Б.з. 33-жылы Пасах майрамы болгон кечте Ыйсанын шакирттери анын жакында кетерин угуп кайгырышкан. Ошондо Ыйса аларды Атасына кайрылып тиленүүгө чакырып, анан: «Кубанычыңар толук болуш үчүн сурагыла, аласыңар!» — деп кошумчалаган (Жакан 16:23, 24).

«Алууга караганда берүү көбүрөөк бакыт алып келет» (Элчилер 20:35, «БМК»). Ыйса окуткандай, башкаларга берүү — жашоодон чыныгы кубаныч табуунун ачкычы. Ыйык Жазмадагы бул сөздөргө ылайык жашоо бизге терс жактарыбызды ойлой бербей, башкаларга кам көрүүгө түрткү берет. Биз башкаларга жардам берип, алардын ыраазы болгонун көргөндө өзүбүздү баалай баштайбыз. Лена Ыйык Жазмадагы жакшы кабарды башкаларга айтуу эки жактан жардам берерине ишенет. «Биринчиден, Ыйса айткандай, бул мага бакыт жана канааттануу алып келет,— дейт ал.— Экинчиден, башкалардан көптөгөн жакшы ой-пикирлерди угам, бул мага кубаныч тартуулайт». Башкаларга марттык менен бергенде, биз Накыл сөздөр 11:25теги: «Бирөөнүн суусунун кандырган адамдын да суусуну кандырылат»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенине ынанабыз.

«Бактысыздын бардык күндөрү кайгылуу, ал эми жайдары адамда күндө той» (Накыл сөздөр 15:15). Өзүбүзгө жана жагдайыбызга кандай караарыбыз өзүбүздөн көзкаранды. Биз бардык нерсеге терс көзкарашта болуп, көңүлү чөгө берген адамдардан болушубуз мүмкүн же бардык нерсеге оң маанай менен карап, жүрөгүбүз кубанычка толуп, тойдогудай жайдары жүрүшүбүз мүмкүн. Симона мындай дейт: «Мен колумдан келишинче оң маанайда болгонго аракет кылам. Убактымдын көбүн өздүк изилдөөгө, кызматка жумшайм жана үзгүлтүксүз тиленип турам. Андан тышкары, маанайы оң адамдардын арасында көбүрөөк болууга, башкаларга колдоо көрсөтүүгө аракеттенем». Жүрөктүн мындай абалы чыныгы кубаныч тартуулап, Ыйык Китептеги: «Адил адамдар, Теңир менен кубангыла, көңүлүңөрдү ачкыла! Жүрөгү тазалар, шаттангыла!» — деген чакырыкка ылайык жашоого жардам берет (Забур 31:11).

«Дос ар дайым сүйөт, башыңа иш түшкөндө, ал бир тууганыңдай болуп келет» (Накыл сөздөр 17:17). Жакын же ишенген адамыбыздын кеңешине кулак салуу терс сезимдерибизди башкара билгенге жана алардын жүрөгүбүздү уялашына жол бербөөгө жардам берет. Башкалар менен пикир алышуу бардык нерсеге теңсалмактуу, туура көзкараш менен кароого көмөк кылат. «Ой-сезимдериңди башкалар менен бөлүшсөң, бир топ жеңилдей түшөсүң,— дейт Симона.— Кандай сезимде болуп жатканыңды кимдир бирөөгө айтып беришиң керек. Көпчүлүк учурда ичиңдеги бугуңду чыгарып алуу эле жетиштүү». Ушул кадамдарды жасоо менен: «Жүрөгүндөгү санаа адамдын көңүлүн чөктүрөт, ал эми жылуу сөз аны кубантат»,— деген накыл сөздө калет жок экендигине көзүң жетет (Накыл сөздөр 12:25).

Бул сенин колуңан келет

Биз Ыйык Жазмадагы терс сезимдерди жеңгенге жана чыныгы кубаныч тапканга жардам бере турган баалуу принциптердин бир азына гана токтолдук. Эгерде ушундай жагымсыз сезимдер менен күрөшүп жатсаң, биз сени Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Жазма менен жакыныраак таанышууга чакырабыз. Өзүңө жана Кудай менен болгон мамилеңе туура, теңсалмактуу көзкараш менен кароого үйрөн. Кудайдын Сөзүнүн жардамы менен бардык иштериңден кубаныч табарыңа чын ниеттен үмүттөнөбүз.

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Ыйык Жазманын бул аяттары 23—27-беттерде кененирээк талкууланат.

[7-беттеги сүрөт]

Ыйык Китептеги принциптер боюнча жашоо кубанычыңды арттырат.